БАШКЫ РЕДАКЦИЯДАН
«Манас» энциклопедиясы — адабий-фольклордук илимий маалыматтама китеп. Ал дүйнөлүк тажрыйбада биринчи болуп кыргыз тилинде чыгып жатат. Эки томдон турган бул энциклопедия дүйнө эпосторунун ичинде теңдеши жок «Манас» эпосунун негизинде түзүлүп, эпос боюнча толук маалымат берет. Энциклопедияга 3000ден ашуун термин (макала) камтылып, алар алфавит тартибинде жайгаштырылды. «Манас» эпосундагы окуяларды чагылдырган, о. эле чоң манасчылар менен семетейчилердин, көрүнүктүү изилдөөчү-илимпоздордун, жазуучулардын, маданият ишмерлеринин портреттери, жер-суу, жоо жарак жана башкалардын 95 түстүү жана 300дөй ак-кара сүрөтү берилди (сюжеттердеги жана айрым макалалардагы аты жазылбаган сүрөттөр Т. Герцен, Т. Курманов, В. Рогачев жана Г. Петровдуку).
Энциклопедияны жаратууга 170тен ашуун автор катышты. Алар — Москванын, чет өлкөлөрдүн (Түркия) окумуштуулары, Кыргыз республикасынын ИАсынын окумуштуу-адистери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, жазуучулар, журналисттер, иск-во кызматкерлери, эл чарба адистери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер.
«Манас» энциклопедиясын даярдоодо ушуга чейин кыргыз тилинде чыгарылган универсал, универсал-улуттук жана тармактык энциклопедиялардын тажрыйбалары жетекчиликке алынды.
Энциклопедияга макала болуп кире турган терминдердин тизмеси адегенде тиешелүү илимий мекемелерде, окуу жайлардын кафедраларында, чыгармачыл уюмдарда жана Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын алдында түзүлгөн редакциялык кеңеште кеңири талкууланып, такталып, толукталды. Ошондон кийин гана макалалар авторлордон жаздырылып алынды. Эки томго кирген макалалардын тексти 9 макетке китепчеге чыгарылып, алар редакциялык кеңеште жана илимий мекемелерде бардык жагынан каралды жана адистер тарабынан рецензияланды. Мунун баары терминдердин такталышына жана иргелишине, макалалардын сапат жагынан жакшырышына мүмкүнчүлүк түздү.
«Манас» энциклопедиясы нукура оригинал эмгек катары илимпоздорго, жазуучуларга, котормочуларга, журналисттерге жана маданият ишмерлерине, орто, жогорку окуу жайларынын окутуучуларына, студенттерине, о. эле мектеп мугалимдерине, окуучуларына жана өз элин, ата журтун кадырлап сүйгөн, фольклорго кызыккан жалпы окурмандарга арналат.
Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы «Манас» энциклопедиясын чыгаруу ишине активдүү катышкан мекемелерге, айрыкча Кыргыз Республикасынын ИАсынын «Манастаануу» бөлүмүнө, жогорку окуу жайларына, бардык авторлорго, илимий консультанттарга, рецензенттерге жана редкеңеш мүчөлөрүнө чын пейилден ыраазылыгын билдирет жана жалпы окурмандардан бул энциклопедия жөнүндө баалуу сын-пикирлерин, сунуштарын күтөт.

