ЭНЦИКЛОПЕДИЯДАН ПАЙДАЛАНУУЧУЛАРГА
«Манас» энциклопедиясынын макалалары (терминдер) алфавит тартибинде жайгаштырылып, терминдердин аталыштары чоң кара арип менен терилди. Айрым ири макалалар, башкача айтканда үчилтиктин сюжети берилгенде эпостун ар бир бөлүгүнүн туруктуу салттык окуялары өз ичинен майда эпизоддорго бөлүнгөн кичине темалары боюнча берилди.
Манасчылар жөнүндө жазылган таржымал макалаларда гана адегенде ысмы жазылып, андан кийин атасынын аты берилди. Мисалы, Сагымбай Орозбак уулу, Уркаш Мамбеталы уулу. Ал эми жыйноочулар, изилдөөчүлөр, котормочулар, жазуучулар, маданият ишмерлери жөнүндө жазылган таржымал макалаларда инсандын фамилиясы менен ысмы берилип, кашаанын ичинде туулган жылы, жери жана өлгөн жылы, жери көрсөтүлдү. Жылды билдирген цифрага «жыл» деген сөз же кыскартылган «ж» тамгасы кошулуп жазылбастан, сандын өзү эле алынды, Мисалы, Айтматов Чыңгыз (1928, Киров району, Шекер айылы) же Малдыбаев Абдылас (1906, Кемин району, Кара-Булак айылы — 1978, Фрунзе). Көлөмдүн чектелгендигине байланыштуу таржымал макалаларда ишмердин илимий жана ардактуу наамдары, кызмат орду, «Манаска» байланыштуу илимий эмгектери, көркөм чыгармалары, сыйланган ордендери жөнүндө гана кыскача маалымат берилди.
Кээ бир атактуу адамдар эл оозуна жана тарыхка ылакап ат менен кирсе, макала ошол атына жазылып, чын аты көрсөтүлгөн жерде ага аныктама гана берилип, шилтеме жасалды. Мисалы. Абдыракманов Байымбет (1860—1940)— кыргыздын улуу жазма ырчысы, кыргыз ырчылар поэзиясынын классиги, жомокчу, к. Тоголок Молдо.
Энциклопедияда негизинен таржымалдык макалаларда инсандарга ыйгарылган наамдар, сыйлыктар жана башка (мисалы, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССР эл артисти, СССР көркөм сүрөт академиясынын академиги жана башка) мурдагы аталыштары боюнча берилди. Анткени СССРдин жоюлуп, Кыргыз ССРинин Кыргыз Республикасы болуп аталып калышына байланыштуу бул наамдар азыр ыйгарылбай калгандыктан алар тарыхта мурдагы аттары менен сакталышы абзел.
Мурда берилген материалдарды кайталабоо жана окурмандардын керектүү материалды тез табышына жардам иретинде шилтемелер арбын колдонулду. Шилтеменин бир нече түрү бар. Мисалы, сөз болуп жаткан макаланы толуктай турган материалга шилтеме «к.» (кара) деген тамга менен көрсөтүлүп, шилтеме берилген макаланын аты жантайыңкыраак бөтөнчө тамгалар (курсив) менен берилди. Мындай учурда окурман ошол окуя же каарман тууралуу алфавит боюнча энциклопедиянын тиешелүү томунда, бетинде өзүнчө макала берилгенин туюнат.
Энциклопедияда кыскартуу системасы кеңири колдонулду. Жалпы кабыл алынгандар («жана башка» — жана башка, «башкача айтканда»— башкача айтканда, «д. у. с.»— дагы ушул сыяктуу) менен катар «Манас» энциклопедиясы үчүн атайын иштелип чыккан кыскартуулар колдонулду.
Макаланын аты тексттин ичинде кайталанганда анын биринчи тамгасы гана берилди (мисалы, Бакай — Б. же Кыз оюн — К. о.).

