«Эр Төштүк». Айтуучу Саякбай Каралаев. Фрунзе, 1969.
«Эр Төштүк» байыртан бери кыргыз элинин арасында ооздон оозго өтүп, муундан муунга жетип, кылымдарды кыдырган эпос. «Эр Төштүк» эпосу эл ичинде эки түрдө айтылып келген: бири кара сөз-жомок түрүндө болсо, экинчиси ыр-поэма түрүндө. Жөө жомок түрү илгертен бери эле элде «Элеманбай», «Көчпөсбай», «Элемандын эр Төштүк» деген ат менен белгилүү. Кийин Төштүк жөнүндөгү жөө жомок таланттуу ырчылар, акындар тарабынан поэмага айландырылып, ыр формасында оозго алынып калган болуу керек. Мына ушундай поэманын бири сиздерге сунуш кылып отурган белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «Эр Төштүк».

