ААЛАМ

— бизди курчап турган түбөлүктүүжана чексиз кеңдүйнө «Аалам» менен «космос» деген сөз маанилеш. Асмандагы жылдыздардын бардыгы А-га кирет. Жер жана күн ошондой жылдыздардан. Күндүн айланасындагы жерден башка дагы 8 планета (Меркурий, Чолпон, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун, Плутон) жана миңдеген майда телолор (астероиддер жана кометалар) айланып жүрөт. Алар биригип Күн системасын түзөт. Анын диаметри 10 миллиард кмгежакын. Бул аралыкты жарык нуру 10 саатта өтөт (жарык нуру Күндөн Жерге 8 минутада жетет). Күн жана башкалар планеталар системасын кошо камтыган өтөчоңжылдыздар системасы галактика деп аталат. Биздин галактикага Күндөн башка 100 миллиардга жакын жылдыз кирет. Анын чеги 100 миңжарык жылына барабар жана андан тышкары башка галактикалар да бар экендиги белгилүү Жарык нуру эңалыскы галактикалардан Жерге миллиарддаган жылдарда жетет. Бирок, бул да А-дын чеги эмес. Андан ары да мейкиндик болушу мүмкүн. Бардык асман жылдыздары өнүгүүнүн татаал жолун басып өтүшөт. Бирок, алар кандай гана өзгөрүүгөдуушарланса да, эмнелерден түзүлсөда баары бир жоголуп кетпейт. А. чексиз гана эмес, ошондой эле түбөлүктүү «Манас» эпосунда А. термини көп колдонулуп эки мааниге ээ: 1) Жер жүзү бардык эл; 2) бүткүл дүйнө бизди курчап турган жаратылыш. Манас баатыр «Чоңказатта» жүрүп, чоролорунан айрылып, жалгыз калганда мындайча арман кылат:

Он сегиз миң ааламды,
Сындап турган кезимде.
Калдайган шаардын баарысын,
Камап турган кезимде,
Мында өлбөй не болдум (Саякбай Каралаев, 2. 225).

Бул жерде Манас «он сегиз миңааламды» же бүт жер жүзүндөгүэлди сурап турганы айтылып, байыркы кезде учу-кыйры жок жер бети А. катары сезилгенин кабарлап турат. Ал эми адамзатты курчаган дүйнөнүн жалпы турум-турпатын туюндурган А-дын тутумунда турган бөлүктөр Күн, Ай, Асман (Көк), Жер жөнүндөгүтүшүнүктөрдүн төркүн-теги кыргыз элинин илгертен келе жаткан салттык ой-түшүнүгүнөбайланышкан. Ал «дүйнөэлесине», менталитетке, маданият категорияларына киргендиктен, ошол маданияттын, элдин өкүлдөрүага атайылап маани бербейт, таасындап - дайындап кеп кылбайт, өзүнөн өзүтүшүнүктүү калайык-калкка маалым көрүнүш катары кабылдашат. Демек, эпосто ал кыйыр-көмүскөтүрдөберилет. «Манас» эпосунда адам баласы көрүп-билген дүйнөнүн көп түрдүүлүгү ар кылдыгы айтылат («Алтымыш миңааламдан», «Жети кабат кара жер»). А-ды түзүп турган кубулуш-көрүнүштөр (Күн, Ай, Жылдыз, Көк, Жер, табияттын башка кубулуштары) өз ара байланышта туруп, белгилүүтартипте жайгашканы туюнтулат. Ар кандай космологияда дүйнөнүн төрт тарабы ажыратылат. Бул универсалит «Манаста» да кезигет:

Күн батышка бир карап,
Күн чыгышка бир карап,
Жолборсум турду ыңгырап.
Күн тарапка бир карап,
Түн тарапка бир карап,
Жолборсум турду күркүрөп.
Төрт тараптан айбанат
Төгүлүп кирди дүркүрөп (Сагымбай Орозбаков, 2. 279 —280).

Эпосто көк, асман байыркы түрк мифологиясынын каада-салтына ылайык Теңир-кудай катары да белгиленет. Жоого каршы «Көк Теңирим колдо деп» аттанышат.

Ошондой эле Манаска карата «үстүңкү Көк Теңирдей» деген салыштыруу колдонулат. Манастын өзүда: «Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй, Айыңменен күнүңдүн, Бир өзүнөн бүткөндөй» (Сагымбай Орозбаков, 2. 248) мүнөздөлөт. Мында биринчиден, бир учу жерге такалып, бир учу асман тиреген нерсе жөнүндөгүтүшүнүк турат, экинчиден, Манастын Көк Теңирге окшош, тектеш экени туюнтулат. А. тууралуу ой-түшүнүк «Манас» эпосунда кадимки реалисттик жана мифологиялык мүнөздөколдонулат. Ошондой эле ай-жылдарга байланыштуу астрологиялык («жылдызы түшүп», «жылдызы оңэкен», «Атка каршы ай экен, Эрге каршы жыл экен» — дейт далычы Таргыл таз), же табият кубулуштарына байланыштуу магиялык (эпостогу жайчылардын иш-аракети) маани-мазмундар кезигет. Дүйнөлүк мифологиянын универсалийлеринин бири А-дын, мейкиндин үч катмары тууралуу ой-түшүнүк: «Жогорку дүйнө», «ортоңку дүйнө», «жер алды дүйнө». Бул эпосто Манастын үстүнөн уча коштогон алп кара куш, капталдай жандаган көсөөкуйрук көк бөрү артынан ээрчиген ажыдаар (жылан) аркылуу берилет. А-дын турум-турпатын тартууда экилтик (бинарчыл) жол-жобо колдонулат. Дүйнөнүн түзүлүшүндө табият кубулушунда «оң» менен «сол» ажыратылат. Эпосто «Шымал жагын сол деген, Жануп жагын оңдеген», — деп баяндалат. Парсыча «шымал»— «түндүк», «жануп» — «түштүк» болот. Ушу сыяктуу эле Күн менен Ай, Жер менен Көк, тоо менен суу, түн менен күн карама-каршы коюлуп, кошмок мүнөздөсыпатталат. Эпосто жер жөнүндөмаалымат бир кыйла. Эгер жерди А-дын бир бөлүгүкатары карасак, анда ага байланыштуу мүнөздөмөлөр алда канча акылга сыярлык көрүнүш: «Жеткен жан келер жөргөлөп, Жердин өзүдөңгөлөк»; «Толгонуп дүйнөжүзүнө Тогуз айда жетиптир». Албетте, эпос түзүлөбаштаган маалда эле кыргыздар жердин тоголок экенин билишкен деш кыйын. Ошол эле учурда муну жокко чыгаруу да натуура. «Манаста» А. «бардык эл», «жумурай журт» деген мааниде да колдонулат («Ааламга болдук тамаша», «Ааламга жеткен даңкым бар»). Демек, коом мейкиндигине космологиялык элес менен туташ карашат. А. түшүнүгүэпосто көркөм апыртма каражаты, мифтик-поэтикалык элесте да кезигет. Маселен, Чыйырды байбиче көргөн түшүн баян этип: «Ажыдаар болуптур, Ачууланып оп тартса, Ай-ааламды соруптур» (Сагымбай Орозбаков, 1.23)— дейт. Кыргыздар мусулман динин кабыл алышы менен бирге анын догмаларына ылайыкташкан А. жөнүндөтүшүнүктөр да «Манаска» кире баштаган. Мисалы, Алмамбетти мусулман динине кирүүгөүндөгөн КөкчөА. жөнүндөтөмөндөгүдөй баяндайт:

Астыңдагы жер деди, Жер көтөргөн жел деди, Жел экен деп тим болбой Жеткирип ойло сен деди. Жеке кудай өзүдеп Кудайдан биле бер деди. Үстүндөгүкөк деди. Көк бирөөдеп ойлобо, Катар-катар көп деди. Арша-күршүжайлар бар, Төртүнчүкабат асманда Күнүңменен айлар бар, Асмандагы жылдызды Адам болжоор неме эмес, Ар бир жылдыз ай, күндөн Чоңдугу да кем эмес, Жетинчи кабат асмандан Жетип тур, көрдүңжарыгын Жеке жалгыз Алданын Аңдап билгин бардыгын (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1972-инв., 185-б.).

Мына ошентип А-ды таанып-билүүгө ал жөнүндөбилимдерди топтоодо жана күндөлүк турмуш процессинин жүрүшүндөкыргыздар тиричиликке, жоокерчиликке байланыштуу толуп жаткан түшүнүктөрдүиштеп чыккандыгы белгилүү

З. Бейшеев. Ж. Бөкөшев

АБАЙ

— эпизоддук кейипкер. Алмамбет менен Көкчөнү араздаштыргандардын бири. Калыстыгы, жалпы эле адамгерчилиги менен элге алынып кеткен Алмамбетти ичи тардык кылып күнүлөшкөн казак бийлери анын таянганы кан Көкчөдөн ажыратуу жөнүндө жыйылып алып өз ара кеңеш курушканда, А. Алмамбеттин издеп келер кишиси жок, өлтүрүп салалы деп кеңеш кошот (Сагымбай Орозбаков, 2. 245).

АБАЙ

— этноним. Көкөтөйдүн керээзинде: «Ай алдына барбасын, Абайга кабар салбасын... Атпай кыргыз журтуна Азапты кылып салбасын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 12),— деп алыскы жерде жашаган мифтик-эпикалык эл катары айтылат.

АБАК

— этноним. Эпосто казак каны Көкчөнүн жана башкалар бир катар кейипкерлердин уруусу. Казак элинин эпикалык чыгармаларында да (казакча уак, увак) эр Көкчөнүн, анын баласы эр Косайдын уруусу катары сүрөттөлөт. Ишим талаасында жашаган уактар кийинки учурларга чейин өздөрүнүн түп атасы катары Көкчөнү эсептешип келген. Тарыхый уактар казактардын орто жүз курамындагы ири уруу. А. аттуу майда уруу кыргыздардын чекир саяктарынын арасында да кезигет. 17-кылымдагы казак, кыргыздардын жунгарларга каршы күрөшүндө А. активдүү роль ойногон.

АБАҢ

Абаңды талаа — топоним. Эпосто Чүй өрөөнүнүн аймагы катары баяндалат, к. Чүй.


АБА ЫРАЙЫ

— белгилүү бир убакта же учурда бир аймактагы атмосферанын абалы, атмосферанын космос жана жер бети менен өз ара аракетинен пайда болгон физикалык процесс. Адам баласы — табиятты үйрөнүп билүүгө байыртадан эле умтулуп келген. Адамдын ар бир нерсени баамдоого, баалоого, аңдоого багытталган кудурети адамзаттын бүткүл рухий жана материалдык прогрессинин өзөгү болуп эсептелип, алардын чыныгы (бул) дүйнөнү таанып-билүү аракеттери тарыхый өнүгүүнүн ар кандай этаптарында түрдүү жолдор менен ишке ашырылган. Мунун өзү аларга билим түшүнүктөрүн өздөштүрүүнүн өзгөчө ыкмаларын жараткан. Элдеги эзелтен бери кеңири орун алган уламыш, санжыра түрүндөгү жана башкалар фольклордук материалдар дал ушуну ырастайт. Кыргыз эли дээрлик мал чарбачылык менен оокат кылгандыктан жакшы жайыт издеп, көбүнчө тоодон тоого көчүп жүрүп, кара нөшөр жамгырга, мөндүргө, кар аралаш бороон-чапкындарга далай дуушар болушкандыгы «Манас» эпосунда:

Асмандан булут айланып,
Ачып көздү жумганча,
Айдын көзү байланып,
Жылдыздын баары жабылды,
Жылгадан туман табылды.
Тоодой булут толгонуп,
Бөксөдөн булут бөлүнүп,
Кыбыладан күркүрөп,
Кызыл мунар көрүнүп,
Көнөктөгөн немедей,
Көктөн көк кашка мөндүр төгүлүп,
Арыктын баары жыгындап,
Аңдын баары тыгындап,
Асмандан алты сай мөндүр шыбыргак,
Борошосу бургулап, Адамдын башын көтөртпөй,
Аркы-терки ургулап (Сагымбай Орозбаков, 4. 261),

— деп ачык жана кеңири сүрөттөлөт. Айрыкча эрте жазда капысынан боло калчу кара тоңголокто малдын көп кырылышына, ылаң оорулардын таралышына алып келген.

Борошолоп, бургулап,
Караганга өлчөөсүз
Каршы-терши ургулап,
Тоолорго толук кыш болду,
Жакага жалтыр муз болду.
Адам, малдын баарысын
Оору, сыркоо каптады
Арык-торук малдарды
Аяз менен өлтүрдү (Сагымбай Орозбаков, 4. 158).

Ушундай шарттарда кыйын абалда калган эл табияттын мындай көрүнүштөрүнө каршы турууга, башкача айтканда жаратылышта дайыма болуп өтүүчү табышмактуу, каардуу кубулуштарга көңүл буруп, алардын сырын ачууга аракеттенишкен. Эл илгертен эле А. ы-нын бузулушун же тескерисинче, анын оңоло баштаганын айгинелөөчү белгилерге байкоо жүргүзүп, аларды жыйынтыктап, корутунду чыгарышкан. Бул өнөрдү жакшы өздөштүрүп билүү, адамдан өзгөчө бир шыктуулукту, жөндөмдүүлүктү талап кылган. Ушундай сапаттарга ээ болгон зээндүү адамдарды «олуя киши» же көп учурда жөн эле «эсепчи», «жылдыз саноочу», «жайчы» деп коюшкан. Элдин арасынан эсепчилердин пайда болушу — бул күндөлүк турмуштагы мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. А. ы-н болжолдоого эсепчилер эң алгач элдик жыл аттарына таянган жана илгертен эле ар бир жылдын өзүнө тийиштүү белгилерин аныкташкан. Маселен, «коён» жылы — кыш мелүүн, ал эми «доңуз» жылы — кыш ызгаардуу, «жылан», «мечин» жылдары — жай ысык, кургакчыл келсе, «кой» жана «уй» жылдары — жаанчыл болуп, чөп, эгин жакшы чыгат жана башкалар деп түшүнүшкөн. Жылдыз саноочулар А. ы-н аныктоодо айрыкча жылдыздардын (планета деп бөлгөн эмес) кайсы мезгилде жана кайсы тараптан, кандай абалда көрүнөрүнө көп көңүл бурушкан. Ошондой эле Ай, Күндүн тегерегинде пайда боло калуучу алкактарга да көз жүгүртүшкөн. Бул жагдай, албетте, алда канча тагыраак жыйынтык чыгарууга шарт түзгөн. Ушуну менен бирге алар шамал жана булуттун багытына, жылыш ылдамдыгына, келгин куштардын кайсы учурда жергебизге учуп келишерине жана күзүндө кайрадан жылуу өлкөлөргө кайтышарына, бакма, жапайы айбандардын, жөргөмүш, чымын-чиркей сыяктуу жандыктардын жүрүм-турумуна, өсүмдүктөрдүн сырткы түрлөрүнүн кескин өзгөрүп кетүүлөрүнө тынымсыз байкоо жүргүзүүдөн А. ы-нын бир жумалык, ал түгүл бир нече айлык прогнозун түзө алышкан. Эсепчилердин күн мурунтан болжолдоп айткандары жөн эле курулай жоромолдоого же төлгө ачууга негизделбестен, метеорологиялык фактыларды тыкандык менен салыштырып, аларды өз ыкмалары аркылуу талдоонун белгилүү даражада туура жыйынтыгы болуп эсептелет. Мында элдик эсепчилер көпчүлүк учурда турмушта негизинен көп ирет кайталанган жана далилденген, ошого байланыштуу өздөрү иштеп чыккан ыкмага таянышкан. «Манас» эпосунда Алмамбет баатыр гана болбостон, чоң жайчы болуп, зарыл учурда ал өзүнүн жайчылык өнөрүн колдонгон. «Көкөтөйдүн ашында» чабыла турган аттардын саны 2 миңге жеткенде Манас баатыр акыры эмне менен бүтөрүн билип мыктылардын мыктылары чабылышы керек деген ой менен А. ы-н өзгөртүп, алсыз, начар тобурчактардан кутулуу амалында Алмамбетти «катыра күндү жайлап көр» деп кайрылат:

Алмамбет жайга киргени
Нурку асылы кытайдан,
Өнөр алган ал жайдан
Касийдадан кат окуп,
Калмакча кара дуба жат окуп,
Барайыздан бат окуп,
Бачымырак жат окуп,
Тегерете терс окуп,
Кытайча дуба нече окуп,
Сурданып Алмаң калганы
Сууга жай таш салганы (Сагымбай Орозбаков, 3. 150),

— деп Алмамбеттин жайчылык өнөрү аркылуу А. ы-н өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ экени көрсөтүлөт. Эпосто жайчылыктын чагылдырылышы табият кубулуштарынын ички сырларын үйрөнүүгө, аны адамдын эркине баш ийдирүүгө болгон иш-аракеттин көркөм көрүнүшү болуп саналат, к. Жайташ, Жайчы.

А. Байбосунов

АБДУЛКАДЫР ИНАН

(1889, Башкортстан, Екатеринбург-Чыгай — 1976, Анкара) — түрк тилдүү окумуштуу, манас изилдөөчү. Улуту башкырт. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулие мектебин бүтүргөн. Алгачкы илимий макаласы Оренбургдан чыгуучу «Вахт» («Убакыт») гезитине жарыяланган (1908). 1914-ж. жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-ж. «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешинде мударис (профессор) наамын алган. 1915—23-жылдары мектептерде мугалим болуп иштеген. Орустарга каршы көз каранды эместик күрөш жеңилгенден кийин Иранга, андан Ооганстанга, Индистанга кетет. 1925-ж. Европага келип, Марсель, Париж, Берлинде болгон. 1925-жылдын теммуз айында Түркияга, Стамбулга келип, Түркийатинститутуна кызматка алынган. 1910-жылдан баштап жүргүзө баштаган түрк элдеринин фольклору тууралуу илимий иштерин Түркияга келгенден кийин да уланткан. 1933-ж. Түрк тил коомунун чакыруусу менен Анкарага келет. 1935-ж. Ататүрктүн буйругу менен чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган.

Этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы жөнүндө эмгектер жазган. Түркияда «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди анын ичинде жазган. 1936—68-жылдарда «Манаска» байланыштуу жазган ондогон макалаларында, эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор эстелик экендиги, эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салтынын, аш-той расмысынын орун алышын, эпостун идеологиясы иликтенген жана түрк элдеринин эпосторунун ичинде «Манас» эпосунун өзгөчө ордун белгилеген. Түрк энциклопедияларына чыккан «Манас» тууралуу макалалардын автору. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү.

И. Абдувалиев

АБДЫКАДЫР

— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашын кандайча өткөрүү жөнүндөгү кеңешке чакырылган уруу башчылардын бири катарында аты гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 3. 81, 83).

АБДЫКАДЫРОВ Жалил

(1932, Жети-Өгүз району, Чырак айылы —1984, Фрунзе шаары) — кыргыз театр режиссёру, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1964), республиканын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). А-дун чыгармачылык ийгиликтери анын режиссурасына таандык болгон көптөгөн мыкты спектаклдерден көрүнөт.
Айрыкча Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) драмасын сахнага коюу менен ал өзүнүн көркөм концепциясынын тереңдигин жана айкындыгын көрсөтө алган. А. баатырдык маанайдагы спектаклди жаратууну гана эмес, улуу эпостун өзөгүндөгү ата журтту, элди, жерди сүйүү идеяларын көрүүчүлөрдүн көңүл түпкүрүнө жеткирүүнү көздөгөн жана бул максатын жүзөгө ашырган. «Манастын уулу Семетей» спектакли Москвада да көрсөтүлүп, жогору бааланышы А-дун элдик эпикалык көркөм өнөрдүн салттарын терең өздөштүргөндүгүн, режиссёр катары кайталангыс өзүнчөлүгүн тапкандыгын далилдейт. Ал бир нече медалдар менен сыйланган.
Э. Калдаров

АБДЫКАЛЫК
— эпизоддук кейипкер, Букардын каны Атемирдин жакын кеңешчилеринин бири. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Жакып Каныкейге куда түшкөнү барганда аны менен сүйлөшүп, ким экендигин билип, Атемирге келип айтат. Атемир Жакып менен кудалашып, анын уулу Манаска Каныкейди беребизби же бербей аны менен согушабызбы деп кеңеш курганда, А. согушкан менен кыргызды жеңе албайбыз, андан көрө калыңды көп сурап коркутуп качыралы деп кеңеш берет (Сагымбай Орозбаков, 2. 362 — 376). АБДЫКЕРИМ Беки уулу (1880, Базар-Коргон району, Сейдикум айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Мундуздун аркалык уруусунан. «Манас» эпосун атасынан үйрөнгөн. Жаш кезинде аш-тойлордо, кыз оюндарында жамактатып ыр чыгарып айта коюп жүргөн. Элдик жөө жомокторду да билген. А-дин айтуусунда «Манастын кыз Сайкалды алышы» эпизоду жазып алынган. Окуяда Манас кырк чоросу менен аттанып, кыз Сайкалды алууга жөнөйт. Манастын келгенин сыйкырында билген Сайкал жөн коёт да, кези келсе кырк чоросунан ажыратып өзүн экинчи бастырып келгис кыламын деп камынып калат. Манасчынын айтуусунда кыз Сайкал кайыптан жаралган деп эскерилет. Ал Манастын айтканына көнбөйт жана жеңилбейт. Манас кайрылып элине кетет. Экинчи жолу барганда кыз Сайкал сайышка чыкпастан Манастын алдына Тайбуурул тулпарын тартуулап, өзүн бир түнөтөт да тиги дүйнөлүк жарың болом, бул дүйнөлүк жарың Каныкей деп узатат. Манас элине келип Каныкейге кайра жаңыдан нике кыйдырат. А-ден жазып алынган бул эпизод Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турат.
К. Кырбашев

АБДЫЛДА

— Манастын чоросу Ажыбайдын өз ысымы. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча «Түмөнбайдын Абдылда», Жусуп Мамайдын вариантында «Кыпчактын уулу Абдылда» деп айтылып экөөндө тең кийин Ажыбай деген ат алат, к. Ажыбай.

АБДЫЛДА Дөөлөт уулу

(1899, Өзгөн району, Алга айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Басыз уруусунан. «Манас» эпосун жездеси Казыбай устадан үйрөнгөн. Ал дастандын көп эпизоддорун билген жана мыкты айткан. 1966 — 70-ж. «Манас» эпосунун айрым эпизоддору (2427 сап ыр) жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 630инв.). Бул эпизоддор негизинен Манас жана анын кырк чоросу менен Алмамбеттин таанышышы, Алмамбеттин аларга кошулушу, Алмамбеттин кеңеши боюнча Манастын Каныкейге үйлөнүшү, алардын (кыз-күйөөнүн) шаан-шөкөт менен Таласка көчүшү окуяларынан турат. А-нын айтуусунда Манас менен Көкчө таяке-жээн болгондугуна карабастан бири-бири менен эки-үч курдай согушат. Акыркы кармашта Манас оор жарадар болот.

Кайта берип Көкала
Алып келип Эр Көкчө,
Манасты атып таштады.
Чоң өпкөнүн жарымы жок,
Боорунун теңи жок
(АДВ, Кол жазмалар фондусу, 630-инв., 101-б.).

Бул кабар Каныкейге жетет. Акылман, айлакер Каныкей нечен дарылар менен дарылап Манасты өлүмдөн алып калат. Ошентип, «жаккан отун өчүрүп, эки айча аерде жатып бу Манас, Каныкейди көчүрүп, сексен төөгө сеп жүктөп, анан Таласка келет экен» (Кол жазмалар фондусу, 630-инв., 109-б.).

1970-ж. А-дан (көлөмү 32 бет) «Көкөтөйдүн ашы» жазылып алынган (Кол жазмалар фондусу, 630-инв.). Эпизод Көкөтөй өлүп, кара ашын берип, ага көк күмбөз (кээде ак күмбөз деп да аталат) салдырып, эми чоң ашын кантип беребиз деген кеңештен башталат. Көкөтөйдүн жалгыз уулу Бокмурун ашты Манаска башкартам деген чечим менен жайма көкүл жаш Айдарды Мааникерди мингизип, Манаска кабарга чаптырат. Баяндоодогу окуялар андан ары чиеленип, татаалданып өнүгө берет.

Атаңдын гөрү бул гулду,
Карадан жорго жооруса,
Кең Анжыян бозунда,
Кан Гөкөтөй ооруса,
Мында гандай чакыртпайт.
Аладан жорго бөлгөндө,
Алп Гөкөтөй өлгөндө,
Мында кандай чакыртпайт.
Гөкүмдүн суусун бурганда,
Тавагын Ташкент кырганда
Гөк күмбөзүн курганда
Мында кандай чакыртпайт
(АДВ, Кол жазмалар фондусу, 668-инв., 129—130-б.),

— деп Манастын каары келип, жаш Айдарды жайлап, Мааникерди сойгула деп чоролоруна буйрук берет. Мындай кысталыш учурда акылман Каныкей: «Жаш Айдарды жайласаң, Мааникерди сойдурсаң мен башка эрге тийип кетип, катыны таштап кеткен Манас деген жаман аттыга калтырам, элге шылдың кылам» — дейт. Мындай жаман атты шылдыңдан чочулаган Манас кайра жазылып, жаш Айдарды коноктоп, ашка барууга макулдугун берет. Окуя ашка даярданып, Манас чоролорун ээрчитип, жолго чыгышы менен бүтөт. Аштын кандай өткөнү жана башка окуялар жөнүндө сөз болбойт.

А-нын айтуусунда «Манас» дастанындагы туруктуу салт катарында саналган сүрөттөөлөр көркөмдүгү, маңыздуулугу жагынан көп манасчылардыкынан калышпайт. Бир топ манасчыларда туруктуу салт катарында тулпарларды сүрөттөө, алардын сын-сыпатын даңазалоо — негизги көркөм ыкма, формалардан болуп келген. Мындай салт, көркөм ыкма, форма А-нын «Манас» айтуусунда кеңири колдонулат. Өзгөчө Манастын Аккуласынын сын-сыпаты, сырткы көрүнүшү кадимкидей эргүү жана чеберчилик менен сүрөттөлөт:

Аккуладай күлүктөн
Карчытында шам күйөт,
Каражал гулат кимдики.
Томугунда шам күйөт,
Тоодой гулат кимдики.
Бул гулаттан кандай бенде гутулат?
Кокустан чуркап бергенде
Кайгылуу тайган ит жетпейт,
Канаттуудан Кара ылачын куш жетпейт
(АДВ, Кол жазмалар фондусу, 668-инв., 125-б.).

АБДЫЛДАЕВ Эсеналы

(1932, Ысык-Көл району, Жаркынбаев айылы) — «Манас» изилдөөчү, жыйноочу жана түзүүчү. Филология илимдеринин кандидаты (1967). Пржевальск мугалимдер институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1951). 1951—55-ж. Ысык-Көл районунундагы мектептерде физика-математика мугалими болуп иштеген. Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1960). 1960-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтундагы «Манас» секторунда кенже жана улук илимий кызматкер, азыр жетектөөчү илимий кызматкер. ««Манас» эпосунун эволюциялык өнүгүшү жөнүндө» деген темада кандидаттык диссертация (1967) коргогон.

«Манас» эпосун үйрөнүү, таануу, изилдөө боюнча ««Манас» эпосунун алтайлыктардын баатырдык поэмалары менен болгон эпикалык катышы» (1966), ««Манас» эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары» (1981), «Кыргыз фольклорунун тарыхынан» (1983), ««Манас» эпосунун историзм» (1987), ««Манас» эпосунун эпикалык формулалары» (1991) аттуу монографиялык эмгектери бар. Мындан башка да «Манас» эпосу жана кыргыз фольклористикасы боюнча бир кыйла илимий жана илимий-популярдуу макалаларды жазган. А. манасчы Мамбет Чокмор уулунан 100 басма табак көлөмүндөгү «Манас» бөлүмүн жыйноо жана жазып алууга активдүү катышкан. Москвадан орус тилинде жарык көрүүчү төрт томдуктун төртүнчү томунун (30 басма табак) «Чоң чабуул» эпизодун түзгөн. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Семетей» бөлүмүн басмага даярдоого катышкан (1989). Ошондой эле Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча жарык көргөн «Манас» эпосунун 4-китебинин «Чоң казат» эпизодун даярдаган (1982).

Ж. Төлөев

АБДЫЛКАДЫР

— эпизоддук кейипкер, тажик каны. Көкөтөй өлөрүндө жер жүзүндөгү белгилүү кандарды чакырып, мага арнап аш берип, бекеринен зордукчу кандардын кыстоо-кыйноосуна калбагыла деген керээзинде жоо элдин кандарынын катарында А-ды да эскерет (Сагымбай Орозбаков, 3. 23).

АБДЫРАКУНОВ Турдубай

(1937, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы) — фольклорчу, изилдөөчү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1960), Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. «Кыргыз эл табышмактары» деген темада кандидаттык диссертация (1973) коргогон. 1988-жылдан тартып Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери. «Бабалардан калган сөз» (1980) аттуу кыргыз фольклорунун тарыхы жөнүндөгү макалалар жыйнагынын автору. «Манас» эпосу менен башка элдердин эпикалык чыгармаларынын окшоштук, айырмачылык маселелери, «Манастын» арым өзөк окуяларынын тарыхый чындык менен байланышына арналган макалалары бар. А-дун илимий талдоолору кыргыз элинин тарыхый даректеринин фактыларына, диний-мифологиялык түшүнүктөрдүн реалдуу турмуш менен байланыштуулугуна таянат.

И. Абдувалиев

АБДЫРАМАН

— эпизоддук кейипкер, Саяттын уулу. Кабарыш элинин баатыры. Көкөтөйдүн ашында Жолой менен балбан күрөшкө чыгууга белгилүү балбан, баатыр катары Кошой Чегиштен кийин А-га кайрылат. А. «Жолобоймун Жолойго, Жолуга албайм андайга» (Сагымбай Орозбаков, 3. 187),— деп күрөшкө чыкпай коёт.

АБИЙ

— эпизоддук кейипкер. Манастан жеңилген Шоорук кан өзүнө караган кыпчактардын ичинде А-дин бар экенин эскерет (Курама варианты, 1. 165).

АБРАМЗОН Саул Матвеевич

(1905, Орлов губерниясы, Димбровск шаары — 1977, Ленинград) — кыргыз этнографиясына негиз салуучулардан, тарых илимдеринин доктору (1968), Ленинград мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн (1926). 1926-жылдан Кыргыз АОнын музейинин башчысы. А. 1928-ж. Кыргыз АССР ЭКСтин алдындагы Край таануу боюнча алгачкы илим-изилдөө мекемесин уюштурууга катышкан. 1931-жылга чейин Кыргызстан маданий курулуш институтунун директору. А-дун эмгектеринде негизинен кыргыз элинин этнографиясынын көптөгөн маселелери изилденген.

Анын кыргыз этнографиясын чогултуу жана изилдөө иштери менен катар «Манас» эпосу тууралуу изилдөөлөрү да өтө баалуу. «Баатырдык «Манас» эпосу кыргыз маданиятынын эстелиги», «Кыргыздын «Манас эпосундагы этнографиялык сюжеттер», «Кыргыздын баатырдык «Манас» эпосу — этнографиялык булак», «Кыргыздардын аскердик уюштурулушуна жана техникасына мүнөздөмө», «Кыргыздардын уул асырап алуу салты» жана башкалар илимий макалаларында А. советтик этнографтардан биринчи болуп «Манас » эпосун этнографиялык жагдайда изилдөө проблемасына жол ачкан. Ал кыргыздардын көп кырдуу турмуш-тиричилигиндеги, салт-санаасындагы унут Оолуп кеткен көптөгөн этнографиялык кызык окуялардын, фактылардын «Манас эпосунда чагылышы эпостун этнографиялык булак катары теңдешсиз материал берерин жана аларды изилдөө кыргыз маданиятынын тарыхын, анын ар түрдүү этабын ретроспективдүү түрдө эң байыркы элементтерин ачууга мүмкүндүк берет деп белгилеген. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Т. Баялиева

АБСУН

— эпос боюнча сыйкырлап кубулта турган дуба. Көбүнчө душмандын аярлары А. окуу менен ар түрлүү нерселерди кубултуп, жол тоскон, чек ара кайтарган коркунучтуу жанжаныбарга айландырып, душманынын сезин алат. Мисалы, кытайдын Бооң аяры Чүйдү бошоткону келе жаткан кыргыз колунун жолунан өзүн, 90 жолдошун ажыдаар, жолборс, илбирс, бөрү кылып кубултуп тостурат (Сагымбай Орозбаков, 2. 108— 111).

АБЫКЕ

— Жакыптын кичи аялынан төрөлгөн алты уулунун бири. Эпостун биринчи, экинчи бөлүмдөрүнүн бардык варианттарында катышат. А. иниси Көбөш менен бирдикте Манаска каршы иш жүргүзөт. Айрым учурда Көбөшкө караганда ак көңүл, абийирдүү адам катары көрсөтүлгөнү менен басымдуу учурда Көбөштүн жетегинен чыкпаган жетелеме адам. «Чоң Казатка» аттанарда Манас баатыр калың элге жар чакыртып, жортуулду каалабагандарга үйлөрүндө калууга эрк берет. Ошондо А. менен Көбөш да барбай коюшат:

Дөбөгө чыгып дардактап,
Эми Манас өлдү деп,
Эгем бизге берди деп,
Барса келбес Бээжинден
Манас кайдан келсин деп,
Дөбөгө чыгып дардактап,
Элди көздөп бакырып,
Абыке, Көбөш эки арам
Көбөштөп ураан чакырып,
Кутуруп булар калыптыр
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 540-инв., 1641-б.).

А. эч качан Манас баштаган жортуулдарга катышпайт. Тескерисинче, ал Манастын жоктугунан пайдаланып оорукта калган элдин ыркын кетирип, баш-аламандыкты күчөтүүгө аракет жасайт. Анын Көбөш сыяктуу эле өзүмчүл, мансапкорлук мүнөзү бара-бара эпостун «Семетей» бөлүмүндө айрыкча айкын ачылат. Манас өлгөндөн кийин анын аялы менен баласын куугунтуктап, кандыкты, дүйнө-мүлкүн ээлөөгө умтулушунда феодалдык-патриархалдык уруулук түзүлүштүн өзгөчө мүнөзү, талап-түшүнүгү жатат. Уруулук түзүлүштүн салты боюнча Семетейге өтө күйүмдүү жакын агасы катары эсептелген А. Семетей эр жетип Таласка, элине келгенде ак пейил, жарык маанай менен тосуп алып, анын жылкыларын багып жүргөндүгүн айтып, өзүндөгү Манастын курал-жарагын чыр-чатаксыз кайтарып бергендиги Саякбай Каралаевдин варианты, ТМВ, Мамбет Чокморовдун вариантында айтылат. Бирок, А-нин Көбөшкө кошулуп, кайтадан Семетейге жамандык ойлоп уруш баштаганынан анын мүнөзүндөгү ээрчиме жасакердиги, эки жүздүүлүгү, жойпулугу көрүнөт. Саякбай Каралаевдин вариантында Семетейден өлөт, ал эми Багыш Сазановдун варианты боюнча А. энеси Бакдөөлөт менен бирге Мекеге көчүрүп жиберилет.

А. Жайнакова

АБЫЛ

— эпизоддук кейипкер, Атемирдин уулу, Санирабиганын агасы. Жакып Атемир менен кудалашып келгенде Манаска болочок кайындарынын жөн жайын билдиргенде атын айтат (Сагымбай Орозбаков, 2. 384).

АБЫЛГАЗЫ Жумабай уулу

(Кочкор району, Кочкор айлы, туулган, өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Андан «Манас» эпосунан үзүндү жазып алынган (Колжазмалар фондусу, 265-инв.). «Манастын туулушу жана алгачкы эрдиктери» гана ыр түрүндө баяндалат. Манастын төрөлүшүндө жалпы мотивдик көрүнүштөр сакталып, кыскача айтылат. Үзүндүдө негизинен Нескара менен болгон согуш жана орустун баатыры Муробезге (Илья Муромец) байланыштуу окуялар баяндалат. Окуяда Бөлөкбай уста оруска колго түшүп кетип, ошол жакта калган болот. Манас менен Муробез достук мамиледе болуп, Манастын курал-жарагын Муробездин тапшыруусу боюнча Бөлөкбай даярдайт. Калмактар басып киргенде Сыргак барып, Манастын Бөлөкбай жасаган курал-жарактарын алып келет.

АБЫЛКАСЫМ, Абдылкасым

— эпизоддук кейипкер, Атемирдин иниси. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Жакып Санирабигага куда түшүп келгенден баштап аны келин кылып алып кеткенге чейинки окуяларда катышат. Санирабиганы кандын (кан Манастын) никейине бердик деп аны Каныкей деген титул аты менен биринчи А. атаган (Сагымбай Орозбаков, 2. 416).

АБЫШ (Кошабыш)

— кырк чоронун бири. Манас Анжыянды басып алган кытай каны Алоокени багындырганда анын өз уулу Бооке менен агасы Коңгуроолунун уулу А-ты ак үйлүү катары тартууга алат. А-тын «э дегенде эл эсебин алган» укмуштуу өнөрү болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 197). А. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты отуз жетинчи болуп келип, суксур моюн Сулайкага үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 427).

АВЕРДЕН, Аберген

— топоним. Эпосто жомоктук-фантастикалык элесте чагылдырылган
А. көлүн табияттын стихиялуу күчүн элестеткен, башкача айтканда суунун, жаан-чачындын ээси, аны пайда кыла турган сыйкырдуу күч катарында баяндалган 60 баштуу ажыдаар ээлеп жаткандыгы айтылат.

Төмөнкү жалгыз көздүн элинде,
Суук-Төр деген төрүндө,
Аверден деген көлүндө,
Алтымыш баштуу ажыдаар
Андан барып окуп кел
(Саякбай Каралаев, 2. 106),

— деп жиберилген Алмамбет бала кезинде бул фантастикалык көлдөгү ажыдаардан окуп, магиялык укмуштуу өнөр, билимге үйрөнгөнү анын Манаска келгенден кийинки согуштук окуяларда көрсөткөн аярлык, жайчылык өнөрү менен далилденет. Жеке Алмамбет эмес, кытайдын Коңурбай, Кожожаш жана башкалар аяр, баатырлары да ушул жерден укмуштуу өнөргө ээ болуп чыгышат. Абарга — калмак-моңгол, бурят элдеринин оозеки чыгармачылыгында мифологиялык зор жылан (ажыдаар). Демек, кыргызча А. Ажыдаар-Көл деген мааниге ээ.

М. Мукасов

АВУЗ

(арабча хавуз — жасалма тосмо, бассейн)— топоним. Манаска колукту издеп Букарга барган Жакып «Авуздун жогор жагынан» (Сагымбай Орозбаков, 2. 367) Атемир кандын кыздарын көрүп калып, баласына Санирабиганы жактырып, жуучу түшкөнү айтылат.

АГАЛДАЙ

— эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Үсөндүн (Көзкаман) балдарынын бири. Ички чыккынчы душман катары сүрөттөлөт. А. табиятынан коркок, бирок айла-амалдуу. Өзүнүн бир туугандары менен бирдикте аталаш агасы Манасты ууландырып өлтүрүп дүнүйөсүн бөлүп алып баюуну, анын аялдарынын бирин алууну көздөйт. Ички душман катарында элдик баатырларга карама-каршы коюлган А-дын образы эпосто ачык элестүү, терс тип катарында иштелип чыккан.

АГАЯР

— эпизоддук кейипкер, кытай мергени. А. Чоң казатта Бокмурунду атып өлтүргөнү айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 176).

АГУЛУК

— эпизоддук кейипкер, Алооке кандын ажайыпканасындагы айбанаттарды багуучу адам. Манас ажайыпкананы аралап көрүп жүргөндө Алооке ишенген жырткыч жаныбарлар Манаска, анын чоролоруна катылбай, А-ту жеп коюшат (Сагымбай Орозбаков, 2. 191).

АГЫДАЙ

— кырк чоронун бири, далычы. Кырк чоронун катарында дайыма саналып, «Агыдай далы көрүүчү, ашкере айтып берүүчү» (Сагымбай Орозбаков, 3. 49) делип сүрөттөлөт. Кээ бир эпизоддордо Манас жортуулга чыгарда ага атайы далы ачтырып, иштин кандай аяктарынан алдын ала кабардар болот, мисалы, Шоорук кан менен урушта (Курама варианты, 1. 138). Адамдар шаманизмге ишенген байыркы мезгилдерде далычылардын, төлгөчүлөрдүн, балчылардын коомдук турмушта таасири күчтүү болгон. Жортуулга чыгуу же чыкпоо сыяктуу зор маанилүү иштер алардын алдын ала айтуусуна ылайык чечилгени байыркы түрк-моңгол элдеринин тарыхынан белгилүү. А-дын далы ачуусу окуянын өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизбегени менен эпосто төлгөчү кара Төлөк менен А. далы көрүүчү өзгөчө касиетке ээ адамдар катары эсептелип, ысымдары дайыма өнөрү менен бирге аталышы элдин байыркы ишеними менен байланышкан. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча А. Котон шаарынын башкаруучусу Ороңгу катындын аяры болот. Манас Кошой менен бирдикте Алты-Шаарды каратып келе жатканда, анын кабарын уккан Ороңгу 13 аярына бал ачтырат. Алардын ичинен А. далы ачып, Манастын Котонду багынтарын алдын ала айтат. Ороңгу коркуп качат, кошо үркмөк болгон элди А. акыл айтып токтотот. Өз ыктыяры менен баш ийген А-ды Манас чоро кылып алып, Алты-Шаарга бек дайындайт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 436-556-б.). Сагымбай Орозбак уулунда кээде Акдай деп айтылса (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 561-б.), Жусуп Мамайда Актай (Жусуп Мамайдын варианты, 1. 494) делет.
Р. Сарыпбеков

АГЫЛЫК

— эпизоддук кейипкер, калмак баатыры. Манастын Орго кан менен болгон согушунда (Сагымбай Орозбаков, 2. 121), Көкөтөйдүн ашында ат чабыштын байгесин талап алууга камынган калмак, кытай баатырларынын катарында аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 3. 260).

АГЫНАЙ

— эпизоддук кейипкер, Саякбай Каралаевдин вариантында Алмамбеттин жары Аруукенин атасы Каракандын (Каныкейдин атасы) бир тууганы делет. Семетей Таласка кетеринде А-дын Туучунак деген күлүгүн Сарытаз жактырып минип кетет.

АГЫНЕК

— топоним. Айчүрөккө күйөөлөп бараткан Семетей Оогандын каны Акундун шаарына дүрбү салып, нөкөр кыздары менен Үргөнчтүн боюна келип күтүп жаткан Айчүрөктү көргөн бел (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 42).

АГЫШ

— эпизоддук кейипкер, Жеткир бийдин уулу, Кыястын атасы. А. Көкөтөйдүн ашында кытай балбаны «түктүү таман Түкүбайды» жыгып элге намыс алып берген каарман катары белгилүү. Башка каармандардан «Чыканактай эр Агыш, Бүткөн бою тарамыш» (Саякбай Каралаев, 2. 26), чакан боюна жык толгон кайрат-күчү, шайырлыгы, оюн-шоокту жакшы көргөндүгү, кыз жандуулугу «Чоң оюнчу кыз накыш Агышың жайы ушундай» (Саякбай Каралаев, 2. 52) сапаты менен айырмаланып турат. Ашка Манас келе электе кыргыз баатырларын бирден сынаган Нескара А-тын балбандыгын, жоодон жалтанбас эрдигин, найзага ыктуулугун белгилейт. Түкүбай менен күрөшүүгө даап балбан чыкпай турганда Каныкей Түкүбайга жалгыз А. жарайт деп, төмөнкүчө сыпат берет:

Оролмо тоонун ак ийиндей бүркүттү
Балдагы жок кондуруп,
Салып чыгып келаткан
Агыштай эрди көргөмүн...
Керекке жарар эр экен,
Кең пейил тууган шер экен
(Саякбай Каралаев, 2. 52).

Ашка келип зыйнатка турган элдин ичинен А-ты издеп таппай жүрүп ордо кыздарынын арасынан табышат. Күрөшөрүндө Манаска «камчы менен чаап жиберип этимди ачынтпасаң күлүп жүрө берем» дейт да, эки күн, эки түн Түкүбай менен күрөшүп күлүп жүрүп алат. Күлкүсүнө ачуусу келген Манас камчы менен аны томукка бир салганда гана ачынган А. Түкүбайды көтөрүп туруп, башынан айлантып балбан ташка чаап салат. «Бул байгеңди албаймын, Кыздарымдан калбаймын», — деп байгеге да карабай ордо кыздарды карай жөнөп кеткени А-тын өзүнө гана таандык кызык мүнөзүн көрсөтүп турат (Саякбай Каралаев, 2. 53—54). Сагымбай Орозбаковдун вариантында уруу башчыларынын катарында саналат. Кытайлар байгеге зордук кылганда колу менен Манаска кошулат (Сагымбай Орозбаков, 2. 278).

С. Төлөгөнова

АДАМ АТА

— мифологиялык кейипкер. Библия менен куранда адамзаттын түпкү атасы. А.А. менен Аба Эне — жарык дүйнөгө эң биринчи жаралган адамдар. Ал экөө азезилдин тилине кирип азгырылып кудайдын айтканын аткарбай күнөкөр болуп, бейиштен куулуп, ошондон кийин эмгек этүү менен жер үстүндө күн өткөрүп калышкан. Бул Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Алмамбет баатырдын окуясында» Көкчө тарабынан кеңири баяндалса, башка манасчыларда элге мурдатан белгилүү аңыз катары эскерилет.

АДАМДҮК

— мифологиялык кейипкер. «Манаста» А. дөөнүн образы жамандыктын символу катарында берилет. Анын жомоктук образы Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири чагылдырылган. Эпостун «Дөө-пери жомогу» деген эпизодунда Кутубий адамдын алы жетпөөчү А-тү маңдайындагы жалгыз көзүнө атып өлтүрүп, ал туткундаган адамдарды бошотуп, байлыгын аларга бөлүп бергендиги баяндалат. А. тиричилик каражаттарын өндүрбөйт. Түрдүү өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер, жан-жаныбарлар менен азыктанат. Ошондой эле үңкүрлөрдө жашап, киши этин жейт. Акыл жөндөмү чектелген А. өзгөчө чоң көлөмгө, чексиз кара күчкө ээ. А-түн аң уулап барган адамдарды кармап алып, үңкүргө камап, шишкебек кылып жеши жөө жомоктук мотивдерге жатат. А-түн тоонун ээси болуудан башка байыркы адамдардын чектелген түшүнүгү менен шартталган дагы бир өзгөчө сапат белгиси бар, ал — оорунун, өлүм-житимдин ээси, духу.

Бул белги анын киши этин жегендигинен, башкача айтканда өлүмгө себепчи болгондугунан айкын көрүнөт. Ушул белгиси аркылуу А. адамга, болгондо да бардык адамдарга жат тескери күчтөрдүн тибине жатат. Ошон үчүн баатырдык эпостордун алгачкы үлгүсүнүн туруктуу терс кейипкери болгон антропоморфтук типтеги жомоктук-фантастикалык жалгыз көздүү дөөлөр конкреттүү бир элдин душманы болбостон, жалпы адамзаттын эң коркунучтуу душманы катарында мүнөздөлөт. «Дөө-пери жомогунда» баяндалган А. мына ушундай типтин элеси. Анын мифтик образы түрк-моңгол элдеринин фольклорунда кеңири кездешет.

С. Алиев

АДАМ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

— «Манас» эпосунда дүйнөнү, өзүн курчап турган чөйрөнү аң-сезимдүү, максатка ылайыктуу өзгөртүү жана кайра түзүү багыттарындагы адамдык аракеттердин көп түрдүү формалары катары көрүнөт. Анын ичинде коомдун, элдин турмушунун бардык чөйрөлөрүнөн орун алуу менен, асыресе материалдык жана рухий жактан даана байкалат. Өзүнүн көп кылымдык өнүгүү тарыхында башка элдердей эле кыргыз эли да эмгек ишмердиктери, социалдык чыгармачылык аракеттери менен улам алга умтулуп келген. Бул жагдай «Манас» эпосунда жалпысынан алганда тарыхый, социалдык-экономикалык, турмуш-тиричиликтик, жашоо ыңгайлары менен ажырагыс байланышкан ишмердиктин эки түрү: практикалык же предметтик ишмердик (К. Маркс) жана рухий ишмердик тараптарында ачык сезилет. Эпостун мазмуну айгинелеп тургандай кыргыз элинин көп кылымдар бою көчмөн турмушта жашап келген ишмердүүлүк аракеттери да негизинен ушул жагдайлар менен шартталган. Элдин эмгек ишмердүүлүгүндө тигил же бул даражада дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, уздук чеберчилик, аңчылык сыяктуу аракеттер орун алган. Мында адамдардын үй айбандарына, андан калса жапайы айбандарга жасаган мамилеси өзгөчө мааниге ээ болгон. Бул жерде адегенде эле элдин төрт түлүк малга айрыкча тен берип, пайдасын көрүү жагынан кыйла билгичтикке жетишкендикти баса белгилеп өтүүгө туура келет.

Ар бир тарыхый шарттын, коомдук турмуштун жашоо ыңгайларынын, тиричилик жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүнө ылайык ишмердүүлүктүн бөтөнчө түрлөрү да пайда болгон. Маселен, «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган жылкычылык жана жоокерчилик багытындагы ишмердүүлүк да ушуну ырастайт.

Дегеле, көчмөндөрдүн байлыгы, дөөлөттүгү, салмагы, демдүүлүгү малдын саны менен өлчөнүп, мунун негизин дайыма жылкы түзүп келген. Мында жылкы, биринчиден, оокат азыктын булагы, экинчиден, жоого минчү ат, үчүнчүдөн, аш-тойлордун, оюн-тамашалардын шааниси, төртүнчүдөн, «универсалдуу унаа» катарында кыргыздардын жашоо-тиричилигинде, жоокерчилик турмушунда чоң роль ойногон. Бул жерде анын эки гана учуруна токтолуп өтүүгө туура келет. Мында адегенде эле анык байлык, мүлк, дөөлөт гана эмес, дал ушуларды табуунун да эң алгылыктуу, бирден бир каражаты экендигин да бөлө белгилеп кетүү зарыл. Бул жерде кеп, албетте, күлүктөр, жорголор жөнүндө болуп жатат. Даңазалуу күлүктөр ар кандай аш, тойлордо жарышка салынып, кээде өтө чоң байгелерди жеңип алуу менен ээсин заматта дүнүйөгө, мүлккө карк кылган. Буга айкын далил катары Көкөтөйдүн ашында чабылган аттарга сайылган баш байгени келтирсек болот:

Баш байгеге сайганы
Сексен миң жылкы, миң атан,
Жана жүз миң кой болду
Эсебин малдын ала албай,
Эл жакшысы буй болду,
Жабык башы кундуздан,
Жана токсон үй болду.
Үй башына карасаң
Бирден эркек ээси бар
Экиден шайдоот күң болду (Сагымбай Орозбаков, 3. 146).

Ушундай байгени жеңип алган күлүктүн баасын ченеп айтуу, албетте, кыйын. Атагы чыккан мыкты тулпарлар, аргымактар, тобурчактар, буудандардын даңкы баатырлардын даңкынан кем калган эмес. Алар кээде уурдап кетүүлөрдүн, зордоп тартып алуулардын объектиси, талаш-тартыштардын, жаңжалдардын шылтоосу болуп турган. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында кытай баатыры Коңурбайдын «Мааникерди бер» деп чыр салганы.

Күлүктөр жөнүндө сөз болгондо дагы бир жагдай жоокердин аты тууралуу айтып өтүү абзел. Элдин, алардын ичинен чыккан баатырлардын тышкы душмандар менен тынымсыз кармашууларда, эрегишүүлөрдө, эрөөлдөрдө болушу жоого минчү аттардын өзүнчө түрүн пайда кылган. Ар бир баатырдын өзүнүн жоого минчү энчилүү аты болгон. Маселен, Манастын Аккуласы, Алмамбеттин Сараласы, Семетейдин Тайбуурулу жана башкалар Булар таймашта да, кармашта да чечүүчү мааниге ээ болгон. Баатырдын өзүнүн атынан ажырашы анын жеңилиши катары каралган. Эпосто жоокердин аты негизинен согуштук окуяларда сүрөттөлүп, күлүк, күчтүү, чыдамкай, талбас, шамдагай, ал түгүл канаты бар сыяктуу сапаттар менен мүнөздөлүп, аларга өтө чоң баа берилет.

Төрт түлүк, асыресе жылкы менен тиричилик кылган кыргыздар ал жөнүндө көп нерселерди билип, терең түшүнүктөрү болгон. Элдин арасынан атактуу саяпкерлердин, сынчылардын арбын чыгышы да ушул жагдай менен ажырагыс байланышкан. Маселен, алар бээнин кандай күлүк туурун, келечекте ал күлүк кандай болорун, же конкреттүү бир жылкыны көргөндө аны ар тараптан сыпаттап да кандай экендигин бир көргөндө эле аныктап бере алышкан. Ошондуктан, кээ бир саяпкерлердин, сынчылардын элдин эсинде сакталып, аңыз сөзгө айланып калышы кокусунан эмес.

Саяпкерлик, сынчылык жөндөм тубаса болуу менен баарыдан мурда узак тажрыйбадан жана үзгүлтүксүз байкоолордон келип чыккан белгилүү маалыматты, тагыраак айтканда адамдардын акыл-эс өнүгүүсүн айгинелеген рухий ишмердүүлүктү күбөлөйт. Мунун издери эпосто күлүктөргө, жалпы эле аттарга берилген мүнөздөмөлөрдө кеңири учурайт. Маселен, Мааникер «чалгынга минсе чарчабас, оорукка минсе оорубас», Сарала «кетмен туяк, кең соору, керишке минер мал» катары сыпатталат. Көкөтөйдүн ашында чабылган күлүктөр тууралуу мындайча айтылат:

Саяпкерге көп түлүк
Өркөчү бийик, зээри бас
Өкүм күлүк бир канча
Өөдө жерден ноюбас
Токсон күн минсе жоорубас,
Тобурчак бар бир канча...
Кара байыр, казанат
Калбыр өпкө, жез канат,
Камыш кулак, сом туяк
Каса тулпар андан көп... (Сагымбай Орозбаков, 3. 148).

Мында көрүнүп тургандай, байгеге кошулган күлүктөрдү кеңири сын-сыпаттоо гана эмес, алардын түрлөрүн тандоо, «жөндөмдүүлүктөрүн» таасын аныктоо да өтө жогору билгичтикте берилген.

Жыйынтыктап айтканда, эпосто кыргыз элинин жылкычылык жөнүндөгү түшүнүктөрү, байкоолору терең жана таамай. Чыгармада жылкынын өңү-түсүн шөкөттөө үчүн эле 200дөн ашык сөздөр кездешет. Ал эми жылкычылыкка тийиштүү сөздөрдү, сөз айкалыштарын алып көрсөк, алардын саны 1000ден ашат. Муну кыргыз элинин жылкычылыкка тийиштүү рухий ишмердүүлүгүнүн натыйжасы катары кароо абзел.

Эпосто даана байкалган А. и-нүн дагы бир салаасы — жоокерчилик. Бул дагы кыргыз элинин көчмөн турмушунан, жашоо үчүн болгон татаал тагдырынан келип чыккан. Дегеле тынбай көчүп-конуп жүрүү, жайыт талашуу жоокерчилик доордун шартында малга, анын ичинде жылкы тийип алуу, уруу-уруу менен жаңжалдашып туруу адамдарды дайыма сак, шамдагай болууга үйрөткөн. Бөтөнчө тышкы душмандардын күтүүсүздөн кол салып, элдин малмүлкүн талап, өзүн айдап кетүү, аны туулган жеринен ажыратуу сыяктуу баскынчылык жортуулдар элдин көзүн ачып, дайыма кыраакы болууга, жоого каршы даяр, камдуу турууга, канды-жанды аябай кармашууга мажбур кылган. «Мына ушундай кырдаалдардын аркасында, — деп жазган В. В. Радлов, — кара кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин өзүлөрүнө өтө мүнөздүү жоокердик салтын сактап калган. Ар бир боз үйдүн жанында найза турат». Демек, жоо менен кармашуу, коргонуу, аны айдап чыгуу, же талкалоо элдин ушул багыттарда тынбай изденүүлөрүнө, аракеттенүүлөрүнө алып келген. Эпосто бул жагдайдагы ишмердүүлүктөрү негизинен баатырдын, эрдин, аскердин жоо-жарактарын жасоо иштеринде таасын байкалат. Маселен, баатырдыкты алсак, дегеле жоокерчилик заманды ансыз элестетүү мүмкүн эмес.

Ал, биринчи кезекте адамдын жеке сапатын мүнөздөп турат. Алсак, Манасты сыпаттаган арстан, жолборс, кабылан, көк жал жана башкалар эпитеттер ага анчейин тотемдик түшүнүктөн эмес, көркөм каражат катары анын уруштагы, кармаштагы жекече артыкчылыгына, жоокердик мыкты өзгөчөлүктөрүнө, жалпы эле баатырдык турпатына карата ыйгарылган. Же болбосо баатырлардын жекече жоо-жарактарын алып көрөлү. Манастын Зулпукору, Алмамбеттин Жойкумасы, Бакайдын Кылболоту, Чубактын Ачалбарсы, Сыргактын Наркескени өздөрүнө таандык кылычтар. Алар өзүнүн куралы менен гана мыкты согуша алат. Мындан жалпы эле баатырлардын жеке жөндөмдүүлүгүнө, ыктуулугуна, илээкерлигине ылайык куралга ээ болуунун өзү рухий зор ишмердүүлүктү талап кылгандыгы ачык байкалат. Мыкты найзакер, таамай аткыч болуу, же кылычты бек кармап ээрде бекем олтуруу жана башкалар жоокерчилик сапаттар талбаган, тынбаган машыгуулардын негизинде жетишилген. Баатырлык, балбандык сапат рухий турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп калгандыктан, аш-тойлор, элдик тамашалар жана башкалар алардын катышуусуз өткөн эмес. Эр сайыш, балбан күрөш, эңиш, көкбөрү тартуу жана башкалар намыс талашуу, намысты алдырбоо ыңгайында өтүп, өзүнүн курчтугу жагынан жоо менен кадимкидей таймашты, эрегишти элестеткен. Ушундан улам кыргыздарда балдарды жашынан баштап, ушул багыттарга жөндөмдүү (тырышчаак, чапчаң, бышык, ыктуу, күчтүү, тартынбас, жалтанбас) болууга тарбиялоо негизги максат болуп келген.

Эпосто баатырдыктын чагылышы көп кырдуу, ар жактуу (к. Баатырдык, Каармандык). Чыгармада ал нечендеген каармандардын образдарында сыпатталуу менен коомдук прогрессивдүү көрүнүш катары, асыресе элдин бийик рухий дараметин ырастап турат. Анын ичинде аскер жагында да бийик деңгээлге жетишкен. Мында адегенде эле «аскердик демократияны» эске алуу абзел. Бул курал кармаганга жарактуунун баарысы өз элин, өз жерин душмандан коргоого милдеттүү дегендикти гана билдирген эмес. Мында мейли коомдо болсун, мейли аскер кызматында болсун ээлеген чоң абалдарына, байлыктарына, орундарына карабастан, ар ким согуш мезгилинде тең, бирдей укукка ээ экендик баса белгиленет. Башкы баатыр Манас аскер башчы болсо да, өзү катардагы жоокердин эсебине кирген. «Аскердик демократия» бир жагынан зордуктоону, опузалоону четке какса, экинчи жагынан бекем тартипти талап кылган. Эпостун көпчүлүк варианттарында Манас Чоң казатка даярдык көрүп жатканда жыйылган колго кайрылып:

Бээжинге казат кыларга
Найзакерден мыктың бар,
Айбалта чабар ыктууң бар,
Кайра тартпас эриң бар,
Канды суудай агызган
Кара кулак шериң бар (Саякбай Каралаев, 2. 80),

— деп Манастын элге кайрылуусу буйрук эмес, кеңеш, акылдашуу иретинде болот.

Чоң казатка аттанган колго Алмамбеттин башчылык кылышы кокустук көрүнүш эмес. Мындагы түрдүү кыйын кырдаалдарды туура тандоо элдин, жердин сырын, кытайлар менен кармашуунун жөн жайын мыкты билген Алмамбеттин гана колунан келмек. Согушта жекече эрдикти, каармандыкты, иш билгиликти көрсөткөн жоокерлер өз учурунда байкалып, эске алынып, татыктуу баага ээ болуп турган.

Эпосто сүрөттөлгөн аскерлер топураган атчандардын тобун эмес, асыресе өзүнчө уюштурулган, атайын эрежеге баш ийген, куралдуу жоокерлердин түрлөрүнүн бирикмелеринен турган аскердик күчтү туюндурат. Эпосто кошунга синоним катарында көбүнчө кол, аскер, черүү деген сөздөр көп колдонулат.

Эпостун согуш эпизоддорунда Манастын чоролору душмандын бир жерин «оюп», бир жерин «жиреп», бир жерин «түрүп» бараткан жекече көрүнүштөрдө сүрөттөлөт. Ал эми реалдуу алып караганда, чоролор өзүнчө куралдуу жоокерлердин бөлүктөрүн башкарган. Мисалы,

Ошол чакта Алмамбет
Найзаны колго алуучу
Аянбай жоого кирүүчү
Арстандарды бир бөлүп,...
Бөрүдөй көк жал мыктысын
Байкагандай кубантып
Он эки кандын калың кол
Сан-сан кылып чубатып
Алып жүрдү Алмамбет (Саякбай Каралаев, 2. 83 — 84).

Контексттен алдыдагы согушка карата куралдуу бөлүктөр жоокерлердин жеке жөндөмүнө, кандай куралды жакшы биле жана колдоно ала тургандыгына ылайык курулгандыгын ачык сезүүгө болот. «Манаста» согуштун стратегиясына жана тактикасына жараша жоокерлердин аткычтары өзүнчө, чабууга өтө маш кылыччандар өзүнчө, найзакерлер, чалма чалчулар жана башкалар өздөрүнчө онго, жүзгө, миңге бөлүнүп кармашка киргендиктери көп эле көрсөтүлгөн. Урушта аскерлердин башкы туусу жана ар бир куралдуу бөлүктөрдүн өздөрүнүн туусу болгон. Алар өздөрүнүн бөлүктөрүнүн туусу астында салгылашкан. Кан төгүлгөн ар бир кармаштан кийин жоокердин саны катталып турган:

Буйрук кылып Эр Манас,
Алдыдагы белеске
Арстан туусун орнотуп,
Алышканын токтотуп,
Чогулушуп алышып,
Жанды катка салышып,
Калк эсебин алышып.
Элүү башы, он башы
Жүз башы менен миң башы
Баары турду эсептеп (Саякбай Каралаев, 2. 154).

Согуштагы ийгиликтерде аскер ишинин туура уюштурулушу менен катар, жоокерлердин мыкты куралданышы чоң мааниге ээ болгондугу эпосто таасын сүрөттөлгөн. Анда жоо-жарактарынын миңден ашуун аты кездешет жана алардын кандайча жасалгандыгы айтылат. Маселен, кылыч эң мыкты сапаттагы «ак болоттун» жана «кара курчтун» өзгөчө кошулмаларынан жаралган өткүр курал.

Металлдын ачылышы менен аскердик курал-жаракты жасоодо адамдардын ойлоп табуучулук аракеттери да кеңири кадам таштаган. Маселен, чабуул куралдары (кылыч, мылтык, найза, жебе, чокмор, балта жана башкалар) жана коргонуу куралдары (зоот, калкан, белдемчи, туулга, чарайна, чайинги, чопкут, бадана жана башкалар) арбын жасала баштаган. Жоокердин жоо-жарактары анын алдындагы күлүк, күчтүү аты сыяктуу эле таймашта зор роль ойногон. Андыктан ага айрыкча көңүл бурулуп, ар бир баатырдын өзүнө таандык энчилүү жоо кийимдеринин болушуна чейин жетишилген. Алсак, Манасты Аккелте, Аколпок, Айбалта, Ачалбарс, Бозкисе, Сырнайзасыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Булар атайын Манаска арналган жана өзүнчө рухий бийик дем, күч менен жасалып, адаттан сырткары касиеттерге да ээ. Ал түгүл кээ бир куралдар адам колунан эмес, кандайдыр бир керемет күчтөн жаралып (асмандан түшөт жана башкалар), баатырга энчиленет.

Мындай сыпаттоолор жоо-жарактарына айрыкча маани берилгендиктен улам пайда болгон.

Эпосто жоо куралдары негизинен адам колунан жасалып, алар өтө көп машакатты, акыл жана күч эмгегин талап кылгандыгы даана байкалат. Мында адамдын өнөрү, зээндүүлүгү. тапкычтыгы, дайыма баса белгиленет. Маселен, Каныкей ашкан акылман, билерман. Анын туура берген кеңеши менен гана Манас жаңжалдарда, согуштарда жеңиштерге жетишет. Ошону менен бирге, ал колунан коөрү төгүлгөн уз. Анын бул жөндөмү Манасты артыкча табылгыс жоо кийимдери, куралдары менен гана камсыз кылгандыкта эмес, ошондой эле кырк чорого, жалпы эле жоого аттанган жоокерлердин бардыгына сарамжалдуулугун көрсөтүп: «Жакасы алтын жеңи жез, Кош бадана, торгой көз, Келеме бото, кең күрмө» (Сагымбай Орозбаков, 4. 93) кийгизет. Манастын Аколпогун тигүүдө ал кандай гана акылын, күчүн, чеберчилигин жумшабаган:

Кан Манастын Аколпок,
Тиштеп жатып Каныкей
Кашка тиши жоюлган,
Кара көзү оюлган
Кокон менен Ташкенге
Колу жетип турганда
Анжыянды чалдырган
Ак була жибек алдырган
Арасына салдырган
(Саякбай Каралаев, 2. 82).

Эпос Каныкейдин ишкердүүлүгүн, чыныгы жоокердик сапатын айгинелеп турат. Бул анын акылдуу кеңештеринде да, жекече эрдиктеринде да, согуш жабдыктарын камсыз кылууда да көзгө даана элестейт. Ошентип, кыргыз элинин басып өткөн татаал жолунда, жашоо үчүн болгон күрөшүндө, жалпы эле турмуш тиричилигинде жылкычылык жана жоокерчилик негизги кесиптерден болуп келген. Кыргыз эли көчмөн турмушта жашаса да эпосто көрүнүп тургандай, анын ишмердүүлүк чөйрөсү жалаң гана жылкычылык жана жоокерчилик менен чектелип калган эмес. Ал өзүнүн талыбаган эмгеги, умтулуулары менен материалдык жана рухий багыттарда, мезгилдин, адамдардын суроо-талаптарына, керектөөлөрүнө ылайык ишмердүүлүктүн көптөгөн түрлөрүн жараткан.

О. Исмаилов

АДАМНОО

— жомоктук жапайы адам, киши кийик, адам кебетелүү айбан. Эпосто Манас алтымыш жигит кошчу менен салбырынга чыккан Арпа тоосунда көп түрдүү жапайы жаныбарлар жана укмуштуу айбанаттар бар экени баяндалат. Алардын ичинде А. да аталат:

Алаткак, жезит дагы бар,
Тумшугу жез киши бар —
Убара, чаркоо дегени
Адамноо, чыңыроон
Айтылгандын баары бар
(Сагымбай Орозбаков, 2. 170).

АДАШБАЕВ Турсунбай

(1939, Ала-Бука району, Мазар айылы) — кыргыз совет жазуучусу, котормочу. Ташкен мамлекеттик университетин бүтүргөн (1968). 1960—67-жылдары Ош обл. «Ленин йули» газетасында иштеген. Азыр Өзбекстандагы "Чолпон" басмасынын башкы редакторунун орун басары. А. кыргыз совет көркөм адабиятын которуп, өзбек окурмандарына жеткирүүдө чоң иш аткарган. «Манас» эпосунун 440 ыр сабын которгон, к. «Манас» (өзбекче).

АДИРАБИЙГА

— эпизоддук кейипкер, Санирабиганын (Каныкей) эжеси. Жакып куда түшкөнү Букарга баргандагы Атемир экөөнүн сүйлөшкөн сөзүндө Атемирдин улуу кызы экени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 378).

АДЫБАЙ

— эпизоддук кейипкер, Манастын аталаш иниси, «алты арамдын» бири. Манас өлгөндө бир туугандарына кошулуп каралуу Каныкейге кордук көрсөтүшкөн. А-дын жеке өзү эмне иш кылганы көрсөтүлбөсө да, бир туугандары менен бирдикте алардын бардык иштерине катышат. Кырк чоро жана Кочкор, Чыйбыт, Көлбай, А. болуп экинчи жолу качканда Семетейдин колунан өлөт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 276, 310, 319, 330, 336, 339; 2. 249).

АДЫК КАН

— эпизоддук кейипкер. Акжолтойдун атасы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 195).

АДЫЛБЕК

— эпизоддук кейипкер, Жакыптын тең өскөн курбусу, айылдагы кадырлуу, аксакал адам. Кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Магдымдын баласы Чыйырдыга тамак жеткирип барып, Манасты жана башкалар балдарды көргөнүн Жакыпка айтып келет. Кытайлар Манасты издетип жүргөнүнөн корккон Жакып баланын көзүн тазалап койгондо А. арага түшүп, Магдымды Жакыпка алып берет да, чырды басат. А. Манастын төрөлүшүнө, ага ат коюуга катышат.

АДХАМ АСЛАМ (Ахматов)

(1939, Самаркан шаары) — тажик совет котормочусу, жазуучу. Навои атындагы Самаркан мамлекеттик университетинен билим алган. А. боордош элдердин эпосторун, фольклорун тажик тилине которот. Анын ичинде «Манасты» да биринчи болуп тажик окурмандарына тааныштырган, к. «Манас» (тажикче).

АЖАЙЫПКАНА

(арабча «эджайеб» — укмуштуу, иранча «хана» — үй) — ар түрдүү жапайы айбанаттар менен канаттуулар багылган жай. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Анжыянды бийлеген Алоокенин чарбагындагы «падышалык салтанат үчүн багылган» түрдүү жаныбарлар, мурда киши көрбөгөн, аты-затын да укпаган мифтик-фантастикалык жандыктар бар А. сүрөттөлөт. Алооке кан өзүнө жакпаган адамдарды, элге жан тарткан баатырларды А-га киргизип, жырткычтарга талатып өлтүрүп жүргөн. Алооке канга ата конушумду, жер-суумду бошот, болбосо согушамын, — деп келген Манас баатырды жекеме-жеке кармашта жеңе албастыгын сезип, аны жок кылуу үчүн кырк чоросу менен бирге А-га киргизет.
Манас Алоокенин ажайыпканасында.

А-дагы Алоокенин аябай ишенген ажыдаары да Манаска даай албай коёт (Сагымбай Орозбаков, 2. 189—190). Алар Манастын тотем (Жакып менен Чыйырдынын түшүнө кирген, кийин Манастын тотемине айланган ажыдаар, алп кара куш, көсөө куйрук көк арстан, кара чаар кабылан, жолборс) жаныбарларынан коркуп кол сала алышпайт. Эпосто чагылдырылган бул окуя байыркы заманда эле элибиздин А-дан кабары бар экенин билдирет.

АЖО

Ажа (моңголчо ажа — ата) — Эне-Сай кыргыздарынын 840-жылдарындагы башкаруучусу. Ал уйгур кагандыгынын борбору, Орхон дарыясынын боюндагы Орду-Балык (Хара-Балгас) шаарына жүз миң аскери менен барган. Кытай авторунун маалыматы боюнча уйгур ханынын сарайын талкалоого өзү катышкан. 847-ж. дүйнөдөн кайткан. Андан кийин кыргыздар бытырап, бүлүнгөн экен. Ошондон улам «ай деп коёр Ажоо жок, кой деп коёр кожо жок» деген ылакап чыккан. Кийин «ажа» (моңголчо ата) деген маанидеги сөз тараган. Кээ бир изилдөөчүлөр ушул А-ну Манастын прототиби катары карашат.

АЖЫ

(арабча хадж)— ислам дининде Мекеге барып зыярат кылуу жана ошо зыярат кылып келген адамга берилген наам. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас алтымыш жашка келгенче бала көрбөй арман кылып, Мекеге барууну ойлойт, Каныкей боюнда бар экендигин айтып аны токтотот. Каныкей төрөп, Семетей үч жашка келгенде, Манас ажыга жөнөйт. Аны менен Алмамбет, Сыргак, Токотой кошо барат. Манастын Мекеге кетиши, анын жогунан пайдаланган Коңурбайдан жеңилишине себеп болгон.

АЖЫ

— эпизоддук кейипкер, ооган Ажыбайдын атасы, Түлкүнүн бир тууганы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 70, 83, 126).

АЖЫБАЙ

— Манастын башкы чоролорунун бири. Саякбай Каралаевдин вариантында А-дын Манаска чоро болуп келиши жөнүндө кеңири баяндалат. Манас касиеттүү думана чалдын кеңеши боюнча өзүнө ылайык жолдош издеп, Таластан аттанып чыгып Бакайга, анан А-га жолугат.

Карткүрөң сындуу ат минген
Кара ок өтпөгөн тон кийген...
Ача сакал, кызыл жүз,
Эңчегер бойлуу, кең далы
Аргын кандын Ажыбай
Ажыбайдын өзү экен
(Саякбай Каралаев, 1. 192).

Эпостук салт боюнча баш каарман өзүнө тете эрлерди издеп чыгып, алар менен күч сынашып, же жөн жай сөз табышкандан кийин гана чоро болуп калат. А. да Манастын башка чоролору сыяктуу теңдеш баатыр таап достошом деген ойдо Манас менен Бакайды издеп чыгып, чаалыгып-чарчап, ээн талаада уктап калат. Бакай менен Манас анын үстүнөн чыгып, жай сурашып таанышат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында А-дын өз аты Абдылда, сөз билги, чечен, элчи катары баяндалат. А-дын Манаска келип кошулуш окуясы өзүнчө баян этилбейт. Бирок, кырк чоро тууралуу сөз болгондо «күлдүргүчү Ажыбай», «өткүр чечен Ажыбай», «өткүр баатыр Ажыбай» сыяктуу сыпаттоолор менен кошо ысымы дайыма аталат. Ишкердиги жана элчилик жүйөкөрлүгү төмөнкү окуялардан ачык байкалат. А. чабарман элчи болуп Арапстандагы Айкожого барып келет. Манастын түшүн жоруп өзүнө теңдеш эр жүрөк баатыр Алмамбет келээрин айткандыгы үчүн той берилип, ошол тойдо өткүр чечен Абдылдага Ажы бий наам берилет да чоролор арасында А. аталып кетет:

Айтар сөздөн, акылдан
Алдырбайсың адамга,
Жаның тирүү турганда
Жаактуудан адам жанашпас,
Таалайыңды адам талашпас,
Бийлик тонду алдың деп,
Бий болдуңуз Ажым деп.
Ажы бий болду атагы...
(Ажыбай деп атаган
Акындар билбес чатагы)
(Сагымбай Орозбаков, 2. 282 —283).

Бий болгондугун билгизип, Манас А-га тон жабат. А. Алмамбетти тосуп чыгып аттан түшүрүп, Манаска ээрчитип кирет. Кенжут шаарына аттанганда өзүнчө кол башчы болуп барат. Саякбай Каралаевдин вариантында анын элчилик ролу өтө ачык берилген. Чоң казат мезгилинде Кошойдун сунушу боюнча Эсенкандын сөзсүз жеңилгенин моюнга алдырыш үчүн «башына жаман иш түшсө, капаланып кайгырбас кыраан, жазы жаак, жалпак тил, жаңылбай сөздү айтуучу чечен» элчини Бээжинге жибермек болушат. Ага «жетимиш уруу тил билген» А. тандалып, ал өзүнчө тагылган тапшырманы ийгиликтүү аткарып келет. Манас өлгөндө да, анын зыйнатына туруучу кандарга чабарман — элчи катары А. кабарга барат. А. Манастын жеке сакчысы да болуп саналат. Кичи казат мезгилинде сакчылыкта анын уктап кетишинен пайдаланып Коңурбай жоо кийимсиз турган Манасты аңдоосуздан жаралайт. Айрым маалыматтарга караганда 14-кылымда Аксак Темирге каршы согушта сол канаттагы колду башкарган тарыхый инсан болуп эскерилген аргындардын Ажыбек деген болгон. Эскерилген тарыхый окуя «Манас» эпосунда чагылдырылган деген көз караш да бар.

К. Кырбашев

АЖЫБАЙ

— кейипкер, Айчүрөктүн жакын агаларынын бири. Чечен, айлакер, жүйөкөр адам. Түлкүнүн уулу Түмөнбай Ажынын уулу Ажыбайды жанына алып, Айчүрөктү алабыз деп, Ооганды камап турган Чынкожо, Толтойго элчи болуп барышат. А. чечендигине, айлакерлигине салып, белгилүү мөөнөт сурап, элди бүлүндүрбөй душманды токтотуп турушат. А. шартка ылайык Семетейге да жөндүү кебин айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 70—83; Курама варианты, «Семетей», 195—206). Кийин жедигер менен болгон урушка катышат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 126).

АЖЫДААР

(арабча аждаха) — мифологиялык жаныбар, көпчүлүк элдик жомоктордо адамды да, айбанды да оп тартып соруп коюучу, каарданса оозунан от чыккан, көп баштуу, өлчөмсүз чоң, укмуштуу жылан. Фольклордо. оң образ катарында да, терс образ катарында да кеңири белгилүү. А-дын элесинин мындай карама-каршы сүрөттөлүшү ал образдын эволюциясынын стадиялык баскычтары менен байланышкан. А-дын алгачкы образы табияттын стихиялык күчүн элестетип, адамга жакшылык да, жамандык да кылуучу мифтик жаныбар катары пайда болгон. Кийин элдик оозеки чыгармачылыкта анын жогоркудай касиеттери эки ажырым болуп, эки образды түзүп калган. «Манас» эпосунда бул образдын эки тиби тең жолугат. А-дын эпикалык образы толугураак чагылган Саякбай Каралаевдин вариантында адамга жакшылык да, жамандык да кылуучу, башкача айтканда алгачкы ишенимдеги А-дын образы суунун жана жаан-чачындын ээси, аны пайда кыла турган күч катары баяндалат. Эпосто табияттын стихиялуу күчүн элестеткен, бир жаккы башын көтөрсө жамгырдай жайнап от чыккан, бир жаккы башын көтөрсө каптап жалын чок чыккан алтымыш баштуу А.— өз алдынча жаткан фантастикалык жаныбар. Алмамбет алты жашка чыкканда Азизкан «Коңурбайдан өчүмдү алып бер, тартып алган жеримди бөлүп бер», — деп А-га окууга жиберет.

Төмөнкү жалгыз көздүн элинде,
Суук-Төр деген төрүндө,
Аверден деген көлүндө,
Алтымыш баштуу Ажыдаар
Андан барып окуп кел.
Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Бурганактап шыбыргак,
Кубултуп күндү бузуучу
Жайдын жайын окутат,
Атышка кирсең алдырбас
Октун жайын окутат,
Адамды өрттөп жиберер
Чоктун жайын окутат
(Саякбай Каралаев, 2. 106—107).

Элдик оозеки чыгармачылыкта окуунун кандай процессте жүргөнү жөнүндө ачык кабар берилбейт. Жөн гана кандайдыр бир сыйкырдуу, касиеттүү адам (карыя, аяр, акылман жана башкалар) же А. сабак бергени айтылат. Бала устатынан сыйкырчылык, аярлык, көбүнесе ар түрдүү жаныбарга айлануу өнөрүнө ээ болот. «Манаста» бир аз башкача, жумшартылган түрдө кездешет. Мында Алмамбет адегенде алты миң, анан жети миң дагы ушундай сыяктуу эпикалык сандардагы балдар менен бара берип, алар бүт кырылат. Алмамбет менен бирге барган балдар А-дын кастыгынан өлбөйт, анын фантастикалык көрүнүштөрүнөн коркуп же уусунун зардабын көтөрө албай кырылышат. Алмамбет менен Кожожаш (Саякбай Каралаевдин вариантында Кожожаш терс каарман Алмамбеттен үч ай ашык окуган, ашкан мерген болуп сүрөттөлөт) ошончо баланын ичинен аман калып, окуп чыгышы ал экөөнүн өзгөчөлүгү, ашкере баатырдыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы катары бааланат. А. бир эле учурда оң каарман Алмамбетти да, терс каарман Кожожашты да магиялык укмуштуу өнөр билимге үйрөтөт. Бул жагынан ал оңго да, терске да бирдей кызмат кылган орток мүнөзгө ээ. Бирок А-дын душман тарапка таандык жандык болушу анын образы терс жакка өтө баштаганын кабарлайт. «Манас» эпопеясында магиялык өнөр-билим берүүдөн башка учурда башкы баатырды колдоочу, коргоочу, жакшылык кылуучу симпатиялуу А-дын образы элестетилет. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манас Чыйырдынын боюна бүтөрдө А. түшүнө кирет.

Алиги жеген ак алмам, Курсагыма толуптур, Артымдан чыкты ышкырып, Ажыдаар болуптур, Ачууланып оп тартса Ай ааламды соруптур (Сагымбай Орозбаков, 1. 11).

Укмуштуу А. чексиз күч-кубаттын символу катары көрүнөт. Ал башка тотем жаныбарлар (бөрү, бугу, жолборс жана башкалар) менен бирге жоого кирген Манаска сүр-айбат, кайрат берет, колдоочулук касиетке ээ образ маанисинде элестетилет. Фольклорчу окумуштуулар белгилегендей «Манаста» чагылдырылган фантастикалык А-дын образы дүйнөлүк мифологиядагы А-дын классикалык үлгүсүнө (жакшылык кылуу, символ, кубаттуулук жана башкалар) өтө жакын сүрөттөлөт.

С. Алиев

АЖЫКАН

— эпизоддук кейипкер, Тазбайматтын атасы, шайык. Манас ооруп жатканда Каныкей Ажыбайды кабарга жөнөтүп жатып, А-га да кабар бер дейт (Саякбай Каралаев, 2. 234). Манас дүйнөдөн өтөрүндө «Ажыкан уулу Баймат таз, Ыйман айтчы кашыма» (Саякбай Каралаев, 2. 146),— деп Тазбайматка кайрылат.

АЖЫМООЛУК ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

Коңурбай өзү даап бара албай, кыргыздардын үшүн алып туруу үчүн өтө тээжик, барып турган кежир, нары жыгыл десе бери жыгылган, эч нерсеге тойбогон соргок Ажымоолук дегенди «бурут деген тигил жакта, сен тойсоң ошол жактан бир тоёсуң» деп алдап жөнөтүп жиберген. Ал алдынан чыккандын, көзүнө көрүнгөндүн баарын жалмап олтуруп Ат-Башы өрөөнүнө келип жетет. Анда бугу-марал, эчкитеке, аркар-кулжа, кулан-жылкы жана башкалар аңдар мекендеп, эл-журт жок ээн жер экен. Ошондо Ажымоолук тоодой эт чогултуп аны шишкебек кылуу үчүн токойду эки көтөрүп, КараКоюн суусунун жээгиндеги тал-терек токойду бир көтөрүп келип бышырып жей берет. Каргыш тийген жалгыз көз кайберендин этинен орто тоют болгончо кактап жеп, анан суусаганда Ат-Башынын суусун көл кылам деп бир күрөк топуракты суунун нугуна ыргытыптыр. Олокосу жок неме топуракты жаза ыргытып, суу тосулбай ал топурак ошол бойдон калыптыр. Бул Чеч-Дөбө. Анын бийиктиги 200, узуну 5000, туурасы 1500 лдей. Ошондо жини келген Ажымоолук Ат-Башынын суусун аттайм дегенде тайгаланып жыгылып, буту сынып, ошондон өлүптүр. Ал өлүп бара жатып «Аттиң, бейажал кеттим. Ат-Башынын күн чыгыш жаккы тоосунда эки көтөрүм, суунун жээгинде бир көтөрүм токой калып калды» деп жалгыз көзү жумулуптур. Ошондуктан, Ат-Башы тоосунун батыш жагы менен Кара-Коюн өрөөнүндө токой өспөйт. Эпосто Ажымоолук тууралуу маалымат жолукпайт.

АЖЫРАШ АЯК

— көптөн бери жашаган жеринен башка жакка кетер алдында туугандарын, коңшуларын, жолдош-жоролорун чакырып, меймандап коштошуу салты. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчөрдө А. а. берилгендиги айтылат:

Сойдурган экен шол күнү
Сегиз жүз кой, сексен бээ,
Жай олтуруп тамак жеп...
Ажыраш аяк деген сөз
Атпай журттун мойнуна
Куржун сындуу илинди
(Сагымбай Орозбаков, 2. 156).

Ошондой эле Байжигит Алтайга кайра көчөм деп элден уруксат сурап, А. а. бергендиги айтылат. АЗА — өлгөнгө кайгырып, күйүт тартуу салты. Саякбай Каралаевдин вариантында Манас өлгөндө «Калайык ыйлап, кан ыйлап, Кошой, Төштүк дагы ыйлап, Ажыбай, Бакай кары ыйлап, Кан Манастын кырк чоро Найза сайып бакырып» А. күтүшөт. А. күтүүдө аялдар чачын жазып, бетин тытат, башына кара салынып, кошок кошот:

Ошондо кайран катын Каныкей
Кандуу бети жыртылуу,
Кара чачы жайылуу,
Калдайган кара башында (Саякбай Каралаев, 2. 249),


же «Ошо кезде кыз Сайкал, Кандуу бети жыртылуу, Кара чачы жайылуу» (Саякбай Каралаев, 2. 253). Эпосто А. күтүүгө табийгат, жан-жаныбарлар кошо катышат: «алты күнү ай чыкпай, ай караңгы түн болот», «кайың ыйлап, тал ыйлап», жер силкинет, таш ыйлайт. Желмаян капшытка чөгүп, көз жашын төгөт. Кумайык Манастын аягына жатып алып асманга карап оозун ачып, адамдан бетер ыйлайт. Акшумкар тескери учат, Тайбуурул оттобой башын жерге салат. Эпостогу А. күтүүнүн мынчалык эмоциялуулугу, курч жана көркөм сүрөттөлүшү эл өзүнүн ишенген баатырынан, сырткары душмандардан коргоочусунан айрылышы, мындан артык жоготуунун жоктугу жана алардын башына кайрадан оор күн түшөрүн билдирип тургандыгы менен байланыштуу. А. күтүү эпостун башка каармандары өлгөндө да сүрөттөлөт. Мисалы, Алмамбет өлгөндө аты Сарала:

Айбандан эстүү жарыктык,
Башын жерге салыптыр,
Кындырдай жарап жарыктык,
Аза күтүп калыптыр (Саякбай Каралаев, 2. 220).

Семетей кайып болгондо да Кумайык улуп, Акшумкар токтобой, «саңоор жүнүн тыткылап, канатын күүлөп», «мүрүсүн жерге каккылап, канатын жерге чапкылап» А. күткөндүгү айтылат.

С. Алиев

АЗАЙМАТ

— эпизоддук кейипкер. Жакып Каныкейге куда түшүп келип, элин чакырып кеңеш курганда ага катышкандардын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 383).

АЗАЛОО, азала

— жакын адамы өлгөндө куда-сөөгү, көңүлү жакын адамдары мал жетелеп же башка бир нерсе алып барып көңүл айтуу (мурунку заманда көбүнчө мал берүүчү).

Береним төрөм өлгөндө,
Катагандын кан Кошой,
Кагылайын абакем,
Асага берген мал эле
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 78) делип,)

Тайторуну Манас өлгөндө Кошой алп азалап алып келгендиги Каныкейдин сөзү аркылуу берилет, к. Аза.

АЗАН

(арабча кабарлоо, жарыялоо) — беш убак намаз окууга мусулмандарды чакыруу. Жети формуладан турат. Шариат боюнча беш убак намаз окуунун алдында мечитте атайын иштеген адам мунарадан катуу үн менен элге кабарлайт. «Манас» эпосунда Айкожо, Жаангер сыяктуу ислам дининин өкүлдөрү А. чакырат.

АЗАР-ТҮМӨН

(иранча хазар — миң; түрк-моңголчо түмөн — он миң) — эпосто көптүктү (аскер, эл, мал жана башкалар) туюндуруучу сан эсебинде эсепсиз, сансыз деген мааниде көп колдонулат. Мисалы, «Аз гана эмес мол менен, Азар - түмөн кол менен, Баштап келип калыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 2. 38). Алтын-күмүш зар калды, Аңдабай күттүм жалганды, Айры менен нар калды, Азар - түмөн мал калды (Сагымбай Орозбаков, 3. 27).

АЗАТ

— топоним. Үч-Турпан менен Жылдыздын ортосунан орун алган тоо. Каар аярдын баласы Култаң баатыр качып, А. тоодон ашат, бала баатыр Манастын жайын түшүндүрүп, Терс- Маёодогу Текес канга жардам сурап барат (Сагымбай Орозбаков, 2. 33).

АЗГАНАКАЙ ТАЛААСЫ

— топоним. Манастын колу Орго канды жеңген соң. «Асты-үстү болгон тоодон» өтүп А. т-на чыгат. Беттешкен жоону талкалап, Манастын колу калмактын орчун шаары Булагасынга кирет (Сагымбай Орозбаков, 118, 120, 124).

АЗЕЗИЛ

— Библияда жана мусулман уламыштарында шайтандын күнөөгө бата элек периште кездеги ысымы. Уламыш боюнча А. адам пайда боло электе Алла тарабынан жердеги жиндердин башкаруучусу болуп дайындалган имиш. Кыргыздар азгырык, шайтан катары түшүнөт. «Манаста» А. бутпарас дининдеги эпикалык душмандарды кудаймын деп алдап, азгыруучу.

АЗЕЛКАН

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Абылкасымдын кызы. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда жар тандоо салтына ылайык өткөрүлгөн ат чабышта аты он экинчи келген Бообекке турмушка чыгат (Сагымбай Орозбаков, 2. 418, 424).

АЗЕМИЛ

— топоним. Дайра жана анын боюнда жайгашкан өрөөн. Жакып Алтайда турганда жердеген. Борбордук Азияда Эмел аттуу жер-суу ысымдары көп. А. ошолордун өзгөргөн бир түрү болушу мүмкүн.

АЗЗААР ТАШ

Ажыдаар таш Баткен чөлкөмүнүн түштүк чыгышынан орун алган. Сок дайрасынын баш жагында Ормурзан жайлоосунун башталышында, Дөңмөн айлынан Зардалиге кетип бараткан жолдун маңдайынан көрүнөт. Кудум эле башы кесилген ажыдаар сыяктуу кызгылтым таш. Аны эл Манастын кылычынан ажал тапкан Алооке кандын ажыдаары менен байланыштырат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча да Анжыянды бийлеген Алоокенин ажайыпканасында багылган ажыдаар Соктон өрдөп кеткендиги айтылат:

Ажыдаар кетти жайына,
Аттуу киши көрүнгүс
Сойлоп кеткен сайына.
Сойлогон жери коо болду,
Тоого барып жоголду,
Ажыдаар сокту деп,
Сок атагы шо болду
(Сагымбай Орозбаков, 2. 192—193).

М. Үсөнов

АЗИЗКАН

— эпизоддук кейипкер, кытайдын башкы кандарынын бири, Алмамбеттин атасы (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча). Эпосто А. негизинен Алмамбеттин төрөлүшүнө жана кытайдан кетишине байланыштуу окуяларда эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча А-дын алтымыш аялы болсо да жетимишке чыкканча балалуу болбойт. Бир туугандары Эсенкан, Алоокелердин уулдары Бөрүкөз, Коңурбайлар ага көп кысым көрсөтүшөт. Коңурбай Кан-Жайлак жайлоосун ээлеп алат. Ыза болгон А. кытайдын башкы каны Карыканга Коңурбайдан өткөн баатыр уул төрөй турган аял алып берсин деген талап менен кат жиберет. Ал элиндеги бүт кыздарды чубатып, сынчы аярларына сындатып, Соорондүктүн кызы Алтынайды алып берет. Алтынай А-га келгенге чейин эле керемет менен нурдан бүткөн үч айлык боюнда болот жана ал төрөгөндө түрдүү сырдуу белгилер берилет.

Баласын атасы Соорондүккө бактырып, келгени тогуз айга толгондо А-га алып келет. А. баласына ат койдурганы Карыканга алпарат. Баланы колуна алганда эле касташып кетерин туйган Карыкан түпсүз кудукка салып сынайт. Алмамбет алтыга чыкканда А. ажыдаардан окутуп, баласын кытай элин билген кан болууга даярдайт. Алмамбет эрезеге жеткенде ата-баланын ортосунда дин маселеси боюнча чатак чыгып, А. баласы колдуу каза болот. А-дын баласы менен дин үчүн чырдашуусу мусулман идеологиясынын таасири менен эпоско кийин кирген мотив. Анын алгачкы башталышында энелик доор ыдырап, анын ордуна аталык доор орной баштаган мезгилдеги коомдук кагылыштардын издери жатат.

Энелик доордун мезгилинде баланын атасы ким экенине кайдыгер мамиле жасалса, аталык доордо баланын сөзсүз никелүү атасынан туулушу талап кылынган. Тескерисинче болгондо ортодо каршылык келип чыккан. Ушул социалдык конфликтинин таасиринде дүйнө элдеринин эпикалык чыгармаларында, ата менен баланын касташуусу деген салттык сюжет пайда болгон. А-дын баласы менен кагылышка барышы ошол салттык сюжеттин «Манас» эпосунан орун алгандыгын көрсөтөт. А-дын атынын этимологиясы тарыхый жагынан өзүнө кызыгууну туудурат. Изилдөөчүлөрдүн тобу Алмамбеттин прототиби 9-кылымда кыргыз тарыхында көрүнүктүү роль ойногон уйгур кол башчысы Күлү Бага деп болжошот. Күлү Баганын уруусу — эдиздер уйгур кагандыгын түзгөн 15 уруунун бири болгон. «Манас» эпосунда А., кийин аяын баласы Алмамбет туугандары — кытай кандары Алооке, Эсенкан, Коңурбай жана башкалар менен каршылашып келгендей эле, тарыхый эдиздер да башка уруулар менен бийлик талашып келген. Күлү Бага да өз элинен кетип, алардын күчтүү жоосу кыргыздар тарабына өтүп кетет. Эдиздер уруусу менен Алмамбеттин атасы А-дын аттарынын үндөштүгү жана алардын айрым окуяларынын окшоштугу А-дын аты «эдиз» деген сөздөн алынып, эпоско кирген деген божомолду айтууга түрткү берет.

Эпосто каармандын уруусу атасынын аты катары берилиши типтүү көрүнүш. Мисалы, Аргынкандын Ажыбай, Жедигердин Багышы, Эштектердин Жамгырчы. Мындагы аргын, жедигер, эштек кыргыз урууларынын кийинки күндөргө чейин сакталган аттары. А. Алмамбеттин атасынын өз аты эмес, урусунун аты экендиги жөнүндөгү кандайдыр бир кабарлар кийинки манасчыларга чейин сакталып келген болуу керек. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Соорондүк Алмамбекттин атасынынөз аты ал эми А. анын ылакап аты (псевдоними) делип айтылат. Байыркы түрк тилиндеги «д» фонемасы кийин бир катар тилдерде «з» тыбышына алмашылып калган. Азыркы кыргыз тилинде байыркы «эдиз» деген сөз «эзиз», «азиз» болуп өзгөрүп кеткен.

Р. Сарыпбеков

АЗИРЕТ

Азирет аалы (арабча хазрет — улуу урматтуу, улуу даражалуу, касиеттүү, ыйык) — кудай аталышына, пайгамбардын, имамдардын, таанымал ыйыктардын ысымдарына кошуп айтыла турган ардактуу наам, мартаба. А. түшүнүгү Саякбай Каралаевдин вариантында жолугат. Манастын бабалары тууралуу бөлүмдө Каракан өлгөндөн кийин Алооке баштаган калмак, кытай баскынчыларынын кыргыздарга кол салып, көрсөткөн кордугу баяндалат. Зордук-зомбулукка чыдабаган, намыскөй кыргыздар Акбалта, Жакып баш болуп калмак менен кармашууга бел байлап жоого каршы аттанышат. Бул жерде А-ке сыйынуу адаты төмөндөгүчө берилет:

Аттанууга камынып,
Азирет деп жалынып,
Жай-жарагын шайланып,
Жоо кылычын байланып
(Саякбай Каралаев, 1. 31).

Кыргыздардын диний уламыштарында А. көбүнчө Алинин ысмы менен байланыштырылат (Азирети Алинин кылычы — күн желеси). Али ибн Аби Талиб (биздин замандын 7-к.) — такыба халифтердин төртүнчүсү, Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы жана күйөө баласы (Фатиманын жубайы), исламдын бир агымын туткан шейиттердин ыйык жол башчысы, башкы пайгамбары. А. көптөгөн жеңиштүү согуштарды башынан өткөргөн, кийин душмандардын колунан кайгылуу өлүмгө дуушар болуп, анын сөөгү коюлган көрүстөн — бейит шейиттер сыйына турган ыйык жайга айланат. Кыргыздардын кээде А-ке сыйынып калуусунун себеби жоокерчилик доор менен шартталышы ыктымал.

Т. Н. Өмүрбеков

АЗИРЕТТИН КАРА-ТОО

— топоним. тоолуу, бөксөлүү жер. Алтайдан көчүп келгенден кийин Таласка орношконго чейин Манас эли менен А. К-Т-ну жердеп турган (Сагымбай Орозбаков, 2. 152, 205, 275, 359, 360, 381).

АЗИЯ

(гр. Аsіа, балким ассир, аsу — чыгыш)— топоним. эпосто эскерилген дүйнө бөлүгүнүн аты. Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана:

Ойрон кылат катылган
Оңу менен солду деп,
Шамал жагын сол деген,
Жануп жагын оң деген,
Иним Жакып баласы
Азияда чоң деген (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 581-инв., 419-б.),

— деп эскерилет. Бул топонимди манасчы эпоско кийин эле илимий чөйрөгө жакындашканда киргизген сыяктуу. Географиялык реалияда А. дүйнөнүн эң чоң бөлүгү (бүткүл кургактыктын 30%ке жакыны, Евразия материгинин бир бөлүгү).

АЗОО-БЕЛ

— топоним. Кытайлар кыргыздарды чаап, туш-тушка таратканда Ногойдун төрт баласынын бири, Алтайдагы калмактын арасына сүрүлгөн Жакып азган-тозгон 70 үйлүү элди чогултуп, жайлап турган жер (Сагымбай Орозбаков, 1. 50). Географиялык реалияда А.-Б.— Иле дарыясынын баш жагындагы жер.

АЗЫРЕЙИЛ

Азраил, Израил — мусулман мифологиясындагы диний түшүнүк — жан алгыч, жан алуучу периште, ислам дининдеги негизги төрт периштенин бири (Жебиреил, Минал жана Исрафил менен тең ата). Бөлөк көптөгөн диний түшүнүктөр, касиеттүү күчтөр сыяктуу эле эпосто А. да жолугат: «Айбат менен караса Азырейил түсү бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 189). Уламыш боюнча А. адегенде кадимки эле катардагы периште болгон экен, бирок кудай топурактан Адам-Атаны жасай турган болгондо жердин катуу каршылык көрсөткөнүнө карабай топуракты күч менен жулуп алып барыптыр. Ошондо Алла-таала А-ди өлүмгө кожоюн кылып дайындаган имиш.

Ал өтө зор, алп, көп сандаган буттары жана канаттары бар, төрт жүздүү, денеси тирүү адамдын саны канча болсо ошончо көздөр менен тилдерден турат. А. адамдардын тагдырын билет, бирок алардын ар биринин өлөр күнүн, мөөнөтүн билбейт. Кимдир бирөөнүн ичер суусу түгөнүп, көрөр күнү бүткөндө, жашоо мөөнөтү аяктап, өлөр убагы келгенде Алла-тааланын тагынын жанында өсүп турган дарактын күнү бүткөндүн ысмы бар жалбырагы үзүлүп каалгый учат. Мына ошондон соң А. кырк күндүн ичинде ал кишинин жаны менен денесин бири биринен ажыратууга, башкача айтканда жанын алууга милдеттүү. Такыбалардын жанын абайлап, кыйнабай тартат, ал эми күнөкөрлөр менен капырлардыкын кыйнап туруп сууруп алат. Адам баласы ар кандай ыкмалар менен А-ге каршылык көрсөтсө болот, бирок баары бир акыр аягында ар дайым А-дин жеңгени жеңген деп айтылат.

Т.Н. Өмүрбеков

АЙБА

— эпизоддук кейипкер, кытай балбаны. Чоң казатта Чубак ыргыта сайган кытай баатыры Канжарколду атка мингизип алып кетмекчи болгондо, Ажыбай А-дан мурун жетип Канжарколдун башын кесип кетет (Саякбай Каралаев, 2. 192).

АЙБАЛТА

— согуштук курал. Байыртадан көп элдер колдонуп келген. Ал курч темирден жарты ай сымак жасалып, катуу жыгач менен сапталат. Кыргыздарда согуштук балталар 6—9-кылымдан бери белгилүү.
Эпосто А. темир менен болоттун ширетүүсүнөн жасалып, сабы ыргай, ага кайыштан бүлдүргү тагылат. Айрым учурда алтын менен кооздолот. «Манастагы» А. дал ошондой курал.

АЙБАНБОЗ

— Манастын аяк улоо катарында ич-арага мине турган аты. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Чоң казатта А-ду Манас чалгындын жолун талашып чырдашкан Алмамбет менен Чубакты жараштырууга артынан барганда минет. Ошол боюнча ал жерде калган Манас чалгындап барып, жылкы тийген Алмамбет, Чубак, Сыргактардын соңунан кууп келген кытайларга каршы согушка А-ду минип кирүүгө мажбур болот. А. Манасты көтөрө албай Коңурбайдын көп колунун курчоосунда калат. Эпосто бул мотив аркылуу А-дун тулпарлык касиетинин начардыгы, Манасты Аккула менен Тайбуурулдан башка ат көтөрө албастыгы көрсөтүлгөн.

АЙБАНБОЗ

— Айкожонун тулпары. Валиханов жазып алган эпизодбоюнча Көкөтөйдүн ашында «Айбанбоздой күлүк ат» (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 78-б.) алып келип чапсын деп айтылат.

АЙГАНЫШ

— Көкөтөйдүн аялы Күлайымдын атынын ордуна кээде колдонулган эпитет.

АЙГАНЫШ

— эпизоддук кейипкер, Жолойдун аялы. Аярлык касиети бар аял катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 293).

АЙГЫМ

— этноним, Кырк чоронун бири Калдар А. уруусунан болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 427).

АЙДАР

— эпизоддук каарман. Бардык варианттарда айтылып, бирдей же окшош түрдө мүнөздөлөт. Негизинен «Көкөтөйдүн ашында» катышып:

Ар жумушка дилгирген,
Алтымыш бурку тил билген,
Ары тилмеч, ары акын
Ар жакшыга көп жакын.
Ыраакы, жакын иш кылсак
Ыкчылдыгы бар эле (Сагымбай Орозбаков, 3. 86),

деп сүрөттөлөт. Мааникерди минип ошол кездеги кыргыздарга белгилүү болгон бүткүл жерди кыдырып, ашка элди чакырып, эң жооптуу милдет аткарат. Ашта Ырчыуул менен бирге жарчы болот.

АЙДАР Жаныбек уулу

(1888, Алай району, Сабай айылы — 1936, ошол эле жер)— манасчы. А-дын шыгынын ойгонушуна таякеси Чомо түрткү болгон. Замандаштарынын эскерүүсүндө А. Чомо сыяктуу эле «Манас» эпосун 8 муун кылып айткан, бирок, анын айтканы кагаз бетине түшүрүлбөгөн.

АЙДАРКАН

— каарман, казак каны Көкчөнүн атасы. А-дын башкаруучулук, баатырдык иш-аракети Сагымбай Орозбаковдун вариантында башка варианттарга салыштырганда кенен чагылдырылган. Эпостун алгачкы окуяларында ал жекеме-жеке сайышка түшкөн баатыр гана эмес, кеп-кеңеш берген карылардын катарында да сүрөттөлөт. Манастын төрөлүшүндөгү тойдо кытайдын Күнөс балбаны менен беттешүүсүнүн (Сагымбай Орозбаков, 1. 86, 98) тыянагы белгисиз калган, ал эми Нескара менен болгон урушта Даң-Даңды жеңет. Бирок, андан кийин жекеге чыккан баатыр Күдөңгө каршы баралбай качып берет (Сагымбай Орозбаков, 1. 204). Ал эми карылар кеңешинде ал тайманбас баатыр, кайраттуу акылман абышканын кебин салат:

Кан Жакып баштап карыңар
Кайратты таштап салдыңар
Качууну сүйүп калдыңар...
Туулмак бар, өлмөк бар,
Жакшылык менен жамандык
Туш-тушунда көрмөк бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 17—18).

Текес кан менен болгон согушта кол башчы (кан) да болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 39).

Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Кошойдун Билерик менен Жарманасты бошотуу үчүн Бээжинге жасаган жортуулуна катышып, кайра келаткан жолдо Манас менен Кутубийге жардамга келишип, кытайлар менен согушка да катышканы айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 147, 150, 159, 161).

И. Абдувалиев

АЙДАРКУЛОВ Кадыркул

(1946, Жаңы-Жол району, Кызыл-Жар айылы) — тарыхчы, «Манас» изилдөөчү. 1969-жылдан КПСС мүчөсү. Кыргыз Мамлекеттик Университетин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1973). 1974-ж-дан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын тарых институтунда илимий кызматкер. А-дун «Манас» изилдөөдө негизинен «Семетей» бөлүгүнө кайрылып, көптөгөн илимий-популярдуу макалаларды жана «Кылымдар жаңырыгы» (1991) аттуу китебин жазган, к. Кылымдар жаңырыгы.

АЙДЫҢ-КӨЛ

— топоним. Эпосто учураган А.-К. аттуу чакан көлдөр негизинен Алтай аймагына туура келет. Суусу тунук, айланасы кооз, мал-жанга ыңгайлуу болгондуктан, көл жээги айыл-апага толуп, той-тамашага батып, «ар-кайсынысы өз ураанын чакырчу».

Манас кан көтөрүүлгөндө Жакыптын айлы А.-К-дүн жээгине конуп той өткөргөн. (Сагымбай Орозбаков, 1. 232, 261).

АЙЖАҢЖУҢ

(кыргызча ай жана кытайча дзяньцзунь — генерал-губернатор, генерал) — эпизоддук кейипкер, манасчы бирде адамдын энчилүү аты катары, бирде эпикалык душмандын кол башчыларынын даражасын билдирген жалпы ат катары колдоно берет, к. Жаңжуң. Саякбай Каралаевдин вариантында Эсенкандын жакын кеңешчиси. Бирмыскалдын атасы.

АЙКАН

— эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Көкөтөйдүн ашында Төштүк жер алдында жүргөндө А-дын кызы Алтынайды күч менен тартып алганын эскерет (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 85-б.).

АЙКОЖО

(өз аты — Абунасир Самани) — каарман. А-нун эпостун ар башка варианттарында сүрөттөлгөн образында айырмачылык бар. Сагымбай Орозбаковдун вариантында ак пайгамбар Мустапанын (Мухаммеддин) сабаларынын (диний жанжөкөрлөрүнүн) бири. Мустапа бир күндөрү сабаларынын ортосунда олтуруп: биздин көзүбүз өткөндөн 400 жылдан кийин (башка бир жерлерде 250 жыл) «Түркстанда туулган, түмөн кытай журтуна сала турган чуулган, түрк уругу кыргыздан» Манас баатыр тууларын айтат. Жанындагылардын өтүнүчү боюнча пайгамбар «Минген аты баары чаар, Кийген тону баары таар, Кийиз калпак башында, Найза, күрсү колунда, Аккелте мылтык жонунда, Айбалтасы белинде» Манастын жана анын кырк чоросунун ороюн (сырткы элесин) көз алдыга тартып, мына ушул адамга калтыра турган аманатым кылыч (Ачалбарс), мылтыгым (Аккелте) бар, кимиң тирүү калып тапшырасың? — дейт.

Сабалардын ичинен А. (Абунасир Самани) бул милдетти мойнуна алат. Манас эрезеге жетип, душманына каршы аттанганда, атайы издеп келип, Алтайдан жолугуп пайгамбардын аманаттарын (кылыч, мылтык) тапшырат, мусулман болууга жана дин үчүн күрөшүүгө үндөйт да, өзү кайра Арабстанга кетет. Манас кийин Абдылданы (Ажыбай) жиберип чакыртып алат. А. Манастан жеңилген элди мусулман динин тутууга үндөгөн насаатчы болуп, кээде керемет иштерди да жасайт. Мисалы, Манас ата конушу Ала-Тоону душмандан бошоткону Алтайдан аттанып чыкканда душмандын Куяс аяры жолдогу дарак, чөп-чарды куралдуу аскер кылып кубултуп, жол тостурат. Каршы келген жоосунан бет буруп, аркасын салып көрбөгөн Манас баатыр Аккелте менен атса, сыйкыр менен жасалган аскерлер жооп кылып мылтык атат. Сандаган мылтыктын атылышынан Манастын көзү көрбөй калып, А-нун дубасынан кийин гана ачылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында өз ысымы Абунасир Самани, кээде Бузурук Саба деп да айтылат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 574—576-инв.). Абунасир Самани тарыхый адам. 9—10-кылымда Орто Азияны жана Хорасанды башкарган, тажиктерден чыккан феодалдык сулаленин өкүлү, 864—892-ж. эмирлик кылган. Демек, ал Мухаммеддин сабасы эмес, андан кыйла кийин жашаган. Өз учурунда Орто Азияда жашаган көчмөн түрк элдеринде ислам дининин таралышында активдүү роль ойногон (Ч. Ч. Валиханов. Собрание сочинений, А.-А., 1985, т. 3, 126, 367-б.).

Тарыхый булактарга таянганда диний насаатчы катары А-нун образынын калыптанышына жеке Абунасир Самани эмес, көптөгөн дин өкүлдөрүнүн иш-аракети түрткү болгон. Муну «Манас» жөнүндөгү жазма даректердин эң алгачкыларынын бири 16-кылымга таандык молдо Сейф ад-Дин ибн даммула Шах Аббас Аксыкенти калтырган «Мажму ат-таварихтеги» («Тарыхтар жыйнагы») маалыматтар да толук ырастайт. Кара кытай Гуркандан жеңилген Тули-кан, Дува-кандар Хорезм-шах Махмуд менен кеңешкенден кийин, Дува-кан элчиликке барып, Багдаддан пайгамбардын тукуму катары имам Ибрагимди алып келет. Ибрагим Коженттеги кыргыздарды оң канат, сол канатка бөлүп, алардан куралган кол менен Касандын жанында Гурканды талкалайт. Ширкенттик шайык Жалал-аддин Манастын Жолой менен күрөшүнө бир нече жолу көмөк көрсөтөт, Жолой жиберген чыккынчы Тубай ууландырган Манасты айыктырат. Бул Абдылданы (Ажыбай) жиберип, Манастын А-ну чакыртып алышын, көзү көрбөй калган Манасты А-нун айыктырышын эске түшүрөт. Эпостун ар кайсы варианттарын салыштырганда А-нун образы түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында кеңири тараган, түпкүлүгү тотемдик бабага барып такалуучу — укмуштуу колдоочу карыянын айрым милдетин өзүнө сиңирүү менен анын ордун ээлөөгө өткөнүн байкоого болот. Мисалы, Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын кылычы укмуштуу жол менен асмандан түшүп, аны Сагымбай Орозбаковдун вариантындагудай А. эмес, дүйнө кезип жүргөн аксакал думана берет. Узак жашаган (250—500 жыл) акылман, көзү ачык карыянын баатырларды, кол башчыларды жандай жүрүп насаатчы болушу да түрк элдеринин эпикалык чыгармаларында байыртан келе жаткан салттык көрүнүш. Огуз кандарынын бир нече муунунун жеке турмушундагы жана мамлекеттик саясий иштериндеги акылчы-насаатчы 500 жыл жашаган Коркут-ата жөнүндөгү аңыз сөздөрдүн үлгүсүндө муну даана көрүүгө болот. Саякбай Каралаевдин вариантында «Ала чапан Айкожо» анжыяндык кожо катары айтылат. Кытайларга колго түшүп калганда Кошой куткарып чыккан Билерик А-нун баласы делет (Сагымбай Орозбаковдун вариантында ал Жаангер кожонун баласы).

Манас Таласка көчүп келгенден кийин Алоокеден кордук көрүп жаткан элдин камын ойлоп, А. Манаска келип:

Атышаарың Алооке,
Арбын кыргын салыңыз,
Ордолуу шайык, көк жөкөр.
Орчун Кокон, Маргалаң,
Эр экениң чын болсо,
Алоокенин колунан
Ажыратып алыңыз (Саякбай Каралаев, 1. 198),

— дейт. Саякбай Каралаевдин вариантында кожолорго, анын ичинде А-го ашкере баа берүүчүлүк жокко эсе, тескерисинче, эпостун башкы каармандары ачуусуна тийгенде кожо-молдолорду сабаган учурлары да эскерилет. «Чоң казаттагы» бир тыныгууда элди эсепке алганда Чубак менен Төштүк жок болуп чыгат. Нескараны баш кылып кытайдын кырк баатырын колго түшүрүп кечиккен Чубак, А. азан чакырып, эл намазга жыгылып жатканда келет. Чубактын келе жатканын көргөн Манас:

Аппак кожо, Айкожо,
Кереленип каласың,
Кечке окуу саласың,
Бейишиңди өзүң ал,
Береним Чубак келатат (Саякбай Каралаев, 2. 155),

— деп тура жөнөйт.

Р. Сарыпбеков

АЙКӨЛ

— Манастын жеке өзүнө гана колдонулган туруктуу эпитетинин бири: «Алмамбетке көп айтып, Айкөл Манас бек айтып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 149), «Дууга кирди Манас шер, Аты кызыр кырк чилтен, Айкөл эрдин жолдошу» (Саякбай Каралаев, 1. 95), «Карааны Семетей турат аманат, Ашылбас аскар бел элең, Айкөлүм Манас ала жат!» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 40). А. Манастын адилет, ак көңүл, кең пейил, баарын көтөргөн, баарына чыдаган сапаттарын чагылдырып, арыстан, көк жал, төрө, канкор сыяктуу эпитеттер менен бирге эпосто абдан арбын жолугат.

Ж. Төлөев

«АЙКӨЛ МАНАС»

— ыр менен жазылган эки бөлүмдүү эпикалык драма-трагедия. «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде белгилүү драматург Ж. Садыков жазган. Драма 1990-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган. Спектаклди режиссёр Б. Ибраев сахнага алып чыккан, жасалгалаган сүрөтчүлөр М. Сыдыкбаев, М. Искаков, музыкалаштырган композитор К. Молдобасанов.

«Айкөл Манас» драмасынын негизги өзөгүн Манас эпосундагы Көкөтөйдүн ашы менен Чоң казат окуялары түзөт. Биринчи бөлүм Көкөтөйдүн ашы, андагы шаан-шөкөттөр жана салттык мелдештер (Кошой менен Жолойдун күрөшү), кытай-калмактар байгеге байланыштуу чыгарган чатак, Нескара менен Коңурбайдын кол курап келип кыргыздарды чаап алабыз деп кетиши менен аяктайт. Экинчи бөлүм Манас кыргыз уруу кандарын өзүнүн айланасына баш коштуруу аракети менен башталат. Алты кан Манаска биригип, калгандары ынабай коюшат. Драманын бул бөлүгү негизинен согуш окуяларын сүрөттөөгө арналат. Чоң казат башталып, Капканын кара тоосундагы согуш Манастын жеңиши менен аякталат. Бирок, Коңурбай амал менен Манасты жарадар кылат. Манастын белгилүү чоролору Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек окко учат. Жаралуу болуп Таласка келген Манастын дүйнөдөн кайтышы менен экинчи бөлүм бүтөт. Драмадагы баатырдык, патриоттуулукка байланышкан негизги идея менен бирге адамкерчиликти жогору баалап, акылмандыкты даңазалаган, чебер уз, сарамжалдуулукту үлгү катары көрсөтүп, калыстыкты, карапайымдыкты мактаган жана башкалар элдик идеал түшүнүктөр кеңири баяндалат. Драманын башкы каарманы — Манас. Анын ролун артист К. Досумбаев, А. Жолдошев аткарган.

Досумбаев түзгөн Манас — чексиз баатыр, жөн билги уюштуруучу, калыс, акылман жетекчи. Ошон үчүн ал элден чыккан эрлерди айланасына топтоп, душмандарына каршы күрөшөт, жоосун жеңип, мекенин баскынчылардан коргойт. Бул зор маанилүү, адилет күрөштө Манас жалгыз эмес, анын күчү элден чыккан жакын жардамчыларында, жалпы элге таянгандыгында. Спектаклде акылман, калыс кары Бакай (С. Жумадылов, К. Табалдиев), алп Кошой (А. Осмонов), Чыйырды (К. Дулатова. Н. Исмаилова), акылман, чебер уз Каныкей (М. Далбаева, Ш. Алсеитова, А. Сыдыгалиева), Арууке (С. Мырзагалиева), билими, өнөрү менен таанылган Алмамбет (И. Эшимбеков), карандай күчтүн ээеи Чубак (Ч. Думанаев), жаш баатыр, эпчил Сыргак (Э. Бекболиев), Серек (Ү. Мурадилов), Айдар (М. Алышбаев), Кыргылчал (А. Мураталиев, А. Усупбеков), Тазбаймат (Р. Жунусов), Коңурбай (Т. Бердалиев), Нескара (М. Асанбаев), Жолой (А. Жолдошев) жана башкалар көптөгөн каармандар бар. Драмадагы согуштук сценалардагы чабыштарды Кара-Калпак АССРинин эмгек сиңирген артисти, Ташкендеги А. Островский атындагы Театр жана сүрөт институтунун доценти А. Исмаилов койгон.

Ж. Сагынов

АЙЛАМОР

(орусча Илья Муромец) — каарман. Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана кездешүүчү «Түндүккө чабуул» аттуу окуяда Манас менен кармашкан эпостук баатырлардын бири. А. орус элинин баатырдык эпосторунун (былиналарынын) Киев циклине кирген варианттарында айтылуучу каарман Илья Муромецтин ысымынын манасчы тарабынан кыргызчаланып айтылышы. А. — кыргыз элинин эпикалык чыгармачылыгындагы орус эпосторунан өздөштүрүлгөн образдардын эң ириси. Аталган эпизоддордо Манас түндүктө жашоочу элдерге чабуул жасап, аларды багындырат. Орус баатыры А. менен сайышка түшүп, анан кылычташууга өтөт. Акырында А-дун Дөңкара аттуу аты аны ала качып жөнөйт. Ошентип, А. жеңилип, орустар Манаска 300 сулуу кыз тартуу берет да «Атабыз Жаяпис бир» деп элдешип кайтат.

АЛМАНБЕТТИН (АЙТЫМБЕТТИН) ООЗУ

— Кочкор районунундагы Ниязбек уулу Ормонкан атындагы (мурдагы Фрунзе дыйкан чарба бирикменин түштүк тарабындагы Үкөк жана Чуңкур-Төр жайлоолоруна жакын бийик өрдөй кеткен чоң кокту. Улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун бейити мына ушул коктунун кире беришинде.

АЙ МҮЙҮЗ

— жакшы тилек үчүн аталып союлган бодо мал. Эпостун негизги варианттарындагы айрым окуяларында сыйынуу, табынуу жана жакшы тилек тилөө ырым-жырымдарына байланыштуу эскерилет. Манас төрөлгөндө А. м-гө ак өгүз чалышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 73).

АЙНАКУЛ

— Кыргылчалдын чыныгы аты (Сагымбай Орозбаков, 2. 18, 142, 177), к. Кыргылчал.

АЙНЕКЕ

— эпизоддук кейипкер. Көкчөнүн уулу Үмөтөй Семетейге каршылашып келгендеги эпизоддо А. Темиркандын он эки кызынын бири, Текечи кандын аялы, өзүнүн эжеси экендигин Каныкей Семетейге айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 274).

АЙРЫШТЫН САРЫ КАЙКАҢЫ

— топоним. Кыргыздардын жылкысына тиймек болгон Домабил баштаган алтайлык калмактар Манастан сокку жеп качышат. Ошондо Жакып жоону кууп бараткан Манасты А. С. К-нан токтотот (Сагымбай Орозбаков, 1. 167).

АЙТАК

— эпизоддук кейипкер. Алмамбет менен Көкчөнү араздаштырган казак бийлеринин бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 243).

АЙТИЕВ Гапар

(1912, Кара-Суу району, Төлөйкөн айылы — 1984, Фрунзе шаары) — улуттук туңгуч сүрөтчү, кыргыздын профессионалдык сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүлөрүнөн, СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР көркөм сүрөт академиясынын корреспондент мүчөсү (1973), Кыргыз ССР Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967), Соц. Эмг. Баатыры (1980), Кыргыз жергесинин кооз табиятын, кайталангыс көрүнүштөрүн гана мыкты тартпастан, улуттук маданияттын улуу устаттарынын портреттерин да зор чеберчилик менен ачып берүүгө жетишкен. Алардын бири — Саякбай Карала уулунун скульптуралык портрети болуп саналат (1965).

Сүрөтчү бул эмгегинде манасчынын чылк ырдан бүткөн образын, анын инсандык жана чыгармачылык жан дүйнөсүн, көөнөрбөс көркөм талантын чеберчилик менен көрүүчүлөргө жеткире алган. Ушул скульптуралык портретте Саякбай улуу дастанга жан дили менен берилип, андагы окуяларга өзү да аралашып кеткендей таасир калтырат. А. Ленин, Октябрь Революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдары менен сыйланган.

Э. Калдаров

АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкул уулу

(1928, Кара-Бура району, Шекер айылы) — кыргыз совет жазуучусу, коомдук ишмер. Кыргыз ССР эл жазуучусу (1968), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1979), Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмг. Баатыры (1978), СССР эл депутаты (1989), Лениндик (1963) жана СССР мамл. сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Бвропа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (1983), Бүткүл дүйнөлүк Илимдер жана искусство академиясынын академиги (1987), ГДРдин Искусство академиясынын ардактуу корр. мүчөсү (1978), "Ысык-Көл форумунун" президенти (1986), Италиянын «Этрурия» (1979), «Алтын бутак» (1988), Индиянын Ж. Неру атындагы (1985) жана Япониянын Чыгыш философия институтунун (1988), Американын «Ыймандуулукка чакыруу» (1990) эл аралык сыйлыктарынын лауреаты, түрк тилдүү элдеринин өркүндөшүнө кошкон зор салымы үчүн Түркиянын жазуучулар кошунунун «Илесам» сыйлыгынын лауреаты (1992). СССР Жазуучулар Союзунун секретары, Кыргызстан жазуучулар Союзунун башкармасынын төрагасы (1986), СССР Президенттик Советтин мүчөсү (1990). 1990-жылдан Люксембург Улуу герцогдугундагы СССРдин атайын жана толук укуктуу элчиси. «Манас» эпосу А-дун чыгармачылыгынын башатына жол ачкан көркөм булактардын бири болуп саналат.

Жазуучунун «Жамийла» повестинен «Кыямат» романына чейинки чыгармачылыгында «Манас» эпосунун стихиясы каармандардын мүнөзү, ички дүйнөсүн сүрөттөөдө, гуманисттик, философиялык ой айтууда, адеп-ахлактык проблемаларды козгоодо кызыл сызык сымал чыгармалардын «жүлүнүнөн» өтүп тургандыгы байкалат. А. «Манас» баштаган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасына кайрылуунун, аны иштеп чыгуунун үлгүсүн өз чыгармачылык тажрыйбасында бүткүл дүйнө адабиятына көрсөткөн. А-дун эпосту пропагандалоо багыты ар түрдүү. Ал «Манас» эпосу кайталангыс жана катасыз көркөм тажрыйба аркылуу адабияттын бардык проблемаларына, тематикаларына ой жүгүртүп, анын бийик гуманизмин даңазалаган эркиндик, көз каранды эместик идеясын, терең философиясын, имандык сабагын, укмуштуу фантазиясын, оптимисттик трагедиялуулугун, поэтикалык көркөмдүгүн, пафосун, структуралык табиятын, стилдик чен-өлчөмдөрүн, сөздөрдүн тактыгын, образдардын ички дүйнөсүнүн кылдат ачылышын, жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарынын сүрөттөлүшүн талдайт: «Маселе бул жерде таамай, так айтылган салыштыруу, эпитетте гана эмес. Кеп, кылымдар бою өз ичине камтыган көп катмарлуу эпостун мазмунга, адам турмушунун ар түрдүү жактарын, социалдык-турмуш, сүйүү-лирикалык, моралдык-этикалык маселелерин, байыркы кыргыздардын географиялык, медициналык, астрономиялык, философиялык түшүнүктөрүн бүтүндөй камтыган эпостук мазмунга, бир учу жомоктон, мифтен, фантастикадан башталып, бир учу реализмге (фольклордук маанидеги) келип жеткен көркөм форманын бипбирдей жанаша өсүп, бир бүтүн гармония түзгөнүндө».

Жазуучу уникалдуу «Манасты» жараткан элдин акылмандыгына, даанышмандыгына, укумдан-тукумга жеткирген Сагымбай Орозбак уулунун, Саякбай Карала уулу сыяктуу «легендарлуу эпик», «азыркынын Гомери», «XX гасырдын рапсоду » деп аталган индивидуалдуу залкар көркөм сүрөткерлердин ролуна чоң баа берет. Сагымбай Орозбак уулу жөнүндө мындай дейт: «Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын сөз байлыгына, акындык чеберчилигине, сүрөткер кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. «Манас» — «Манас» болгондон берки эпостун тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагымбай бир өзү дилине сыйгызып тургандай сезилет». Сагымбай Орозбаковдун вариантына башкы редакторлук кызмат аткарып, «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деген баш сөз жазды. Ал эми Саякбай Карала уулунан «Манасты» угуп, өзү менен кошо жүргөнү баарыга белгилүү. А. «Ал океан сымал «Манастын» миллион сабын жат билген» деген макаласында улуу манасчылардын эң акыркысы Саякбайдын портретин жандуу тартат. Манасчынын фантазиясына, артисттик талантына, ашкан өнөрүнө тен берет: «Каралаев «Манас» айтып жатканда андан көзүңдү тартып ала албай, кирпигинин ирмелишинен тартып колунун жаңсалышына чейинки ар бир кыймылына арбалып, көрөңгөнүн көөр таштай чанда бир кезиге турган шыбаганы даарыган бул адамдын абазына кулак төшөп, муюп олтуруп, анын жасат-жаны эпикалык уюткунун өзүнөн бүткөнбү деп ойлой кетесиң». Саякбай Карала уулунун сөөгүн коюу зыйнатында жазуучунун кабыргасы кайышып, «дүйнө жүзүндө өзүнчө жалгыз гана болгон улуу талант асмандан кулаган жылдыздай жарк этип өчтү» деп улутунуп турбадыбы!

А. «Манасты» оозго алганда казак элинин улуу жазуучусу жана окумуштуусу Мухтар Ауэзовдун ысмын бирге эскерет. 1950-жылдары М. Ауэзов эпостун элдүүлүгүнө шек келтиришкендерге каршы туруп, бул чыгарма кыргыз элинин гана эмес, бүткүл совет элинин сыймыктана турган зор эпопеясы экендигин көрсөтүп, 1952-ж. «Манас» эпосуна байланыштуу бүткүл союздук илимий конференцияда «Манас» эпосунун элдик вариантын түзүү керек» деген темада доклад жасаган. Ошондогу казак жазуучусунун кара жанын карч уруп энциклопедиялык билимге таянып «Манасты» обу жок айыптоолордон коргогонун А. өтө жогору баалайт. «Ауэзовдун атуулдук азаматтыгын, жазуучулук эрдигин биздин эл эч качан унутпайт» — дейт ал. А. менен «Манасты», Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу менен «Манасты» бөлүп караганга болбогон сыяктуу эле, Ауэзов менен «Манасты». ажырым кароого болбойт. А. чет өлкөлүк окурмандардын «кай жерликсиз» — деген суроосуна «Манас» жаралган жана Ауэзов туулган жерденмин», — деп сыймык менен жооп берет.

А. «Манас» эпосун дүйнө, совет элдердин арасына пропагандалап, эпостун которулушуна дайыма камкордук кылып келет. «Манас» эпосун өзбек тилине белгилүү акын Миртемир которгондо А. да баалуу кеңештерди берген. Котормочуга эл алдында жылуу пикир айткан: «Ал бул чоң жана татаал ишке канчалык жан дили менен берилип мамиле жасагандыгын мен азыр толкундабай эскере албайм. Эпостун өзбекче котормосу «Манастын» өзүнүн гениалдуу оригиналына тете монолиттүү, колориттүү чыкты». Азыр болсо белгилүү орус акыны В. Солоухин «Манастын» орусчасын калың элге жеткирүү үчүн А-дун тапшырмасы менен иштеп жатат. «Өз элинин тарыхына жана чыгармачылыгына сыймыктанбаган жан болбос, ошентсе да «Манас» эпосун ойлой калсам, аны минтип жалпы совет элинин орток маданий байлыгына айланып отурганын эстеп, мартабам артып, байманам ташыгандай өзүмчө эле кудуңдап, териме батпай кетем» — дейт ал.

Муну анын эпостун жалпы дүйнөгө тароого жасаган камкордугунун күбөсү катары баалоого болот.

В. Коркиндин «Манас» эпосун укканда ыйлаганыңыз барбы? — деген суроосуна жазуучу ««Манасты» укканда ыйлабаган кыргыз болбойт», — деп жооп бериши эпостун ар бир кыргыз баласы үчүн өтө ыйыктыгын, асылдыгын, улуулугун, касиеттүүлүгүн билдирет. «Манастын» улуттук аң-сезимге сиңиши эне сүтүнө, эне тилине барабар, аны менен бирге чогуу келген табигый көрүнүш. ««Манасты» билбеген адам өз элин, тилин, жерин билбегендик» — деген сөздүн афоризмге айланып кетиши бекеринен эмес. Ошондон улам азыркы учурда дагы бир жаңы учкул сөз жаңырып калат: «Кыргыз адабияты «Манас» эпосунан Чыңгыз Айтматовдун эпосуна чейинки доорду басып өттү». Ооба, кыргыз эли дүйнөгө ушул эки көркөм маданияттын бийик үлгүсү катары, эки эстетикалык дүйнөнүн эриш-аркак далма-дал келиши, тогошуусу менен сыймыктана алат. Дүйнө менен алакада болуп, аралашып, дүйнөнү көрүп туруу үчүн «Манас», А. сыяктуу түбөлүктүү, муундан-муунга аңыз болуп жашай турган улуу бийиктиктер керек. Биздин көркөм дөөлөттөрдүн кыл чокусунда кечээ да, бүгүн да, эртең да туу катары кармаганыбыз да, карманганыбыз да дал ушул — «Манас» менен А. экендигин эч ким тана албайт.

А. Акматалиев

АЙ ТУТУЛУУ

— Ай толук бойдон же жарым-жартылай жердин көлөкөсүнө кирип калган кездеги көрүнүш. Айдын тутулушу элдик ишеним боюнча жамандыктын белгиси. Бул «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас дүйнөдөн кайтканда «калайык ыйлап, кан ыйлап, калың журттун баары ыйлап» аза күтөт. Ал гана эмес «кайың ыйлап, тал ыйлап, таш да ыйлайт». Манаска таандык жаныбарлар (Тайбуурул, Акшумкар, Желмаян, Кумайык) кайып болушат. Жаратылыш кубулуштарына бүлүк түшүп жер титирейт, Ай тутулат. Ал көрүнүш эпосто «Алты күнү ай чыкпай, Ой тобо-ой, ай караңгы түн болду» (Саякбай Каралаев, 2. 249),— деп сүрөттөлөт. Күн менен айдын тутулганын байыркы элдер падышалардын, кандардын өлө тургандыгы, согуш, ачарчылык, кургакчылык, жут болорун алдын-ала билдирген кереметтүү белги катары карашкан. А. т. чындыгында ай, күндүн тутулушу менен стихиялык ар кандай кырсыктын, трагедиянын ортосунда эч кандай деле байланыш жок. Ал эми Манастын «Кичи казатта» жарадар болуп келип өлүп, эл өзүнүн башкы идеал баатырынан, сырткы баскынчы душмандан коргоочусунан айрылган учурда айдын тутулгандыгы элдин трагедиясынын оордугун эң жогорку көркөмдүктө чагылдыруу болуп саналат.

М. Мукасов

АЙТУУЧУ

— элдик эпикалык чыгармаларды, дастандарды аткаруучу, к. Манасчы.

АЙ ТУЯК

— курмандыкка чалынуучу жылкы. Эпосто мындай жөрөлгө элдик баатырлар жеңишке ээ болгондо, кереметтүү түш жакшылыкка жорулганда, арбакка сыйынганда, куда-сөөк келгенде, аш-той жана башкалар каада-салттарга байланыштуу өткөрүлгөн. АЙТЫКЕ (чын аты Айты, 1816—87, Жумгал өрөөнү) — манасчы, акын. Эл арасында таланты менен кадыр-барктуу болгондуктан Айтыке аталган. Өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар жокко эсе. Анын айтылуу манасчы Балык менен айтышы, Калыгул менен үзөңгүлөш теңтуш болгондугу жөнүндө азыноолак маалыматтар бар. Таластан чыккан Чоңду ырчыны өз баласындай туткан. Чоңдунун айтымына караганда А. «Манас», «Семетей», «Сейтекти» бүтүндөй айткан. Зор масштабдуулук, эпиктик сапат, касиетке ээ. А-нин турмуштагы негизги кесиби — манасчылык өнөр болгонун Тоголок Молдо:

Балыкты жыккан Айтыке —
Жумгалдагы Саяктан.
Үйрөнгөнүн билбеймин
Айтыке ырчы каяктан.
Манасты бу да салдырган,
Дүйнөнү бүтүн алдырган.
Аңгемеси бир далай,
Артына нуска калтырган (ТМВ, 2. 135),

— деп мүнөздөйт. Өткөн кылымда жашап, ысымдары эл эсинде тагыраак сакталган, бирок варианттары кагазга түшүрүлбөгөн манасчылар сыяктуу эле А-нин айтуусундагы «Манастын» тексттери да жазылбай калган.

Ы. Кадыров

АЙТЫШ

— кыргыз элдик оозеки чыгармачылыктагы жанр. А. ырчылар, чечендер, айтуучулар (манасчылар, семетейчилер) арасында чыгармачылык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн жүргүзүлгөн. Манасчылардын А-ы чоң төкмөлүк өнөрдү талап кылат жана өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Мелдештин шарты боюнча «Манас» айтууну бирөө баштап, ал токтогон жерден экинчиси, үчүнчүсү улап кеткен. Кээде белгилүү бир окуяны же үзүндүнү кимиси ары кызык, ары узак жана көркөм аткарганына карап баалашкан. Сөз кудуретин жогору баалаган угуучулардын сынынан айтуучунун аткаруучулук манерасы да куру калбаган. Изилдөөчүлөр А. боюнча элге атагы кеңири тараган манасчылар катары Балык, Найманбай, Назардын ысымдарын аташат. 1917-ж. кыш маалында Какшаалда (азыр КЭРде) жүргөн Сагымбай менен какшаалдык манасчы Жусубакунду «Манас» айттырышат.

Сагымбай жети кан колу менен келип, Манастын колу Бээжинге аттангандагы эпизоддон баштап, күнү-түнү тынбай айтат. Анан Сагымбайды токтотуп, Жусубакунга ошол жерден ары айттырышат. Ал да күнү-түнү тынбай улантат. Андан кийин экөөнү айткандарын алмаштырып, кайрадан айттырышып сындашат. Эки манасчыга төрт күнү-түнү «Манас» айттырышып, экөөнө тең жакшы баа беришип, ат тартып, тон кийгизишет (Макелек Өмүрбай, «Жусуп Мамай». «“Кыргызстан Маданияты”», 1988, № 41). Кезегинде Назар манасчы менен А-ынан кийин Тыныбектин даңкы чыга баштаган.

С. Төлөгөнова

АЙЧАК ДӨӨ

— эпизоддук кейипкер. А. д-нүн баласы Манас менен беттешип жеңе турган болгондо Чубак жардамга келгени эпосто эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 4. 193).

АЙЧАҢ

— эпизоддук кейипкер, Кеселиктин атасы. Араниктеги согушта Манас менен чабышкан калмак баатыры катары аты гана аталат (Курама варианты, 1. 115).

«АЙ-ЧУРЕК»

(«Лунная красавица»)—«Айчүрөк» операсынын либреттосунун өзүнчө китеп болуп чыккан орусча-кыргызча тексти. (М„ 1958). Көлөмү 264 бет, нускасы 700. Либретто фортепьяного ылайыкталып нотасы менен кошо басылган. Орусча тексти А. Винниковдуку.

«АЙЧУРЕК»

— Волгоград шаарындагы аялдар дүкөнү. Ленин проспектисинде, Волга дарыясынын жээгинде. Дүкөн жеңиштин 40 жылдыгына карата ачылып (1985), «Семетей» эпосунун каарманы Айчүрөктүн ысымын алган. Кыргыз ССРинин көркөм фондусу сатуучулары үчүн улуттук стилдеги костюмдар даярдап берип, дүкөндүн сырткы көрүнүшү улуттук колоритте асемделген. Товарларды Кыргызстандагы «1-Май», «Октябрдын 40 жылдыгы», «ВЛКСМ» жана башкалар фабрикалардан, ошондой эле «Кыял» жана Бишкектеги бут кийим өндүрүштүк бирикмесинен алат.

АЙЧҮРӨК

— үчилтиктин «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн негизги каармандарынын бири. Манасчылар А-түн түпкү тегин периге же кайыпка байланыштырат. Саякбай Каралаевдин вариантында оогандын каны Акун перинин жаңы төрөлгөн кызын талаадан таап алып тарбиялагандыгы айтылат.

А. катышкан окуянын чордону «Семетей», «Сейтекке» тиешелүү болсо да Акун менен Манас бел куда болушканы эпостун «Манас» бөлүмүндө эле айтылат. Эпостун кийинки бөлүмдөрүндө А. Семетей баатырдын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон акылдаш, сүйгөн өмүрлүк жарына жана баласы Сейтекти калкалап өстүрүп, калкына кошкон камкор энеге айланат. А. менен Семетей буйруктуу, акыры кошула турган жубайлар экенине карабастан бири-бирин азап чегип издеп, ар кандай тоскоолдуктарды басып өтүшөт. А. ак куу кейпинде кубулуп учуп Семетейди тапса, Акшумкарды издеген Семетей акыры А-кө кабылат. Муну менен эпоско таандык салттуу баатырдык үйлөнүү сюжетиндеги буйруктуу колуктуларды кайдан да, кандай да болбосун издеп таап алуунун көөнө ыкмасы сакталган. А-түн түрдүү нерсеге (ак кууга, ак булага, ак балыкка, торгойго) кубулуу жөндөмдүүлүгү анын байыркы мезгилдердин мифтик-жомоктук катмары басымдуу сакталган көрүнүктүү каарман экенин көрсөтөт. Анын сыйкырчылык касиеттери «Семетейде» ачык-айкын көрүнөт. Окуянын реалдуу жүрүшүнө байланыштуу А. жөнөкөй эле пенде катары аракеттенип, зарыл учурларда сыйкырчылыгы көмөктөшөт. А. кубулганда кадимки Ак куу:

Кукулуктап жорголойт,
Куудан бөлөк үнү бар.
Куйругу менен кум сабайт,
Канаты менен жер сабайт,
Толкуп жүнү бөлүнөт,
Кукулуктап унчукса
Жез комуз үнү көрүнөт
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 552-инв., 144-б.).

А-түн образындагы мифтик айрым мотивдер элдик оозеки чыгармачылыктын эволюциялык өнүгүшүнүн узак жолунда алгачкы булактарынан кескин айырмачылыкка ээ болуп, мифтик башатынан алыстап фольклордук каарманга айланган. Анын образы түз сызыктуу эволюциялык өнүгүүгө ээ болбостон, өз жолунда башка элдердин мифологиялык-жомоктук түшүнүктөрүндө жаралган, өзүнө жакындыгы бар типтеш образдар менен да контаминациялана баштаганы байкалат. А-түн образындагы өзгөчөлүк кадимки турмуштук шарттар менен кошо кыялдан бүткөн сапаттардын адам ишенээрлик деңгээлде жуурулуша келишинде. Манастын өмүрүндө Каныкей кандай мааниге ээ болсо, Семетейдин турмушунда А. да ошондой. Каныкейге баатырдык, уздук, сарамжалдуулук мүнөздүү болсо, А-тө ашкан сулуулук, сыйкырчылык, аялдык назиктик жана кирсиз таза сүйүүнү жогору баалоочулук басымдуулук кылат. Анын жеке керт башына таандык жандан башкача сырдуулук, сыйкырдуулук керемети кадимки эле жакшы аялга мүнөздүү акылмандык, кыраакылык, уздук, сарамжалдуулук сыяктуу мыкты сапаттар менен толукталган. А. өзүнүн сулуулугу, кирсиз таза аруулугу менен гана Семетейге жуп келбестен, айрым учурда анын ажалына аралжы болуп, керек учурда ордун басып ишин уланткандыгы менен «Сейтек» эпосунда да өз аброю менен болот. А-түн Семетей өлгөндөн кийин Кыяска баш кошууга моюн сунуп көнүшү, баатырдан калган туякты жетилтип өз элине кошушу өңдүү мотив менен байланышкан. А. «Сейтекте» болочок баатырдын өмүрү үчүн кам көргөн мээрман эненин гана милдетин аткарбастан, кордукта калган элинин тагдырына кабыргасы кайышкан патриот да. Жоо бетинде дайынсыз жоголгон Семетейди издеп табууга зор күч жумшаган туруктуу жар да. Сейтекти чоңойтуп, кыргыз жерине алып кетүүдөн мурун Күлчорону дарылоодо, Кыястан өч алууда, Желмогуз уулу Сарыбайдын баскынчылыгынан кутулуш үчүн жардамга Куялы аттуу балбан кызды таап, чакырып келүүдө да А-түн кызматы зор.

А. — каргышы ката кетпеген «тилинде мөөрү, тишинде сөөлү бар» магиялык күчкө ээ каарман. Ал «Семетейде» кара ташты дубалап, аба ырайын өзгөртүп табиятты башкарса, «Сейтекте» кыргыз баатырларынын жеңиши үчүн Кыястын Тооторусунун тилин байлап, уйга жеткис чобурга айлантат. А-түн учушун, ок түшүргүч касиетин, аярлыгын элдин кыялында жашаган дарыгерликтен, жаратылышты башкарууга болгон далалатынан ажыратып кароого мүмкүн эмес. Ушулардын бардыгы мифти жараткан байыркы коомдун алга умтулуусу, тилеги. Бирок ал мифтик образ эмес. Каныкей сыяктуу эле көп түйшүккө ылайыктала жаратылып, өзүнүн аруулугу, нукура жомоктук касиеттери менен «Семетей», «Сейтек» эпосторунун көркөмдүгүн, кызыктуулугун арттырып турган толук кандуу эпикалык көркөм образ.

А. Жайнакова

«АЙЧҮРӨК»

— Айчүрөктүн ысмынан аталган Бишкек шаарындагы борб. дүр-дүйнө дүкөн (Чүй проспекти, 155). Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата курулуп, 1974-ж. ачылган.

«АЙЧҮРӨК»

— «Семетей» эпосунун негизги каармандарынын бири Айчүрөктүн атына байланыштуу коюлган дүр-дүйнө дүкөн. 1977-ж. Ош шаарында ачылган.

«АЙЧҮРӨК»

— кыргыздын туңгуч улуттук операсы. Төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун «Манас» үчилтигинин «Семетей» бөлүмүндөгү «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» аттуу эпизоддун негизинде Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов. Ж. Турусбеков, музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. Алгач опера 1939-ж. 12-апрелде Кыргыз мамлекеттик музыка театрында коюлган (дирижёру В. Целиковский, сүрөтчүсү Я. Штоффер, балетмейстри Н. Холфин, хормейстри П. Меркулов, режиссёру В. Васильев менен Куттубаев).

«Айчүрөк» макаласына. Операдан көрүнүштөр: 1) Семетей — Ж. Садыков, Айчүрөк — С. Кийизбаева, Калыйман — А. Куттубаева, Күлчоро — М. Баетов (1939); 2) Айчүрөк — К. Сартбаева, Чачыкей — Ч. Иманкулова (1976); 3) Семетей — Э. Касымов.

Биринчи коюлушунда ролдорду С. Кийизбаева (Айчүрөк), Ж. Садыков (Семетей), А. Малдыбаев (Күлчоро), М. Сартбаев (Канчоро), М. Махмутова (Чачыкей), А. Куттубаева (Калыйман), X. Темирбеков (Акункан), Н. Кытаев (Бакай), А. Боталиев (Чынкожо), К. Эшимбеков (Толтой) аткарган. Операнын сюжети бири-бирине карама-каршы турган эки күчтүн күрөшүнө негизделген. Бир жагында эл мүдөөсүн көздөгөн Семетей, Айчүрөк, Бакай, Күлчоро, Акункан жана башкалар каармандар, экинчи тарапта Чынкожо, Толтой баштаган ички душмандар, буларга тилектеш Чачыкей, Канчоро, Кыяс турушат. Операнын музыкалык драматургиясын түзүүдө композиторлор кыргыз эпосторун аткаруудагы салттык обондордун, элдик ырлар менен күүлөрдүн жана жалпы эле кыргыз элдик музыкасына таандык өнүгүү ыкмаларынын элементтерин интонациялык, метрдик-ритмикалык өзгөчөлүктөрүн композитордук жогорку чеберчиликте өнүктүрүүгө жетишкен. Каармандардын музыкалык мүнөздөмөлөрүн жаратууда лейтмотивдерди пайдалануу менен аларды музыкалык драматургиянын өнүгүү жагдайларына ылайык ар кыл өзгөрүүлөргө дуушарлантып, татаал формаларга чейин өөрчүткөн. Семетейдин лейтмотивине манасчылардын байыртадан эл арасына кеңири таралган «Семетей күү» деген күүнүн обону пайдаланылып, эркиндикти, теңдикти баяндаган баатырдык планда чечилген. Айчүрөктүн лейтмотивине А. Огомбаевдин «Күйдүм чок» аттуу лирикалык ырынын обону пайдаланылып, татаал турмуш, чиеленишкен адам тагдырын баяндаган лирикалык маанай тартууланган. Чынкожонун темасы кастыкты, көралбастыкты чагылдырып турат.

Операда оң каармандардын образдары өөрчүгөн музыкалык формаларда, ал эми терс образдар кыска репликалар жана речитативдер аркылуу чечилген. Айчүрөктүн образы кеңири, терең берилет. Анын ариясынын өзөгүн кошоктун интонациясы түзөт да, улам өнүктүрүлүп, акырындап өөрчүгөн арияга айланат. Биринчи көшөгөдө Айчүрөк кайгылуу ойдун кучагында турса (душмандардын курчоосунда), экинчи көшөгөдө (Чачыкей менен жолугушууда) анын интонациясында кайраттуулук, кыжырдануу сезилет, андан нары анын назик сүйүүсүн баяндаган интонациялар пайда болот. Операда Калыйман менен Күлчоронун образдарына да кеңири орун берилген. Калыймандын жандуу, шайыр образы эки ыр аркылуу сүрөттөлөт. Биринчи ыры эжеси Айчүрөктүн көңүлүн ачууга арналат (биринчи көшөгө); экинчисинде Айчүрөктүн укмуштуу түшүн жоруйт (үчүнчү көшөгө). Бул ырдын негизин «Ой тобо» аттуу элдик ыр түзөт. Күлчоро кеңири, созулуңку мүнөздөгү элдик музыка менен сыпатталган. Оркестрдин маанилүүлүгү увертюрадан, Семетейдин кошунундагы бийлерден (экинчи көшөгө) байкалат. Семетейдин кошуну көрүнүшүндө кириш музыкага Ж. Богачиновдун «Толгонайдын селкинчек», кыз-жигиттердин бийине К. Орозовдун «Жаш кербез», аялдардын бийине «Тилендинин ботою» күүлөрүнүн, жалпы ыр-бийге «Кыздар» аттуу элдик ырдын темалары пайдаланылган. Үчүнчү көшөгөдөгү патриоттукту баяндаган «Аксакал Бакай» деген хордун өзөгүн «Төрөгелдинин какмасы» аттуу элдик күүнүн темасы түзөт. Семетей менен Чынкожонун согушу симфониялык эпизод аркылуу сүрөттөлгөн. «А.» операсы — кыргыз маданиятынын өнүгүш тарыхында зор мааниси бар этаптык чыгарма. Элдик музыкага таянуу менен аларды накта симфониялык өркүндөтүүгө жеткирип, көп үндүү хорлорду түзүү, куплеттик ырларды өөрчүтүлгөн ария жана речитатив жана башкалар опералык формаларга жеткирип, татаал опера жанрын өздөштүрүүдө төл башы чыгарма «А.» операсы жаралды. «А.» операсынын жаралышы Менен улуттук опера өнөрү жаралды. Кыргыз профессионал музыкасынын алтын кенчинен орун алып, кыргыздын улуттук искусствосунун классикасына айланган «А.» операсы жаралган күндөн баштап үзүлбөй коюлуп келе жатат.

Ө. Абдылдаев

АЙЧҮРӨК-БУЛАК

— Талас дарыясынын оң алабында, Кеңкол өрөөнүнүн ылдый" жагындагы булак. Бүгүнкү күндө ал аймакка айыл түшүп, булак Таш-Арык айлынын ичинде, «Долоно» орто мектебинин жанында.
Эл оозунда «Айчүрөк Семетейди издеп ак куу болуп учуп келип ушул булактын башына конуп, Чачыкейге ушул жерден жолуккандыгы, кайгы-кубаныч аралаш көз жаштан пайда болгон», — деп Айчүрөктүн өзү менен байланыштырат.

«АЙЧҮРӨКТҮН АКШУМКАРДЫ АЛА КАЧКАНЫ»

— «Семетейдин» сюжетине байланыштуу чертилген элдик күү. Чыңкожо, Толтой Айчүрөктү алабыз деп, Акункандын шаарын камаганда ак куу кебин кийип, Семетейди издеп учуп чыккан Айчүрөк акыры шумкарынын артынан келет деп Семетейдин Акшумкарын ала качканы сүрөттөлгөн салттык сюжет комуз күүсүнүн жаралышына себеп болгон. Күү Кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна комузчулар Ыбырай Туман уулунан, Асанаалы Кыштообай уулунан жазылып алынган.

АЙЧЫК

айчыктуу туу — түрдүү түстөгү кездемеге жарым ай түрүндө эмблема түшүрүлгөн туу. «Манаста» ар кандай шартта колдонулган. Көкөтөйдүн ашындагы «Айчыктуу туусу болбосо Ажеп эмес ал ашта Адашып киши жоголсо» (Сагымбай Орозбаков, 3. 223),— деп көп эл чогулган салттык мелдештер өз тууларынын айланасында өткөн, к. Туу.

АЙЫМЖАН

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, жар тандоо салтында аты отуз үчүнчү келген Бозуул тагдырына буюрган А-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 426).

АЙЫМЖАН

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Акылдын кызы. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, жар тандоо салтында аты отуз тогузунчу келген Калдар тагдырына буюрган А-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 427).

АЙЫМКҮЛ

— Көкөтөйдүн аялы, Күлайымдын атынын ыр ыргагына карай аллитерацияга ылайыкташтырылып өзгөртүлүп айтылышы: «Амбар толо алтын калды, Айымкүлдөй катын калды» (Сагымбай Орозбаков, 3. 8).

АЙЫМ-МҮНСӨК

— топоним. Каныкей Көкөтөйдүн ашында Кошой кийип балбанга түшчү кандагай шымды даярдаш үчүн Абыке баштаган 60 мергенди атайы жиберип териси өтө бекем тоо текени аттырып алган жер.

АК

— көркөм сөз каражаты, эпитет. А. эпитетинин өзүнчө өнүгүшү, эволюциясы бар. Коомдук өнүгүштүн алгачкы этаптарында адамдар жаратылыштын көп түрдүү кубулуш, көрүнүш касиеттерин адам сыяктуу эле жандуу нерсе катарында түшүнүшүп, алар эки түрдүү элес, таасир калтырган. Айрым кубулуш, көрүнүштөрдү адамдарга жакшылык, ийгилик алып келүүчү сыйкырдуу күч, рух, жышаан катары кабыл алышса, айрым башка көрүнүштөрдү, кубулуштарды, тескерисинче, адамдарга зыян, жаманчылык алып келет деп түшүнүшкөн. Жаратылыштын кубулуш, көрүнүштөрүн экиге ажыратуунун негизинде «ак» (ырайымдуу, пайдалуу, жагымдуу) жана «кара» (ырайымсыз, кырсыктуу, зыяндуу) деген түшүнүктөр келип чыккан. Демек «ак» деген түшүнүк адегенде зат, буюмдардын, кубулуш, көрүнүштөрдүн өңү-түсүн сыпаттоо менен гана эмес, адамдарга кандайдыр бир түрдө ырайым кылуучу, колдоочу, пайда келтирүүчү фетиштик мазмундагы кереметтүү рухтарга, сыйкырдуу күчтөргө байланыштуу болгон. Алтайлыктардын баатырдык эпосторунда «ак» деген эпитет ырайымдуулук мааниде колдонулган: ак мал, ак чөп, ак жер, ак тоо, ак артыш (ак арча), ак мылтык, ак үлдү (ак кылыч), ак жыра (ак найза), ак бөрү, ак бичик (ак китеп) жана башкалар Кыргыз элинде теңир жалга, кудай жалга деген синонимдик туюнтмалар менен катар ак жалга деп да айтылат. Демек А. деген сөз «теңир», «кудай» сыяктуу сөздөрдүн синоними болуп ырайымдуу рухту билдирип турат. Ак санатай, ак жолтой, ак көңүл, ак ниеттүү, айкөл сыяктуу сөз айкаштарында А. өң-түсү эмес, адамдын эң жогорку оң сапаттарын мүнөздөйт.

«Манас» эпосунда Манас баатырга таандык болгон буюм, курал-жарактар, аттар, айбанаттар жана башкалар «ак» деген туруктуу эпитет аркылуу аталат. Алсак: Аккула, ак өргөө, аколпок, аккелте, акболот, ак ордо, акалбарс, ак шумкар, ак каңкы, ак тинте, ак инген (куу инген), ак кисе жана башкалар. «Манас» эпосундагы Манаска таандык болгон зат, буюм-терим, курал-жарак, кийим - кечектердин А. деген эпитет менен тутумдашып айтылышы коомдун алгачкы өнүгүш этаптарында пайда болгон фетиштик, магиялык түшүнүктөр менен тыгыз байланыштуулугун көрсөтөт. Кийинки доорлордо пайда болгон кыргыз элинин эпикалык чыгармаларынын поэтикалык каражаттарында А. деген эпитет жыш эле учурайт, бирок алардын көпчүлүгү буюм-терим, заттардын өңү-түсүн гана туюндуруучу көркөм каражаттардын милдетин аткарат.

Ж.Төлөев

АК АЛБАРС

— Манастын кылычы. «Ак албарс кылыч, ак келте, Жоо жарагы сегиз мүлк» (Жаңыбай Кожековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 846-инв.), к. Албарс.

АКАС МЕРГЕН

— уламыш боюнча атактуу тулпарлар Аккула, Ачбуудан, Мааникерди тууган Кула бээнин ээси. Жоокерчилик заманда калмактар кыргызга кол салып, аларды туш тарапка таратканда 10 түтүн кыргыз бөлүнүп, тоо арасында калып калат. Ушундай кыйынчылык учурда элден А. м. деген чыгып, кийик атып элди багып турат. А. м-дин Кула бээси болот. Күндөрдүн биринде ал мерген бээсин тоо арасындагы көлдүн боюна аркандап коюп, өзү кийикке чыгып кетет. Кула бээнин бооз экендиги жазга жакын билинет. Тоо арасында бөлүнүп калган бул элде бирин-серин гана жылкы болгон. Айгыр жок туруп эле Кула бээнин Кула кулун тууп коюшу, элди кубандырат, бир чети таң калтырат. Айылдагы акылман аксакалдар Кула бээ кайыптан тууду деп айтышат. Кула бээнин кулуну чоңоюп, тай болот. Кийинки жазда да Кула бээ куйругу агыш Сур кулун тууйт. А. м. аксакалдарды чакыртып: Манас Алтайдан келип, калмак, кытайларды чаап кыргыз жеринен кууп чыгыптыр; ашуу, жолдор ачык экен Кула тайды Ат-Башынын базарына алып барып сатайын деп кеңешет. А. м. жолдоштору менен Арпаны ашып, Ат-Башынын базарына барышат.

Жылкы сатуучулар, кардарлар, соодагерлер чыгыш менен батыштан келишип, базар абдан чоң болуп, аргымактар өзүнчө, чобур аттар өзүнчө, кунан тайлар өзүнчө сатылат экен. А. м. жолдоштору менен аргымактар сатылуучу жайдын четине Кула тайды кармап туруп калышат. Алардын жанына кароолчу келип: бул жерге силер турууга болбойт, бул жерде аргымактар сатылат, тигиндей чобур аттар сатылуучу жерге баргыла деп корсулдайт. Ошентип, булар акыйлашып турганда базар башчы келип, Кула тайды айланып чыгып, жигиттер бул тайга окшошуп турат дейт. Анан алардын айланасына соодагерлер, кардарлар, сынчылар топтоло баштайт. Кула тайды бир соодагер он беш бээ, отуз атка сатып алып кетет. А. м. жылкыларды айлына алып келип, ар бир түтүнгө эки ат, бир бээден бөлүп берет. Кула тайды сатып алган соодагер Олуя-Ата, Түркстанды карай жол тартат. Бул маалда Манас баатыр Таласка көчүп келип, зериккенде ордо атып, чоролору менен ууга чыгып, таң-тамаша өткөрүп жүрүп, өтүп бара жаткан соодагерге жолугуп, анын жылкыларынын арасындагы Кула тайды жактырып калат. Сынчы, далычы, төлгөчүлөрүн чакыртып тайды сынатат:

Оң кулактын түбүндө
Ак белгиси бар экен,
Ал кайыптан калганы
Аныктаган белги экен.
Атасын абдан карасам,
Суу түбүндө жаралган,
Кула бээ жалын тараган,
Суудан чыгып атасы
Кула тай андан жаралган
(Кол жазмалар фондусу, 291-инв., 110-б.).

Сизге ылайык ат болот деп бүтүм чыгарышат. Манас баатыр кула тайды соодагерден отуз бээ, отуз кулун, отуз субайга сатып алып, атын «Аккула» коёт. А. м-дин Кула бээси кийинки жылы да керкашка кулун тууйт. Бул маалда тай болуп калган агыш куйрук сур тайды Ат-Башынын базарына алып барып сатайын деп кеңеш курат. Ат-Башынын базарында:

Арткы аягы майышчаак
Алыска арбын жарабас,
Жакыныраак чапканда
Кула тайдан калышпас
(Кол жазмалар фондусу, 291-инв., 120-б.).

Ач куйрук тайды (сур тай) кулундуу он беш бээ, он беш атка бир соодагер сатып алып, чыгышка «Кайнаган калмак жерине, Жолой алптын элине» жол тартат. Базардан соодагер жетелеп турган ач куйрукту Жолой сатып алып, атын «Ачбуудан» деп коёт. А. м-дин Кула бээси дагы кулун тууганда кер маңдай тайын Ат-Башы базарына алып келип, кулунду жыйырма бээ жана отуз ат, тайга сатат. Кер маңдайды сатып алган соодагер Өзгөндү көздөй жол тартат. Соодагер Анжыян, Маргалаң, Коконду аралап Ташкенди көздөй бараткан маалда Ташкен каны Көкөтөй жигиттерин ээрчитип, аң уулап жүргөн болот. Ал соодагер айдап келаткан көп жылкынын арасында бир аргымак бар экенин угуп, аргымак эмес эле тай болуп калган агыш куйрук сур тайды Ат-Башынын базарына алып барып сатайын деп кеңеш курат. Ат-Башынын базарында:

Арткы аягы майышчаак
Алыска арбын жарабас,
Жакыныраак чапканда
Кула тайдан калышпас (Кол жазмалар фондусу, 291-инв., 120-б.).

Ач куйрук тайды (сур тай) кулундуу он беш бээ, он беш атка бир соодагер сатып алып, чыгышка «Кайнаган калмак жерине, Жолой алптын элине» жол тартат. Базардан соодагер жетелеп турган ач куйрукту Жолой сатып алып, атын «Ачбуудан» деп коёт. А. м-дин Кула бээси дагы кулун тууганда кер маңдай тайын Ат-Башы базарына алып келип, кулунду жыйырма бээ жана отуз ат, тайга сатат. Кер маңдайды сатып алган соодагер Өзгөндү көздөй жол тартат. Соодагер Анжыян, Маргалаң, Коконду аралап Ташкенди көздөй бараткан маалда Ташкен каны Көкөтөй жигиттерин ээрчитип, аң уулап жүргөн болот. Ал соодагер айдап келаткан көп жылкынын арасында бир аргымак бар экенин угуп, аргымак эмес эле тай экен, тай болсо да өзү сынап жактырып, жалгыз уулу

Бокмурунга арнап сатып алат.
Маңдайы ачык кең экен
Маанилүү жагы бар экен,
Мен атасам Мааникер
Ашкан күлүк бул экен (КФ. 291-инв., 134-б.),

— деп атын «Мааникер» коёт. А. м-дин эли көбөйүп, жыйырма түтүнгө жетет. Алар Кула бээнин кулундарын сатып отуруп оокаттары жакшырып калат. Эч бир айгыр карабаса деле Кула бээ кулун тууп жатканына таң калган А. м. бээси акыркы жолу көк кулун тууганда аны жетелеп барып, көлдүн жээгине аркандап, өзү көмүскө жерде аңдып жатып алат. Бир маалда көлдөн көпкөк айгыр чыгып келип Кула бээни жыттагылап калат. Жашынып жаткан А. м-ди көрүп калган көк айгыр көк кулунду жалдан тиштеп, көлгө сүйрөп кирип кетет. Кула бээ тегеренип-тегеренип, кан сийип жиберет. А. м. Кула бээни айылына жетелеп келет, мал болбосун көргөн эл аны союп алышат. Ошондон кийин А. м. ооруп дүйнөдөн кайтат. Көк айгыр көк кулунду сүйрөп кирип кеткен көлдү эл «Кулун», ал эми жанындагы жайлоону «Акас жайлоосу» деп атап койгон экен.

С. Карагулов

АКАЯР

— кырк чоронун бири, балбан. А-дын балбандыгы Көкөтөйдүн ашында Жолойду жыккан. Кошойду көтөрүп кеткен (Саякбай Каралаев, 2. 47) жеринен көрүнөт. Эпосто дайыма «Чын ачуусу келгенде, Төөнү жаза муштаган, Төө көтөргөн Акаяр» (Саякбай Каралаев, 2. 65),— деп балбандыгы айтылат. А-дын адамгерчилиги, баатырлыгы Көзкамандардын алдап берген уусун ичип, каршылык көрсөтүүгө алы келбей калган Манасты жалгыз өзү салгылашып жүрүп ажыратып алганын, Каныкей Семетейге:

Канча кытай балбанды
Бучкагына теңебей,
Каарданып жөтөлүп,
Ала-Тоодой атаңды,
Артык балбан Акаяр,
Жаш баладай көтөрүп
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 199, 200—202),

— деп баяндалат. Көзкамандар А-ды байлап алып, Таласка ор казып салып кетишет. А-ды ордон Кыргылчал тартып алып, Манастын эмне болгонун угат. А. Чоң казатта окко учат (Саякбай Каралаев, 2. 200).

АКБАЙ

— эпизоддук кейипкер, Жайдардын уулу, балбан. Көкөтөйдүн ашында Жолой менен күрөшкө балбан тандап Кошой «оюлган кара кашы бар, он жетиде жашы бар» А-га да келет. Ал макул болот, бирок, «балтыр этиң толо элек, балбан кезиң боло элек» (Сагымбай Орозбаков, 3. 193),— деп күрөшкө чыгарбай коёт. А-дын балбандыгы Жолойду жыккан алп Кошойду көтөрүп кеткендигинен (Сагымбай Орозбаков, 3. 227) даана көрүнөт. Чоң казатта кыргыз баатырларынын катарында эскерилет.

АКБАКАЙ

— Жабыкенин байгеге чапкан күлүгү. Манастын төрөлүшүнө арналган тойдогу ат чабышта байге алат.

АКБАЛА

— эпизоддук кейипкер, Күлчоронун зайыбы, Эштектердин Жамгырчысынын кызы. Семетей Коңурбайды жеңип атасынын өчүн алды деп Жамгырчынын баласы Шайымбек карындашы А-ны алып келгенде Семетей аны Күлчорого алып берген. Семетей кайып болуп, Күлчоро Кыяска туткунга кеткенде Канчоро аны токолдукка алмак болот. Сулуулугуна төп келген акылы, эр жигитке тете кайраты бар А. Канчорого тийгенден көрө өлүмдү артык көрүп, эркекче кийинип, колуна курал алып, далай балбанды жайлап, камап барып Канчорого алы жетпей колго түшүп калат. Канчоро Каныкей экөөнү күң кылып, А-га уй кайтартып, Каныкейге музоо бактырып коёт. Сейтек чоңоюп, Айчүрөк менен Күлчоронун кайрылып келишин күтүп, тарткан азабына, көргөн кордугуна чыдап жүрөт.

АКБАЛБАН

— эпизоддук кейипкер, Букардын балбаны. Семетей он экиге чыкканда «билбегенге Семетейдин тою, билгенге Манастын ашы», — деп Темиркан Семетейди Букарга кан көтөргөндөгү тойдо балбан күрөшкө чыгып, А. кокондук Төөбалбандан жыгылып калат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 108, 109).

АКБАЛТА

— каарман, кыргыздын нойгут уруусунун каны (уруу башчысы), Чубактын атасы. Кытайлар кыргызды чаап, туш-тушка таратканда Жакып менен кошо айдалып Алтайга барган. Ошондой кыйын күндө элге туура акыл айтып, кайрат берген акылман карыя. Эпосто акылга дыйкан А. деп айтылышы А-нын ким экендигин кабарлап турат. Манастын элдик баатыр болуп өсүшүнө көп күч-кубатын, акылын сарптайт. Манас да анын адамгерчилигин, эмгегин баалай жүрөт. Мисалы, ал ушул А-нын, нойгут элинин намысы үчүн Шоорук кан менен урушуп жеңип чыгат (Сагымбай Орозбаков, 2. 206 — 215). Саякбай Каралаевдин вариантында А-нын образы бир кыйла терең иштелген. Айрыкча эпостун башталыш эпизоддорунда, кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенге чейинки окуяларга активдүү катышат.

Нойгутту Алооке, Молто чаап алганда Каракандын Жакып, Улаккан баш болгон балдарына качып келип, алар менен бирдикте баскынчыларга каршы күрөшүүгө аракеттенет. Кытайдын токсон балбанын жолдон тосуп, элден тартып алып токсон беш төөгө жүктөп Бээжинге алып бараткан баалуу буюмдарды, алтын, күмүштү ажыратып алышат да, элге таратып беришет. Ушундан кийин кытайлар аларды туш-тушка айдап жиберет. Жакып А. баш болгон кырк үйлүү кыргыз Алтайга сүрүлүп барат, мал-мүлкүн кытайга тарттырып, оокатсыз калган эл А-нын акылы менен дыйканчылык кылып жан багышат, акырындап мал-мүлк күтө башташат. Баарынан Жакып артыкча байыйт. Манастын төрөлүшүнөн аян берген Жакыптын түшүн жоруп, элди жакшылыкка үмүттөндүргөн да А. болот:

Кырк үйлүү кыргыз жакыр журт,
Сары адырмак шыбыргак
Белди табат экенбиз.
О, кудай киндик кесип, кир жууган
Жерди табат экенбиз!
Паана берип жараткан
Элди табат экенбиз
(Саякбай Каралаев, 1. 45)

Манас туулганда Жакыпка уулдуу болгонун А. сүйүнчүлөп барат. Кытайлар кыргыздан Манас аттуу баатыр чыгарын сыйкырдуу китеби-даңзасынан билип, аны таап, эр жеткирбей жок кылуу үчүн издөө салат. Манасты өз атынан чакыртпай жашырып, ал он эки жашка келип баатырдык күч-кайратка киргиче амал менен атын «Чоң жинди» дедиртип аман алып калган да А. болот. А. көптү көргөн көсөм карыя гана эмес, эр жүрөк, кайраттуу адам. Манас Кошойго жолукканы кетип, Эсенкан Манасты кармап келүүгө жиберген көп кол каптап келгенде элди көчүрүп жиберип, карыса да А. Кутубий экөө душмандын жолун тосуп чыгат (Саякбай Каралаев, 1. 126, 127 — 136). Кыргылчалдын ушагына ишенген Манаска тарынып, Чубак Таластан Алайга качып барганда А. баласына акылын айтып, аны оң жолго салат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 179).

Кытайлык манасчы Жусуп Мамайда А. Чыйырдыны олжолоп алып келип, Жакыпка берет. Чыйырды А-ны агам деп, Манас тагам деп эсептейт. Манастын туулуп-өсүшүнө, баатыр болушуна эпостун бул вариантында да А-нын эмгеги зор. А-нын образы малга кароо, бакыл, суу жүрөк Жакыпка карама-каршы коюлат да, Бакай, Кошой сыяктуу эле эпикалык чыгармалардагы жаш баатырды элдик идеалга тарбиялаган жана ар кандай иштерде анын кеңешчиси болгон акылман карыялардын салттык образы. Жоо төбөдөн басып, үстөмдүк кылып турганда да элдин кул болуп багынып бербестен баатыр уулдарын белге таңуу кылып, акылга дыйкан карыяларын туу тутуп, эркиндигин сактап калуу үчүн тынымсыз күрөшү эпосто А-нын иш-аракеттери аркылуу берилген.

Р. Сарыпбеков

АК БАРАҢ

— мылтык. Терминдин биринчи компоненти бараңдын маанисин күчөтүп турат: «Ак бараң мылтык чаңырып, Ач кыйкырык жаңырып» Эпосто «сыр бараң» түрүндө да учурайт, к. Бараң, Ак.

АК-БАШАТ

— элдик уламыш боюнча Манас баатыр Шоорук канды Алай жеринен кууп чыгуу үчүн бара жатканда Манастын аты Аккула суу ичкен жер. А.-Б. Алай районунун Жошолу айыл советинин аймагында. Элде «Аккула таш акырдан жем жеген, Ак-Башаттан суу ичкен» — деген сөз азыркы кезге чейин айтылып келе жатат.

АКБАРИ Султан

(Акбаров Султан Оморович; 1923, Ташкен шаары)— өзбек акыны, публиңист. Ташкендеги Низами атындагы педагогика институтунун адабият факультетинде окуп жатып, согушка кеткен. Согуштан кийин «Ленин учкуни» газетасында кызматкер, Каракалпакстанда лектор, областтык «Хорезм хакикати» газетасында бөлүм башчы, «Ёш ленинчи» газетасында жооптуу катчы болуп иштейт. СССР жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курсту бүтүргөн (1953). А. бир нече поэтикалык, публицистикалык китептердин автору, белгилүү котормочу. Ал «Манас» эпосунун 2-китебин өзбек тилине которгон, к. «Манас» (өзбекче).

АКБЕРМЕТ

Бермет — каарман, Сейтектин колуктусу. Саякбай Каралаевдин вариантында А-тин теги периге байланыштырылат. А. эпосто сулуулугуна акылы, кереметтүүлүгү төп келген кайраттуу, чечкиндүү, эр жүрөк баатыр кыз катары сүрөттөлөт:
Беризаада Акбермет
Алты кыздын кенжеси.
Ак жибектен чатыры,
Аялдыгы болбосо
Ургаачынын баатыры.
Он бир жашка келгенде
Атасы Султан өлүптүр.
Он үчкө жашы келгенде
Жаа тартып ойноп жүрүптүр.
Он төрткө жашы келгенде
Ай-ааламдын баарысын
Акыл менен билиптир.
Он бешке келгенде
Бериге султан кан болуп,
Атасынын алтын так
Ошондо Бермет миниптир (Саякбай Каралаев, «Сейтек», 251).

Эпикалык салт боюнча А. Сейтектин тагдырына буюрган колуктусу. Айчүрөк да уулуна өмүрлүк жары пери кыз экенин эскертет. А-ке түшүндө жылаңайлак дубана келип, «кыяматтык күйөөсү» Сейтек экенин билдирет. Сейтектин А-ке үйлөнүшү да Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшүнө окшош. А. — жамандык жакшылыкты алдын-ала туя билген, баатырдын жоо кийимин камдай жүргөн камкор жары, акылман кеңешчиси. Чоң Билгичтин келатканын Сейтекке кабарлайт, атайылап жасалган көк күпөнү, атасынан калган ачал-барс кылычты берип узатат. «Сейтек» варианттарында Сейтектин аялы ар түрдүү ысым менен айтылат (Жакшылык Сарык уулунда — Күлнар, Мамбет Чокмор уулунда Каракөз, Шапак Рысменде уулунда пери кыз Сейилкан жана башкалар).

С. Төлөгөнова

АК-БЕШИМ

— топоним. Эпосто Чүй өрөөнүндө жайгашкан шаар катары сүрөттөлөт. Бул маалымат тарыхта белгилүү Ак-Бешим шаарчасы менен байланышып, географиялык реалияда эпикалык топоним тарыхый топоним менен дал келүүдө. Эпосто бу жерди Акунбешим бийлегендиги айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Манас баатыр Чүйдөгү Акунбешимди жеңгени» деген өзүнчө окуя баяндалат. Бирок, жазма даректерде мындай ысымдагы башкаруучу кезикпейт. Токмок шаарынын түштүк-батыш жагынан орун алган Ак-Бешим шаар чалдыбары 10—12-кылымда «Караханийлердин» резиденциясы болгондугу чындык. Шаардын 7—8-кылымда «Суяб», «Ордукент» аталгандыгы белгилүү. Тынымсыз чабышуулар менен көчмөн турмуштун таасиринен шаар акырындап жоголгон. Элдик уламыштар менен «Манас» эпосунун айрым эпизоддорунда 11 — 13-кылымдагы окуялар чагылдырылып, шаар менен эпикалык каарманга бирдей энчилүү ат берилген. 11-кылымдан кийин шаар тарыхта такыр эле эскерилбейт.

АКБОРЧУК

— Кыргылчалдын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышка кошулуп, марага бешинчи келет (Сагымбай Орозбаков, 3. 64).

АК-БУЛУҢ

— топоним. Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүүгө жер тандап отуруп, айтып өткөн жер: «Ак-Жар-Ойду кыдырып Ак-Булуңга кономун» (Радлов жазып алган вариант, 147).

АК-БУУРА

— Манасты колдоочу тотемдик жаныбарлардын бири. Сагымбай Орозбаковдун вариантында төмөнкүдөй учурлар кездешет:

Кара башыл ак буура
Оң капталдан туптуура
Калжаң уруп качырып,
Кабактан чыга калгандай (Сагымбай Орозбаков, 2. 186).

Буура Караханийлердин тотеми болгондуктан ал сулаледегилер «Буура-кан» деген титулду да алып жүрүшкөн. Ошондой эле Манастын ата-бабаларынын биринин ысмы да Бууракан деп аталат. Саякбай Каралаевдин вариантында «Булут аты Бууракан Мунун атын чакырып, Күндү жайлап турду эле» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 495-б.); «Суу атасы Бууракан Сайың чыгып жол берчи» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541инв., 150-б.),— деп айтылат. Демек, Буураканды жаан-чачындын, суунун кудайы деп эсептөө керек.

Караханийлер ушул кудайга сыйынган деп болжоого болот. Манастын Караханийлер сулалеси менен байланышы бар деп эсептөөгө да мүмкүн.

Э. Абдылдаев

АК ДОБУЛ

— эпосто баатырлар урунган мылтык. А. д-дун согуштун жүрүшүнө ылайык жалпы мүнөздөгү ролу көркөмдүк күчтө поэтизацияланат (Сагымбай Орозбаков, 2. 139—140).

АК-ДӨБӨ

— топоним. Көкөтөйдүн кара ашында байгеге чабылган күлүктөр басып өткөн жер. Анда күлүктөр Кош-Аралдын бою, атактуу А.-Д. аркылуу өткөндүгү айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 64).

АКДӨӨ

— мифологиялык кейипкер. «Манас» эпосунда, ошондой эле кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында салттык кейипкер катары көп кездешет. А. кейипкердин энчилүү аты катары да колдонула берет. Көпчүлүк чыгармаларда А. Карадөөнүн карама-каршысында, ак санатай дөө катары мүнөздөлөт. «Манаста» эргежээл, итаалы элинин дөөсү делип Бокмурун атасынын ашына чакыртат (Сагымбай Орозбаков, 3. 99). Ашта Кошой Жолой менен күрөшөрүндө А., Көкдөө менен далай салгылашканын эскертет (Сагымбай Орозбаков, 3. 215). Саякбай Каралаевдин вариантында А. менен Көкдөө Жарманастын элин камап, жети жыл тынымсыз салгылашканы айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 269).

АКЕРКЕЧ

— каарман, Көкчөнүн аялы. Көпчүлүк варианттарда Семетей менен Үмөтөй карын бөлө, Каныкей менен А. эже-сиңди болуп айтылат. Радлов жазып алган вариантта А. күйөөсү Көкчөгө караганда токтоо, айлакер, керек учурда чечкиндүү, сулуу аял.

Кар үстүнө кар жааса
Кардан аппак эти бар,
Кар үстүнө кан тамса
Кандан кызыл бети бар.
Сүлөөсүндөй керилип,
Сүйлөөр сөзгө эринип,
Күлсө күрөктөй тиши кашкаят,
Күймөнсө жыпар жыттанган
Буруксуган Акеркеч,

— деп тартылган салттык эпикалык портрети эпостун өзүнүн түшүнүгүндөгү сулуулуктун бардык компоненттерин камтыйт. Анын сулуулугу алабарман Көкчөнүн ич тардыгын, ишенбөөчүлүгүн күч алдырат. Алмамбетке жакын болуп кетти деген казак төбөлдөрүнүн ушак сөзүнө ишенген Көкчөнү А. өзүнүн токтоо, нускалуу сөзү менен уяткарат. Саякбай Каралаевдин вариантында да А. Каныкейдин бир тууган сиңдиси, Каракандын кызы. Ал чукул мүнөз эр көкүрөк Көкчөнүн акылман жана боорукер жары, анын акылына акыл кошуп, оң жолго сүрөйт. А-тин асыл сапаттары Алмамбет баатырдын өз элинен кетип, Көкчөнү байырлап турган учурунда жана анын Манаска кетишине байланыштуу окуяларда даана көрүнөт. Алмамбеттин адамдык касиетин, баатырлыгын Көкчөгө караганда А. терең түшүнөт. Көкчөдөн шагы сынган Алмамбет баатырга тууган катары күтүп ала турган адилет адам айкөл Манас экендигин айтып багыт берет. Алмамбеттин трагедиялуу абалын түшүнүп, өзүнүн жеке намысың четке коюп, аны моралдык-материалдык жактан колдоого алат.

Радлов жазып алган вариантта А. Алмамбет үчүн Көкчөнүн ат-тонун сураганга батынат. Көкчөнүн жел өпкөлүгүн бетине айтып, Алмамбеттин кетиши жеке Көкчө эмес, бүт казак эли үчүн чоң жоготуу экендигин күйүп-жанып түшүндүргөн кайраттуу аял. «Семетей» эпосунда да ушул мүнөзү менен көрүнөт. А. ар качан достук, ынтымакка ынтызар экендиги «Семетейде» ачык берилет. Ал баласы Үмөтөйдүн атасы Көкчөнүн кунун шылтоолоп Семетейге жамандык ойлой баштагандыгын жактырбайт. Эки бөлөнүн душмандашпай туугандашып, бири-бирин кадырлап күтүп алуусу канчалык зарыл жана пайдалуу экендигин уулуна түшүндүрүүгө, баатырлардын ортосундагы, эки элдин ортосундагы ынтымакка чыныгы данакер болууга аракеттенет.

А-тин каргышы ката кетпеген чоң касиети да бар. Ошон үчүн Семетей өзү катылган Үмөтөйдү жаздым кылганда «таяжең каргаса сени оң кылбайт» деп Каныкей бекеринен чочулабайт. Чынында эле Үмөтөйдүн Семетей колдуу болуп өлүшү А-тин аялдык назик мүнөзүн кескин өзгөртүп, анын кайраты таштай катат. Оор трагедияга учураган эне буга чейин пир тутуп сыйлаган карачечекей эжеси Каныкейдин баласын каргапшилөөдөн кайра тартпайт. Семетей күнөөсүн сезип, Тайбуурулду кунга тартып, бөлөсүнүн сөөгүн ага жүктөп жөнөтөт. Бирок, А-тин тоңгон жүрөгү жылыбай, Буурул аттан да өч алгысы келип:

Бекиткен чидер таккыла,
Муну караңгы жайга баккыла,
Эки кулак укпасын
Коргошун эритип куйгула,
А кулактын үстүнөн
Тасмал менен буугула,
Ээлигип турган Буурулду
Эшекке жеткис кылгыла,
Алтымыш нокто каткыла,
Алтымыш чылбыр таккыла,
Төрт бутунун муунуна
Он эки ийне каккыла,
Чогойно аксак болгон соң
Муну кербенчи сартка саткыла
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 560-инв., 460-б.),

— деп өкүм чыгарат. Анысы аз келгенсип Семетей Тайбуурулдан ажырап атсыз калды, келип агаң Толтойдун өчүн ал деп, Кыяска кабар жиберет. Кыскасы А-тин образы —«Семетей» эпосундагы окуяларга байланыштуу өзгөрүп турган жандуу образ. Ал кылымдардан келаткан элдин өз түшүнүгүндө мыкты делип муундан-муунга зор сүймөнчүлүк менен өткөн мээрман, меймандос, кыраакы аялдын бир тиби. Ал эми баласынын өлүмүнөн кийинки мүнөзүнүн өзгөрүшү эч убакта эч ким тарабынан толтурулгус эненин оор жоготуусу менен шартталган.

А. Жайнакова

АКЖАЙНАК

— кырк чоронун бири, Артык кандын уулу. Манас Таласка барып кан болгондо көчүп келип, Манаска чоро болгон (Саякбай Каралаев, 1. 195). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Жайнак деген ат менен белгилүү.

АКЖАЛ

— Акпайдын байгеге чапкан күлүгү. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манас Каныкейге күйөөлөп барганда өткөрүлгөн ат чабышта аты кырк экинчи келген Акпай тагдыр буюрган колуктусу Шыңгынай аттуу кызга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 427).

АКЖАМБАШ

— Аталабектин күлүгү. Көкөтөйдүн ашында байге алган алтымыш аттын бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 268).

АК-ЖАР

— топоним, Чыгыш Түркстан жактагы жер. Манастан (Кытайды көздөй) качканда Алооке кан А.-Ж-ды басып өткөн (Саякбай Каралаев, 1. 201).

АК-ЖАР-ОЙ

— топоним. Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын кара ашын өткөрүү үчүн жер тандаган учурда эскерилген жер. «Ак Жар-Ойду кыдырып, Ак-Булуңга кономун» (Радлов жазып алган вариант, 147),— деп айтылат.

АКЖОЛТОЙ

— кырк чоронун бири, Адык кандын (башка бир жерлерде Арча кандын) уулу.

Адык кандын Акжолтой
Атышкан жоого сан колдой,
Келип конду Таласка
Чоро болду Манаска (Саякбай Каралаев, 1. 195),

— деп сүрөттөлүп, Манаска эң алгачкылардан болуп кошулган чоролордон. « Аркан үзөр Акжолтой» делип анын күчтүүлүгү атайы белгиленип айтылат. Чоң казатта ок жаңылып өлгөн чоронун бири (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 922-инв., 548-б.).

АКЖОЛТОЙ, Жолтой

— каарман, Саякбай Каралаевдин вариантында А. Кутубийдин баласы, белгилүү баатыр, акылман. Манас, Семетей үчүн Бакай кандай мааниге ээ болсо, «Сейтек» эпосунда Сейтек үчүн А. да — ошондой эле мааниге ээ акылман каарман, башкы баатырдын кеңешчиси, насаатчысы, жоону бирге жоолашкан жан бирге жолдошу. Сейтек өзү. да А-ду төмөнкүчө баалайт:

Артык досум Акжолтой,
Караан кылган Акжолтой
Мени ээрчитип жүрүп эр кылган,
Эбегейсиз шер кылган.
Сайып жүрүп бак кылган,
Бет алганды мерт кылган,
Беттешкен жерге кан кылган.
Билбегенди билгизген
Манастан калган мураапым,
Туйгундан калган кыраакым,
Чачылганым жыйнаарым,
Үзүлгөнүм улаарым,
Казат кылсам душманга
Туу түбүндө тураарым (Саякбай Каралаев, «Сейтек», 244).

Жер кезип жүргөн А. Олуя чалга жолугуп, андан ал Сейтек экөөнө арнап алып келген аттарды (Сейтекке Кулансурду, өзүнө Кулунсурду) алат.

Олуя чалдан Акберметтин дайынын угуп, анын Олуя чалга таштап кеткен аманатын — көөхар шакегин Сейтекке алып келип берет. Сейтек Акберметке үйлөнгөндө А. тагдырына буюрган пери кыз Күлайымга үйлөнөт. Жолборстун жүрөгүнө талгак болгон Акберметке Кыдыр берген кол башындай жаңгакты алып келип берет. Чоң Билгич менен согушка А. Сейтек экөө барат. Амалданып качкан Билгичти кууп бараткан Сейтекти токтотуп, аман алып калат. Жөн билгичтиги, акылмандыгы. менен Кененге каршы кол курап келген Эбегей, Көгөйгө «түбүбүз бирге тууганбыз» элди бүлүнтүп, касташпай, биригип, сырттан келчү жоого каршы туралы деген жүйөлүү сөзү менен Кулунсурду тартуу тартат. Эбегей, Көгөй эчаккы кастыкты унутуп, Кенен менен эл болот. А. менен Сейтек эпосто аты уйкаш делип сүрөттөлүп, окшош сур ат минип жүрөт. Сейтек экөө бир күндө, бир мезгилде дүйнөдөн кайтышат. Эпикалык акылман карыялардын салттык образынын «Сейтектеги» көрүнүшү, активдүү ролу А-дун образы аркылуу берилген.

С. Төлөгөнова

АКЖОЛТОЙ

— эпизоддук кейипкер, Бөлөкбай устанын баласы. Кыяс менен Канчоро Айчүрөктү олжологону келгенде капканы коргоп, Жедигер менен жети күн тынбай согушуп, капканы кайтарган балбандардын баары өлүп, «жети жерден жара жеп» жалгыз калган А. Кайыпчынын үңкүргө качып кутулат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 333—334).

АКЖОЛТОЙ

— эпизоддук кейипкер. Кырк чоронун бири Төлгөчүнүн атасы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 158). Башка жерде Манастын чоролорунун бири катары да төлгөчүгө жанаша эскерилет, к. Акжолтой.

АКИЛИК

— Манастын төрөлүшүнө арналган тойдо байгеге чабылган күлүктөрдүн бири. «Аркасынан караса, Анжыяндын Акилик бакпаягы майышып, кабыргасы кайышып (Сагымбай Орозбаков, 1. 82),— деп, жалпы күлүктөрдүн катарында саналып өтөт.

АКИМ

(арабча хаким — ойчул, философ; соңку мааниси — диний жана ак сөөктөрдүн иштерин башкаруучу) — атайы дайындалган же шайланган башкаруучу. Кыргыздарда Кокон кандыгынын тушунда администрациялык аймактардын башында турган адам. А. эпосто кеңири жолугат: «Айтуудан чечен адашты, Акимдердин баарысы, Бири-бирин карашты» (Сагымбай Орозбаков, 3. 136).

«АК-ИНЕКТИН БЕЛЕСИ»

— комузчу Асанаалы Кыштообай уулунун «Манастын» обонуна салып чыгарган күүсү. Күүдө Акшумкарын алдырып ийген Семетей Айчүрөктүн артынан барып, Ак-Инектин башында дүрбү салып Акункандын шаарын карап отуруп, Үргөнчтүн боюнда күтүп жаткан Айчүрөктү көргөнү, Тайбуурулду мингизип Күлчорону чалгынга жөнөткөнү баяндалат. Күү автордун өзүнүн аткаруусунда кыргыз үналгысынын фондусуна жазылып алынган.

АК-КАЛАА

— топоним. Казак Камбар уулу Айдаркан салдырган шаар (Сагымбай Орозбаков, 1. 200).

АККАН

— эпизоддук кейипкер, Аруукенин атасы. Саякбай Каралаевдин вариантында Арууке бирде Агынай кызы делсе (Саякбай Каралаев, 2. 123), бирде А-дын кызы делет (Саякбай Каралаев, 2. 183).

АККАНЫШ

— эпизоддук кейипкер. Радлов жазып алган варианты боюнча Көкөтөйдүн ашында Аккан кандын аялы экендиги айтылат.

АК КАҢКЫ ЭЭР

— ээрдин өзүнчө түрү, алдыңкы кашы жазы жана тегерек формада, анын бети оюу, күмүш менен кооздолот. А. к. э-ди кээде кыргыз ээр деп аташат, к. Ат жабдыктар.

АККЕЛТЕ

— Манастын мылтыгы. Манас баатырдын А-ге ээ болушу ар кайсы варианттарда ар түрдүүчө берилген: «Алачтан келген Аккелте» (Радлов жазып алган вариант), «Айкожо берген Аккелте» (Сагымбай Орозбаковдун варианты), «Бакай энчилеп берген Аккелте» (Саякбай Каралаевдин варианты). Манастын негизги куралдарынын бири катары А-де да магиялык касиеттер бар. Алсак, А-нин согуш болоор алдында керегеде илинип турган жеринде өзүнөн өзү атылып, оозунан кан таамп калышы. Алмамбет Кытайдан качып келе жатканда А-нин өзүнөн өзү атылышы, же Манас өлгөндөн кийин Абыкенин колунда он эки жыл атылбай калышы жана башкалар Эпиканын салты боюнча баатырлардын жоо куралдарынын баары өзгөчө сапаттарга ээ катары сыпатталат.

АК-КОРГОН КЕНТ

— топоним. Эпосто Көкөтөйдүн кара ашына чакырылган Көкүм сарттын баласы Үрбүнүн калаасы Радлов жазып алган вариант, 156). А.-к. к. аттуу кыштактар Кыргызстанда жана ага коңшулаш өлкөлөрдө кезигет.

АККӨКҮЛ

— Эштектердин Жамгырчысынын күлүк аты. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылат.

АККУЙРУК

— Абдылда балбандын жоого минген аты. Абдылда А-ту минип калмак балбаны Кегети менен жекеге чыкканы эскерилет.

АККУЛА

Каккула, Ак сур ат — эпостун бардык варианттарында Манастын жанга өлчөлүү негизги тулпары. Байыркы жоокерчилик салттын талабын чагылдыруусуна ылайык А-нын эпикалык биографиясы, өзүнө мүнөздүү сын-сыпаты, энчилүү ысымы (кличка), баатырга эш өзгөчөлүктөрү бар. Манас да башка эпикалык каармандардай эле урунган куралы, кийген кийими, жоого минчү жакшы аты менен гана баатыр, ансыз анын даңкы чыкпайт, эрдик сапаттары көрүнбөйт. Анын эрдиги жана жеңишке ээ болушу А-га да байланыштуу. Эпостогу каармандарды идеалдаштырууда эпикалык тулпарларга байланыштуу мифтик фантастикалык элементтердин көрүнүштөрү А-нын образынан орун алган. Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Багыш Сазановдун вариантында Манас менен А. бири-бирине атайы арналып жаралган, тагдырлаштар катары бир күндө туулат. Манас төрөлгөн учурда Камбарбоздун үйрүнөн кара жалдуу Кула бээ ак сур кулун тууйт. Саякбай Каралаевдин вариантында А-ны нойгуттун каны Карачадан буудайга сатып алат. Манасчы А-ны кайыптан туулган Куу байталдын Кула кулуну деп сыпаттайт. Буга чейин «бул Куланын ээси жок» болуп жүргөн А-нын тагдырлаш, идеялаш ээси Манас экени, анын өз ээсине сырткары күчтүн колдоосу менен келген аксакал карыя бербестен, салттык мотив трансформацияланып Карачанын образына алмаштырылып берилген. Жусуп Мамайдын варианты боюнча Манастын атасы Жакып Чыңгыш аттуу какандан А-ны жонунан даакысы түшө элек кулун кезинде сатып алат. Мында А. Коңурбайдын Алгарасы, Жолойдун Ачбууданы менен бир тууган катары айтылат. Башкы каарманга тагдырлаш болочок тулпардын адегенде минтип көзгө комсоо көрүнүшү байыркы салттык мотив катарында бардык түрк элдеринин фольклорунда кеңири кездешет. Эпосто А-нын сын-сыпаты:

Өңү кула, кара жал,
Өзгөчө сонун бу бир мал.
Чаткаягы чаткалдай,
Жүрүп кетсе чатына
Жүктүү төө баткандай,
Желип кетсе жүрүшү
Жебенин огун аткандай,
Куюшкандын кошконго
Он бир карыш казанды
Ойноп-күлүп аскандай.
Болжолу жок чоңдугу,
Бооруна карандын
Момолой ийин казгандай.
Таноосуна-мурдуна
Кирер болсо жөргөлөп
Азыркы жүргөн адамдар
Кийими менен баткандай.
Камыш кулак, сом туяк,
Балтыры өгүз белиндей,
Басканы сырттын желиндей
(Сагымбай Орозбаков, 1. 20),

— деп сүрөттөлөт. А-га берилген мүнөздөмөлөрдө манасчылар негизинен анын күлүктүгүн, талбастыгын даңазалашат. А-нын өзгөчө күлүктүгү, тулпардык касиетинин күчтүүлүгү, арыбас чыдамдуулугу «айтайын десе тили жок, адамдан эстүүлүгү» канчалык апыртылбасын, аттын табигый чегинен чыгып кеткен эмес.

Б. Жумабаев

Аккуланын акыры (Талас өрөөнү) 

Кээ бир баатырдык эпостордогу укмуштуу аттарга салыштырганда А. кийинки жоокерчилик доордун шартындагы күлүк аттарды элестетет. Анын адамча сүйлөгөн, ээсине жардам берүү үчүн өз алдынча акылдуулук менен жасаган табияттан тышкары жосундары жок. Бирок, мунун өзү А-нын образы дайыма ушул калыбында болгон дегендикке жатпайт. Анын образында магиялык касиеттеги белгилер да сакталган: А-нын Манас менен бир учурда туулушу; «Чоң казаттын» башталышында Манас Айбанбозду минип, майданга кирип Коңурбайдын колунун курчоосунда калат. Айбанбоз жүрбөй Манас коркунучтуу абалда калган учурда оорукта (тылда) Ажыбайга таштап кеткен А. эч оттобой, окуранып тынчсызданат (Багыш Сазановдун варианты); Көзкамандар Манасты карасанатайлык менен ууландырган учурда мамыда байланып турган А. жер чапчып отуруп айланасын казып жиберет (Сагымбай Орозбаковдун варианты); Алмамбет Көкчөдөн чыгып келатканда Манас түш көрөт да, А. болсо көл-шал түшүп тердеп калат (Сагымбай Орозбаковдун варианты); караңгыда жол жүрсө А-нын эки кулагынан шам күйүп, Манастын жүрөр жолун жарык кылып турушу (Сагымбай Орозбаковдун варианты) сыяктуу мотивдер апыртмалуу ыкмада сүрөттөлөт.

Ч. Валиханов жазып алган вариантта А-нын «бир жагында жыйырма бир, бир жагында жыйырма канаты бар, аркасында ажыдаар түгү бар». Түштүктөн жазылып алынган айрым бир варианттарда душмандан жарадар болгон Манасты канаты бар А. ала качып куткарып, айыктырганы айтылат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча А. чуркап кызыганда капталынан канат өсүп чыгары эскерилет. Мына ушулар А-нын образы өтө байыркы мифтик фантастикалык аттардан башталганын жана коомдук аң-сезимдин өсүшү, көз караш, түшүнүктөрдүн өзгөрүшү менен акырындап кадимки атка айланганын көрсөтөт. «Манас» эпосунун турмуштук жана согуштук окуяларында, тактап айтканда, Манастын алгачкы айкаштарында, «Көкөтөйдүн ашында», «Чоң казатта» жана башкалар учурларда А-га таандык касиеттер өтө чеберчиликте, жогорку көркөмдүктө баяндалат. Манас А-сы менен гана эрдиги ого бетер артып, күчүнө күч кошулуп, жоого алдырбайт. «Чоң казаттын» башталышында Манас Айбанбозду минип согушка киргенде аты жүрбөй, курчоодо калат. «Кичи казатта» А. окко учат. Андан көп узабай баатыр оор жарадар болуп келип өлөт. А-нын окко учушу Манастын ажалы жакындаганын көрсөткөн белги катары сүрөттөлөт.

Аккуланын туягы

(Талас өрөөнү). Мунун өзү тулпар аттын тагдырлаш ээси менен бир күндө төрөлүшү жана аттан ажыроо менен каармандын ажалынын жетиши сыяктуу атайы адабияттарда «симпатиялуу магия» деп аталган көрүнүш «Манас» эпосунда чагылдырылган А-нын образынан да орун алгандыгын көрсөтөт.

С. Алиев

АККУЛАНЫН ИЗИ

— Токтогул районунундагы Кой-Таш айлындагы чоң таштын бетиндеги ат туягына окшош из. Жергиликтүү эл аны Аккуланын изи менен байланыштырат.

АККУЛАНЫН МАМЫСЫ

— Соң-Көлдүн тескейинде «Жылдыз-Көл» аталган майда көлдөрдүн батыш тарабындагы мамы таш. Ал жерде, ошондой эле таш тулгалар да бар. А. м-сы алардан 500—600 лдей обочороок жерде, көлгө жакын жатат. А. мамысынын өңү чаар, көгүш тартып, төрт кырдуу. Жерден 1,45 мдей чыгып, саал батышка жантайып турат. Жер астындагы бөлүгү канча экендиги белгисиз. Ал аймакта дегеле мындай таштар жок, жайык келген көк шиберлүү жер, тоо алыс. Атайын алып келип коюлган эстелик таш болуу керек. Уламыш боюнча Манас кырк чоросу менен Соң-Көлгө келип, Аккуланы мамыга байлап өздөрү ал жерге эс алып жатып, тамак бышырып, түнөп кеткен дешет.

Талас шаарынын саябан багындагы Аккуланын мамысы.

Тамак бышырып жеген таш тулгалар да ушул мезгилге чейин сакталып калган.

АККУЛАНЫН ЧИДЕРИ

— Тянь-Шань районун дагы Куланак кыштагынын батыш тарабында, кан жолдун боюнда өсүп турган үч түп байтерек бар. Болжол менен 150—200 жылдан ашык мезгилден бери турат. Бул теректер алыстан караганда ат тушаган чидер түспөлдөшүп тургандыктан эл оозунда А. ч. аталып калган. Азыр ал байтеректердин экөө калып, бирөөнүн качан, кандайча кыйылып ташталгандыгы же куурап жок болгондугу белгисиз.

АК-КЫЯ

— топоним. Алтай тарапта Нескара менен болгон урушта анын колун туш-туштан курчап, бир жагынан Камбардын уулу Айдаркан, экинчи жагынан Үйшүн баатыр чыкканда Манас Ак-Кыянын белесин ээлеп душмандын жолун тосот (Сагымбай Орозбаков, 1. 201).

АККЫЯЗ

— эпизоддук кейипкер, Көкчөнүн тууганы. Радлов жазып алган вариантта Көкчөнү Алмамбетке тукургандардын бири.

АКМАМА

— эпизоддук кейипкер, Санирабиганын (Каныкей) энеси. Күйөөлөп барган Манас кайындарына тарынып чатак чыгарганда Манастын жинине тийип, чырдын себепчиси болгон Санирабиганы жемелейт (Сагымбай Орозбаков, 2. 411). Саякбай Каралаевдин вариантында Каныкейдин энеси Алтынай деген ат менен айтылат.

АК МАРАЛ

— байыркы түрк-моңгол элдеринин көпчүлүгүндө тотем жаныбар. «Манас» үчилтигинде каармандарды түрдүү кырсыктардан сактоочу, колдоочу дух катарында милдет аткарат. «Семетей» эпосу боюнча Абыке, Көбөштөн кордук көргөн каралуу Каныкей балтыр бешик Семетейди, кары Чыйырдыны алып качып, Кайыпчынын кара үңкүрүнө жетип жашынат. Алар үңкүрдүн жанында өскөн касиеттүү Байтеректен сырдуу чыккан сүттү ичип, кубат алып уктап калышат. Ошол учурда:

Күндүз эмес, түн экен,
Атасынан баласын
Колдоп эле жүргөн пир экен,
Ошондо он эки айры Ак Бугу,
Чуркап жетип келди эле,
Бешиктеги беренин,—
Семетейди көрдү эле.
Оозу башын каккылап,
Туяк менен баланын
Ошондо кундагын кирди чапкылап.
Үч айланып балага
Эне болуп калды эле...
Алты мүйүз Ак марал
Туура тартып баланы
Эмизип турган көрүнөт.
Эне кылып Маралды
Билип турган кези экен,
Бир эмчегин эмгиче
Бир эмчеги Маралдын
Ийип турган кези экен.
Көлпүгүп тердеп жетимиң
Болуп турган кези экен
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 50, 53).

Семетей бугуну ээмп укмуштуу касиетке ээ болгон. Ак бугу (марал) түрк элдеринин фольклорундагы зооморфтук образ. Анын образы уруулук коом үчүн мүнөздүү тотемдик түшүнүктөрдөн пайда болгон. Кыргыздын уруулары өздөрүнүн ушул тотем жаныбарынын атын алып жүрүшөт (багыш, кара багыш, чоң багыш, сары багыш, бугу). Ак бугу (марал) Семетейди багат, ага баатырдык, сүр, кайрат, күч берет. Семетейдин башына кыйынчылык түшкөндө колдоп жардам берген бугу Манастын да тотемдик колдоочусу болуп саналат. Бирок ал Манас баатыр жоого кирерде сүр, айбат, кайрат берип, курчап турган жырткыч айбандар менен бирге жүрүп колдоо көрсөтпөйт. Бугунун бул топко кирбей калышынын себеби анын табиятында тигил жырткыч жаныбарларга таандык тартынбастыкка, эр жүрөктүүлүккө символ болуучу касиеттин жоктугу менен мүнөздөлөт. Ал жай турмуш мезгилдеринде Манас жана анын жакын адамдарына колдоо көрсөтөт.

С. Алиев

АКМАТ Рысменде уулу

(1891, азыркы Чүй районунундагы Шамшы айлы — 1966, ошол эле жер) — семетейчи, Сагымбай Орозбак уулунун шакирти. Октябрь революциясына чейин жалчы, Совет бийлиги орногондон кийин колхозчу. 1930-ждардын аягынан Кыргыз мамл. филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары Чүй районунундагы «Шамшы» совхозунда иштеген. А. өзүнүн «Семетей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты менен байланыштырат. Бул окуя ал Суусамырда кой кайтарып жүрүп ээн талаада уктап калганда болот. Кереметтүү түшүндө бир жигит келип, эпостун каармандарынын атынан ага кур берип кетет. Ошол күндөн тартып «Манас» айта баштайт, кийин курбуларына жана кесиптештеринин алдына айтып чыккан. 1915-ж.

Токмоктогу Мыктыбек деген кишиникине чакырылып, көпчүлүктүн алдында биринчи жолу «Семетейден» үзүндү айткан. Ошондон тартып манасчы катары таанылып, эл алдында «Семетей» айта баштаган. Бара-бара чыгармачылык жактан такшалат. Ал өз учурунда аш-тойлордо жарчы да болуп ырдап жүргөн. 1938-ж. май айында акындардын слётуна чакырылып, «Семетейден» айткан үзүндүсү жогору бааланган. А-тын айтуусунда «Манас» эпосунан «Манастын Көзкамандардан көргөн жамандыгы» (5500 сап ыр), «Чоң казат» (3663 сап ыр) эпизодунан үзүндү жазылган жана Сагымбай Орозбак уулунун варианты менен үндөшүп турат. Сагымбай Орозбак уулунан үйрөнүүдө А. «Манастын» байыртадан бери айтылып келген туруктуу өзөгүн бузбастан сактап калгандыгын байкоого болот. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Көзкамандардын балдарынан ууланганда кырк чилтендин жана Бозуулдун жардамы менен качып чыккан Манас Сыргак менен Серекке кездешип, аларды Айганга жиберип, өзү аты менен кошо кубулуп кетет. Манастын кубулуп кетишин Каныкейге Сыргак айтып түшүндүрөт. Ал эми А-тын эпизодунда бул Серектин баяны аркылуу берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантындагу салттык окуяларды А. сөзмө-сөз жаттап алган эмес.

Бирок, «Манас» эпосунун сюжет курулушу менен образ системасын бузбай сактоого аракеттенген. А-тын айтуусунда байыртадан бери айтылып келе жаткан сюжеттик композиция өзгөрүүгө учураган эмес. «Семетей» эпосунун салттык эпизоддорун түзүүчү: Семетейдин балалык чагы, Чынкожо, Толтой Акунканды камап жаткан жери, Көкөтөйдүн ашы, Семетей менен Чынкожонун жоолашканы, Чынкожо, Толтойдун Семетейден жеңилген жери жана башкалар окуялар жазылып алынган. А-тын «Семетейи» көлдүк же тянь-шандык семетейчилердин варианттарынан айрым бир деталдары жана окуянын сүрөттөлүшү боюнча гана айырмаланбаса, сюжетинин түзүлүшү боюнча айырмаланбайт. Бирок, Каныкейдин Букарга качышы негизги варианттарга анча окшошпостон башкача чечилген. Эпостун башталышында Манас өлгөндөн үч ай өткөндөн кийин Көбөштүн Каныкейге жуучу жиберүүдөгү эпикалык баяндын кыскалыгы жана Манаска тиешелүү буюмдар менен жаныбарлардын аттарынын айырмачылыктары айтылат. А-тын варианттарындагы Манаска таандык Куу тайган, Кара лөк башка варианттарда Кумайык, Желмаян аталат. Калган варианттардын жана буюмдардын аттары өзгөргөн эмес.

Семетейдин Таласка келишине Көбөштүн каршылык көрсөтүшү башка варианттардан өзгөчөлөнүп турат. Семетейдин көчү жайлуу конуш таап коно электе Көбөш кол курап, каршылык көрсөтөт. Семетей Көбөштү бир тууган агасы катары санап, анын каршылыгына нааразы болбостон алдына түшүп, кечирим сураганда агасынын каары басаңдагансып калат. Бул вариантта Көбөштүн аракети көч үстүндө болуп жаткан окуя катары сүрөттөлсө, Саякбай Карала уулунун айтуусунда Семетей конуш алып жайгашып калгандан кийин, аны Көбөш кырк жигит менен чаап алууга аттануусу баяндалат. Ошондой эле Саякбай Каралаевдин варианты менен Шапак Рысмендеевдин вариантында Коңурбайдан өч алуу үчүн Семетей менен Чынкожонун ортосунда кеңеш болуп, анда Чынкожо Семетейге жардам берүүгө сөз берип, жакындашууга аракеттенет. Бирок, бул кеңеш кандайдыр себептер менен бузулуп, алар бири-бирине каршы жоо болуп калышат. Ал эми Акмат Рысмендеевдин варианты боюнча Семетей менен Чынкожонун жакындашуусу эскерилбейт, тескерисинче, Чынкожо Жедигердин Толтою менен туугандашып, экөө бирдей Семетейге каршы чыгышат. Семетейдин Акшумкарды издеп чыгып Үргөнч суусунун боюна келгени, Күлчоронун Тайбуурул менен Үргөнч суусун кечкендеги көрүнүш семетейчилерде ар башкача сүрөттөлөт. А-тын ушул эле Үргөнчтү сүрөттөө деталдары башкалардыкына окшош болгону менен баяндоо ыкмасы жагынан айырмаланып турат. Анткени, анын варианты Сагымбай Орозбак уулунун Оркон дайрасын сүрөттөөдөгү салыштыруу каражаттарына жакын.

Эки манасчынын предметтик каражаттарды сүрөттөп берүү ыкмалары бирдей. Айрым бир эпизоддук майда окуялар, көрүнүштөрдү баяндоодо А. калыптанып калган жалпы үлгүнү сактоого аракеттенген. Жогоруда аталган окуяларды сүрөттөөдө башка семетейчилерге окшоп кеңири эпикалык планда эмес, ошолордун схемалык сүрөттөөсү түрүндө баяндаган. Бирок, эпизоддордогу айрым көрүнүштөр, элдин турмуш-тиричилиги, үрп-адаты, үй-эмеректери, пейзаждык сүрөттөөлөр эпикалык кайталоолор жана башкалар көркөм формалар Акмат Рысмендеевдин вариантында башка варианттардан айырмаланып турат. Ошентип, Акмат Рысменде уулу башка жомокчулар сыяктуу элдин улуу мурасы «Манасты» айтууда ага чыгармачылык менен мамиле жасап, кайра элдин өзүнө тартуулап келген. Өз учурунда ал белгилүү семетейчилерден болуп эпосту таратуучу жана эл арасында жайылтуучулардын бири катары жогору бааланган. А-тын айтуусунда «Үргөнч» (1941) деген ат менен «Семетейден» үзүндү өзүнчө китепче болуп жарык көргөн. «Семетей» боюнча жазылган материалдары «Манастын» курама вариантынын төрт томдугун (1958— 60) чыгарууда толук пайдаланылган.

К. Кырбашев

АКМАТ Токтогул уулу

(1912, Өзгөн району, Кош-Этер айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. А-тын атасы өз учурунда чоң жомокчулардан болгон; ал Токтомуш деген бийдин эки жоргосун багып, кайда барса аны менен чогуу жүрүп, көп жомокчу, ырчыларга жолугат; «Манас» айтууну Келдибек Карбоз уулу менен Тыныбек Жапый уулунан угуп, үйрөнгөн экен. А. «Манас» айтканды атасынан үйрөнгөн. Андан «Манас» эпосунун биринчи бөлүмүнөн Манастын Алтайдан келиши, Шоорук менен Акылай, Манастын Алтайдан көчүп Анжыянга келиши, Алоокени жеңиши, Манастын Таласка келиши эпизоддору (1407 сап ыр) жана «Манас» эпосуна байланыштуу Аккула жөнүндө баян, Манастын Аккулага ээ болушу, Ачбуудан, Мааникер жөнүндө баян, Кулун көлү жөнүндө уламыш жазып алынган, к. Акас мерген, Кулун.

АКМОЮН

— Шыгайдын күлүк аты. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта байгеге илинет (Сагымбай Орозбаков, 3. 268).

АКОЛПОК

— кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында кездешүүчү негизги жоокердик кийим. Ар бир эпикалык баатырдын чалгынга чыкканда жекеме-жеке беттешүүдө, кан майдан, кыргын согушка кийип жүрүүчү, коргонуучу кийим. А. эпосто ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кеспеген эң чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, азем-сый буюм катары сүрөттөлөт:

Жакасы алтын жеңи жез,
Жез бадана торгой көз,
Кош бадана торгой көз,
Келеме жака кең күрмө
Керишке кийсе ок өтпөс,
Найзанын учу тешпеген
Нар кескен огу кеспеген... (Саякбай Каралаев, 2. 59).

Аны Манаска окшогон баатырдын баатыры, эл башкаруучулар атак-даңк, сөөлөт үчүн да кийишкен. Алар ат жабдыктары өтө кооз күлүктөргө минишип, эл баштап, топ жарып, эл астында, көч астында өзгөчөлөнүп жүрүшкөн. А. жибек же башка кездемелер менен ичинен ичтелип, сыртынан кийизди жана кайышты кабатташтырып жөрмөп тигилген. Анын чыдамкайлыгын жана көрктүүлүгүн арттыруу үчүн бир канча кабатташтырылган кийиз менен кайышты беттештирип, кайра-кайра шырып жасашкан. Бет келген душманга сүрдүү көрүнүш үчүн А-тун сырткы беттерине жырткыч айбанаттардын (ажыдаар, жылан, арстан, жолборстун) ар түрдүү көрүнүштөгү сөлөкөтүн түшүрүп тигилгендиги эпосто көп жолу кайталанат:
Астыңдан душман кез келсе,
Жүрөгү чыгып кетсин деп,
Ак олпоктун сыртына,
Кара чаар жыландын
Бедерин салып койгомун.

Контексттеги маалыматтар байыркы скифтердин, сактардын доорлорундагы (б. з. ч. 6—2-к.) кийимдерге жырткычтардын сөлөкөтүн түшүрүп кооздук берүү салтынын түрк элдеринин доорунда да (биздин замандын 6—10-кылымында) сакталгандыгын көрөбүз. Бул жерде айтылган айбанаттардын кийимге тигилип түшүрүлүшүндө, баатырды ар кандай кокустуктан, өлүмдөн сактап калуучу «тотеминин» чагылдырылып берилиши да толук ыктымал. Олпоктун кабаттарынын арасына темирдин, албарстын майда өгөндүсүн же майда кумдун кошулгандыгы төмөнкүчө түшүндүрөт. Бул материалдар куюлушуп бир жерден экинчи жерге тез жылууга жөндөмдүү болгондуктан, аларды олпокту бышыктоо үчүн эмес, анын сырткы бетине, өзгөчө түр берүүдө, оюм-чийимди же айбанаттын көрүнүшүн элестүү кылып түшүрүүдө атайы колдонулган. Мындай ыкма эл ичинде илгертен белгилүү, бирок эпосто башка мааниде берилип калган.

Анткени, кумду же таарындыны кабатталган кайыштын арасынан ары бери оңой эле шилеп жылдырып, каалагандай формага келтирүүгө болот. Ушундан кийин аны куюлтуп төгүп салып талаптагы форма көркөмдөлүп, жөрмөлүп тигилген же атайын кымбат заттан жасалган кооздуктар кадалып коюлган. Ал эми олпоктун өңүрүнүн, этегинин, жакасынын, жеңинин кырларын чыгаруу үчүн кебезден же жүндөн атайын келептелинип алынган эшинди жип пайдаланылган. Аны тышкы кайыштын керектүү каттоосуна салып, анын эки жагынан тиш менен тиштелип так салынган. Кайышка ушинтип «так» салып тигүү кийимдин керектүү көрүнүшүн сымбаттуу жана түз болушун арттырган, ошондой эле оюм-чийим түшүрүүдө атайын колдонулган. Бул ыкманы элдик чеберлер ушул убакка чейин кайыш иштетүүдө колдонуп келүүдө. Уздардын чебер колдорунан жаралган. А. атчан жоокердин кыймыл аракетине ылайыкташтырылып чолок этек, кыска жең, тик жака болуп, алды-арты туюк жасалып, эки капталы ачык болгондуктан кийип, чечүүдө атайын бүчүлөр менен бүчүлөнгөн. Ушул себептүү баатырлар беттешкенде каршысына карата: «Өпкө боору тушу деп, Өлөөр жери ушу деп», олпоктун ошо бүчүлөнгөн ачык жерине карата мээлешип сайышышат. Согуштук беттешүүлөрдө А-ко кошуп, атайын чарайна, чопкут, карыпчы, белдемчини тартынышып, кандагай, көкжеке, туулга жана башкалар жоокердик кийимдер да кошо кийилет. Алардын ар биринин өз алдынча тигилүү ыкмасы, эмнеден жасала тургандыгы жана пайдалануучу өз орду, керектелүүчү максаты болот. «Олпок» деген аталыш дагы, тигил кийимдин алды арты өзүнчө болуп, бүчүлөр менен бириктирилгендиги үчүн болуу керек. Эпикалык баатырлардын «олпоктун бир этегин жамынып, бир этегин төшөнүп», — деген даректерине караганда ал экиге бөлүнөт. Демек, кыргыз тилинде «олпок» деген сөздүн «төшөк» деген маанисинде сакталып калгандыгы да кокусунан эмес. Ал эми «ак» деген термин жалпы эле түрк тилиндеги элдерде түстү гана эмес, ыйык, касиеттүү, сыйкырдуу деген маанилерди да билдирет, к. Ак.

К. Айдаркулов

АК ОРДО

— борборлошкон элдердин башкаруучусунун же жоокердик кошундун жетекчисинин туруктуу жайы. Эпосто Манастын А. о-су башка үйлөрдөн көлөмүнүн чоңдугу жана кооздугу боюнча өзгөчөлөнүп сүрөттөлөт. Ал жада калса бор менен бордолуп, ак кийиз менен жабылган көрүнүшү боюнча да айырмаланат. Жазма булактар маалыматтарына караганда байыркы гунндардын (3—5-к.) жана түрктөрдүн (6—8-к.) доорунда бир жерден сейрек көчүрүлгөн А. о-нун болгондугу айтылат. Көкүнор көлүнүн жээктеринен кетишип, Тибет мамлекетин башкарышкан «жетекчилердин» да бир нече жүздөн ашык адамдар бата турган үйлөрдө жашай тургандыгы кытай жазмаларында да айтылган. Мындай үйлөрдүн керегелерин «кош кабат» жана ууктары улама болгон көрүнүштөрдү Миң-Суу ойдуңунда аскага чегилген сүрөттөрдөн (2—3-к.) жана 14-к-дын биринчи жарымында тартылган «персиялык минатюралардан» көрүүгө болот.

Эпосто айтылган А. о-нун керегелери да эки кабат болуп, бийиктетилип, ар бир канат керегенин ортосуна орнотулган түркүктөргө керегелер чырмалып бекемделген. Ал эми ошол керегеден түндүккө чейин ууктарды жеткизүү үчүн алар сөзсүз түрдө бири-бири менен улаштырылат. Өз учурунда жерге орнотулуп, узун түркүктөр менен карматылган иймек чоң айлана түрүндөгү туура жыгачтар улаштырылган ууктардын асты жак ортосунан тиреп турган өбөк болуп калат. Ошондо гана А. о-нун жыгачтан кынаштырылып тургузулган бийик жана кенен көрүнүшү пайда болот. Үйдүн ушул жыгачтарына ак кийиздер жабылганда маңкайып башкалардан өзгөчөлөнгөн А. ошондой үйдүн тигилгенин көрөбүз. Эпосто айтылган Манас баштаган кырк чоро, кербендер, дагы толуп жаткан коноктор кенен баткан, эшигинен атчан адам эркин кирип чыккан эпикалык А. о-нун турмушта болгондугун ырастайт.
К. Айдаркулов

АК-ӨЗӨН

— топоним. Ак-Дарыя, Ак-Суу дарыясынын синоними (дагы бир аталышы). Манас Анжыяндан качкан Алоокени артынан
кууп жетип, колго түшүргөн талаа (Саякбай Каралаев, 1. 210).

АК-ӨТӨК

— топоним. Алтайдагы арал жана талаа. СОнун вариантында айтылып, бай Жакыптын жайыты катары сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 35, 109).

АК ПАДЫША

(Романовдордун сулалеси башкарган учурдагы Россия императорлорунун кыргызча жалпы аталышы) — эпизоддук кейипкер. Радлов жазып алган вариантта гана айтылат. Эпосто «Ак падыша мени аркалап турган соң маа урушаар киши жок болгон» (Радлов жазып алган вариант, 64) деген Манастын сөзү, Көкчө менен урушкандан кийин Манас «ак падыша менен кеңешем» деп үч ай кеткени айтылуу менен бирге Манас баатыр А. п. менен сый, кеңештеш мамиледе болгон деген ой берилет. «Манас орусту жоолоп келген жок» (Радлов жазып алган вариант, 62). Манас А. п. менен кеңештеш болуп, Манаска орустан бөлөк журттун баары баш ийип турду деп айтылат. Айтуучунун Манасты орус эли жана А. п. менен тынчтык маанайда жашаган баатыр катары көрсөткөнүнө В. Радлов да көңүл бөлгөн: «Мында падышанын эске алынышы менин катышып отурганыма байланыштуу болду. Ырчы Манастын орустарды жеңгенине орус чиновниги нааразы болушу мүмкүн деп ойлоп, менин көңүлүмө жаккандай өзгөртүү киргизди» (Радлов жазып алган вариант, 13),— деп белгилеген. Манасчынын угуучуга карата эпостун окуяларын кандайча өзгөртөрүн байкаган: «Бул шарт ырчы өзүнүн угуучуларына кандайча көңүл бурганын көрсөтөт» (Радлов жазып алган вариант, 13 — 14). Манас А. п-га келип:

Каапырдын журтун какшатамын
Ачууланба падышам!
Кызыл баш журтун кырамын
Ачууланба Манаска!
Кокондун журтун коркутамын,
Ындынын журтун ыйлатамын,
Ачууланба Манаска (Радлов жазып алган вариант, 72),

— дейт.

А. п. менен акылдашып Манастын орустан башка элдерди чаап, мал-мүлкүн олжолоп алуу идеясы падышалык орус баскынчыларынын сырткы саясатына, Кокон кандыгынын жана жергиликтүү феодалдык бийлөөчүлөрдүн баатырдык, эрдик жөнүндөгү түшүнүк, көз караштарына туура келген. Бирок, эпостун жалпы элдик идеясына жат көрүнүш катары кийинки эпизоддордо өнүктүрүлбөйт, эпос аткарылган учурга ылайык айтылган декларация бойдон кала берген.

М. Алиев

АКПАЙ

— кырк чоронун бири. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап жар тандоо учурунда аты кырк экинчи келип, А. тагдырына буюрган Шыңгынайга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 427).

АК-САЙ

— топоним. Ат-Башы менен Какшаал тоолорунун аралыгындагы өрөөн. Эпосто кыргыздар малын баккан кең жайлоо, кыштоо катары эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 47, 70).

АКСАРГЫЛ

— Манас жоого минген аттардын бири. Текестин ордуна кан көтөрүлгөн Тейиштин тоюнда Манас баатыр Сайкалга каршы эр сайышка чыкканда минген аты. А. Манасты көтөрүп жүрө албай чабалдык кылып, Сайкалды жеңип чыгышына жолтоо болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 55—56).

АКСАРГЫЛ

— Жамгырчынын тулпары. Көкөтөйдүн ашында «Жамгырчынын алтын баштуу Аксаргылы» (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 86-б.) байгеге чабылганы айтылат.

АК САРЫ БАШЫЛ

— ырымчыл адамдар өз башына оор иш түшкөндө (көбүнчө кыйын оору, кырсык жана 6ашкалар) же сүйүнгөндө, тилек тилеп кудай жолуна аталчу мал. «Тилек» орундалса, аталган мал союлуп, түлөө өткөрүлгөн. А. с. б. адеп чыкканда өңү ак, боз болгон, бара-бара анын түсү ылганбай калган. Бул түшүнүк адамдар табияттын сырларын биле электе чыккан. А. с. б. ырымы «Манас» эпосунда чагылдырылган. Чыйырдынын толгоосу күчөп, кыйналып жаткан учурда «Алып келип бай Жакып Ак сары башыл кой чалды, Ай туякка бээ чалды. Ай мүйүзгө уй чалды» (Сагымбай Орозбаков, 1. 79),— деп эскерилет. А. с. б-га байыркы мезгилдерде өзү ак, башы бир аз саргыч мал гана чалынган болуу керек.

АКСУР

— Ажыбайдын күлүгү. Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушунун урматына өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта марага төртүнчү болуп келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 327).

АКСУР

— Калдардын аты. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап жар тандаган учурда аты отуз тогузунчу болуп келип, Калдар тагдырына буюрган Айымжанга үйлөнгөнү айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 427).

АК-СУУ

— топоним. Өзөн, дарыялардын аталышы катары түрк элдери жашаган жерлерде кеңири учурайт. Эпостогу А.-С. Алтай аймагына туура келет. Андан тышкары түштүк-чыгыш Кыргызстандан куралган А.-С. чыгыш Түркстанда Аксы, Кум-Арык деп айтыла берет (Сагымбай Орозбаков, 2. 161; Саякбай Каралаев, 1. 204).

АКСЫ

— топоним. Эпостун Кашкарга байланышкан согуш окуяларында жана кыргыздардын соода-сатык, жай турмуштарына байланыштуу көп эскерилет. Географиялык реалия катарында Кашкардагы Ак-Суу шаары.

АКСЫ

— Ак-Суу топоним. Шиңжандагы Аксы шаары жана аны бойлоп агып өткөн дарыя.

АКСЫ

— топоним. Жазма даректерде, элдин айтымында Чаткал тоосунун эки тарабындагы өрөөндөр Аксы (Фергана өрөөнү), Талас болуп экиге бөлүнөт. Намангандын түштүк-батышында орун алган орто кылымдагы шаардын урандысы Аксыкент (аксылыктардын шаары) деген ат менен тарыхта белгилүү. «Мажму-ат-таварих» аттуу китептин автору Аксыкенттик Сайф ад-Дин молдо да ушул шаарда жашап өткөн. Эпосто эзелтен кыргыздар жашаган чөлкөм катары бир катар эпизоддордо эскерилет. Географиялык реалияда Жалал-Абад облусунун түндүк-батышында жайгашкан аймак (азыркы Аксы району). Түштүгүнөн жана түштүк-батышынан Өзбек республикасы, батышынан Ала-Бука, түндүк-батышынан Чаткал, түндүк-чыгышынан Токтогул, чыгышынан Ноокен райондору менен чектешет.

АКТАН Тыныбек уулу

(1888, азыркы Тянь-Шань району, Тегерек-Булак айылы — 1951, ошол эле жер) — манасчы, акын жана комузчу. Белгилүү чоң манасчы Тыныбектин уулу. Жаштайынан атасы айткан «Манасты» угуп чоңойгон.

А-дын сөз өнөрүнө шыктуулугу он үч жашында эле байкалган. Адегенде комуздун коштоосунда элдик ырларды аткаруучу катары таанылып, өзү да ыр чыгарып, элдик ырчылардын катарына кошулган. 1936—47-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. Көптөгөн күүлөрдү, анын ичинде «Манас» эпосунун обонунун негизинде «Чоң кошуун», «Семетей күү» деген күүлөрдү жараткан. «Манас» эпосунан «Көкөтөйдүн ашынан» үзүндү, «Семетей» бөлүгүнөн «Семетейдин жетим калып Букарга барышы» жана «Семетей Букардан Таласка келип Манастан калган мүлктөрдү алып жаткан жери» деген эпизоддорду жаздырып, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн. А. айткан «Манас» менен «Семетей» үзүндүлөрү идеялык жактан таза, өз алдынча көркөмдүккө жана оригиналдуулукка ээ. «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунда Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашын берүү жөнүндө Таластагы Манаска келип кеңешинен тартып, Мааникерди зордук менен алмак болгон Коңурбай Манастын каарына чыдабай коркуп багынганга чейин жазылып алынган. Эпизоддун сюжети негизинен Сагымбай Орозбак уулунун мектебине жакын.

А-дан жазылып алынган «Семетей» эпосунан үзүндүлөр башка варианттар менен негизги сюжеттик өзөгү окшош. Эпостун башталуу эпизоддору, андагы окуялар турмуштук чындыкка жакындаштырылып баяндалат. Манас өлгөндөн кийин Абыке, Көбөштүн Каныкейге көрсөткөн кордугу башка семетейчилердин айткандарына жакын. Мында негизги айырмачылык Абыке, Көбөштөн корккон Чыйырды менен Каныкей бешиктеги Семетейди жашырып, жер алдында багат да, Букарга аман алып качып, жолдо Каракандын балбаны Акбалбанга кезигет. Ал жолоочулардын кайдан келе жатканын сурайт. «Барар жерим Майстан, турар жерим Чилистан» — дейт Каныкей. Акбалбан Букарга келип жолдон жесир аял, жетим бала кѳргѳнүн Караканга айтат. Каракан кейип ыйлап Каныкейдин карын бөлөсү Козубек баштаган бир тобун жиберип Каныкей, Чыйырды, Семетейди тосуп алышат. Каныкей атасына тарынычын айтып, анын колунда турбай кетерин айтат. «Талас калса, эл калса, Медина кирип сен барсаң, Медериң көрбөй Сен калсаң кандай болот» дейт Каракан. Каныкей: «жамандык менен жакшылык баарына кабар берсем да бала ордуна көрбөдүң. Мединага барып Манаска куран түшүртөм» — дейт. Каракан Каныкейдин келишине арнап той берип таарынычын жазат. Семетейди Козубекке бала кылып берет. Козубек Семетейди тарбиялап өстүрүп, жети жашка чыкканда молдого берип окутат. Семетей тентек өсүп, эч кимди . көзүнө илбей кожо, молдолорду сабайт. Шоктугу токтолор деген ой менен Козубек Семетейди койчулукка берет. Тентектиги аябай ашынган Семетей койчу болуп жүрүп, кой, козуларды союп, жолдош балдарын токмоктойт. Уйчу, жылкычы да болот. Семетей балдардын минген торпокторун союп, жылкыларды сабайт. Семетейдин тентектигинен бүткүл Букар эли «Же жубарымбек турсун Букарга, же журтуң турсун Букарга» — деп Темирканга арызданып барышат.

Семетей он жашка чыкканда Каракандын колуна келет. Эпосто Семетейдин таятасы Каракандын колунда тарбияланышы кыска айтылат. Каныкей өз жомогунда кыргыз эли, Таластын жайы, Манастын күмбөзү жөнүндө айтышы, Семетейдин Таласка келип Бакайга кезигиши, Абыке, Көбөшкө барышы, Жакыптын Семетейге уу берип өлтүрмөк болгону башка варианттарга окшош айтылат. Ырас, айрым мотивдер, көркөм сүрөттөөлөр боюнча өзүнчөлүккө ээ. Мисалы, Семетейдин төмөнкүдөй сүрөттөлгөн портреттери башка манасчылардыкынан кыйла айырмалуу:

Кеңдигин көрсөң Таластай,
Келбетин көрсөң Манастай,
Бука моюн, кең далы,
Кабагы бийик, өңү саз,
Кең көкүрөк жайык төш,
Эрди шалпык, ээги узун,
Эртеги кеткен султаның
Эр Манаска мүнөздөш.
Жазы маңдай кара сур,
Келте мурун, кең таноо,
Келбети сонун жаш бала,
Кулагы жазы калкайып,
Келишимдүү залкайып.
Кабагы бийик, бүркүт көз,
Карчыга далы, шумкар төш.
Айдай боз ат мингени,
Алтын жака торгой көз
Ак күрөөкө кийгени.
Оң далысы кең экен,
Баралына келгенде
Ойротту бузар эр экен.
Сол далысы кең экен,
Мүчөлүнөн өткөндө
Солоонду бузар шер экен.
Жолборстой көзү жайнаган
Жоон топ төөнү айдаган,
Кабагы бийик, өңү саз.
Каптап койгон эмедей,
Караганы баланын
Каз моюн эле эр Манас
(Актан Тыныбековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 990 инв., 256-257-б.).

Семетейдин өз жакындары саналган Абыке, Көбөш, кырк чоро жана чоң атасы Жакыпка жолугушуунун айрым мотивдери өзүнчөлүккө ээ болуу менен кызыктуу. Мисалы, Бакай агаларына Семетейди тааныштыруу үчүн Көбөштүн үйүнө жакын ээрчитип келип, аны обочороок калтырып коюп, өзү Көбөштүн ак ордосунун капшытына келип тыңшап тура калат. Арак ичип күжүлдөшүп олтурган чоролордон чыныңарды айткылачы деп сурап жаткан Көбөштүн көөсөрлүк сөзүн тыңшайт.

Байыркы Манас барында
Балкып турган чагында,
Тулпар минип жоо сайдың,
Туу көтөрүп эр сайдың,
Жортуул барып мал алдың,
Жоодон талап бул алдың.
Жыл маалына тентидиң,
Жамалбады жетигиң.
Анда жыргал бар беле?
Ордого чоро чогулткан,
Конок кылып олтурткан
Канда жыргал бар беле?
Атың семиз өзүң тынч,
Айта турган сөзүң тынч.
Жайыт малың өрүштө,
Жаш-карысы өзүнчө.
Жайыттын малы короодо,
Жаш карысы бөлүнүп
Шерине менен жородо.
Өөдөсүнгөн киши жок
Өзүнчө бийлик чородо.
Эмки кандай жыргал бар
Байыркы менен эмкиден
Баркын туура сынаңар
(Актан Тыныбековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 990 инв., 297 — 298-б.),

— деп кан болуп алган Көбөш сураганда көөкөрлөп арак ичип олтурган чоролор:

Эми бизде жыргал көп,
Эркинче басып жүрмөй көп.
Нойгутка алман беребиз,
Андан башка чыр да жок.
Чубакты чоро кылам деп
Жоо сайдырып алам деп,
Бээжинге казат салам деп,
Берендин баарын кырдырды.
Чубакты анда өлтүрүп
Нойгутка бизди чыр кылды.
Чубактын куну түгөнбөй
Жылына алман жыйдырды.
Сайкал бизди коркутуп,
Сандаган малды жыйдырды.
Аргын менен Ногойго
Акимдик кылып кыз Сайкал
Азыраак бизди сындырды.
Андан башка чоңдукту
Абыке, Көбөш каныбыз
Адамдан бизге ким кылды
(Актан Тыныбековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 990-инв., 299-б.)

дешет. Кызып калган Ырамандын Ырчыуулу карагай комузду карсылдата чалып, айкөл Манас барында ачыгып келген чорону тойгузганын, жалгыз келген чорону үй-бүлөлүү кылганын, Алмамбеттин Манаска келгенин, Манас да Абыке, Көбөштү урушта калкалаганын айтып ырдайт. Манаска Кайыптын кызы Сайкал о дүйнөлүк болуп антташып, Тайбуурулду бергенин, Сайкал азыр Семетейдин келээрин күтүп жүргөнүн, ачуусу келсе Тайбуурулду азыр эле тартып аларын айтат. Ырчыуулга жинденип Көбөш эшикке чыгат. Анан капшытта сөз тыңшап турган Бакайды көрүп, бакан менен башка чаап кеткенин Абыке байкап калат. Ал жыгылып кеткен Бакайды тургузат. «Мен тартуумун» — дейт Абыке Бакайга. Бакай Семетейдин келгенин сүйүнчүлөйт. Абыке сүйүнүп, Бакайга: «башыңын айрылганын көрсөтпө, жаңы келген Семетей капа болот»— дейт. Семетейдин келгенине кубанган Ырчыуул аны менен кучакташып көрүшөт. Абыке да Семетей менен ыйлап көрүшөт.

Семетей менен Көбөштүн үйүнө барып атасы Манастан калган курал-жарактарды, Аколпокту күч менен тартып алат. Бакай Семетейди ээрчитип алып чоң атасы Жакыптыкына жөнөйт. Үйүнө жакындаганда, Семетейди кабакка калтырып, өзү Жакыптын үйүнө келип: «Сүйүнчү Жакып, балаң Семетей келди, сизге учурашамын деди» — дейт. Жакып «баламды алып келип учураштыр» — дейт. Бакай Жакыптын үйүнөн чыгары менен акырын тыңшап тура калса, Жакып «Ой Бакдөөлөт, канкордун уулу келиптир, ал менин балдарымды соо койбойт, аракка уу чыла, ичирип өлтүрөйүн» деп буйрук кылат. Бакдөөлөт: «оңбогон какбаш оңбойсуң, арстандан калган жалгызга кантип уу беремин» — дейт. Жакып күчтөп Бакдөөлөткө уу чылатат. Семетейге учурашамын деп келгенде калп эле «айланайын кулунум келдиңби» демиш болот. Чала-була бетинен өбүмүш болуп, «суусап келген балама суусун куй кемпир» — дейт. Семетей уу кошулган аракты:

Айланайын атаке,
Ак сакалың турганда
Адепсиз ишке түшпөймүн.
Арак болсун, бал болсун
Атамдан мурда ичпеймин
(Актан Тыныбековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 990-инв., 376-б.),

— деп чоң атасы Жакыпка сунат. «Кайран Манас өлгөндө капалыктан аракты каргыш кылып оозума, такыр ичпей калгамын» — дейт. Семетей каарданып Жакыпты сакалынан алганда арак чайпалып кетип, чачырандысы тийгенде сакалы жыдып түшүп калат. Семетей аракты ит аякка куйганда көк дөбөт жыттап эле өлөт. А-дын «Семетей» эпосунан айткан эпизоддор Семетей агалары Абыке, Көбөш, чоң атасы Жакыптан атасы Манастын курал-жабдыгын күч менен тартып алып, Тайбуурулду минип, абасы Бакайга үч айдан кечикпей кайра келерин айтып, Букарга кетиши менен аяктайт. А. Тыныбек уулу «Манас» эпосунун айрым үзүндүлөрүн гана эмес, кыргыздын баатырдык кенже эпосу «Эр Табылдыны» толук айткан. А-дын «Эр Табылдысы» колдогу варианттардын ичинен толугу жана идеялык мазмуну, көркөмдүгү жагынан көрүнүктүүсү.

С. Алиев

АК-ТАЛАА

— топоним. Алооке кыргыздарды чаап алып, туш-тушка бөлүп айдап жибергенде Каракандын сегиз уулунун кенжеси Жакып баш болгон кырк үйлүү кыргыз Алтай тарапка сүрүлгөндө барып турган жер (Саякбай Каралаев, 1. 85). Ал Иле дарыясынын чыгыш оң жээгин бойлой жайланышкан баркандуу кеңири талаа катары сүрөттөлөт.

АКТАР ТАЗ

— эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Үрбүнүн атасы экендиги гана айтылат (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 77, 82-б.). Үрбүнүн атасы Сагымбай Орозбаковдун вариантында Таз чечен, Саякбай Каралаевдин вариантында Эйбит таз делет, «Бейбит» деп да айтылат.

АК-ТАШ

— топоним. Валиханов жазып алган эпизоддо:

Козу башы, Копого,
Койдун жүнүн аламын.
Үлкөн Ак-Таш барамын
Үй жаптырып аламын
(Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 14-б.),

— деп Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашын берерде өзүнө караштуу ногой элин А. Т-ка көчүрүп барарын айтат. Географиялык реалияда Иле же Күңгөй Ала-Тоонун тескейиндеги бир нече. А.-Т-тардын бири.

АК ТАЯК

— кандардын, бектердин эшик сакчысы. Эпосто Алмамбет баатырдын Көкчөдөн кетишине байланыштуу окуяда төмөнкүчө эскерилет:

Эсине албай эчтеме,
Эр Алмамбет кириптир,
Эшиктеги ак таяк
Эсеттердин Бөкөсү
Эшик ачып ийиптир

(Сагымбай Орозбаков, 2. 257).

АК-ТЕРСКЕН

— топоним, эпосто ашуунун аты. «Ак-Терскен ашамын, Аттын ээрин алдырбай, Ат чалдырып аламын» (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 74-б.),— деп Көкөтөйдүн ашын бергени бараткан жолдо Бокмурундун көчү А.-Т-ди ашып барып, акырында Жолойго коңшу конору айтылат. Аталаган топоним Чыгыш Казакстандагы Жунгар Ала-Тоо түркүмүндөгү ашуу.

АКТУЛПАР

— Темиркандын тулпары. Темиркан өзүнүн ордуна Семетейди кан шайлаганына арнап өткөргөн тойдогу ат чабышта А-ды байгеге кошот. Ал Каныкейдин алтымыш асый Тайтору баш болгон 361 күлүк ат менен чабылып күч сынашат. А. чуркаган сайын кызып сынына келет. Каныкейдин эскерүүсү боюнча:

Атакем Темиркандын Актулпар
Теги күлүк мал эле.
Кара байыр, казанат
Калбыр өпкө, жез билек
Канаты бар жан эле
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 99),

— деп өзгөчө апыртылып сыпатталат. Бирок, А-дын «канаты бар жан экени» жомоктук-фантастикалык маанайда канчалык апыртылып айтылбасын, эпос чагылдырган доор менен шартталган, жерде жашоого ылайыкташкан, кадимки эле күлүк аттардай сүрөттөлөт. А-дын негизги касиети чаалыкпас, чарчабас, күлүктүк сапаты менен байланышкан. Мына ушундай өзгөчөлүккө ээ А. учкаяк күлүктөрдүн күлүгү күч сынашкан бул жарышта марага Тайторудан кийин экинчи болуп келет. Семетей Букардан Таласка биринчи жолу барганда, жаш баласынын алыскы жолго чыкканынан жана Абыке, Көбөш сыяктуу жоосуна жолугушуудагы чырдан кооптонгон Каныкей кадырын салып атасынан А-ды сурап берет.

С. Алиев

АК-ТҮЗ

— топоним. Бала баатыр Манас атасынын жылкысына тиймек болгон калмактарга сокку уруп, аларды «Алты өзөндүн Ак-Түздө» (Алтайда) талкалайт (Сагымбай Орозбаков, 1, 130).

АКУНБЕШИМ

Акунбешим пааша, Акун шаа— эпизоддук кейипкер, Чүйдү бийлеп турган калмак каны. Кырк беш жыл кан болуп эл бийлеген А. Орго кандын Манастан жеңилгенин уккандан кийин жер-жердеги адамдарына чабарман жиберип кол курап, үч ай он төрт күн согушка даярдык көрөт. Согушта А-дин колу жеңилип, өзүн Манас атынан түшүрө сайып, артынан жете келген Айнакул башын кесип кетет (Сагымбай Орозбаков, 2. 125—145).

АКУНКАН

— каарман, Оогандын каны, Айчүрөктүн атасы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас катаган, тейитти чаап кеткен, оогандын каны Түлкү менен урушуп, жеңип алганда, иниси А-дын адамгерчилигин жактырып калат. А. да Манастын баатырдыгына, айкөлдүгүнө чексиз ыраазы болуп, бел куда болууну сунуш кылат. Манас Бакай, Алмамбет менен кеңешип анын өтүнүчүн кабыл алат да, эгер балаң кыз болсо, бата аягыбыз, эркек болсо кийгизген кийитибиз деп үч миң жылкы тартуу кылат. Саякбай Каралаевдин вариантында «Көкөтөйдүн ашында» балбан күрөш бүткөндөн кийин А. Манаска Кошойдун батасын алып балалуу боло турган болдуң, Айчүрөк деген кызым бар, келин кылып ал, — дегенде, Манас калың мал берип, бел куда болот (Саякбай Каралаев, 2. 54). Башка варианттарда да Манастын эрдигине, жалпы эле адамгерчилигине тен берген А. ага куда болууну биринчи сунуш кылат. Манас өлгөндөн кийин да А. убадасында турат. Айчүрөктү зордук менен тартып алмак болуп Чынкожо, Толтой шаарын камап келгенде кырк күн (Саякбай Каралаевдин вариантында сексен күн) мөөнөт сурайт. Айчүрөк ак куу кебин кийип жердин жүзүн кыдырып жүрүп, Семетейди табат. Семетей келип душманын жеңгенде А. чоң той өткөрүп, ага Айчүрөктү берет. Эпосто А-дын убадага бекемдиги көрсөтүлүп, адамгерчилигине жогору баа берилген.

Ал Чынкожо, Толтой сыяктуу күчтүү жоо камап, атайылап басмырлап, кыстоого алганда да качанкы өлгөн Манаска берген эбаккы убадасынан танбайт. Манастын өз атасы Жакып, аталаш инилери Абыке, Көбөштөр, жада калса жоону бирге жоолашкан кырк чоросу Манастын өлгөнүнө кырк күн боло электе чыккынчылык кылышып бүлөсүнө кордук көрсөтүшүп, мал-мүлкүн талап кеткенин эске алганда, А-дын жогоркудай эрдиги анын терең адамгерчилигинин белгиси катары бааланат. Кыргыздардын өзүлөрүнөн алыс, тектеш эмес элдер менен да терең карым-катнашы, эки элдин бири-бирине болгон бийик урматтоосу А. менен Манастын мамилеси аркылуу берилген.

Р. Сарыпбеков

АКУН Таш уулу

(1890, Ноокат району, Белек-Сарт айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Манасчылардын түштүк тобуна кирет. Адыгине (Бөрү) уруусунун Кожек тукумунан. «Манас» айтууну атасы Таш Сайба уулунан үйрөнгөн. Андан «Манастын бала чагы», «Манастын Каныкейге үйлөнүшү» эпизоддору жазып алынган. А-дун варианты эпостун салттык сюжетине жакын (Кол жазмалар фондусу, 612-инв.).

АКУРУК

— эпизоддук кейипкер, калмактын туу сактоочу баатыры. Манас Орго кан менен болгон согушта А-ту сайганда найзанын учуна илинип калган Тагылыктын өлүгү менен уруп өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 123).

АКУШ

(тажикче накш, уйгурча накша — «ыр») — тойлордо, салтанаттуу кечелерде, көңүлдүү отурган убакта кезек менен ырдачу ыр. «Манаста» А. тууралуу «...Барабанын тарттырып, Бала туйгун жолунан, Тегиз акуш айттырып» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 131). «...Баягы арты кучак чоң комуз, Дутарларын тарттырды. Алтымыштай балбанга Тегиз акуш айттырды...» деп айтылат.

АК ҮЙЛҮҮ

— бийлик ээлери тарабынан көз каранды элдин көрүнүктүү, кадырлуу, өкүлдөрүн (баласын же өзүн) барымтага алуу. Үстөмдүк кылуучу бийлик ээси буйругун эки кылбай аткарып туруш үчүн А. ү. ыкмасын колдонушкан. Эпостун негизги варианттарындагы согуштук окуяларда эскерилет. Алтайдан Ала-Тоого көчүп келишкен кыргыздарды коркутуу максатында Алооке кан:

Өкмөттөн айрылып,
Өкүнбөс боло турсун деп,
Улуктуктан айрылып
Урушпас боло турсун деп,
Манас алам ак үйлүү,
Мага моюн сунсун деп
(Сагымбай Орозбаков, 2. 178)

Манастын өзүн А. ү-гө алмак болот. Алоокенин зордукчул өкүмүнө каршы турган Манас анын өзүн багындырып:

Башкы балаң Боокени
Мага жалдап бериңиз!
Ак үйлүүгө алганым,
Ал сөзүмө көнбөсөң
Азыр бүгүн башыңа
Акыр заман салганым!
(Сагымбай Орозбаков, 2. 196),

— деп айтат.

Манас баатыр багынып берген Алоокеден балдары Бооке менен Кошабыштарды А. ү-гө алат. Кийин Бооке менен Кошабыш Манастын чоролору болуп калат. А. ү. экинчи мааниде байлыктын жана бийликтин символу маанисин да билдирет.

АКЧАБАК

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү, Миңбайдын кызы. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап жар тандоо салтында аты жыйырма тогузунчу келген Ырчыуул тагдырына буюрган А-ка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 426).

АКЧАҢГЫЛ-ТАШ

— топоним. Чубак он үч жашында Манас менен жолуккан Алтайдагы бел. Белде алар «кыл болот мизин жалашып» антташкандыгы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 197).

АК-ЧИЙ

— топоним, Манастан сокку жеген Алооке Бээжинди көздөй качып А.Ч-ге баратып алты боолуу чатырын тиктирип өргүп, эс алган жер. Географиялык реалияда Какшаал дарыясынын боюндагы Ак-Чий, Кара-Чий деген жерге туура келет.

АКЧЫБЫК

Көкчыбык— Бакайдын мылтыгы. А. жеке эле жоо куралы эмес, магиялык касиетке ээ буюм. Мисалы, Саякбай Каралаевдин вариантында Букарга Семетей, Чыйырды менен качып бараткан Каныкейди жолду тоскон чоң суудан Бакай А-тын касиеттүү күчүнүн жардамы менен өткөрөт.

АКШАГЫЛ

— Каныкейдин атасы Каракандын минген аты. Манас өлгөндөн кийин алты айлык Семетейди ала качкан Каныкейдин агасы Солтонкул А-ды минип алдынан тосуп чыгат (Радлов жазып алган вариант, 294).

АКШУМКАР

— Манастын, кийин атадан калган мурас катары Семетейдин укмуштуу аңчылык кушу. Багыш Сазановдун варианты боюнча «Арканын кара тоосунан, Адам жүрбөс зоосунан, Капкактуу таштын астында, Курбулуу тоонун боорунда, Жети аркан салса жетпеген, Адамзаат баласы. Алып муну кетпеген». А. темир канат кезинде уясынын кырында олтуруп, учуп бараткан кузгунду алам деп умтулуп кулап келе жатканда Алмамбет тосуп алып, кан баласы Каныкейге алып келип берет. Ал «тумшугу менен эт берип» багат (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв., 1253—1257-б.).

ТМВда Арпанын башы жайыктагы Чырамыштын тоосунда А-ды саятчы Төлөн тор жайып кармап алып, Кошойго көрсөтөт. Ал «дөөлөт кушу ушул, Манаска тартуу кыл» — дейт. Манас тартуусуна көп мал берип А-ды алат (ТМВ, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 90 — 94-б.). Башка варианттарда да Манастын А-га ээ болушу аталган айтымдарга жакын баяндалып, анын сын-сыпаты кеңири сүрөттөлөт:

Шумкардын сыны мына бу:
Көзү кара, көк шаал бут.
Көргөндөн кайра тартпаган,
Көнөктөй жемден артпаган.
Боору кара, сырты көк,
Көсөө куйрук, үнү ачуу.
Куш сыпаты мына бу:
Кукулуктап үн чыкса
Куштан ачуу үнү бар.
Култуя түшүп качырса,
Каманды серпип кан кылчу,
Кайратына келгенде,
Качыра түшүп күркүрөп,
Кара чаар жолборсту
Капталдан серпип жай кылчу
(АЫВ, Кол жазмалар фондусу, 184-инв., 149-б.).

«Манаска» арналган айрым изилдөөлөрдө А. менен Кумайыктын образы тарыхта кыргыздардын куш салып, тайган агытып аңчылык кылып келишкен чарбачылык кесиби менен байланыштырылат. Чындыгында «Манас» үчилтигинин биринчи бөлүмүндө алардын аңчылыкка пайдаланылгандыгын учуратпайбыз. А. сөөлөт үчүн алынып жүргөндөй айтылганы менен иш жүзүндө колдоочу мифтик жаныбардын милдетин аткарат. Андыктан анын образынын пайда болушун алда канча кенен планда кароо керек. Эпосто А. Кумайык менен катар айтылат, экөө бири-бирине жакын иш аткарышат. Бул бекеринен эмес, алар алгачкы учурда бир образды түзүшкөн. Иран элдеринин эң байыркы диндик китеби «Ригведе» жору түспөлдөш Хомай деген ыйык куштун образы жолугат. Хомайдын Симург менен биригишкен образы маданий таасир катары түрк элдеринин оозеки чыгармаларына өтүп Кумайыктын образын түзөт. Анын баштагы аргын образы экиге ажырап, өз-өзүнчө персонификацияланган, куштун атрибуту А-га, иттин атрибуту Кумайыкка (кыраан итке) айланган. Бул экиге ажыраган образдар өз-өз алдынча өзгөрүүгө, жаңыланууга туш болгон. Айрыкча А-дын образы жергиликтүү ишенимдердеги түшүнүктөрдөгү куштун мурдатан келе жаткан образындагы көп элементтерди өзүнө сиңирип жаңы белгилер менен байыган.

А. бийликтин символу катары Манас тууларда ата-энесинин түшүнө кирет. Молдобасан Мусулманкуловдун варианты боюнча Семетей Таласка алгач келгенде А. асманда айланып учуп Семетейдин башына конгондо Манасты колдогон укмуштуу жаныбарлар Семетейди тегеректешип, ага атасыныкындай сүр-айбат пайда болот (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 563-инв., 196-212-б.). ТМВда А. дөөлөт кушу катары баяндалса, Багыш Сазановдун вариантында сыймык кушу деп көрсөтүлөт. Бул вариантта А. дифференцияланып, экиге бөлүнүп, аңчылыктын кушу өзүнчө, бийликтин символ кушу өзүнчө образга айланган. Каныкей Семетейди Таласка алгач жөнөтүп, артынан дүрбү салып карап отуруп, Семетейге атасынын бардык колдоочулары, анын ичинде шумкар да келгенин төмөнкүчө көрөт:

Балага кудай бериптир
Куйругунда куту бар,
Боорунда жалгыз буту бар,
Башында жалгыз көзү бар,
Адам көргүз өзү бар,
Ошо күндө бир шумкар
Оң ийнине конуптур
Олутту султан болгонун
Ошондо долу көрүптүр
Көңүлү мындан тыныптыр
(Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 165-инв., 190-б.).

Варианттын башка жерлеринде бул башта Манастын сыймык кушу экени айтылат. Келтирилген мисалдагы шумкар бир жагынан башка варианттардагы Семетей Таласка кайтканда А-дын ага жолугушун толук эске түшүрсө, экинчи жагынан анын өзү эмес башка шумкар, өзүнчө жаңы образ. Байыркы учурда түрк элдери да адамдын жанын дал ошондой куш түрүндө элестетишкенин элдик оозеки чыгармачылыктын көптөгөн үлгүлөрү ачык далилдейт.

Бир катар түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарга кеңири белгилүү «Кет-Бука» деген күүнүн текстинде ырчы канга «Алтын боолуу акшумкар, Алтын боосун тытыптыр, Айды карап сызыптыр, Ал эмине болуучу», — деп табышмактатып айтса, кан баласынын өлгөнүн дароо түшүнүп: «Алтын боолуу акшумкар, Алтын боосун тытканы, Айды карай сызганы, Ал кулунум ботом болгону» — дейт. Бул саптар Манас өлгөндө Каныкей кошкон кошогу менен түздөн-түз үндөшүп кетет: «Күмүш жагоо, жез чынжыр, Тынар эле падышам, Тынарым колдон учарбы? (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв., 421-б.). Бүгүнкү айтуучулардын баяндоосунда мындагы шумкар (тынар) адам жанынын аллегориялык маанисинде же салыштыруу иретиндеги көркөм каражат катарында берилет. Манас, Семетейлер өлгөндө А. аллегориялык мааниде эмес, түздөн-түз өзү учуп кеткени ачык көрсөтүлөт:

Тегеренип калкактап,
Тескери учуп чалкактап,
Сасык жемдин баарысын
Чачып кетти Акшумкар,
Кайып болуп көрүнбөй Качып кетти Акшумкар
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 508-инв., 151-б.).

Байыркы грек мифологиясындагы жогорудагы мисалдарга типологиялаш көрүнүштөрдү изилдеп келип, А. Ф. Лосев минтип жазат: «Адам жанын куш түрүндө элестетүүнү бул жерде өтө байыркы деп эсептөө керек. Ырас, бул элестетүү көпчүлүк учурда куш менен салыштыруу иретинде берилет. Бирок, мифтеги ар кандай салыштыруу бир кездеги анын так өзү болгонун көрсөтөт» (Лосев А. Ф., Античная мифология в её историческом развитии. — М., 1957, 24-б.). Семетей Кыяс тарабынан жараланып, талаада калганда анын денесин А. Кумайык менен бирдикте душмандан сактап, эч кимди жолотпойт. Байыркы Египет мифиндеги кудай Осиристи иниси Сет өлтүргөндө анын куш түрүндөгү жаны шумкар денесин душманга бербей үстүнөн учуп кайтарып турат. Типологиялаш бул мисалга салыштырганда Семетейдин денесин кайтарган А. да качандыр бир кездерде анын жаны катары элестетилген.

А. адамдын жаны (куту) катары сүрөттөлүшү Айчүрөктүн аны ала качышынан да байкалат. Кыргыз элинин эпосторунун ичинен мифология образдарды, түшүнүктөрдү көбүрөк ачык сактап калган. «Төштүктө» башкы каарман өзүнүн жаны болуп эсептелген болот өгөөнү уурдатып жиберип, аны издеп чыгып, жер алдындагы Көкдөөнүн кызы Күлайымга үйлөнөт (типологиялаш эпостордо жер астындагы дүйнөнүн өкүмдарынын кызы жер үстүндөгү баатырга ашык болуп калып, ага турмушка чыгышы үчүн анын жанын (кутун) же өзүн амал менен атайы алдырат). Буга салыштырганда кереметтүү Айчүрөк Семетейдин жөнөкөй эле аңчылык кушун эмес, анын жанын (кутун) ала качат. Ошондуктан А. жоголгондо Семетей энеси Каныкей өлгөндөй абдан кайгыга батып издеп чыгат жана сыйкырдуу канаттуу ат минген душманын жеңүү менен Айчүрөккө үйлөнөт.

Р. Сарыпбеков

АКШУМКАРДЫН УЯСЫ

— Ат-Башы кыштагынын батышында Коргон-Таш деген жердеги зоо. Элдик уламыш боюнча ушул бийик зоодон Семетей Акшумкарын уядан алган экен. Ошол Акшумкардын тукумун кийин эле Улуу Ата Мекендик согуштун алдыңкы жылдарында эл көргөн дешет: «Күндөрдүн биринде бир боз шумкар учуп келип, асманда шаңшып туруп кайра жок болуп, бир аздан кийин жер жайнаган жапайы каздарды элдин алдына топулдатып тээп түшүрүп, «мени унутпай жүргүлө» дегенсип эрдемсип шаңшып үн салып кайдадыр учуп кетиптир».

АКЫЙНЕК

Акый — элдик оозеки чыгармачылыкта айтыш жанрынын бир түрү; акыйлашып, бирин-бири ыр түрүндө кордоо, шакаба чегүү, мыскылдоо, тамашалоо мүнөзүндө айтылып, сөз тапкычтыкты, чечендикти үйрөнүү, сынашуу максатындагы жаш балдар-кыздардын айтышы. А. жөнүндө «Манас» эпосунан мындай ыр саптары кездешет:

Теректин башын бурушуп,
Аркы-терки турушуп,
Селкинчегин тебишип,
Акыйнегин айтышып,
Бирин-бири жеңишип...
(Сагымбай Орозбаков, 3. 185).

Бул саптар А. оюнунун өтө байыркылыгынан кабар берип турат.

АКЫЛАЙ

— каарман, Манастын аялы, Шооруктун кызы. Манас Оогандын каны Шоорукту жеңип, кызы А-ды тартууга алат. ЗКоокерчилик доордун салты боюнча кыз баатырдын «олжосу» болуп турган тарыхый шарттын көркөм элеси эпостун бардык варианттарында учурайт. Түш. Кыргызстандан (Ноокат, Алай рндору) жазылып алынган жана Жусуп Мамайдын вариантында А. эмес Накылай. Бардык айтуучулар А-дын образын түзүүдө жалпы эпостук салтка ылайык анын портретине, ички сапат-касиетине, кылыкжоругуна таамай мүнөздөмө беришет:

Шооруктун кызы Акылай,
Шоодураган капырай,
Короз моюн, аппак бет,
Койкоңдогон кара бет.
Карагат көздүү, кардай эт,
Какшаңдаган кара бет
(Сагымбай Орозбаков, 2. 221).

А. келишимдүү сымбаты, жасакерленген кыялжоругу аркылуу Манаска жагууга аракеттенет. Анын колунан иш келбеген чоркоктук, эл тагдырына көңүл кош караган пассивдүүлүк, жеңил ойлуулук, туруксуздук, мансапкорлук жана күнүчүлдүк сыяктуу жагымсыз сапаттарын, акылсыздыгын байкаган Бакай: «Каада билбес катының, Кайдан келген каапырың. Катыным бар деп ойлопсуң, Канкорум Манас бойдоксуң»,— (Саякбай Каралаев, 1. 235),— деп Манаска «тагдырына багышталган», «маңдайына жазылган» аялы башка экенин билдирет. Ант кени А. Манаска ылайык жар эмес, эпикалык чыгармадагы башкы баатырдын аялына коюлуучу талаптарга жооп бербейт. Манастын жоо кийимин даярдап, сарамжалын көрүү милдетин аткара албаганы — А-дын Манаска татыктуу жар эместигинин далили. Манастын А-ды олжолоп үйлөнүшүнүн жалпылыктары ар бир айтуучунун окуяны берүү бөтөнчөлүгүн, образ түзүү өзгөчөлүгүн жокко чыгарбайт. А-дын образынын эволюциялык өнүгүшүндө белгилүү айырмачылыктар учурайт. Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын өлгөнүнө кырк күн толо электе А. «ал уулга тийбес катындын жети атасы каапыр», — деп Көбөшкө тийип алат. Кайрадан күйөөгө тийип, өз баркын көтөрүү максатын көздөгөн А-дын образы таптык коомдогу «канышаны» элестетет. Эпосто А-дын жагымсыз образы аркылуу өз элин эл тута албай жат болуп, ички душмандын кызматын кылган, өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мансапкор аялдын элеси берилген.

C. Алиев

АКЫЛАЙ

— эпизоддук кейипкер, Айчүрөктүн нөкөрү. Айчүрөк Үргөнчтүн боюнда Семетейди тосуп жатканда А. кереметтүү түш көрүп, аны кыздарга баяндаганда түшүн Канымжан жоруп, Семетейдин келе турганын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 46—47).

АКЫЛАКУН

— эпизоддук кейипкер, Кашкар беги Алакундун аяры. Ал Кашкарлыктын колу менен кыргыз колу беттешерде Манасты сынап келүүгө, колунан келсе өлтүрүүгө барат. Манастын сырткы келбетин көрүп эле жүрөгү түшүп өлөт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1792-инв., 59-61-б.).

АКЫЛБАЙЫС

— эпизоддук кейипкер, Атемирдин кеңешчи бектеринен. Манастын Каныкейге үйлөнүшүндөгү окуяларга катышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 360,-362, 414).

АКЫЛБЕК

— эпизоддук кейипкер. Орго кан жеңилгенден кийин Акунбешим паашага каршы жөнөмөкчү болуп Манас кеңеш курганда эл билермандарынын ичинде анжыяндыктардын өкүлү катары аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 94).

АКЫЛБЕК

(болжол менен 1840-жылдары туулган — өлгөн жылы белгисиз) — эл арасында ысмы кеңири тараган манасчы. Колдо болгон маалыматтарга караганда А. эң таланттуу инсан экен. А-тин өтө таланттуу жомокчу болгондугун ал жөнүндө бизге жеткен кабарлар айгинелейт. Маселен, манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен А-ти жогору баалайт. Манасчылар жөнүндө Сагымбай мындай ырдаар эле:

Назар менен Нармантай,
Келдибек, Балык, Тыныбек.
Баарысынан байкасам
Артык билет Акылбек
(ЫАВ, Кол жазмалар фондусу, 1150-инв., 3-б.).

Залкар манасчылардын бири Саякбай Карала уулу «Чоң манасчылардын кимисине жолугуп, таалим алып, бирге болгонсуз?»— деген суроого ал: «Чоң манасчыдан Акылбекке кезиктим. Тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат кайран киши», — деп келип, А-тин айтуусунан Алмамбет менен Чубактын жол талашкан жеринен мындай саптарды келтирет:

Ойлосоң боло ой Чубак
Олоңдогон кысталак.
Каалап билдим дилимди,
Калжырайсың жөнү жок,
Кан кыл дедим кимиңди.
Караалдуу Манас болбосо
Кагар белем капкайда кеткен жиниңди...
Мен талак кылдым бутумду,
Таштап келдим журтумду,
Элимен качып келгени
Жаманыңа жанаштым.
Какылдайсың жөнү жок
Кан кыл деп айтып бу сени
Кимиңден кандык талаштым,
Мен кай жолумдан адаштым
(Кол жазмалар фондусу, 151- инв., 198-б.).

«Мен өзүмдү бактылуумун деп сеземин, — деп эскерген Ыбырайым Абдыракман уулу — ысык-көлдүк атактуу манасчылардын жетөөнү көрүп калдым, жетөөнүн оозунан тең «Манас» уктум. Мына ушул манасчылардын мыктыларынын бири Акылбекти биринчи ирет он үч жашымда көрдүм. Мен жыйырма сегизге чыкканча Акылбектин «Манасын» көп уктум». Анын А. баш болгон атактуу жомокчулардан таалим-тарбия алгандыгын «Сейтек» эпосунун аягында жазган төмөнкү ыр саптары да ырастайт:

Мен да билем башынан,
«Семетей», «Манас» жомогун,
Ойноо бала жашыман.
Ысык-Көлдүн жеринде,
Уруусу бугу элинде,
Уругу кытай Акылбек
Аксакалдар айтчу эле
«Семетей», «Манас» айтууда,
Акылбек сөзү макул деп.
Акылбектен көп уктум
Өздөштүрүп төп уктум
(ЫАВ, Кол жазмалар фондусу, 189инв., 331 —332-б.).

Ыбырайым Абдыракман уулунун эскерүүсүнө караганда А. «Манас» эпосун калмак тилинде да айта билген. «Акылбек Текесте жылкычы болуп жүргөн учурунда «Манасты» калмактардын ичине кирип барып, калмакча да айтып жүргөн» дешет (ЫАВ Кол жазмалар фондусу, 190 (1150)инв., 4-б.). Мына ушул эскерүүлөрдү эске алганда ысымдары эл арасына уламага айланган атактуу жомокчулардын «баарысынан артык билген Акылбек» манасчынын замандаштары Сагымбай Орозбак уулу менен Ыбрайым Абдыракман уулу тарабынан өтө жогору бааланышы А. сыяктуу «Манасты» толук айткан, абдан таланттуу жомокчулардын чанда чыгарына далил боло алат.

С. Алиев.

АКЫЛМАН

— акылга дыйкан, көптү билген, көптү көргөн, даанышман, кеменгер адам. Эзелтен эле кыргыз эли акылмандыкты, эл ичинен чыккан А. адамдарды кастарлап, алардын накыл кептерин көңүлгө тутуп келген. Элдеги, жамааттагы абийир, адеп, жалпы эле ымандык нормалардын сакталышын А. карыялар, аксакалдар көзөмөлдөп, багыттап турган. Ушуну менен катар журт башына кыйынчылык түшкөндө, кысталыш учурларда туура жол таба билген.

Жаңжалдарды, чатактарды тыюуда жана башкалар оорчулуктан чыгууда чоң роль ойношкон. А-дар калыстык, адилеттик менен катар мамлекетти башкарууга да түздөн-түз катышкан. Бийлик ээлери өтө маанилүү чечимдерди акылчысы менен кеңешкенден кийин гана кабыл алышкан. Мындай көрүнүштөрдү «Манас» эпосунан өтө кеңири байкоого болот. Манасты Манас кылган Каныкей, Кошой, Бакай А. каармандар катары сүрөттөлөт. Элдин камын ойлогон даанышман адамдар эпосто көп жолугат.

Алтайга айдалып барган кырк үйлүү кыргыз кыйын абалда калганда Акбалтанын кеңеши менен алтындын кенин казып, эгин эгип жан аябай эмгектенип эл байып, бакыбат турмушка жетишет (Саякбай Каралаев, 1. 36—37). Бул жагдай акыры келип элди материалдык көз карандылыктан бошотуп, тууган жер, эркиндик жөнүндөгү сезимдеринин ойгонушун шарттайт. Ушул жагдайда Кошойдун образы да кыйла барандуу образ:

Катагандын кан Кошой
Байгамбар чалыш карыя,
Адамдан артык тууган олуя.
Батасы эрди байыткан,
Дубасы жанды жарыткан,
Беделин көргөн чоочуган,
Он эки пирге кол берип,
Абаң Кошой кайран эр
Даанышман Кошой атанган
(Саякбай Каралаев, 1. 108).

Кошой элге кадырлуу, кыраакы, кеменгер адам. Ал туш-тушка чилдей тарап кеткен кыргыздардын кимиси кай жакта экенин иликтеп биле жүргөн. Азган-тозгон элдин калганын эптеп жүрүп эл кылып, Чеч-Дөбөнү жер кылып, баскынчыларга моюн бербей турган. Элдин муң-зарын түшүнүп, келечегин терең ойлогон. Ошондуктан Акбалта карыя Манаска эң оболу «акылга дыйкан, кеменгер» Кошойго барып жолугууга кеңеш берет. Манас Кошойго жолуккандан баштап аны пирим деп эсептейт. Элдин камын, эркиндигин ойлоо керектигин, чачылган элди бириктирүү, элдик баатырдын иши экендигин Манаска Кошой туюнтат. Ошондой эле Каныкей менен Бакай да айрыкча А. адамдар катары сүрөттөлөт. Бакай Манаска келип кошулган күндөн анын А. кеңешчиси гана эмес, «жоону бирге жоолашкан, доону бирге доолашкан» жакын досу да болуп калат. «Калк энеси» атанган Каныкей Кошой Жолой менен күрөшкөндө кийген кандагайды жасоодон баштап, Манасты бир канча жолу өлүмдөн да алып калат.

Көрөгөчтүгүнө, билгичтигине шайкеш келген А-дыгынын натыйжасында Манастын сөөгүн жашырып, күмбөз салат, Манастан калган жалгыз туяк Семетейди багып, чоңойтуп элине, жерине ээ кылат, ички-тышкы душмандардын баш айланткан чатактарында уулунун туура багыт алышына көмөктөшөт. Баатырлар коркунучтуу абалда калган учурларда да жол таба билет. Каныкей А-дыгы, чыдамкайлыгы, кайраты, сарамжалдуулугу менен катар камкор боорукер эне дагы. Эпосто Акбалта, Кошой, Каныкей, Бакайдан башка А-дын деңгээлине көтөрүлө албаса да, элге, журтка баш көз болуп, акыл айткан, жол баштаган, зарыл насааттарын аябаган көп каармандарды кездештирүүгө болот. Бирок, баары эле накта А. боло албайт. А-дык — эл тарабынан бааланган, ага коомчулук ыйгарган өзгөчө статус. Турмушта буга жалаң эле көп жашаган, көптү көргөн карыялар гана эмес, акылы жетик, түшүнүгү терең, татаал маселелерди калыс чече билген жаш адамдар да ээ болушу ыктымал. «Манас» эпосунда А-дарга «олуя», «олуят» деген эпитеттердин колдонулушу өтө маанилүү. Аны жөнөкөй түрдө колдонгондо ар нерсени алдын ала билген, философ деген маанини туюнтат. Алсак: «Акыл айтат Акбалта Олуя заада жан экен» (Саякбай Каралаев, 1. 37). «Катаган кандын кан Кошой Пайгамбар чалыш карыя, Адамдан артык тууган олуя» (Саякбай Каралаев, 1. 108).

Билбегенди билдирген
Билгич Бакай карыя.
Туйбаганды туйгузган.
Туйгун Бакай олуя
(Саякбай Каралаев, 1. 187).

Эпосто А-ды сыпаттоодо карыя, аксакал, кызыр, касиеттүү, даанышман, кеменгер, көсөм деген сыяктуу сөздөр арбын пайдаланылат. Бул А. жөнүндөгү элдик түшүнүктүн тереңдигин, кенендигин айгинелейт. Жыйынтыктап айтканда А-дык эпосто элдик рухий дарамети, коомдун алга өнүгүшүнүн зор таянычы, прогресстин өзүнчө бир шам чырагы катары кеңири камтылып көрсөтүлүүсү менен көңүлдү өзүнө бурат.

О. Исмаилов

АКЫЛ-ЭС

— адамдын түшүнүү, ой-жүгүртүү, таанып билүү жөндөмдүүлүгү. Таанып-билүү жөндөмдүүлүгүнүн мүнөздөмөсү катары А.-э. «Манас» эпосунда философиялык, психологиялык, тарыхый жана башкалар жагдайларда чагылдырылып жана адамдардын ойлоо аракеттерине, эй жүгүртүү өрүшүнө байланыштуу көрүнөт. Муну «Манас» эпосунун энциклопедиялык өзгөчөлүгү, башкача айтканда эпосто элдин көп кылымдык тарыхы ичиндеги дүйнө түшүнүктөрүнүн кеңири камтылып турушу, аалам, коом, жаратылыш тууралуу түрдүү деңгээлдеги билимдердин, маалыматтардын топтолушу толук ырастайт. Ушул жагдайда «Манас» А. э-тин (память) сандыгы катары бөтөнчө мааниге ээ.

Себеп дегенде ал, асыресе ата-бабалардын өткөндөгү тажрыйбасы болуп, узак мезгилдер бою А. э-тин терең түпкүрүндө сакталуу менен учурдагы жана келечектеги муундар үчүн ченемсиз кызмат кыла турган касиетке жетише алган. Бул касиет бөтөнчө эпосто социалдык А. э-тин чагылдырылышынан даана байкалат. Эпосто эмгек куралдары, социалдык мамилелер, салттар, жүрүш-туруш нормалары өңдүү элдин материалдык, рухий маданиятына байланышкан маанилүү маалыматтар өтө көп. Эпостогу элдин эркиндик, келечек турмушу үчүн күрөш-аракеттери, тажрыйбалары, осуяттары көңүлдү өзүнө айрыкча бурат. Эпос боюнча кытай-калмактар кыргыздар менен эзелтен жоолашып келишкен. Улам бири жеңип, жеңилгени көз каранды болуп турган. Эпостогу Манастын атасы Жакыптын кырк үйлүү кыргыз менен Алтайга айдалып барышы буга мисал. Бөтөн эл, бөтөн жерде, кара калмак, манжуу журттан запкы жеп, «кордук менен күн өткөрсө, кейиш менен суу ичсе» да, Жакып абдан байыйт. Элдин турмушу да оңолот. Бирок, кырк үйлүү кыргызды, кантсе да, бул абал эч канааттандыра албайт:

Алтайды айттың жерим деп,
Сен калмакты жүрдүң элим деп,
Бул Алтай бизге жер эмес,
Бул калмак бизге эл эмес
(Саякбай Каралаев, 1. 69).

Кырк үйлүү кыргыздын көздөгөн түпкү максаты, тилеген тилеги — ата-бабасы мекендеп өткөн Ала-Тоого кайра кетүү. Манас эр жетип элди душмандан коргой ала турган баатыр болуп, катылгандын катыгын колуна бере баштаганда:

Жыйгандын баарын чачалы,
Бул алтайдан качалы,
Ала-Тоо артык жерине
Кетели кыргыз элине
(Саякбай Каралаев, 1. 84)

деген тыянакка келишет. Бул мисалдардан кыргыздардын аң-сезиминдеги мекен жөнүндөгү түшүнүктүн башатын байкоо кыйын эмес. Алтай канчалык берекелүү келип, малга, данга, дүйнөгө карк кылса да, кыргыздар үчүн бөтөн жерде, бөтөн элдеги жашоо турмушу туулуп өскөн жерисиз, ата журтусуз эч нерсеге арзыбай тургандыгы көз алдыга айкын тартылат. Тарыхтын көп кырдуу коогалуу окуяларына, трагедиялуу кагылыштарына карабастан, кыргыздар өз жерин, өз элин сүйүү сыяктуу түшүнүктү А.-э-ине бекем сактап келди. Маселен, патриоттук ыйык, күчтүү сезимден ажыратуу үчүн кытайлар, калмактар кыргыздарды туш тарапка таратып гана тим болгон эмес. Алардын айрымдарын (мисалы, Көзкамандарды) эрксиз күң, денекул кылышып, ал түгүл башына шири кийгизип, маңкурт кылып, өзүнүн түпкү тамырынан ажыратып, тегин, элин, ата-энесин, өзүнүн ким экенин, кайдан келгенин аңдай албай, ээсинин айтканынан чыкпаган абалга жеткиришкен. Өткөндүн мындай коркунучтуу көрүнүштөрүн эске алуу бүгүнкү күндө адамдарды А.-э-ти жоготпоого, аны бекем сактоого үндөйт. Дегеле А.-э-те сакталган маалыматты жаңы маалымат менен салыштыруу объективдүү чындыкты улам тереңирээк аңдап билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Улуу эпос «Манас» көптөгөн муундардын А.-э-инин жыйындысы катары ченемсиз маалыматтарды камтып тургандыгы менен улуттук жана рухани маданиятыбыздын зор кенчи, кыргыз элинин көркөм ойлоосунун көөнөрбөс мурасы, көп кылымдык тарыхынын көркөм эстелиги болуп турат.

О. Исмаилов

АКЫН

— кыргыз, казак элдеринде көргөндөрүн жана коомдук турмуштан баамдап байкагандарын эч даярдыксыз ыр менен шыдыр баяндоого жөндөмдүү таланттуу адам, көркөм сөз өнөрүнүн өкүлү, «Ырчы» деген сөзгө маанилеш. «Акын» термининин теги жөнүндө филология илиминде эки көз караш бар. Б. В. Радлов, В. Бартольд, А. Маргулан, И. А. Батманов өңдүү илимпоздордун болжолунда А. «ак» (течь, струя) деген сөздөн жасалган. К. К. Юдахиндин пикири боюнча окумал, акылман, билимдүү, урматтуу адамды туюнтуучу уйгурча «ахунд» деген сөздүн кыргыз тилине кирип, адегенде чыгарган ырын жаза билген бирин-экин сабаттуу ырчыларга карата айтылып, кийинчерээк гана төкмө ырчылар да А. атала баштаган. Өткөн кылымдын орто ченинде В. Радлов кыргыз жергесине келгенинде ошол кездеги көп эл катышкан жыйындарда өз оюн ыргактуу баяндоого жөндөмдүү, өнөргө маш, таланттуу адамдар ырдап чыгарын айтып, аларды эл ардактуу наам менен «акын» (ырчы) деп атап, алардын көбү атак-даңкка, урматка ээ экенин белгилейт. «Манас» эпосунда да «акын» жана «ырчы» деген терминдер бир эле мааниде колдонулат, мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында:

Ажы бий болду атагы,
(Ажыбай деп атаган
Акындар билбес чатагы)
(Сагымбай Орозбаков, 2. 283).

Жайсаң ырчы дегени
Жалаң үйдүн борумун
Жарым күнү ырдаган
(Сагымбай Орозбаков, 2. 11).

Акындык өнөр элдин рухий байлыгынын бир салаасы болуп, кылымдарды карытып, улам өнүгүп олтурган. А-дардын ырлары бизге белгисиз бойдон калганы менен «Манас» эпосунун бизге жетиши — акындык өнөрдүн өнүккөндүгүнүн белгиси. Кыргыз акындарынын чыгармачылыгына карай легендарлык акындар, төкмө акындар, жазгыч акындар, жомокчу-манасчылар деп бөлүп карашат. А-дардын ичинен эң таланттуулары манасчы-акындар болуп саналат. Манасчылар «Манас» айткандан башка ар кандай тематикадагы ырлар да чыгарышкан, эл алдында төгүп ырдай да билишкен. Ал эми А-дын баары эле «Манас» айта алышпайт (к. Манасчы). Көптөгөн ырчы-акындардын чыгармалары бизге жетпей, айрымдарынын аттары да унут болгон. Кээ бирлери жөнүндө уламыш мүнөзүндөгү бирин-экин гана маалыматтар сакталган. Мисалы, Жайсаң ырчы, Кет бука, Токтогул ырчы, Асан кайгы. Кыргыз А-дарынын чыгармачылыгы көп жактуу болгон. Мисалы, Токтогул айтыш, нуска ырлары менен бирге кенже эпосторду да айткан. Ал эми Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу «Манасты» бүтүндөй айткан улуу манасчылар болуу менен бирге, нуска ырларды, тамсилдерди, поэмаларды да жараткан.

Ошентип, ар бир А-дын жеке чыгармачылык өзгөчөлүгү болуп, бири лирикага ыктаса, экинчиси эпосторду аткарууга, башкасы насыят, нуска ыр чыгарса, дагы бири айтышка маш болгон. Адардын чыгармалары, кыргыз элинин тарыхы менен адабиятын үйрөнүү үчүн гана эмес, аларды философиялык, коомдук-саясий ой-пикирлерин изилдөө үчүн да зор мааниге ээ. Бири-биринин А-дык дараметин сындоодо жаш таланттарды өстүрүүдө А-дардын, манасчылардын айтыштарынын мааннси зор болгон (к. Айтыш). Элдик оозеки чыгармаларды сактап, өнүктүрүп, аларды мурас катары кийинки муунга жеткирүүдө жазгыч А-дардын салымы чоң, кыргыз адабиятынын тарыхында жазгыч акындардын туңгуч өкүлү катары Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Алдаш, Ысак, Абылкасым, Токторалы, Шамей, Абдыкалык жана башкалардын ысымдары белгилүү. Жазгыч А-дар ыр жаратууда элдин оозеки чыгармачылыгына жана аны сактап, өнүктүрүп келе жаткан төкмө А-дардын ырчылык салтына таянышат. Чыгарма жаратуу менен гана чектелбестен А-дар элдин көркөм сөз казнасын жыйнап, кагазга түшүрүшкөн. Буга Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кол жазмалар фондусунда сакталып турган эпостун араб арибиндеги кол жазмалары далил (к. «Кысса Семетей бу-турур»), Азыр А. термининин мааниси кеңейип, ыр жазган, ыр жазууну кесип кылган адамдар да А. аталып калды.

Ы. Кадыров

АКЫН Шадыкан уулу

(1901, Өзгөн району, Ана-Кызыл айылы —?)— манасчы. А. «Манас» айтканды атасынан үйрөнгөн. Атасы Шадыкан сыяктуу эле ал «Манастын» төрт бөлүмүн («Манас», «Семетей», «Сейтек», «Чийтек») айткан. 1952-ж. анын вариантынын «Манас» бөлүмүнөн Манастын туулушу жана балалык чагы, Манастын кан (башчы) болуп урушка жарап, Кошойго жана Канкожого жолукканы, Манастын мусулмандарга келген калмактарды кууп, эл коргоп кыргыздарды топтогону, Чоң казаттын башталуу себептери, Манастын өлүмү эпизоддорунун кыскача мазмуну жазып алынган.

АКЫНБЕК

Акымбек, Акунбек — эпизоддук кейипкер, Меңдибайдын. атасы. Кыргыздардын жыйындарында катарда саналуучу уруу башчысы. Эпосто уруусу өзбек, набат, нойгут делип түрдүүчө берилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 250; 2. 24, 68, 94, 383), ошондой эле Меңдибай тууралуу кеп болгондо Акымбек же Акынбек уулу Меңдибай делип айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 41; 2. 372, 378).

«АКЫНДАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНЫН ТАРЫХЫНЫН ОЧЕРКТЕРИ»

— кыргыз акындарынын чыгармачылыгына арналган, авторлор коллективи тарабынан жазылган китеп (Фр., 1988). Китепте Октябрь революциясына чейинки жана андан кийин жашаган белгилүү ырчы, акын, манасчылардын чыгармачылык портреттери берилген. Китеп кириш сөздөн, Легендарлык акындар, Төкмө акындар, Куудулдар, Манасчылар деген бөлүктөрдөн турат. «Манасчылар» (471 — 492-б.) деген обзордук макаланы С. Мусаев жазган. Анда манасчылык кесипке ээ болуунун баскычтары белгиленип, манасчылык өнөргө байланыштуу маселелер жөнүндө кеп болот. Манасчылар мектептери туурасында да маалымат берилген. Айтуучулардын өмүрү, чыгармачылык жолу жөнүндөгү төмөнкү макалалар кирген: Шапак Рысмендеев (500—515-б.), Сагымбай Орозбак уулу (515—534-б.), Жаңыбай Кожеков (534—543-б.), Жакшылык Сарыков (551 — 559-б.), Акмат Рысмендеев (595— 602-б.), Мамбет Чокморов (жазган К. Кырбашев); Багыш Сазанов (543—551-б.), Молдобасан Мусулманкулов (559—570-б.), Саякбай Каралаев (602—639-б.) (жазган Р. Сарыпбеков) жана Тыныбек Жапый уулу (492—500-б.), Ыбырай Абдырахманов (578—595-б.), Дуңкана Кочукеев (570-578-б.) (жазгандар Р. Сарыпбеков, С. Алиев).

АКЫРЕТ

(арабча ахрет — тиги дүйнө, а дүйнө)— диний түшүнүк боюнча өлгөн адам баруучу башка чыныгы дүйнө, адам өлгөндөн кийин жашоочу дүйнө. Ушул маанисинде эпосто арбын учурайт. Мисалы, «Алып келсе аламын, Ажалым жетсе арамдан, Акыретке барамын!» (Сагымбай Орозбаков, 2. 21). Эпостогу көпчүлүк каармандар А-тин бар экендигине ишенишет, к. Тиги дуйнө.

АКЫРЕТТИК ЖАР

кыяматтык жар — диний ишенимдерде эркек адамдын өлгөндөн кийин «чыныгы» дүйнөдө (тиги дүйнөдө) алуучу аялы, жары. Баатырлык үйлөнүү темасынын салттык сюжети белгилүү даражада Манас менен Кыз Сайкалдын жекеме-жеке кармашуусунда сакталган. Экөөнүн жекеме-жеке кармашуусу эпостун негизги варианттарынын бардыгында айтылат. Бирок, ар бир вариантта ар башка турмуштук кырдаалда, ар башка мүнөздө мотивдештирилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас Текес канды жеңип, ордуна Текестин иниси Тейишти кан көтөрөт. Тейиш кан болгондугуна чоң той өткөрүп, ат чабыш, балбан күрөш, эр сайыш болот. Эр сайышка бир тараптан Кыз Сайкал чыгат. Экинчи тараптан ага эч ким даап чыга албай, акырында Манасты чыгарышат. Манас адегенде алдырып коё жаздап барып, анан гана мөрөйдү алат. Себеби, аялдыкка алууну ойлоп Сайкалды аяп кармашат. Багыш Сазановдун вариантында Текеликтин сеңиринен нойгут элинин кызы Сайкалдын жылкысын Манас менен Чубак тийип баратканда, ал аркасынан кууп жетип Манас менен чабышат. Экөө алыша албай жатканда Чубактын жардамы менен Манас мөрөйгө ээ болот. Ошондо Сайкал: «Каныкейге күнү болуп барганым уят, акыреттик аялың болоюн» (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1080-инв., 280—281-б.),— деп ант берет.

Эпостун башка варианттарында да ушул сыяктуу эле эки негизги учур туруктуу сакталган. Биринчи учур — Манас менен Кыз Сайкалдын жекеме-жеке кармашы жана бардык учурда Сайкалдын жеңилиши. Экинчи — жеңилген соң Кыз Сайкалдын акыреттик жар болууга Манаска убада бериши. Бул жекеме-жеке кармашта мөрөйгө ээ болгондон кийин баатырлардын алп кыздарга үйлөнгөндүгү жөнүндөгү эң байыркы эпикалык салттык сюжеттин көрүнүшү. Салттык сюжеттерде алп кыздар баатырлардан жеңилген соң ага чыгууга макул болсо, «Манас» эпосунда Кыз Сайкал мөрөйдү алдырган соң бул дүйнөлүк эмес, А. ж. болууга убада берет.

Эпостогу Манас менен Сайкалдын жекеме-жеке кармашуусу жана А. ж. болушу жөнүндөгү салттык сюжет байыркы көөнө эпостун бир кыйла өзгөрүлгөн формада сакталгандыгын көрсөтүп турат. Анткени коомдук мамилелердин өнүгүшү, өзгөрүшү менен бүлөлүк салттар да өзгөргөндүктөн, мурунку бүлөлүк салттарды улам кийинки муундар унутуп, салттык сюжеттер да улам кийинки доорлордогу бүлөлүк мамилелердин салтына, нормасына ылайыктала берген. Сайкалдын «Каныкейге күнү болуп баруу уят» деп «акыреттик» аял болууга убада бериши да ушуну менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле «акыреттик үйлөнүү» жөнүндөгү түшүнүктү ачыгыраак берүү максатында манасчылар айрым толуктоочу мотивдерди да киргизген.

Мисалы, Манас дүйнөдөн кайтканда Кыз Сайкал келип жоктойт (Саякбай Каралаевдин варианты , Сагымбай Орозбаковдун варианты жана башкалар). Манастын сөөгүн Бакай, Кошой, Кыз Сайкал үчөө гана алып барып жайына коюшат (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты). Себеби Манастын кайда коюлганын өтө ишенимдүү гана адамдары билүүгө тийиш. Кыз Сайкал Манас өлгөндөн көп узабай дайынсыз кайып болуп кетет (Саякбай Каралаевдин варианты). Бул Манас өлгөн соң Кыз Сайкал убадасы боюнча анын акыреттик аялы болуш үчүн кетти деген түшүнүктү билдирет. Ар бир адамдын адилет, ак жашаган аялы тиги дүйнөдө да бирге жашайт деген түшүнүк байыркы убактагы чыгыш элдеринин көпчүлүгүндө айрыкча, түрк, моңгол элдеринде да салттык түрдө өкүм сүргөн. Айрым чыгыш элдеринде өлгөн адамдын аялын кошо көмүү салты кийинки Моңгол доорунда да сакталгандыгын тарыхый фактылар далилдеп турат. 13-кылымда саякатчы Г. Рубрук: «моңголдордо жесир аял эч качан башка күйөөгө чыкпайт, анткени тиги дүйнөгө барганда (өлгөндө) ал өзүнүн күйөөсү менен кайра кошулуп бирге жашарына ишенет» (Путешествия в Восточные страны Плано Карпини и Рубрука. — М., 1957.),— деп жазган.

Кыз Сайкалдын Манастан жеңилип, ага А. ж. болушу, Сайкалдын күйөөсү бар экени айтылбагандыгы, Манас өлгөндөн кийин берген анты боюнча кайып болуп кеткендиги баатырдык эпосторго таандык салттык баатырдык үйлөнүү сюжетинин «Манас» эпосунда аталык-феодалдык коомдун бүлөлүк мамилелеринин жана түшүнүктөрүнүн нормаларына ылайыкталып өзгөртүлгөн түрдө да сакталгандыгын көрсөтүп турат.

С. Алиев

АКЫР ТАШ

— узуну 3 мче келген акыр түрүндөгү таш. Нарын дарыясынын сол жээгинде Тогуз-Торо ойдуңунун күн чыгыш четинде, Туз-Тоосунун бет маңдайында анча чоң эмес зоонун түбүндө жайгашкан. Элдик уламыш боюнча ушул акырдан Манастын Аккуласы чөп жеп, дарыядан суу ичип, мойнун созуп өйүздөгү туздан жалап турчу экен.

АКЫР-ТАШ

— Манас жана Семетейдин ысымдарына байланышкан ошондой кылымдагы эстелик. Казак ССРинин Жамбыл областында. Жамбыл шаарынын 35—40 км чыгышында Фрунзе — Жамбыл темир жолундагы Ак-Чолок станциясынан 5 км алыстыкта.

Уламышта А.-Т-ты Манас уулу Семетей экөө салган делет. Семетей тоодон таш ыргытып, атасы аларды тосуп алып, жылмалап тизе берген. Имарат курулуп бүткөндөн кийин Манас менен Семетей чогуу турушкан. Атасынын көзү өткөндөн кийин Семетей Таластын ар жагындагы Олуя-Атадан 25 км алыстыктагы Манас мазарына барып жашаган. Ошол жерден көчмөндөр кол салып Семетейди өлтүрүшкөн.

1893—94-ж. академик В. В. Бартольд кыргыздардан жазып алган дагы бир уламышта Талас дарыясынан бул жакка суу өткөрүшмөк болушкан. Себеби, бул жер илгертен эле суусуз какыраган талаа экен. Ошол жылдары А.-Т.ты В. В. Бартольд карап чыкканда бул жерде суу болгон эмес, бирок кургап калган сайдын нугун көргөн. Качандыр бир убакта чоң суу акканын жана анын бир нече куймасы болгонун байкаган. А.-Т-тын урандыларын 1221-ж. кытай саякатчысы Чан-Чун көргөн. Өткөн кылымдын аяк ченинде бул жерден оймо-чиймелүү таштарды табышкан. А.-Т-ты 1867-ж. П. И. Лерх, 1884-ж. Д. Л. Иванов, 1940-ж. Г. И. Пацевичтер изилдешкен.

Бул тарыхый эстелик өз убагында толук салынып бүтпөй калган. Тик бурчтук түрүндө туурасы 1 м болгон таш кесиндилеринен төгөрөктүн төрт бурчун көздөй багытталып салынган. Дубалдарынын калыңдыгы 2—4 м. Курулуш түндүктөн түштүктү көздөй 205 м, ал эми батыштан чыгышка кеткен жагы 185 м. негизги эшиги түндүк тарабында, калган үчөө түштүгүндө. Ички короосу чоң тирөөчтөр (колоннадалар) менен курчалган; алардын бир дубалынын жанында сүйрүсүнөн келген эки көлмө (хауз) жайгаштырылган. Имаратта түзүлүшү жана көлөмү түрдүү көп бөлмөлөрү болгон.

А.-Т-тын архитектуралык планы Ат-Башы кыштагынан алыс эмес жердеги ошондой кылымда курулган Таш-Рабат тарыхый эстелигине окшош жана аларды атасы менен баласы салганы жөнүндөгү уламыштар да үндөшүп турат.

Д. Ф. Винник, А. Б. Жаманкараев

АКЫЯС

(Агиаз) — топоним. Эпосто дарыянын, анын жээгиндеги шаардын, ой жердин аталышы. Географиялык реалияда Иле чөлкөшүндөгү Текес дарыясынын оң куймасы (Синьцзян-Уйгур авт. району).

АК-ЭРМЕН

— топоним. Алмамбет Көкчөдөн кетип, капаланып келатып, уясын коргоймун деп кайра-кайра жолун торогон ызгычты атып түшүрүп, ага жалгыздыгы жөнүндө арманын айткандан кийин анын сынган канатын дарылап: «Үйүңдү тап деп жаныбар, уяңда балаң дагы бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 299),— деп учуруп жиберген жер. Чүй өрөөнүндө Ашмарага жанаша жаткан өзөн.

АЛА-АЙГЫР

— кытай-калмак балбаны Канжарколдун жоого минген аты. Эпосто:

Астыңдагы Ала айгыр,
Жаман күлүк ал айгыр.
Жайып ийсем оозунан
Куштай учуп кетет — деп,
Кутургурду карасаң
Кум салынып алыптыр
(Саякбай Каралаев, 1. 65),

— деп гиперболалык ыкма аркылуу А.-А-дын эпикалык портрети тартылып, жоокерчилик доордун талабына ылайык күлүктүгү, тулпарлык касиетинин күчтүүлүгү, арыбас-чаалыкпастыгы мүнөздөлөт.

АЛА-БАШ

— топоним. Кыргыздар калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо: «Ала-Баштын сазынан Кайып кандын кашынан Элүү миң аскер алыптыр» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 513-б.),— деп А.-Б. чөлкөмүнөн аскер жыйнаганы айтылат. Географиялык реалияда Төң районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоонун Түн. этегиндеги өрөөн.

АЛАБЕК

— эпизоддук кейипкер, Кашкардын каны. Манас Алоокени жеңип олжосун бөлүштүргөндө Алоокеге ай сайын «алты миң жамбы, миң кундуз» алым төлөп кордук көргөн эле, эми келип олжо алсын деп чоросу Байчорону атайылап А-ке жиберет (Саякбай Каралаев, 1. 213). Кыргыз эли чогулган жерлерде «Алты-Шаардын Алабек» деген эпитет менен кандардын катарында саналат.

АЛА-БЕЛ

— топоним. Кыргызстандагы бир катар бийик белдердин аталышы. Кары жаздын акырына чейин кетпей, ала-телек болуп жатканынан улам аталган. Эпосто жортуулга чыккан кол ар кайсы жерлердеги ушундай белдерди ашканы бир катар эпизоддордо эскерилет.

АЛАГЕР

— калмак баатыры Жамыра жайсаңдын жоого минген аты. Манастын Чүйдөгү Акунбешим менен болгон урушунда жекеге чыккан Жамыраны эр Көкчө ыргыта сайып, аты А-ди олжолоп кетет (Сагымбай Орозбаков, 2. 135).

АЛА-ЖУУКУ

— топоним. Кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенде Манас кырк чоросу менен ууга чыккан Алайкуу тараптагы тоо (Сагымбай Орозбаков, 2. 288).

АЛАЙ

— топоним. «Манас» эпосунун көптөгөн варианттарында кыргыз уруулары байыртан мекендеп келе жаткан белгилүү жерлердин бири катары: «Орозду деген агаң бар, жайлайт деп угам Алайды» (Сагымбай Орозбаков, 1. 118), «Кең-Алайды жердеген, андагы нойгут эл деген» (Саякбай Каралаев, 1. 218),— деп эскерилет. Манас Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенде, алгач ушул А. аймагында жашайт. Эпостун бир катар белгилүү окуялары А-да өтөт: Манас Шоорук менен согушуп, аны жеңип кызы Акылайга үйлөнөт, Чоң казаттын астында Манаска каршы чыкмак болгон кыргыздын уруу кандары Төштүктүн тоюна келишип кеңеш курушат, Көкөтөйдүн ашын өткөрүү жөнүндө аксакалдар кеңеш куруп, жер тандашканда белгилүү көп аймактардын ичинде А. эскерилет:
Жайдардын уулу эр Акбай:

Кеңдиги кыйла далай бар,
Кара-Тегин башында
Атактуу жайлоо Алай бар
Суусу тунук, чөп деди,
Арбын жери көп деди,
Анда Мамбет кеп айтат,
Алайың болбойт деп айтат:
Арбын түшөр бизге топ,
Көпчүлүк иши тарткан ок
Сындырып жагар жыгач жок
Отундан жутап аларбыз
Осол болуп каларбыз
(Сагымбай Орозбаков, 3. 76)...

Алай конуп аш берсек
Милдет кылып келген жан,
Тойгузгун деп чалкалаар,
Кызматчынын баарысы
Тезек терип аркалаар,
Алай — артык отун жок
Анысы болор чоң мүшкүл
(Саякбай Каралаев, 2. 10).

Ошентип, негизги варианттарда А. жайлоосунда токой жок экендиги туура берилген. Географиялык реалияда азыркы Кыргызстандын түштүгүндөгү бийик тоолуу өрөөн жана жайлоо.

Э. Абдылдаев

АЛА-КАНЧЫК

— топоним. Алайкуу чөлкөмүндөгү тоо. Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенден кийин Манас, Бакай баш болгон кырк чоросу менен ууга чыгат (Сагымбай Орозбаков, 2. 170).

АЛАКЕН

— кырк чоронун бири, Алымшаанын уулу, албан уруусунан. Чоролордун ичинен көзгө атар мергендиги менен айырмаланат. (Сагымбай Орозбаков, 3. 176). Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандаган учурунда аты сегизинчи келип, А. тагдырына буюрган Өкүмканга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 427).

АЛА-КӨЛ

— топоним. Эпосто көлдүн жана анын айланасындагы жердин аты. Окуя Борбордук Азияда өтөт. Географиялык реалия катары Балкаш-Ала-Көл ойдуңундагы көл.

АЛАКУН

— кейипкер, Кашкар беги. Кошой Кашкарды каратканда, ага Айтакты бек коёт. Манас, Кошой баш болгон кыргыз колу Кашкар айланасын толук багынтып бүтүп, жер-жерлерине тарап кеткенде, кашкарлыктар Айтакты өлтүрүп, ордуна А-ду бек кылышат. Манас элин Алтайдан Ала-Тоого көчүрүп келе жатып Кашкарга жакын Жай-Төбөдө тыныгып жатканда А. аларга каршы кол курап, урушмак болот, бирок жыйылган кол Манастын сүр-айбатын көргөндөн кийин урушпай эле тартуу тартып, багынат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1792-инв., 57-90-б.).

АЛАМАН

— эпизоддук кейипкер, Манастын чабарманы. Көкөтөй өлгөндө Манастын азага келатканын Бокмурунга алдын ала кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 50).

АЛАМАН КОЮУ

— атчан жоокерлердин душманды жапырт качырып чабуулга өтүүсү. Эпосто душмандар өзгөчө күчтүү, каардуу, амалдуу, ошондуктан алардын үстүнөн жеңишке жетишүү үчүн көрүлгөн жалпы аракеттин, согуштук ыктын бири. Эпикалык А. к. эпосто: «Айтылуу Манас көк жалга, Абийириң кеткен көп кытай Аламан коюп калганы» (Саякбай Каралаев, 1. 38),— деп баяндалат. А. к. кыргыз эл оюндарында ат санына чек коюлбай жапырт баарынын кыймылга киргенин да билдирет.

АЛАМОЙНОК

— Алтайдын күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандаган учурда А. он тогузунчу келип, Алтай тагдырына буюрган Калбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 424).

АЛАНЧА КАН

— эпизоддук кейипкер, Манастын Каракан, Угузкандан кийинки түп аталарынын бири. А. к-дан Байгур, Уйгур жана алардын балдары таралган (Сагымбай Орозбаков, 1. 15).

АЛАП

— топоним. Кытай шаары (Сагымбай Орозбаков, 4. 301). Алмамбет, Сыргак тийген жылкысынын артынан кубалап келген Коңурбай алгачкы айкашта Алмамбеттен качып барып А-ка жашырынат.

АЛА-ТАШ

— топоним. «Өзү келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан жеңилиши» окуясында Алайдын баш жагында экени айтылат. Шоорук кандын артынан кууган кыргыздардын калың колу А.-Т. аркылуу өтөт (Курама варианты, 1. 163).

АЛАТКАК

— адамга түспөлдөш мифтик жандык. «Көкөтөйдүн ашына» чакырылган элдин бири катары эскерилет: «Алаткак бар, Чыңыроон, Адамноо деген жандар бар Бирөөнүн бели билден жоон» (Сагымбай Орозбаков, 3. 67).

АЛА-ТОО

— топоним, эпостун көп варианттарында эскерилген жердин аты. Эпосто кыргыздардын Алтайдан А.-Т-го көчүп келиши кеңири баяндалат. Азыркы кыргыз тоолору жалпысынан А.-Т. деп аталган. Кээ бир варианттарда айрым каармандардын образдары А.-Т-го салыштырылып берилет. Манастын образы «Ала-Тоодой эр Манас» (Радлов жазып алган вариант, 95) делип,

Калмактардын кан Жолой
Сөлөкөтү, сөөлөтү
Атка минген келбети,
Ала-Тоодой көрүнүп
(Саякбай Каралаев, 2. 21),

— деп сыпатталат.

Айрым учурда: «Атакемдин ашына Ала-Тоодой эт кылам, Ала-Көлдөй чык кылам» (Саякбай Каралаев, 2. 9),— деп көптүктү, молдукту билдирүүчү салыштыруу иретинде да колдонулат.

АЛАЧ

— этноним. Эпос боюнча Алашкандан тараган эл, кыргыз, казактын жалпы аты, ошондуктан эпосто А. балдары, А. эли деп көп жолу кезигет. Тарыхый жазма эстеликтерге таянганда орто кылымдагы казак, кыргыздардын уруу союзунун аталышы. Кыргыз, казак элдеринин курамына кирген бул союздагы уруулар: катаган, каңгы, жалайыр Урус кандын тушунда (14-кылымда) Ак-Ордодо башкы ролду ойношуп, А. деген ат алгач жазма эстеликтерде белгилүү боло баштаган.

АЛАШБЕК

— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашында калмак-кытай тараптан эр сайышка Коңурбай чыга турган болуп, жоо кийимин кийип, курал-жарагын шайланып, Алгараны токуп даярданып алганын Кошойго айтып келген адам (Сагымбай Орозбаков, 3. 237).

АЛАЯК

— Шүкүрдүн байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап жар тандаган учурда А. он жетинчи келип, Шүкүр тагдырына буюрган Маарамкан кызга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 424).

АЛБАН

— этноним, казактардын улуу жүз курамындагы негизги уруунун бири. Алайдан Анжиянга көчүү кеңешине чакырылган уруу башчылардын бири Бийназар (Сагымбай Орозбаков, 2. 25), Манастын чоросу Алтай ушул А. уруусунан экени айтылат.

АЛБАРС

— сапаты эң жакшы болоттон жасалган өткүр кылыч. Эпостогу «ак албарс», «мизин болот чыгарган», «ак болоттон миз кылган», «уңгусу болот, учу курч» деген саптарга караганда баатырлардын кылычы жана башка жоо-жарактары курч темирден жасалгандыгы байкалат. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш үчүн курал жасатып жатканда аны уунун кошулмасына сугарышкан. Эпосто А. кылыч жасалганда ушул касиеттер толугу менен сакталгандыгы айтылат. А. кылычтын айрым жасалгаланышы жана табияттын тыш кереметтери төмөнкүчө чагылдырылат:

Атадан калган курч кылыч,
Борумун чабып чыгарган,
Уй майына сугарган
Караңгыда суурса
Кызыл өрттөй кызарган...
Бетине алтын чаптырган,
Кылычынын сабы алтын
Кармай турган жери алтын
(«Кысса Семетей бу-турур»),

А. ак албарс, ач албарс деп да аталган алты курчтун бири.

К. Айдаркулов

АЛГАРА

— Коңурбайдын тулпары. Эпостун бардык варианттарында кытайдын башкы баатыры, кол башчынын тулпары катары кеңири сыпатталат. Жусуп Мамайдын вариантында А., Манастын Аккуласы, Жолойдун Ачбууданы Чыңгыш аттуу какандын менчик бээсинен туулат. Коңурбай эпикалык душмандардын айла-амалдуусу жана эң коркунучтуусу.

Эпостогу негизги оң, терс кейипкерлердей эле ал да согуштук тулпары менен баатыр, ансыз анын эрдик сапаттары толук ачылмак эмес. Коңурбайдын согуш майданындагы тагдыры да түздөн-түз А-нын тулпардык касиетинин күчтүүлүгү менен байланышкан. А-ны мингенде жоого алдырбайт. А.— артыкча күлүк тулпар. Кууганына жетет, качса ага «төрт аяктуу мал жетпейт».

Ал чуркаган сайын кызып сынына келет. Манасчылар да А-нын сын-сыпатына өзгөчө көңүл бөлүшөт. А-га төмөнкүдөй эпикалык мүнөздөмө берилет:

Астындагы Алгара
Ач маралдай шаңкайып,
Кайып түрдүү көркү бар,
Казандай соору даңкайып,
Кумдак жерге оонаткан,
Кудуктуу жерге сугарган,
Куланды кууса куткарбас,
Жалы саяң, куйругу аз,
Салышкан жоого болгон маш,
Туранын сөөгү көпкөк таш
(Сагымбай Орозбаков, 4. 328).

А-нын адамча сүйлөп, ээсине жардам бериш үчүн өз алдынча акыл-эстүүлүк менен жасаган табияттан тышкары магиялык жосундары жок. Кээ бир баатырдык эпостордогу укмуштуу тулпарларга салыштырганда А-нын образы кийинки жоокерчилик доорлордун шартындагы күлүк аттарды элестетет. Анын өзгөчө күлүктүгү, тулпардык касиетинин күчтүүлүгү, арыбастыгы эпикалык арымда апыртыла сыпатталса да, кадимки аттын табигый чегинен чыгып кеткен эмес. Негизги варианттарда А-нын образына ар түрдүү кырдаалдарда (Коңурбай минип жүргөндө, душман менен жекеме-жеке кармашып жаткан учурда, душмандан качканда жана башкалар) эпикалык мүнөздөмө берилүү аркылуу анын жекече өзүнө таандык касиеттери көрүнөт:

Коңурбайдын Кара аты,
Кара атынын бар болчу
Капталында канаты.
Качан болсо куугунга
Жеткирбеген адаты.
Алгара чындап чуркаса
Закым түгүл чаң жетпейт,
Канаттуу куш болбосо
Мындан башка жан жетпейт
(Саякбай Каралаев, 2. 116).

Кыргыздардын, ага канатташ жашаган элдердин эпикалык чыгармаларында канаттуу тулпарлар жөнүндө айтылат, бирок «Манастан» башка дастандарда — Кожожаштын Куубайталы, Чынкожонун Кара аты сыяктуу асмандап учкан канаттуу тулпарлар учурабайт. «Капталында канаты бар» А-нын эпикалык образы байыркы мифтик-фантастикалык аттардан башталганын жана коомдук аң-сезимдин өнүгүшү, көз караш түшүнүктөрдүн өсүшү менен акырындап кадимки атка айланганын көрсөтөт. Ошондой эле анын жекече сапаттары жомоктук-фантастикалык ыкмада канчалык апыртылып айтылбасын, эпос чагылдырган доор менен шартталган, жердеги жашоого ылайыкташкан күлүк аттардай сүрөттөлөт. А-нын негизги өзгөчөлүгү чаалыкпас, күлүктүк касиети менен байланышкан. А. өзүнүн укмуштуудай учкаяктыгы менен Коңурбайды көп жолу өлүмдөн куткарып кетет. А. ал турсун Аккулага да жеткирбей кеткен учурлары болгон. А. эпостун «Семетей» бөлүгүндө Коңурбай менен бир учурда өлөт.

М. Мукасов

АЛБҮБҮ

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап, тагдыр буюрган жар тандоо салтына ылайык аты он жетинчи келген Жайсаңга турмушка чыгат (Сагымбай Орозбаков, 2. 418, 424)

«АЛГАЧКЫ АЙКАШ»

— «Манас» сериялары» деген наам менен жарык көргөн китепче (Фр., 1942). Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча басмага даярдаган Ж. Бейшекеев, жооптуу редактору А. Токомбаев. Көлөмү 2644 сап ыр, 98 бет. Азыркы арип менен басылган. Китептин аягында көөнө сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. «А. а.»— эпостогу поэтикалык жактан эң күчтүү сүрөттөлгөн туруктуу салттык окуялардын бири. «Чоң Казаттын» үзүндүсү.

Китепче композициялык жактан бир бүтүн чыгарма катары «Алмамбет менен Сыргактын кытайдын колу менен беттешкени» деген темада чоң окуянын башталышы катары айтылат. Окуя жылкы тийүүдөн башталып, Коңурбай жылкысын ажыратып алуу үчүн Алмамбет, Сыргактардын артынан көп жолу кол менен кууп келип, алар менен беттешкенинен тартып ооруктагы кыргыз колуна кабар жетип жардамга келгенге чейинки кагылыштар баяндалат.

АЛГЫР КУШТАР

кыраан куштар — аң (карышкыр, түлкү, сүлөөсүн, коён жана башкалар), илбээсин (кыргоол, кекилик, чил, тоодак, өрдөк, каз, көгүчкөн жана башкалар), боз куштарды (чымчык, таранчы, торгой, чакчыгай жана башкалар.) алуучу жана аларды уулоо үчүн атайын тапталуучу жырткыч куштар.

Аларга: буудайык, бүркүт, ителги, куш, ылаачын, турумтай, жагалмай, борбаш, кыргый өңдүүлөр кирет. Булардын ичинен бүркүт, куш, жагалмай, турумтай, кыргый шыпырып алуучулар-кармоочулар, ителги, ылаачын тебүүчүлөр болуп саналышат. Кыраандардын тумшуктары ичтерине ийрейип, текөөрлөрү сыртына чыгып, чалгындары тикендешип, өздөрү жүрөктүүлүгү аң, илбээсинге шамдагай тийип, тумшук матырып жибергендиги аркылуу башка куштардан айырмаланат. Куш төрөсү буудайыкты жана кыргыйды жети кесептин (качырганын куткарбас) бири дешкен. Кыргый турпатынын кичинекейлигине карабастан жебедей тез учуп, өзүнөн чоң кекилик, чилге чейин кол салат. Уусун алары менен мууздап жиберет. Үндөктөөгө кеч көнөт. Алп кыраандардын бири бүркүттүн кырктан ашык түрү айтылат: чөл бүркүтү, сары бүркүт, төө комдой (олжосу төөгө сылай жүк болот), оролмо тоонун ак ийин, калбыр канат, муз мурут, ак канжыга, тынар, куу чегир, ур токмок, жылан көз (башы жыландын башына окшоп кетет), канжыгалуу кара кер, керегендүү кер көз жана башкалар Кыраандыгына карата түлкүлүк бүркүт, карышкырдык бүркүт болуп бааланат. Ителгинин он-он беш уясынан бир шумкар чыгат, ылаачындын он-он беш уясынан бир шумпай чыгат. Ителгинин буту жоон, кыскараак келип, өңү көгүш болот. Ылаачындын арышы узун, шыйрагы бир аз ничке, буту менен тумшугу сары болот. А. к. жаш өзгөчөлүгүнө карай бозум, туйгун, тунжур деп бөлүнөт. Ителги, ылаачын, илбээсин, куштарга, коён өңдүү айбанаттарды алууга чабыттайт. Жагалмайдын чоңдугу кыргыйдай, бирок, канаттары учтуу, ичкерээк, карлыгачтын канаты сымалданып кетет. Турумтайдын чалгындары анча узун эмес, тегерек тартып кичирээк, буттары кыска болот. Жагалмай менен турумтай, таранчы, торгой, чакчыгай сыяктууларга өтө тап келет. Боз чымчыктын кырааны — борбаш таранчыдан анча чоң эмес. А. к-ды жалпы сыпаттоочу «кыраан» деген эпитет Манастан баштап (Кырааным Манас, өзүң ук; Сагымбай Орозбаков, 4.171), Алмамбет (Кыраан эр кырга чыкканы; Сагымбай Орозбаков, 4. 213), Чубак, Сыргак жана башкалар чоролорго, жалпы эле баатырларга карата колдонулат (Манас кандын кырк кыраан; Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 210). Ал эми бүркүттүн кырктан ашык түрүнүн бири, абдан кырааны сыргак делет. Манастын кырк чоросунун кырааны, өз аты Бердибек болсо да, сыны, баатырлыгы ошол кыраан бүркүткө окшоштурулуп Сыргак атка конгон. Чалгынга барарда Алмамбет:

Сыны Сыргак, ашык эр,
Атышкан жоону көргөндө
Ажал өлүм кайда дээр
Өлүмдү билбес өзү бар,
Өрт жалындай көзү бар.
Өчөшкөн жоону көргөндө
Өкүмат өткүр сөзү бар
(Сагымбай Орозбаков, 4. 174)

Сыргакты тандайт. А. к-дын абдан тез учушу баатырлардын шамдагайлыгын, аңга, илбээсинге токтолбой кол салышы каармандардын көрсөткөн эрдигин белгилөө үчүн, айрыкча согуштук көрүнүштөрдү, баатырлардын согушка киришин сүрөттөөдө пайдаланылат:

Жагалмайдай эр Чубак
Көкөтөйдүн Бокмурун
Жерден эңип кетти эле,
Мааникерге мингизип
Аман алып өттү эми (Саякбай Каралаев, 2. 150), же
Берен Сыргак кырааның
Ылаачын тийген таандай
Ар жагына бир чыгып,
Бер жагынан качырып
Калың кытай сан колду
Сүрүп кетип баратат
(Саякбай Каралаев, 2. 152).

Эпосто ошондой эле каармандардын жаш өзгөчөлүгүн белгилөөдө да А. к-га байланыштуу айтылган учурлар кездешет. Жаралуу болуп казаттан кайтып келаткан Манас баласын алып алдынан тосуп чыккан Каныкейге төмөнкүчө кайрылат:

Алып келчи бер жакка
Өлгөндө көргөн баламды!
Боз ала туйгун болпоңду,
Алып келчи бер жакка
Боз карчыга чолпонду!
(Саякбай Каралаев, 2. 223).

Көкөтөйдүн ашында түктүү таман Түкүбай менен күрөшүүгө Агыштын жарай турганын айтып келип Каныкей:

Оролмо тоонун ак ийиндей бүркүттү
Балдагы жок кондуруп,
Салып чыгып келаткан
Агыштай эрди көргөмүн
(Саякбай Каралаев, 2. 52),

— дейт. Карышкыр алчу алп бүркүттү балдагы жок кондуруп жүргөндүгүн айтуу менен Агыштын балбандыгы белгиленип жатат. Кыраандардан ителги, ылаачын, куш, жагалмай, турумтай өңдүүлөргө томого катпайт. Мүнүшкөрлөр алгырларды таптоодо аларды кармоо (куш күйүү), үндөктөө (колго коңдуруу), түлөккө отургузуу (түлөтүү), таптоо (аңга даярдоо), аңга салуу (алдыруу) өңдүү жолдорду басып өтөт.

Иленин суусун бойлошуп,
Ителги салып ойношуп,
Чүйдүн суусун бойлошуп
Чүйлү салып ойношуп,

— деп сүрөттөлгөндөй элдик таң-тамашалардын бир түрү болгон алгыр куштарды салуу эпостон айрыкча анын «Семетей» бөлүмүндө айтылат. Мисалы, Күлешендин Гүл-Токойдо шумкарына илбээсин алдырып жүргөн Семетей Сарытазга жолугуп, андан ата-тегин угат. Адатынча тапка келген Акшумкарды алып салбырынга чыккан Семетей аккуу болуп кубулган Айчүрөккө шумкарын алдырып жиберет жана башкалар Кыраан куштар күлүк ат, сулуу кыз, алгыр тайган, жамбы өңдөнүп илгертен баркканаркка өткөн. Бул эпосто Акшумкардын жогору бааланышынан да көрүнөт. Акшумкар Манастан Семетейге мурас болуп калат; Айчүрөк Семетей шумкары үчүн болсо да келет деп, атайылап Акшумкарды алып кетет; Үргөнчтүн боюнда Акшумкарды сурап Айчүрөккө кайрылган Күлчоро: Жоготуп койсоң шумкарды Сен өңдөнгөн кыздардан Токсон бир кыздын доосу бар (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 54)— дейт. Азыр улуттук спорттун бир түрү катары бааланып, ири салтанаттарда куш салуу тамашасынын өткөрүлүшү байыркы өнөрдүн туура бааланышы болуп саналат.

А. Акматалиев

АЛДАШЕВ Абдулкай Алдашевич

(1918, Жети-Өгүз району, Ак-Кочкор айылы) — советтик фармаколог, котормочу. Кыргыз айыл чарбаинститутун бүтүргөн (1939).

Ветеринария илимдеринин доктору (1965), профессор (1966), Улуу Ата мек. согуштун катышуучусу. Кыргыз ССРинин эмг. сиң вет. врачы (1974). 70-жылдардын башында Б. М. Юнусалиевдин жетекчилиги астында түзүлгөн «Манас» эпосунун канондук текстин орус тилине сапмасап которуу үчүн котормочулардын конкурсун өткөрүүгө (К. К. Юдахин менен бирге) жетекчилик кылган. Редакциялык совет тандап алган 120 000 сап котормонун 115 000 сабын (5000 сапты К. К. Юдахин менен бирге) А. илимий талапка ылайык иретке салып терминдерди орусча так берүүгө жетишкен.

А. катышкан жана редакциялаган сапмасап котормонун негизинде «Манас» эпосунун илимий басылышы «СССР элдеринин эпостору» деген серияда Москвадан ишке ашырылып жатат. Орус тилине көркөм которулуп жаткан «Манас» үчилтигиннн «Семетей» жана «Сейтек» бөлүмдөрүнүн сапма-сап котормосунун 30 000 сабы да А-ге таандык. А. эки 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, «Кызыл Жылдыз», эки «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

А. Абилов

АЛЕҢГИР ЖАА

— эпосто баатырлардын алып жүргөн жоо жарагы: «Атынын мойну бир кулач, Айбандан түрлүү көрүнөт, Алеңгир жаа асынган, Адамдан сүрдүү көрүнөт» (Сагымбай Орозбаков, 2. 300). Алеңгир — байыркы түрк-моңгол сөзү. Саадак деген маанини билдирет. Ал эми жаа деген экинчи компоненти да саадак маанисинде колдонула берет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында А. ж. кытай жоокерлери колдонгон курал катары да айтылат. Мисалы, «Алеңгир жаа асынган, Азезил шайтан мас кылган Нескара деген эр экен» (Сагымбай Орозбаков, 1. 208), «Шаңмусары дегени... Алеңгир жаа, сыр жебе» (Сагымбай Орозбаков, 1. 273) салгылашта пайдаланат.

АЛИЕВ Сатыбек

(1938, Чүй району, Кегети айылы) — «Манас» эпосун изилдөөчү, жыйноочу, түзүүчү. 1968-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, 1982-жылдан Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясында корректорлор бөлүмүнүн башчысы, улук илимий редактор жана редакция башчысы болуп иштеп келет. «Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери» (Фр., 1988) аттуу китепке кирген белгилүү манасчылар Тыныбек Жапый уулу, Ыбырайым Абдыракман уулу, Дуңкана Кочуке уулунун чыгармачылык портрети боюнча жазылган макалалардын (Р. Сарыпбеков менен бирге) автору.

Манасчы Мамбет Чокмор уулу жана Абдылда Дөөлөт уулунун айтуусунда «Манас» училтигинин айрым эпизоддорун жазып алган (көлөмү 20 басма табак). «Манастагы» мифтик түшүнүктөр» («Ала-Тоо», 1989, № 2), «Манас» энциклопедиясы чыгат», «Жаңы энциклопедия» жана башкалар жыйырмадан ашуун макаланын автору. А. «Манас» энциклопедиясына кирген макалалардын тизмесинин сөздүгүн (4000 термин) түзүүчү. «Манас» энциклопедиясынан орун алган оригиналдуу макалалардын жазылышынын типтүү схемасын жана критерийин иштеп чыккан. «Манас» энциклопедиясына эки жүздөй макала жазган.

М. Мукасов

АЛИКЕ

— эпизоддук кейипкер, Кошойдун уулу. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Оогандын каны Түлкү катаган менен тейиттерди чаап, А-ни өлтүрүп кетип, Манас Оогандар менен согушуп Түлкүнүн иниси Акунду колго түшүргөнү айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 439).

АЛИКЕ

— эпизоддук кейипкер. Бокмурун ашка чакырткан УРУУ башчы баатырлардын ичинде А-нин да аты аталат (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 77-б.). Сагымбай Орозбаковдун вариантында А. Кошойдун баласы делет, к. Алике.

АЛМА-КОЮР

— топоним, кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө Айдаркан уулу эр Көкчө кызыккан жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 155). Буга чейин кытайлардын Илебин баатыры жердегени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 34, 74, 129).

АЛМАЛЫ

— топоним. Жакып Алтайда турганда малы жайылган жайлоо. Ошпурдун колунда жүргөн Манас А. жылгада жолдоштору менен бир нече күн айылга барбай тамаша курганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 103). Манасты кармап кетүүгө келген Нескара да ушул А. тоосун ашып өткөн (Сагымбай Орозбаков, 1. 199, 200, 209).

АЛКЫШ

— сөздүн магиялык күчүнө ишенүү менен адамга жакшылык каалоо, анын күнүмдүк жумуштарында же жоокерчилик иштерине ийгилик тилөө. А. өзүнө ар түрдүү магиялык милдеттерди камтыйт. Сөздүн магиялык күчүнө ишенүү коомдун өнүгүшүнүн эң төмөнкү баскычындагы уруу түзүлүшүнүн учурунда жаралган. Конкреттүү кырдаалга жараша жакшылык алып келе турган сөздүн сыйкырдуу күчүнө ишенүү анимисттик түшүнүктөрү (отко, сууга, айга, күнгө, асманга, жерге, теңирге, ата-бабалардын арбактарына жана ар кандай жан-жаныбарларга) сыйынууларды туудурган (к. Анимизм).

Кыргыздар оттун, суунун тазарткыч күчүнө табынышкан. Мындан жаратылыштык культтар келип чыккан. Адамдар бул түшүнүктөргө карата өзүнүн мамилесин сөз менен билдирген жана бул дайыма А. түрүндө айтылган. Бул багытта тотемдик көз караштар кеңири өнүгүп, кыргыздар ар кандай жаныбарларга (бугу, үкү, бүркүт, кайберен, жылан, карышкыр жана башкалар) сыйынышып, аларды өздөрүнүн сактоочусу, колдоочусу, калканчы катары эсептешкен (к. Тотемизм).

Культтардын ичинде теңирге сыйынуу өзгөчө орунда турат. «Теңир жалгасын!», «Барган жериң от болсун, балакетиң жок болсун!» деген өңдүү А-тар салттуу болуп, мындай типтеги алкоолор эпосто көп жолугат. Адамдар теңирди ыйык деп эсептеп, ар кандай аракеттерди теңирге байланыштуу карап, алкоолорду жаратышкан. Ишенимдин өзгөчө түрлөрүн түзгөн салттар ата-бабалардын арбагына сыйынууга байланыштуу. Өлгөн адам тирүүлөрдүн өтүнүчүн угат, жардам берет, колдойт деген ишенимде болушкан. Бул багытта алардын арбактарына атап мал союп, бата тилешкен. Элдин күндөлүк турмушунда мындай А-тар («Манастын арбагы колдосун!», «Ата-бабалардын арбактары колдосун!») азыр да колдонулат. А. көбүнчө бата берген учурда айтылат. Эпосто Семетейге, Сейтекке, дайыма ата-бабаң Манастын арбагы колдосун деген А. айтылат. Бул ишенимдердин келип чыгышы көп кудайларга табынууга негизделген диндик доорго байланыштуу.

Афористикалык жанрда учураган ишенимдер ислам дининин кыргыздар арасына кеңири тараган доорунда Алланын кудуретине ишенүүдөгү ар кандай жин-перилерге (ак санатай жана кара санатай) байланыштуу калыптанган. Көөнө мүнөздөгү көптөгөн түшүнүктөр кийин исламдын салттары менен жуурулушуп кеткен. Баланын (баатырдын) төрөлүшүндө, ага ат коюуда, алгачкы эрдигин баяндоого, курал-жаракка, тулпарга ээ болгондо, согуштук окуялардын жүрүшүндө жана башкалар эпизоддордо А. көп учурайт. Чыйырдынын эркек төрөгөнүн угуп, баланы көргөнү келген Жакып алдынан тосо чыккан аялдарга «Бешик боосу бек болсун, Кундагың боосу кут болсун» (Сагымбай Орозбаков, 1. 88)— дейт. Мында «бек болсун», «кут болсун» делип, баланын өмүрүнүн узун болушун, ага бакыт, жакшылык каалаган А. катары айтылды. Махмуд Кашкаринин «Диван лугат-ит-түрк» сөздүгүндө да «кут» деген сөз бакыт, ырыскы, байлык деген мааниде берилет.

Эпостогу «кундагың боосу кут болсун» деген А-та бакыт, байлык каалоонун байыркы мааниси сакталган. Байыркылардын ишениминде келечектеги баатырлардын өзүнө ылайык коюлган ысым ыйык деп саналган. Себеби башкы баатырдын келечеги ысмына да байланыштуу болгон. Манаска ат коюуда думана А-ын каалоосу менен мына мындай билдирет:

Аты болсун Манас, — деп
Алда таала сактасын
Ар балаадан калас,— деп
Бата кылды баарысы
(Сагымбай Орозбаков, 1. 87).

Карыя баланын өмүрүн тилеп, кырсыктан, жамандыктан калкалоосун Алда тааладан суранат, ага коюлган аттын өзү кырсыктардан сактайт деген ишеними көрүнөт (к. Ат коюу). Көкөтөйдүн ашында Жолой менен күрөшөрүндө Каныкей тиккен кандагайды кийип, уздугуна, акылына ыраазы болгон Кошой Каныкейди алкап, батасын берет:

Тилекти берсе бир Алда,
Туулса мындан бир бала
Ургаачы болбой, Эр болсун!
Аюу болбой, шер.болсун!
Атышканын алсын, деп
Күрөшкөнүн чалсын, деп!...
(Сагымбай Орозбаков, 3. 214).

Кошой ошондой эле учурда кандагайды жасашкандыгы үчүн Алмамбеттин аялы Аруукени да кошо алкап, келечектеги баатырдын, анын чоросу Күлчоронун атын атайт:

Арууке келин баласы
Акылдашы ар качан,
Ага болсун чын жоро,
Аты болсун Күлчоро
(Сагымбай Орозбаков, 3. 215).

Кошойдун батасы ордунан чыгып, Каныкей менен Арууке төрөгөн балдар Семетей, Күчоро аталат. Эпостун контекстинде магиялык сөз күчүнө ишенүү орундалып, Кошойдун батаалкоолору ишке ашат. Эпостогу А-тар өзүнүн түзүлүшү боюнча ар түрдүү. Сөз айкалышы, туруктуу салттык алкоолор түрүндө кездешет, атүгүл толук сюжеттик мотивировканы камтыган учурлар да бар. А. негизинен эпостогу баатырдык маанайды күчөтүүдө поэтикалык каражат катары кызмат кылат.

Б. Садыков

АЛЛЕГОРИЯ

(гр. allegoria — кыйытып айтуу каймана айтуу) — оозеки элдик чыгармачылыкта, жазма адабиятта кеңири колдонулуп келаткан стилистикалык ыкма, көркөм сөз каражаттарынын бири. А. аралашкан сүрөттөөлөрдүн, баяндоолордун көркөмдүгү, кооздугу күчө менен кызыктуулугу да артып отурат. Адатта, А-да каймана түрдөгү кыйытып айтылуучу мазмун, ой-пикир ар кыл мүнөздөгү көркөм элестер, сүрөттөөлөр аркылуу ишке ашат. Кыргыз эл оозеки чыгармаларында, жомоктордо Күкүк менен Зейнептин — бири-бирине жетпей калган эки жаштын А-лык символдуу образдары жашап келатат. Элдик ашыктык ырларында жигит булбулдун, кыз гүлдүн образдары аркылуу берилет. «Манас» эпосунда да А-лык сүрөттөөлөр, баяндоолор мол учурайт. Мисалы, Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөттүн Манас төрөлөрдө көргөн түштөрүнүн А-лык сүрөттөлүшү:

Аяктай болгон ак алма,
Азелден ширин бал алма.
Алда буюруган алма деп,
Напсиң өлсүн жалма деп,
Кызыл алма кыз деди,
Кызматкербиз биз деди.
Алтымыш кулач ажыдаар.
Ат ордуна мин деди.
Алиги жеген ак алмам
Курсагыма толуптур,
Артымдан чыкты ышкырып,
Ажыдаар болуптѵр,
Ачууланып оп тартса
Ай ааламды соруптур
(Сагымбай Орозбаков, 1. 29).

Демек, кызыл алма кыздын, алтымыш кулач ажыдаар — Манастын А-лык образдары. Манастын жана башка баатырлардан А-лык образдары айрым учурларда шумкар, тунжур сыяктуу алгыр куштарга салыштырып сүрөттөө аркылуу берилет. Келечекте төрөлчү бала атагы ааламга кеткен баатыр теңдешсиз эр боло тургандыгы төмөнкүдөй А-лык сүрөттөө менен баяндалат:

Кукулуктап үн чыкса
Куштан башка үнү бар.
Куйрук башы жаркылдайт
Куудан аппак жүнү бар,
Айбат менен караса
Алп кара куш сүрү бар,
Саңоорлору сары алтын
Таканак жүнү баары алтын
Тумшугу болот тунжур — дейт,
Туяк болот канжар дейт.
Асмандагы канаттуу
Айбатынан уча албайт,
Жердеги жүргөн аяктуу
Желип чыгып кача албайт
(Сагымбай Орозбаков, 1. 29).

Эпосто ошондой эле жаманчылык, алдыда болуучу коркунучтар да А-лык ыкма менен сүрөттөлгөн, баяндалган учурлар арбын кездешет. Манас Коңурбайдан жарадар болордогу Каныкейдин көргөн түшү А-лык ыкма менен сүрөттөлүп, акылман Каныкей бул жамандыктын жышааны экенин сезет: «Таңга жакын түш көрдүм, Кең-Колду өрт алды. Жердин баарын сел алды, багың тамыры менен суурулду. Алтын-күмүшүң ылайга батты, төрөм, эрдигиң бар, эсиң жок эч нерсе менен ишиң жок» (ТМВ, Кол жазмалар фондусу, 1073-инв., 509-б.),— дейт Манаска кайрылып.

Ж. Төлөев

АЛЛИТЕРАЦИЯ

(лат. аl — кошо, карай, littera — тамга) — ырда (айрым учурда кара сөздө да) сөз башында же сап башында бирдей үнсүз тыбыштардын айтылышы. А. дүйнө элдеринин көркөм сөз өнөрүндө кеңири тараган. Айрыкча түрк элдеринин поэзиясында жана желдирме, жорго сөз («ыргактуу проза») формасындагы чыгармачылыгында көп колдонулат. Кыргыз элдик оозеки эпикалык, лирикалык чыгармалардан тартып, макал-лакаптарга чейин А. өтө өнүккөн Түрдө жолугат.

Түрк поэзиясынын эзелки формаларында (б. з. 5—8-к.), Орхон-Эне-Сай таш жазмаларындагы материалдарда А-нын калыптанган, өнүккөн үлгүлөрү бар экендиги Ф. Корш, С. Малов, В. Радлов, И. Стеблева жана башкалар тарабынан далилденген. «Манас» эпосунда ыр саптарын баш-аяк тепчип өткөн ички А-дан тартып («Кагышмакка канкорго Каргышты катуу кылыптыр»; Сагымбай Орозбаков, 3. 235), сап башындагы А. («Күмүш кемер курчанып, Күркүрөгөн эрендин Күндөй бетин нур чалып»; Сагымбай Орозбаков, 1. 157) сап аягындагы ыргактуулук менен айкалыша келген А. (Каканчындын калкы бар, Канча түрлүү алпы бар, Катылгандын баарысын, Канын ичкен салты бар; Сагымбай Орозбаков, 1. 167) кеңири колдонулат.

С. Бегалиев

АЛМАБЕК Тойчубек уулу

(1887, Ысык-Көлдүн чыгышындагы Ой-Булак айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Атасы Тойчубек (1853—90) да, агасы Дыйканбай (1873— 1923) да эл арасында «Манастан» үзүндү, негизинен «Семетейди» мыкты айткан адамдар катары белгилүү болушкан. А. Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз филармониясында иштеген жылдары эл арасына чыгып, «Манастан» үзүндүлөр айтып жүргөн. 1945—47, 1962 — 63, 1968-ж. «Манас», «Семетей», «Сейтектен» үзүндүлөр (63556 сап ыр) жазылып алынган. Бул үзүндүлөрдүн көпчүлүгү «Семетейден». Алар: Манас өлгөндө, Каныкейдин Семетейди Букарга алып качканынан тартып, эрезеге жеткен Семетей Таласка келип Жакып, Көбөш, кырк чорону өлтүрүп, атасынын ордосун ээлешине чейинки жана Айчүрөккө үйлөнүшү, Коңурбайдан кун куушу сыяктуу окуялардан, ошондой эле «Сейтек» бөлүмүндөгү Семетейдин кайып болушунан тартып, Күлчоро, Сейтектер Канчоро, Кыястан өч алышып, Сейтектин Таласка көчүп келишинен турат.

Бул вариант элге кеңири тараган туруктуу сюжеттүү варианттардан айрым бир деталдык жактан гана айырмачылыгы болбосо, негизинен аларга окшош. Манас өлгөндө Жакып өзүнүн балдары менен Каныкейге кордук көрсөтөт. Семетейдин балалыгы Букардагы таякеси Ысмайылдын колунда өтөт. Бул жерде Тайторунун чабылышы, Каныкейдин жомогу айтылат. Башка варианттардагыдай эле Семетей алгач Таласка келгенде Жакып жамандык менен каршы алат. Акыры бузуку туугандарын эсине келтирген Семетейге кырк чоро, Чынкожо, Толтойлор менен кармашууга туура келет. Семетей Коңурбайдан атасынын өчүн алат, бирок, өзү Канчорого алдатып коёт. Анын Канчоро, Кыяс менен болгон урушу жазылбаганы менен окуянын өнүгүшүнөн улам Семетейдин дайынсыз жоголгонуна Канчоро, Кыяс себепчи болгондугу билинип турат. Семетейди Күлчоро (Гүлчоро) издеп таппай коюп, аш берүүгө камынат. Андан ары Семетейдин үй-бүлөсүнүн Кыяска олжо болушу, Күлчоронун далысы кесилип кордолушу, Сейтектин кооптуу чөйрөдө Айчүрөктүн аркасы менен аман-эсен чоңоюп, эли-жерин таап, атасынын өчүн алышы айтылат. А. Тойчубек уулунан жазылып алынган «Манастын» үзүндүлөрү Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат (Кол жазмалар фондусу, 191 —198а, 199, 199"-инв.).

А. Жайнакова

АЛМАМБЕТ

— Манастын кырк чоросунун эң көрүнүктүүсү. Теги боюнча кытай (кээде калмак) канзадасы, атасы Соорондук (айрым варианттарда Азизкан) кытайдын башкы кандары Эсенкан, Алооке, Карыкан менен бир тууган. Эпостогу монументалдуу образдардын ичинен А-тин образы өзүнүн көп кырдуулугу менен бөтөнчө орунга ээ. Манаска жакын башка адамдар өздөрүнө таандык сапаттары (Мисалы, Чубак, күч-кубатка эгедерлиги, намыскөйлүгү; Сыргак чыйрактыгы, шамдагайлыгы, моюбастыгы; Каныкей менен Бакай акылмандыгы, көсөмдүгү) менен өзгөчөлөнүп турушса, А-те аталган сапаттардын бардыгы тең бар.

Ошондой эле ал — укмуштуу өлкө Кытайда окуган, аярлык, жайчылык өңдүү укмуштуу өнөрлөргө ээ жана аскердик өнөрдүн түрдүү жактарын терең билген каарман. Ал Манаска келип кошулгандан тартып эпостогу окуяларга активдүү катышып, Манас менен тең катар эле айтылат. Мухтар Ауэзовдун сөзү менен айтканда кээ бир учурда борбордук орунду Манас менен бөлүшө алган бирден-бир образ. А-ке айрыкча көңүл бурулганы колдо бар варианттардын бардыгында тең анын эпикалык өмүр баянынын атайылап өзүнчө берилишинен да байкалат. Эпосто Манас сыяктуу эле анын басып өткөн өмүр жолу: бойго бүтүшү, төрөлүшү, эрезеге жетиши, үйлөнүшү, баатырдык иштери, жалпы эле адамгерчилиги, ат-тону, жарак жабдыгы, акырында салгылашып жүрүп курман болушу ийне-жибине чейин сүрөттөлүү менен аскердик демократия шартындагы элдин талабына жооп берген идеал образды түзөт. Ал өзүнүн духуна туура келген, идеалына жооп берген баатырга жетүүнү көксөп, элден эл кыдырып, жер кезет. А. өз элинен кетип, кыргыздар тарапка өтүп, Манас менен эмчектеш тууган болгон күнүнөн өзүндөгү өнөр-билим, акыл-айла, баатырдык күч-кубатты кыргыз элинин намысын, эркиндигин жат душмандардан коргоого арнайт. Кытайдын чегин кайтарган укмуштуу, сыйкырдуу жаныбарлар: куу түлкү, куу өрдөк, куу аркар жана жалгыз көздүү Макел-Малгунду А. өзүндөгү мына ошол касиеттеринин жардамы менен жеңип чыгат. Жолду бууган агыны күчтүү дарыянын суусун жайчылык өнөрү менен тарттырып, кыргыз колун суудан аман кечирип өтөт, керек жерде күндү жайлап, жайды кышка айлантат. Ал ошону менен бирге таланттуу кол башчы катары кыргыз колун өтө узак, кыйын жортуулга билгичтик менен баштап барып, душманды жеңип алууда зор роль ойнойт.

Анын минтип Манаска ак кызмат кылып, өзү туулуп өскөн эли кытайга каршы кол баштап барышы өз ата мекенине чыккынчылык катары каралбайт. Тескерисинче, мында кытай элин адилетсиз кандардын зулум бийлигинен эркиндикке чыгаруу сыяктуу бийик идеал жатат. Эл-жерди сүйүүнүн идеал образы да А-тин образына байланышкан. Анын эл-жерди сүйүүсү, «элди сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас ат болбойт» — дегендей, башка жерде канчалык сый урматта жүрсө да, эли-жерин эстен чыгарбай куса болуусу аркылуу берилет. А-тин образы жана ага байланышкан окуялар өзүнүн алгачкы башатын кыргыз элинин байыркы доорлорунан алат. Биздин күндөргө чейинки өсүп-өнүгүүсүндө ал улам кийинки коомдук мамилелердин, эл башынан кечирген окуялардын таасири менен сюжет жагынан да, образ жагынан да өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Натыйжада анын образы көөнө мифтик-фантастикалык элементтерге бай маданий каармандан биздин күндөргө жакын тарыхый доордун конкреттүү реалдуу каарманына өсүп жеткен. А-тин образына байланыштуу окуялардын эң байыркыларынын бири өз атасы менен кагылышы энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык конфликтинин натыйжасы. Аталык бийликтин күчкө кириши башта баланын кимден туулгандыгына кайдыгер караган энелик доордун укук нормаларына каршы келип, эми баланын закондуу атасынан туулушун талап кыла баштаган. Тескерисинче болгон учурда ата менен законсуз туулган баланын ортосунда касташуу келип чыккан. Мунун өзү дүйнө элдеринин уламыш, легенда, жомок, эпос өңдүү оозеки чыгармаларында кеңири чагылдырылган.

Бу мотив ата менен баланын касташуусу деген тема менен илим дүйнөсүнө маалим. А-тин эпикалык өмүр баянындагы бойго бүтүшүнөн баштап эрезеге жетип, атасы Соорондүк (Азизкан) менен кандуу кагылышка барганга чейинки мотивдердин бардыгы тең дүйнө элдеринин эпикалык чыгармаларындагы биз эскерген ошол ата менен баланын касташуусу деген байыркы (энелик доор ыдырай баштагандан тартып) сюжеттин салтуу мотивдери менен окшоштугу А-тин образынын эң байыркылыгын ырастайт. А-тин Коңурбай, Эсенкан жана башкалар жакын туугандары менен пикир келишпестигинин алгачкы башаты да ушул эле энелик доор менен аталык доордун кагылышынын бир көрүнүшү. Коомдо эркектердин үстөмдүгү жеке атанын гана эмес, ал таандык болгон чоң бүлөнүн же уруунун эркек өкүлдөрүнүн да «законсуз туулган балага» кастыгын туудурат. Бул да өз учурунда дүйнө элдеринин эпикалык чыгармаларында салттык тема катары кеңири орун алган. А-тин атасы Азизкандын бир тууганы Алоокенин баласы «Алтымыш жайсаң кенжеси, Алоокенин эркеси» Коңурбайдын «Азизкандын арам сийдик жалгызы», — деп А-ке каршы турушундай көрүнүш түрк-моңгол элдериндеги Чынгыз-кандын «законсуз туулган бала» катары бир туугандары менен араздашканы жөнүндөгү уламыштан, Кавказ элдеринин орток эпосу «Нарттардагы» укмуштуу жол менен туулган Сосурконун өзүнүн 99 бир тууганы менен өмүр бою каршылашып өтүшүнөн көрүнөт.

Мындай мотив бир кыйла өзгөртүлүп, жаңы түргө келген калыбында түрк элдеринин «Алпамыш» эпосунда Каражан жана анын бир туугандары калмактын 90 баатырынын ортосундагы күрөшүндө учурайт. А-тин образынын байыркылыгын маданий каармандын образына таандык мифтик-фантастикалык элементтердин мол сакталып калышы да айгинелейт. А-тин табияттын каардуу күчтөрүн элестеткен укмуштуу жандарга (Макел-Малгун) каршы күрөшү, аярлык өнөрдүн түрдүү жактарына ээ болушу (мисалы, алтымыш баштуу ажыдаарды багындырышы), табиятты, аба ырайын өзгөртүшү (күндү жайлоо), жан-жаныбарлардын тилин билиши, керек учурда кубулуп кетиши (мисалы, Коңурбайдын кеп тонун кийип кубулуп, ал чекке койгон куу кулжа менен сүйлөшүүсү) жана башкалар сыйкырдуу өнөрлөрүнүн баары эпикалык чыгармалардагы маданий каарманга таандык белгилер (маданий каармандын образы адамдар алгачкы уруулук доордо жашап, табияттын жашыруун сырларын өздөштүрө баштаган мезгилинде пайда болгону атайын изилдөөлөрдө көрсөтүлгөн). А-тин образында адамзаттын байыркы учурда жан сактаткан бирден-бир жана алгачкы кесиби — аңчылыктын да айрым белгилери сакталганын байкайбыз. Ырас, бүгүнкү күндөгү баатырдык-тарыхый эпостун каарманы болуп калыптанган А-те аңчылык доордун уруу өкүлүнүн образынын айрым рудименти гана сакталган. Айрыкча кайберендер эгеси Байыңдын (Борбодук Азиядагы түрк-моңгол элдеринде Байың аңчылыктын кудайы) кызы, кереметтүү Аруукеге үйлөнүшүндө аңчылык доорго таандык ишеним-түшүнүктөрдүн белгилери ачыгыраак байкалат.

А-тин образынын байыркылыгын анын ысмынын этимологиясы да ачык көрсөтөт. Эпикалык чыгармалардын салтында (айрыкча алардын алгачкы үлгүлөрүндө) каармандын аты анын аткарган ишине, кесибине (анын ичинде сыйкырчылыгына, аярлыгына да) байланыштуу болот. Мисалы, орус былинасынын каарманы, аңчы жана жадыгөй Волх Всеславьевичтин аты «волхв» — «сыйкырчы» деген сөздөн алынган. Борбордук Азияда жашаган түркмоңгол элдеринин тилинде «албан» деген сөз бар. Ал кубулуп кетүүчү көз боочу, сыйкырчы, аяр, жадыгөй, айлакер жигит, шамдагай, эптүү деген маанилерге эгедер. Укмуштуу өнөрлөргө ээ эл кытайдан сыйкырчылыкты, аярлыкты, жайчылыкты үйрөнө келген адам катары чоролор ичинде орошон айырмаланып турган А-тин атынын төркүнү ушул сөз менен байланыштуу болушу толук ыктымал. Ырас, «Манас» эпосун изилдеп жүрүшкөн айрым окумуштуулардын пикири боюнча «Алмамбет» деген ат «альмугаммед» деген араб сөзүнөн чыгат (Б. Юнусалиев). Бирок, бул сөз А-тин атына үндөш келип, сырткы формасы жакын болгону менен толук ынандыра албайт. Анткени, А. «Манас» эпосундагы эң байыркы образдардын бири жана пайда болуу доору адамдар табияттын үстүнөн адеп жеңишке жетише баштаган аңчылык мезгилге таандык.

Демек, бул каармандын аты кыргыз тилине кийин кире баштаган араб сөзүнөн алынышы мүмкүн эмес. А-тин образы эпостун көөнө стадияларында, мифтик-фантастикалык элементтерди камтыган баатырдык жомоктордун тушунда пайда болсо да, өзүнүн калыптанып бүткөн түрүнө баатырдык-тарыхый эпостун чегинде гана ээ болгон. Анын образына көркөм конкреттүүлүк, кыргыз элинин белгилүү тарыхый окуялары менен байланыштуулук, реалдуу эпикалык өмүр баян ушул мезгилде келип кирген. А-тин трансформацияланган эпикалык жаңы өмүр баяны таптык жиктелүү күч алган коомдун тушундагы социалдык кагылыштардын натыйжасында пайда болгон мотивдер менен толукталган. Анын өз жакындары менен кагылышын коом басып өтүп, унутула баштаган социалдык кагылыш менен мотивдөө кийинки доордун өкүлдөрү үчүн түшүнүксүз болуп, жаңы доорго Ылайык мотивдөөнү талап кылгандыктан анын Эсенкан, Коңурбай жана башкалар өз жакындары менен кагылышы энелик доордун укуктары менен аталык доордун укуктарынын кагылышы эмес, жеке бийлик күч алган монарх менен өз укугун коргогон инсандын күрөшү катары түс ала баштаган. А-тин адил, ак ниет, калыс башкаруучу катары элдин таламын талашып, алардын бийлигин кандардан коргоп чыгышы кытай жеринен куугунтукталып кетишине себеп болуп көрсөтүлөт.

А-тин чыныгы динди издөөчү катары сүрөттөлүшү да ушул доорго туура келет. Кыргыздар ислам динин кабыл ала баштаганда, жогорудагы мурдатан кеңири белгилүү айрым мотивдер бурмаланып, мусулман идеологиясынын айрым түстөрүнө ээ болгон, мүмкүн бул максатта Орто Азия элдерине кеңири таралган Огуз-хан, Бугра-хан жөнүндөгү уламыштардын айрым мотивдери пайдаланылган. А-тин бир элден бир элге өтүп келишиндеги мотивдердин калыптанышына феодалдык доордогу ич ара кагылышууларга байланышкан тарыхый фактылар да таасирин тийгизген. Орто кылымдагы бийлик талашуунун, ошондой эле башка чырлашуулардын натыйжасында феодал төбөлдөрүнүн жоо тарапка өтүп кетип, бийликке ээ болушу адаттагы көрүнүштөрүнүн бири болгон. Мындай фактылар кыргыз тарыхында да көп кездешет. Мисалы, эне-сайлык кыргыздардын жыйырма жылга созулган катуу кармаштардан кийин, ошол кездеги Борбордук Азиядагы күчтүү мамлекеттин бири уйгурлардын үстүнөн болгон 840-жылдагы белгилүү чоң жеңишинде, уйгур ханы Чжан Синге каршы 839-ж. көтөрүлүш чыгаргандан кийин кыргыздар тарапка өтүп келген уйгур кол башчысы Күлү Ваганын салымы зор болгон. Айрым окумуштуулар ушул Күлү Баганын «Манас» эпосундагы А-тин образынын прототиби деген жоромол айтышат. Мунун жүйөлүү жагы да бар. «Манас» изилдөөчү көрүнүктүү окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү эпостун эпикалык борборун кыргыздардын жогоруда айтылган тарыхый мезгилине, 9 — 10-кылымдагы улуу державалык дооруна таандык кылышат. Кыргыз элинин ушул доордогу урунттуу чоң тарыхый окуясындагы көрүнүктүү инсан Күлү Баганын «Манас» эпосуна прототип болуп кириши толук ыктымал. Күлү Бага менен эпостун каарманы А-тин өмүр жолуна байланышкан окуялардын айрым урунттуу жерлеринин окшош болушу да ушул жоромолдун пайдасына кызмат кылат.

А-тин атасы Азизкан кытайдын башкы кандары: Карыкан, Эсенкан, Алоокелер менен бир тууган жана бийлик жагынан тең ата укукта болгон сыяктуу эле тарыхый инсан Күлү Баганын уруусу — эдиздер да Уйгур конфедерациясын түзгөн он беш уруунун бири болуу менен бирге бийлик башында турган урууга тең ата болуп, айрым учурда бийликке да келип турушкан. А. атасы Азизкан, жакын туугандары кытай кандары менен каршылашып Манаска качып келип, кийин анын колун баштап барып Бээжинди багындырышындай окуяны тарыхый инсан Күлү Бага да башынан кечирген. Эдиздер уруусу элүү жыл бийлик талашып күрөшөт, бул күрөштүн аягында Күлү Бага кыргыздарга өтүп келип, алардын колун баштап барат да уйгурлардын борбору Орду-Балыкты талкалайт. Күлү Баганын уруусунун «эдиз» аталып, А-тин атасы Азизкандын атынын байыркы кыргыз тилиндеги формасы болуп саналышы да өзүнчө кызыгууну туудурат, К. Азизкан.

Р. Сарыпбеков

«АЛМАМБЕТ И АЛТЫНАЙ»

(«Алмамбет жана Алтынай») — «Манас» эпосунан орус тилине которулуп жарык көргөн китеп (М., 1936). 168 беттен турат. «Манас» эпосунун сапма-сап которулган котормосунан акын Сергей Клычков «Алмамбеттин арманы» бөлүмүн орус тилине көркөм которгон. Бул чыгармада жомоктун сюжети, окуялары өзгөртүлгөн эмес, каармандардын кулк-мүнөзүн ачып берүүдө гана айрым өзгөртүүлөр киргени менен негизинен кыргызча вариантынын көркөмдүк колорити сакталган.

«АЛМАМБЕТТИН АРМАНЫ»

— манасчы Арзы Турду уулунун (КЭР) айтуусундагы «Манастан» үзүндү. Кызыл-Суу кыргыз автоном областтык адабият көркөм өнөр бирикмеси түзүп бастырган, «Кашкар гезити» басмаканасынан чыгуучу «Керме-Тоо» аттуу журналда (1987, № 3) жарыяланган. Көлөмү —293 сап ыр. Алмамбеттин окуясынын жалпы сюжеттик сызыгы сакталуу менен анын трагедиялык образы өтө кыска мүнөздө берилген. Үзүндүдө Алмамбеттин казактарга келгени гана эскерилет да, Көкчөдөн кетишинин себептери ачык көрсөтүлбөйт. «А. а-нда» чалгынга барууга жол талашкан Чубактын «тентиген кытай» деп кордошу Алмамбетти арман айтууга аргасыз кылганы, муңкантканы байкалат. Жалпысынан бул үзүндү боюнча Алмамбеттин образы эли, жерин таштаган качкын эмес, адилет, чындык издеп Манаска келген элдик баатыр катары сүрөттөлөт.

«АЛМАМБЕТТИН АРМАНЫ»

— элдик дастан күү. Комузчулар арасына кеңири таралган бул күүнүн чыгышына «Манас» эпосундагы Алмамбет баатырга байланыштуу окуялар себепчи болгон. Коңурбай баштаган кытай кандары менен батыша албай, эли-жеринен кетүүгө аргасыз болгон Алмамбет казак баатыры Көкчөгө келип туруп калат. Анын келиши менен казак элинин туурдугу май, өзүлөрү бай болуп, Алмамбеттин айбатынан казактарга даап эч ким кол сала албайт. Эл Алмамбетти өз элинен чыккан баатырдай урматташат. Алмамбет да аларды сыйлайт. Алмамбетти көрө албаган казак билермандары, алардын тилине кирген Көкчөнүн кичи аялы Буудайбек Алмамбетти каралайт. Аларга ишенген Көкчө «Элиңе, жериңе кет тентиген кул» — дейт. Кейиштүү тагдырга туш болуп, же түз бастырып кете берээр жери жок кайгыга баткан Алмамбетке Акеркеч Манас баатырга баргын деп кеңеш берет. Ошондо Алмамбет капалана:

Көкчөдөн көргөн күнүм бул,
Көсөмгө кантип барамын?
Өлөңдүү жерге өрт койгон,
Көсөлгө кантип барамын
...Нарынан качып пилине
Барган менен нетейин?
Башымды алып кутулуп,
Башка бир жакка кетейин,

— дейт каңырыгы түтөп.

«А. а.» айтым күү болгондуктан адатта комузчу адегенде күүгө өзөк болгон ушул окуяны аңгемелеп айтып келип, анан күүнү аткарат. Күү жай жүрүштөгү кайрыктарда өткөрө муңдуу чертилет.

Б. Алагушов

«АЛМАМБЕТТИН АРМАНЫ»

— «Манастын» сюжетине байланыштуу кеңири белгилүү элдик күү. Анда Бээжинге кыргыз колун баштап барган Алмамбеттин туулган жерин көргөндө каңырыгы түтөп, жанындагы Сыргакка айткан арманы берилет. Күү кыргыз үналгысынын музыкалык фондусунда Ыбырай Туман уулу, Актан Тыныбек уулу, Мурсаалы Турсунбай уулу, Бексултан Бакы уулу жана башкалар комузчулардын аткаруусунда жазылып алынган.

«АЛМАМБЕТТИН ЖОМОГУ»

— «Манастын» сюжетине чертилген элдик күү. Бээжинге бараткан жолдо Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак төртөө Тал-Чокуда отуруп, Манас дүрбү салып кытайдын элин көрүп таң калганда Алмамбет кытайдын жайын айтат. Мурун билбейм деп койгон Алмамбетке Манас таарыныч кылганда, анан Алмамбет өзүнүн туулуп өскөнүнөн баштап, Коңурбай, Эсенкан менен каршылашып, кытайдан кеткенине чейин, Көкчөдөн кетип, Манаска кошулганына чейин таржымалап, жомоктоп айтып бергени күүнүн чыгышына себеп болгон. Күү Ыбырай Туман уулунун, Актан Тыныбек уулунун, Асанаалы Кыштообай уулунун аткаруусунда кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна жазылган.

АЛМАМБЕТТИН КАБЫРЫ

(кабырканасы) — Ат-Башынын Чеч-Дөбө деген жериндеги эски моло дөбө. Эл оозунда мындай деп айтылат: «Манас Чоң казатта чоролорун Шыпшайдардын огуна учурганда, Алмамбет дагы мерт болот. Ошондо Алмамбеттин сөөгүн Саралага артып, ай талаада карга-кузгун, ит-кушка жем болбосун деп жөнөтүп жиберет. Адамдан эстүү Сарала аманат сөөктү Чеч-Дөбөгө алып келген. Ошентип, Алмамбет сөөгү ушул жерге коюлган.» Саякбай Карала уулунун айтуусунда бул уламыш эпостон орун алган (Саякбай Каралаев, 2. 227).

АЛМАМБЕТТИН КҮМБӨЗҮ

— Батыш Кытайдын Манас шаарындагы Сөгөт мазарындагы күмбөз. Шаардын түштүк-чыгышында, кадимки мусулмандардын күмбөзүндөй ак чоподон жасалган. Ичине намаз окуй турган кобутча чыгарылып коюлган. Кашаттын алдындагы узундугу 3 км, туурасы 1 км келген тектирде чоңдугу койдой, салмагы 20—30 кг жумуру таштар жатат. Уламыш боюнча илгери Манас менен Коңурбай согушканда ушул таштарды да колдонушкан. Ошол салгылашта эки тараптан тең көп кол кырылып, алар ушул Сөгөт мазарына коюлган имиш.

«АЛМАМБЕТТИН ОБРАЗЫНЫН ЭВОЛЮЦИЯЛЫК ӨНҮГҮШҮ»

— Р. Сарыпбековдун монографиясы (Фр., 1977). Китеп эпостогу башкы каармандардын бири Алмамбеттин образынын алгач пайда болуу булактары, стадиялык өсүп-өнүгүшү жана калыптаныш маселелерине арналган. Эмгек «« Алмамбеттин окуясында» матриархаттык доордон патриархаттык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык кагылыштын чагылдырылышы », «Алмамбеттин образындагы маданий каарманга таандык мифтик-фантастикалык элементтердин көрүнүшү», ««Манас» эпосунун тарыхый баатырдык эпос болуп кайрадан жаралуу мезгилинде Алмамбеттин образына кирген жаңы белгилер» деген үч баптан (главадан) жана кириш сөз, корутунду бөлүмдөрдөн турат. Иш түрк-моңгол жана башкалар элдердин фольклордук, лингвистикалык, тарыхый-этнографиялык материалдарынын негизинде салыштырма-тарыхый планда жазылган. Алгачкы булактарын энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык конфликттерден башталган Алмамбеттин образы тарыхый-социалдык шарттардын алмашылышы менен тынымсыз эволюцияда болуп, башынан көптөгөн трансформацияланууну, алымча-кошумчаларды өткөрүп, байыркы мифтик-фантастикалык эпостун (баатырдык жомоктун) каарманынан классикалык формадагы тарыхый баатырдык эпостун каарманына айланышы изилдөөдө көрсөтүлгөн. Ошондой эле каармандын ысмынын этимологиясы талкууга алынат.

АЛМАН

— салык, алым. А. өткөн заманда бийлик ээлери тарабынан шашылыш кырдаалга, зарылчылыкка байланыштуу элден чогултулган. «Манас» эпосунда душманды жеңүүгө жумшалчу чыгым жана согуштук куралжаракты даярдоого, ири курулуш иштерин жүргүзүүгө кеткен каражат А. катары элден жыйналган. Мисалы, Манастын күмбөзүн курууда:

Алман салып кыргыздан
Алты миң эркеч бир жыйып,
Кыш кайнатып бек салып
Алты кылым өткөнчө
Кетилбесин деп салып
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 512инв., 100-б.),

— деп айтылат. Согушта жеңген тарап жеңилген тараптын элинен олжо түрүндө А. алып, жеңген эл бөлүп алган: «Алымга алган илгери, Ногойдон келген он төрт ат» (Жаңыбай Кожековдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 847-инв., 24-б.). Бир элдин ээлеген жери аркылуу өтүп бара жаткан жүргүнчүлөрдөн, жортуулчулардан, соодагер кербенчилерден, көчтөн да отко, азык-түлүккө зыян келтирилди деген доомат менен А. алынган. «Конуп калган кербенден, Алман алык алалык» (ТМВ, Кол жазмалар фондусу, 1076-инв., 287, 93-б.).

АЛМАТЫ

— топоним. Айдаркан, Көкчө баштаган кол Кер-Көлдөн А. тарапка ашып түшүп, Иле боюн ээлеген Илебин деген калмак канына каршы барат (Сагымбай Орозбаков, 2. 127). А. Иленин боюндагы орто кылымдардагы белгилүү Алмалык шаарына (Кулжа калаасынан түндүк батышта) туура келет. Кулжага жакын азыр да Алматы деген кыштак бар.

АЛМАШИ Дёрдь

(1867—1933) — венгр окумуштуусу, этнограф, зоогеограф. 1900-ж. (июль — ноябрь) А. Ысык-Көлдүн чыгыш жээги, Тескей Ала-Тоонун түндүк жана түштүк капталы, Жети-Өгүздүн сыртына, Сары-Жаз суусунун алабынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүнө саякат жасаган. Нарынколдо бугу уруусунан чыккан манасчыдан «Манас» эпосунан үзүндү жазып алган. Ал жазып алган «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону» деген эпостун үзүндүсү 1911-ж. «Восточное обозрение» журналына чыккан. Кийинчерээк, бул үзүндүнүн котормосу немец тилинде да басылып чыккан. Ал өзүнүн бул макаласында «Манас» эпосунун поэтикалык айтылышына анын ыр түзүлүшүнө кайрылат жана үчилтикке кыскача мүнөздөмө берет. Окумуштуунун билдирүүсү боюнча ал жазып алган эпостун үзүндүсүнүн тили бугу уруусунун кара кыргыздарына таандык. Тактап айтканда, Нарынкол аймактагылардын диалектиси, «ага таптакыр эле сарттар менен казактардын тилинин таасири тийген эмес».

Үзүндүнүн 73 ыр сабынан турган кыргызча тексти латын транскрипциясы менен жазылган. Бул чакан үзүндүнүн мазмуну мындай: Манас менен Чубак алты ай жол жүрүп жетүүчү Бээжинге жөнөр алдында 80 жигит кошчу алып, өзүнүн аргын, ногой калкы менен учурашып турганда алардын аман-эсен келишин тилеп журту чуулдап коштошуп узатат. Ошондо Аккулага кызыл үртүк жаптырып, кырк эки күлүк коштотуп, Манас алыска жолго чыгат. Төрөлгөнүнө 60 күн болгон уулу Семетейди Каныкей алардын алдына алып келет. Жортуулга даярданып жүрүп, уулун эсинен чыгарган Манас Семетейди колуна көтөрүп, эркелетип, аны эрезеге жеткирип чоңойтпой каларына арман кылат: «Аманат жанга өлүм ак, Ажалым жетсе өлөрмүн Кош эми балам, аман бол», — деп коштошот. Ошентип, Манас он эки миң кол менен «Эки ай сапар жол басып, Иртыш дайра чоң сууга» душмандардын чегине жетет. Ушуну менен окуя бүтөт. Окумуштуу бул үзүндүнү качан, кайсы жерде, кимден жазып алгандыгы жөнүндө эч кандай маалымат бербейт.

К. Айдаркулов

АЛООКЕ

— каарман, кытайдын башкы кандарынын бири, Коңурбайдын атасы А. эпостун «Манас» бөлүмүндө гана жолугат. Саякбай Каралаевдин вариантында А. менен Молтонун кыргыздарды чаап алуусун баяндаган окуяда А-нин баскынчылык ролу баса көрсөтүлгөн. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча бул окуя өзүнчө эпизод катары айтылбайт, бирок кыргыздардын чабылышы, А-нин кан болуп бийлик жүргүзүп турушу жөнүндө кабар берилет. А. бардык манасчыларда баскынчы терс каарман катары мүнөздөлөт. Бирок анын образы эпостун жалпы окуяларын эске алганда эпизоддук гана мүнөзгө ээ. А-нин элди чаап алып, баш көтөргөндөрүн туш-тушка айдашы эпосто төмөнкүдөй сүрөттөлөт:

Каракандын сегиз уул,
Улуусу Бай, Үсөндүр,
Үсөндүн колун байлады,
Орхон көздөй айдады.
Байдын колун байлады,
Төмөн желпиниш көздөй айдады.
Улаккан колун байлады,
Эренди көздөй айдады.
Баштыгы Балта, Жакыпты
Алтай көздөй айдады.
Азганактай кыргыздан
Алышаар алдуу калбады
(Саякбай Каралаев, «Манас», Кол жазмалар фондусу, 536-инв., 59-б.).

Кара кытайлардын кыргыздарды чаап алып, катуу эзип, кордук көрсөтүшүн баяндаган окуяда А-ге тең келип, каршы чыккан оң типтеги баатыр болбогондуктан, анын образы да конкреттештирилбестен шарттын талабына ылайык баскынчы экендиги ачылуу менен гана чектелет. Ошондо кытай А. «Ордону бузуп, бул кылып, Катындардын баарысын Кара элечек тул кылып, Кайраттуунун баарысын Такыр айдап кул кылып» (Саякбай Каралаев, 1. 30),— кыргыздарга зордук-зомбулук жүргүзөт. Эпостун негизги варианттарынын кийинки окуяларында, мисалы, Саякбай Каралаевдин вариантында «Манас кытайга качкан Алоокени жеңип кан көтөрүлгөнү» деген окуясында А. өлтүрүлсө, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кошабыш менен Боокени Манаска ак үйлүү берип качып кутулат жана кийинки эпизоддордо анын ысымы баскынчы душман кол башчыларынын катарында эскерилип жүрүп отурат.

С. Алиев

«АЛООКЕ КАН»

— «Манас» сериялары деген наам менен жарыкка чыккан китепче (Фр., 1941). Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча басмага даярдаган Ыбырайым Абдырахман уулу, жооптуу редактору Ж. Таласбаев. Көлөмү 1474 сап ыр, 56 бет. Латын ариби менен басылган.
Китептин аягына тиркеме түрүндө көөнө сөздөрдүн (59 сөз) түшүндүрмөсү берилген. Китепте Анжыяндын аймагын башкарып турган Алооке кан кыргыз менен казакты катуу эзип, түтүнгө бир адамдан алым алып, залимдиги ашынып турганынан тартып, өзүнүн улуу уулу Боокени жана агасынын баласы Кошабышты Манаска тартуулап жарашканына чейинки окуялар камтылган. Бул басылышта айрым кыскартуулар, саптарды, сөздөрдү оңдоолор бар.

АЛП

— эң зор, алибеттүү, күчтүү адам, дөө, ашкере кажырдуу баатыр. А. элдик эпикалык чыгармаларда баатырлардын туруктуу эпитети жана мифтик каармандардын (дөөлөрдүн) энчилүү атынын курамында (Чоюн алп, Кутан алп) колдонулат. Бул сөз байыркы түрк элдеринин Орхон-Енисей жазууларында кадимки эле адамдардын атынын компонентинде учурайт. Мисалы, Йигин Алп Туран, Ынанчу Алп. Ал эми А-ка синонимдеш бөкө, баатыр, дөө жана башкалар сөздөр аталган учурдагы адам аттарынын компонентинде кезикпейт.

Демек, аларга караганда А. өтө байыркы сөз. Ошондуктан адам аттарынын бул түрдө жасалышы азыр түрк тилинде сүйлөгөн элдердин көөнө типке жатуучу чыгармаларында кеңири учурап, салттык мүнөзгө ээ. Мисалы, алтай эпосунун башкы каарманы Алып-Манаш жана өзбектердин Алпамыш жана башкалар А. «Манас» эпосунун поэтикалык стилинде да жомоктун каармандарынын образынын байыркылыгын айкындап турган көркөм сөз каражаттарынан. Мисалы, А. Манас, А. Кошой делип, бул эпитет оң каармандардын ичинен жалгыз ушул экөөнө колдонулуп, алардын образдарынын башкаларга салыштырганда өтө байыркылыгын кабарлап турат. Бул эпитет Кошойго салыштырганда Манастын образына карата сейрек колдонулат. Анткени, Манас эрдикти кара күчкө таянган балбан күрөштө эмес, ат үстүндө көргөзгөн атчан жоокерлердин өкүлү болсо, Кошой мифология өтө күч алып турган алгачкы уруулук коомдун чыгармасынын каарманына көбүрөөк жакын.

С. Алиев

АЛПАЙ

— эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо ашка чакырылган баатырлардын бири (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», № 7, 1979, 77, 86-б.). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Акбай деген ысым менен айтылат, к. Акбай.

АЛП КАРА КУШ

— оң каармандарга колдоо көрсөтүүчү сыйкырдуу, абдан зор куш, бүркүттүн мифтештирилген кейпи. Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында кездешүүчү А. к. к., ажыдаардын туруктуу колдоочулар болушун байыркы мезгилге байланыштуу кароо керек. А. П. Окладников түрк-моңгол элдеринин көпчүлүк чыгармаларында бүркүттүн образы жөнүндө: «бакты-таалайдын жана молчулуктун залогу катары, мал менен кесипчилик кылган коомдун эң жогорку колдоочусу катары ыйык асмандын ээси болуп саналат» — дейт. Айрым археологиялык табылгалардагы сүрөттөргө караганда бүркүттүн бул образы байыркы коло доорунда эле белгилүү болгон. Ал эстеликтердин айрымдарында: «Алп кара куш арбайып, Асмандан буту тарбайып, Манаска жолдош болуптур» — делип эпосто туруктуу сүрөттөлгөндөй бүркүт кармашып жаткан жоокердин үстүндө айланып турат. Борбордук Азиядагы байыркы түрк мамлекетинин тушунда да А. к. к. колдоочулук касиетке ээ болгонун атактуу кол башчы Күлтегинге коюлган таш эстелик ачык кабарлайт. Бул эстеликтеги адамдын баш кийиминин алдыңкы бетинде укмуштуу куштун сүрөтү түшүрүлүп, анын магиялык касиетке ээ экени ачык чагылдырылган. Бүркүттүн колдоочулук элеси байыркы Сибирь элдерине гана жайылган эмес: «көптөгөн элдердин түшүнүгүндө бүркүт асмандын ээси, ал эми бир кыйла өнүккөн диндерде асман ээсинин (Зевс, Один) жандоочусу эсептелет» (Ельницкий Л. А. Скифия Евразийских степей, Новосибирск, 1977, 236-б.). Келтирилген мисалдарга караганда бүркүттүн бул типологиялаш эволюциясында эки тенденция байкалат. Ал эгер өнүккөн динге карай ыкташса кудайлардын жандоочусуна, ал эми элдик оозеки чыгармачылыкта элдик баатырды колдоочу укмуштуу жаныбарга айланат.

Дүйнө элдеринин көпчүлүгүнүн оозеки чыгармаларында бүркүт менен катар ажыдаардын образы жүргөнүн көрөбүз. Мындай учурда жогоруда айтылгандай бүркүт асмандын ээси, адамга жакшылык алып келүүчү күч болуп сүрөттөлсө, ажыдаар тескерисинче, жер асты дүйнөнүн (өлүктөр жашаган дүйнөнүн) ээси. Бүркүт менен ажыдаардын ортосун адатта дүйнөнүн көпчүлүк элине кеңири белгилүү болгон өмүр дарагы — космостук дарак туташтырып турат. Түрк элдеринде деле булардын байланышы ушуга жакын элестетилет. Якут, алтай жана байыркы кыргыздардын оозеки чыгармаларында тууган жердин ээси, символу, төбөсү көккө тийип, тамыры жер астындагы өлүктөр дүйнөсүнүн каардуу кудайы — Эрликтин мекенинен орун алган дарактын башында бүркүт отуруп, баатырды кароолдоп отурганы, ал эми анын түбүндө ажыдаар тибиндеги жаныбар жатканы айтылат. Төштүк жер астына түшкөндө, дарактын башына чыгып, А. к. к-тун балапандарын жутмак болгон ажыдарды өлтүрөт. Мындан биз дүйнөлүк (космостук) дарактын классикалык үлгүсүнө жакын көрүнүш сакталганын, анын башын ) асманды) А. к. к. (бүркүт), ажыдаар жер астындагы дүйнөнү (элдик баатыр аны жер алды дүйнөдө кездешип өлтүрөт) ээлеп турганын көрөбүз. Манасты А. к. к. менен ажыдаар ушул космостук дарактай бири төбөсүндө айланып, бири алдында болуп колдоого алат.

Мунун өзү Манастын күч-кайраты байыркы түрк элдеринин түшүнүгүндөгү үч сферага (жер алды — өлүктөр дүйнөсү, жер үстү — кадимки адамдардын өлкөсү, асман — кудайлар тибиндеги жогорку күчтөрдүн өлкөсүнө) тең жеткенин символдоштуруп турат. Кээ бир варианттарда А. к. к. — зымырык деп да айтыла берет. Бирок, А. к. к. байыркы түрк элдеринде, зымырык байыркы перси элдеринде пайда болгон типтеш эки башка образ. Кийинки манасчылар маданий-адабий таасирлердин натыйжасында чаташтырып айта башташкан.

Р. Сарыпбеков

АЛП УЙКУ

— эпикалык салттык мотивдердин бири. Түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларынын көпчүлүгүндө баш каармандын душман колуна түшүп туткундалышы негизинен анын узакка созулган А. у-су менен байланыштырылат. Фольклористикада башкы баатырдын А. у. менен укташы байыркы магиялык түшүнүктөн келип чыккан убактылуу өлүп-тирилүү мотивинин жумшартылган түрү катары каралат. А. у-да жаткан алтай баатыры Алып-Манаш менен өзбек баатырдык эпосунун баш каарманы Алпамыштын денесине ок өтпөйт, кылыч кеспейт, найза кирбейт, душман канчалык аракеттерди жасаса да ал эч ойгонбойт. Алып-Манаш менен Алпамыштын образдарында магиялык касиеттин эң байыркы белгилери сакталса, «Манас» эпосунун сүрөттөөсүндө А. у. менен уктап жаткан Манас баатырга жоо куралдары (Аколпокту кийбей турган учурда) өтөт жана уйкусунан ойгонот.

Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Тал-Чокуда Аккаңкы ээрин жазданып А. у-да жаткан Манас баатырды ойгото албай айласы түгөнгөн Чубак анын Аколпогун өйдө түрүп найза менен сооруга сайып, ойготот. Бул болсо А. у. жөнүндөгү байыркы магиялык түшүнүктүн калдык көрүнүшү катарында Манастын образында жумшартылган түрдө сакталгандыгын жана реалдуу турмушка жакындаштырылгандыгын көрсөтөт. А. у. жөнүндөгү салттык мотив «Сейтек» эпосунун терс кейипкери бир уктаса жети күндөн аз уктабаган желмогуз уулу Сарыбай дөөнүн образына байланыштуу айтылат. «Манас» үчилтигинде орун алган А. у. жөнүндөгү мотив эпикалык каармандын өзүнө чексиз ишенген эрдигин, баатырдыгын жана жоодон кенебестигин айкындаган көрүнүш катары поэтизациялайт.

С. Алиев

АЛТАЙ

— кырк чоронун бири, албан уруусунан. Кырк чоронун катарында саналып өтөт да, эрдиктери, өзгөчөлүгү айтылбайт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419; 3. 49). Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап жар тандаган учурда аты он тогузунчу өргөөгө туш келип, А. тагдыр буюрган Калбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 424).

АЛТАЙ

— этноним. «Кан тоосунун оюнда, Санар талаа боюнда Алтай деген эл бар деп» (Сагымбай Орозбаков, 1. 165),— айтылат. А. этноним катары кыргыздын азыркы санжыраларынан кезикпейт, казак санжырасында А. деген уруу аргындардын тутумунда бар.

АЛТАҢ

— эпизоддук кейипкер, Оргонун доотайы. Манастын Орго кан менен болгон согушунда отуз миң адамы менен Оргого жардамга келип, Атан аттуу балбанын жекеге жөнөтөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 73, 77, 80).

АЛТАЙ

(ал — рух, ыйык; тай — тоо) — Ыйык Тоо же Алтын-Тоо деген мааниде айтылат. «Манас» эпосунун бардык варианттарында салт боюнча сакталып келген эпикалык жердин аты. 1) Эпостогу эпикалык душман эл катары баяндалган калмактардын жери (мекени) катары Валиханов жазып алган эпизоддун текстинде:

Алтай толгон көп калмак
Аралаша кономун,
Каңгай толгон көп калмак
Биргеле кономун
(Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 74-б.),

— деп эскерилет. Эпостун толук варианттарында Жакып кырк үйлүү кыргыз менен А-га, калмактардын жерине сүрүлүп, ошол жерде Манас төрөлүп, чоңойгондугу өзүнчө салттык окуя болуп баяндалат. Ошондой эле «Чоң казат» (чоң чабуул) сыяктуу негизги согуштук окуяда калмактарга каршы уруштар А. чөйрөсүндө өткөндүгүн байкоого болот.

Тексттерде «Эртыш, Оркун — эки суу, калмактын жери мынабу» же «Алтай деген эл бар дейт Алты зубун калмактын, Жердеп турган жер бар дейт» (Сагымбай Орозбаков, 1. 183); «Жерибиз Алтай дээр экен, Алтайда кара калмагың Эң эле сонун эл экен» (Саякбай Каралаев, 1. 37), «Бирөөнү айда кара калмак — Алтайга» (Саякбай Каралаев, 1. 35),— деп эскерилет. Эпостун текстеринин мазмунунан А. мурда калмактардын мекени (Жуңгария) болгондугу тууралуу айтылып жаткандыгын байкоого болот.

Тарыхый жактан алганда 13-к-дын 1-жарымында ойрот уруулары А,Каңгай (Батыш Монголияда) тоолорунун этектериндеги аймактарга ооп келишип, кыргыздардын чыгыш жагындагы коңшусу болуп калат. Моңголдор бул уруулар бирикмесиндеги элдерди «калмактар» (аралашма эл, аргын, куранды эл) деп аташкан. Ошол мезгилден бери «калмак» деген элдин аты (этникалык термин) кеңири чөйрөгө тарала баштаган. 15-кылымдын 2-жарымынан баштап ойрот-калмактар Орто Азия менен Казакстанды, Алты-Шаарды басып алуу үчүн жортуул жасап келген. Ошондуктан бул жерлерде жашаган элдердин (кыргыз, казак, өзбек, каракалпак жана башкалар) оозеки чыгармаларында «калмак» душман катары салттык түрдө айтылып келди. 2) Эпосто Жакыптын айдалып барып жашап турган жери катары да кеңири айтылат:

Алтайдын тоосун жакалап
Анда алты зубун калмак бар,
Калмактын калкын аркалап,
Араң жүргөн буруттар
(Сагымбай Орозбаков, 1. 174).

Аты Жакып — түрүк деп,
Ааламдан ашкан бай экен,
Алтай жакта жүрүп — деп,
Жери: Шыйкуу, Суушаңда
Калаасы Кара-Шаар болуп
Жердеген экен ошондо
(Сагымбай Орозбаков, 1. 173).

Арбын малым Алтайда,
Канча малым Кан-Тоодо,
Жылкымдын чети Шыйкууда,
Конушум Кара-Шаарда
(Сагымбай Орозбаков, 1. 74),

— деп Жакып өзү жердеген аймактар жөнүндө баян кылат. Бул конкреттүү топонимдер боюнча Жакыптын жердеген конуштары Теңир-Тоонун чыгыш бөлүгүндөгү аймактар экендиги ачык берилген, башкача айтканда Иртыштын жогорку агымынан чыгыш Түркстандын Кара-Шаар калаасына чейинки аймактарда жашагандыгын көрүүгө болот. Манастын туулган жери тууралуу:

Адамдын жетпес дабаасы,
Алтайдын Салкын-Суунда,
Анда туулган неме дейт,
Кыргыздын кыраан Манасы.
Эртыштын суун жердеген,
Эрегишкен адамдар
Эгерде аны жеңбеген
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1790-инв., 360-б.).

Өзү Алтайда туулду,
Билсең кадыр түн келди.
Бул Алтайдын түзүнө
Чоң кемеге оюлсун,
Уй менен төөң союлсун,
Бул Манастын тоюнда
Калбай баары тоюнсун
(Саякбай Каралаев, 1. 155),

— деп айтылат. А. деген тарыхый топоним Түштүк Сибирдин батыш бөлүгү менен Батыш Моңголиядагы тоо системаларынын жалпысына колдонулган, өтө кеңири аймакты (чөлкөмдү) кучагына алган географиялык чөйрө болуп эсептелет. Азыркы түшүнүк боюнча А.— Алтай, түндүк-чыгыш Казакстан, Монголия жана Кытай аймактарын камтыган Азиядагы тоо системасы. Ал А. же Советтик А., Гоби А-ы жана Моңгол А-ы болуп бөлүнөт. 3) Казак элинин айрым уруулары мекендеген жер (ата журту) катары да «Алтайдагы казактан, Арбын барды бул тойго» (Сагымбай Орозбаков, 1. 44), «Камбардын уулу Айдаркан, Алтай казак калкынан» (Сагымбай Орозбаков, 1. 200),— деп айтылат. Чыгыш Казакстан аймагы, 6. а. Иртыш дарыясынын боюндагы чөлкөм да А. аталары белгилүү. «Манас» эпосунда А. деген топоним кеңири аймакты кучагына алат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Алтайдан Жылдыз бөлүнүп, Агымы келип Ала-Тоо Тяншан тобу бөлүнүп» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1792-инв., 536-б.),— деп айтылат. Кыязы Иле дарыясынын күн чыгыш тарабы эле А. деп аталып жаткан сыяктуу:

Кужулдап кытай, калмагы
Кулжага жакын барганы
Тескей тоосу түгөнбөй
Алтайга кирген учу бар.
Күңгөй тоосу түгөнүп
Талаа болгон тушу бар
(Сагымбай Орозбаков, 3. 280).

Мында Ала-Тоодон ары, чыгышта, Теңир-Тоо А. менен туташкандай сезилет.

Э. Абдылдаев

АЛТЫ АРАМ

— Манастын аталаш инилери, Жакыптын кичи аялы Бакдөөлөттөн туулган балдары: Абыке, Көбөш, Кочкор, Чыйбыт, Адыбай, Көлбай. Булар башынан эле Манастын баатырдыгын, кандыгын көрө алышпайт. Инилери экендигине карабастан анын баатырдык иштерине катышпайт, ага жардамдашпайт. Атүгүл эр азамат бүт аттанган Чоң казатка да барбай Манастын казаттан кайтпашын тилеп калып калышат. Аттанып жатып Манастын:

Аркамда эркек балам жаш,
Өлүп кетсем кокустан
Алты арам турат өзү баш,
Менин көзүм өткөндө
Буланы булап алабы,
Бузукту булар салабы?
(Саякбай Каралаев, 2. 82),

— деп кабатырланганы да бекер эмес. А. а. Манастын өлгөнү кырк күн боло электе каралуу Каныкейге кордук көрсөтүшүп, дүйнөсүн бөлүп алуу үчүн балтыр бешик Семетейди өлтүрүп коюуга да даяр. Семетей Букардан келгенден кийин тууган экенбиз, өйдө болсом өбөк, ылдый болсом жөлөк болгула, башым тартуу, атым тартуу, кааласаңар энемди бирөөңөргө алып берейин десе болбой Семетейге каршы кол курайт. Бийликти бергилери, басып алган дүйнөдөн ажырагылары келбейт. Манас өлгөндө элдин А. а-дан көргөн азабын:

Атаң Манас өлгөндө,
Кайгыны журтуң көргөндө,
Алты арам бизге кан чыкты,
Каарынан жан чыкты,
Алым-салык көп салды,
Абал мурда малды алды,
Калайманды баштады,
Каяшаяк бергенди
Каарданып алты арам
Такыр кырып таштады
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 324),

— деп Каныкей Семетейге билдирет. Семетей «койгула» десе болбой согушабыз деп уруш баштап, Абыке менен Көбөш өлөт. Кочкор баш болгон төрт бир тууган кырк чорого кошулуп Коңурбайды көздөй качышат. Экинчи жолу качышканда Семетей аркасынан кууп барып, баарын кырат, төртөөнү чогуу коюп, кырк чорого кошуп күмбөз салдырганы айты.

С. Алиев, С. Төлөгөнова

АЛТЫБАЙДЫН АРАЛЫ

— топоним. Манас өлгөндөн кийин Каныкей жаңы төрөлгөн Семетейди алып, Бакдөөлөттү ээрчитип Букарга качып баратып, Абыке менен Көбөштөн жашынган жер.
Жаңы тууган баланы,
Койнуна салып алды дейт,
Алтымыш жашар энесин,
Бакдөөлөт байбиче,
Колунан жетелеп алды,
Алтыбайдын аралга
Эми кирип кетти дейт (Радлов жазып алган вариант, 237).

АЛТЫБАЙДЫН БӨКСӨСҮ

— топоним. Көкөтөйдүн керээзинде «Алтыбайдын бөксөгө Ат семиртип өтсүн деп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 31) айтылат. Бокмурун атасына аш бериш үчүн Ташкенден Каркырага көчкөндө басып өткөн жерлердин бири.

АЛТЫБАЙДЫН ТАРМАЛ-САЗ

— топоним. Нескарадан качкан маңгулдарга Манас «жердээр жериң бу болсун» (Сагымбай Орозбаков, 1. 211),— деп ыйгарган жер.

АЛТЫ КУРЧ

— Манас жана анын эң жакын башкы чоролоруна арналып асмандан керемет менен түшкөн кылычтардын жалпы аты. Саякбай Каралаевдин вариантында гана айтылып А. к-ка баатырлардын кандайча ээ болгондугу, алардын ар биринин энчилүү аты, сын-сыпаты кеңири мүнөздөлөт:

Асмандан түшкөн алты курч,
Кылычтын кыл мыктысы
Манас алган Зулпукор,
Ажыбай алган Ачболот,
Бакай алган Кылболот,
Алмамбет алган Жойкума,
Чубак алган Ачалбарс,
Сыргак алган Наркескен,
Алты болот курч ошол,
Ачуусуна тийгенде,
Ааламды бузган мүлк ошол
Кыйкырып кындан алганда
Кан ичпей куру жүрбөгөн,
Кызыгып кындан чыгарса,
Кан ичпесе кайрылып кынга кирбеген,
Кабарын угуп алганда
Качып душман дүрбөгөн
(Саякбай Каралаев, 2. 231).

Манас баатыр Жакыпка тарынып кетип, Боз-Талаага Баба-Дыйкандын колдоосу менен аштык айдап, алган түшүмүн Карача канга Аккулага алмашып, кайтып келаткан жолдо ага бир аксакал думана жолугат. Ал А. к-тун маанисин, касиетин айтып Манаска тапшырып көздөн кайым болот. Мындан көрүнүп тургандай эпикалык башкы каарман эл эңсеген ой-тилекти аткарыш үчүн атайы жаралган сыяктуу, анын куралдары да ошол миссияга арналып, кереметтүү жол менен атайы көктөн түшөт. Манас өзүнүн эң жакын чоролору менен инсандык жакындыгы, бири үчүн бири жаралган тагдырлаштыгы алардын негизги жоо куралдары көктөн түшүп тектеш болушу аркылуу да айкын белгиленет.

С.Алиев

АЛТЫМЫШ БУРКУ ИЛИЙ

(арабча бурку — түр, түрдүү, түркүн; кыт. илий — заң, мыйзам) — эпосто ашкан өнөрлүү, келечекти алдын ала билген сыйкырчылык илим. Алооке кандын аярлары А. б. и-ди «жетик билип окугандыгы» (Саякбай Каралаев, 1. 34) айтылат.

АЛТЫНАЙ

— каарман, Алмамбеттин энеси. Эпостун түрдүү варианттарында ар кандай ысым менен берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аты Экзер, өзү Соорондүктүн аялы болуп айтылат. Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында А. Соорондүктүн кызы. Баласыз жүргөн Азизканга алып берүүгө кыз сынатканда Карыкандын аярлары ушул баатыр уул төрөйт деп үч айлык боюнда Алмамбет бар А-ды тандашат. А. акылдуулугу менен Алмамбетти жан кишиге билгизбей төрөйт да атасы Соорондүккө бактырып, аман алып калат. Радлов жазып алган варианты боюнча Алмамбет энесине келип мусулман бололу десе А. болбой коёт. Саякбай Каралаевдин вариантында А-дын мусулман болуп көрсөтүлүшү Алмамбеттин мусулман динине өтүш себебин ачыш үчүн болгон аракет. Алмамбет туугандары менен касташып, аркасынан кууп келген көп кол менен согушуп жүргөндө А. жалгызыма караан болуп берейин деп эркекче кийинип, колуна найза алып чыкканын:

Кызыл түпөк сыр найза
Энем колго алыптыр,
Мен шордууга жеткирбей
Алоокенин Калчасын
Бөйрөктөн тосуп калыптыр
(Саякбай Каралаев, 2. 115),

— деп Алмамбет Манаска баяндайт. Ошондо Алгараны жарадар кылып, А. өзү курман болот.

АЛТЫНАЙ

— эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизод боюнча балбан күрөшкө түшүрүү үчүн Агышты издеп Аккандын кызы А-дын үйүнөн кыз оюндан табышат (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 89-б.).

АЛТЫНАЙ

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин энеси, Семетейдин таенеси. Сарытаздан атасы Манас экенин угуп тамак ичпей тарынып жатып алганда Семетейге келип, тарынба деп жалынат. Семетей Таласка барганы жатканда, ичинде кеги кетпесин деп, Актулпарды, Көк күпүнү, Боз келтени беришин Темиркандан суранат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 133, 140—144).

АЛТЫНАЙ

— эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Төштүк жер алдына түшкөндө Айкандын кызы А-ды күчтөп тартып алганын эскерет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7. 85-б.).

АЛТЫНАЙ

— кейипкер. Манастын төртүнчү аялы, Кенжуттун каны Айгандын кызы. Алмамбеттин кеңеши боюнча Манас Айганга казат жасап жеңгенде анын кызы А-ды Алмамбет жактырып үйлөнмөк болот, бирок анын андай оюн билбеген Манас олжого түшкөн кыздарды бөлүштүргөндө өзү алат. Меңдибайдын ушак сөзү менен Манастын бул жоругуна тарынган Алмамбет андан кетмек болот. Меңдибайдын ушагы ашкереленгенде Алмамбет менен Манас элдешет.

АЛТЫНАЙ

— эпизоддук кейипкер. Үргөнчтүн боюнда Семетейдин жолун тосуп жаткан Айчүрөктүн нөкөрү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47).

АЛТЫНКӨКҮЛ

Көкүл—эпизоддук кейипкер, думара элинин белдүү адамы. Көкөтөйдүн ашында эр сайышка минерге Манаска ат издеген Кошой Үрбүнүн кара атынан кийин А-дүн Торкашка деген күлүгүн сынап, көрүп, жаратпай коёт (Сагымбай Орозбаков, 3. 243).

АЛТЫН-ТОО

— топоним. Эпосто Чоң Бээжиндин оң тарабында алтын кени чыккан тоо (Сагымбай Орозбаков, 4. 215).

АЛТЫН-ЭМЕЛ

— топоним. Семетей баатыр эр жетип, элин эңсеп чоролорунан «Алтын-Эмел, Күрөңкөй, Чором аны көргөн барсыңбы?» (Радлов жазып алган вариант, 312),— деп сураган жер. Географиялык реалияда Казакстандын Талды-Коргон облусундагы тоо жана ашуу.

АЛТЫ-ӨЗӨН

— топоним, кыргыздардын жылкысын тийген калмактар менен бала Манас биринчи жолу беттешкен жер (Сагымбай Орозбаков, 1. 130). АЛТЫ-СУУ, к. Кайыңдынын Алты-Суу.

АЛТЫ-ШААР

— топоним. Шаарлардын санына карата (Ак-Суу, Жаркен, Кашкар, Котон, Жаңы-Гисар (Жаңы-Шаар) Үч-Турпан) 18-кылымда пайда болгон реалдуу географиялык ат, Уйгурстандын батыш бөлүгү да А.-Ш. аталган. «Жергиликтүү эл өздөрүнүн Ата Мекенин Алты-Шаар деп аташат» (саякатчы М. В. Певцов). Эпостун негизги варианттарында ошол реалдуу өлкө жөнүндөгү түшүнүктө айтылат. Мисалы, Манаска каршы аттанган алты кандын бири Жамгырчынын эли (колу) « АлтыШаар уйгуру» (Сагымбай Орозбаков, 4. 47),— деп аталат. Кээде Чет-Бээжин деген эпикалык топонимге синонимдеш «Алты-Шаар — Чет-Бээжин» катары да учурайт.

АЛТЫ ШЕРДИН КЕНЖЕСИ

Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Манас баатыр Сулайман, Дауд, Искендер Зулкарнайн, Үрүстөм-Дастан, Азирет Аалы сыяктуу баатырлардын эң кичүүсү катары эсептелет. Кызыр (Хизр-Иляс), Кырк чилтен (чилтан) аттуу пир сыяктуу элес-образдар менен катар Сулайман (Соломон), Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский), Алишер (Хазрети Али, Шахимардан), Чалияр (төрт дос — Али, Осмон, Омар, Абубакир), Үрүстөм жана башкалар легендарлык фольклордук кейипкерлер Орто Азия элдеринин оозеки чыгармаларына да кеңири тараган. Алар «Манас» эпосунда «алты шер» аталат. Манас баатыр А. ш. к. катары сүрөттөлөт. Эпос чагылдырган каармандарынын ичинен мындай артыкчылык сапат Манаска гана ыйгарылат:

Алты шердин артыкча
Кенжеси болуп жаралдың
Сайыппуруш көкжалдын
Берени болуп жаралдың

(Саякбай Каралаев, 2. 46, 106, 242),

— деп Манастын эрдик иш-аракетин легендарлык кейипкерлердин (Сулайман, Искендер, Азирет Аалы, Үрүстөм) образына салыштырып берүү максатында анын телегейи тегиз сапатын өзгөчө поэтикалык формада идеалдаштырат.


М. Мукасов

АЛЧАЛЫ-КЫР

— топоним. Чоң казатта Алмамбет менен Сыргак жылкы тийгенин уккан Коңурбай кууп келип, уруш болгон жер (Сагымбай Орозбаков, 4. 320).

АЛЧЫН

— этноним. Казактардын кичи жүзүнө караштуу уруу. Эпосто казактарга тиешелүү этноним экени айтылат: «Алчын, үйшүн, найман бар, Аргын Каракожо бар» (Сагымбай Орозбаков, 1. 263). Илимий адабияттарда А. менен алакчындын бирдей колдонулушу көп айтылат. Кыргыз, казактардын алакчындар аркылуу этникалык байланышта болгону тарыхта белгилүү. Кыргыздын сарууларынын арасында алакчын деген уруу бар. Таластан жыйналган этнографиялык маалыматтарга караганда кыргыздардын алакчын деген уруусу казактардын бир бөлүгү менен тыгыз этногенетикалык байланышта болуунун негизинде пайда болгон. Казактардын кичи жүзүндө да, кызыл курт, жети уруу, балыкчы (балыкшы) деген окшош ат менен аталатасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 349 373).

АЛЫБЕК

— эпизоддук кейипкер, Жоокенин атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2.349,373).

АЛЫЙМАН Муса кызы

(1912, Ооганстандын Памиринде) — манасчы. Тажик ССРинин Тоолуу-Бадакшан автономия облусунун Мургаб районунундагы Раң-Көл кыштагында жашаган. «Манас» айтууну атасы Муса Жума уулунан үйрөнгөнүн эскерет. Муса өмүр бою оогандык Памирде жашаган экен. Ооганстандын Памир өрөөнүн мекендеген кыргыздар да «Манас» эпосун билгендиги бул фактыдан көрүнүп турат. А. «Манасты» кара сөз менен ыр аралаш айткан. А-дан Манастын төрөлүшү, балалык чагы, Шооруктун кызы Накылайга үйлөнүшү, Манастын казак каны Алмамбеттин жылкысын тийип, Акчимген деген жерде экөө беттешип жарадар болушу эпизоддору (800 сап) жазып алынган. А. «Аксаткын менен Кулмурза» дастанын да жакшы айткан.

АЛЫМ

— эпизоддук кейипкер, казак уруу башчыларынын бири. Алмамбет менен Көкчөнүн ортосуна чагым салгандардан (Сагымбай Орозбаков, 2. 243).

АЛЫМБЕКЕ

— эпизоддук кейипкер. Шыгайдын уулу Жапак Байжигиттин тоюна Коңурбай камданып келсин, биргелешип Манасты жайлайбыз деп, А-ни Коңурбайга жиберет (СО. 2.439).

АЛЫМЖАН Сырдыбай уулу

(1932, Токтогул району, Көдүл айылы) — семетейчи. «Семетей» айтууну атасынан үйрөнгөн. Атасы «Семетей» дастанынан Семетейдин төрөлгөнүнөн тартып анын Чынкожо менен Толтойду жеңгенге чейин айткан. А. Айчүрөктүн Семетейди издеп чыгышынан ал алып кеткен Акшумкардын артынан барып, Семетей Айчүрөккө жолукканга чейин (1182 сап) айткан. Анын айтуусундагы Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү көп жагынан башка варианттар менен үндөш, жакын. Анткени, салттык бул окуя эл ичинде кеңири айтылган эпизод болгондуктан 'майда деталдарына чейин такталып, терең иштелгендиктен кийинки айтуучулардын толуктоолоруна анча муктаж болгон эмес.

АЛЫММЫРЗА

— эпизоддук кейипкер, Кейип шаарынын эл башчыларынын бири. Манаска ылайык кыз издеп эл кыдырып жүргөн Жакып Кейип калаасына келгенде эл башчысы А-дан ылайыктуу кыз барбы деп сурайт. Жакыптан эки жамбы алган А. Санирабиганын дайнын айтып, ал кызды алганга алыңар жетпейт дейт. А. баш болгон он чакты киши эки жамбыны бөлүп алышып, Жакыпты далдага алпарып сейилде жүргөн кыздарды көрсөтүшөт (Сагымбай Орозбаков, 2.351 — 352).

АЛЫМСАК

— эпизоддук кейипкер, Алтайдан көчүп келгенге чейин Манастын жөкөрлөрүнүн бири катары айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 132). Башка окуяларда жолукпайт.

АЛЫМСАРЫК

Алым бий, Сарык—эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында бирде Алым бий, бирде Сарык деп айтылат. Көкөтөйдүн ашына келгендердин бири. Эр сайышка түшчү Манаска минерге ат издеген Кошой Көкчөнүн элиндеги А. минип жүргөн Жармаңдай деген күлүктү сынына толтуруп жаратат. Жармаңдайды минип эр сайышка чыккан Манас жеңишке ээ болот (Сагымбай Орозбаков, 3.244).

АЛЫМСАРЫК

— Манастын небереси Сейтектин уулу. Кенендин тушунда кыргыз менен кытайдын ортосундагы кастык кайрадан курчуп, Коңурбайдын небереси Чыңтемир Кененге жана анын балдары Алымсарык, Кулансарыкка зордук-зомбулук көрсөтөт. Чыңтемирге каршы күрөштө балдары жаш болуп, башкы кыйынчылык Кененге түшөт. Кенен курман болот. Башкы баатырынан ажыраган элди душман адаттагыдай талап-тоноп, Алтай, Каңгай, Иреңге сүрөт. Баатырдын тукуму курут болбосун деп эл А-ты Кулансарык менен бирге душман көзүнөн далдалап, алыс бир өзөнгө алып кетүүнү чечишет. Бул тапшырма кытайдан кыргыздарга качып келген Жел жетпеске ыйгарылат.

Алардын андан наркы коопсуз жайга жетишине касиеттүү Олуя Ата жардамдашат да качкандар эч ким тапкыс эки аралга конушуп, «Короо күтүп мал айдап, Оокат кылып дан чайнап» жатып калышат. Алымсарык менен Кулансарык коркунучсуз жайга жайланышат, Манастын тукуму үзүлбөй акыры алар кыргыз элин таап, баш коштуруп коргоп алар күн келет деген оптимисттик ишеним менен эпостун Саякбай Карала уулунан жазылып алынган варианты аяктайт.

А. Жайнакова

«АЛЫМСАРЫК, КУЛАНСАРЫК»

— эпостун бешинчи бөлүмү, 1947-ж. К. Кыдырбаева тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Азыр Кол жазмалар фондусунун казынасында сакталып турат, к. Кулансарык.

АЛЫМСЕЙИТ

— эпизоддук кейипкер, Алмамбет менен Көкчөнүн ортосуна чагым салган уруу башчылардын бири (Сагымбай Орозбаков, 2.243, 247).

АЛЫМСОК

— эпизоддук кейипкер, өтүкчү, Каныкей чоң казатка кийим даярдаганда А-ту баш кылып жүз өтүкчүнү алдырып келип, кырк чорого кырк өтүк ултартат (Сагымбай Орозбаков, 4, 95— 97).

АЛЫМШАА

Алым — эпизоддук кейипкер, Алакендин атасы. Алакен жөнүндө кеп болгондо гана «Алымшаа уулу» же «Алымдын уулу» делип аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 3. 176; 2.150).

АМАН

— эпизоддук кейипкер. Семетейдин жылкычы башчысы, кыялы чыргай, баатыр киши. Манастын тушунда да отоо башчысы болгону айтылат. Чынкожо Тайбуурулду суратып жиберген Эртиш менен Токо адегенде А. баш болгон жылкычыларга келишет, чабармандардын түрүн көргөн А. аларды жоо катары сезип, Күлчоро менен Канчорону чакырат (Курама варианты, «Семетей», 142—143).

АМАН-ЖОЛ

— топоним. Семетей Таласка алгач келе жатканда: «Ат аябай жол жүрүп, Аябастан мол жүрүп А.-Жду басып өткөнү эскерилет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 123).

АМБАЛ

(кыт. амбань, анбань — округдун аскердик губернатору, Манжуриянын Цин династиясынын мезгилинде чыгыш Түркстандагы эң жогорку титулдун бири) — эпостун негизги варианттарында душман каармандарынын титулу (кээде энчилүү ат) катарында айтылат: «Амбал Чулу барыптыр, Аз күнү уруш салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 2. 100).

АМБАЛ

— топоним. Манаска чыккынчылык кылып, бети ачылып ашкереленген Көзкамандар Эсенканга карай көчүп багыт алган тоо (Курама варианты, 1.285).

АМПЛИФИКАЦИЯ

(лат. аmplifiсаtіо — көбөйүү, кеңейүү) стилистикалык фигура, текстте речтик конструкциялардын же айрым сөздөрдүн кайра-кайра кайталанышы. Чыгарманын поэтикалуулугун, таасирдүүлүгүн арттыруучу каражаттардын бири. А. «Манас» эпосунда өтө көп кездешет:

Кара болот ок өтпөс,
Кырк кыраан, кие турган кез келди,
Качкындарды таандай
Чоролор, тие турган кез келди.
Какайлатып токмоктоп
Карыкандын алдында,
Баатырлар, кире турган кез келди.
Жүгөн катпай жайдактап,
Качкынды мине турган кез келди
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 548-инв., 400-б.).

АНАЛ-ТОО

— топоним. Калаасы Кара-Шаар болуп, Анал-Тоону жердеген Кара-Курум талаасына чейин Манастын эли турган жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 33—34). Географиялык реалияда Чыгыш Тянь-Шань системасына кирет.

АНАРГҮЛ Тажыбай кызы

(1900, Ноокат району, Кашкалдак айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Манасчылардын түштүк тобуна кирет. 15—16 жашынан ашыктык (сүйүү) ырларын жакшы аткарып, кошок чыгарып айтып жүргөн. «Манас» айтууну өзүнүн күйөөсү Бөрүбай Султан уулунан үйрөнгөн. Бирок, А. уяңдыгынан эл алдына «Манас» айтып чыга алган эмес. Ал тургай анын «Манас» айтарын өз туугандары деле укпаптыр. 1947-ж. К. Мифтаков андан бир топ лирикалык ырларды, «Мурза уул» поэмасын жана «Манас» эпосунун үзүндүлөрүн жазып алган. А-дөн жазылып алынган Манастын төрөлүшү, Манастын балалык чагы, Накылайга үйлөнүшү, Манастын Төштүк менен жекеме-жеке кармашуусу эпизоддору сюжети менен поэтикасы түштүктүк айтуучулардын варианттарына өтө жакын. А-дүн «Манасы» башка варианттардан Манастын үч жолу өлүп жана үч жолу тирилүү мотиви боюнча айырмаланат.

АНАФОРА

(гр. аnарhоrа — өйдө чыгаруу) — бир өңчөй башталыш, ыр саптарынын бирдей сөздөр менен башталышы. Эпосто А. кеңири колдонулат:

Мейли Манас алабы,
Мейли Манас баатырды
Балакеттүү Макел дөө
Байлап кетип калабы?
(Сагымбай Орозбаков, 4.239).

«Манаста» синтаксистик бир өңчөй башталыш кеңири өнүккөн, айрыкча каармандардын диалог, монологдорунда көп учурайт: «Бирөөнүн тону тон болбос, Бирөөнүн аты ат болбос» (Саякбай Каралаев, 2.63).

АНДАКЕН

— топоним. Эпос боюнча Анжыяндын мурдагы аты. Орто кылымдардагы тарыхый даректерде Анжыян, Андиган, Андүган, Андүкан, түрүндө кезигет.

АНДРОНИМ

— антропонимдин түрү, аялдын күйөөсүнүн аты (фамилиясы) менен аталып кеткен ысымы. Антропонимдин мындай сейрек түрү «Манас» эпосунда да жолугат. СОБдо Манастын энесинин Чыйырды деген ысымы А-ге жатат. Кыргыздар чабылып туш-тушка сүрүлгөндө Жакыптын Чыйыр деген агасы өлүп, анын аялы Шаканды Жакып алат. Ал «Чыйырдын аялы» делип жүрүп, кийин ЧыйырДы атка конуп кетет (Сагымбай Орозбаков, 1.33).

АНЖЫ, Анжур

— топоним. Эпосто кытайлардын ири шаарларынын бири катары көп эскерилет.

АНЖЫЯН

— топоним. Фергана өрөөнүндө жайгашкан байыркы шаар. Эпосто кыргыздар мекендеген жер катары өтө арбын жолугат. Эпостогу «Алтайдан көчүп алсак дейм, Анжыян жакка барсак дейм», «Атамдан калган Анжыян Акыры издеп табам деп», «Башта ушул Анжыян Бабаң өскөн жер экен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 13, 147, 177) деген сыяктуу маалыматтар берилип, А. Алооке чапканга чейин эле кыргыздардын мекени болот.

Кыргыздардын Манас баштап Алтайдан Ала-Тоого көчүшү да Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Жакып элди чогултуп, Алтайдан Анжыянга көчөлү деп айтканы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 12) деген тема менен берилет. Андан нары эпосто А-ды кыргыз уруулары жердегени айтылып жүрүп отурат. Саякбай Каралаевдин вариантында А. өтө көп кезигип, аны «айры сакал Сынчыбек» бийлеп, өзү Манаска баш ийип турат. Тарыхый маалыматтарда А. шаары 1282—1306-ж. Тува-хан тарабынан курулгандыгы айтылат (Б. Г. Гафуров. Таджики. II том)

АНИМИЗМ

(лат. animus — жан, рух) — материалдык жана материалдык эмес бардык нерселер менен кубулуштар сыйкырдуу, керемет күчкө эгедер, алардын үстүнөн башкарып турган жандардын бар экенине карата болгон ишеним. Анимисттик көз караш боюнча бүт табигат ак санатай же кара санатай рухтар менен курчалган, ал эми табияттын кара күчтөрү фантастикалык рухий күч катары эсептелет. Кишилер тоо-ташка, бадалдарга, дарактарга, аска-чокуларга, күнгө, ай-жылдызга, жерге, сууга, отко, булактарга жана башкалар сыйынышкан. Ошолордун эгесине арнап курмандык чалышкан. Анимисттик ойлоонун элементтери «Манас» эпосунда да орун алган. А-дин негизги жоболорунун бири асман, жер жана суу эгесине, анын колдоочулугуна, зыян келтирүүчүлүгүнө ишенүү.

Манастын төрөлүшү Жакыптын Теңир эгесине бала сурап жалынуусу жана ага арнап мал союп курман чалуусу менен мотивдештирилет. Каармандар бири-бирине болгон ишеничти, актыкты, берилгендикти далилдөө жана душмандар менен согуштарда жеңишке жетишүү үчүн Теңирлерге табынышат. Ошол себептен сюжеттик окуянын өнүгүшүндө, каармандардын мүнөзүн берүүдө «төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун» деген ишеним кайталанып отурат. Каармандардын ой-тилегинин ишке ашпай калышы, согуштан жеңилиши, айрым жаңылыштыктары да Теңирдин каргышы менен байланыштырылат. Эпостун «Манас» бөлүмүндөгү мындай архаикалык ишенимдер «Семетей» менен «Сейтекте» улантылат. Ааламды үч баскычка, үч башка дүйнө, жашоо катары түшүнүү адаты да анимисттик аң-сезимдин бири болуп саналат. Атап айтканда жер асты, жер үстү жана асман мейкиндигине адамдардын жашоосунун мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү байыркылык ой-пикир «Манас» эпосунда образдардын бири Эр Төштүктүн окуяларына байланыштуу чагылтылат. Адам денеси менен жанынын айырмачылыгы, жандын түбөлүк өлбөстүгү, анын башка формада жашашы өңдүү түшүнүктөр да анимисттик ойлоонун табигый жемиши.

Жакып уулу Манастын «чымындай жанынын амандыгын тилеши», Бооң аяр менен болгон урушта (Сагымбай Орозбаковдун вариантында) Ошпур анын кардын канжар менен жарса, кан ордуна суу чыгып, түтүн бөлүнүп, башын денесинен ажыратып, атка сүйрөтсө да жан чыкпай, атүгүл Бооңдун кесилген башы сүйрөгөн дененин артынан ээрчиши тек гана Ырдык аярдын дуба окуганында «көк түтүн чыгып буркурап, азыр турган токсон миң, түтүнүнөн көрө албай жүдөп чуркурап» (Сагымбай Орозбаков, 2.114) турушун баяндаган окуялар эпостогу А-дин белгилери болуп саналат. Анимисттик ойлоонун өзүнчөлүгү катарында же бул көрүнүштүн руху жөнүндөгү түшүнүктөрдүн иштелиши жана ошого байланыштуу кыялый образдардын да орун алышын көрсөтүүгө болот. «Манас» эпосундагы монументтүү эпикалык баатырды колдоп жүргөн, багыт берген, душмандардан, түрдүү кырсыктардан сактаган пирлер Кырк чилтен, Кыдыр, Баба Дыйкан, Ойсул-Ата, Камбар-Ата, Шаймердендер А-дин эпостун образдык системасына, идеялык өзөгүнө, көркөмдүүлүгүнө бир кыйла таасир эткен. Эпостогу анимисттик аңсезимдин мыйзам ченемине ылайык бул фантастикалык-мифтик портреттик мүнөздөмөлөрү сырткы көрүнүшү, аткарган милдеттери боюнча биринен бири кыйла айырмаланып турат.

Эпикалык баатырлар Алмамбет менен Чубактын жана башкалар элесин, монументтүүлүгүн жаратууда да анимисттик катмар, образдар жана түшүнүктөр ийкемдүү түрдө кызмат кылат. Эпостун «Семетей» бөлүмүнүн негизги окуяларынын дээрлик бардыгында Кызыр, Кырк чилтендин колдоочулук кызматы көрүнөт. Каныкейдин Тайторуну чабышында анын биринчи келиши, Семетейдин Таластын суусун кечиши, Күлчоро Кара-Үңкүрдө түнөп калганда өзүнчө аян бериши сыяктуу эпизоддордо да А-дин көрүнүштөрү чагылдырылат. «Сейтек» поэмасында мындай анимисттик демонологиялык образдар, түшүнүктөр айрым гана окуялардын тутумунда берилип, пассивдүү катышат. Эпостогу салттык мотив боюнча жаңы төрөлгөн Сейтекке эч ким ылайыктуу ысым коё албай турганда Кызыр ат коюп берет. «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүндөгү Айчүрөктүн түпкү теги, Семетейдин кайып болушу жана Желмогуз уулу Сарыбайдын окуяларын баяндаган эпизоддорду да анимисттик ойлоонун туундусу катары эсептөөгө болот.

К. Байжигитов

АНТ

— эч качан бузулбас, салттык ыйык убада-бүтүм, шерт, касам. А. жоокерчиликте, достукка бекем болууда, ар кандай жашыруун ишти аткарууда берилген. Байыркы кыргыздарда баатырлар элдин эркиндиги, намысы үчүн жоого каршы аттанарда жан аябаска, максатты орундатууга, шартты бузбоого ок тиштешип же кылычтын мизин өбүшүп А. беришкен. Магиялык касиети бар катары аксак. сары атты ортого коюп достошуу салты болгон. Эпосто Манас менен Алмамбеттин ортосундагы достуктун негизинде дал ошондой А-ташуу жатат. Бул мотив эпостун «Семетей» бөлүгүндө генеологиялык принципте Семетейдин энеси Каныкейдин эмчегин Күлчоро, Канчоро эмишип туугандашуусу (побратимство) аркылуу улантылат.

Эпосто А-ташып достошуу салты башка көптөгөн каармандар ортосунда да жүрөт. Манаска келип кошулган баатырлардын бардыгы А. берип достошкондугу жөнүндө сөз болот. Алар «адам өлөөр шерт кылып, убаданы бек кылып» макулдашканда «төбөсү ачык көккө, төшү түктүү жерге», асмандагы ай, күнгө, караңгы түнгө жана өзүлөрү урунган жоо куралдарына сыйынышып А. беришкен. Мындай А-ты жеке оң каармандар эмес, терс каармандар да (мисалы, Манаска каршы кутум уюштурган алты кан, Семетейге каршы күрөшкөн Чынкожо менен Толтой, Канчоро менен Кыяс) өздөрүнүн чыккынчылык, жүзү каралык жашыруун иштерин жүргүзүү үчүн беришкен. Каармандардын бул түрдөгү эпикалык А-ынан алардын жомоктун чыгыш доорунда же андан мурун да, кийинчерээк да, көп кудайлуу диний ишенимде болгондугун жана сөздүн магиялык күчүнө ишенгендигин көрүүгө болот.

Эпостогу баатырлар достошкондо салт боюнча боз бээ союп, канына колдорун матырып, «эгер арабыздан чыр-чатак чыгарсак, бузулушсак так ушул ак боз бээдей мууздалып калалы», же убаданы бузган ушул жаш чыбыктай кыркылсын дешип А. беришкен, «Манастагы» А. берүү салты ислам дининин талабына жараша «кудайга» сыйынууга багытталбастан, көбүнчө жаратылыш көрүнүштөрүнүн (Көккө, Айга, Күнгө, Жерге, тоого, сууга) жана жоокердик курал-жарактардын касиети менен байланышкан. Эпосто мусулман дининин таасири менен келеме шарип (куран) кармап А-ташуу да айрым варианттарда жолугат.

С. Алиев

АНТИТЕЗА

(гр. antithesis — карама-каршылык) — түшүнүктөрдү, көрүнүштөрдү бири-бирине ачык карама-каршы коюу. Тексттин, ойдун эмоциялуулугун күчөтүп, көркөмдүгүн жогорулатуу үчүн кызмат кылат. А. «Манас» эпосунда да көп кездешет: «Батыш менен чыгышка Айдап жүрдү чубатып» (Жусуп Мамайдын варианты, 1.540). Эпосто А. каармандарды сүрөттөгөн эпитеттерде жолугат. Мисалы, Бакайды мүнөздөгөндө: «Караңгыда көз тапкан, Капылетте сөз тапкан» (Курама варианты, 2.44). А-ны түзүүдө көбүнчө антонимдер пайдаланылат:

Ошо турган Акаяр
Өчкөн отун тамызып,
Өлгөн жанын тиргизип,
Үзүлгөнүн улады,
Салышпай карап турбады
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.200).

«АНТОЛОГИЯ КИРГИЗСКОИ ПОЭЗИИ»

(«Кыргыз поэзиясынын антологиясы»)— кыргыз поэзиясынын тандалган үлгүлөрүнүн жыйнагы (М„ «Государственное издательство художественной литературы», 1957). Көлөмү 444 б. Антологияга «Манас» эпосунан Баатырдын төрөлүшү (29—38-б.), Жамбы атыш (39 — 47-б.), Семетейдин элине кайтышы (48—54-б.), Сейтектин энеси менен коштошкону (55—61-б.) деген үзүндүлөр кирген. Которгондор: С. Липкин, Л. Пеньковский, Б. Державин. Үзүндүлөрдүн кайсы манасчынын айтымы боюнча экендиги көрсөтүлбөгөн.

«АНТОЛОГИЯ ПЕДАГОГИЧЕСКОЙ МЫСЛИ КИРГИЗСКОЙ ССР»

(«Кыргыз ССРинин педагогикалык ойлорунун антологиясы») — «СССР элдеринин педагогикалык ойлорунун антологиясы» сериясынан (М., 1988) орус тилинде чыккан китеп (көлөмү 968 б.). Антология Элдик педагогика, Эл акындарынын чыгармачылыгындагы педагогикалык ойлор, Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийинки Кыргызстандагы педагогикалык ойлор деген үч бөлүктөн турат.
Баш сөз ордуна Ч. Айтматовдун «Окурмандарга» жана педагогика илимдеринин доктору М. Р. Балтабаев менен педагогика илимдеринин кандидаты анын ичинде Акулованын «Кыргызстандагы педагогикалык ойлор жана эл агартуунун өнүгүшү» деген макалалары басылган. Аларда кыргыз элинин педагогикалык ойлорунун, көз караштарынын көп кылымдык өнүгүү процессине баяндама берилген.

Педагогика кыргыз элинде революцияга чейин өз алдынча илимдин тармагы болуп бөлүнүп чыкпаса да бала өстүрүү, ага тарбия берүү, тукум улантуу маселелери жагдайында эл ичинде топтолгон турмуштук тажрыйба, практикалык иш-аракеттер, акылман ойлор катары көп кылымдар жашап жана өнүгүп келгендиги айтылат. Ошол баа жеткис педагогикалык казына эц биринчи иретте фольклордук чыгармаларда жана акындар поэзиясында топтолгон. Ал эми кийинки мезгилде педагогика республикада илимдин өз алдынча тармагы катары өнүгүп жаткандыгы белгиленген.

Китепте кыргыз элинин байыркы доорлордон азыркы күндөргө чейинки педагогикалык мурасынын мыкты үлгүлөрү топтолгон. Элдик педагогиканын эстеликтери катары макал-ылакаптар, терме, бешик, балдар, эмгек, санат - насыят, каада-салт, арман, кошок, каалоо, айтыш ырлары, калптар, табышмактар, жаңылмачтар, жөө жомоктор берилген. «Эр Төштүк», «Курманбек» кенже эпостору жана «Манас» эпосунан («Манас», «Семетей», «Сейтек») үзүндүлөр сунуш кылынган (29—57-б.). Чыгармада сүрөттөлгөн доордогу кыргыз элинин бала жөнүндөгү, ага тарбия берүү, турмушка үйрөтүү жагдайындагы түшүнүктөрүн, көз караштарын кең-кесири чагылдыра алгандай жана көркөмдүгү жогору, зор тарбиялык касиетке эгедер үзүндүлөр тандалган. «Манас» бөлүмүнөн эпостун башкы каарманынын төрөлүшү, атасы аны Ошпурга койчулукка бериши, тогуз жашар баланын калмактарга биринчи жолу каршылык көрсөтүшү, Манастын жана Бакайдын эр жигиттин эл алдындагы ыйык милдети, ынтымак, элдин биримдиги жөнүндөгү ойлору баяндалган эпизоддор алынган.

«Семетей» бөлүмүнөн өзгөчө көркөмдүккө, терең психологизмге ширетилген эпизод — Каныкейдин Тайторуну чапканы, «Сейтек» бөлүмүнөн душман арасында чоңойгон Сейтектин ата-бабалары өскөн жер — Таласка келгендеги кыргыз жеринин ажайып кооздугу, элинин баатырдыгы, меймандостугу сүрөттөлгөн үзүндүлөр берилген.

Антологияга ошондой эле атактуу эл акындарынын жана профессионал акын-жазуучулардын чыгармаларынан, кыргызстандык көрүнүктүү окумуштуулардын, эл агартуу ишмерлеринин педагогикалык көз-караштарын чагылткан эмгектеринен да үзүндүлөр киргизилген. Белгилүү окумуштуу Б. М. Юнусалиевдин ««Манас» эпосунун чыгыш доору жана жаралуу себептери жөнүндө», «Кыргыз баатырдык эпосу «Манас» деген эмгектеринен үзүндүлөр басылган.

Д.Саалиева

АНТОНИМДЕР

— карама-каршы маанидеги сөздөр. Мисалы, жакшы-жаман, узун-кыска, чоңкичине, дос-кас жана башкалар Көркөм сөз каражаты катары А. лексикалык кубулуштардын ичинде өзгөчө орунга ээ экендиги алардын стилдик функциясынын ар түрдүүлүгү менен шартталат. А-дин стилдик максатта колдонулушуна эки нерсе өбөлгө түзөт: 1) А-дин семантикалык табияты; 2) ар кандай синтаксистик түзүлүштө колдонулгандыгы. А-дин семантикалык негизи карама-каршылык болгондуктан алар көркөм чыгармада контраст түзүүдөгү негизги каражат болуп саналат. Муну менен катар А. кепте каршы гана коюлбастан, биригүүгө, бейтараптанууга чейинки жагдайларды туюнтууга да кызмат кылат.

Мындай кырдаалда кубулуштардын, алардын касиет-сапаттарынын ар кандай абалын (туруктуулук, үзгүлтүксүздүк, кадыреселик жана башкалар) элестүү берүү менен, күчөтүүчүлүк, толуктоочулук жана башкалар функцияны аткарат. Ошентип, А-дин негизинде антитеза, бөлүнүү, биригүү, кезмектешүү, өтүү, окшошуу, каршылык, оксюморон өңдүү стилдик фигуралар жаралып, ошого ылайык А. ар кандай стилдик максатта колдонулат. Бул фигуралардын дээрлик бардыгы «Манас» эпосунда кеңири жолугат. Мисалы, А. антитезада предметтин, кубулуштун өзүндөгү жана ар кандай предметтердин, кубулуштардын ортосундагы карама-каршылыкты, айырмачылыкты элестүү берүүдө пайдаланылат:

Эркелеткен балаң жок,
Эрмек болор адам жок,
Же сүйөрүңө балаң жок,
Же сүйүнүшөр адам жок.
Ушундайды эстесем,
Сүлдөрүм бар, дарман жок
(Сагымбай Орозбаков, 1. 19).

Кээде ач болсун кээде ток,
Кэби тийсе, ур да сок,
Катыксын деп баламды
Кан Жакыптын талабы
(Сагымбай Орозбаков, 1.93).

Карама-каршы кубулуштарды, абалдарды, көрүнүштөрдү тең камтуу менен алардагы туруктуулукту, үзгүлтүксүздүктү, ар дайым болуучулукту, жалпылыкты, баарын камтыгандыкты жана бүтүндүктү элестүү, таамай ачып берүүчү биригүү стилдик фигурасын түзүүдө да А. колдонулат. «Ар дайым», «баары» деген өңдүү сөздөр менен синонимдик мааниде болуп, алардын экспрессиялуулугун арттырат. Эпосто:

Арам-адал түк билбейт,
Ар бир түрдүү иш кылат,
Ага-инисин көзгө илбейт.
Астындагы көк тулпар
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң-тетири теминип,
Колундагы сыр найза
Оңго-солго булгалап,
Ойрондук жайын билгизип
(Саякбай Каралаев, 1.203),

— деп сүрөттөлөт.

Турмуш диалектикасынын бир өңүртүн, башкача айтканда карама-каршы кубулуштар, касиет-сапаттардын бири экинчисине өтүүсүн, айлануусун таасын чагылдырууда өтүү стилдик фигурасы да А-дин жардамы менен түзүлөт:

Манасым саа келгени,
Арык элек — семирдик,
Ачыккан элек — тоюндук.
Кеңелип пейил чечилдик,
Кетилип келип жетилдик.
Аз болсо көптөй көрүнгөн
Өнөрүн көрдүм кыргыздын.

Бөлүнүү стилдик каражаты карама-каршы кубулуштардын, касиет-сапаттардын жана башкалар белгилүү бир кырдаалда жанаша (бирге) жашоого мүмкүн эместигин, экөөнүн бирөө гана өкүм сүрүүгө тийиш экендигин элестүү ачып берүүдөгү каражаттардын бири:

Бээжин түгүл ар жагы
Кен тооңо кирип кетсе да
Артынан Манас жетем деп,
Же өлтүрбөй же өлбөй
Кантип кайра кетем деп
(Сагымбай Орозбаков, 1.210).

Бала жерде туйлады,
Бар-бар этип ыйлады
Эркек бекен, кыз бекен,
Мага качан айтат деп,
Байбиче жашын тыйбады (
Сагымбай Орозбаков, 1.59).

Карама-каршы кубулуштардын, касиет-сапаттардын кезмектешип кайталанып турушун берүүдө кезмектешүү стилдик фигурасында да А. колдонулат:

Кызматта жүргөн кырк чилтен
Каткырып күлүп калганы
Бир силкинип бирөөбү
Көк бөрү боло калганы
Бирде бөрү, бирде адам
Анык сонун экен деп
Көөнүнө бала алганы
(Сагымбай Орозбаков, 1.97).

А-дердин негизинде пайда болгон эң оригиналдуу көркөм ыкма-оксюморон. Ал А-дин, деги эле карама-каршы маанидеги сөздөрдүн айкашышынан, биригишинен жаралат. Мисалы, далилсиз далил, эскинин жаңысы, тилдүү дудук, арбын туруп аз болуу жана башкалар Турмуштагы кубулуштарды так, даана сүрөттөп, ойду элестүү курч берүүдө оксюморондордун ролу зор. Оксюморон аркылуу автор сүрөттөп жаткан кубулушка карата өзүнүн жекече мамилесин, пикирин билдирип, окурмандарды таңдандырат, ойлонууга аргасыз кылат. Анткени оксюморон аркылуу бирикпегендер биригип, сыйышпагандар сыйышкандыктан, сүрөттөлүп жаткан кубулуш таптакыр жаңы, адаттан тышкары көрсөтүлөт. «Манас» эпосунда түгөнгөн сайын түтөө, жумса көзүн ачкандай, күндүз күнү түн болуу, көрбөгөндү көрүү, тирүү өлүк жана башкалар оксюморондор колдонулган:

Ал сөздү айтып Алооке
Калкынын көөнүн басыптыр,
Тирүү өлүк болбойм деп,
Түн киргенде качыптыр
(Сагымбай Орозбаков, 2.236).

Түгөнгөн сайын түтөгөн
Тиги, дүмбөкүнүн тукуму,
Өлгөн сайын өөрчүгөн
Өрттөнгүрдүн тукуму
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.245).

Б. Усубалиев

АНТРОПОМОРФТУК ОБРАЗ

(гр. anthropos — адам жана morphe — түр, форма, кейип) — адам кейиптүү, жансыз нерселерге, табият кубулуштарына, ай-жылдыз, жан-жаныбарларга, мифтик жандыктарга кишинин касиетин (сүйлөө, ойлоо, туюм, сезим жана башкалар) киргизүү. А. о. элдик оозеки чыгармачылыкта көп кездешип, айрыкча жөө жомок, эпостордо жан-жаныбарлар (айбанат, канаттуу) жана жансыз нерселер (тооташ, суу, өсүмдүктөр) адамча сүйлөп, ойлоп кишидеги касиетке да ээ болушат. А. о. оң же терс каарман катары да кезигет. Бирок, алардагы оң же терс сапаттар так кесе айтылбайт.

Чыгыш элдеринин мифологиясында дөө, перилер бирде оң, бирде терс сапатка ээ. Элдин ишениминде айрым булак, тоо, суу, мазар ээлери да А. о-га жатат. Дөө, албарсты, жиндерден өзгөчөлөнүп, мифологиялык образ катары пери адам баласына кас эмес, тескерисинче аны колдойт. «Манас» эпосунда да А. о-ды көп кезиктирүүгө болот. Ч. Валиханов 1856-ж. Ысык-Көлдөн жазып алган «Көкөтөйдүн ашында» Манас Жолойду кууп баратканда минген атына тил бүтүп мындай дейт:

Айланайын атыңдан, ээм,
Мен көргөндү көрдүңбү, ээм?
Мен билгенди билдиңби
Ошо Сары-Белдин жонунда.
Кырчактын кызыл түлкү кубулуп.
Кечээги каапыр Жолойдун
Өткөн сулуу кызы экен.
Ошондо бизди көрүп калыптыр
Адамдын жиберген эриби?
Кудайдын жиберген кулубу?
Жерден чыккан жек бекен?
Жебирейил шум бекен?
Андан чыккан сук бекен?
Шумурайыл шум бекен?
Каапыр Жолой капырдын
Бар кароолу ал экен
(Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 85-б.).

Манас Жолойду колго түшүргөндө, Ачбуудан Манастан ээсинин жанын сурайт:

Карчыга болгон Ачбуудан
Айланып жүрүп үн салды:
— Хан, ээмдин карга чокуур канын кой соңчу
Түлкү шимшүүр жыттык дагы койсоңчу
Атаңдын кеги бар беле
Эми, баштагыдай жакшы боло албайм
(Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 87-б.),

— деп алоолонгон отко түшүп кайып болуп кетет. Ошондой эле эпосто мындай образдар көп кездешет. Мисалы, Нескаранын Чабдар аты (Сагымбай Орозбаковдун варианты), Кыястын Төөторусу (Саякбай Каралаевдин варианты) да адамча сүйлөйт.

X. Короглы

АНТРОПОНИМДЕР

(гр. anthropos — киши, оnyma — ат, ысым) — энчилүү адам аттары, ысымдар, фамилиялар, атасынын аттары, ылакап аттар, псевдонимдер, патронимдер, андронимдер, гинеконимдер кирет. Көркөм адабиятта А-дин колдонулушун поэтикалык антропонимика изилдейт. Көркөм чыгармадагы каармандын ысымы адатта көркөм талапка байланыштуу тандалып алынат жана кейипкерди мүнөздөөчү каражаттардын бири болуп саналат. Чакыруу үчүн же стилдик, а түгүл кээде социалдык-идеологиялык мааниге да ээ болот.

«Манас» эпосунда каармандардын абдан көптүгүнө байланыштуу ысымдар да өтө арбын жана алар түрдүүчө милдет аткарышат. Башкы каарман Манастын ысымына байланыштуу атайын изилдөөлөр бар, бул ысымдын чыгыш төркүнү, айрыкча мааниси ар түрдүүчө пикирлерди пайда кылып жүрөт. Чоң казаттын башында антаңдап шашып келген Чубак Манасты ойготкондо, ал кенеп да койбостон: «Жоо болсо, нетербиз, Жолуң болгур ыйлаба, Уруша-уруша чыгып кетербиз» — дейт. Ошондо Чубак:

Аты да Манас турбайбы,
Заты да Манас турбайбы,
Өзү да Манас турбайбы,
Сөзү да Манас турбайбы
(Сагымбай Орозбаков, 4.308— 309),

— деп ага ыраазы болот. «Манас» деген сөз кандай мааниге ээ экендиги азырынча талаш маселе. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Каныкейдин кыз кезиндеги аты Санирабига, Манаска турмушка чыккандан кийин кандын никейине турду делип, анан Каныкей аталат (Сагымбай Орозбаков, 2.416). Стилдик маанидеги ысымдар да эпосто көп учурайт. Мисалы, Сыргактын, Серектин, Ырчыуулдун ысымдары алардын кулк-мүнөздөрүнө, аткарган иштерине жараша берилген. Эпосто ошондой эле аталып гана өткөн эпизоддук ысымдар да арбын.

Х. Короглы

АҢГИР

— эпизоддук кейипкер, Конойдун атасы (Сагымбай Орозбаков, 1.239).

АҢГИР

Ангире — топоним. Манастын балалык чагындагы Алтайдагы окуяларда жыш эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 1.164,180,189,191,199,215,233, 263). Географиялык реалияда азыркы Моңгол-Алтайдын түштүк-чыгыш тарабындагы тоо жана суу.

АҢГҮК

— топоним, эпос боюнча кытайдын жабай журту турган калаа. Алмамбет менен Сыргак Бээжинге чалгынга барып, кытайча кийинип А. шаарын жоо басып алды деген Алмамбеттин сөзүнө ишенген А-түн калкы Кентун шаарына жардамга кетип, шаарды Манастын колу согушсуз алганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 269— 270).

АҢГҮРӨӨ

— этноним. Эпостогу кыргызга канатташ жашаган эпикалык душман, эл, каракытай, калмактардын бир бутагы. Сагымбай Орозбак уулунда айтылат.

АҢЧЫЛЫК

аң уулоо — эт, май, тери жана башкалар алуу максатында ар түрдүү куралдардын жардамы менен кайберен, илбээсин уулоо. Кыргыздар башка түрк уруулары сыяктуу эле А-ты кесип кылган. Жергебизде айбанат менен илбээсиндин көптүгү жана ар түрдүүлүгү, жер шартынын аларга оңтойлуу болушу А. кесибинин өөрчүшүнө шарт түзгөн. «Манас» эпосунда да башкы каармандар Манастын, Семетейдин А-ка чыгышына байланыштуу урунттуу окуялар кездешет:

Кийик издеп, аң уулап,
Киши жүрбөс улуу тоо,
Тоону басып кадуулап,
Адырдан аркар аталык
(Сагымбай Орозбаков, 2.285).

А-тын коллективдүү түрү эпосто салбырын катары айтылат, к. Салбырын.

АҢЫРДЫН САЗЫ

— топоним, Сары-Колдогу жер. Жети кан чоң казаттын астында Манаска каршы кутум уюштурууда чогулган жер (Сагымбай Орозбаков, 4. 9).

АҢЫРТЫ

— топоним. Манас жолдоштору менен Уркун (Орхон) дарыясынын боюна ууга жөнөгөндө ашкан бел (Сагымбай Орозбаков, 1.241,242).

АҢЫРТЫ

— топоним. Жакып Алтайда турганда анын айылы жердеген жерлерден. Манастын бала кезиндеги бир катар окуялары А-га байланыштуу сүрөттөлөт. Географиялык реалия катары Жунгариядагы жер.

АПАРЫСЫЯП

Афрасиаб, Афарисиаб, Афарысыйаб, Апарысыяп — иран жана түрк элдеринин фольклорундагы кеңири белгилүү каарман Афарсиабдын ысымынын кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө ылайык өзгөртүлүп айтылышы. «Манас» эпосунда кездешип түрктөрдүн байыркы бабасы катары айтылат. Афрасиабдын образы алгач иран элдеринин мифологиясында пайда болуп, андан түрк элдеринин фольклоруна өткөн. Бул образ узак убак өсүп-өнүгүүнүн натыйжасында түрктөшүп кеткени жана ошондой кылымдарда өзүнүн уламыштык мифтик сапаттарын жоготуп, Караханийлер мамлекетинин башкаруучуларынын бабасы катары айтылып калганы маалым. «Апарысыяп» ысымынын «Манас» эпосуна кирип калышы, биринчиден, бул ысымдын ошондой кылымдан бери карай түрк элдеринин чыгармачылыгында кеңири белгилүү экендигине байланыштуу болсо, экинчиден, Сагымбай Орозбак уулунун Фирдоусинин «Шах-намэ» жана Хива каны Абулгазынын (1603—64) «Шаджара-и-түрки» аттуу чыгармалары менен тааныштыгы себепчи болгон. Анткени, Афрасиабдын образы бул чыгармаларда кеңири орун алган.

А. Боронов

АПЫ

апы-үпү — эпосто жана жалпы эле кыргыз фольклорунда дарынын аты. «Үпү деген дары бар, Апы деген бир дары, Төмөнкү кең Мысырдан алдырды» (Саякбай Каралаев, 2. 226). Ал эми «Жаныш-Байыш» эпосунун О. Урманбетов айткан вариантында А. деп кыргыздар апийимди айткандыгы эскерилет.

АПЫЛАТУН ИЛАКАР

— байыркы грек философу Платондун (б. з. ч. 428 же 427—348 же 347) «Манас эпосундагы аты. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Искендер Зулкарнайынды (Александр Македондукту; биздин заманга чейин 356—323) «Аскер баштап, кол жайып ар өнөргө үйрөтүп жүргөн» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 104-б.) адам. Эпос боюнча аярлык өнөр кийинкилерге ушул А. И-дан өткөн. Мисалы, калмактын Куяс аяры А. И-дан калган өнөрдү пайдаланып, жолдогу дарактарды, чөп-чарды жаракчан аскерге айландырып, Ала-Тоону душмандан бошоткону Алтайдан аттанып чыккан Манастын колун тостурат.

Катыраң деген аяр кыз А. И-дан калган кернейди тартып, адамдарды кубултуп башка түргө өткөрөт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 104—1206.; 576-инв., 574—575-б.). Апылатунду улуу колбашчы Искендер Зулкарнайынга байланыштырган аңыз кыргыздардын арасында азыр да учурайт (мисалы, Аксы аймагындагы Афлатун тоосунун атына байланышкан аңызда). Чындыгында Платон Искендердин өзүнүн эмес, анын устаты Аристотелдин (б. з. ч. 384—322) таалимчиси болгон.

Р. Сарыпбеков

АРАБАЕВ Ишенаалы

(1882, азыркы Кочкор району, Күн Батыш айылы — 1938) — кыргыздын туңгуч агартуучуларынан. Алгачкы билимди айыл мектебинен алган. 1900—10-ж. кыргыз айылдарында мугалим болуп иштеген. 1910—13-ж. Оренбург шаарындагы «Медресе Кусейиниядан» бир жыл окуп, анан Уфадагы «Медресе Галиядан» окуп билим алган. 1911-ж. Молдо Кылычтын «Кысса зилзаласын» Казан шаарынан чыгарган. Кыргыз, казак балдарына арнап «Алиппе жаки төтө окуу» аттуу туңгуч окуу китебин Сарсекеев экөө жазып, Уфадагы «Шарк» басмаканасынан бастырган. Бул туңгуч окуу китеп кыргыз, казак жаштарын кат таанып, билим алышына чоң салым кошкон. 1912-ж. «Жазуу өрнөктөрү» (таза жазуунун үлгүлөрү) аттуу кичинекей китепче жазып, анын Оренбург ш-ндагы «Вахит» басмаканасынан бастырган.

Эл арасында мугалим болуп иштеп жүргөндө Тыныбек манасчынын «Семетейинен» үзүндү, Боогачынын «Секетбайын» жана фольклордук материалдарды жыйнаган. А. 1922-ж. Сагымбай Орозбак уулунан «Манас» эпосун жаздырууну уюштурат. 1924-ж. туңгуч кыргыз алфавитин түзүп, «Кыргыз алиппесин» жазган. Ошондой эле кыргыздын туңгуч газетасы «Эркин-Тоону» уюштурууга да катышкан. 1925-ж. «Сабатсыз чоңдор үчүн алипени» түзгөн. Тыныбек жомокчунун «Семетейин» Фрунзеден, Ташкенден жана Москвадагы СССР элдеринин басмаканасынан жарыкка чыгарып, эпостун жыйналышына, изилденишине чоң салым кошкон.

3. Бектеков

АРАБАНТЫ

— топоним. Эпосто Алооке кандын сарайы ушул тоого жакын жайгашкан (Сагымбай Орозбаков, 2. 181). Географиялык реалияда Ош менен Аравандын ортосундагы тоолор — Таш-Ата, Чил-Майрам, Чил-Устун жана башкалар.

АРА-БЕЛ

— топоним. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Кызарттын баштагы аталышы (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 561, 621-б.).

АРАК

— ачыган сүттөн же кымыздан тартылган алкогол ичимдиги. Бул түрдөгү ичимдиктерди түрк-моңгол элдери байыртан кеңири колдонуп келген. Ошондуктан, «Манас» эпосунда да А. жөнүндө маалыматтар бар. Мисалы, Радлов жазып алган вариантта «аракыга бал кошуп алтындан кылган аякка ага куюп сунуңар» (Радлов жазып алган вариант, 90-б.). Эпосто А. көпчүлүк учурда зыяндуу ичимдик катары баа берилет. А. душман тараптагы терс каармандардын сүйүктүү тамагы катары сүрөттөлөт. Оң каармандар аны ичкенде: «Арак деген аш ичтим балдар, акылымы кошо ичтим балдар», — деп өзүн күнөөлөйт. Ырасында, А. ичүү менен оң каарман туура эмес жолго барат, адашат. Мисалы, Көкчө өзүнүн айланасындагы арам ойлуу бийлердин амал менен берген арагына мас болуп, Алмамбет менен чатакташып айлынан кетирет, Көзкамандар Манаска арак берип мас кылып, ууландырып өлтүрө албай калышат. Кырк чоро Жакып берген аракка кызып, Каныкейге каршы аттанышат.

И. Молдобаев

АРА-КӨЛ

— топоним. Манас баатыр кырк чоросу менен ууга чыккан тоолордун бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 289). Географиялык реалия катары Өзгөн районунундагы жер.

АРА-КӨЛ

— топоним. Манас баштагы ата-журту — Ала-Тоону калмак-кытайлардан бошоткондо, анын Үрбү, Мунаркан баштаган колу А.-К-дөгү душманды да багындырат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 537-б.). Географиялык реалияда азыркы Кочкор районунундагы «Чолпон» с-зуна караштуу аймак.

АРАЛБАЙ

— эпизоддук кейипкер. Анжыянда эмне болуп жатканын чалгындап келүүгө аттанган Күлдүр менен Чалыбайга жолугуп, Алоокенин Манастан коркуп качып кеткенин айтат (Саякбай Каралаев, 1.202).

АРАЛ-КӨЛ

— топоним. Алтайдан көчүп келаткан жолдо кыргыздар калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо: «Баарын алар түк койбой Башы Бабыл, Дарганды, Аягы Намут Арал-Көл дайраны» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 606-б.) делип, Манас байыртан ата-бабасы жердеп келген мекени катары башка жерлер менен бирге А.-К-дү бошотмок болгону айтылат. Географиялык реалияда Арал деңизи.

АРАНИК

— топоним. Ала-Тоону душмандан бошоткону аттанган кыргыз колу менен каңгайдын баатыры Кеселиктин колу беттешкен талаа (Курама варианты, 1.114,115).

АРАП

— этноним. Батыш Азия жана Түндүк Африкадагы араб өлкөлөрүндө жашаган элдердин тобу. Араб халифтигин жеңип алуулары жана ислам дининин таралышы аркылуу Орто Азиядагы элдер 7-кылымдан тартып А. жөнүндө кабардар болушкан. «Манас» жөнүндө жазуу жүзүндө алгачкы маалымат берген «Мажму-ат-таварихте» эле А-тар тууралуу Манаска байланыштырылган кабар бар. Азыркы күндө колдо бар варианттардын көпчүлүгүндө А-тарга байланышкан маалыматтар арбын, айрыкча Сагымбай Орозбак уулу, Тоголок Молдо сыяктуу революцияга чейинки Чыгыш адабияттары менен тааныш манасчыларда андай маалыматтар мол.

АРА-ТАЛАА

— топоним, Орго кандын эли жердеген аймактардын бири (СО.2.72). АРА-ТОО — топоним. Эпос боюнча кыргыз уруулары Алтайдан Таласка көчөрдөн мурун жашап турган Тарбагатайга жакын жайгашкан тоо. Географиялык реалияда Моңгол-Алтайда Ар-Ула деген тоо.

АРА-ТҮЗ

— топоним, Манас баатыр кырк чоросу менен ууга чыкканда басып өткөн тоолордун бири. Эпос боюнча Арпанын мурдагы аты (Сагымбай Орозбаков, 2.169,289).

АРБАК

(арабча рух) — эл ишениминде өлгөн денеден бөлүнүп, өз алдынча жашоосун улантуучу адам жаны, элеси, сөлөкөтү. Ата-бабанын А-ын ыйык эсептеп урматтоо расмиси түрк, моңгол элдеринин, анын ичинде Орто Азия элдеринин оозеки чыгармаларында кеңири таралып, өзүнчө жалпылыкты түзөт. Мындай кеңири аймакка белгилүү болгон А. жөнүндөгү миф денеден бөлүнүп чыккан «жан» (киши өлгөндө) тиги дүйнөдө жашоосун улантат деген түшүнүккө негизделген. А-ка сыйынуу, аны ыйык саноо ишеними эпосто кеңири кездешет. Ата-бабалардын А-ы эпикалык каармандарды кыйын шарттарда колдоп, аларга жардам кылып, дем берип туруучу сыйкырдуу, касиеттүү күчтүн милдетин аткарат. «Семетейде» Манастын А-ы өзүнүн жакын чоролору менен Семетейди кысталыш жерлерде дайыма колдоп жүргөндүгү баяндалат. Семетей туулган жери Таласты биринчи жолу көргөнү келгенде (к. Семетейдин сюжети) энеси Каныкейдин айткан аманатын аткарып, ата-бабасынын А-ына сыйынып, атасы Манастын күмбөзүнө зыярат кылып, курмандык чалат. Талас суусун кечип өткөндө да аны кырк чилтен колдоп, Манастын пирлери жандайт. Ошондо Манастын А-ы көрүнүп:

Атышка кирип барганда,
Каарданып бакыргын,
Кысталып жоого келгенде,
Сен, балам, Манастап ураан чакыргын!
Арбагым азыр бар болсо,
Балам ар жерден колдоп аламын,

— дейт.
А-ка сыйынуунун, А-тын күчүнө ишенүүнүн үлгүсү «Каныкейдин Тайторуну чапканы» аттуу эпизоддо чагылдырылган. Байгеге төлгө кылып чабылган алтымыш асый Тайторуну Манас жана анын чоролору Алмамбет, Чубак, Сыргактын А-тары сүрөөгө алышып, мөрөйгө биринчи болуп келишине колдоо көрсөтүшөт. Эпостун бардык бөлүктөрүндө кыялый жалган түшүнүккө негизделген кереметтүү күч катары А. тирүү адамдарга колдоо көрсөтүшкөн диний-мифологиялык маанисинде жана элди, жерди, айрыкча эпикалык каармандарды идеалдаштырууда өзгөчө поэтикалык ык катарында колдонулат.

С.Алиев

АРБАЛДАЙ

— эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көзкамандын бешинчи баласы. А. да башка бир туугандарындай эле ач көз, мансапкор, акылы тайыз наадан болуп сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 1.137).

АРБАН

— этноним. Алтайдын уруусу.

АРБОО

— сыйкырлоо, дубалоо. Байыркы адамдар тышкы дүйнөнүн ар түрдүү көрүнүштөрүн өзүнө багындыруу жолун жакшы билбегендигинен, аларды кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн колдоосу менен жеңип чыгуу тууралуу кыялдарынан келип чыккан. Мисалы, айлакер Айчүрөктүн дуба менен адамча сүйлөөчү Тооторуну арбап, тилин бууп салышы, Тооторунун Айчүрөктү алып учуп жөнөшү, эң акырында, дубакөй аялдын А-су аркылуу Тоотору тулпардын «койго жеткис», «уйга жеткис» болуп калышы сыяктуу кереметтүү сыйкырлар адамдардын кара күчтүн үстүнөн болгон жеңишин көрсөтөт. Мындай жомоктук-фантастикалык учурлардын кадимки турмуштук катнаштар менен айкалыштырылып сүрөттөлүшү образдын көркөмдүгүн арттырат, мазмунун тереңдетет. «Сейтекте» ушул драмалык окуядан кийин сюжет чиеленишет, башкача айтканда Сейтек баш болгон элдик баатырлар ички душмандын адилетсиз бийлигинен элди, жерди бошотуу максаты ишке ашырылат.

АРГЫМАК

— Музбурчактын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашында ат чабышта марага алтынчы келет (Сагымбай Орозбаков, 3. 58).

АРГЫН

— этноним. Кыргызга жамаатташ жайгашкан түрк урууларынын бири. Азыркы учурда казактардын орто жүз курамынын ичиндеги эң ири уруусу. 8 — 12-кылымда Жети-Сууну, анын ичинде Таласты жердеген аргу уруусу менен байланышы бар. А., аргу экөө тең «аралаш», «курама», «ар кошкон уруулардын бирикмеси» маанисин туюнтат. Эпосто А. өз алдынча уруу катары сүрөттөлөт. Бул кыргыз менен казактын 16—18-кылымга таандык тарыхый алакалары гана эмес, 13-кылымга чейинки кыргыз А. байланыштары тууралуу да эпикалык дарек болуп саналат. Кыргыздар менен А. ата-журту боюнча коңшулаш, саясий багыты дайыма бирге, союздаш:

Аман болсо Манасың,
Кең-Кол, Талас жер табат,
Атамдан калган мурас деп,
Аргын, кыргыз эл табат
(Саякбай Каралаев, 1.69).

АРГЫН КАН

— эпизоддук кейипкер, Ажыбайдын атасы. Саякбай Каралаевдин вариантында «Аргын кандын Ажыбай», «Аргын кан уулу Ажыбай» делип, анын ысмы дайыма баласы менен бирге айтылат. Кээде А. баласы Ажыбайдын жүйөлүү таламдарын канааттандырбай, аны менен касташкан (натыйжада ага тарынган Ажыбай Манаска качып келет) тескери кейипкер катары эскерилет (Саякбай Каралаев, 1.190).

АРГЫН-СҮМӨН

Аргын-Зумун— этноним. Чыгыш Түркстанда жашаган калмактардын бир уруусу.

АРДАЙ

— эпизоддук кейипкер, калмак кол башчыларынын бири. Манастын Орго кан менен урушунда эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 2. 96).

АРДАКБОЗ

— Көкөтөйдүн минген аты. Валиханов жазып алган эпизоддо эскерилет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, №7, 85-б.).

АРДАЛЫК

— эпизоддук кейипкер, Атайдын атасы катары гана аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 3. 49).

АРЕФЬЕВ Анатолий Васильевич

(1918, Ставрополь шаары —1989, Москва)— театр сүрөтчүсү, СССРдин эл сүрөтчүсү (1967), КПССтин мүчөсү (1945). 1947-ж. Кыргызстанга келип, Опера жана балет театрында башкы сүрөтчү болуп эмгектенип, жетимиштен ашык ар кандай спектаклдерди жасалгалоону жүзөгө ашырган. Алардын ичинен «Манас», «Айчүрөк» опералары өзгөчө орунду ээлейт.

А. аталган улуттук опералардын сахналык жасалгаларын ишке ашырууда уникалдуу эпостун өзөгүндөгү ар кандай окуялардын тереңинен кыргыз элинин тарыхый этнографиялык жашоо-шартын, ал мезгилдеги турмуштун мүнөзүн билгичтик менен пайдаланган. Айрыкча, спектаклдин катышуучуларынын кийим-кечелерин, курал-жарак, жабдыктарын, улуттук жасалгалардын бүтүндөй ыргагын ишенимдүү чечип, эпикалык маанай берген. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл жылдыз ордендери менен сыйланган.

АРМАН

— кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында лирикалык ырлардын бир түрү. Манас эпосунда А. каармандардын кулк-мүнөзүн, дүйнөгө болгон көз карашы, жалпы эле адамдык сапатын ача турган көркөм ыкма катары жолугат. Жакыптын А-ы:

Акыретке бет алсам
Атакелеп артымдан
Наалып калаар балам жок...
Талаада жүрөт тайларым,
Таптап минер балам жок
(Сагымбай Орозбаков, 1.17),

— деп баласынын жоктугуна зарланганын, Алмамбеттин А-ы болсо эрксизден ажырап, көптөн бери көрбөгөн элин, жерин айтып (Сагымбай Орозбаков, 2.102—117, 4. 272—276) каңырыгы түтөгөнүн билгизет. Эпосто А. тиешелүү каармандын образынын ачылышына кошумча боёк берип, зоболо-абырой, даража орунун да билдирет. Сыргакты баш кылып курман болгон эрлердин сөөгүн койгондон кийин согушуп жатып кытайлардан Алмамбеттин сөөгүн тартып алгандагы Манастын А-ы — өйдө болсо өбөк, ылдый тартса жөлөк болор дос-жолдошторунан ажырап, алардын күйүтүн тарткан адамдын А-ы:

Жаагына жаагын жаздады,
Күңгүрөнүп токтобой,
Өкүрүп сөзүн баштады:
Эгиз козу түгөйүм,
Экөөнү бирдей жеп алып,
Эрикпей кантип жүрөмүн!
Аккула окко учуруп,
Алмамбет шейит кечирип,
Канатыман кайрылып,
Мен кантип кетем Таласка!
Алмамбет атышка салсам ак жолум,
Чубагым артымда жүрсө сан колум
Карагай жалгыз, кан жалгыз,
Долоно жалгыз, топ жалгыз,
Топ жолдоштон айрылып,
Томсоргон Манас мен жалгыз!...
(Саякбай Каралаев, 2.219).

Ал эми Манас өлөрдө кабарга барып, Сайкалдан кордук көрүп келаткан Ажыбай «Айкөлүм Манас өлбөй кал, Азапты куу жан көрбөй кал!» (Саякбай Каралаев, 2.242),— деп Манас менен чогуу жүргөн кезин эскерип, Манас жок кордук-зордук көргөнүнө А. кылат. Семетей Каныкейди эжем деп жүргөнүндө Манастын уулу болбой калганына:

Баласы болсом Манастын,
Жалгызы болсом эжемдин,
Санаса көңүл ток эле,
Алда таала кудайга
Түк арманым жок эле!
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.117),

— деп А. кылса, Коңурбай:

Айкөлдөй болгон Семетей,
Менин уулум болсочу,
Айдап жүргөн көп жылкы,
Атаганат көр дүйнө,
Менин кунум болсочу
(Курама варианты, «Семетей», 260), — деп А. кылат.

АРПА

— топоним. Нарын чөлкөмүнүн түштүк батышындагы бийик тоолуу жайлоо. Эпосто кыргыздардын эзелтен мекендеген конушу катары сүрөттөлөт. Орто кылым мусулман даректеринде А. жайлоосу көп эскерилет. Өзгөн тараптан Жазы дарыясын бойлоп А. аркылуу Ысык-Көлгө карай байыркы соода жолу өткөндүгү да белгилүү.

АРСУУ

— топоним. Жакып Манаска колукту издеп жүргөндө басып өткөн жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 384). Изилдөөчүлөр А-ну географиялык реалия — Арсубаникентке — Сыр-Дарыянын боюндагы байыркы шаарга таандык кылышат.

АРСЫ

— эпизоддук кейипкер, калмактын башкаруучусу. Эпос боюнча Орго кандын Кочкорду башкарып турган жаң-жуңу.

АРСЫ

— топоним. Калмак-кытайлар басып алган ата-журтун бошотуп келе жаткан кыргыз колунан Кочкор өрөөнүн бийлеп турган калмак жаң-жуңу (кээде калдай деп да айтылат) Арсынын өлгөн жери. Эпос боюнча бул жер ошонун атынан аталып калган (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 517-б.). Кочкор өрөөнүндөгү аймак.

АРСЫ

— топоним. Эпос боюнча Көкөтөйдүн мал жайыты (Сагымбай Орозбаков, 3. 70). Географиялык реалияда Казакстандын түштүгүндөгү дарыя, Сыр - Дарыянын оң куймасы жана өрөөн.

АРТЫК КАН

— эпизоддук кейипкер, Акжайнактын атасы деп гана айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 195).

АРТЫЛЫШТЫН-БЕЛИ

— топоним. Ат-Башы кыштагынан 35 км түндүк-батышта, Кара-Коюн өрөөнүнөн Чаптуу-Жерге ашкан бел. Белдеги эски көрүстөндүн жанында «Манастын таш тулгасы» — деп аталган үч кызыл тоголок таш бар. Бул жөнүндө мындай уламыш бар: «Манас жигиттери менен Кошой-Тоодогу ордодон келе жатып Тазбайматка: биз барганча Артылыштын-Белине бир аз шам-шум эткидей тамак даярдап тур деп жиберет.

Ошондо Тазбаймат жанказанга тулга кылып ушул үч ташты Чаптын арасынан таш табылбайт деп камчысына кошо кармай келет. Ошол таш тулганын жанында көк бөрү тарткыдай түз талаага Манас жигиттери менен келип, Тазбаймат жасаган тамакты шам-шум этип отурушкан экен».

АРУУКЕ

— кейипкер, Алмамбеттин аялы. Анын теги кайып, периге байланыштырылып, Сагымбай Орозбаковдун вариантында кайберендердин каны Байыңдын кызы делсе, Саякбай Каралаевдин вариантында Агынай кызы А. Каныкейдин сиңдиси. Ал өзүнүн аярлыгы, сыйкырчылыгы менен Айчүрөктүн образына жакын. А. да — «Кожожаш» эпосундагы Суречкинин кызы Ашайран сыяктуу эле аңчылык доордогу мифологиялык түшүнүктөн, ишенимден келип чыккан байыркы образ. Манасчылар аны пери тукумуна байланыштырышат. А. колунан келбеген эч нерсеси жок (түрдүүчө кубула алат, жаратылышты каалаганындай тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар) көрсөтүлгөнүнө карабастан, ал кайыптар дүйнөсүн кечип, адамзатка ыктайт, Каныкейге жакындайт, жөнөкөй пендени артык көрөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында А-ге таандык кайыптар чөйрөсү сырдуу, күчтүү, касиеттүү көрсөтүлөт:

Акылга дыйкан, өзү уз
Ааламга келбейт мындай кыз.
Айтканы түркү, сөзү түз,
Адамча багып күлбөгөн
Атасы кайып өзү суз
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 581-инв., 204-б.).

А. жалпы түрк элдеринин байыркы түшүнүгүнөн жаратылган кейипкер катары көбүрөөк айтылат да, бара-бара:

Кайсы күнү жатаарда
Кай кеткенин жан билбей,
Кайып болуп калат деп,
Кайсы күнү катарлаш
Кыздар менен кысылып,
Кошо жатып алат деп
(Сагымбай Орозбаков, 4. 94)

кайып да, адам да болуп көрсөтүлөт. А. Алмамбетке турмушка чыгарда бир топ сыр көргөзүп, түрүн бузуп, тилин чайнаган тантык кара кыз болуп, болочок күйөөсүнүн кыраакылыгын, акылын сындан өткөрөт. Минтип Алмамбетке өзүн таап алууга түрдүү шарт коюшу да байыркы энелик доор мамилелеринин көркөм чагылдырылышынын бир үзүмү катары анын образынын түпкү тамырын тереңдетет. Күйөө алдына түрдүү шарт коюп убаралантышын манасчылар кийинки көз карашка ылайыктап чечмелеген учурлар кезигет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында А-нин Алмамбеттен минтип качыңкырап турушу кайыпты чанып, тентиген бирөөгө тийди деген айыңдан корккондугу менен негизделет. Алмамбетке кошулгандан баштап анын образы камкор, уз аял катары өнүгөт. Кошой кийип намыс алган кандагайды тиккенге катышып, ага жалпы элдин, Кошойдун ак батасы тиет. Чоң казатта жоо кийимдерди даярдоодо да ал маанилүү милдет аткарган. А. Алмамбетке жуп келип, ашкан касиеттүү, эл үчүн талыкпаган, анын оор жүгүн теңдешкен эмгекчи аял катары көрсөтүлөт.

Алмамбет баатырдын ак ниет жары А. — Күлчородой элдик баатырдын энеси. Анын бүт жашоосу Манас менен Алмамбеттин достугу, алардын ишинин ийгилиги, ар-намысы үчүн арналган.

А.Жайнакова

АРКАРБОЗ

— Кутунайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин Манаска келишине арналып өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта марага алтынчы болуп келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 327).

АРУУКЕ

— эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кошойдун аялы. Ал алдыда боло тургандарды алдын ала сезген кыраакы, акылман, сыйкырчы аял. Кошой Билерикти Нескаранын туткунунан бошоткону жөнөгөндө А. алдынан жолуга турган аярлардын сырларын ачып берип, алардан сактануунун жолун үйрөтөт, к. Жөө жомоктор.

АРХАИЗМ

(гр. archaios — байыркы), архаикалык сөздөр— эскирген, күндөлүк колдонулуудан чыгып калган сөз, сөз айкашы же грамматикалык форма, к. Көөнө сөздөр.

АРЧА КАН

— кырк чоронун бири Акжолтойдун атасы делет (Саякбай Каралаев, 2. 200). Башка учурларда Акжолтойдун атасы Адыккан деп да айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 195).

АРЧАТОРУ

— Көкөтөйдүн ашында Бокмурун Манаска тартуулаган тулпар. Манас Аккуланы ат чабышка кошуп, А-ну минип ашты башкарат (Сагымбай Орозбаков, 3. 114, 127).

АРЫП

(арабча тамга) — сыйкырлап дуба окуп көз байлоо, кубултуу. Арабдардын диний жана көбүн эсе элдик оозеки чыгармалары (мисалы, «Миң бир түн» тибиндеги жомоктору) аркылуу кирген термин. Ал байыркы кыргыздардын магиялык көз карашындагы кубулуучулук жөнүндөгү түшүнүгү менен контаминацияланган. Ушуга байланыштуу «Манас» эпосунда А. окуу менен аракет кылуучу каармандардын эки тиби жолугат. Биринчи типке Алмамбет, Кошой, Айчүрөк, Көкмончок жана башкалар эпостун өзүнүн байыркы каармандары жатат.

Мисалы, А. окуп Алмамбет күндү жаадырат, Кошой Кашкарга аттанган жортуулунда көптөгөн сыйкырдуу эрдиктерди жасайт, Көкмончок Семетей Кыястан жараланганда кайыпка айлантып алып кетет, Айчүрөк уулу Сейтекке жардам бериш үчүн Кыястын сыйкырдуу аты Тооторунун тилин байлайт. Экинчи типке араб, фарсы жомокторунун таасири менен эпоско кийин кошулган «аяр» деген жалпы аталыш менен белгилүү кейипкерлер кирет. Булар көбүнчө Сагымбай сыяктуу байыркы чыгыштын жазма адабиятынын Орто Азия элдеринин арасына тараган үлгүлөрү менен тааныш манасчылардын варианттарында кеңири кездешет. Манас ата конушу Ала-Тоону душмандардан бошотуу үчүн жүргүзгөн согушта Үч-Турпандын каны Текестин аяры Куястын А. окуп жасаган укмуштуу сыйкырлыгы жөнүндө:

Арып дуба салыптыр,
Жерден чыккан киеси
Адам болуп калыптыр.
Мейли камыш, мейли чий,
(Баатыр болсоң барып тий),
Мейли куурай, мейли чөп
Аскер болду сансыз көп,
Адам кылып жыгачтан
Аңгемелүү кандай кеп,
Карагайы, кайыңы,
Каптап барган аскердин,
Чыгар эмес дайыны,
Өйүз менен бүйүзүн
Аскер кылды баарыны,
Суунун үстүн өрт кылды
Туу көтөргөн ар жерде
Султандарын көп кылды.
Ат минбеген жөө болду,
Ар бир чынар теректер
Адам эмес дөө болду.
Мылтык, кылыч бар жарак
Бутагынан бөлүндү
Найза кылыч көтөргөн
Айбаттары көрүндү
(Сагымбай Орозбаков, 2. 36—37),

— деп сүрөттөлөт.

Р. Сарыпбеков

АРЫШ

— бир нече уруу топторунун бирикмеси. Негизги варианттардын бардыгында кездешет. РВЖ боюнча Алмамбет туруктуу түрдө «калмак» деп аталат да, «төрт арыштуу ойроттун төрөсүнүн баласы» катарында Эртыштын башын жердеген баатыр болуп саналат. Демек, эпосто «төрт арыштуу ойрот», башкача айтканда төрт уруулар тобунун бирикмеси (калмакча «Дөрбөн ойрот») алардын ордо конуштары да Эртыштын башында болгондугу сүрөттөлүү менен Ойрот-Жунгар мамлекети жөнүндөгү тарыхый чындыкты чагылдырган.

АРЫШКАН

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап, тагдыр буюрган жар тандоо салтына ылайык аты жыйырма төртүнчү келген Агыдайга турмушка чыгат (Сагымбай Орозбаков, 2. 418, 425).

АСА

аса таяк (арабча аса — таяк; аса-муса) — Муса пайгамбардын таягы. Мусулман мифологиясы боюнча Алла берген таяк менен Муса пайгамбар фараондун көзүнчө ар кандай сыйкыр көрсөткөн. Куранда айтылгандай, Муса таягын тирүү жыланга айланта алган; Фараондун куугунчуларынан качып келатып деңизди чапса деңиз ачылып, тоо болуп калган; чаңкаган элдин суусунун кандыруу үчүн асканы чапса, андан атырылып он эки булак чыккан (Куран, 2-, 20-, 26-сүрөөлөр) сопу дербиштердин, думаналардын, эшендердин «касиеттүү» таягы. А. таяк абели бадалынан жасалып, шалдырак-шулдурактар тагылат. Элдин түшүнүгүндө А. таяк аруу, касиеттүү, аскеттик (такыба) жашоо мүнөзүнүн заттык белгиси, аяны катары элестетилген.

Элдик оозеки чыгармачылыкта, анын ичинде «Манаста» А. таяк думана болуп жер кезгендердин ажырагыс буюму катары кызмат кылат. Эпосто мусулман мифологиясынын кеңири белгилүү кейипкери Кызыр дайыма «аса таяк колунда» (Саякбай Каралаев, 1. 222) жүрөт. Элдин азаттык ой чабыты чагылдырылган эпизоддордун биринде сегиз жашар Манастын тентек чыкканы: «Дубана көрсө уруптур, Асасын тартып алыптыр, Азапка бөөдө салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 1. 90),— деп баяндалат.

Т. Чороев

АСАБА

(арабча туу, байрак) — эпосто колдун жүрүшүндө, согушка кирүү учурунда көп айтылат:
Ак асаба туу менен,
Айгайлаган чуу менен,
Желеги алтын туу менен
Жер жаңырган чуу менен
Асманга чаңы созулуп,
Азыр келип турганы
(Сагымбай Орозбаков, 4. 52)

Жети асаба туу келет,
Жер жарылган чуу келет,
Баштагыдан беш бетер
Жер майышкан кол келет
(Саякбай Каралаев, 2. 21), к. Туу.

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек

(1928, Фрунзе, Сокулук району, Саз айылы) — адабиятчы, адабий сынчы, филология илимдеринин доктору (1991), «Манас» эпосунун китебин түзүүчү. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн (1950). 1953жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кенже илимий, 1955-жылдан улук илимий кызматкер, 1956-жылдан директордун орун басары, 1963-жылдан улук илимий кызматкер, 1981-жылдан сектордун башчысы, 1988-жылдан жетектөөнү илимий кызматкер, 1991-жылдан башкы илимий кызматкер болуп эмгектенүүдө.
Кыргыз прозасынын проблемалары жөнүндөгү изилдөөлөрү менен бирге «Манас» эпосун чыгарууга да үлүш кошкон. Эпостун Курама вариантынын редколлегиясынын мүчөсү жана «Сейтек» бөлүмүнүн «Кириш сөзүн» жазган.

АСАНБАЕВ Мамбет

(1939, Сокулук району, Жал айылы) — кыргыз драма театрынын артисти. Кыргыз ССРннин эмгек сиңирген артисти (1987). Эмгек жолун 1963-ж. Ташкендеги театрдык институтту бүтүргөндөн кийин Кыргыз драма театрында иштөө менен баштаган. Ал көптөгөн драмалардан оң жана терс каармандардын ролдорун ойногон жана бир нече кинофильмге тартылган. Ж. Садыковдун үчилтик драмасында Нескаранын («Айкөл Манас», 1990), Кыргылчалдын («Манастын уулу Семетей»; 1982), Чалдын («Сейтек»; 1987) образын түзгөн.

АСАН КАЙГЫ

— кейипкер. Мамбет Чокморовдун вариантында Манастын эң түпкү чоң аталарынын бири, жер кезип жүргөн көзү ачык олуя. Ал Манас туула электен алда качан мурун анын келечектеги тагдыры жөнүндө алдын ала айтат. Өз уулу Ногойдун турмушунда да көзү ачык олуя катары көрүнүктүү роль ойнойт. А. к. кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринин оозеки чыгармаларында легендарлуу ойчул, сынчы, акылман. Ал өзүнүн элинин бейпил, жыргал турмушта жашашы үчүн кереметтүү өлкө Жер-Уюкту издеп жер кезет. Дүйнөдөгү мүлдө жан-жаныбар жөнүндө:

Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?
Куйругу жок, жалы жок
Кулан байкуш кантти экен?
(МЧВ, Кол жазмалар фондусу, 5116-инв., 2-б.),

— деп боору ооруп, ойго батат. Ушундан улам элде өзүнөк-өзү санаага баткан адамдарга карата А. к-чы деген ылакап айтылат. Тарыхта А. к. 14 — 15-к-дын аралыгында Алтын-Ордонун тегерегинде жашаганы болжолдонот. Өз мезгилинин белгилүү инсаны болуп, ишмердиги эл ичинде аңыз сөзгө айланышы, анын «Манаска» да кейипкер катары катышышын шарттаган.

С.Алиев

АСКАР

— эпизоддук кейипкер, Жабагынын атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 256).

АСКАР

— эпизоддук кейипкер, Жумабектин атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2.280—281).

АСКАРА

— Тазбайматтын байгеге чапкан күлүгү. «Манастын Каныкейге үйлөнүшү» эпизодунда тагдыр буюрган колуктуну табуу үчүн ат чаап, жар тандаган учурда А. отуз төртүнчү болуп келип, Тазбаймат нөкөр кыз Начарбүбүгө үйлөнөт (СО.2.426).

АСКЕР

— эпосто чакан бөлүкчөдөн тартып зор бөлүктөргө чейинки куралдуу адамдардын жыйындысынан турган согуштук күчтү билдирет. «Манас» эпосунун сюжеттик нугунан айкын көрүнүп тургандай негизги эки варианттын (Сагымбай, Саякбай) мазмунунун көпчүлүк бөлүгүн согуш жана согуштук аракеттерге байланыштуу окуялар түзөт. Натыйжада көп адамдар катышкан чоң масштабдагы согуштар эле эмес, тийип-качты мүнөздөгү анча чоң эмес согуштарга деле бир нече жүз миңдеген адамдар катышат да:

Найзанын учу жылтылдап,
Аскердин башы кылкылдап,
Асаба, туусу жалпылдап,
Аргымак аттар алкылдап,
Алтындуу тондор жаркылдап
Жер жайнаган көпчүлүк...
Калкандын баары калкылдап
Каруу-жарак жаркылдап
(Сагымбай Орозбаков, 4.160),

шаңдуу көрүнгөн кыргыз жоокерлеринин эл таламын коргоп күрөшкөн иш-аракети элестүү сүрөттөлөт, к. Кошун.

С. Алиев

АСКЕРДИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

— аскердик демократия учурунда уруу союздарынын бийлик жүргүзүүчү уюму. Жоокерчилик доорлордун мүнөздүү салттары тарыхта гана сакталбастан, элдин оозеки чыгармачылыгында, айрыкча баатырдык эпосторунда кеңири сакталган. Элдик эпостордо бийликти жол башчылардын кеңеши — элдик чогулуш, аскердик жол башчы жүргүзгөндүгү чагылдырылган. К. Маркс баатырдык мезгилде афиналык грек урууларында бийликтин координацияланган үч органы:
1) жолбашчылардын кеңеши,
2) элдик чогулуш (агора),
3) аскердик жолбашчы (басилевс) болгондугун белгилейт.

Афиналыктардай америкалык ирокез урууларында да бийликтин үч органы мүнөздүү болгондугун Ф. Энгельс аныктайт. «Манас» эпопеясынын сюжеттик системасынан да жоокерчилик доорго мүнөздүү болгон бийликтин координацияланган үч органын жолуктурабыз:
1) Уруу башчыларынын же аксакалдарынын кеңеши,
2) Элдик жыйын,
3) Аскердик жол башчы, к. Аскердик демократия.

С. Алиев

АСКЕРДИК ДЕМОКРАТИЯ

«Манас» эпосу бир эле кылымдын же бир эле доордун көркөм эстелиги эмес. Эпосто кыргыз элинин басып өткөн узак жана татаал тарыхый жолу көркөм чагылдырылып, көптөгөн доорлордун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү кеңири баяндалган. Анын татаал тутумунда А. д. мезгилинин олуттуу белгилеринин орун алышы талашсыз далил. А. д. доору уруулук-аталык түзүлүш ыдырай баштаган мезгилге туура келет. Бул доорго мүнөздүү салттар жөнүндөгү даректер көптөгөн тарыхый эстеликтерде бар. Ошондой эле элдик оозеки адабиятта баатырдык эпостон да кеңири орун алган. Ф. Энгельс байыркы гректердин баатырдык эпосунун гүлдөгөн мезгили варвардыктын жогорку баскычына туура келерин көрсөтөт. Ал эми К. Маркс болсо жоокерлик мезгилде афиналыктарда бийликтин үч органы:

1) жолбашчылардын кеңеши;
2) элдик чогулуш (агора);
3) аскердик жолбашчы (басилевс) болгондугун далилдейт.

«Манас» эпосунда да А. днын бир катар белгилеринин бар экендигин ачык көрөбүз. «Манас» эпосунун идеялык мазмунун аныктаган негизги маанилүү бөлүк болуп саналган «Чоң казат» бөлүмүнөн К. Маркс белгилеген бийликтин үч органын жолуктурабыз.

1. Уруу башчыларынын же аскердик аксакалдардын кеңеши. Эпосто көптөгөн уруулар аталып ар бир уруунун уруу башчысы бар. Мисалы, Манас өзү ногой уруусунан, Акбалта — нойгут, Кошой — катаган жана башкалар. Олуттуу маселелер алгач уруу башчыларынын же аксакалдардын кеңешинде каралып, анан бир чечимге келишет. Мисалы, Манас уруу башчылары менен кеңешип, алар макул болгондон кийин Бээжинге казат жасайт.

2. Элдик жыйын. Уруу башчыларынын бүтүмү жалпы элге, кошунга (колго) салынат. Эпосто ар бир уруу башчысынын өзүнүн эли, уруусу, кошуну (колу) бар. Бээжинге казат жасоо жөнүндөгү бүтүм жалпы элге же кошундарга жарыяланат. Алардын каалоосу, эрки менен эсептешет. Зордоо, күчкө салуу жок экени Манастын Бээжинге казат жасар алдындагы колго кайрылуусунан көрүнөт:

Атым арык дегениң
Азыр кайткын үйүңө,
Өзүм жалгыз дегениң
Эми кеткин үйүңө
(Саякбай Каралаев,2.80).

3. Аскердик жол башчы. Жортуулга аттанар алдында согуштук колбашчы же аскер башчы дайындалат. Аскер башчынын бардык буйругун жортуулга катышкан ар бир жоокер аткарууга милдеттүү. Аскер башчынын бийлиги бекем, чексиз. «Манас» эпосунда адегенде Бакай аскер башчы болуп шайланат. Бирок, аскердик тартипти бекем кармай албагандыктан, кийин аскер башчылыкты Алмамбетке ыйгарышат. Аскер башчы өтө жөндөмдүү, кошундар арасына барктуу, согуштук стратегияны жана тактиканы мыкты билген адам болууга тийиш. Алмамбет ушул сапаттардын баарына ээ. А. д-га мүнөздүү болгон согуштук стратегиянын жана тактиканын айрым белгилерин «Манас» эпосунан учуратабыз. Эпосто кошунду онго, жүзгө, миңге, түмөнгө бөлүү салты да баяндалат:

Онун санап өтүптүр,
Он кишиге бир киши,
Он башы коюп кетиптир...
Жүзүн санап алганы
Жүз адамга бир адам
Жүз башы коюп салганы
(Сагымбай Орозбаков, 4. 124).

Манас баатыр өзү да он башы Тазбайматка баш ийип келет. Элдин зсебин алган кезде Байматтын бир кишиси жок болуп чыгат. Алмамбет каарданып Байматты жазаламак болот. Көрсө Баймат Манасты унутуп калыптыр. Ушундан улам «Манасты унуткандай» деген ылакап сөз тараган. А. д. мезгилинде согуш жан багуунун, «элдик турмуштун кадыресе функциясы болуп калат» (Ф. Энгельс). Бытыранды майда уруулар аргасыз биригип, өзүнчө эл болуп түзүлүүгө мүмкүнчүлүк алат. «Манас» эпосунда «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген ыр саптары өтө арбын жолугат. Майда, бытыранды урууларды бириктирүү эпостун негизги темаларынын бири. А. д-нын дагы бир белгиси — Манас баатырдын кан шайланышы. Уруу башчылары адегенде кеңешип Манасты кан көтөрүшөт да, анан бүтүмдү жалпы элге салат:

Кары-жашы күңгүрлөп,
Каныбыз Манас болду деп,
Калктын баары дүңгүрлөп,
Көпчүлүк топук алганы (Сагымбай Орозбаков, 1. 285).

«Айкөл эрди ошондо, Ай талаада калайык Кан көтөрүп салды эми» (Саякбай Каралаев, 1. 215). Эпосто жоокерчилик доор, ошол кездеги стратегия менен тактика, адамдардын согуш учурундагы карым-катнаш мамилелери да реалдуу көркөм баяндалган.

С. Бегалиев

АСТРОЛОГИЯ

— асман телолорунун (жылдыздардын) жайгашуусу менен тарыхый окуялардын, адамдардын жана элдердин тагдырынын ортосундагы байланыштар жөнүндө окуу. Кыргыз элинин уламыш, эпосторунда А-лык түшүнүктөр маанилүү орунду ээлейт. Элдин Ай, Күн, Чолпон, Үркөр, Жетиген, учуучу жылдыз, куйруктуу жылдыз жана башкалар көптөгөн асман телолору тууралуу көркөм поэтикалуу мифтерди, уламыштарды жаратышы ушуга далил. А. окуусу жарык чыгаруучу асман телолорунун, айрыкча планеталардын жайгашкан ордуна карап туруп, башталуучу иштин аягы эмне жыйынтык менен бүтөрүн, кишинин же бүтүндөй бир элдин келечек тагдырын алдын ала айтууга негизделген.

Астрологдордун ою боюнча Күн, Юпитер, Сатурн, Марс, Чолпон, Меркурий, Ай адамдардын келечек тагдырына өз таасирлерин тийгизет. Жашырын сырдуу күчкө ээ болушат. Алар Күн баштаган жети планета менен 12 топ жылдыздын (зодиак) абалына жана алардын өз ара жайгашуусуна жараша баланын (адамдын) келечегин аныктоочу кура (гороскоп) түзүшкөн. Мындай кура алдыда боло турган согушту кайсы учурда баштоо ыңгайын билүүдө, жайлоого көчүү жана кыштоого кайрадан кайтууну аныктоодо, эгин оруп-жыюуну белгилөөдө да пайдаланылган. Мына ушундай жагдайлардан А-лык түшүнүктөр пайда болгон жана эл арасында кеңири таралган. Кыргыздар кура түзүүдөгү эсеп, чиймелерди өзүлөрүнчө күчтүү мамлекет болуп турганда билишсе да кийинки кылымдарда, белгисиз себептердин натыйжасында унутуп коюшкан. Бирок, ошого карабастан алар А-лык билимдин айрым ыкмаларын, жолжоболорун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, билим деңгээлдерине, турмуштук шартка ылайыкташтырып колдонуп келишкен. «Манаста» «Оң чекеден Күн чыгып, сол чекеден Ай чыгып, Тогоол болуп, бул экөө Белги болуп алыптыр», — деп айтылат. Мында баатырдын төрөлүшү алдындагы түшкө кирген Күн менен Айды, бул асмандык кубулуштар аркылуу анын келечегин бактылуу, таалайлуу болорун белгилеп өтүүдө.

Ата-бабаларыбыз «ар бир адам белгилүү бир жылдыз жарыгынын алдында туулат, анын жандоосу менен өнүгүп, өсө баштайт; ал жылдыз канчалык бийик жайгашса, бөлөктөрдөн айырмаланып турса, ошол адамдын жолу шыдыр болот» дешкен. Иши алга жылып, бакыт, дөөлөт курчаган кишини «Жылдызынын өтө бийиктелиши» же жөн эле «Айы оңунан тууган» (Кол жазмалар фондусу, 3032-инв., 9-б.; Юдахин К. К. Киргизско-русский словарь. кн. 1, 26-б.), — деп коюшкан. Кыргыздардын асмандагы жылдыздарды карап, жортуулга чыгуучу күндү белгилеши «Манас» эпосундагы далычы Таргылтаздын:

Ушул быйыл аттанба,
Атка каршы ай экен,
Эрге каршы жыл экен,
Бул чыканактай канкор кул,
Жылдызга оңдоп салыптыр
(Радлов жазып алган вариант, 197),

— деп Жолойго айтканынан ачык байкалат. Мында Жолойдун жортуулга чыккан учуруна мүчөл жылы бап келгени жана минген атына айдын каршы келгени аныкталганы белгилүү болуп турат. Бул мисалдан эпосунда өткөндөгү ата-бабаларыбыздын А-лык түшүнүктөрү чагылдырылганы байкалат.

Кыргыз элинин астрологиялык түшүнүктөрү жөнүндө сөз болгондо Чолпон жылдыз тууралуу легенда-мифти да келтире кетүү кызыктуу. Легенда — миф боюнча Чолпон жылдыз түпкүлүгү жерде жашаган, зээндүү, сергек, өтө сулуу кыз болгон. Көпчүлүк эл бул кыздан дайыма акыл сурап, кеңештерди алып турушкан. Нечен жигиттер анын сулуулугуна, акылына кызыгышып, ага үйлөнүүнү ниет кыла башташат. Акырында алар «мен алам, мен алам» дешип чыр-чатак чыгарышкандыктан, Чолпон аларга наалат айтып, көккө жылдыз болуп учуп кетет. Бирок, ал көктө дайыма эле бир жерде, бир калыпта учурабайт. Айдын онуна чейин он жерде: биринде арбий жанубида болуп, төрт аяк, төрт кадам жактарда которулуп жылып, тогузунда Жерде, онунда асманда болот экен. Анын «билсең билдирем, билбесең бүлдүрөмүн» деген шарты боюнча Чолпонду ар бир эле киши унутпоого жана аткарууга милдеттүү (Кол жазмалар фондусу, 359-инв., 313-б.). Ошондон калк арасында тогуз деген сан сыйкырдуу делип, ага чоң маани берилип калган.

Кыргыздар байыркы замандан бери эле бирөөгө мүлк берсе, кудалыкка мал алып барса же белгилүү бир күнөөнү, жазаны тартса, өзгөчө, кун төлөсө аны дайыма тогуздап берүүгө, айып тартууга туура келген. Мисалы, «Манас» эпосунда Көкөтөйдүн ашы сыяктуу чоң жыйындарга кызмат өткөргөндөрдүн «Акысын санап дал алып, Алты тогуз мал алып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 147) ыраазы болгондугу көрсөтүлөт. Же Манастын күйөөлөп барган жеринен келтирели:

Кудагыйдын жолдошун
Тогуз берип тыналык.
Тогуз байтал бир бөлөк
Соё турган тою ушул
(Сагымбай Орозбаков, 2. 390—391).

Илгертен бери эле элде канга айрыкча сый кылып атан төө, жорго, күлүк ат, бүркүт, шумкар, асыл сапаттуу буюмдар (алтын, күмүш жана алар менен кооздолгон бешик, ээр токум, жүгөн жана башкалар), баалуу аң терилерди (илбирс, сүлөөсүн, суусар, кундуз жана башкалар) тартуу кылууда дайыма тогуздап алып барышканы («Кан тартуусу тогуздан» деген макалга ылайык) маалым. Кыргыздарда илгертен бери эле оор мүшкүлгө дуушар болгон адам андан кутулуу үчүн «тогуз токоч баабедин», — деп угуза айткан. Мунун баары, байыркы мезгилден баштап Чолпон жылдызы жөнүндөгү айтылган окуянын элдин аң-сезимине терең сиңип кетүүсүнөн болуу керек. Муну элдин ага кулдук уруп, Чолпон жылдызына жакпаган жаңжал, чыр-чатактардан оолак болууга жасалган аракет катары түшүнүү абзел.

Суук көздөн (көз тийгенден) коргоп, Чолпон өзү колдойт деген ой менен жалгыз эркек баласынын же сулуу кызынын мойнуна, билегине тогуз кызыл мончок тагышканы да ушундан болуу керек.

Кыргыздарда мыкты күлүк атты, атактуу жоргону ар түрдүү кырсыктардан сактоодо да жалаң гана «Камбар атага» сыйынышпастан, ошондой эле Чолпондон жардам күтүшкөн. Муну төмөнкү ыр саптардан байкоого болот: «Торкодон үртүк жаптырган Тогуздап тумар тактырган. Тобурчактан бир канча» (Кол жазмалар фондусу, 5166-инв., 17 —18-б.). Демек, ушул сыяктуу көптөгөн фактылар Чолпон жылдызына байланыштуу келип чыккандыгы талашсыз.

А. Байбосунов

АСТРОНОМИЯ

— асман телолору, жалпы эле ааламдын түзүлүшү жана өнүгүшү жөнүндө илим. Байыртан баштап эле кыргыздарды көмкөрүлүп турган көк асмандын сулуулугу дайыма суктантып келген. Мында бөтөнчө асмандын түнкү көрүнүшү адамдын, айрыкча, акындардын назарын өзүнө буруп, өзгөчө шыктануунун булагына, эстетикалык предметке айланган. «Манас» эпосундагы эл сүйгөн баатыр Манас асмандагы Айга, Күнгө теңештирилип сүрөттөлөт:

Асман менен Жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Айың менен Күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй.
Асмандагы Ай-Күндүн,
Жаркынынан бүткөндөй
(Сагымбай Орозбаков, 2. 148).

Манастын сымбатына карата салыштыруунун эң элестүү үлгүлөрү берилет да, анын элеси Аалам Жер менен ажырагыс экендигин айгинелеп турат. Аалам түзүлүшү менен кооз. «Манас» эпосунда Каныкейдин келбети:

Ай чырайлуу, бото көз,
Кызыл жүзү нурданган.
Кыпча бели буралган,
Кырк бир кыздын ичинен
Артык турат жылдызы
(Сагымбай Орозбаков, 23. 54),

— деп ааламдын атрибуту болгон Айга салыштырылат. Жылдыздар сыйкырдуу, асманда канча жылдыз болсо, жер жүзүндө ошончо адам жашайт; ар бир адамдын өзүнө гана таандык жылдызы бар, нак ошол жылдыздан пайда болгон учурунда жанды алып келип денеге киргизип кетет имиш; көктөн учуп түшкөн жылдыз, жердеги кишинин өлгөнүн билдирет деген ишенчээк түшүнүк «Манас» эпосунда туусун колдон алдырып, жеңилип, баш ийген душмандарын: «Капырлардын бу күндө Башынан качып сыймыгы Жерге түштү жылдызы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 291),— деп кулаган жылдыздарга теңешкен.

А. Байбосунов

АССОНАНС

(лат. assono, французча assonanse — үндөшүү, ыргак менен бирдей кайталануу) — ыр сабында үндүү тыбыштардын биринин басымдуу түрдө көбүрөөк кайталанышы. «Манас» эпосу А-ка өтө бай: «Өлгөнүн көзүң көрбөйбү, Өзү жалгыз алданын Өкүмүнө көнбөйбү» (Сагымбай Орозбаков, 1. 125).

«АСЫЛДЫК ПРОБЛЕМАСЫ»

— А. Медетбековдун «Манас» эпосуна арналган макалалар жыйнагы (Фр., 1978). 104 бет. Жыйнакка «Манас» эпосундагы асыл көрүнүштөр жана искусствонун тигил же бул проблемалары жөнүндө ар кайсы жылдарда газета-журналдарга жарыяланган макалалар («Улуу чыгарма», ««Манас» эпосундагы асыл көрүнүштөр», «Манасчы жөнүндө баян», «Поэзиянын спецификасы», «Эстетикалык сезим жагдайында») топтолгон. Автор «Манас» эпосун дүйнөлүк улуу эпосторго салыштырып изилдеп, анын эстетикалык кудурети дүйнөлүк поэзиянын улуу чыгармаларынын деңгээлинде турарын белгилеген; каармандын асылдык сапаттарына кеңири токтолуп, белгилүү манасчылардын айтуучулук касиеттерин изилдөөгө, поэтикалык өзгөчөлүгүн ачып берүүгө аракеттенген.

АСЫ

— топоним. Көкөтөй өлгөндө эли ашка чакырылган жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 54). Географиялык реалияда азыркы Жамбыл облусунун аймагындагы жер, өзөн.

АСЫЛБЕК

— эпизоддук кейипкер, кыргыз баатыры. Ташкенди бийлеген Панус кан Акунбешимдин өчүн алып, «чантууну бүт кырам» — деп кол курап, согушка аттанганда А. баш болгон кыргыздар Көкөтөй карынын айтуусу менен Манаска кошулушат (Сагымбай Орозбаков, 2. 145—146).

АСЫЛДЫК

— эстетикалык баалуулукка ээ көрүнүштөрдү мүнөздөөчү түшүнүк (категория). Бул түшүнүк «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылып, анда реалдуу чындыкка, 6. а. жаратылыштагы, социалдык чөйрөдөгү, адамдардын өз ара мамилелериндеги түрдүү көрүнүштөргө элдин оң баасы камтылган. В. Г. Чернышевскийдин сөзү менен айтканда: «Асылдык — бул турмуш» (Эстетика, М., 1958, 55-б.) жана оомалуу-төкмөлүү бул жашоонун өзүн адамдар асыл нерсе катары баалашат. А. реалдуу, бирок, ар бир тарыхый конкреттүү турмуштук шарттарда ар башкача кабылданат, башкача айтканда ошол шарттардын өзү тигил же бул кубулушту эстетикалык же эстетикалык эмес, асыл же асыл эмес деп аныктайт. Эгерде предмет, кубулуш биздин түшүнүгүбүздү көрсөтсө жана алар чыныгы турмушту, анын кандайча болуу керек экендигинин образдык чагылышын билдирсе, демек, ал — асыл. «Манас» эпосу күбөлөп тургандай өткөн мезгилдердеги жашоонун, турмуштун оор шарттары, социалдык эзүү, тынымсыз согуштардагы бүлгүндөр кыргыз элинин асылдыкка, сулуулукка умтулушун, аларга болгон кызыгуусун басып коё алган эмес.

Муну эпостун текстинде учураган А. түшүнүгү негизин түзгөн сонун, сулуу, асем, кооз, көркөм деген сөздөр да ырастайт. А. түшүнүгү предметтердин жана кубулуштардын маңыздык ички курулушун жана касиеттерин, алардагы мыйзам ченемдүү байланыштарды ачьш көрсөтөт. Маселен, эпостогу каармандардын мүнөздөрү, эрдиги, эл-жерине болгон сүйүүсү, чыныгы достук, таза махабаты жан дүйнөнү тазартып, жаркыратып турушу, алардын асыл көрүнүштөр экендигинин белгиси. Ошондой эле акыйкаттык, эркиндик, жакшылык сыяктуу рухий жактан бөтөнчө мазмунга ээ түшүнүктөр да А-ка жатат. Эпосто элдин өсүп-өнгөн, туулган жерине, ата-журттун ажайып кооздугуна, аны мекендеген жан-жаныбарларга түрдүү оюн-зоокторго, жоо-жарактарга болгон эстетикалык мамилесинде элдин А. тууралуу түшүнүктөрү иштелип чыккан. Эпосто Манас баатырдын төрөлүшү да асыл көрүнүш катары кабылданат. Мунун себеби, биринчиден, чачылган элди баш коштуруп бириктире турган, душманга намыс алдырбаган эр-азаматтардын туулушун эңсеген элдин тилегинин ишке ашкандыгында.

Экинчиден, Манас, Семетей, Сейтектин укмуштуудай сырдуу жышаан менен жаралып, жарык дүйнөгө келиши, бала чагынан баатырдык ишке ынтызарлыгы, кудуреттүү колдоочуларга ээ болушу да алардагы асыл сапаттар катары мүнөздөлөт. Үчүнчүдөн кырчылдашкан кандуу кармашта мертиниши же сырдуу себептер менен кайып болуп кетиши А-тын баалуулугун, түбөлүктүүлүгүн көрсөтөт. Эпосто Манас айкөл, кабылан, арстан, асыл деп сыпатталып, анын артыкча асыл сапаттарга ээ экендиги айгинеленет. Манастын өзүнө ылайык жоо кийими, курал-жарагы бар. Эпосто баяндалгандай жоокерчилик доордогу согуштарда, салгылашууларда, негизинен, найза, кылыч, чокмор жана башкалар куралдар колдонулуп, аны пайдаланууда эптүүлүк жана зор кара күч талап кылынган. Мында найза канчалык узун, жоон, кылыч канчалык оор болсо душманга ошончолук коркунучтуу болгон. Ал куралды алып жүргөн каарман ошончолук сүрдүү көрүнгөн. Мына ушулардын бардыгы тарыхый жактан шартталып, элдин түшүнүгүндө А-ты туюнтуучу мааниге ээ болуп калган. Эпостун оң каармандарынын адамдык мыкты сапаттары (айкөлдүк, берешендик, кең пейилдик, ак санатайлык, ишмердүүлүк, чеберчилик жана башкалар) дээрлик асыл көрүнүштөр катары сүрөттөлөт. Илгертен бери эле кыргыздардын түшүнүгүндө Ай менен Күн, Асман менен Жер өтө ыйык нерсе катары аздектелип, асыл көрүнүш катары орун алган. Бул асыресе, элдин фетиштик, магиялык, мифтик түшүнүктөрү менен да белгилүү даражада байланышып турат. Эпикалык чыгармаларда бул түшүнүктөр поэтикалык планда туюнтулуп, өзүнүн башкы каарманын элестүү сыпаттап сүрөттөө элдин идеалына туура келген, башкача айтканда өз түшүнүмдөрүндө сүйүктүү баатырларын (Манас, Алмамбет, Семетей) асылдардын асылы, мыктылардын мыктысы катары көрсөтүүгө умтулушкан. Ошондуктан, Манас сыяктуу эле Семетей да «Ай менен Күндүн жаркынынан», «Ай алдында булуттун салкынынан», «Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн», «Асман менен жериңдин тирөөсүнөн» жаралат. Алтын менен күмүштүн өзү асыл, Ай менен Күндүн өзү асыл, асман менен жер асыл, ушундай асыл нерседен жаралган нерсе да — асыл. Эпосто аял затынын асылдыгы жөнүндө да «сулуу», «көркөм», «асем» деген сыпаттоолор негизинен элдик идеалдарды алып жүрүүчү аял каармандарга колдонулат.

Эпосто Каныкейдин руханий сулуулугу (аял заттын нурдуусу, ыктуусу, мыктысы) өңү-түсүнүн сулуулугу, керме кашы, узун чачы, келишимдүү өңүнө, сымбаттуу тулку боюна адамгерчилиги, иш билгилиги, уздугу, керек болсо баатырдыгы да шайкеш келип, эстетикалык таасирдүүлүктү, сулуулукту жараткан. Эпосто аялдардын сулуулугу «ак», «кызыл» деген эпитеттер аркылуу да берилет. «Ак» деген сөз белгилүү даражада таза, тунук, нукура дегендикти туюнтуу менен негизинен А-ты билгизип турат. Эпосто аял каармандардын келбетин сүрөттөөдө «кызыл» деген сөз да арбын колдонулат. Элдин кылымдар бою калыптанган түшүнүгүндө беттин кызылы — кан, адамдардын оору-сыркоодон, илдеттен алыс экендигинин белгиси катары кабылдангандыктан, аялдын көңүлү куунак болуп, жамалын кызыл нур чалып турса, ал бөтөнчө сүйкүм, сулуу көрүнгөн. Адатта аялзатынын сулуулугун сүрөттөөдө боёк жаратылыш көрүнүштөрүнөн алынган. Мисалы, Айчүрөктү сыпаттоодо актыгын көбүк карга, чачы, тиши берметке салыштырылат. Өндүрүш каражаттарынын, эмгек куралдарынын өтө эле жөнөкөйлүгү адамдардын жаратылыштын даяр беренелерин пайдаланууга, жашоого ыңгайлуу жер издөөгө мажбурлаган.

Малга жай, жер-жемиши төгүлгөн, кайберен-илбээсиндерге бай жерлер жашоо үчүн өтө ыңгайлуу келип, адамдарды өзүнө тартып турат. «Манас» эпосунда деги эле жаратылыштын байлыктары менен табияттын кооз көрүнүштөрү ажырагыс биримдикте каралып, мындай жерлерде жашоо жыргал катары белгиленет. Мисалы, Таластын көркү сүрөттөлгөн жерде аны туура эле «жыргалдуу Кең-Кол, кең Талас, Жер соорусу турбайбы, Муну жердеген адам тунбайбы», болбосо Талас «бөтөнчө бейиш жер келет», — деп мүнөздөлөт. Мындай асыл көрүнүштөр адамдардын материалдык гана эмес, алардын рухий таламдарын да канааттандырат:

Кермеге күлүк сергитип,
Байлап жатчу жер экен,
Күн тамаша, түн оюн,
Жайлап жатчу жер экен,
Коштоп кийип суусар бөрк,
Ыргап жатчу жер экен,
Кунан минип, куш салып
Жыргап жатчу жер экен
(Курама варианты, 2, 52).

Демек, жердин асылдыгы, кооздугу жалаң гана материалдык кенчинде эмес, ал жерде жашоонун көңүлдүү, шаттуу, эркин, бакыбат экендигине да байланыштуу. Мындайча алганда, эпостогу кеңири сүрөттөлгөн оюн-зоок, таң-тамашалар (Көкөтөйдүн ашындагы түркүн мелдештер) элдин бакыбат жашоосунан, бактылуу турмушунан кабар берүү менен элдин түшүнүгүндө өзүнө А-ты да камтыйт. Элдин эмгек ишмердүүлүгүн таасын айгинелеген мүнүшкөрдүк, мергенчилик, саяпкерлик, аңчылык жан багуунун амалы, көңүлдүү жашоонун ыңгайы катары өтө маанилүү. Эпосто жаратылыш кооздугу туурасында кеп болгондо анда элдин жаныбарлар дүйнөсүнө мамилеси да көрүнөт. Аялдардын сулуулугун сыпаттоодо да аларды өздөрү асыл, сулуу деп эсептеген жаныбарларга салыштырат (бото көз, кой көз, аркардай, ак куудай, чүрөктөй, кундуздай, калтардай жана башкалар).

Жаныбарлардын ичинен кыргыздар жылкы баласын бөтөнчө кастарлап келишкен. Жылкы минерине унаа, ичерине кымыз, жээрине тамак болуп, жоокерчилик доордогу жашоонун маанилүү өбөлгөсү болгон. Жылкынын пири Камбар атаны ыйык тутуп, чыгаан күлүктөрдү Камбар атанын тукуму дешкен. Эпосто ар бир каармандын өзүнө ылайык тулпары бар: Манастыкы — Аккула, Алмамбеттики — Сарала, Коңурбайдыкы — Алгара, Жолойдуку — Ачбуудан жана башкалар Өз тулпарын минип жүргөн баатыр жоого тартынбай кирет, душманды кууса жетип, качса кутулат. Бекеринен Аккула окко учканда жөө калган Манас Таластан Тайбуурул келгенче башына «мээнеттүү канча күн түшүп, бек кейип» турбайт. Эпосто тулпарлардын өзгөчө касиеттерин — чаалыгып-чарчабастыгы, жел жетпеген күлүктүгү, ар тулпардын өзүнө гана таандык көркөм келбети зор ынтаа менен сүрөттөлүп, асыл сапат катары бааланат. Элдин эпостон орун алган эстетикалык түшүнүктөрү жаратылышка, тууган жерге болгон сүйүүсү, турмуштагы, жүрүш-туруштарындагы, өз ара мамилелериндеги аздектелген А., сулуулук жөнүндөгү түшүнүктөрү материалдык жана рухий турмушунун практикалык натыйжасы болуп саналат.

О. Исмаилов

АТАЙ

— кырк чоронун бири. Бирде Ардалыктын (Сагымбай Орозбаков, 3.49), бирде Шагыл бийдин (Сагымбай Орозбаков,3.175), бирде Сабай бийдин (Сагымбай Орозбаков,4.43) уулу деп айтылат. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап, жар тандаган учурда аты он үчүнчү келип, А. тагдыр буюрган Маарамбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 424).

АТАЙ

— эпизоддук кейипкер. Боокенин атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 349, 373).

АТАЙБЕК

— эпизоддук кейипкер, Көкчөнүн желдети (Сагымбай Орозбаков, 2.254—256).

АТАКУЛ

— эпизоддук кейипкер, манжулук калмактардын айыл башчысы. Манас Кортукту өлтүрүп салганда кун алмакчы болгон алтайлык калмактар адегенде манжулуктардын айылын талап, андан кийин Жакыптын жылкысын тийип кетмек болот. Ошондо А. «жылкыны алтайлык тийип кетсе, азабын манжулуктар тартпайбы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 138, 139),— деп алтайлыктарды токтотууга аракеттенет.

АТАЛА

Аталабек— эпизоддук кейипкер, дөбөт элинин каны. Көкөтөйдүн ашына чакырылып, Акжамбаш деген күлүгү байге алган 60 аттын бири болот (Сагымбай Орозбаков, 3. 100, 268).

АТАЛЫК

— эпизоддук кейипкер, Кошойдун атасы. Жашы жете элек же башкарууга жараксыз бирөө такка отурганга анын атынан бийлик жүргүзүүнү билдирген «аталык» аттуу сөз антропоним болуп эпоско Кошойго байланыштуу окуялар менен кошо кирген болуу керек, к. Кошой, Кундуз.

АТА МЕНЕН БАЛАНЫН КАСТАШУУСУ

— дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында (уламыш, жөө жомок, эпос) кеңири таралган салттык мотив. Аталык бийликтин күч ала башташы, башта баланын атасы ким экенине кайдыгер караган энелик коомдун укуктарынын нормаларына каршы келип, эми баланын сөзсүз закондуу атасынан туулушун талап кылган. Тескерисинче болгондо ата менен никесиз туулган баланын ортосунда каршылык чыккан. Бул карама-каршылык көп элдердин оозеки чыгармаларында, айрыкча, эпостордо кеңири чагылдырылган жана «Ата менен баланын салгылашы» деген тема менен фольклористикада кеңири маалым.

Бул тема «Манас» үчилтигинен да орун алып, айтуучулардын нечен муундарынын элегинен кайра-кайра өтүп, көп кырдуу темага айланган. Эпостогу кеңири белгилүү чоң эпизоддордун бири «Алмамбеттин окуясында» өз алдынча тема катары кеңири өнүктүрүлгөн (к. Алмамбет, Азизкан). Мындан тышкары эпостун үч бөлүмүнүн тең башкы үч каарманынын аталары менен кагылышы кийинки доорлордун көз карашына ылайыкташтырылганын, өзгөртүлгөн түрдө чагылдырылганын байкоого болот:
1) Манас өмүр бою өз атасы Жакып менен ыркы келишпей өтөт. Ал эми Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Манастын туулушунун айрым белгилерине карап, Жакып ажалы акыры өз уулунан экенин сезет;
2) Семетей энеси Каныкей менен кошо балтыр бешик кезинен чоң атасы Жакып тарабынан куугунтукка алынып, таятасынын колунда эрезеге жеткенче тарбияланат, кайтып келери менен небереси Семетейди өлтүрмөкчү болгон Жакып акыры өзү өлүм табат;
3) Сейтектин өгөй атасы Кыязга каршы турушу баланын өз атасы менен касташуусу жөнүндөгү байыркы мотивдин өзгөргөн түрү болуп саналат.

Р. Сарыпбеков

АТАН

— эпизоддук кейипкер, Орго кандын балбаны. Манастын Орго кан менен болгон согушунда майдан талаасына жетпей Көйүш аярдан каза табат (Сагымбай Орозбаков, 2. 84).

АТ-БАШЫ

— топоним. Нарын чөлкөмүнүн түштүгүндөгү чоң өрөөн. А.-Б. жердин, суунун, айрыкча сепилдин аты катары 9—10-кылымдан белгилүү. Ал «Улуу жибек жолунун» Ферганадан Кашкарга жана Ысык-Көлдүн тескейиндеги Барскан шаарына кеткен соода жолунун боюнда орношкон. Караханийлер, моңгол жана Моголстан доорунда А.-Б. өрөөнүндө көп тарыхый окуялар болуп өткөн. «Манас» эпосунда кыргыздардын эзелки мекени катары көп айтылат. Сейф ад-Дин Ахсикентинин «Мажму ат-таварих» аттуу эмгегинде да Манас баатыр менен калмактардын ортосундагы согуштарда А.-Б. көп жолу кездешет.

АТ КОЮУ

— атчан аскерлердин душманга чабуул коюу ыкмасы. Эпостун согуштук окуяларында баатырларын, балбандарын, аткычтарын, найзачанын, кылыччанын өз-өзүнчө бөлүп, салгылашууга киргизгени жогорку көркөмдүктө элестүү сүрөттөлөт. Кыргыздын элдик оозеки чыгармаларында баатырларды, жоокерлерди атсыз элестетүү кыйын. Ошондуктан А. к. эпосто жоокерчилик окуялардын чордонун түзөт:

Күн жүрүш жактан күркүрөп,
Аркасынан Жолойдун
Алда канча көп аскер
Ат коюптур дүркүрөп
(Сагымбай Орозбаков, 4. 314).

АТОЙНОК

— эпизоддук кейипкер. Алтайдан көчүп келгенге чейин Манастын чоролорунун бири (Саякбай Каралаев, 1. 132).

АТ-ӨТКӨӨЛ

— топоним. Сейтек Жети-Өзөндө аң уулап жүрүп «Ат-Өткөөлдүн жапыздан» (Курама варианты, «Сейтек», 64) Карадөөгө жолугат. Географиялык реалия катары Орто Азия менен Казакстандын топонимдеринде кезигет.

АТ ТАПТОО

— күлүктөрдү табына келтирүү ыкмасы. Ат чабышка кыргыздар туш келген эле аттарды кошо берген эмес. Күлүктү атайы бир жыл, алты ай, же үч ай байлап тапка келтирген. Байланган күлүккө жем-чөбү, суусу гана эмес аны маал-маалы менен бастырып, чаптырып туруунун өзү да белгилүү өлчөмдө так ыргак менен тартипке салынган. Учуру келгенде улам аттын терин алып (жылма терин, кара терин, анан акыр аягында ачуу терин алат) жүрүп олтуруп чоң байгеге таптаган. Ачуу тери таза алынбаган күлүктү алыс аралыкка чапканда ал буулугуп өлүп калышы мүмкүн. Кыргыз элинде даңазалуу чоң байгеге атайы тапталган күлүк аттарга чөпкө кошо тууралган козунун этин, кээде жыланды да жедиргендиги айтылат. «Манаста» мындай маалыматтар түздөн-түз айтылбайт, бирок алыс аралыктарга талбай чуркаган, узак салгылаштарда арыбай жүргөн күлүктөрдүн А. т-нун катаал ыргак тартибин сактап тапка келтиргендигинен кабар берет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Көкөтөйдүн ашында чабылып биринчи келген Аккуланын тапталышы мындайча сүрөттөлөт:

Баатырдын аты Аккула,
Кабыргасы как Кула,
Каса тулпар Аккула
Этине келип ээлигип,
Эликтей башын көтөрүп,
Баскысы келип жээлигип,
Жарым күндүк эти бар,
Жаңыдан тердеткенинде
Жайына келип алыптыр,
Жаадай болгон чоң Кула ат
Табына жетип калыптыр
(Сагымбай Орозбаков, 3. 151).

«Семетей» эпосундагы «Каныкейдин Тайторуну чапканы» эпизодунда:

Оргуй-оргуй чуратып
Ачуу терин алды эми...
Анык кайып буудандын
Оозу менен алышып.
Эңкейиштеп жүгүрсө,
Эликтей колу сайылып.
Өр таяна бергенде
Жал куйругу жайылып,
Табына келген Тайтору
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.79).

Букарда тарбияланган Семетейди кан көтөргөн тойдо төлгөгө чабылып, чыгып келет.

М. Мукасов

АТ ҮСТҮНӨН САЛАМДАШУУ

— тең аталыкты, укугу, даражасы бирдейликти мүнөздөй турган жосун. Адатта эң жогорку даражалуу адамга (канга) көз каранды адамдар алыстан атынан түшүп, жөө келип салам айткан, ат үстүнөн саламды зоболосу бирдейлер гана айталган. Көкөтөйдүн ашында Кошой баш болгон кыргыз кандары Манаска баш ийгендеринин белгиси катары жөө келип салам берет. Чоң казаттын астында Манаска каршы аттанган кыргыз кандары аны көргөндө коркуп аттарынан түшүп келип салам айтышат. Жалгыз гана Төштүк Манаска баркы бар зобололуу баатыр катары ат үстүнөн салам айтат.

АФОРИЗМ

(гр. aphorismos — кыска накыл сөз) — курч жана таамай айтылган терең маанилүү нуска сөз. «Манас» эпосу А-дерге бай. «Сынбасты уста жаратбайт, Өлбөстү кудай жаратбайт» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 62). Түзүлүшү боюнча А-дер макал-ылакаптарга жакын, адатта макал-ылакаптардан авторунун бар болгону менен айырмаланат. Фольклордо макал-ылакаптарды да А-дерге кошуп карашат. «Манас» эпосунда А-дер көбүнчө Кошой, Бакай өңдүү акылман, нускалуу карыялардын сөздөрүндө учурайт, к. Учкул сөздөр.

АТ ЧАБЫШ

(байге) — эпосто кеңири жолуккан кыргыз элинин улуттук салт оюндарынын бири. Байыркы замандардан бери кыргыз эли өз өмүрүнүн ар кандай кубанычтуу учурун улуттук салт оюн-зооктор, көңүл ачуулар менен өткөрүп келген. Мунун өзү «Манаста» кан көтөрүү, кан түшүш, кан тартуу өңдүү салттык үрп-адаттарды, аш-тойлорду дайыма элдик оюндар, көңүл ачуулар коштоп жүргөндүгү менен далилденет. А. ч. байыртадан белгилүү болгон. Ал баатырдык үйлөнүү салтына, башкача айтканда кызга үйлөнүүчү баатырга коюлган ар түрдүү шарттардагы сыноо талаптарга байланыштуу чыгышы мүмкүн.

Баатырдык эпостордо чагылдырылган баатырдык үйлөнүү салтында кызга үйлөнүп бүлө куруучу талапкерлер үчүн атайын мелдештер уюштурулган жана кимиси мөрөй алса ошол үйлөнүүгө тийиш болгон. Талапкерлердин өнөрүн сыноодо көбүнчө үч мелдеш: ат чабуу, бута атуу, күрөш мүнөздүү болуп эсептелген. Мына ошол А. ч. мелдешннин (байгенин) кыргыздарда бир канча түрлөрү болгон: аламан байге, чоң байге, кара жарыш, көр байге, мүрзө байге, кемеге байге. Булардын ар биринин өзүнө гана тиешелүү озуйпасы бар. Аламан байгеде аттар орто аралыктарга чабылып, күлүктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө чек коюлбайт. Чоң байгеде болсо (муну кыргыздар конолуу байге, коно ат чабыш, түнөтөр байге деп да атайт) өтө алыс аралыкка байге сайылат. Буга ашкан күлүк аттар гана катыша алат. Кара жарышта аттар жакын аралыкка чуркап, байге сайылбайт.

Бул чоң байгенин алдында өткөрүлүп, аттарды сыноо, туяк-баштарын байкоо сыяктуу гана милдет аткарат. Көр байге өлгөндүн урматына өткөрүлгөн. Кара ашта чабылчу А. ч-тын бул түрү маркумду жайына койгон учурда чабылып, байгесине анын урунган айрым буюмдары, дүнүйөсү сайылган. Эпосто бул көркана (Сагымбай Орозбаков, 3. 43) деген ат менен учурап, Көкөтөйдү койгондо анын сансыз малынын байгеге сайылганы сүрөттөлөт. Мүрзө байге болсо кырк ашта чабылат. Ашка даярдык көрүп аш өткөрөр жерге кемеге казганда кемеге байге чабылган. Көкөтөйдүн ашында өткөрүлгөн А. ч. — байгенин дал мына ушул коно А. ч. деген түрү. Эпосто «Атты айдатып ийгени, Атпай журттун баарысы Ашты көздөй киргени» (Сагымбай Орозбаков, 3. 160) баяндалып, А. ч-ка кошулган аттар чаап келгенче элдик оюндардын башка түрлөрү өткөрүлгөн, ошондой эле чапкан аттардын байгеси, күлүктөрдүн марага келиши өзүнчө сүрөттөлгөн (Сагымбай Орозбаков, 3. 258—273). Манасчылар чабылчу күлүктөрдүн тапталышына, аттарды чубатуудан өткөрүп сыноого, ат сүрөөгө кеңири токтолушат: А. ч-ка Манастын Аккуласы жана Жолойдун Ачбууданын кошуп эсептегенде миң тулпар чабылат. Аккуласыз Манасты эр сайышта аларына ишенген Коңурбайдын арам ою оңунан чыкпай жеңилет. Бул гана эмес чоң байге сайылган тулпарлардын жарышында Манастын Аккуласынын биринчи болуп (экинчи Төштүктүн Чалкуйругу, үчүнчү Жолойдун Ачбууданы) марага келиши Коңурбай, Жолой баш болгон кытай, калмак колбашчы баатырларынын намысына тиет. А. ч-та алдыга чыгып келаткан Жолойдун Ачбууданын кыргыздар атайылап жыкты деген шылтоо менен кытай, калмактар жаңжал чыгарып байгени талап алат. Байгеден чыккан жаңжал «Манас» эпосунун көпчүлүк варианттарына мүнөздүү. Анткени:

Баш байгеге сайганы,
Сексен миң жылкы, миң атан,
Жана жүз миң кой болду,
Тогуз миң толук уй болду,
Эсебин малдын ала албай
Эл жакшысы буй болду.
Жабыкбашы кундуздан
Жана токсон үй болду,
Үй башына карасаң
Бирден эркек ээси бар,
Экиден шайдоот күң болду
(Сагымбай Орозбаков, 3.146).

Эпостогу Көкөтөйдүн ашында чоң байгеге сайылган бул баш байге айтып тургандай чыгып келген күлүктүн ээси мына ушунча мал-мүлк жана кул, күңдүү болот. Мунун өзү ошол салттык мелдештин да, ошондой оюнзооктору мол сүрөттөлгөн «Манастын» өзүнүн да байыркылыгынан кабар берет. Байгеге минтип кишинин кошо сайылышы эпосто Манаска Алмамбеттин келишиндеги кан тартышта да элестүү сүрөттөлгөн:

Жыйырма чоро жаштардан
Байге боло калбаспы.
Атты чапкан өзүбүз,
Макул болсо сөзүбүз,
Башканын аты алабы?!...
Адамды байге сайды деп
Алмамбеттин көңүлүн,
Бир көтөрүп салалы!
(Сагымбай Орозбаков, 3.325).

Чапкан күлүгү менен кошо эрктүү түрдө өз башын да байгеге сайганы чоролордун Алмамбетке чоң урмат көрсөтүшкөнүн, анын кан тукуму экенин сыйлагандыктарын жана өмүр бою ага чоролук кызмат кылууга өзүлөрүнүн даяр экендиктерин көрсөтүп турат. Бул жерде эзелтен сөөк урматтап, адилет башчы күтүүнү эңсеп келген элдин нукура акыл-эс, ой-пикири чагылдырылган.

Манастын Каныкейге үйлөнгөн тоюндагы жар тандоо салтында чабылган А. ч. байгенин өзгөчө түрү (Сагымбай Орозбаков, 2. 421—427) катарында сүрөттөлөт. Манасчы Саякбай Карала уулу өзгөчө берилүү, зор эргүү менен айткан «Каныкейдин Тайторуну чабышы» эпизоду «Семетей» эпосунда өзүнчө бөлүмдү түзөт. Анда Букарда тарбияланган Семетей он экиге толгондо таятасы Темиркан аны кан көтөрүп той берет. Тойдо өткөрүлгөн А. ч-та Каныкейдин Семетейдин келечегин билиш үчүн, алтымыш асый Тайторуну чабышы, анын чыгып келиши жогорку көркөмдүктө эмоциялуу баяндалат. Коомдун өнүккөн кийинки баскычында байыркы мезгилдердеги баатырдык үйлөнүүдөгү салттык мелдештер коомдун социалдык абалы өзгөргөнүнө байланыштуу өзүнүн алгачкы функциясын жоготот да, ар кандай жыйындарда (түшүм майрамдарында, өкмөттүк салтанаттарда) гана өткөрүлүүчү улуттук салттык оюндарга айланат. Мисалы, кыргыздарда кыз куумай, балбан күрөш, эр эңиш, улак тартыш, ат чабыш жана башкалар оюндар ушул кезге чейин улуттук-салттык оюн катарында сакталып келе жатат.

И. Абдувалиев

АУЭЗОВ Мухтар Оморханович

(1897, Абай району —1961, Москва, сөөгү Алматыга коюлган) — казак совет жазуучусу, көрүнүктүү илимпоз, коомдук ишмер. Казак ССР Илимдер акдемиясынын академиги (1946), Казакстандын илимине эмгек сиңирген ишмер (1957), Лениндик (1959), СССР мамлекеттик (1949) сыйлыктарынын лауреаты. Семей шаардык орус окуу жайын (училище) жана мугалимдер семинариясын (1919) бүтүргөн. 1928-ж. Ленинград университетин, андан соң Ташкендеги Орто Азия мамл. университетинин чыгыш факультетинде аспирантураны аяктаган. А-дун чыгармачылык жолу 1917-ж. «Эңлик-Кебек» деген пьесадан башталган.

Өткөн доордогу феодалдык-уруучулук түзүлүштүн зыяндуу каада-салттарын, 1916жылдагы улуттук-боштондук козголоңду, жаңы турмушту, колхоз курулушун, Улуу Ата Мекендик согуштагы каармандыктарды камтыган көптөгөн аңгеме, повесть, драма, романдары калкка кеңири белгилүү. А-дун талантынын гүлдөгөн мезгили «Абай жолу» роман-эпопеясын жараткан жылдарга туш келет. Романдын 1 — 2-китеби (1942—47) СССР мамлекеттик сыйлыгына (1949), 3—4-китептери Лениндик сыйлыкка (1959) арзыган. А. атактуу жазуучу, ишмер гана эмес, көрүнүктүү окумуштуу катары да кеңири таанылган. Анын калеминен казак жана СССР элдеринин адабияттарынын тарыхы менен теориясына арналган ондогон салмактуу эмгектер жаралган. Ал казак адабият илиминдеги абай таануунун негиз салуучусу, казак фольклору менен адабиятынын көптөгөн маселелерин кылдат изилдеген илимпоз болгон. А. кыргыз адабиятынын досу, кеңешчиси жана мыкты изилдөөчүсү катары да жакшы белгилүү. Ал 20-жылдардан тартып эле Кыргызстанда көп болуп, кыргыз фольклору жана адабияты менен жакындан таанышып, Т. Сыдыкбеков, К. Баялинов, Т. Үмөталиев жана башкалар менен карым-катнашта болуп, алардын чыгармаларына өзүнүн баалуу пикирлерин, кеп-кеңештерин айткан. Ч. Айтматовдун зор талантын А. алгачкылардан болуп көрө билип, ак батасын берген. А. кыргыз фольклорун, айрыкча, «Манас» эпосун изилдөөгө чоң салым кошкон.

Анын бул жанрдагы көп жылдык изденүүлөрү ««Манас» — кыргыздын баатырдык эпосу» аттуу фундаменталдуу эмгегинде терең чагылдырылган. Эмгекте эпостун айтуучулары, түрдүү варианттары, мазмун менен форманын негизги өзгөчөлүктөрү, башкы темалары менен сюжеттери, жаралыш доору, каармандардын образдары, көркөм сөз каражаттары, чыгыш элдеринин эпикалык мурастары менен байланыштары сыяктуу өтө орчундуу маселелер каралган. А-дун «Манас» эпосуна карата мамилеси 1952-ж. өткөрүлгөн Бүткүл союздук илимий конференцияда бөтөнчө ачык көрүнгөн. Анда А. кыргыздын улуу мурасына вульгардык социологиянын көз карашынан мамиле жасаган изилдөөчүлөргө чечкиндүү каршы чыгып, «Манастын» элдик эпос экенин далилдеген. А. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

А. Эркебаев

АЧА-ТАШ

— топоним. Кыргыздар Ала-Тоону калмак кандыктарынан бошоткондо: Анжым калмак элин А.-Т-тын белинен багындырып, олжо алышканы айтылат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 511-б.).

АЧ-БЕЛ

Күмсаранын Ач-Бели — топоним. Бээжинге Чоң казат менен бараткан кол басып өткөн жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 4. 143).

АЧБУУДАН

— Жолойдун жоого минген аты жана байгеге чапкан күлүгү. Негизги варианттардын бардыгында айтылат. А. Жолойдун эрдик иш-аракеттерин идеялдаштырууда ажырагыс бирдикте сүрөттөлөт. Айрым варианттарда А-дын байыркы образына таандык магиялык жана жомоктук-фантастикалык элементтер сакталган эмес. Негизинен күлүктүк сапаттары (арыбастыгы, күлүктүгү, күч-кубаттуулугу жана башкалар) гиперболалык ыкмада сыпатталат. А-дын ар түрдүү жагдайларда (каарман минип баратканда, душман менен бетме-бет кармашып жаткан учурда, душманды кууп же андан качып бара жатканда, күлүккө чапкан мезгилде жана башкалар) мүнөздөлүшү менен анын жеке өзүнө таандык касиеттери көрүнөт. Анын жекече сапаты «Көкөтөйдүн ашында» өткөрүлгөн ат чабышта элестүү ачылат.

А. белгилүү күлүктүн бири катары чубатуудан өткөрүү мезгилинде жана баш байгелүү орундардын бирине ээ болушуна учкаяктыгы, арыбастыгы өтө чебер, жогорку көркөмдүктө сүрөттөлөт.

АЧКУЛА

— Алмамбеттин Манаска келишиндеги эпизоддо жаңы келген канга тартуу берүү салты менен тартууга берилген тогуз аттын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).

АЧ-МАРАЛ

— топоним. «Каныкейдин жомогунда»:

Калың кытай козголуп,
Иле бойлоп жол жүрүп,
Ач-Маралды басканда,
Төрт түлүктү чачканда
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 181)

делип Чубак Манаска тарынып өз жерине кетип калганын уккан Коңурбай Манасты капыстан чаап алмак болуп Таласка келе жатканда басып өткөн жерлердин бири.

АШ

— киши өлгөнүнө жыл айланган учурда же андан кийинчерээк өткөрүлүүчү маркумду эскерүү жөрөлгөсү. Аш түрк-моңгол элдеринде эң эле байыртадан келаткан салт. Аш «Манас» эпосунда айрыкча эпостун борбордук окуяларынын бири — «Көкөтөйдүн ашы» бөлүмүндө кеңири баяндалат. Аш деген термин кыргыз элинин турмуш-тиричилик салтында татаал, идеологиялык көз караштарга бай, уруулук-жамааттык мамилелерди даана көрсөтө ала турган туюнтма. Маркумдун арбагына багыштап аш берүү жалпы жонунан кыргыз элинде өлүктү коюу жана арбакты эскерүү салттарына кирип кетет. Элдин анимисттик маанайдагы түшүнүктөрү боюнча адам өлгөндөн кийин анын денесинен жаны бөлүнүп чыгып арбакка айланат. Өлгөн адамдын арбагы өзүнүн журтуна кайтып келип өз бала-чакасын, туугандарын, досторун колдоп жүрөт имиш. Элдик түшүнүк боюнча арбак да кадимкидей тамаксырайт.

Эгерде арбакка багыштап тамак бербесе анда арбак ошол жакындарына жамандык алып келиши ыктымал деп эсептешкен. Мына ошондуктан, арбактан коркушуп ага атайын багыштап мал союп, элге тамак беришкен. Экинчи жагынан, ошол өлгөн кишини эскерүү иретинде анын урматына арнап тамак берүү расмиси. Аштын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: кара аш, кырк аш, аш же чоң аш (кээде жылдыгы деп аталат). Булардын ар бири өткөрүлүүчү мезгили, катышкан элдин саны, жасалуучу жөрөлгөлөрү жана башкалар белгилери менен бири-биринен айырмаланып турат. Кара аш адам өлгөн күнү, эртеси берилет. Кырк аш (кээде жөн эле кыркы) адам өлгөндөн кырк күн өткөндөн кийин беришкен. Көпчүлүк убакта кырк күнгө жеткирбей эле 37 — 39 күн өткөндөн кийин да бере беришкен. Мындан сырткары анча чоң эмес ат чабыш уюштурулушу мүмкүн. Эпосто да Көкөтөйдүн кырк ашында Бокмурун байге сайып ат чаптырат. Кырк ашта маркумдун жакындары өз ара кеңешип чоң ашты качан берерин аныкташат да, элге кабарлашат. Эпосто Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашын качан берерин айтып мындай дейт:

Өткүр бала Бокмурун
Өз журтуна сөз салды:
Бакардын сүтү көлдөсүн,
Малдын баары төлдөсүн
Быйылдан бөлөк эки жыл,
Үчүнчү жылда аш берсек
Ага-ини, журтум амал кыл
(Сагымбай Орозбаков, 3. 65).

Чоң аштын мөөнөтү келгенде маркумдун жакындары чогулуп кеңеш курушат. Уруулук мамилелердин салты боюнча аш өткөрүү ошол өлгөн адамдын жакын туугандарынын иши эмес, ал бүт уруунун, ал эми маркум тирүү кезинде өз элине аттын кашкасындай таанымал болуп, элге эмгеги сиңген адам болсо анда жалпы элдин милдетине айланат. Мисалы, Көкөтөйдүн ашын өткөрүү боюнча кеңеште ашка кимди чакыруу керек, келген меймандарды кандай жайгаштыруу керек, ашты ким бийлеши керек деген сыяктуу маселелер чечилет. Бокмурун ашты бийлөөнү Кошойдон суранат: «Абаке Кошой сүйлө деп, Аш берээр жерди бийле деп Бокмурун айтты мындай кеп» (Сагымбай Орозбаков, 3.75—76).

Ашты өткөрүүгө ылайык жер тандоо да маанилүү маселе болуп эсептелген. Биринчиден — меймандардын аттары кенен-кесири оттогудай жер болуш керек, экинчиден — суусу мол болушу керек, үчүнчүдөн — бардык тигилген үйлөр бири-бирине тоскоол болбой батыш керек, төртүнчүдөн — өткөрүлүүчү оюндарга, ат чабышка ылайык жер болуш керек. Көкөтөйдүн ашын өткөрүү боюнча кеңешке катышкандар ашка ылайык жерди бир топко чейин талашышат. Кээ бирлери Алтайдын туура тушундагы Сары-Арка деген жерин сунуш этишет, дагы бирөөлөрү Алай, Суусамырды ылайык дешет.

Отургандардын калган көпчүлүгү бул айтылган жерлерге макул болушпайт, анда Кошой мындай дейт:

Аш берээр жерин тандады
Абаң Кошой токто деп
Көбүнө сүйлөп калганы:
Баарыңарга эп болсо,
Бабаңар айткан кеп болсо,
Күн батыш жагы Ысык-Көл,
Ар тарабы бирдей тең,
Иледен ылдый айдаса
Ат чабуучу жери кең,
Ашка ылайык ушу бар,
Ар тараптан сандалып
Аккан булак суусу бар,
Кең Каркыра атагы,
Сиркедей шакел чыкпаган
Кайнатып алма тузу бар.
Карагат, кайың, тереги,
Канчалык жагып жатсаң да
Отунга тиер кереги
Ат чабылар жери мол
Ашка ылайык жер ошол
(Сагымбай Орозбаков,3.77),

— деп отургандар Кошойдун сунушун эп көрүшүп, ашты Каркырада бермек болушат. Ашка элди чакырууга да атайын кабарчыларды белгилешкен. Кабарчы токтоо, жөн билги, ишенимдүү адамдардан болуш керек. Эпосто жаш Айдарды кабарчы кылып дайындап жатышып мындай дейт:

Ар жумушка дилгирген,
Алтымыш түрдүү тил билген,
Ары тилмеч, ары акын
Ар жакшыга көп жакын
(Сагымбай Орозбаков, 3. 86).

Салт боюнча, элдик диний көз караш боюнча ашка чакырылган адамдар дене-башы соо болсо сөзсүз келиш керек. Келбесе арбак ыраазы болбой калат, ошол адамды арбак колдобой иши оңбой калат деп эсептешкен. Мына ошондуктан, ашка чакырганда өкүм менен «баланча күнү түкүнчөнүн ашы, келсин», — деп айтышат. Эпосто да Бокмурун кабарчы жаш Айдарга чакыра турган адамдарды санап берип жатып кабарды аттан түшпөй туруп катуу айт: «Келбеген болсо ашыма Кесири тиер башына» (Сагымбай Орозбаков, 3. 98),— дейт. Аш берилүүчү күн бул улуу күн. Так ушул күнү бардык даярдыктар бүтүп ар кимиси кеңеште белгиленген иш менен алек болушат. Мына ушундай даярдыктардын бири жөнүндө эпосто мындай ыр саптары бар:

Эртесинде шашкеде
Миң кемеге ойдуруп,
Ар кемегеде бир киши
Миң азамат койдуруп,
Көтөргөнү миң отоо,
Эт жыйнатып ошого,
Бирден - бирден чал турган
Эт кайтарып босого
(Сагымбай Орозбаков, 3.121 — 122).

Чоң аштын жүрүшүнө ар кандай оюн-зооктор да кирет: жамбы атуу, балбан күрөш, эр сайыш, ат чабыш жана башкалар Бул оюндар элдин черин жазып, көңүлүн аччу тамашалар экендиги маалым. Бирок, аза күтүү салтынын бул элементи — ашта кандайча орун ээлеп калган, ал кыргыз тарых, этнография, фольклористика илиминде терең иликтөөгө алына элек илимий проблемалардын бири. Чоң аш берүү салты жеке эле «Манас» эпосунда эмес, кыргыз элинин кечээ жакындагы эле турмушунда, ошондой эле тарыхый булактардагы маалымат боюнча байыркы замандардан бери келе жаткан салт. Ал эми байыркы заманда, мисалы, Орхон-Эне-Сай жазууларында көзү өткөн Каганды көмүү, аза күтүү расмиси болгондугу тууралуу, ага төгөрөктүн чар тарабынан ар түрдүү адамдар келип кагандын элесине таазим кылгандыгы жөнүндө маалыматтар калган

Алардын бирине Кыргыздардын да каганы келгендиги тууралуу айтылат. Албетте, келген коноктор жөн кетпестен тигил же бул оюндун түрү боюнча күч сынаша кетишкен. Ал эми аскердик демократиялык коомдун жашоо шартында көз жумган жол башчынын ордун ээлөө максатында уруулардын ортосундагы талаш-тартыш ат чабыш, эр сайыш, балбан күрөш, оодарыш, жамбы атуу жана башкалар ушундай сыяктуу оюндар аркылуу чечилиши ыктымал. Мындай оюндарда кайсы уруунун жоокерлери тайманбас, эр жүрөк, шамдагай экендиги, аттардын мыктылыгы дегинкисин айтканда, жоого чыгууга, эл-жерди коргоого кимдин даярдыгы талаптагыдай болсо топтун жетекчиси жол башчынын ордун ээлеген. Кийинчерээк, аскердик демократиялык коомдун ыркы кетип, бийлик мурас катары атадан балага өтө баштаганда бул оюндардын да адепки мааниси өзгөрүп, аш тек гана өлүктү коюу жана аны эскерүү маанисиндеги туруктуу салттарга айланып калышы ыктымал.

Үчүнчүдөн, негизгиси, чоң аш өлгөн адамдын байлыгын, даңкын, эрдигин даңазалоонун бир түрү. Демек, аш бардык атрибуттары менен бай адамдардын гана колунан келчү иш. Анын үстүнө мындай аштарды өткөрүү кедей-кембагалдардын башына түшкөн мүшкүл. Алар көпчүлүк убакта өз эсебинен келген конокту күткөн: малын сойгон, минип келген аттарын от менен камсыз кылган жана башкалар Аш бүтөрүндө өткөрүлүүчү салттардын бири өлгөн адамдын жесирине, анын кыздарына байланыштуу. Элдик салт боюнча өлгөн адамдын тулу (к. Тул) боз үйдөн бейитине алып барып ташталат. Жесирдин кара кийими чечилип отко жагылат, ага жакын туугандары алып келген кийим жабылат. Кыздарынын башындагы кара жоолук чечилип, ак жоолук салынат. Балдарынын бел курчоолору да жаңырат. Ушундан баштап аза күтүү, ый, кошок басылат, журт жаңыртышат.

А. Көчкүнов

АШАЙ

— эпизоддук кейипкер, кытай баатыры. Араниктеги согушта азар түмөн кол менен Кеселикке келип кошулганы айтылат (Курама варианты, 1. 116).
АШАҢ — эпизоддук кейипкер, казак балбаны, Кабай байдын уулу. Араниктеги согушта Качалык менен жекеге чыкканда көзүнө найзанын сыныгы кирип, кошунун көздөй кетип баратканда Качалык артынан келип жарадар кылганы айтылат (Курама варианты, 1. 121).

АШАРСУУ

— эпизоддук кейипкер, калмак баатыры, Панус кандын жээни. А. кыргыздын жылкысын тийип алып, Манас менен согушуп жеңилет да, тартуу тартып жарашат. Манастан Алооке кандын зомбулугунан сактап калуусун өтүнөт.

АШМАРА

— топоним. Көкчөдөн кеткен Алмамбет баатыр Манаска келе жатканда басып өткөн жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 299, 303). Географиялык реалияда Чүй өрөөнүнүн батышындагы өзөн. Тарыхый даректер боюнча 9-кылымдан түрк урууларынын кыштагы (азыркы Чалдыбар урандылары) жана ошондой кылымдарда (Аспар, Ашпар) этноним катары да белгилүү.

АШТАР

Наштар — кыргыздардын элдик медицинасында колдонулган байыркы аспап. Кош миздүү, болоттон жасалган курч бычак. Жоокердик замандагы негизги милдети жараттагы бузук канды чыгаруу болгон. Эпосто А. денеге сайылып токтоп калган жебенин сыныгын же окту тилип чыгарып алуу үчүн да колдонулганы айтылат:

Сом этине калды деп,
Чыкпай туруп алды деп,
Аштар алып колуна
Тилип жаткан андан көп
(Сагымбай Орозбаков, 1. 287).

Денеге токтоп калган жебенин сыныгын же окту А. менен тилип алуу процесси эпосто аштар-лоо деп аталат: «Токтогон окту аштарлап — тилип жаткан андан көп» (Курама варианты, 1.130).

АШЫК

чүкө оюну — байыркы убактарда жоокерчиликтин таасиринен жана мал чарбачылыгы менен мергенчиликке байланыштуу келип чыккан кыргыз элинин улуттук оюну. Кан таламай, канымдат, ордо, упай, үчүм, чокон, атмай, сасыткы, жеп кетти, чүкө бекитмей, ашык калчоо, нөлдө жана башкалар оюндардын жалпы аталышы. Эпосто А. Манас бала кезинен тартып ойногон оюн катары учурайт: «Алты бала чогулдук, Нак ушу жерге жатабыз, Ашык оюн атабыз» (Сагымбай Орозбаков, 1. 120). «Семетей» эпосунда да А. эскерилет: «Ашык атып ойногон, Балдар аман жатабыз» (Курама варианты, «Семетей», 143).

АШЫМ Афер

(1922, Ооганстандын Бадакшан вилайетиндеги Чоң-Памир өрөөнү) — манасчы, комузчу. Кызылаяк уруусунан. А-дан 1973-ж. 1-июль күнү француз профессору, түрколог Реми Дор «Манас» эпосунан: «Манастын Шооруктун кызы Накылайга үйлөнүүгө кылган аракети», «Манас Таластын жылкысын тийип, экөө беттешүүдө жарадар болушу» деген үзүндү жазып алган. Ал үзүндү 1982-ж. «Орто Азия» илимий журналынын 1—2-сандарына «Манастын» «Памирдеги үзүндүсү» (616 сап ыр) деген ат менен француз тилине которулуп жарыялаган. «Манас» эпосунун окуяларынан башка «Көр уулу» дастанын да айтат. Көптөгөн күүлөрдү чебер аткарган белгилүү комузчу.

АШЫР

— кейипкер. Эпосто датка деген мансапка ээ эл бийлөөчүлөрдүн бири катары айрым эпизоддор эскерилип жүрүп олтурат. Мисалы, Чубак жол талашып чалгынга кеткен Алмамбет менен Сыргактын артынан жөнөгөндө Бакайдын кеңеши боюнча А. датка жанына алты жайсаң алып Аксаргыл деген атты тартууга алып барат (Курама варианты, 2. 139).

АЯГҮЗ

Аягөз — топоним, дарыя жана анын чөйрөсүндөгү өрөөн. Байыртадан кыргыз, казак мекендеп келе жаткан жер катары эпостун көпчүлүк эпизоддорунда, айрыкча, Манас Алтайда жашап турган мезгилдеги окуяларда, «Көкөтөйдүн ашында», «Чоң казатта» жана «Семетейдин Коңурбайдан кун куушунда» көп эскерилет. Географиялык реалияда Казакстандын Семей, Талды-Коргон облустарынан агып өтүп, Балкаш көлүнө куйган дарыя.

АЯДИЛ

— эпизоддук кейипкер, Манас Шоорук канды жеңгенде Акылай менен кошо тартууга келген отуз кыздын бири. Кыздар өз эрки, каалоосу менен өзүнө ылайык күйөө тандоодо кысылып, тартынып турушканда А.: «Астыңкы тандоо биз эмес, Акылайдын жолу деп», — адегенде Акылай тандасын деген сунушту айтат. Акылай Манасты тандайт, башка кыздар да бирден жигит жактырышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 219). АЯЗ — эпизоддук кейипкер. Эпосто кытай балбаны Түктамандын атасы экендиги гана эскерилет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 238).

АЯЛ МАНАСЧЫЛАР

Октябрь революциясына чейин аялдар эл алдында «Манас» айтып белгилүү болгону анчалык маалым эмес. Патриархалдык-феодалдык доордун заң-мыйзамына, адеп-ахлак, жүрүм-турум эрежелерине, аялдардын турмуштук жеке мүмкүнчүлүктөрүнө байланышкан объективдүү, субъективдүү себептер буга түрткү болгон. Мындан аялдардын «Манас» эпосунун пайда болушуна, өсүп-өнүгүшүнө чыгармачылык катышы болгон эмес деген бүтүм чыгарууга болбойт.

Элдик айрым аңыздарда Манас өлгөндө Каныкей айткан кошокту кийин жомокчу-акындар улам өнүктүрүп, улам өнүктүрүп, зор көлөмдүү чыгармага айландырганы айтылат. Чындыгында эле Радлов жазып алган вариантта жана кийинки манасчылардын варианттарында Каныкейдин кошогу бар. М. Ауэзов бир катар ынанымдуу аргументтер менен «Манастын» түпкү өнүгүшүндө кошоктун кыйла роль ойногонун белгилеген. Чындыгында эпосто чагылдырылган тарыхый окуялар прототип болгон инсандардын өмүр баяны өздөрү күбө болгон, аларды өз көзү менен көргөн, иштерине аралашып жүргөн адамдар тарабынан алгач баяндалганы, аңызга айланганы талашсыз.

Чыгармачылык мындай салттын издери эпосто бүгүн да даана сакталган. Мисалы, Манаска турмушка чыккандан тартып өзү күбө болгон окуяларды Каныкей баласы Семетейге эскерүү монолог түрүндө баштан аяк узун жомок кылып айтып берет (Саякбай Каралаевдин варианты); Алмамбет Манаска келгенге чейинки өмүр жолун өзү айтса (Сагымбай Орозбаковдун варианты), көпчүлүк варианттарда Көкөтөйдүн ашы Толтой бала кезинде Багышты ээрчип жүрүп өз көзү менен көргөн окуя катары баяндалат. Демек, «Манас» эпосунун өз фактыларынан көрүнгөндөй Каныкей Манастын эрдик иштерин кошок түрүндө да, жомок-аңыз түрүндө да даңазалап, ал жөнүндөгү эпопеянын жаралыш башатында турат. Улуу Манасчы Саякбай Карала уулунун эң алгачкы устаты чоң энеси Дакиш болгон. Ал киши элдик чыгармалардын, анын ичинде «Манастын» бал-шекер даамын болочок манасчы — кичинекей небересине таттырып:

Беренжини жамынып,
Береги, Бээжин минээр мал экен.
Карыпчыны салынып,
Кангай минээр мал экен.
Дегениме көн бурут,
Мааникерди бер бурут.
Мааникерди бербесең.
Тарткан этиң жебеймин.
Андай-мындай дебеймин
Ашыңа апаат кыламын,
Айдап жүрүп кырамын,

— деп Суранчы жана башкалар манасчылардан уккан «Манасынын» эсте калган ыр саптарын небересинин кулагына куя берген. Саякбай Карала уулу «Манастын» кара сөз түрүндөгү толук сюжетин чоң энеси Дакиштен уккан. Бул факт «Манастын» эл ичинде жашап, өсүп-өнүгүшүнө аялдар да ар дайым зор салым кошуп келгенин, алар эркек манасчылардай эле эл алдына чыгышпаса да, өздөрүнө ылайык чөйрөдө улуу дастанды айтып келишкенин эң сонун кабарлап турат.

Октьбрь революциясынан кийин аялдардын теңдикке жетиши, алардын жалпы элдин алдында «Манас» айтып чыгууга мүмкүнчүлүк ачты. Азыр алардын ар кандай сынактарга, кароолорго, үналгы-сыналгы берүүлөрүнө катышуусу адаттагы көрүнүшкө айланды. Аялдардын ичинде Сейдене Молдоке кызы сыяктуу чыныгы манасчылык деңгээлге өсүп жеткендери да бар (к. Сейдене).

Р. Сарыпбеков

АЯН

— алдын ала жакшылык же жамандык боло тургандыгын билгизген жышаан, белги. Баатырдык эпостордо А. эпикалык мотив катарында эң алды башкы идеал каармандын образынын жаралуусу менен шартталган. Келечекте эл, жерин душмандардан коргоочу баатырдын жарык дүйнөгө келиши укмуштуу символикалык белгилер аркылуу даярдалат. Карыганча бала көрбөгөн ата-эненин арманы, түш көрүү, кереметтүү бойго бүтүү, укмуштуу төрөлүү жана башкалар салттык көрүнүштөр болочок баатырдын өзгөчө касиет сапаттарынан алдын ала кабар берген белги, жышааналар болуп эсептелет. А. адегенде жашырын сыр катары бала көрүүнү тилеген карыган эне-атага билинет. «Манас» эпосунда Жакып менен Чыйырдынын көргөн укмуштуу түшү, баланын кереметтүү бойго бүтүшү А-дын байыркы бир түрүнө жатат. Мындай эпикалык мотив көпчүлүк элдердин баатырдык эпосторунда кеңири кездешет. Ал ар бир элдин тарыхый шартына, жашоо тиричилигине байланыштуу поэтизацияланат. Укмуштуудай түш көрүүдөн сырткары магиялык элементтердин берилиши да келечектеги баатырдын төрөлүшүнөн кабардар кылат. Мисалы, Жакыпка мындайча кереметтүү дабыштын угулушу:

Атаке неге кайгырдың,
Акылыңдан айрылдың.
Алты суу толгон мал кылдың,
Алганыңды дал кылдың.
Кулакка келди бир добуш
Куп тыңшаса эр добуш.
Көрүнбөдү көзүнө,
Элең-селең караса
Билинбеди өзүнө
(Сагымбай Орозбаков, 1. 48),

— деп сүрөттөлөт.

Башкы каармандын жарык дүйнөгө келиши да укмуштуу А. менен мотивдештирилет. Манас төрөлгөндө «колуна кош колдоп заар кармап, курсакта жатып бакырып, Манастап ураан чакырып» жерге таманы менен тик түшүшү (Саякбай Каралаевдин варианты), Алмамбет төрөлгөндө «Ала-Тоо коркконунан бас болуп, агын суу коркконунан сай болушу» (Радлов жазып алган вариант), «бир ай бою кар жаап, качан бала төрөлгөндө күн ачылып, бутканада турган кудайлардын кыйрашы» (Сагымбай Орозбаковдун варианты), «жетимиш күнү күн жаап, жер титиреши» (Саякбай Каралаевдин варианты) ашкан баатырдын төрөлөрүн алдын ала билгизген А. болуп эсептелет. Башкы баатырдын укмуштуу төрөлүшү жөнүндөгү эпикалык мотив «Сейтек» бөлүгүндө да учурайт. Айчүрөк Сейтекти он эки ай көтөрүп, тогуз күнү толготот. Бала төрөлгөндө колуна кан чеңгелдеп түшөт. «Күндүр-түндүр түн түшүп, жер айрылып, тоо кулап» табигат кубулат. Эпостогу бул мотив келечекте атасы Семетейдин өчүн алууга жарамдуу, чыныгы баатырдын төрөлгөнүн алдын ала кабарлаган А. экендигин көрсөтөт.

Эпосто Семетей атактуу атынан, жоого кийчү кийиминен ажырап, күчсүз болуп калышы, Айчүрөк менен Каныкейдин жаман түш көрүшү, Манастын арбагына арнап сойгон Акбоз бээнин этин салган казандан чий көбүк чыкпай «кара кочкул кан чыкканы» баатырдын ажалынын жеткенин алдын ала кабарлаган А. катары көрсөтүлөт. Манасчылар Манас жана анын чоролорун эл менен түбөлүк бирге жашаган «ыйык» каармандар катарында урматташат. Өзүлөрүнүн «Манас» айтып калышы, бул өнөрдүн касиеттүүлүгү жөнүндө бизге белгилүү жомокчулардын алгачкыларынан болгон Келдибек Карбоз уулунан (1800—79-ж.) тартып Саяк5ай Карала уулуна чейинки манасчылардын айтуучулук өнөргө ээ болушун эпостун каармандары түшүнө кирип «Манас» айт деп А. бериши менен түшүндүрүшөт.

С. Алиев

АЯНБОЗ

Каянбоз — эпизоддук кейипкер. Кытай каны. «Чоң казатта» Мадыкан менен болгон урушта анын эпсиз күчтүү экени айтылат. Согушта Мадыканды аттан сайып түшүргөн Төштүктүн башын кескени келаткан А-ду Манас качырынан жыга сайып, Бакай башын кесип кетет (Курама варианты, 2. 214—215).

АЯР

— эпосто бардык иш колунан келген, дегеле билбегени жок сыйкырдуу касиети бар адам: «Актарга мылтык оңдогун Аярың болсо жоктогун», же «Аяр Култаң барганы айтып кабар салганы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 72). А. эпос боюнча кыргыздарда да, алардын душмандарында да болгон. «Манастын» варианттарында А. деген сөз ар түрдүү мааниге ээ: коргоочу, сактоочу, сыйкыр, сыйкырчы, кандайдыр дубанын күчү менен өз каалаганын ишке ашырып алуу касиетине ээ болгон адам жана башкалар Ал «Манас» эпосуна араб-фарсы адабиятынын таасири менен кирген. А. араб тилинде митайым, шүмшүк, эр жүрөк, бекерчи, ууру, уюштургуч деген маанидеги түшүнүктөрдү билдирет. Мисалы, орто кылымдарда А-лар Рудакиде, Ирандын эски тарыхый чыгармасы «Тарих-е Систанда», «Саман аяр» деген 11-кылымдарда жазылган фарсы дастанында жана башкалар чыгармаларда чагылдырылып, чындык турмуштагы эле адамдар болгон. Алар уурулук, каракчылыкты мамлекетке кызмат өтөө менен айкалыштырышкан. Ошентип, орто кылымдардагы Орто Азия аймагында тараган чыгармалар аркылуу кыргыз жомокчулары өздөрүнүн репертуарына акырындык менен киргизип отуруп, кийинчерээк «Манас» эпосунун нукура сиңип кеткен сөзү катары айтылып калган.

И. Молдобаев

АЯТ

— этноним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөй өлөр алдындагы ага-туугандарына айткан керээзинде эскерилген жана анын ашына чакырылган эпикалык көп элдин бири: «Араптын журту чөлдө бар, Аяттын журту көлдө бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 14).

АЯТТЫН-КАРА-СУУСУ

— топоним. Жээгинде жекен, камыш өскөн суу. Чоң казаттагы алгачкы айкашта калмак баатырлары Ушаң, Бороончу Алмамбетке капыстан бет алганда баатыр сүрдөп, А.-К.-С-на качып кетет (Сагымбай Орозбаков, 4. 303).