БААБЕДИН

— эпизоддук кейипкер, Байчоронун атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 195).

БААБЕДИН

(Бахауддин деген ысымдын кыргызча аталышы) — легендалык кейипкер, диний уламыш боюнча Бухара шаарын колдоочу пир. Түпкү теги тарыхта белгилүү адам Бахауддин менен байланышкан. Орто Азия мусулман элдеринде ыйык бааланган бул киши ислам дининин таасири аркылуу кыргыз элине Б. деген ат менен белгилүү болуп, колдоочу ыйык образга айланган. Диний мүнөздөгү ырым-жырымда адамдар түрлүү кырсыктан, жамандыктан кутулуу үчүн тилек тилеп же коркунучтуу апаттан аман калгандыгы үчүн Б-ге атап курмандык чалган, ошондой эле жети, тогуз нан Б. берилген. «Манаста» негизги оң каармандардын тагдырына, алардын жоокердик жүрүштөрүнө байланыштуу ар түрлүү кырдаалдарда (жоого аттанарда, жекеге чыгарда, эпикалык душмандын курчоосунда калган учурларда жана башкалар коркунучтарда же түшүндө берилген жакшы, жаман аян, белгилерге карата) Б-ге жардам суроо иретинде кайрылышкан. Мисалы, «Баабединге бата айтып, Коросонго кой айтып, Баабединин бакырып» (Саякбай Каралаев, «Семетей», Кол жазмалар фондусу, 108—109-инв.).

Элдик уламыш боюнча Б. өз мезгилинде дыйканчылык кылып, буудай жана буурчак эгип тиричилик өткөргөн, кийин шайы кездемелерге түр, миске оймо-чийме түшүрүү менен кесип кылган. «Манас» эпосунда Б. дыйканчылыктын пири Баба-Дыйкан катары Манас баатырдын буудай эгип мол түшүм алышына колдоо көрсөтөт (Саякбай Каралаев, 1. 174). Б-ге атоо же Б. берүү ырым-жырымы азыркы мезгилге чейин эл арасында сакталып келе жатат.

С. Алиев

БААТЫР

(иранча бахадур — эр, кайраттуу) — эпикалык душманга каршы күрөшүүдө, салгылашууда жоокердик эрдик көрсөткөн, ар кандай коркунучтуу тоскоолдуктардан жалтанбаган, тайманбас, эр жүрөк адамдарга карата айтылат. Кыргыздар байыртан эле Б-дыгы, жоокердиги менен белгилүү эл. Жоокердик курал-жарак жокко эсе кезиндеги согуштарда ийгилик, жеңиш жалгыз гана Б-дыкка, эрдикке негизделген, бүт элдин Б-дыгы менен чечилген. Мындай бүт элге мүнөздүү эрдик, Б-дык аркалуу гана кыргыздар өздөрүнүн элдигин нечен кылымдардан бери сактап келген.

Ошондуктан баатыр элдин тарыхы да Б-лык окуялар менен толгон. «Моголстандын жапайы арстандары» деген баа кыргыздардын улуттук мүнөзүнө, Б-лык сапатына, жоокерлик шайдоот шаңына жараша берилген. Кыргыз эли уул-кыздарын жаштайынан «эл четинде, жоо бетинде» тайманбай турууга, эрдикке тарбиялаган. Эр жүрөктүүлүк, чыдамкайлык, Ата-Журт үчүн курман болууга даяр сыяктуу сапаттар элдик духка айланган. Элдин ошол духуна жооп берген эр уулдар эле эмес, жоокер аял каармандар да:

Урунаарга тоо таппай,
Урушаарга жоо таппай,
Тиштээрине таш таппай,
Кесээрине баш таппай,
Сары конуш бел таппай
Сайыша турган эр таппай
(Сагымбай Орозбаков, 2. 65) бук болуп турат.

Жоокерчилик доордун шартына ылайык эрдик менен эл багып, атак-даңк, абройго ээ болгон Б-лар тынч турмушта бекер тура алышпайт. Манас жана анын чоролору «эр семирип бук болуп, ат семирип нык болду» делип тулпарлар кыймылсыз куру семирип, эр жигиттер кылар иши жок зериккен учурларында чатыраш ойноп, ордо атып чер жазышат, же ууга чыгып, ит агытып, куш салып, мергенчилик кылып бош убактыларын көңүлдүү өткөрүшөт. Бирок эпостун башкы темасы сырткы баскынчы душманга каршы күрөш болгондуктан элдик Б-лар тынч турмушка караганда согуш аракетинде көбүрөөк сүрөттөлөт.

Жоокерлик салтка ылайык Б-лардын согушту самап турушу түрк-моңгол эпосторунун көпчүлүгүндө кезиге турган туруктуу мотивдерден. «Манаста» оң каармандардын образын терең, кенен ачууда жана артык сапаттарын айрыкча аларга карама-каршы коюлган терс каармандар алынган. Алардын да жоо саяр Б-лары, тоо бузар балбандары бар. Чексиз кара күч эпостогу негизги каармандардын басымдуу көпчүлүгүнө таандык же Б-дык сапат оң каармандар эле эмес, терс каармандарга да мүнөздүү көрүнүш. Мисалы, Жолойду күчсүз, же Коңурбайды Б. эмес деп эч ким айта албайт. Бирок, алар моралдык сапат жактан оң каармандардын кимисинен болбосун алда канча төмөн турат.

Эпикалык салгылашуунун жүрүшүндөгү чечүүчү учурда уруш салтын бузуп качуу, же митайымдык кылуу душман Б-лары үчүн мүнөздүү көрүнүш болсо, кыргыз жоокерлеринин мүнөзүндөгү жетектөөчү белги эр жүрөктүүлүк, тайманбастык. Эпосто элдик баатырларды кас душмандары да жогору баалашат. Коңурбайдын атасы Алооке Манасты арстанга салыштырат, анын айтуусу боюнча Манаска «ок өтпөйт», «отто күйбөйт», «сууда чөкпөйт», «аны жеңиш кыйын». Калмактардын Акунбешим канынын кыргыздар кандай жоо экен деген суроосуна калмак аярынын жообунда эч тоскоолдукту билбес, жоодон жалтанбас шаңдуу жоокерлердин, душмандары үчүн сүрдүү күчтүн элесин — Б. элдин мүнөздөмөсү берилет. Жер жайнаган душманга жеке кирип кол салуу кыргыз жоокерлери үчүн адаттагы көрүнүш. Ал ошон үчүн Б. Б-лык аркасында гана эл өзүнүн элдигин сактап келди. Ошон үчүн «Манас» үчилтигинин идеялык мазмунун түзгөн адилет күрөш жана жеңиш менен шыктанган кыргыз Б-ларынын милдети — элди коргоо «эл четинде, жоо бетинде» туруу.

С. Алиев

БААТЫРДЫК ҮЙЛӨНҮҮ

— эпикалык башкы каармандын өзүнө ылайыктуу жарды издеп таап, ар кандай шарттарды аткарып, сыноолордон өтүп ага үйлөнүшү. Фольклорчу окумуштуулар алгачкы жамаат коомунун бузулуу мезгилинде эпикалык чыгарманын борбордук темалары «баатырдык үйлөнүү» жана «укмуштар менен күрөшүү» жөнүндө болорун белгилешет. Анткени, Б. ү. алгачкы эпостордун негизги темаларынын бири катарында адамзат коомунун белгилүү тарыхый доору менен шартталат. Эпикалык башкы каармандын үйлөнүшү жөнүндөгү салттык эпизод же мотив — ар кандай окуялардын өнүгүшүнүн бардык этаптарына, баскычтарына тиешелүү болот да, ар башка доорлордогу бүлө жана нике мамилелеринин мүнөзүнө жараша чагылдырылып жана өзгөрүп-өнүгүп турат. Адамзат коомунун ар бир доорунун өзүнүн эң башкы карама-каршылыгы болот. Элдик баатырдык эпостор ушул доорлордун негизги карама-каршылыктарынын натыйжасында пайда болот жана салттык көрүнүшкө айланып, өзүнүн өнүгүшүнүн ар түрдүү этаптарын башынан өткөрөт.

Мурунку уруулук жамааттын өндүрүш каражаттары бара-бара айрым бүлөлөргө таандык болуп жеке менчик негизги ролду ойной баштайт. Мындай өндүрүш каражаттарына болгон жаңы мамилелер эски түзүлүштүн түп-тамырынан бери бузулушуна алып келет. Ошентип, жаңыдан курула баштаган түзүлүш менен эски түзүлүштүн ортосунда зор карама-каршылык пайда болот. Бул кырдаал моногамиялык (бир нике келип чыккан жана аялдар күйөөсүнүн жамаатында турушу керек болгон) бүлөнүн түзүлүшү менен шартталышкан. Моногамиялык бүлө алгачкы жамааттык түзүлүштүн этикалык нормаларын, социалдык эрежелерин бузуп, прогрессивдүү умтулуш катарында аренага чыгат. Мына ушул моногамиялык бүлө үчүн күрөшүү жана аны идеализациялоо коомдун эң башкы идеологиялык маселелеринин бири болуп калат. Бул тарыхый кырдаал алгачкы эпостордогу Б. ү. жөнүндөгү сюжеттердин пайда болушуна зарыл шарт түзөт. Уруулук патриархалдык коомдун шартында үйлөнүү экзогамиялык (алгачкы коом мезгилинде; кийинчерээк да, жакын туугандардын же бир жерде чогуу жашаган жамаат мүчөлөрүнүн ортосундагы никеге тыюу салган салт. Кыргыз элинде кан жагынан болгон жакындык үйлөнүүгө тыюу салган. Жети атадан өтүп кеткенден кийин гана ошол уруудан аял алууга мүмкүндүк берген. Мындай эреже казактарда да болгон. Территориялык жайгашуу уруу группаларына байланыштуу болгондуктан, колуктуну дайым алыс жактан алышкан. Демек, бул түрк-моңгол урууларынын көпчүлүгүндө туруктуу салтка айланган) мүнөздө болгон. Башка элден же уруудан аял алуу максатында баруу үчүн баатыр бир топ тоскоолдуктардан, кыйынчылыктардан өтүүгө тийиш болгон. Мындай шарт ар кандай өнөрдү билүүнү, адамдын күчүн, кайратын талап кылган. Бул доордо матриархаттык мамилелердин ролу өз укугун анча жогото элек болгондуктан үйлөнүү конфликти өтө татаал болуп, күчтүү ситуациялык абалды түзгөн. Уруулук-патриархалдык коом бир нече кылымдарды кучагына алып, өзүнүн өнүгүшүндө тарыхый этаптарга бөлүнөт. Ошондуктан үйлөнүү жөнүндөгү баатырдык эпостордун тематикасы да өз учурунда өзгөрүп, ар түрдүү варианттагы салттык сюжеттердин, эпикалык образдардын системасын пайда кылган.
Түрк-моңгол элдеринин баатырдык эпосторунун баш каармандарынын бүлөлүү болуу үчүн күрөшү түрдүү салттык сюжеттерден түзүлгөн. Бул салттык сюжеттерден элдин байыркы доордогу бүлөлүк мамилелери, турмуштук салттары менен түздөн-түз шартталышкан Б. ү-нүн бир нече түрү болгондугун «Манас» изилдөөчү Э. Абдылдаев төмөнкүчө белгилейт:

1) Жомоктук-мифологиялык мүнөздөгү үйлөнүү. Мында эпикалык баатырлар ар кандай мифологиялык жандыктардын (Теңери-каан, Ай-каан, Күн-каан, Жылан-бий жана башкалар) кыздарына үйлөнөт.
2) Байыркы элдин турмушунда болгон үйлөнүү каада-салтынын чагылышы. Мында эпикалык баатырлар кыз менен жекеме-жеке кармашып жана ар кандай мөрөйдү жеңип (баатырдын кыз же кыздын атасы койгон түрдүү тапшырмаларды аткарышы, тоскоолдуктардан өтүшү, негизинен мындай сыноолорго бир нече талапкерлер катышып, ошондо баатырдын жеңип чыгышы) үйлөнүшү, же болочок колуктунун өз каалоосу боюнча баатырды тандап, жактырып турмуш куруусу.
3) Элдердин кийинки доорлордогу коомдук турмушундагы үйлөнүү каада-салтынын чагылышы. Мында эпикалык баатырлар куда түшүү жолу менен калың берип же зордуктап тартып алуу менен үйлөнгөн.

Б. ү. темасындагы эпостун байыркы түрлөрүнүн белгилүүлөрүнүн бири катары эпикалык баатырлар алп кыздар менен жекеме-жеке кармашып жеңишке ээ болгондон кийин гана ага үйлөнүшү жөнүндөгү салттык сюжет эсептелет. Бул түрдөгү салттык сюжеттер түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында ар түрдүү версияларда кеңири учурайт. Мисалы, хакастар менен якуттардын бир катар алптык эпосторунда, алтайдын «Ай-Маныс», шордун «Оглак», буряттардын «Аламжи Мерген», казактардын «Таласпай Мерген», огуздардын «Коркут атанын китеби», башкырлардын «Алпамша жана Барсын-Хылуу» жана башкалар элдик эпостордо сакталган.

Б. ү. салтынын эртеги доорго таандык стадиялык өнүгүшү алтайлыктардын эпосторунан ачык-айкын көрүнөт. Б. ү. салтынын алгачкы стадиясына тиешелүү болгон эпикалык сюжет «Кан-Бүдей» эпосунан жолугат. Кан-Бүдөй Теңери-каандын кызы Темене-Коону алыш үчүн асманга жөнөйт. Жылан-бий, Узун-Калап, Кыска-Калап («калап» — ырайымсыз, таш боор) Теңери-каанды коркутуп кызына кудалашып койгон болот. Теңери-каан: «Ушул үчөөнү жоготсоң Темене-Коо сеники болот» дейт. Кан-Бүдөй нечен жылы кармашып бул мифологиялык жандыктарды өлтүрүп, Теңери-каанга келет. Теңери-каан Кан-Бүдейге дагы бир нече кыйын шарт коёт. Үч аюуну, Үч көк буканы, Кер балыкты жана башкалар жандыктарды кармап, алып келгин деген тапшырма берет. Кан-Бүдей бул мифологиялык жандыктарды нечен кыйынчылыктар менен кармап келип берип Темене-Коого үйлөнөт (Алтай баатырлар. Горно-Алтайск, 1-т., 1958, 24—31-б.). Б. ү-нүн бул тибинде эпикалык аракеттер негизинен жомоктук мифологиялык фондо мотивировкаланат. Эпикалык сюжеттердин курулушу көбүнчө фантастикалык ой жүгүртүүлөрдүн продуктусу катарында көрүнөт. Эпикалык баатырлардын жана алар үйлөнчү колуктунун кайсы элден же кайсы уруудан экендиги жөнүндө эч кандай түшүнүк сезилбейт. Бар болгону бүлө куруу жөнүндөгү түшүнүктү гана учуратабыз. Алтайлыктардын бул типтеги эпосторунун кейипкерлери да мифологиялык кейипкерлер болуп эсептелет. Мисалы, Күн-каан, Ай-каан, Теңери-каан, Эрлик-бий жана эпикалык баатырдын үйлөнүшүнө тоскоолдук кылуучу мифологиялык жандыктар: Жылан-бий, Кер-Балык, Көк-Бука жана башкалар.

Б. ү. салтынын стадиялык өнүгүшүнө мүнөздүү дагы бир байыркы эпикалык сюжет күйөө менен кыздын жекече мелдеши. Бул сюжет көп элдердин эпосторунда чагылдырылган баатыр кыздардын образы менен байланышкан. Баатырдык эпостордо экзогамиялык салт боюнча бүлө курууда кызды алуу үчүн бир нече талапкер аракет кылган. Талапкерлердин бири үйлөнүш үчүн атайын ар кандай мелдештер уюштурулган жана мөрөйдү кимиси утса, ошол үйлөнүүгө тийиш болгон. Талапкерлердин өнөрүн сыноодо көбүнчө үч мелдеш — ат чабуу, бута атуу, жекеме-жеке күрөш мүнөздүү болгон. Турмуш куруудагы мындай салт байыркы мезгилдерде эле Орто Азия менен Борбордук Азиянын элдеринде болгондугун этнографиялык материалдар ырастайт. 2-кылымдын акырында 3-кылымдын башында жашаган грек жазуучусу Клавдий Элиандын жазган маалыматында: «Сактардын кимиси кыздарга үйлөнгүсү келсе, аны менен күрөшүүгө тийиш болгон. Эгерде кыз жеңсе, жеңилген киши туткун болуп анын карамагында калган. Күрөштө кызды жеңсе гана аны өзүнүн бийлигине алган» (Клавдий Элиан, Разнообразные повествования. СБ. Древние авторы о Средней Азии, Ташкент, 1940, 23—24-б.),— деп көрсөтүлөт. Өткөн кылымдын акырында этнограф В.И.Вербицкий тарабынан жыйналып, «Алтайские инородцы» деген ат менен жарыяланган фольклордук материалдардын ичинде кара сөз түрүндө жазылган бир катар эпостор бар. Ал материалдарда Б. ү. салтынын алгачкы тибине кире турган жана «Манас» эпосунун байыркы катмарын аныктоодо алтайлыктардын «Ай-Маныс» аттуу баатырдык эпосунун мазмуну ишенимдүү далил болуп берет. Жээк менен Ай-Маныс баатыр үйлөнүү үчүн Кан-Кызга барышат. Кан-Кыз: Күрөшкөндө кимди жыксам аны өлтүрөм, эгер жыгылсам — ошо кишиге тием» деген шартты коёт. Алар жети жылы күрөшүп, чабышып жатып экөө тең жеңилет. Ай-Маныс кайра Кан-Кыз менен күрөшүп, чабышып отуруп акырында жеңишке ээ болот. Шарт боюнча кыз ага тиет» (В. И. Вербицкий, Алтайские инородцы. — М., 1893, 146—165-б.). В. М. Жирмунский ушундай эле салт түрк-моңгол элдеринде байыртадан сакталып келатканынын жана 13-кылымда дагы учурай тургандыгын белгилеп, бир катар фактыларды келтирет (В. М. Жирмунский. Сказание об Алпамыше и богатырская сказка, М., 1960, 221—226-б.). Бул сыяктуу байыркы эпикалык сюжеттер «Манас» эпосунун тутумунан айкын көрүнөт. Маселен, Сагымбай Орозбак уулунун вариантындагы (башка варианттарда да чала чарпып айтылат) Манас менен Сайкалдын жекеме-жеке сайышын атоого болот. Жекеме-жекеде жеңилген Сайкал Манаска акыреттик жар болууга никелешсе, калмактын Кайыпдаң деген канынын кызы Карабөрк менен беттешип жеңишке ээ болуп Манас ага үйлөнөт. Алгачкы адамдардын дүйнөгө көз карашы чектелүү болгондуктан коомдун жана жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарын натура түшүнүшкөн жана алардын дүйнөгө болгон мамилеси алгачкы коомдордо мифологиялык мүнөздө болгон. Ошондуктан байыркы жамаат түзүлүшү кулап, уруулук-патриархалдык коомдун түзүлүү доорундагы үй-бүлө куруу үчүн күрөшү алгачкы Б. ү. тибиндеги эпостордун негизги идеясын түзөт да, ал тарыхый доордун поэтикалык чагылышы мифологиялык мүнөздө болот.

Б. ү. салтынын кийинки этабында окуя жомоктук мүнөздө болуп, айрым мифологиялык кейипкерлер катышкандыгына карабастан доордун тарыхый чындыктарынын көп үлүштөрү поэтикалык жактан реалдуу сүрөттөлөт. Бул типтеги Б. ү. салтында башкы кейипкер негизинен мифологиялык кейипкер эмес, кандайдыр бир шарттуу элдердин өкүлдөрү менен кандары болот. Чынында жар издөө, аны кыйынчылык менен табуу, көп тоскоолдуктар, кыйын тапшырмаларды аткаруу аркылуу гана аны алуу эпикалык салттардын ичинен жөө жомоктук мотивдердин эң эскилеринен. Укмуштуу көп окуялар, адам таң каларлык сыйкырдуу эпизоддордун көпчүлүк башаты да колукту издөө, аял алуудан башталат. Ал бирде алты баштуу ажыдаарды жеңсе, бирде алоолонгон отту кечип өтүп, укмуштуудай тоону ашып колуктусун тапкан же жер алдына түшүп кызды алууга жөндөмдүүлүгүн далилдеген ар түрдүү тапшырмаларды аткарган. Б. ү. салтынын мына ушундай тибине кыргыздын баатырдык эпосторунун ичинен жалгыз «Эр Төштүктөгү» Төштүк баатырдын жер алдына түшүп Көк-дөөнүн кызы Күлайымга үйлөнүшү кирет.

Эпикалык баатырларга турмушка чыгуучу кыздар белгилүү эрежелер боюнча өздөрүнүн тандоосу же каалоосу менен барышат. Кыздын түбөлүк жарды «эркин» тандашы этнографиялык жана тарыхый материалдарга караганда энелик доорго таандык экени айтылат. Төштүк жер алдына түшкөндөн кийин кубулуп таз кейпин кийип, Көк-дөөнүн уюн кайтарат. Ушул учурда кандын бойго жеткен үч кызы өзүлөрүнө ылайыктуу күйөө тандашат. Кичүү кызы Күлайым Төштүктү тандап жактырат. Ага үйлөнгөндөн кийин баатыр кайын атасынын татаал тапшырмаларынан, сыноолорунан өтөт.

Бир катар мифологиялык душмандарды жеңет. Үйлөнүүнүн ар кандай тиби сүрөттөлгөн эпостордо кандай гана мелдештин түрү болбосун негизинен баатырлар үйлөнгөнгө чейин аткарышат. «Төштүк» эпосунда бул мотив башкача берилет. Кызга үйлөнгөнгө чейин эмес, үйлөнгөндөн кийин гана Төштүк каардуу кайын атасынын татаал тапшырмаларын аткара баштайт. Баатырдын үйлөнүшү дагы эң эски мотивдер менен коштолгон. Кандын алдына Төштүк таз кейпинде барат. Таз кейпин кийүү (түрк-моңгол элдеринин фольклорунда көп учуроочу образ. Көбүнчө эпикалык баатырлар башка элге же душмандарына барганда таз болуп кубулуп алат) эртеги адамдардын кубулуу ишеними менен байланышкан байыркы мотивдердин бири. Кыргыз эпосторунда бул өңдүү мотив жокко эсе. Жомоктордун эң эски үлгүлөрүндө гана бир аз кезигет. Мындай кубулуу хакас, алтай, якут, моңгол жомокторунда да, баатырдык эпосторунда да жыш учурайт.

...Алтай баатыры Козын-Эркеш Каратыкандын Байым-Сур деген кызын алуу үчүн жоо кийимин кийип, курал-жарагын алып жөнөйт. Кан кызынын колуна бир аяк кымыз, кунан койдун куйругун берип, элди чубатууга салат. Байым-Сур эч кимди урбай, элдин артында келе жаткан тазтаракайды (тазды) урат. Ачуусу келген кан элди кайрадан чубатат. Кызы кайра эле баягы тазды урат. Мындан кийин Козын-Эркеш кайын атасынын бир катар татаал тапшырмаларын аткарып кызына үйлөнөт (Алтай баатырлар. Горно-Алтайск, 1959, 2-т., 113—150-б.). «Төштүк» эпосу боюнча Көкдөө бойго жеткен кыздарын күйөөгө бермек болуп, күйөө тандоону кыздардын эркине коёт. Колдоруна алма берет, кимди кааласа алма менен уруп, ошого чыгышмак (алма менен уруу эпостогу кийинки кошумча болуу керек). Анткени бул мотив элдин оозеки чыгармаларында негизинен кымыз, эт айтылат. Алма менен уруу иран, араб жомокторунда күчтүү. Мисалы, «Шах-Намэде» ушул мотив учурайт. Көкдөө кол алдындагы элдин баарын жыйнатып, чубатууга салат. Биринчи кызы бектин уулу Бекбачаны, экинчи кызы кандын уулу Канбачаны уруп, ошолорго турмушка чыгат. Үчүнчү кызы Күлайым эч кимди карабай коёт. Кайра-кайра чубатат, бирөөнү да алма менен урбайт. Акырында унутулуп калган уйчу тазды (Төштүктү) алып келишет. Кыз «тазды» уруп, ага тиет. Кыздын каалоосу боюнча элди чубатмага салып, алма ыргытып күйөө тандоо өзбектердин баатырдык «Рустем кан» поэмасында да кезигет (В. М. Жирмунский, X. Т. Зарифов. Узбекский народный героический эпос, М„ 1948, 158-б.).

Эртеги эпикалык баатырларга чыгуучу кыздар белгилүү эрежелер боюнча өздөрүнүн тандоосу же каалоосу менен барышат. Алтай баатырдык эпосторунда мындай мотив айрыкча мааниге ээ. «Киндигибиз биздин бирге бүткөн, кирпигибиз биздин бирге ачылган», «Отум аны менен бирге күйгөн, орунум (төшөгүм) аны менен бирге салынган» деп баатырга турмушка чыгат. Кайсы гана элдин оозеки чыгармаларында болбосун эркин жар тандоо матриархаттык доордон келе жаткан мотив экендиги талашсыз. Бул эң эски мотив «Эр Төштүк» эпосунда да сакталып калган.

«Кожожаш» эпосунда да эркин күйөө тандоо идеясы айтылат. Бирок, мында мотив башкачараак талкууланат. Каракожонун кызы Зулайка Кожожаш мергенди жактырып баш кошот. Зулайканын Кожожаштын жаман кийимине карабай, адамдык сапатына карап мамиле кылууга жасаган аракети, «чарыкчанга тийди деп, чапаны жокту сүйдү деп», — кээде бир акылы тайкы мырзалардын ушагы, таптык жиктелүү ачык көрүнүп, социалдык карама-каршылык тереңдеп турган учурду көрсөтөт. Кандын кызы Зулайканын көп адамдын ичинен карапайым мергенди жактырышы, ага чын берилген татыктуу жар болушу аркылуу элдин адамгерчилик, карапайымдык жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн элеси берилген. Эпостун өзүндө да Күлайым менен Зулайканын эркин жар тандоо үлгүлөрүнөн бардык адам бирдей, аял менен эркек тең деген демократтык көз караштын жыйынтыгы чыгарылган.

Ал эми «Манас», «Курманбек», «Жаныш, Байыш» жана башкалар баатырдык эпостордо бүлө куруунун байыркы сюжетинин элементтери сакталган. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Шооруктун кызы Акылай Манаска өзү каалап барат. Башка кыздар да чоролорду тандап жактырышат. Мисалы,

Болсун Манас эрим деп,
Кыздардан чыгып бөлүнүп,
Кыргоолдой мойну көрүнүп,
Сунала басып суйкайып,
Суу чыбыктай буралып,
Султан эрге бет алып,
Манастын барды кашына,
Кыз да болсо Акылай
Конду дөөлөт башына.
Теңин тапты, теңи деп,
Келди мунун эби деп,
Акылай мурда каалады,
Артыкпызбы андан деп
Алиги турган отуз кыз
Бирден - бирден кармады
(Сагымбай Орозбаков, 2. 221),

— деп Акылай баш болгон кыздар өзүлөрүнө күйөө тандашат. Саякбай Карала уулунун айтуусунда Карачтын кызы Көрпаян өзүнүн каалоосу боюнча Бакайды тандап барат.

Кыргыздын кенже баатырдык эпосторунда башка уруудан аял ала турган баатыр алп кыз менен жекеме-жеке кармашып жеңип же кайын атасынын татаал тапшырмаларын аткарып үйлөнүүдөн башка да, болочокку кайын атасы менен жекеге чыгып, аны жеңип, кызына үйлөнүшү жөнүндөгү мотив сакталган. Ушул эң эски мотив «Курманбек» эпосунда коомдук талапка байланыштуу талкууланат. «Мени сайып ким жыкса, Канышайды берем деп Каалап жүргөн шарты бар» чоң баатыр Бакбуркан: ким Үргөнчтүн суусун кечип өтүп, мени жеңип, өзүнүн баатырдыгын, балбандыгын, эл коргоого жарамдуулугун көрсөтсө, кызымды ошого берем деп жар чакыртат; анын максаты өзү карыганда элге коргон боло турган баатырды даярдоо, табуу. Атасынын бул максатын туура түшүнгөн Канышай каршылык кылбайт жана сынга толгон Курманбек баатырга турмушка чыгат. Мындан байыркы симпатиялык байланыш, башкача айтканда күн мурунтан тагдырына жазылган жар жөнүндөгү мотивдин жаңырыгын көрүүгө болот.

Курманбекке чейин чамынып аккан Үргөнчтү эпикалык баатырлар — Семетей менен Күлчоро гана кечкен. Анда да Ооган каны Акундун кызы Айчүрөктү алуу үчүн барган кыргыз баатырлары эрдигине салышып аркы өйүзгө сүзүп өтүшкөн. Семетейдин да, Курманбектин да Ооган канынын кыздарына үйлөнүшү биздин оюбузча улуу эпостун кенже эпоско тийгизген таасиринен болушу ыктымал. Бирок, эки эпос бул мотивди эки башка талкуулайт. «Семетей» эпосунда матриархаттын элементтери кезигет. Ал аялдардын күйөө тандашынан байкалат. Айчүрөктүн баатырларды сынашында матриархаттын элементтери сакталган. Ошондой болсо да Чынкожо, Толтой Айчүрөктү алабыз деп көп кол менен келип, шаарын курчап алганы көпчүлүк варианттарда салттык түрдө айтылат. Айчүрөк 40 күн күтүүгө убадалашып, аккуу кебин кийип, Таласка келип, шумкарды амал менен алып кеткенде, аны издеп барган Семетей өзүнө ылайык өмүрлүк жары Айчүрөктү Чынкожо, Толтой менен салгылашып жатып, күч менен алганы белгилүү. «Курманбекте» болсо баатыр мурда эч качан көрбөгөн кыздын кабарын угуп, кайын атасынын шартын аткарып үйлөнөт.

«Манас» үчилтигиндеги негизги теманын бири болгон Б. ү. темасы эпостун ар бир бөлүгүндө, ар башка варианттарында көп өзгөрүүгө дуушар болуп, ар түрдүү айтыла баштаган. Ч. Валиханов жазып алган версияда Б. ү-нүн байыркы белгилери сакталып, Манас аялын салгылашып жатып күч менен тартып алат. Анда «өңүнүн актыгы ак кардай, бетинин кызылы ак карга тамган кандай болуп кызарып турган, чачы согончогуна жеткен, жыты жыпар жыттанган, тиши акактай агарган» Каракандын кызы Каныкейге (түп нуска боюнча Ханкей) Манас атасы Жакыпты куда түшкөнү жибергени менен башталат. Жакып уулуна ылайыктуу кыз издеп, көп жерди кыдырып жүрүп Букарга барат. Бирок Жакыптын уулуна кан кызын бербейт да: «Менин кызыма кандын уулу тең келет, сенин уулуңа кедей бийдин кызы татыктуу» дейт. Манас согуш ачат дагы кызды зордоп алат». Мындан элдик оозеки адабиятта кездешкен колуктуну күч менен зордоп алган Б. ү. салты боюнча Манас Каракандын кызы Каныкейди алганы көрүнөт. «Манастын балалык чагы жана Каныкейге үйлөнгөнү» жөнүндө Ч. Валиханов кыскача жазып алган эпизоду ушуну менен бүтөт (Вестник Академии наук Казакской ССР, 1965, № 8. 421-б.).

«Манас» эпопеясынын сюжеттик сызыгында үйлөнүү салты боюнча эң көрүнүктүү орунду ээлеген эпизод Манастын Каныкейге үйлөнүшү. Бул эпизоддо элдин бүлөлүк, никелик каада-салттары кенен сүрөттөлөт. Айрым эпикалык мотивдердин байыркы белгилери учураган менен негизинен кыргыздардын кийинки доорлордогу үй-бүлөлүк салттардын атмосферасы менен шартталышат. «Байыркы кыргыздарда социалдык абалына жараша калың үчүн ар кандай санда мал берип үйлөнүшкөндүгү жөнүндө байыркы даректерде эскерилет» (Н. Я. Бичурин. Собрание сведений... М.—Л., 1950, 1-т„ 353-б.). Кыргыздарда кудалашып калыңына төрт түлүк мал төлөп үйлөнүү — байыркы мезгилдерден тартып кийинки эле убактарга чейин өкүм сүрүп келген салт. Ошондуктан Манастын Шатемирдин (Каракан) кызы Каныкейге үйлөнүшү кийинки салт боюнча конкреттештирилип берилген. «Сейтек» эпосунда да Б. ү. өзгөрүп, кийинки мезгилдеги турмушта учураган асыресе көрүнүштөргө өтө жакын сүрөттөлөт.

Б. Кыдырбаева, А. Муратов

БААТЫРДЫК ЭПОС

— элдин (уруктун, уруунун, тайпанын) өзүнүн жашоосу, көз карандысыздыгы үчүн душман күчтөр жана көбүнесе тарыхый, социалдык-саясий шарттар менен кагылышууларынан келип чыккан күрөшүн чагылдырган чылк ыр же кара сез аралашкан көркөм баян. Бул эпостордун борборунда өз жамаатынын эң жакшы жактарын, баатырдык сапаттарын типтештирген каарман турат. Мындай эпикалык чыгармалардын кээ бирлеринде «аскердик демократия» доорунун шартына ылайык өздөрүнүн этникалык аймагын кеңейтүү, согуш олжосуна ээ болуу үчүн күрөшкөн тигил же бул уруунун, тайпанын жортуулдары баяндалган. Көп элдердин фольклорундагы мындай чыгармаларды конкреттүү тарыхый, илимий талдоо аларды классикалык мурастын ажырагыс бөлүгү катары туура иликтөөгө жана сын көз менен өздөштүрүүгө толук кызмат кылат. Ошону менен катар Б. э-тордун, айрыкча феодалдык доордогу эпостордун мазмунун элдердин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн баскынчыларга каршы күрөшү түзөт.

Ошондуктан ар бир эл өзүнүн Б. э-ун басып өткөн тарыхый жолунун улуу эстелиги катары, урпактарды патриоттук духта тарбиялоонун булагы катары карайт. Өзүнүн формасы, композициялык түзүлүшү боюнча Б. э-тор бир түрдүү эмес, ар бир элдин өзгөчөлүгүнө ылайык айырмачылыктарга ээ. Бирок, бардык элдердин Б. э-торуна типологиялык окшоштуктар да мүнөздүү. Оң каармандын өз уруусуна же элине чексиз берилгендиги, душман менен келишпестиги, чечкиндүүлүгү, баатырдыгы, кара күчкө карктыгы, өлбөстүгү жана башкалар бардык Б. э-торго жалпы орток типтүү көрүнүш. Ошондой эле көпчүлүк эпосторго мүнөздүү көрүнүштөр: фантастикалык гиперболалаштыруу, композициялык жактан окуялардын үзгүлтүксүз өнүгүшү, стилдик жагдайда салмактуу ыраатта баяндалышы, эпизоддорду, көрүнүштөрдү деталдаштыруу; салттык кырдаалдардын, мотивдердин, формулалардын, жалпы орундардын (айрыкча баатырдын жортуулунун сүрөттөлүшү, каармандын үйүнөн аттанып чыгышы жана кайтып келиши, душманды куугунтукташы, жекеге чыгышы, куралдарынын сүрөттөлүшү жана башкалар), туруктуу эпитеттердин, кайталоолордун молдугу жана башкалар Б. э. тарыхый өсүп-өнүгүп олтуруучу жанр жана стадиялык өнүгүшү жагынан мифологиялык эпосторго караганда бир кыйла кийин пайда болгон, бирок ал дагы таптык коомго чейин, атап айтканда, энелик коом ыдырап, аталык коом менен алмашыла баштаганда түзүлө баштап, «аскердик демократия» доорунда жана тайпалардын курала баштаган мезгилинде калыптанып, кул ээлик жана феодалдык коомдордо өсүп-өнүгүшүн улантат.

Эпостордун өнүгүшүнүн көөнө (архаикалык) стадиясында ненецтердин сюдбоби, эвенктердин нимканы, керел-финндердин руналары, якуттардын олонхосу, буряттардын улигери, алтай, хакас, тувалардын эпикалык ырлары, кавказ элдеринин нарттары жана башкалар пайда болгон. Мамлекеттер түзүлгөндөн кийин пайда болгон эпостор да бир кылка эмес, булар бир жагынан кул ээлик дүйнөнүн классикалык эпопеялары, экинчи жагынан европалык эрте феодализмдин эпикалык ырлары жана поэмалары, акырында мамлекетинин калыптанышы өтө создугуп кеткен көчмөн элдердин эпопеялары («Алпамыш», «Жангар», «Гэсэр») пайда болгон. Өнүккөн феодализмдин типтүү эпикалык чыгармаларына орустардын былиналарын, түштүк славяндарда юнактардын ырларын, «Сасундук Давид», «Роланд жөнүндө ыр», «Сид жөнүндө ыр» жана башкалар чыгармаларды кошсо болот. Б. э-тордун стадиялык ар кыл түрлөрү «таптаза» формалардан турбайт. Бүгүнкү күндө жазылып алынган көөнө формадагы эпостор узакка созулган эволюцияны башынан өткөрүү менен кийинки тарыхый шарттардын, идеологиянын элементтерин өзүнө сиңирип, жаңыланган, толукталган мүнөзгө ээ болсо, «классикалык» феодализмдин шартында калыптанган нагыз тарыхый эпикалык чыгармалар эң көп сандагы көөнө элементтерди өзүндө сактап жүргөн болот.

«Манас» эпосу өсүп-өнүгүшү жана түзүлүшү боюнча өтө татаал чыгарма болгондуктан, андагы ар кыл мүнөздөгү көптөгөн окуялар эпикалык циклдештирүүнүн мүмкүн болгон бардык түрлөрүн (биографиялык, генеологиялык, эпикалык борбордун айланасында циклдештирүү) өзүнө камтуу аркылуу өтө бекем тутумдашкан. Ал бул түрдөгү фабулалык синтезге ээ укмуштуудай зор эпопеяга соңку кездердеги компилятивдүү мүнөздөгү механикалык кураштыруу жолу менен эмес, элдик оозеки эпикалык чыгармачылыктагы жанр катары тарыхый өнүгүүнүн бардык баскычтарын басып өтүп, табигый түрдө келген. Бул жагынан «Манас» эпосу уникалдуу чыгарма, анткени дүйнө элдеринин бүгүнкү күндө илимге белгилүү бир да эпос «Манас» сыяктуу көөнө формасынан тартып эпостун гүлдөп өнүгүүнүн жогорку деңгээлине жеткен классикалык формасы тарыхый-баатырдык эпопеяга чейинки эволюциясын (эпос мындан кийин жанрдык өнүгүүсүн токтотуп авантюралык, сүйүү мотивдерине жол бошотсо, экинчи жагынан тарыхый ыр, баллада жанрына трансформацияланат) өз башынан кечирген эмес. «Манас» эпосунун Түштүк Сибирь, Борбор Азиядагы түрк-моңгол элдеринин баатырдык жомоктору (көөнө эпостору) менен генетикалыктипологиялык жакындыгы бар экендигин В. В. Радлов революцияга чейин эле хакастардын эпостору менен параллель карап көрсөткөн.

В. М. Жирмунский «Манастын» жомоктук мифологиялык фантастика үстөмдүк кылган байыркы тарыхка чейинки катмары баатырдык жомоктун көөнө тибине жатарын белгилөө менен анын каармандарынын, сюжетинин Сибирдеги түрк элдеринин баатырдык жомоктору менен окшоштугун көрсөткөн. Окумуштуунун ою боюнча бул катмар кыргыздардын байыркы мекени Эне-Сай (Енисей) боюнда 6-кылымдан тартып түзүлгөн. Ошентип, «Манас» эпосунун алгачкы башаты көөнө эпостон (В. М. Жирмунский боюнча баатырдык жомок) башталат жана ал катмар якут, хакас, бурят, алтай элдеринин эпикалык чыгармалары менен түптөш. Бирок, «Манаста» жомоктук фантастика негизги жана жетектөөчү элемент эмес, анын окуялары элдин башынан өткөргөн тарыхый шарттарга бекем байланыштуу келип, өзүнүн мазмуну боюнча байыркылык кылган баатырдык жомоктордон айырмаланып турат. В. М. Мелетинский дүйнөдөгү илимге белгилүү эпостордун бардыгын салыштырып келип, «Манасты» бул жанрдагы чыгармалардын тарыхый өнүгүүсүнүн соңку этабына таандык деп эсептеп, классикалык формадагы баатырдык тарыхый эпоско кошот. Окумуштуу эпостордун көөнө формадан классикалык тарыхыйбаатырдык формага өтүшүн талдай келип: «...түрк элдеринин эпосторунун чегинде көөнө баскыч якуттардын, алтай саяндыктардын эпосторунда кашкая көрүнөт, башка түрк элдеринин фольклорунда бул баскыч калдык түрүндө гана сакталган. Классикалык эпика үчүн мүнөздүү көрүнүш катары — жомоктук өмүр баян мотивдери кыргыз эпосунда Гесер, Жангар сыяктуу чексиз баатыр жана өкүмдар — Манастын балалык, жигиттик кези менен чектелет. Бирок Манастын биринчи эрдиги фантастикалык желмогузду өлтүрүү эмес, баскынчы калмактын үстүнөн болгон жеңиш. Манастын негизги душмандары Гесер өзүнүн жортуулдарын жасаган сыйкырдуу күчкө ээ падышаларга салыштырганда алда канча тарыхый конкреттүү».

«Жангардагы-эпикалык душмандар сыяктуу аларда жомоктук шарттуулуктун чүмбөттөмөсү жок» (Е. М. Мелетинский. Введение в историческую поэтику эпоса и романа. М., 1986, 103-б.). Ошентип, «Манас» эпосу өзүнүн көп кылымдык өнүгүү тарыхында эпос жанрынын эволюциялык өнүгүшүнүн бардык баскычтарын басып өтүп жана эпикалык циклдештирүүнүн мүмкүн болгон бардык түрүн өз ичине камтып, байыркы баатырдык жомоктон (көөнө эпостон) классикалык формадагы тарыхый-баатырдык зор көлөмдүү эпопеяга айлануу менен эпос жанрынын гүлдөп өнүккөн эң жогорку чегине жеткен үлгүсү болуп саналат, к. Тарыхый-баатырдык эпос.

Р. Сарыпбеков

БААТЫР БАШЫ

— он миң аскерди башкарган аскер башчысы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аскердик ушул мааниде берилген. Чоң казатка аттанган колго Бээжинге туулуп-өскөн, анын жайын толук билген Алмамбет жол башчылыкка дайындалат. Он башы, жүз башы, миң башы, ошондой эле он миң аскерге башчы кылып «Он миңди баатыр башы деп, Ойлонсоң жумуш ушу деп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 124) Б. б-ны шайлайт.

БААТЫРКАН

— эпизоддук кейипкер. Жакыптын кичи аялы Бакдөөлөттүн атасы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 38).

БАБА-ДЫЙКАН

— мифологиялык кейипкер Орто Азия элдеринин мифологиясында (өзбектерде — Бобо-Дехкон, түркмөндөрдө — Баба-Дыйхан, казактарда — Дикан-Баба, Дикан-Ата, каракалпактарда — Дийхан-Баба, тажиктерде — Бобо-и-Дехкон) дыйканчылыктын пири. Кыргыз элинин оозеки чыгармаларында Б.-Д. аксакал, кээде куш түрүндө сүрөттөлөт. «Манас» эпосунун бир катар эпизоддорунда колдоочу катары активдүү роль ойнойт. Багыш Сазановдун вариантында кытайлар тарабынан чабылып Алтайга сүрүлүп, анын үстүнө атасынан жаш калып жетинбеген турмушта жашап, агасы Байга көз каранды жүргөн Жакыпка жайдак кызыл өгүз минген селдечен аксакал киши жолугуп, Айкөл деген жерге эгин эк деп кеңеш берет. Анын кеңеши боюнча Жакып агасы Байдан куржун көзү буудай алып, айтылган жерге барат. Б.-Д-дын касиети менен Жакып эккен эгининен мол түшүм алат. Ошол жылы кара чегиртке каптап, башкалардын эгини апатка учурайт.

Жакып эгинин элге сатып байый баштайт. Саякбай Каралаевдин вариантында болсо малымды элге таратып, байлыгымды түгөтүп жатасың деп ачууланган атасына тарынып кеткен Манаска аксакалчан думана жолугуп, ортоктош болуп эгин эгели деп сунуш кылат. Манас макул болуп, абышка кайыптан пайда кылган кош өгүздү буурусун кармап, аксакал жетелеп кош айдап, урук себишет. Эгин бышканда Манас уктап кетсе эгин орулуп бастырылып, кызылы тоодой болуп жыйылып калат. Бул иштин баарын карыя керемет менен бүтүрөт, ал Манаска жоого минүүгө тулпар сатып ал деп кеңеш айтып, көздөн кайым болот. Манас чоңдугу тоодой болгон эгинин бүт берип Карача кандан Кула Тайды, келечектеги Аккуланы сатып алат. Саякбай Каралаевдин вариантында бул кейипкердин аты Баабедин деп берилет. Элдик уламышта, оозеки адабиятта Баабединдин аткарган милдети башка (к. Баабедин). Сыягы айтуучу Б.-Д. менен Баабединдин аттарын алмаштырып, чаташууга жол берген.

Р. Сарыпбеков

«БАБАЛАРДАН КАЛГАН СӨЗ»

— Т. Абдыракуновдун кыргыз фольклорунун тарыхы жөнүндөгү макалалар жыйнагы (Фр., 1990). Автордун бул китебине мурда мезгилдүү басма беттеринде жарыяланган 6 макаласы топтоштурулган. «Енисейлик кыргыздар жөнүндө этнографиялык маалыматтар жана азыркы элдик оозеки чыгармачылык», ««Манас» жана «Алып-Манаш» », «Манастын үйлөнүшү жана тарых маселелери», ««Манас» эпосундагы «Көзкамандар окуясы» жана тарых чындыгы», «Алмамбеттин ата-теги» «Кайыптан туулган Аккула» аттуу макалалардан турат.

«БАБАМ МАНАС ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА»

— композитор Глуховдун кеңири өөрчүтүлгөн, үч бөлүмдөн турган хордук капеллалык поэмасы (1974). Тексти акын Т. Кожомбердиевдики. Биринчи бөлүмдү бешик ырын элестеткен жай ыргактын коштоосунда элдин эркиндиги үчүн таңда боло турган кандуу кыргынды токтотууга мүмкүн эместиги тууралуу Манастын ой толгоосу түзөт. Экинчи бөлүмдө Манастын адамдык мыкты сапаттары чагылдырылып, капарсыз уктап жаткан жаш жоокерлердин далайлары курман болорун ойлоп, убайым тартканы берилет. Үчүнчү бөлүмүндө коогалуу түн, жоокерлер кошуну сүрөттөлөт. Сыдырым желден улам, күзөттөгү жоокерлердин кылычынын шыңгыр үндөрү гана угулат. Бул чыгармада Манаска тиешелүү монументалдуулук болбогону менен тарыхый татаал жолду басып өткөн элдин аздектеген баатырынын элестүү музыкалык образы түзүлгөн.

БАБАТАЙ

— эпизоддук кейипкер, Ороздунун ыркы жок он уулунун бири (Сагымбай Орозбаков, 1. 190).

БАБЫЛ

— топоним. Алтайдан көчүп келаткан жолдо кыргыздар калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо, Манас ата-бабасы эзелтен мекендеп келе жаткан жерлердин бири катары Б-ды да бошотуп аларын айтат.

БАБЫР

Бабыркан — эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында эпостун ата-тек санжыра саптарында Манастын түпкү аталарынын бири делип айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 15, 270; 2. 28, 34, 363, 364). Элдик оозеки чыгармалар улам кийинки доорлордогу урунттуу окуяларды, баатырлардын иш-аракеттерин өз ичине сиңирип жүрүп олтурат. Мына ушул өзгөчөлүктөрдүн негизинде атактуу тарыхый инсан Закиридин Бабырдын ысмы эпоско кириши мүмкүн. Бирок «кабылан» деген мааниге ээ иран сөзү «бабр» тотем жаныбар — түпкү бабанын атын билдирип, эпостон байыртан орун алып келатышы да ыктымал.

БАГАЛАК

— абалактын синоними. Ал кулжанын, тоо текенин мүйүзүнөн төрт кырлуу жасалат. Ордо оюнунда колдонулуучу негизги куралдардын бири. Эпостогу: «Багалак салып, ордо атып, ойнобоочу жер бекен!» (Курама варианты, 1. 111), «Багалак ойноп, даң салып, Чатыраш ойноп чаң салып» (Саякбай Каралаев, 1. 167)— деген саптардын биринчисинде Б. абалак катары, экинчисинде жалпы эле ордо оюну маанисинде айтылган.

БАГДАТ

— топоним. Эсенкандын колу чаап, кыргыздардын бир тобу качкан тарап (Сагымбай Орозбаков, 1. 118), кийин Көкөтөйдүн ашында кабар берилип, эли чакырылган шаар (Сагымбай Орозбаков, 3. 14, 43) катары айтылат. Азыркы араб өлкөсү, Ирактын борбору.

БАГЫШ

— кейипкер, Толтойдун атасы. Жедигер уруусунан чыккан баатыр, акылман, нарк билги адам. Манас төрөлгөндө берилген тойдогу ат чабышта Б-тын Суркийиги баш байгени алат. Ошондо Б. байгенин жылкы, койлорун Жакыптын өзүнө кайра берип, «беш жүз кызыл нарын», «эки төө алтын зарын» элге тараткан (Сагымбай Орозбаков, 1. 81—82). Эпостун мындан башка да көптөгөн окуяларында кыргыздын уруу башчыларынын бири катары катышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 276— 277; 3. 53, 57, 60,101 — 104,137, 177, 268, 278).

БАГЫШ

— эпизоддук кейипкер, Байжигиттин уулу. Алмамбетке каршы уюшкан Көкчөнүн тегерегиндеги бузукулардын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 243).

БАГЫШ

— этноним. Байыркы кыргыздын бир уруусу:

Кара калпак үйшүн бар,
Каңыры, тейит, багышы,
Канча журтка угулган,
Кара кыргыз дабышы
(Сагымбай Орозбаков, 3. 15)

делип көп уруулар катышкан чоң-чоң окуяларда эскерилет.

БАГЫШ Сазан уулу

(1878, азыркы Жумгал району, Кара-Суу айылы — 1958, ошол эле район, Кызыл-Туу айылы) — манасчы. «Манастын» үч бөлүмүн тең айткан. Б-тын атасы Сазан сөзмөр, уламачы, усталык кесип кылган адам болгон. «Манасты» Б. башка манасчылардай кесип кылып эл кыдырып айткан эмес. Чакырылган жерлерге гана анда-санда барып айткан. Б-тын манасчы болуп калганына жакын тууганы Байбагыш Жакып уулунун (1914-ж. ө.) таасири чоң. Байбагыш чоң манасчы Тыныбек Жапый уулунун жээни болуп, жаш чагын ошонун айылында өткөргөн. Улуу манасчынын айылында жүрүп, андан таалим-тарбия алып белгилүү манасчы болгондо өз айылына көчүп барып, Б-тын бүлөсү менен айылдаш жашаган. Байбагыш эл аралап «Манасты» айтканда Б-ты өзү менен кошо ээрчите жүргөн. Белгилүү манасчыны ээрчип жүрүп таалим-тарбия алуу Б-тын талантынын эртелеп ойгонушуна себепчи болгон. Замандаштарынын эскерүүсүндө Б. 17 —19 жашында эл алдында «Манасты» айта баштаган. Б. Сагымбай Орозбак уулунан да «Манастын» айрым эпизоддорун уккан. Ал өзүнүн «Манас» айтып калуусун башка манасчылар сыяктуу эле түш көрүү менен байланыштырса да, чоң манасчылардан таалим алуусу негизги роль ойногон. Адатта көпчүлүк манасчылар өзүнүн негизги репертуары — «Манас» үчилтигинен башка да элдик оозеки чыгармаларга көңүл бура келген, өз алдынча чыгармаларды жаратышкан. Б-тан мындай мүнөз байкалбайт.

Ал «Манастан» башка «Жаңыл Мырза», «Түгөлбай» деген элдик чыгармаларды кара сөз түрүндө айткандан башка чыгармаларды аткарганы белгисиз. Б-тан 1938—41, 1949-ж. «Манас» үчилтиги жазылып алынат. Жазуу ишине өзүнүн баласы Мухамед-Садыр жана Абдыраков Токтаалы деген адамдар катышкан. Б-тан «Манас» үчилтигинин биринчи бөлүмүнөн: Жакыптын эгин айдап байыганы жана кан көтөрүлүшү, Манастын төрөлүшү жана балалык чагы, Алмамбеттин келиши, Көкөтөйдүн ашы, Чоң казат жана кичи казат бөлүмдөрү жазылып алынган. Аталган эпизоддордун ичинен «Чоң казат» ырааттуу жазылып көлөмү, окуялардын кеңири баяндалышы жагынан башка манасчылардыкы менен чамалашып барат. Андан жазылып алынган «Манас» башка белгилүү манасчылардыкына салыштырганда көлөмү жагынан чакан, бардыгы 101580 сап ыр («Манастан» 41000 сап, «Семетейден» 55000 сап, «Сейтектен» 5580 сап).

Ал азыр өзүнчө жарыялана элек. Б. ««Манасты» айта берсе түгөнбөйт, бирок жаздырып жатканда көп жерлери калып калат экен», — деп айтканына караганда андан профессионал жыйноочулар эмес, жогоруда айтылгандай карапайым адамдар жазып алышкандыктан анын «Манасынын» көп эпизоддору жазылбай же жазылгандарынын бир кыйласы схема, фрагмент түрүндө берилген. Манасчы «Көзкамандардын окуясынан» башка салттык окуяларды толук айтып келгенин аны менен бирге жүрүп «Манасын» такай уккан замандаштарынын эскерүүлөрү ырастайт. Б-тын варианты сюжеттик нугу жагынан манасчы Сагымбай Орозбак уулунун жана Тоголок Молдонун варианттарына жакын. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эл өз кезегинде өтө белгилүү манасчы Тыныбек Жапый уулуна: «Сизден кимдер таалим-тарбия алды» — деп сурашканда, «Менден да үйрөнүп, сурап алып, жазып алып жүргөндөр бар. Алар кимдер дегенде: Сагымбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Касымбай, Байбагыш, Кожомберди, Доңузбай, Жакып жана башкалар бар» — деген. Б. чоң манасчылардын ичинен жалгыз Сагымбай Орозбак уулуна жолугуп айрым таасирлерди алышы да бул жакындыкты, окшоштукту бекемдеген.

Б-тын варианты Сагымбай Орозбак уулунукуна жакын болушунун себебин экөө бир мектептин өкүлү экендигинен гана көрүү бир жактуулукка алып келет. Варианттар ортосундагы жакындыкка, окшоштукка башка кырдаалдар да себеп болушу мүмкүн. Б-тын вариантында Манастын атасы Жакыптын дыйканчылык кылып байышы башка варианттардан кыйла айырмаланып турат. Бул эпизоддун кеңири сүрөттөлүшүнөн Б-тын өзүнүн өмүр бою дыйканчылык, устачылык менен кесип кылып келиши да түрткү болгон. Б-тын кесибине таандык мындай мүнөздүүлүк анын вариантында курал-жарактардын жасалышын сүрөттөгөн жерде ачык көрүнөт. Жоо куралдарынын, жарак-жабдык, кийимдердин кандайча жасалганы анын айтуусунда деталдуу, көркөм сүрөттөлүп, бул иш менен терең тааныштыгы даана байкалат. Мисалы, Манастын Сырнайзасы мындайча сүрөттөлөт:

Колундагы сыр найза
Сары карагай кыйдырган,
Саратанга жыйдырган,
Күрөтүп кумга көмдүргөн,
Сегиз ай чаап кырдырган,
Сексен түрдүү сырдырган,
Чарайна менен чаптаган,
Сынып кетме болот деп,
Пил терисин каптаган,
Коло менен чырмаган,
Тийген жери ырбаган,
Кош кара кыл тактырган,
Душманды көздөй бактырган,
Колго жылуу болсун деп,
Кой макмал менен тыштаган,
Уңгусу болот, учу курч,
Учуна салган кара курч,
Соот бузаар, бөрү тил
Карагайдын жармасы,
Ак болоттун кыймасы,
Темирди сайса тешүүчү
Нечен теңирсиген дөөлөрдү
Тебетей сайган немедей,
Тегеретип кетээр деп,
Дөөгө ажал жетээр деп,
Өзү соот бузаар бөрү тил
(Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1079-инв., 106-б.).

Манасчынын курал-жарактын жасалышына айрыкча көңүл бурушу жоо куралын баяндаган жерлеринде да ачык көрүнөт. Көпчүлүк манасчыларда Манасты чаап жарадар кылган Коңурбайдын айбалтасына ачык көңүл бурулбайт. Б-та Манастын аты аярлар аркылуу кытайларга белгилүү болгон күндөн тартып аны өлтүрүүчү айбалта жасала баштайт да «Манас алтымыш жашка чыкканча» бүтпөйт. Анын жасалышына да кеңири сүрөттөө берилет:

Уудан курап чыгартып
Уй майына сугартып,
Кумтуйта согуп көк темир
Уу чылатып алдырып,
Уу челекке салдырып
Таштатып койгон жайына
Аскар тоонун боюна,
...Анын сугаты уба май болгон,
Аны көрөм деген көп элдин
Көзү соолуп жай болгон
(Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1079-инв., 81-82-б.).

Манасчы эпосту айтууда өзүнө тааныш, жакын көрүнүштөрдү ишенимдүү, көркөм сүрөттөгөн. Мындай өзгөчөлүк жалпы манасчыларга мүнөздүү. Б-тын вариантында Жакып Баба-Дыйкандын жардамы менен мол түшүм өстүрүп, байыйт. Башка варианттарда да эпостун каармандары дыйканчылык кылышат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында кытайлар тарабынан сүрүлгөн Үсөн (Көзкаман) барган жеринде дыйканчылык кылып ирденет. Саякбай Каралаевдин вариантында атасына таарынган Манас үйүнөн кетип, ай талаада Баба-Дыйканга жолугуп ортоктошуп эгин айдап мол түшүм алып, аны сатып Аккулага ээ болот. Башка варианттарда Алтайга сүрүлгөн мал-мүлксүз Жакыптын тез эле бай болуп кетиши мотивделбей, түшүнүксүз болсо, Б-тын вариантында жарды кишинин дыйканчылык кылып, аябай эмгектенүүсү менен баюусу өзүн логикалык жактан актап, эпосто мурдатан орун алып келе жаткан эпизоддордун бири экенин тастыктайт. Б-тын вариантында Манастын балалык чагы башка варианттардан айрым мотивдер, деталдар боюнча айырмаланат, бирок окуянын жалпы жүрүшү анчалык өзгөчөлүктөргө ээ эмес.

Ошондой болсо да колдо бар варианттардын эч биринде жолукпаган Чыйырды эл кыдырган аксак боз кемпирдин кара кызы болушу сыяктуу кызыктуу деталдар жолугат. «Манас» эпосунда бул мотив сейрек кездешкени менен дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында салттык мотивдердин бири. Каарманды демократиялаштыруу максатында көпчүлүк чыгармаларда анын тегин эл ичинде эң жарды адам кылып көрсөтүү жолугат, муну менен чыныгы элдик баатыр элдин терең катмарынан чыгат деген ой берилген. Б-тын вариантында сюжеттин нугу башкалардыкынан айрым деталдары, мотивдери боюнча айырмачылыкка ээ болгону менен элдик оозеки чыгармачылыктын салттарынын чегинен чыкпайт. Кайра аны сактап, колдон келишинче өз шыгына жараша бардык эле манасчылардай пайдаланууга аракеттенет, мурдатан калыптанып, эл ичине кеңири сиңген «Манаска» анын алымча-кошумчасы ошол элдик оозеки чыгармачылыктын салттарынын эсебинен болот. Ар бир айтуучу өз доорунун өкүлү, дүйнөгө ошол доордун көз карашы, ишеними, түшүнүгү менен карайт. Башка варианттарда кытай кандары жоо келип шашылыш болгондо бири-бирине кабарды укмуштуу канаттуу жаныбар аркылуу жиберет. Бул образдар мифологиянын кыртышында жаралып көп элдерде (мисалы, Түштүк-Сибирдеги түрк-моңгол элдеринде) кеңири тараган. Ал эми Б.:

Карагайдын башында
Катырып койгон чыны бар,
Алты айчылык жолдордон
Аш бышымда тил алган
Чочконун (Коңурбайдын — Р. С.)
Ар кандай болгон зымы бар,
Айта турган эби бар,
Асман менен сүйлөшкөн
Тилипон деген кеби бар,

— деп өзү үчүн анча түшүнүксүз болгон мифтик образды кыргыз эли кечээ 19-кылымдан тартып тааныша баштаган телефон менен алмаштырган. Буга окшогон модернизациялоо кеңири орун алганын телефондон башка да телеграмма, замбирек, тапанча, алты атаар, пагон (чинди көрсөткөн белги), ок-дары салынган араба жана башкалар терминдердин киришинен байкоого болот. Бүгүнкү күндө Аккелте, дүрбү, Манастын башка жоо куралдары сырнайза, айбалта, ач албарстай эле мааниге ээ. Аларсыз Манасты элестетүү кыйын. Бирок найза, кылыч, айбалта сыяктуу байыркы куралдарына салыштырганда, алда канча кийин, кыргыздар жогорку цивилизациялуу элдер менен байланыша баштаганда гана мылтык, дүрбүдөн кабардар болушкан.

Алардын «Манаска» кириши өз учурунда модернизациялык көрүнүш болгон. Бирок мындай кошумчалардын, толуктоолордун, модернизациялоонун бардыгы эле эпостон туруктуу орун алып жашап кете бербейт. Анын идеялык көркөмдүк түзүлүшүнө зыян келтирүүчү кошумчалар, модернизациялоолор сырткы таасирдин күчтүүлүгүнө карабастан элдик эпоско сиңип, биротоло жашап кете албайт. Акыркы кылымдарда Кыргызстанда мусулман дини таркалышына байланыштуу, кээ бир башка варианттардагыдай эле Б-та да айрым мотивдерге исламдын тийгизген таасири байкалып, элдик баатырлардын образын «мусулмандаштыруу», аларды дин идеологиясына ылайыкташтырып көрсөтүүгө аракеттер кездешет. Айтуучунун жеке көз карашынын чектелгенине, мусулман дининин таасирине карабастан эбактан эл ичинде калыптанган элдин эркиндиги, биримдиги тууралуу идеяны негизги багыттоочу нук кылып алган «Манас» эпосу бул вариантта да өзүнүн негизги нугунан ооп кетпеген, жогоркудай сырттан киришүүлөр үстүрттө калган. Үчилтиктин экинчи бөлүмүнүн башы 1941-ж., ал эми анын аяк жагы жана үчүнчү бөлүмү 1949-ж. жазылган. Бул эки бөлүм үчилтиктин биринчи бөлүмүнө караганда ырааттуу жазылып, аларга мүнөздүү салттык окуялар толук камтылган.

Б-тын «Семетейи» башка манасчылардай Каныкейдин Темирканга тентип барышы, эр жеткен Семетей Сарытаз менен таанышышы жана андан ата-тегин угушу, Таласка келиши, Темиркандын шаарынан Каныкейди көчүрүп келиши, Чынкожо, Толтойдун чыры, Айчүрөккө үйлөнүшү, Коңурбайдан атасынын кунун куушу, Семетейдин Канчоро, Чачыкейдин чыккынчылыгы менен Кыястан өлүшү сыяктуу окуялардан турат. Башка семетейчилерде кыскача берилген Семетейдин Үмөтөй менен чыры Б-та өзүнчө атайын эпизод катары айтылат. Анын айтуусунда Сейтектин төрөлүшүнөн тартып эр жетип Кыястан өч алып, элине кайра келип кошулушуна чейинки окуялар негизинен «Сейтекке» мүнөздүү салттуу сюжеттик нукту сактайт. Мындан тышкары Сейтектин Айчүрөктүн сиңдилеринин бири Орозкандын кызы Гүлнарга үйлөнүшү, Коңурбайдын уулу Куялы менен согушу өзүнчө кыска эпизоддор катары берилет.

Улуу Манасчылар Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулуна салыштырганда Б-тын варианты окуялары чектелүү, кээ бир эпизоддор схема түрүндө кыска баяндалып, катышкан каармандары, эл-жер аттары аз санда болуп, көркөм каражаттарды пайдаланууда айрым мүчүлүштүктөрдүн орун алганына карабастан, эпопеянын үч бөлүгүн тең өзүнө толук камтыган, эпостун элдик идеясын негизинен сактаган, көп жагынан өз алдынчалыкка эгедер болгон белгилүү варианттардын бири.

Р. Сарыпбеков

БАДАКШАН

Бадахшан — топоним. Көкөтөйдүн ашына кабар берилип, эли чакырылган жерлердин бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 14, 23, 43, 89). Географиялык реалияда азыркы Тажикстандын жана Ооганстандын тоолуу аймагы. Эпосто да тажик элинин жери экени айтылат.

БАДАЛБАЙ

— эпизоддук кейипкер. Жолборстун жүрөгүнө талгак болгон Чыйырдыга каңгайдын Кара мергени аткан жолборстун жүрөгүн алып келип берген жылкычы (Сагымбай Орозбаков, 1. 51 — 53).

БАДАЛДУУ

— топоним. Жакып алтымыш кишиси менен жылкысын көргөнү келип, калмактардын арбын колун көрүп, беттеше албай конгон жер (Сагымбай Орозбаков, 1. 143).

БАДАН

— топоним. Манас чоролору менен ууга чыккан жайлоо (Сагымбай Орозбаков, 2. 288).

БАДАНА

(иранча дене, бой) — эпосто жоокерлер кийүүчү зоот, кээде баатырлардын сырт кийими маанисинде колдонулуп, ок өтпөгөн Б. тон же кош Б. деп да берилет:

Жакасы алтын, жеңи жез,
Кош бадана, торгой көз
Келеме жака, кең күрмө,
Керишке кийсе ок өтпөс
(Курама варианты, 2. 111).

Айрым учурда чың Б. деп берилет: «Чыйырчык алтын чымчык көз Чың бадана торгой көз» (Курама варианты, 2. 51). Б. алтын зымдан (чынжырлардан) турган зоот кийим экендигин төмөнкү саптардан жоромолдоого болот:

Торгой көзү жыбырап
Тоок көзү быжырап,
Машаанын мурду батпаган,
Чиркейдин мурду өтпөгөн
(Курама варианты, 2. 51).

Кыргыз фольклорунда Б. шым деген да согуштук кийим кезиккенден улам Б. деп ичке металл зымдан жасалган чынжырчалардан турган зоот кийимдер белгилениши мүмкүн.

И. Молдобаев

БАДАҢ

— эпизоддук кейипкер, калмак аяры. Кыргыздар Ала-Тоону душмандан бошоткондо капчыгайды бөгөп сарай болуп, Кайыпкан баштаган колдун жолун тосот. Таскыл аяр экөө аярлык өнөрлөрүнүн жардамы менен түрдүүчө кубулуп, көпкө кармашышат. Аягында Б. жеңилет, түлкү болгон Б-дын терисин таскыл тирүүлөй сыйрыйт. Кайыпкандын иниси Кошумбек түлкүнүн мурдунун учун кесип алгандан кийин гана Б. аяр өлөт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 501 — 511-б.).

БАДАҢ

— эпизоддук кейипкер, бий. Алмамбеттин келишиндеги кан тартуу ырасминде аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).

БАЕТОВ Муса

(1902, Ак-Талаа району, Байгөнчөк айылы — 1949, Фрунзе шаары) — ырчы, обончу, Кыргыз ССРинин эл артисти (1939).

Б. жөнөкөй элдик аткаруучудан профессионал опера ырчысына чейин өсүп, «Манас» операсынан Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктөн» Күлчоронун партияларын аткарган.

БАЖЫ

Бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өткөрүлүүчү товарлардан алына турган өкмөттүк салык, мамлекет тарабынан жүргүзүлүп, жөнгө салына турган кээ бир тейлөө кызматтары үчүн алынуучу алым. «Манас» эпосунда Б. көбүнесе кытай кандары элден зордоп казынага чогулткан мал катары сүрөттөлөт:

Бажыдан жыйган түмөн мал,
Казыналык түмөн мал
Кастык кылып бу бурут,
Алганы жүргөн кези экен
(Саякбай Каралаев, 1. 118).

БАЗЫЛБЕК

— эпизоддук кейипкер. Алтайдагы Мамырдын Кара сазына Жакып менен бирге конгон уруу өкүлдөрүнүн бири (Сагымбай Орозбаков, 1. 232; 2. 24).

БАЙ

— эпизоддук кейипкер, Аралбайдын атасы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 202).

БАЙ

— кейипкер, Бакайдын атасы, Жакыптын бир тууганы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Б-дын окуясына кеңири орун берилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 171—192). Алоокеден кордук көргөн кыргыздар туш-тушка тарап кетет. Ошондо Ороздунун ыркы жок он уулу Б-дын эки баласына бейпилдик бербегендиктен, Б. он жети жашында бөлүнгөн иниси Жакыпты издеп чыгат. Жолдо арык казууга алы келбей жатып калган карыя Б-ды Нескара көмдүрүп салат. Чала көмүлүп, эптеп эсине келген Б. Нескарага Чабдар аты адамча сүйлөп: «Манасты күчүнө толо электе кармап ал», — деп айтып жатканын угуп калат. Каздырып жаткан арыгын таштап, кишилерин түп көтөрө алып, Нескара Манасты соймокко аттанып кеткенден кийин эптеп бошонуп, Нескаранын артынан жөнөгөн Б. Жакыпка жолугуп, эки бир тууган табышат. Нескаранын ой-мүдөөсүн айтып кабар берет. Ошол боюнча алты жылга жакын Алтайда туруп калган Б. Дагалак шаарын алуу үчүн аттанган Манастын колу менен кошо жөнөйт. Ошол учурда Ала-Тоо тараптан келген Кошой баштаган колдун ичинде Бакай болот. Эки кол жолугушканда Б. баласы Бакайды Манаска тааныштырат. Саякбай Каралаевдин вариантында Б. баласы Бакай бир жашка чыкканда душмандын айдоосунда жүрүп каза болот. Эпос боюнча чыгыш Түркстандагы шаар Б-дын атынан коюлган (Саякбай Каралаев, 1. 188).

И. Абдувалиев

БАЙБАК

— эпизоддук кейипкер, Коңурат уруусунун карысы. Манас Ошпурда койчу болуп жүргөндө атасынын жылкысына тийген калмактарды өлтүргөндүгү үчүн өч алганы келаткан жоого каршы Жакып менен бирге аттанат (Сагымбай Орозбаков, 1. 128).

БАЙБОЛ

— эпизоддук кейипкер, Жакыптын бадачысы. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөө көргөн түштөрүн жорутуу үчүн той бергенде мал айдап түшөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 42).

БАЙБОЛОТ

— эпизоддук кейипкер. Өзүн кармап алган Семетейди Карагул Каракандын сегиз уулунун

БАЙГЕ

— мелдеште жеңгендер үчүн берилүүчү сыйлык. Б. ат чабыш, балбан күрөш, эр эңиш жана башкалар ар кандай мелдештерде берилет. Мелдештин Б-син алууга аракеттенүү элдин ар-намысын, кызыкчылыгын коргоодон чыгат. Улуттук салттык оюндар: ат чабыш, балбан күрөш, эр эңиш, эр сайыш, жамбы атуу сыяктуу этнографиялык шаан-шөкөттөрдөгү жана оюн-зооктун Б-син утуп алууда катышкан каармандардын иш-аракети «Көкөтөйдүн ашында» элестүү берилген. Элдик оюндарга коюлган Б-ни балбандык кара күч, эрдик, көзгө атар мергендик, айлакерлик менен жеңип алууга кыргыздардан Манас, Кошой, Алмамбет, Бакай, Чубак, Сыргак жана башкалар катышса, экинчи тараптан алар менен эзелтен эрегишкен атактуу баатыр жоолор — Коңурбай, Жолой, Нескаралар чыгат. Жекеме-жеке мелдеште душман тараптагылар утулуп, мөрөйдү алдырып, ыза болушат. Жалгыз гана Төө чечмейден абийири ачылганына кайыл болгон Ороңгу Б. алат. Даңазалуу ашта өткөн ар кандай мелдештин сыноолорунда элдик баатырлардын эрдик, чеберчилик менен мөрөйдү утуп алышы бардык варианттар үчүн мүнөздүү. Чоң Б. сайылган ат чабыштын Б-си төрт түлүк мал башы менен бычылат.

Эпосто Б.:

Көкөтөйдүн өлүгү
Көп адамга той болду.
Баш байгеге сайганы
Сексен миң жылкы, миң атан
Жана жүз миң кой болду,
Тогуз миң толук уй болду,
Эсебин малдын ала албай
Эл жакшысы буй болду,
Жабык башы кундуздай
Жана токсон үй болду
(Сагымбай Орозбаков, 3. 146),

— деп сүрөттөлөт.
Чоң Б. сайылган тулпарлар жарышында Манастын Аккуласынын биринчи болуп (экинчи Төштүктүн Чалкуйругу, үчүнчү Жолойдун Ачбууданы) келиши кытай, калмак колбашчыларынын намысына тиет. Ат чабышта чыгып келе жаткан Жолойдун Ачбууданын өчтүк менен жыкты деп кытай, калмактар уруш чыгарып, Коңурбай, Жолойлор баш болгон ичи күйгөн жоо:

Көкөтөйдүн ашына
Келимиш болуп кытайлар,
Кагыша турган кези экен.
Түрүнүп кытай, көп калмак
Көкөтөйдүн көп байге
Аны талап алганы
(Саякбай Каралаев, 2. 70)

гана эмес, Б-ге сайылган малга кошуп кыргыздардын жылкыларын кошо тийип, кууп жөнөшөт. Баскынчылардан малды кайтарып алуу үчүн Манас баатыр казат жарыялайт. Кытай, калмак менен кыргыздардын ортосунда уруш чыгат. Ушундан улам «Көкөтөйдүн ашы экен, көп чатактын башы экен» деген накыл сөз да Б-ге байланыштуу чыккан. Бул бардык варианттарга мүнөздүү.

С. Алиев

БАЙГУР

— эпизоддук кейипкер, Манастын түпкү аталарынын бири. Аланча кан уругунан, Уйгурдун бир тууганы. Эпостун өзүндөгү санжырада аты гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 1. 15. 27, 184, 194).

БАЙГҮРӨС

— эпизоддук кейипкер, Кашкар беги Алакундун баатырларынын бири. Манас Алтайдан Ала-Тоого көчүп келе жатып, Жай Төбөдө тыныгып жатканда, « Кыргыз деген эмине, Кырып салам дегеле, Кызыл чака пул берсем, Кылайтпай мени жемеле», — деп кара күчкө мактанып аттанып чыгат, бирок Манастын сүрүнөн эле коркуп каршылык кылбай багынат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 792-инв., 58—72-б.).

БАЙДАМТАЛ

— топоним. Орго кан менен болгон урушта Манастын Кыргылчал баштаган колу «эки күнү, бир түнү» өргүгөн жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 106). Географиялык реалияда Боом капчыгайына Кер-Көл тараптан кире бериште, Кыргыз Ала-Тоосунун күн чыгыш учунан түшкөн өзөн.

БАЙЖИГИТ

— эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Алтайдан келе электе кыргыздын жыйындарында, кеп-кеңештеринде уруу аксакалы катары дайыма катышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 44—48, 86; 2. 13— 16, 25, 94, 149, 340).

БАЙЖИЕВ Мар

(1935, Жалал-Абад шаары) — кыргыз совет жазуучусу, драматург, сценарист, прозачы. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1960), Москвадагы Жогорку сценаристтер курсун бүтүргөн (1964). «Манас» эпосуна байланыштуу «Улуу эпос» илимий-популярдуу фильминин сценарийин (1962) жазган. Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1984).

БАЙЖИЕВ Ташым Ыскакович

(1909, Түп району, Тепке айылы — 1952, Караганда, Булак лагери) — кыргыз совет адабиятчысы, фольклор изилдөөчү, котормочу жана жазуучу.

1940— 42 жана 1944—49-ж. СССР Илимдер акдемиясынын кыргыз филиалында «Фольклор жана «Манас»» секторунда илимий кызматкер, сектор башчысы болуп эмгектенген. Б. кыргыз тили жана адабият окуу куралдарын түзгөн. «Манас», «Семетей» эпостору жана анын тили жөнүндө онго жакын илимий жана сын макалаларды жазган. «Манас» эпосун жазып алууга катышкан жана Сагымбай Орозбак уулунун вариантын редакциялаган.

БАЙКАП

— эпизоддук кейипкер, балбан. Эпосто Б. казактардын кызай уруусунан деп айтылат. Тейиш кандын тоюнда күрөшкө чыгып, Көкжору балбандан жеңилип калат (Сагымбай Орозбаков, 2. 51).

БАЙКОҢУР

— эпизоддук кейипкер, Коңурбайдын баласы, атасынын ордуна мураскор катары кан болуп, өмүрү өткөнчө Бээжинди бийлеп турганы айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 270— 271).

БАЙКҮШ

— эпизоддук кейипкер, аяр. Кошойдун шакирти. Оргону жеңип, Акунбешим падышаны карай жөнөгөн Манастын колунун жолун тосуп турган Бооң аярды жана ал дубалап ажыдаар, түрдүү жырткычка айлантып койгон токсон балбанды Ырдык аяр экөөлөп жеңип чыгат (Сагымбай Орозбаков, 2. 112—116).

БАЙМЫРЗА

— кейипкер, Байдын уулу. Манас Каныкейге күйөөлөп барганында Б. Жанай менен бирге калыңга берилчү малды айдагандардын башкаруучусу болуп барат (Сагымбай Орозбаков, 2. 391). Көкөтөй өлөрүндө керээзин ушул «Байдын уулу Баймырза» сырдаш курбусуна айтат (Сагымбай Орозбаков, 2. 8, 13, 26, 33, 38). Б. Көкөтөйдүн кара ашындагы байгени да уюштургандардын бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 63). Саякбай Каралаевдин вариантында Б. Бокмурунга акыл-насаат берген аксакалдардын катарында айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 13). Семетей Букардан Таласка көчүп келгенде токсон беш жашаган Б. каза болот. Азасына Сары канды жиберип чакыртса, «алты арам» келбейт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 309 — 313). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Байдын уулу деген менен катар эле Кашымдын уулу деп да айтылган учурлар бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 81, 83).

БАЙМАК ТАШ

— «Акыр таш» деп аталган акырдын жанындагы үйдөй болгон кара ташка Аккула баймакталып турчу экен. Ошондон Б. т. аталып калган деген эл арасында уламыш бар.

БАЙМАН

— эпизоддук кейипкер, кытай кол башчыларынын бири. Араниктеги согушка сансыз кошунду баштап барганы айтылат (Курама варианты, 2. 116).

БАЙРАК

желек, туу. Эпосто желек, туу менен бирдей мааниде айтыла берет, к. Туу.

БАЙСАБАЙ

— Серектин чыныгы аты, к. Серек.

БАЙТАЙЛАК

— эпизоддук кейипкер, Бакайдын баласы. Таласка көчүп келген Семетейге каршы Абыке, Көбөш кол курап согуш ачканда Семетей тарапка согушка кирет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 318).

БАЙТУР Анвар

(1938, Чыгыш Түркстан — Шинжаңда, Көөнө шаар (Вынсу) ооданындагы Боз-Дөң айылы — 1991, Түркия, сөөгү Шинжаңга коюлган) — кытайлык кыргыз тарыхчысы. Үрүмчү шаарындагы Шинжаң институтунун тарых-география факультетин (1956) бүтүргөн. 1959—62-ж. Шинжаң аз сандуу улуттар коомун жана тарыхын изилдөө тобунда иштеген. Б. Кытай Коомдук Илимдер акдемиясынын улуттарды изилдөө институтунун доңенти. Бир катар илимий коомдордун мүчөсү. Анын эмгектеринин ичинен өзгөчө 1986-ж. «Кызыл суу кыргыз басмасы» тарабынан араб арибинде кыргызча жарыяланган «Кыргыз тарыхы лексийалары» баалуу. Мында «Манас» дастаны тарыхый-этнографиялык булактардын бири катары пайдаланылат.

БАЙТЕРЕК

Чынар терек — эпос боюнча бутагынан адамга укмуштуу ал-кубат берүүчү сүт чыккан касиеттүү дарак. Дүйнөлүк оозеки чыгармачылыкта жана диний түшүнүктөрдө аалам дарагы (өмүр дарагы, космос дарагы) жөнүндөгү миф кеңири белгилүү. Ал дарактын тамыры жер астындагы дүйнөдө (өлүктөр өлкөсүндө), ортоңку сөңгөгү жер үстүндө (кадимки адамдар өлкөсүндө), башы асманда (кудайлар өлкөсүндө) жайгашып, бүткүл ааламды өзүнө туташтырып турат деген ишенимге ээ. Б-тин эгеси көпчүлүк учурда аял (эне) түрүндө элестетилип, ал өзү каалаган учурда өлүп бараткан, чарчап-чаалыккан адамга өлбөс же укмуштуу ал-кубатка ээ кылуучу, жашартуучу ичимдик, тамак (сүт, мүрөктүн суусу, алма жана башкалар) тартуу кылат. «Манастагы» Б. ушул аалам дарагы жөнүндөгү мифтин кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында унутулуп бараткан бир үлгүсү. Абыке, Көбөштүн талоонуна түшүп, аябай кордук көргөн Каныкей жалгыз баласы Семетейди душмандан сактап калыш үчүн Букарга алып качып бараткан узак, татаал жолдо аш-тамаксыз калып, катуу кыйналат да, астынан кезиккен Б-ке мындайча кайрылат:

Олуя болсоң кол жайып,
Бата болчу Байтерек.
Олуямдан айрылып,
Караан таппай турабыз,
Биз өңдөнган бакырга
Ата болчу Байтерек.
Кайран жандан түңүлдүк,
Бир корголоп кетүүгө,
Ата-а айланайын Байтерек.
Алдыңызга жүгүндүк,
Чаалыктым уйку кандырчы,
Айланайын Байтерек.
Чарчадым жанды тындырчы,
Уктайын кана Байтерек.
Жетимиңе күч берчи.
Кагылайын Байтерек,
Акысыз калдым сүт берчи.
Өчкөн отум тамызчы,
Өлгөн жанды тиргизчи.
Үзүлүп кеттим улачы
(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 544-инв., 139-б.).

Б. Каныкейдин өтүнүчүн кабыл кылып кутпа жаккы бутагынан булактай кылып сүт агызат, аны ичип, күч-кубат алышып кадимкидей демденишет. «Манас» эпосундагы Б-ке генетикалык-типологиялык жакындыгы бар дарак Борбордук Азияда жана Сибирде жашаган түрк элдеринин фольклорунда кеңири жолугат. Алар аткарган милдети боюнча гана эмес көпчүлүк учурда (кээде Байкайың, Байтал) делип аталышы боюнча да окшош. Атайы изилдөө жүргүзүшкөн окумуштуулардын пикирине караганда «бай» — «ыйык», «жаратуучу» (кудай) деген мааниге ээ. Демек, «Байтерек» — «ыйык терек», «жаратман терек» дегенди билдирет. Соңку мезгилдерге чейин байыркы дини — шаманизмди тутуп келген Борбордук Азияда жана Сибирде жашаган түрк элдеринин чыгармаларында Б. биздин эпостогуга салыштырганда байыркы белгилерин толук сактай алган.

Алтайлыктардын эпикалык чыгармаларында башкы оң каармандын өргөөсүнүн алдында башкы кудай Үч-Курбустан жараткан бутагынан жерге алтын, күмүш жалбырак жааган Б-тин өсүп турганы туруктуу эскерилет. Ал дарак үч катмар-жер асты (өлүктөр өлкөсү), жер үстү (кадимки адамдар өлкөсү), асмандан турган (кудайлар өлкөсү) ааламды бири-бири менен туташтырган борбору да болуп саналат. Анын чокусунда бүркүт же күкүк конуп олтурса, түбүндө бөрү жатат. Күкүктүн сайраганынан өлгөн адам тирилет, өчкөн от тамат, куураган дарак бүрдөйт, өрттөнгөн талаа көк майсага айланат. Кыскасы бул дарак каармандын мекени Алтайдын теңдешсиз кеңдигин, береке байлыкка молдугун дайын кылуу менен бирге жалпы эле Ата Мекен деген түшүнүктүн символу катары да кызмат кылат. Якуттардын баатырдык эпостору — олонхолордо ушундай эле дарак бардык жан-жаныбарларды жана адамдарды ичирип-жедирип такай багып, аларга кереметтүү ал-күч берет. Ал адамдарды ар кандай кырсыктан сактоочу гана эмес, алардын түпкү энеси да болуп, саналат.

Уруунун сакталышы жана уланышы ушул касиеттүү даракка байланыштуу, аны жок кылуу урууну жок кылуу менен бирдей саналган. «Манас» эпосунда Б-тин образы жогоруда аталган элдердин эпикалык чыгармаларындагыдай бир бүтүндүктү түзгөн байыркы формасында сакталбастан, анын айрым атрибуттары — реликти түрүндө ар кайсы эпизоддорунун арасына чачырап кеткен. Алмамбет «Чоң казатта» чалгынга чыгып, жолдо туулуп-өскөн жерине кез келип, бала кезде «өз колу менен тиккен чынар багын» «аттуу туруп кучактап, агып жашы бурчактап» (Сагымбай Орозбаков, 4. 272) өткөн күнүн эскерип арман кылганы туруктуу айтылат. Чынарды көргөндө Алмамбеттин туулган жер жөнүндө арманы козголушу, бир кезде бул чынардын да алтай эпосторундагыдай ата мекендин символу болуп кызмат кылганын кабарлайт. Ушул эле дарактын адамдын жаны, анын уруусу менен тыгыз байланыштуулугу жөнүндөгү эң байыркы түшүнүк айрым варианттарда сакталган.

Ортодо турган чоң чынар,
Азиз энем Алтынай
Мени тууган жер ошол.
Мен туулган чынарым,
Бүткүл чирип тамыры
Такыр куурап калыптыр.
Төбөсүндө чачырап
Бүчүрдүн учу калыптыр, Сыргак,
Таласка эсен тартпаймын,
Бээжинден бекер кайтпаймын!
Шордуу энем айткан кеп эле
Менден тукум бар болсо,
Чынарымдын түбүнөн
Чырпык чыгат деди эле, Сыргак,
Түбүнөн чыккан чырпыгы
Чынарга чалыш болуптур,
Бузулуп кетер санаа бар,
Артымда калаар бала бар!
(Саякбай Каралаев, 2. 136).

Деги эле адам баласынын бардык тагдырынын касиеттүү чынарга байланыштуулугу эпостун башка эпизоддорунда да эскерилет. Мисалы, Абыке, Көбөштөн качып баратып, Каныкей кыз кезинде сейилдеп олтуруучу чынары соолуп калганын көрүп катуу кайгырганда, кайын энеси Чыйырды: «Чынарың соолуп калганы, Тайган иттей желгениң, ...Букарга тентип келгениң,» — деп чечмелейт. Алар булактын көзүн ачып, чынарды сугарганда ал кадимкисиндей кайра гүлдөйт. Мындан өткөндөгүдөй бактылуу күн кайрылып келерин, Семетей душмандан өч алып, атасы Манастын ордун басарын билишет. Байыркы мифтик түшүнүктөрдө эпикалык каармандардын, кудайлардын аалам дарагынын кейпинде жүрүшү салттык мотив. Түрк элдеринин оозеки чыгармаларында каарман менен даракты катар коюп сүрөттөө байыртан келаткан салт. Көптөгөн кошоктордо терек бүтүндөй элдин, уруунун эң белсемдүү адамынын символу катары көрүнөт. Мисалы, «Кет-Бука» деген белгилүү легендада «Терек түптөн жулунду, Ким тургузар, каным?» — делип, кан баласы Жуучуну терекке символдоштурат. Манас өлгөндө Каныкей: «Алтын мөмө дарактуу, Чынар эле падышам, Чынарым чындап сынарбы?»— деп кошот. Бүгүнкү угуучуга мындагы «терек» («чынар») салыштыруу түрүндө көркөм каражат катары кабыл алынат. Бирок эпикалык чыгармалардагы бул түрдөгү салыштыруулар, эпитеттер байыркы кезде көркөм каражат эмес, ошол нерсенин дал өзү болгону фольклористикада белгилүү. Манастын өзү бир кезде аалам дарагы түрүндө элестетилгени азыркыга чейин сакталып калган айрым реликтилери да ырастайт.

Аалам дарагынын классикалык үлгүлөрүндө анын башын (асманды) алп кара куш (бүркүт) ээлесе, ажыдаар анын түбүн, жер астындагы дүйнөнү ээлеп турат. Манасты алп кара куш менен ажыдаар ушул аалам дарагындай бири башына айланып, бири аягында сойлоп дайым колдоого алганын көрөбүз. Мунун өзү Манастын күч кайраты байыркы түрк элдеринин мифтик түшүнүгүндөгү ааламдын үч катмарына (жер алды, жер үстү, асман) жеткенин символдоштурат. Ушундан улам Манаска карата айтылуучу: «Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй... Алды катуу кара жер жердигинен түткөндөй» — деген саптар бир учурда Манастын образына азыркыдай поэтикалык көркөм салыштыруу каражаты эмес, түз маанисинде, Манастын бийлиги аалам дарагындай үч катмарга (жер асты, жер үстү, асман) жеткенин көрсөткөн мааниде колдонулган деп болжолдоого болот.

Р. Сарыпбеков

БАЙЧОРО

— кырк чоронун бири, Баабединдин уулу. Манас Таласка келгенде чоро болгондон баштап, Манастын бардык баатырдык иштерине катышат. «Колу күчтүү Байчоро» делип айтылып, чоролордун ичинен күчтүүлүгү, баатырлыгы менен айырмаланат. «Чоң казатта» окко учканы айтылса да (Саякбай Каралаев, 2. 200), кийин алты арамга кошулуп кеткен чоролор менен бирге Семетейдин колунан өлдү делет (Саякбай Каралаев, «Семетей, 1. 339).

БАЙШЕРИ Албан уулу

(туулган жана өлгөн жылы белгисиз, Өзгөн району, Төрт-Көл айылы) — семетейчи. Б-ден «Семетей» бөлүмүнөн 3 дептер эпизод жазып алынган. Эпостун эпизоддору кара сөз менен ыр аралаш жазылган. Окуя негизинен Манас жарадар болуп келип, ага Каныкей тирүүсүндө күмбөз тургузуп, Семетей төрөлгөндөн кийин көз жумушу менен башталат да, Семетей Акшумкарын качырып, Айчүрөктү издеп Үргөнчкө келип, Боз-Дөбөдөн Айчүрөктүн шаарына дүрбү салып карап турганы менен бүтөт. Негизги варианттардагы Семетей, Айчүрөк, Чачыкейге байланыштуу айтылган мотивдик кырдаалдар сакталган. Семетейчи бул чоң эпизоддун схемасын гана кара сөз менен айрым жерлеринде ыр кошуп айтып берген (Кол жазмалар фондусу, 271-инв.).

БАЙЫЗ

— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйгө аш берүү кеңешине катышкан мыктылардын бири (Сагымбай Орозбаков, 3. 81, 85).

БАЙЫҢ

— мифологиялык кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында кайберендердин каны. Алмамбеттин аялы Аруукенин атасы. Ал кызы жиберген үч көгүчкөндөн кабар алып, кайыптар дүйнөсүнөн өз кошуну менен кийик, бугу минип кызынын күйөөгө чыккан тоюна келет. Той бүткөндө дароо көздөн кайым болот. Б-дын образы башка түрк элдеринин эпикалык чыгармаларында, мифтеринде да жолугат. Якуттардын мифтик түшүнүгү боюнча ал тайганын бирден бир ээси, бардык жаныбарлардын, канаттуулардын кожоюну, ага арналган ырымдарды, табуну сактаган аңчынын колдоочусу. Типологиялык салыштыруулар көрсөткөндөй Б. «Кожожашта» чагылдырылган байыркы аңчылык мезгилиндеги Сурэчкинин тибиндеги кайберендердин жана аңчылыктын кудай энесинин кийинки доорлордо өзгөргөн образы болуп саналат.

БАЙЫҢ

— этноним. Калмактардын бир уруусу. Ала-Тоону кара кытай, калмактардан бошотуу жортуулдарында Б. уруусундагы калмак баатыры Тулус жекеге чыгып Манастан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 137, 138).

«БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ РУХУНУН ТУУ ЧОКУСУ»

— Ч. Айтматовдун Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы «Манас» эпосунун жарыкка чыгышына баш сөз иретинде жазган (алгач ирет «Кыргызстан Маданиятына» жарыяланган —1979, 11янв.) макаласы. Макалада «Манас» эпосуна ар тараптуу терең баа берилген. Анда автор кыргыз элинин эпостук чыгармаларынын баа жеткис руханий байлык болуп, алардын туу чокусу улуу «Манас» экендигин, ал дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө жатарын белгилейт. Макалада «Манас» эпосу элдин көркөм аң-сезими аркылуу муундан муунга өтүп, жетилип отуруп биздин күнгө туш келгендигин, Улуу Октябр революциясынын жеңиши анын кайра жаралуусуна мүмкүнчүлүк бергенин айтат. Эпостун эң негизги идеясы катары эркиндик идеясы, көз каранды эместик идеясы экендигин көрсөтөт жана эпос гуманизм идеясына сугарылгандыгын белгилейт.

Эпостун финалындагы Манастын өлүмүн, кырк чоронун кырылышын «айтып бүткүс трагедия... Шекспирдин талантына шайкеш трагедия» катары баалайт. Эпостогу ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин белгилеп, элдин көркөмдүк фантазиясына өтө жогору баа берет. Макалада эпостун мазмундук жана көркөмдүк гармониясы айрыкча манасчы айтып жаткан учурда даана сезилери айтылат. Музыканы, сөздү, театрды бириктирген гармония аркылуу эпостогу борбордук кейипкерлер гана эмес, эпизоддук деген каармандардын образынын таасын ачылышы да элдин көркөм ойлоо аң-сезиминин өтө бышып жетилгендиги, өнүккөндүгү экендигин көрсөтөт. Автор «Манас» эпосу дүйнөлүк эпикалык практикада өтө уникалдуу көрүнүшкө жатарын айтат. Көркөм ойлоо аң-сезиминин бай жана күчтүү традициясынын негизинде Сагымбай жана Саякбай өңдүү улуу манасчылардын өсүп чыккандыгын белгилеп, Сагымбайдын акындык чеберчилигине өтө жогору баа берет.

Автор Сагымбай Орозбак уулун «Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакытта кайталанбас руханий көрүнүштүр», — деп баалайт. Макала автордун «Замандан заман өтүп, кыргыз тили жашап тургуча «Манас» биздин улуттук туу чокубуз катарында тура бермек» — деген сөздөрү менен аяктайт.

А. Абилов

БАКАЙ

1
— «Манас» үчилтигинин бардык бөлүмүндө башкы каармандардын (Манас, Семетей, Сейтек) жашы улуу, көптү көргөн, кыраакы жана акылман кеңешчиси, насаатчысы катары активдүү роль ойногон негизги каармандардын бири. Ал кырк чоронун ичинен Манаска эң жакын тууганы. Атасы Бай менен Манастын атасы Жакып экөө бир тууган. Саякбай Каралаевдин вариантында кээде Олуят чалдын эр Бакай деп да айтылат, анткени бул вариант боюнча Б. бир жашка толо элегинде атасы Бай кытайлардын колуна түшүп кетип өлөт да, жетим калган баланы Олуят чал жердин түбү Желпинишке алып кетип багып өстүрөт. Эрезеге жеткенде Манасты издеп чыккан Б. душман тарабынан чабылып-чачылган туугандарын таап чогултмак болуп аттанып чыккан Манаска жолугат. Экөө бири-биринин сынына толуп, түбөлүк бирге болууга антташканда Манас Б-га кайрылат:

Кайыбынан табылган
Кан абам сендей эр болбойт,
Кабак ачып ойноорго
Кең Таластай жер болбойт.
О дүйнөгө кеткиче,
Уйпаланып кайран жан
Топуракка жеткиче,
Тулпардын оозун буруп бер,
Туйгун аба, эр Бакай
Ата болуп өзүмө
Тутка болуп туруп бер.
Эки тизгин, бир чылбыр
Эл бийлигин алыңыз,
Эдене-тайтаң өзүмдү
Эптеп жолго салыңыз.
Туйгун Бакай, кан аба.
Туура караан маа болуп,
Кара жаак айбалта
Кайкалатпай аштаңыз.
Казак менен кыргыздын
Жолун өзүң баштаңыз.
Бирдикти колго алыңыз,
Билген жолго салыңыз!
(Саякбай Каралаев, 1. 187).

Бул жолугушуу Манас эли менен Алтайдан Таласка көчүп келгенден кийин малын аяган атасы Жакыпка тарынып үйүнөн кетип, Боз талааны жайлап Баба-Дыйкан экөө ортоктошуп эккен эгинине Аккуланы сатып алганына удаа болот.

Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас менен Б-дын алгач кездешүүсү башкача кырдаалда өтөт. Иниси Жакыпты издеп Алтайга барган Бай ал жерде алты жылдай конок болуп тургандан кийин Дагалак шаарын алганы аттанган Манастын колу менен Бай да жөнөйт. Ушул эле учурда Ала-Тоо тараптан келген Кошой баштаган колдун ичинде Б. да болот. Эки кол кезиккенде Бай баласы Б-ды Манаска кошот. Манас менен Б. жаңыдан таанышып олтурганда Кызыр менен Бак (таалай-бактын пири) аксакал түрүндө кубулуп келип, аларга жолугат да Кызыр аларды Бак даарыганын айтып келип, Манаска Б-ды «Өбөгүң болот өзүңдүн, айнеги болот көзүңдүн» — дейт. Ошентип, эпос боюнча Б. Манас үчүн атайын жаралат да ага кошулган күнүнөн тартып, үзүлгөнүн улаган, чачылганын жыйнаган, ийрисин түзөгөн, «сайып жүрүп бак кылган, салып жүрүп там кылган», «аркадан жүрсө сан колдой, астында жүрсө ак жолтой» арка белине, таянычына, «капилетте сөз тапкан, караңгыда көз тапкан» кеңешчисине, насаатчысына айланат. Акылмандыгы, кыраакылыгы менен «алты ай келер азапты» күн мурун билип, аны болтурбай, Манасты ар кандай кырсыктардан сактайт. Б. өзүнүн Манаска жан-дили менен берилип, мындай ак кызматын жалпы кыргыз элине, анын биримдигине, көз карандысыз эркин жашоосуна кызмат кылуу деп эсептейт жана башкалардан да ушуну талап кылат, элди ынтымакка үндөйт. Б-дын бул кредосу «Чоң казат» мезгилинде чалгынга кеткен Алмамбетке атаандашып, чыр чыгарган Чубакка айткан сөзүнөн айрыкча даана көрүнөт. Чубак — Б. сыяктуу эле Манаска адал кызмат өтөгөн чоролордун бири, бир чети тууганы. Ал мурда өткөн кызматтарын санап келип, анымды Манас баалабады, Алмамбетке тең көрбөй, кеп-кеңештен калтырды деп өпкөлөгөндө Б. ага мындай дейт:

Ак тааланын жараткан
Албан түрдүү кушу бар
Канаты менен учуп жүр.
Калкылдап көктө ушу жүр.
Куйругу менен конуучу,
Манастын Манас болмогу
Экөөбүздөн болуучу.
Бузулуш бизден чыккан соң,
Бутунан тартып жыккан соң
Бил да болсок жыгылдык,
Миң да болсок кырылдык.
...Баштап колду жөнөгөн
Бала деймин өзүңдү,
Байкагын Чубак сөзүмдү.
Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,
Бөлүнүп кыргыз калды деп
Бөлөк элге кеп кетет.
Жарылсаң ууру алуучу
Жай уксаң акыл нак ушу
(Сагымбай Орозбаков, 4. 195).

2
Жеке эле Чубактын эмес, Манас баш болгон баатырлардын бардыгынын тең жаңылыштыгын көрсөтүп, туура эмес иштерин убагында токтотуп оңдоп турат. Мисалы, Чоң казатта Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак төртөө кытайдын колу менен алгач бет келишип, жоо көптөп баратканда Сыргакты ооруктагы кыргыз колуна кабарга жиберишет. Жол карап кароолдо жүргөн Б. Сыргакты токтотуп алып акыл үйрөтүп, бул кебетең менен кирип барсаң Манастан коркконунан келген кол согушка кирбестен кайтып кетип калат, а көрөкчө жаратыңды таңып, сыр билгизбей зымпыйып жетип барып, олжо алгыла деп чакырсаң токтобой шар барышып, курчоодо калган баатырларды куткарышат дейт. Ошентип, Сыргактын абайсыздыгын оңдоп, Чоң казатка барган кыргыз колун кокусунан тарап кетүүдөн сактайт. Б-дын мындай алдын ала көрөгөчтүгү, акылмандыгы элдердин ынтымагын сактап, бөөдө кан төгүшпөй достук алей мамиледе жашашына көп сапар кызмат кылат. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Каныкейге күйөөлөп барган Манас байкоосуздук кылган кайындарына тарынып, алардын шаарын чапмак болгондо акылман Б. Манасты жайкап ачуусун басып, жазыксыз жерден кан төктүрбөйт. Саякбай Каралаевдин вариантында Чоң казаттын алдында Манасты чабабыз деп күүлөнүп келген алты кандын колу менен Манастын кырк чоросунун ортосунда боло турган кандуу кагылышты да Б. токтотот. Калың элде жазык жогун, күнөө аларды баштап келген кандарында экенин, жазаласа ошолорду жазалоо керектигин айтып, чоролорго чабуул жасаттырбайт. Б-дын акылмандыгы, гумандуулугу жеке коңшу, тектеш элдер менен гана эмес, башынан жоолашып келген элдер менен да тынчтык мамиледе жашоону көздөп, бири-бири менен согушуп, талоончулук менен байлыкка ээ болууга каршы турушунан көрүнөт, өзү келип катылган өчмөндүү жоо багынганда да мөрөйү үстөм болгон элди гумандуулукка чакырат: «Союштан артык албаңар, Бүгүн душман эртең эл, Бүлүндүрүп салбаңар».

Б. Манастын тышкы иштерине гана эмес, жеке турмушунда да башкы кеңешчиси, камкор жардамчысы болот. Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын мурунку алган аялдары баатырдын өзүнө ылайык жар эмес экендигин учурунда байкаган Б. Манаска кайрадан үйлөнгүн деп кеңеш берет. « Каныкей алсаң оңосуң, Калкка бааша болосуң. Каныкей келсе Таласка, Кадыр түн келет жолуңа,... Качканың келет колуңа» (Саякбай Каралаев, 1. 235) — дейт, баатырга келечек жарын тандап. Жакып малын аяп, калың төлөөдөн баш тартканда Б. Букардын каны Темирканга өзү куда түшүп, кызы Каныкейди Манаска алып берет. Б-дын эң негизги асыл сапаттарынын бири — башына кандай гана каран түн түшпөсүн, кандай гана кыйынчылыкка учурабасын бийик адамгерчилигинен жазбаганы, өз башын корголотуп чыккынчылыкка барбаганы, даанышмандыгы, акылмандыгы, кайраты менен бардык кыйын кезеңди жеңе билгендиги. Манас өлгөндө атасы Жакып, инилери Абыке, Көбөш, аларга кошулуп кырк чоросу чыккынчылыкка барышат; Абыке, Көбөштүн бири Каныкейге зордоп үйлөнмөк болуп, макул болбой койсо эмчегин жара чаап кордук көрсөтүшөт, баатырдын ордосун чаап, мал-мүлкүн талап олжо кылышат, балтыр бешик Семетейди өлтүрүүгө аракеттенишет. Ушундай чалкеш учурда Манастын жакын адамдарынын ичинен жалгыз гана Б. мурдагысындай ага берилген бойдон калат. Өтө кыйын абалда калган анын бүлөсүнүн бирден-бир ишеничтүү адамына, арка-жөлөгүнө айланат. Аларды ажалдан коргоп, минерине унаа, жээрине азык камдап берип Букарга качырат. Баатырдан калган жалгыз туяк Семетей он экиге келип эр жеткенче Манастан калган төөлөрдү багып күтүп жүрөт. Букардан Таласка кайтып келгенде Семетей душмандарын жеңип, атасы Манастын ордун ээлешине Б. түздөн-түз жетекчилик кылат. Дегеле Манастын жакын туугандарынын бардыгы: Көзкамандар, Ороздунун балдары, жада калса өз атасы Жакып, аталаш инилери Абыке, Көбөш (к. Алгы арам) көрө албастык менен Манаска кастык кылып келишсе, Б. гана өмүр бою Манаска кандай ак кызмат өтөсө, анын баласы Семетейге, небереси Сейтекке да ошондой эле адал кызмат кылып, өзүнүн даанышмандыгы менен аларды элдик иштерге баштаган кеңешчиси болот.

3
Ушундан улам академик В. М. Жирмунский: «Бакай Илиададагы ак чач Нестор, орто кылымдагы француз эпосундагы герцог Нэм Бабарлык, «Жангардагы» Алтын Цежи, «Сасундук Давиддеги» армян баатырларынын жашы улуу тууганы Кери-Торос аба сыяктуу карт баатырлардын жана эпикалык өкүмдарлардын акылман кеңешчилеринин окшош фигураларын эске түшүрөт» — деген (В. М. Жирмунский, Тюркский героический эпос, Л., 1974, 62-б.). Б-дын образына айрыкча, түрк-моңгол элдеринин эпосторунун көптөгөн каармандарынын образы өтө типтеш, жакын турат. Өгүз түрктөрүнүн орто кылымга таандык «Атам Коркуттун китеби» деген жазма эстелигиндеги Коркут 250 жыл өмүр сүрүп, өгүз кандарынын беш мууну менен замандаш жашап, алардын бардыгынын даанышман кеңешчиси болот. В. В. Бартольд ал жөнүндө: «Элдик акылдын айгагы жана сактоочусу, анын имандык (нравалык) авторитетине бүткүл эл баш иет» — дейт (В. В. Бартольд, Соч. М., 1968, 5-т., 264-б.). Б. тууралуу да ушуну айтса болот. Үчилтиктин кийинки бөлүмдөрү «Семетей», «Сейтек» «Манаска» караганда коомдук өнүгүүнүн кийинки этаптарын чагылдыргандыктан Б-дын образы да жаңы доордун талаптарына ылайык кошумча жаңы түс алып, улам кийин деген сайын жаңы өзгөчөлүктөргө ээ боло баштаганын белгилөөгө болот. Түрк-моңгол элдеринин көпчүлүк эпосторунда «аксакал атчы» деген туруктуу каарман бар. Ал — атасынан жаш калган эпикалык баатырга ата ордуна ата болгон камкор адам. Анын жылкысын жоого талатпай көздүн карегиндей сактап багат, баатыр эрезеге жеткенде жылкы ичинен жоого минүүчү тулпар тандап мингизет, ар кандай татаал кыйын кезеңде акыл кеңешин айтып жол көрсөтөт. «Аксакал атчы» жаш баатыр эрезеге жеткенче социалдык жактан басынып кул абалда болот.

Эпикалык баатырдын элдин төмөнкү катмарынан чыккан акылман кеңешчинин образы тап тык жиктелүү ачык көрүнө баштаган феодалдык доордо калыптанышы мүмкүн. «Аксакал атчынын» образындагы мындай белгилер «Семетейдеги» Б-да бар. Чыгарманын башталышында ал Абыке, Көбөш тарабынан куугунтукталып, элден четтеп, Манастан калган төөлөрдү Семетейге арнап багып, жаргак шым кийип, Көктулпары Көкчолок атка айланып, өзү карып-арыган абалда калат. Семетей Таласка келгенден кийин гана баштагы абалына келет. Демек, уруунун даанышман патриархы Б-дын мурдагы образына жиктелүү мезгилинде пайда болгон элдин төмөнкү катмарынын феодалдык таптын өкүлүнүн образы контаминацияланган. Уруулук-патриархалдык коомдун мурдагы моралдык, адеп-аклактык туруктуу принциптери ыдырай баштаганы кийинки бөлүмдөрдө ачык көрүнөт жана бул Семетейдин Б-га жасаган айрым мамилелеринен да байкалат. Манас канчалык күчкө толуп, ички-тышкы элдерден ага каш кайтарар эч ким калбаган күндө да жашы улуу абасы катары Б-дын астынан кыя өтпөйт, айтканын эч качан эки кылбайт. Ал эми кызуу кандуу жаш жигит Семетей абасынын берген кеңештерине анча көңүл бөлбөй моюн толгогон учурлары кездешет. Мисалы, ал Б-дын Айчүрөктү алып кандуу бут болуп калдың, бир жыл эс алып, анан Коңурбайга каршы аттан деген тилин албай жоого аттанып, Коңурбайдан жараланат. Кытайдын чебин кайтарган куу түлкү, куу аркар, куу өрдөктөрдү өзүм жок кылам деп Б-дан жол талашат жана мында да жолу болбой Б-дын астында туура эмес иш жасаганын мойнуна алат. Б-га кеңешпей туруп Тайбуурулду Үмөтөйдүн куну үчүн казактарга тартууга берет, акыры бул анын ажалынын жетишине себепчи болот. Эпикалык башчынын даанышман кеңешчиси катары Б-дын образынын калыптанышына конкреттүү тарыхый шарттардын таасири тийиши мүмкүн. Байыркы түрк кагандыгы күчүнө толуп турган мезгилде (551—744) калтырылган таш эстеликтердин бири атактуу Тонукөккө арналган жана анын мамлекеттик ишмердигинен кеңири кабар берип турат. Бул таштагы жазууга жана башкалар тарыхый маалыматтарга караганда эпикалык каармандар Б., Коркут сыяктуу эле Тонукөк да көк түрктөрдүн бир нече кагандары: Илтереш каган (681 — 691), Капаган каган (691 — 716), Билге каган (716—734) менен бир учурда жашап, алардын башкы кеңешчиси жана мамлекетте кагандан кийинки биринчи адам болгон. Анын кеңеши боюнча жана түздөн-түз жетекчилиги менен түрк кагандыгы көптөгөн ийгиликтүү жортуулдарды жасап, күч кубатын арттырган.

4
Бытырандылыкка учурап тарап кеткен түрк урууларын бириктирип, мамлекет курап, Илтерешти кагандыкка көтөрүү да Тонукөктүн демилгеси менен ишке ашкан. Түрк кагандыгындагы кудурети күчтүү ушул адамдын эң жогорку титулу — Бойла Бага таркан болгон. Көк түрктөрдөн жүз жылча кийин Борбордук Азияда өздөрүнүн улуу державасын түзгөн кыргыз кагандыгында да дал Тонукөктөй мансап-даражага ээ жана ошонукундай титул алып жүргөн инсан бар. Кыргыздардын ошол кездеги негизги жоосу уйгурлар менен согушта (820—840) жана алардын үстүнөн болгон жеңиште башкы командачы катары ал көрүнүктүү роль ойногонун кыргыздар таш бетине калтырган айрым жазмалар кабарлап турат (С. Г. Кляшторный, Историко-культурное значение Суджинской надписи. Журн.: — «Проблемы востоковедения», 1959, № 5, 163-б.). Ал башкы командачы гана эмес, мамлекеттер арасында жүргөн дипломат да болгон. Уйгурларды жеңип, Борбордук Азияда үстөмдүктү колго алгандан кийин кыргыздарга Кытай империясы менен алака түзүүгө туура келген. Катнаш айрыкча 840—847-жылдарда күч алган. Жаңыдан жогорку бийиктикке көтөрүлгөн түндүктөгү жоокер коңшусу кыргыздардын мамлекети менен жакшы мамиледе болууга кытай императору да көп эле аракеттенген. Кыргыз элчилерин башка элчилеринен жогору отургузуп, зор урмат көрсөтүп турган.

Ушундай элчиликтин бири 842-ж. болгон. Жогоруда аталган таркан башында турган кыргыз элчилерин император У-цзу өзү ордо сарайында кабыл алган. Кытай жазма эстелигинде кыргыз элчилигинин башчысынын толук аты «Гэ-си-хэ-хай-и» деп берилген, аны кыргызчага которуп транскрипцияласа: «Улуу кол башчы Бакай адилеттүү таркан» болот. Мына ушул инсан эпикалык Б-дын тарыхый прототиби деп болжошко толук негиз бар. Анткени, экөөнүн ысымдары гана окшош болбостон, тарыхый инсан окумуштуулар тарабынан «Манас» эпосунун эпикалык борбору, мезгили катары эсептелген 9-кылымдагы кыргыз тарыхында алган орду адамдык жеке мүнөзүнүн айрым жактары менен эпикалык Б-ды эске салат. «Бакай» деген ысым түрк-моңгол тилдеринде сүйлөгөн элдерде байыркы мезгилден бери кеңири тараган антропоним, «бага» жана «акай» деген эки сөздүн айкалышынан түзүлгөн.

«Бага» — тилдердин инди-европалык чоң тобуна таандык байыркы сөз. Андыктан, бул тилдерде сүйлөгөн элдердин дээрлик бардыгында жолугат. Сөздүн байыркы мааниси сакталып калган байыркы инди тилинде: «бага» — господин, дөөлөт тара туучу. Ал эми славян тилдеринде «бог» формасында айтылып, «кудай» деген түшүнүккө өтсө, иран тилдеринде, анын ичинде байыркы Чыгыш Түркстанды мекендеп, канатташ жашаган түрк элдерине маданий зор таасир тийгизген согдилердин тилинде «бага» — «господин», «кудай» маанисинде колдонулган. Ошондой эле алар бул сөздү антропоним, титул катары же эпитет үчүн да пайдаланышкан. Борбордук Азияда жашаган түрк элдерине бул сөз согдилер аркылуу эң кеми 3-кылымдан белгилүү боло баштаган, кагандардын эң башкы кеңешчисинин, насаатчысынын титулу катары колдонулган. Ушул сөзгө байыркы түрк тилдериндеги жашы улуу, бийик даражалуу адамдарга урмат менен кайрылганда айтылуучу сөз «акай» айкашып («вага» + «акай»), гаплология мыйзамына ылайык окшош муундардын («ага» — «ака») бири кыскарган да, каткалаң тыбыш «к» катышкан жеңүүчү болуп, натыйжада, сөздүн «Бакай» деген жаңы формасы жаралган.

Р. Сарыпбеков

БАКАЙДЫН ҮҢКҮРҮ

— Талас Ала-Тоосунун түндүк-чыгыш этегиндеги кыштактын аты, азыркы № 113-жылкы заводунан 10 км түштүк-чыгыш тараптагы үңкүр. Б. ү-нүн ички аянты бир короо кой батарлык (болжол менен 400 м2). Үңкүрдүн алдында чоң-чоң кызыл түстөгү таштарды «Бакайдын ташы» деп аташат. Ушул таштардын арасында «Бакайдын таш казаны» деген да таш бар. Үңкүр менен байланышкан ар кандай уламыштар эл ичинде айтылып жүрөт. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин үңкүр толук изилдене элек.

БАКАН-ТАШ

— топоним. Кошой-Тоодогу чоку, Талас обл-нын күн чыгыш чети, Каракол менен Үч-Кошой сууларынын ортосунда. Эпостун каарманы Бакайдын ысмына байланыштуу.

БАКАНООЗ тыңчы

Душман тарабынан экинчи тараптын ал-абалын, жөн-жайын, согуштук аракеттерин жана башкалар жагдайларды билип келүү үчүн атайын жиберилген адам. Сагымбай Орозбаковдун вариантында эскерилет.

БАКАТИЛ

Макатил — эпизоддук кейипкер, баатыр. Көкөтөйдүн бабасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 48).

БАКБУРЧУН

(иранча «багфурчин»; сөзмө-сөз которгондо баг — кудай; фур — уулу, баласы; чин — кытай) — кытай кудайынын баласы, башкача айтканда Кытай императору, Кытай падышасы деген мааниге синоним катары айтылат: «Кармашаарым Каканчын, Басташаарым Бакбурчун», «Башчы болгон Бакбурчун» (Сагымбай Орозбаков, 1. 220). Мында Кытай императору маанисинде айтылган. Кээде жалпы эле Кытай өлкөсү жана Кытай эли деген мааниде да айтылган учурлар бар. Мисалы, «Башалуу журт Бакбурчун» (Кол жазмалар фондусу, 585инв., 16-б.). Ушул сыяктуу башка тилдерден кирген татаал терминдер эпосто ар түрдүү мааниде айтыла берет. Бул элдик чыгармалардын оозеки айтылып келүү учурларында боло бере турган табигый көрүнүш.

БАКДӨӨЛӨТ

— кейипкер, Жакыптын кичүү аялы, Абыке, Көбөштүн, кээ бир варианттарда, ошондой эле Чыйбыт, Кочкор, Адыбай, Көлбайдын да энеси. Эпостун «Манас», «Семетей» бөлүмдөрүндө тең катышкан кейипкер болгону менен окуялардын жүрүшүндө анчалык чечүүчү роль ойнобойт. Семетей Букардан адеп Таласка келип, Жакыпка жолуккандагы эпизоддо Б-түн калыстыгы, адилдиги, ак ниеттиги ачык көрүнөт:

Минтсең какбаш оңбойсуң,
Өз балаңды өлтүрсөң
Эгерде эки болбойсуң.
Кепинин жеген иш кыйын,
Кепинсиз сендей болобу,
Керденге бүткөн чунагын,
Капырай өлтүрөм деген оңорбу?!
Сенин бул ишиң калсын талаага,
Алты уулуң келип жыйылып,
Жалгыз Манаска кетсин садага
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 245),

— деп Семетейге уу бердирип өлтүрмөкчү болгон, кара ниет, керт башынын кызыкчылыгынан башканы көздөбөгөн Жакыпка каршылык көрсөтүп, өз балдарына өз экен деп жан тартпастан, калыстык менен эл кишиси Манасты жогору коёт. Башка айтымдарда Б-түн кийинки тагдыры жөнүндө сөз болбойт. Багыш Сазан уулунун айтымында Семетей Жакып, Көбөштү жок кылгандан кийин, тирүү калган Абыкеге мал-мүлкүн берип энеси Бакдөөлөт менен Мекеге көчүрүп жибергени айтылат.

Р.Сарыпбеков

БАКТУУ-КУУРАЙ

— топоним. Эпосто Көкөтөйдүн уулу Бокмурун атасынын ашын өткөзүү үчүн жер тандап турган учурда эскерилет: Бактуу-Куурай басамын, Куш-Мурун тоосун ашамын. Улуу-Кулжа чатынын, Кичи-Кулжа башынын Ортосуна кономун (Радлов жазып алган вариант, 147). Географиялык реалияда Алматы облусундагы өрөөн.

БАКТЫГУЛ

— эпизоддук кейипкер, кыргыз байы. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөө түш көрүп, берген тою тарагандан кийин, түш жорутканы алып калган аксакалдардын ичинде Б. Жакыптын жакын тууганы экени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 62).

БАКҮРҮШ

— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашына миң киши менен келгени гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 108). Ыйбанкупка удаа айтылганына караганда орусча бүлө атынын кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык өзгөрүп айтылышы.

БАКЧА БИЙ

— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта Баркызыл деген күлүгү байгелүү орунга ээ болгону айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 268).

БАКШЫ

(санскрипче бхихши — будда дининин молдосу) — ооруга чалдыккан адамды дубалап, «жин-шайтандарды» кубалап чыга турган сыяктанып, буркан-шаркан түшүп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдой турган дарымчы. «Манас» эпосунда да Б. мына ушул мааниде колдонулат: «Баканды кармап бакырып, Бакшы менен бүбүдөн, Немесин койбой чакырды» (Курама варианты, 1. 22). Сибирь элдеринде кам, шаман жана башка түрлөрдө айтылып кыргыз тилиндеги Б-нын маанисине дал келет. Ошондой азиялык тектеш элдерде (өзбек, түркмөн, уйгур, каракалпак) ушул эле маани менен катар сабаттуу адам, мугалим, элдик ырчы, акын жана куш салуучу аңчы деген маанилерге да ээ.

БАКШЫН

(рекш — «Шах-Наме» боюнча) — Үрүстөм (Рустам) баатырдын минген аты Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана эскерилет:

Бактыңа кудай бериптир,
Бакшын минген Үрүстөм,
Так ошонун атындай
Ырысыңа келиптир
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 642-б.).

Рекш деген аттын Б. болуп айтылышы кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайыкташып аталышы, же текстти кагазга түшүргөндө, аны жазган адам тарабынан кеткен ката болушу мүмкүн.

БАКЫРБАЙ

— эпизоддук кейипкер. Каныкей Манастын күмбөзүнүн ичине тартылган сүрөттөр жөнүндө Семетейге баяндаганда Б-дын да сүрөтүн тартканын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 155).

БАЛ

— «Манас» эпосу боюнча дарылык касиети бар жана жөн эле тамак катары колдонулган саргыч түстөгү коюу ширелүү, таттуу азык. Мисалы, «Мажму ат-таварих» боюнча Манас душман тарабынан ууланганда, уусун жандыра турган дары катары Б. колдонулат. Ууланган Манас бир топ күн жатып калат. Каракожо аттуу адам Манаска күнүгө чаарчыктын этин бышырып, бал менен берип сакайтат. Радлов жазып алган варианты боюнча Б. кымыз менен да берилгени айтылат:

Байтал бээлен бал кымыс
Бал чайкатып алыңар!
Чыңгырлуу кесе чыны айак
Чырмалтып айак сунуңар
(Радлов жазып алган вариант. 84).

Б-дын «Манас» эпосунун алгачкы версияларында кездешкени бул азыктын кыргыздарга бир топ кылым мурун эле белгилүү болгондугун көрсөтүп турат.

БАЛАКАН

— эпизоддук кейипкер, Манастын чоң аталарынын бири, Каракандын атасы. Манастын бабалары тууралуу баянда белдүү баатыр адам катары эскерилет (Саякбай Каралаев, 1. 27).

БАЛАСАГЫН

— топоним. Ошондой кылымдарда гүлдөп турган Чүй өрөөнүндөгү тарыхый шаар. Эпосто Булагасын (Сагымбай Орозбаков, 2. 79, 95, 120) деген ат менен учурайт. к. Булагасын.

БАЛ АЧУУ

— койдун далысын, күзгүнү, китепти карап туруп адам тагдырынын келечегин, боло турган окуяларды колдогону бар касиеттүү адам айтып бере алат деген диний түшүнүк. Шаманизмдин калдыгы катарында эпостун көпчүлүк вариантгарындагы ырым-жырым окуяларында эскерилет. Манастын чоролорунун ичинде да кандайдыр бир табигый күч колдогон, боло турган окуяларды алдын ала төлгө тартып, же далы көрүп билүүчүлөр болгон. Баатыр Манастын «Төлгөчү Кара Төлөгү, Агыдай далы көрүүчү, Ашкере айтып берүүчү» чоролорунун бар экендиги айтылат.

БАЛБАН КҮРӨШ

— спорт оюнунун бир түрү; эки балбандын белгилүү тартип боюнча жекеме-жеке кармашып күчтүүсү күчсүзүн жыгышы. Б. к. байыртан белгилүү болгон. Ал элдик оозеки чыгармачылыктагы мотив баатырдык үйлөнүү салтына, башкача айтканда баатыр же балбан кыз менен ага үйлөнүүчү талапкердин жекеме-жеке күрөшүнө байланыштуу чыгышы мүмкүн.

Баатырдык эпостордо чагылдырылган баатырдык үйлөнүү салтында кызга үйлөнүп бүлө куруучу талапкерлер үчүн атайын мелдештер уюштурулган жана кимиси мөрөй алса, ошол үйлөнүүгө тийиш болгон. Талапкерлердин өнөрүн жана күчүн сыноодо көбүнчө салттык үч милдет: ат чабуу, бута атуу, жекече күрөшүү салты мүнөздүү болуп эсептелген. Мына ошол байыркы мелдештин түрлөрү белгилүү даражада «Манаста» сакталган. Көкөтөйдүн ашына көп элдин чакырылышы, алардын келиши, кытай, калмак бир, калган эл өз ара биригип салттык мелдештерди өткөргөндүгү кеңири масштабдуулукта баяндалат. Эпостун негизги варианттарындагы (Сагымбай Орозбаков, СК) «Көкөтөйдүн ашы чоң чатактын башы» гана эмес, бул чоң казаттын алдындагы кыргыз менен кытай, калмактардын күч сынашуусу. Ошондой эпизоддун бири — Б. к. Саякбай Каралаевдин вариантында Жолой менен күрөшүүгө киши даабай, Манастын өтүнүчү боюнча Кошой чыгат.

Күрөшүп күч сынашар алдында Манас атайы даярдалган кандагайды алп Кошойго берип, Кошойдон балалуу бол деген бата алат. Жолойду жыгып, Кошой намыс алат. Экинчи жолку Б. к-кө кытайлардан түктүү таман Түкүбай, кыргыздардан «бүткөн бою тарамыш, чыканактай эр Агыш» чыгып, байгени кыргыз балбаны жеңип алгандыгы айтылат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча да кытай, калмак тарап күрөшкө Жолой дөөнү салат: «Кедердин уулу Жолой дөө, балбанга чыкты басып жөө». Калк карысы Кошой балбан издеп кыргыздын алптарына, эрлерине кайрылат. Бирок эч кимиси Жолойго даабайт. Манастын өзү дагы «жөө күрөшкө жок элем» деп кемчилигин мойнуна алат. Б. к-кө катагандын кан Кошой чыгат. Бул эпизод этнографиялык багытта айтылганы менен окуя баатырдык пафос менен шөкөттөлгөн. Б. к-түн жүрүшүндө Кошой балбандын «уктап калышы» эпикалык арымы жагынан теңдешсиз айтылган окуя десе болот. Мында Кошойдун балбандыгы, баатырдыгы гана эмес, баарынан мурда бул эпизоддо пластикалык образ көзгө көрүнөт. Жөө күрөштө Жолой балбанды легендарлуу Кошой алп жыгып, кыргыз элинин намысын коргогондугу «Манас» варианттарынын көпчүлүгүндө эмоциялуу поэтизацияланат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында:

Жалпы журт карап туруптур,
Тоодой Жолой балбанды
Томкоруп жерден алганы,
Көтөрүп жерге уруптур
(Сагымбай Орозбаков, 3. 26),

— деп сүрөттөлөт.

Көкөтөйдүн ашында өткөрүлгөн күрөштүн финалында Жолойду Кошой алптын жыгышы бул бир адамдын эпикалык образы аркылуу бүткүл кыргыз элинин майтарылгыс күчү, жоо бетинде кылар иши берилген. Салттык Б. к-түн финалында алп Кошойдон балбан Жолойдун жыгылышы бул бир адамдын эпикалык терс образы аркылуу баскынчы душман баатырлары канчалык алптын алпы болсо да чечүүчү кырдаалда алардын алсыздыгы, көңдөйлүгү көрсөтүлгөн. Эпостун үлгүсүндө Жолойдун жыгылуусу — жеңилгендикти белгилесе, Кошой алптын Жолойду жыгуусу — анын күчтүүлүгүнүн, нагыз балбандыгынын жана жеңиш ар дайым адилет эл тарабында болорунун ачык-айкын далили. Көптөгөн элдер сыяктуу эле кыргыздарда да Б. к. жана башкалар улуттук оюндар ушул кезге чейин салттык оюн катарында сакталып келе жатат.

С. Алиев

БАЛБАН ТАШ

— эпостук түшүнүк боюнча адамдын табигый кара күчүн, баатырдыгын сыноонун жана жеңип чыгуунун жышааны катары мааниге ээ болгон таш. Сагымбай Орозбаковдун вариантында калмак балбандарынын атайы Б. т. уюштурушканы сүрөттөлөт: «Бар бөкөлөр чогулуп, Алачык үйдөй бир ташты Балбан таш кылып таштаган» (Сагымбай Орозбаков, 3. 224). Эпосто Б. т-тын касиети жана керемети өзгөчө экени Семетей Канчоро менен Кыястан жеңилерде да даана байкалат. Демейде ууга же жоого жөнөгөндө төлгө кылып көтөргөн ташын Семетей менен Күлчоро дал ошол күнү ордунан жылдыра албай калышат.

Ал эми Канчоро көтөрүп алыска ыргытат. Жоодо же ууда кандайдыр кармашуунун ийгиликтүү болор-болбосунан жаратылыштын мындай «кабар берүүсү» элдик ишенимдин өтө байыркы формаларынан. Бирок, ар түрдүү күч сынашууларда (согуш, күрөш, уу, мелдеш) азыркыдай өркүндөгөн курал күчтөрү менен эмес, киши өзүнүн табигый кара күчү менен гана жеңишти камсыз кылып келген кадим доорлордун Б. т. сыяктуу айрым жышаан-белгилери ушу күнгө чейин эл арасында мааниге ээ. Кыргыз жеринин дээрлик бардык капчыгайларында өзүнүн Б.-т-ы бар. Алардын ар бири тиешелүү уламыш сөздөр менен айтылат. Кетмен-Төбө аймагындагы Балбан-Таш дөңсөөсүнүн «Манастын балбан ташы» деп аталышы да буга мисал. Суусамырдагы Кожомкулдун ташы да дал ошол эпостук Б. т-тын касиетин толуктап турат.

И. Абдувалиев

БАЛБАН ТАШ

— Токтогул районунун борборунун түндүк-батыш тарабындагы дөңсөө. Ошол дөңсөөдө салмагы үч тоннадан ашыгыраак, бетине беш салаанын изи түшкөн сыяктуу таш бар. Жергиликтүү эл аны «Манастын балбан ташы» деп атайт. Манас миң кулунду тээктеген желенин бир учу байланган темир мамыны какканда ушул ташты пайдаланып, ага салаалары батып кеткен. Элдик уламыштарда ал таш ошол мезгилден бери төштүн боорунда жаткандыгы айтылат.

БАЛКЫБЕК

— эпизоддук кейипкер. Алтайдан кыргыздар менен кошо келген манжуриялык калмак. Маргалаңга мал сатып барып, Алоокенин кыргыздарды чапканы кол курап жатканын Жакыпка айтып келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 172—174).

БАЛКЫБЕКОВА Сайрагүл

(1923, Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы) — Кыргыз ССРинин эл артисти (1964). Кыргыз театр өнөрүнүн калыптануу, өсүп-өнүгүү жолунда улуу муундагы сахна чеберлери менен бирге иштеп, жүздөн ашык образдарды жараткан. Ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетейде» (1982) Бакдөөлөттүн, «Сейтекте» (1988) Каныкейдин, «Айкөл Манаста» (1989) Чыйырдынын образдарын түзөт.

Драмалык мүнөздөгү образдарды жеткире иштеп чыга алган Б-нын аткарган ролдорунун ичинен баласынын баласын көргөн, алардын иштеринде активдүү роль ойногон Каныкей чыныгы идеал аялдын үлгүсү катары көрүнөт. Айрыкча Каныкей менен Сейтектин бири-бирине кездешкен жериндеги эпизоддо Б-нын ишенимдүү кыймыл-аракети анын жан дүйнөсү менен айкалышып турат. «Ардак Белгиси» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.

БАЛКЫ ТОН

— баалуу кездемеден тигилип, кандардын, байлардын байбичелери кие турган тон. Мисалы, Чыйырды кийген тон жөнүндө «Байбиче турду балк этип, Балкы тон менен жалк этип» (Сагымбай Орозбаков, 1. 26),— деп сүрөттөлөт. Б. т. деген термин Ооганстандын Балх шаары менен байланыштуу. Бул шаарда жасалган тон өзгөчө кымбат баалуулугу, кооздугу менен айырмаланып, чыккан жеринин атынан аталган.

БАЛКЫЯ

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты он төртүнчү келген Шаабек тагдырына буюрган Б-га үйлөнөт.

БАЛТАМАТ

— кейипкер, бараң элинин баатыры. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас батыш тарапка жортуул жасап, бараңдын каны Б-ты каратат, башка эпизоддордо да аты эскерилет. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашында» алыскы элдин кандарынын катарында саналып өтөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 9). Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Семетей менен араздашкан Чынкожо Б-тын канаттуу кара атын, мылтыгын уурдап келип Айчүрөккө күйөөлөп барган Семетейге каршы асмандан уруш ачат. Айрым изилдөөчүлөр Б-тын образын Бонопарт Напалеон менен тогоштурушат. Мүмкүн, манасчылар сабаттуу адамдардан Бонапарт бараңдын (франктын) атактуу кол башчысы болгонун угушуп, эпоско кийинки эле мезгилдерде киргизишкен.

БАЛЧАКАЙ

— топоним. Эпосто: Балчакайдын белинде, Аялым арбын дегенсип, Мыктылык кылган жериңде Айтышып сөздөн бир жеңдим (Сагымбай Орозбаков, 3. 218),— деп Кошой Жолойго Көкөтөйдүн ашында күрөшкө түшүп, бирин-бири опузалап айтышып турганда эскерет. Географиялык реалияда Иле менен Текес дарыяларынын аралыгындагы Кетмен тоо түркүмүндөгү ашуу. Эпосто Былчакай, Былчакей түрүндө да кезигет (Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 71. 75).

БАЛЫК

— топоним. Эпосто кыргыздар менен коңшу жашаган Ооган мамлекетинин чоң шаарларынын бири катары сүрөттөлөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Бадакшан менен Балыкты, Башкы атасы бир бөтөн, Баары тажик калыкты», — деп эскерилет. Б. тарыхта орчундуу соода борбору катары белгилүү болгон. Ошондой эле эпосто «Балкы тон» деген термин да айрым учурда кезигет. Бул ошол Балх шаарынан жасалган тон кымбат баалуу болгондугу менен өзгөчөлөнүп турган.
Географиялык реалияда Ооганстандын түндүк батышындагы Балх шаары.

БАЛЫК

(Бекмурат Кумар уулу, болжол менен 1793)— манасчы. Өз заманында чоң манасчылардын бири катары эл арасында кеңири белгилүү болгон. Өз аты Бекмурат, Б — эл тарабынан коюлган ылакап аты. Кумар сарыбагыш уруусунун ичинен чоңчарык деген кедей уруктан чыккан. Кумар туугандары менен Чүй өрөөнүнөн Таласка көчүп кетишет — Бекмурат Таласта төрөлөт. Атасынан эрте ажыраган Бекмурат күндөлүк оокат үчүн жергиликтүү байларга жалданып күн көрөт. Б. эл жомокторун, ырларды жана «Манасты» 13—14 жашынан баштап айыл арасында айта баштаган. 20 жашка чыкканда кадимкидей жамактап чоң топко ырдап чыккан. Ал да салт боюнча «Манас» айтып калуусун түш көрүүгө байланыштырган. Б. жаш кезинде Намангенге мал айдап баратканда жаанга калат. Жаандан коргологон Б. Манастын күмбөзүнө баш калкалап, чарчаган неме уктап кетип, түш көрөт. Б-ка түшүндө Манас баатыр кырк чоросу менен келип, өздөрү жөнүндө айтып жүрүүгө, ал түгүл Намангенге чейин минип барууга атайын ага «тору кунан арнап берет». Манас берген мингичти Б. мал айдап кетип бараткан жолунда Кабак деген жерден таап алат. Б. кийин «Манасты» айтып калган себебини эң негиздүүсү катары ошол күмбөзгө түнөгөнүн себеп кылып, көп эскерип жүргөн.

Ошентип, биринчи жолу Б. «Манасты» Наманген шаарынын Кушбегинин астында айтат. Ал «Манасты» ушунчалык берилип айтканын жогору баалаган Кушбеги баалуу сыйлыктар менен сыйлап, таластык манаптарга жакшылап көз салып, урматтагыла деп кат жазып берет. Ошондон тартып ал урмат-сыйга бөлөнүп, эл астында «Манасты» айтып жүрөт. Б-тын манасчылык даңкы элге кеңири жайыла баштаганда, солтонун белгилүү манабы Байтиктин экинчи жолку чакыруусу менен Чүйгө көчүп келет. Б. 75 жаш курагына келгенде Байтик дүйнөдөн кайтат. Улгайып калган Б. Кочкорго туугандарына көчүп барып, үч жылча жашап калат. Б. Кочкордо турганда он жаштагы Шапак Рысменде уулу менен кездешет. Б-тын улуу мурасын, айтуу чеберчилигин үйрөнө баштайт. 75 жаш курагында да Б-тын бетине бырыш түшпөгөн, кыпкызыл болуп, үнү жаш кезиндегидей шаңкылдап бийик чыга тургандыгын Шапак эскерет. Үч жылдан кийин ал Кочкордон кайра Чүй өрөөнүнө көчүп келет да 80 жаш курагында кайтыш болот. Анын сөөгү Байтиктин жанына, Боз-Бөлтөктүн этегине коюлат. Анын чыгармачылыгын кылдат карап көрсөк үч түрдүү багытта өнүккөндүгү байкалат. Б-тын биринчи негизги кесиби «Манас» айтуу болгон. Экинчи орунда жамактап ырдоо, ырчылык кесиби турган. Ал эми аксакалдар менен отурганда же тар чөйрөдө санжыра айткан. «А дегенде үч чай кайнам айтсам, кийин үч айга чейин айтсам түгөнбөдү» деп чыгармачылыгы күчөп, атагы алыска кеткен мезгилди айткан экен. Балык манасчы «Манас» айтканда аккан суудай шар кетип күнү-түнү айта берчү, — деген эл сөзү чын сезилет. Ал эми Б-тын өзүнүн сөзүнө караганда «Манас» эпосу эки бөлүмдөн турган: биринчи бөлүмүндө «Манастан» мурдагы кыргыз тарыхы, ал бөлүм «Оторхан» аталат: экинчи бөлүмү Манастын окуялары. «Манас» бөлүмүндө катагандын кан Кошой, Бокмурун кан, Коёш кан, Жүгөрү кан, Үрпү кан, Музбурчак, Жамгырчы, Айдаркан, Көкчөкан, Буудайыккан жана башкалар баяндалган. Бирок Б-тын «Манасты» кимден үйрөнгөндүгүн далилдөөчү так материал жок.

Ошондой болсо да жомокчулугун түш көрүү менен байланыштырган Б. «Манасты» өзүнөн мурункулардан укканын жокко чыгарууга болбойт. Ага түрдүү жерден жыйналган «Манастын» варианттарынын ортосундагы жалпылык Б-тын вариантында да бардыгы далил болуп турат. Экинчиден, жазгыч акын, манасчы бир чети эл оозеки чыгармасын эң сонун билген Тоголок Молдонун маалыматына караганда Б. «Манасты» Ноорустан уккан сыяктуу. Анын айткан «Манасындагы» байыркы замандан бери келе жаткан салттык өзөк окуяларды сактап жолун жолдоп, чыгармачылык үлгүсүн уланткан шакирттери Шапак Рысменде уулу менен Сагымбай Орозбак уулу болгон. Уулу Найманбай да атасынан манасчылык кесипти үйрөнүп, эл арасына манасчы катары таанылган Найманбайдын айтуусунда Б-тын варианты боюнча айрым эпизоддордон үзүндү биздин күнгө жеткендигин айтууга болот. Мисалы, «Таласты мактоо», «Манастын кээ бир кийимдери», «Манастын күмбөзү» жана башкалар Б-тын вариантына таандык үзүндүлөрдү 1923-ж. К. Мифтаков Таластын Кең-Кол жана Улуу-Төр жайлоосунда Сулайман Рыскулбек уулунун аткаруусунда жазып алган. Сулайман бул үзүндүлөрдү Б-тын уулу Найманбайдын өз оозунан угуп үйрөнгөн экен. Бул эпизоддук үзүндүлөр Кыргыз ССР ИАсынын КФде 1838-номерлүү инвентарь китепчесинде сакталуу турат. Эл арасында Б-тын белгилүү акындар, мисалы, Айтике акын менен болгон айтышы да жогоруда эскерилген фондунун 312-номерлүү инвентарь китепчесинде сакталууда.

Р. Кыдырбаева

БАНАЛ УЙКАШ

— өтө көп колдонулуп, биротоло кулакка сиңип калган сөздөрдөн түзүлгөн уйкаштык. Айрыкча элдик оозеки чыгармачылыкка мүнөздүү болгон Б. у. «Манаста» арбын. Эпосто өтө көп колдонулганына карабастан айтуучулардын акындык чеберчилигине шек келтирбейт. Анткени манасчылардын айтымында Б. у. көбүнчө толук уйкаш, редифтүү татаал уйкаштар менен ширелише келип, тексттин маанисине кандайдыр бир ддражада кошумча түс берип турат: «Кез келгенин соёрмун, Канын ичип тоёрмун, Карадан көзүн оёрмун!» (Сагымбай Орозбаков, 3. 98); «Адырдан чыкты бакырып, Манастап ураан чакырып» (Саякбай Каралаев, 1. 159).

БАҢ

— этноним, кыргызга канатташ жашаган эпостук душман эл (Сагымбай Орозбаков, 2. 227).

БАҢБАҢ

— эпос боюнча кытай аскер кызматчысынын наамы. «Манаста» эпикалык душман элинин согуштук-административдик башкаруу системасынын бир катар мансаптык титулдары боюнча жалпылаштырылып түзүлгөн образдардын системасында Б-дын да элеси чагылдырылган. «Чоң казатта» Манастан жарадар болуп дарыланып айыккан Коңурбай кыргыздардын колунун чабуулуна каршы чара колдонуу жөнүндө өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдар менен кеңеш кылат: «Баңбаң менен чыйтайым, Бадышалык тыйтайым» (Сагымбай Орозбаков, 4. 344).

БАҢДУУЛУ

— кытай, калмак кандарынын ордоканасына орнотулган коңгуроо. Анын негизги аткара турган милдети шаарды жоо басканда же эл башына кандайдыр коркунуч түшкөндө калкка шашылыш кабар берүү үчүн колдонулат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манастын Орго кан менен болгон согушунда эскерилет. Окуя боюнча Акунбешим пааша Шамың шаа деген баатырына Бооң менен Жайсаң аярды кошуп берип кароолго жиберет. Булар Манастын колуна туш келип Бооң менен Жайсаң курман болот да, Шамың шаа жарат алып, Акунбешимдин ордосуна келип, көргөн-билгенин айтып түшүндүрөт. Ошондо:

Ордокана коңгуроо —
Ваңдуулуга жеткени,
Майканага туруптур,
Баңдуулусун уруптур.
Каңгыраган добушун
Бир күндүк жер угуптур
(Сагымбай Орозбаков, 2. 126)

делип Акунбешим шашылыш кол жыйып Манас менен кармашууга камданат.

БАРАЙЫЗ

(арабча бе — айиз — акындардын ырларынан бириктирилген жыйнак) — жай ташты сууга салып күн жайлоо учурунда айтыла турган дубанын түрү. Негизги варианттарда Алмамбет күн жайлаганда айтылат:
Касыйдадан кат окуп,
Калмакча кара дуба жат окуп,
Барайыздан бат окуп,
Бачымыраак жат окуп (Сагымбай Орозбаков, 3. 150).

Эпостогу бул сүрөттөө касиеттүү эсептелген ар кайсы диний китептердеги дубалардан окуса жаан-чачын болуп, борошо түшөт деген элдик магиялык ишенимге ылайык айтылып жатат.

БАРАК КАН

— эпизоддук кейипкер. Көкчөнүн түпкү атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 98, 256).

БАРАҢ

(арабча-иранча — ференг, паранги) — этноним. Орто кылымда мусулман чыгышында элдер европалктарды ушундай аташкан (байыркы европалык этноним «франктын» өзгөртүлүп айтылышы). Эпосто кыргыздардан алыста жашаган эпикалык эл катары айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас Б. каны Балтаматты жеңгени өзүнчө чакая эпизод катары сүрөттөлөт. «Көкөтөйдүн ашында» Б-дын канына да башка элдер менен катар кабар айтылат: Молдобасан Мусулманкуловдун вариантынын «Семетей» бөлүмүндө Семетей менен араздашып, андан өч алууну ойлогон Чынкожо Б-дын каны Балтаматка жөө тентип барып, кызматын кылып, ишеничине кирип, алты жылдан кийин канаттуу кара атын, алты атар мылтыгын уурдап качканы айтылат. Саякбай Каралаевдин вариантында «маңдайында бараң бар, балталашчу душман далай бар» — делип кыргыздын жоосу катары эскерилет.

БАРАҢ

(арабча-иранча — паранги, франки) — мылтыктын аты. Милте менен от алдырган сайлуу мылтыктын бир түрү. Эпосто Б. «ак бараң», «сыр бараң» формаларында да сыпатталат. Б-дын түпкү теги «Франк мылтыгы» менен байланышып, ал адегенде түндүк Африкага, андан Алдыңкы Азияга, ошондой эле Орто Азияга (өзбектерге — фаранги милтик, кыргыздарга — Б. формасында) таралып, жоокерчиликте жана мергенчиликте урунган. Эпостогу «милтелерин чоктошуп, мылтыктарын октошуп» деп сүрөттөө милте коюп, дарысы, огу оозунан дүрмөттөлүп атылма Б. мылтык жөнүндө кабар берет. Б. «Манас» эпосунда башка жоо куралдары сыяктуу эле кеңири планда сүрөттөлөт. Азыр Б. мылтыгы музейлерде гана кездешет, к. Аккелте.

БАРБАЛДАЙ

— эпизоддук кейипкер. Үсөндүн (Көзкамандын) уулу экендигин Акбалта Манаска туш-тушка тарап кеткен элдин дайнын баяндаганда айтат (Саякбай Каралаев, 1. 108). Кийин Көзкамандар окуясында аты аталбайт, Көзкамандын тогуз уул делип айтылат.

БАРБАР

— топоним. Эсенкандын аярлары менен сыйкырчылары Манасты таап, тирүү алып келүү үчүн кең Б-ды кыдырат (Саякбай Каралаев, 2. 42).

БАРГАНА

Паргана — топоним. Эпосто кыргыздар байыртадан мекендеп келе жаткан жер катары көп кездешет. Географиялык реалия катары Фергана өрөөнү.

БАРГЕК

— желбирөөч сөйкө. Чыгыш аялдары маңдайына же чачына тагуучу алтын же күмүш желбирөөч: «Маңдайда баргек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас»). Эпосто Б. ыйык, касиеттүү деген мааниде да колдонулат: «Башын баргек талга жөлөгөн, Басташкан душман жүдөгөн» («Манас»). Кээде кооздук, чачы, чок маанилеринде да айтылат: «Баргектен боо мээлейим Колдо калган бир жанмын» (Сагымбай Орозбаков, 2. 314).

БАР-КӨЛ

Баркөл—топоним. Кыргыздар Алтайды мекендеп тургандагы бала Манас жолдоштору менен ар жагы Уркун суусу, аягы Б.-К., түндүгү Аңгир белине чейин салбырынга барат. Ошол жерден балдар Манасты кан көтөрүп кайтышат, Үрбү баштаган кыпчактар Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө Б.-К. аркылуу өтөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 233; 2. 160, 176, 207). Бул чоң көл Чыгыш Тянь-Шанда кытай аймаганда жайгашкан.

БАРКЫЗЫЛ

— Бакчабийдин байгеге чапкан күлүгү. «Көкөтөйдүн ашындагы» ат чабышта байге алган алтымыш аттын катарында айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 268).

БАРПЫ

— эпос боюнча кытай кандарын жашартып, узак жашатыш үчүн табыптар атайы даярдаган дары. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аны даярдоо ыкмасы төмөнкүчө баяндалат. Эсенкандын буйругу боюнча табыптар элдин он бир жаштагы өтө сулуу уул-кыздарын чогултуп бөтөн жан каттабаган ээн асем сарайда бир кыз, бир баладан жуп кылып багышат. Адегенде аларды күндүз бирге коюп, түн ичинде бөлүп кетип турушат. Күн өткөн сайын бири-бирине ашыктыгы күчөгөн аларды уламдан-улам сейрек кездештирип, аябай куса кылышат. Ошентип кыз-жигит он алтыга келип бири бирисиз жашай албаган абалга келгенде кошулгула деп дары чыланган таш карапага киргизип оозун бекитишет. Ашык болгон жаштар кучакташкан бойдон жан берет. Карападагы чыланган дарыдан денелери үч-төрт жылда буламыкка айланып, андан падышалык дары Б. даярдалат. Алмамбет Кытайда аскер башы кан болуп турганда Б. даярдоого туткундалган балдар — кыздар жөнүндө кокусунан билип калып аларды бошотуп, мындай залимдикке барган кытай кандарына кыжырланганы өзүнчө чакан эпизод болуп берилет.

Р. Сарыпбеков


БАРСА-КЕЛБЕС

Барса келбес — топоним. Түрк тилдүү элдердин фольклорунда көп кездешет, барган кишини өлүмгө дуушар кылуучу шумдуктуу жандыктардын, сыйкырдуу күчтөрдүн мекени катары айтылат. «Манас» эпосундагы Б. -К. эки мааниге ээ: биринчи — жалпы түрк мифологиясына таандык мифотопоним маанисинде, экинчи — өтмө, каймана түрдө, мисалы, адам өлгөндө баруучу тиги дүйнө маанисинде («Барса келбес чын жайдан»), Айрым түрк элдеринин фольклорунда алдына барган адам өлмөйүнчө келбеген залим падыша катары да айтылат. Мисалы, татар дастандарындагы Барса Килмас падыша (Татар халык ижаты: Дастанлар. — Казан, 1984, 73-б.).

БАРСКАН

— чоюн баш, башына темир бекитилген чокмор. Эпосто көбүнчө калмак-кытай жоокерлеринин куралы катары айтылат:

Күрсүлөрү өгүздөй
Күчтүүнүн баары ошондо
Барскандары өгүздөй
Балбандын баары ошондо
(Сагымбай Орозбаков, 4. 216).

БАРСКАН

— топоним. Жакып агасы Байдан Нескара алты миң кол менен Манас аттуу баланы издеп келе жатканын угуп, Балта карыяны Жети-Суу, Ала-Тоого кабарга жөнөтөт. Балта тынымсыз алты күн жүрүп, Иле суусун кесип Б., дарканда жашагандарга болгон окуяны кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 1. 192). Манас кан шайланганда кандыктын ээлигине кирген аймак катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 263). Бул эпизоддордогу Б. — жердин жана шаардын аты. 9—10-кылымдан баштап араб-перс авторлорунун эмгектеринде кездешкен маалымат боюнча Б. шаары Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Тоңго жакын жерден орун алган, карамагында төрт чоң жана беш кичине кыштак болгон. 9—11-кылымда бул жерлерде чигилдер жашаган. Б-дын башкаруучусунун «манак», «жетебин» аттуу титулу болгон. Ал керек учурда алты миң аскер чогулта алган. Батышынан Талас, Чүй өрөөнү, Боом капчыгайы, түштүгүнөн Фергана, Ош, Өзгөн, Арпа, Нарын аркылуу келген соода жолдору Б. шаарына келип кошулган.

Түрк элиндеги уламыштарда Яфеттин эки баласы болуптур. Анын бири Түрктүн Тутель, Барсхан жана Илак аттуу перзенттери болгон экен. Алардын акыркы үчөөнөн чигил, барскан жана илактар (Ангрен өрөөнүндө жашагандар) тараптыр. Бул уламышта Б-дын жана анын аймагын мекендеген чигилдердин эскертилиши бекеринен эмес.

Ө. Караев

БАРТАЛ АТ

(иранча жүк жүктөөчү ат) — Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас кырк чоросу менен ууга аттанганда, казатка жөнөгөндө, «Токсон баштуу жолум үй, Баарын чечип бүктөтүп, Бартал атка жүктөтүп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 263),— деп эскерилет.

БАС

— этноним. Эпосто кыргыз урууларынын бири Б. журтунан Эштектин Жамгырчысы экени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 61). Кыргыз санжырасында Б. деген уруу жок, бирок ал басыз менен уңгулаш.

БАСАНКУЛ

(түрк-моңголчо басаң — бешинчи күн, жума жана кул — эркектердин ысымына жалганчу мүчө) — эпизоддук кейипкер, Нескара арык каздырган алты миңден ашуун кишинин башчысы. Ары-бери өткөн жолоочуну кармап алып, атын союп салып, өздөрүнө тыным бербей иштетет. Арык чапкандар да Б-дан коркуп турушат. Манасты өлтүрүп, Жакыптын сан жылкысын тийип кетмекчи болуп, Нескара ал жердеги адамдарды түп көтөрө чогултуп Алтайга жөнөйт. Адашып маңгулдарга өтүп кеткен Нескаранын аскерлери Жакыптыкы деп маңгул байы Жайсаңбайдын жылкысын тийип алат. Жакып деп кармап алмакчы болуп Жайсаңбайды кууп келаткан Б-ду Таноо деген калмак атып өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 194, 211 — 215).

БАСЫЗ

— этноним, кыргыз элинин сол канатына жаткан уруулардын бири. «Манаска» анын баатырдык-тарыхый эпос болуп калыптануу мезгилинде кирген деп болжолдоого болот, чыгармада сырткы жоо менен кармаштарга башка уруулар менен бирдикте катышып келгени айтылат.

БАСЫМ

— кеп бирдиктеринин бир бөлүгүнүн күчтүү сезим менен айтылышы. Сөздөгү Б. (сөз ичинде), кептеги Б. (кайсы бир ойго түшкөн Б.) жана логикалык Б. (сүйлөмдөгү бир сөзгө түшмө Б.) болуп бөлүнөт. Эпосто көркөм каражат катары мунун акыркы экөө кеңири жолугат: «Алтын курбу доолду Даң дедире салганы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 138); «Атсыз келген чорого Аркар аяк, жез билек Ат мингизди зор Манас» (Саякбай Каралаев, 1. 196). «Манас» эпосунун аткарылыш обонунун да ар бир манасчыга тиешелүү өзгөчөлүгү бар. Манасчы ырды айтуу ыкмасына жараша муундарга, сөздөргө, кээде бир нече сүйлөмгө да өзгөчө В. берип айтат. Бул, албетте, кайсы бир ойдун же сөздүн окуяга тиешелүүлүгүн, мааниси зор экенин билдирет, к. Манастын обону.

БАТА

(арабча фатиха — тилек, башталыш) —

1) курандын биринчи сүрөөсүнүн (главасынын, бөлүмүнүн) аты;

2) дүйнөдөн кайткан адамга куран окуу, үйүнө барып көңүл айтуу. «Манаста» Б. түрдүү окуяларга, көрүнүштөргө, өлүмгө, сөөк коюуга, эскерүүгө байланыштуу кеңири айтылат. Мисалы, өлүктү коюуга, эскерүүгө, башкача айтканда Көкөтөйдүн ашы, Кичи казатта окко учкан элдик баатырлардын жана Манастын өлүмүнө байланыштуу эскерүүлөрдө Б. берилет;

3) ошондой эле тилек, каалоо, алкоо иретиндеги жана болочокто боло турган окуяны, ишти алдын ала билдирүү иретинде да айтылат. Эпосто эскерилген Б-лардын эң негизгиси баатыр баланын кереметтүү бойго бүтүү мотивинин эволюциялык өнүгүүсүндөгү элементтердин бири Б-нын магиялык күчүнө ишенүү түшүнүгү менен байланышкан. «Манас» эпосунун көпчүлүк варианттарындагы туруктуу мотив — Кошойдун Б-сы менен Семетейдин бойго бүтүүсү. Каныкей узакка балалуу болбой жүрөт. Балалуу болуш үчүн атайын аракеттер жасайт: «Бабам Кошой кийсе деп, Бала үчүн жүрөм ынтызар. Батасы мага тийсе — деп», (Сагымбай Орозбаков, 3. 209), «Батасы журтту байыткан» Кошойдун Б-сын алуу үчүн ага атайы арнап 12 жыл шым жасайт, анын Б-сын алгандан кийин боюна бүтүп, Семетей төрөлөт. Эпосто Кошой карыянын тилеги, максаты тике баяндалат: Катылышкан душманын Өгөөлөсүн темирдей. Акыры туулса эркек уул Аты болсун Семетей (Сагымбай Орозбаков, 3. 214),— деп үчилтиктин экинчи бөлүгүнүн баш каарманын Б-дан бойго бүтүргөн уруулук тотем же уруунун башчысы касиеттүү карыя гана болбостон, ага ат койгон да калк карысы Кошой болот.

«Манас» эпосундагы Кошойдун Б-сы Манаска, анын жеңиштерине, уулу Семетейге арналган. Бул Кошойдун Манас баатырга бекем берилгендигин айгинелейт. Чынында эле Кошой өмүрүнүн аягына чейин, башка кандардай болуп Манастын бийлигинен баш тартпаганы, ак ниет кызмат кылганы эпосто баса белгиленет. Түрк-моңгол эпосторунда Кошойдун тибиндеги каармандар көп кезигет. Мисалы, көпчүлүк түрк элдеринин оозеки чыгармаларында белгилүү кейипкер Коркут атанын образы көп жагынан Кошойдун образына типтеш. Ал образ түпкүлүгүндө тотемдик атага барып такалары атайы изилдөөлөрдө белгиленген.

С. Алиев

БАТМАБҮБҮ

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо салтында күлүгү кырк биринчи келген Көк коён тагдырына буюрган Б-гө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 427).

БАТМАН

(иранча — оордуктун өлчөмү) — кыргыздарда Октябрь революциясына чейин колдонулуп келген салмак чен бирдиги (4 пуддан 16 пудга чейин), кай бир жерлерде аянт өлчөө бирдиги (мисалы, Талас өрөөнүндө 2 теше жерге жакын). Чыгыш өлкөлөрүнүн көбүндө колдонулат. «Манас» эпосунда Б. салмак бирдиги катарында чагылдырылган:

Алты батман данды жеп
Дан жыттанган чоң Жолой.
Жети батман буудай жеп,
Дан жыттанган чоң Жолой
(Сагымбай Орозбаков, 3. 120, 121),

«Үч жүз батман салмагы Соот деген жонунда» (Сагымбай Орозбаков, 2. 134), Жыйырма батман туулга Кийип алып тургандар (Сагымбай Орозбаков, 4. 210).

БАТМАСАМ

— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ат чаап жар тандоо салтында аты алтынчы келген Мажик тагдырына буюрган Б-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 418, 423).

БАХРИНДЕР

Баарын — этноним, түрктөшкөн моңгол уруусу. Моголстан мамлекетинин (14-кылымдын ортосу, 17-к.) Жети-Суу аймагында жашаган. «Мажму ат-таварихте» алар Манастын башкы душманы Жолойго каршы согушка катышышат. Б-дин башында Моголстан мамлекетинин улус башкаруучуларынын бири Энге-Төрө турган. Ал Жолойго каршы уулу Мухаммед-бек баш болгон он миң моголдорду жиберген. «Манас» эпосунун кийинки учурларда жазылып алынган варианттарында кыргыз урууларынын бири катары эскерилет. Элдик санжыра боюнча Б. оң канатка кирген уруу.

БАЯНДОО

— эпикалык чыгармаларда айтуучунун (автордун) речи, башкача айтканда каармандардын тике сөзүнөн башка чыгарманын толук тексти. Айтуучунун жеке талантына, диндик-идеологиялык түшүнүгүнө, улуттук психологияга, салт-санаага ылайык ар бир манасчыда Б. өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Эпикалык чыгармаларда, анын ичинде «Манас» эпосунда Б. ыкмасы кеңири колдонулат. Жаратылыш кооздугун сүрөттөөдө, жүрүп жаткан окуяга баа берүүдө, каармандын айлана-чөйрөгө жасаган мамилелерин, иш-аракеттерин көрсөтүүдө, каармандарга портреттик мүнөздөмө берүүдө, психологиялык абалын сүрөттөөдө, эпизод менен эпизодду, окуя менен окуяны байланыштырууда Б. кеңири пайдаланылат. Эпосто сюжеттин өнүгүшү негизинен манасчынын Б-су аркылуу ишке ашырылат да, каармандардын иш-аракеттери эпикалык Б-дон башка диалог-речтер жана монолог ой-жүргүзүүлөр менен жабдылат. Эпикалык Б. каармандардын ички сезимдерин, карым-катышын, эпикалык сүрөттөмөлөрдү, пейзаждык көрүнүштөрдү, эпикалык мезгил, кыскача речтерди, ошондой эле окуялардын талкууланышын, мотивдердин, кырдаалдардын түшүндүрүлүшүн ичине камтыйт. «Манас» эпосунда Б. эки түрдүү формада — тигил же бул окуяга киришүү алдында кара сөз (жорго сөз) жана көп учурларда ыр түрүндө берилет.

К. Кырбашев

БАЯНДОС

— эпосто башы балык, аягы адам түспөлүндөгү элдин аталышы. Көкөтөйдүн ашына чакырылган көп элдин бири катары эскерилет: «Аягы адамдай бөлүнгөн, Башы балык көрүнгөн Баяндос деген бири бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 15). «Манас» эпосунун айрым вариантында Б. этноним эмес, адамдын аты катары да айтылат. Анда Б. терс каармандардын бири, качыр минген калмак баатыры болуп берилет.

БАЯНДЫ

(моңголчо баян — бай, байлык) — топоним. Араниктеги согушта Манас менен Кеселиктин колу беттешкен талаа (Курама варианты, 1. 115). Эпос боюнча бул жердин орду — Каңгай Моңголиянын ортолук бөлүгү. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манастын сөөгү Б. талаасына коюлат (Сагымбай Орозбаков, 4. 353).

БАЯНДЫ-СУУ

— топоним. Чоң казаттын башталышында кыргыздар тийген жылкысынын артынан кууп келаткан Коңурбайды Сыргак сайган жер (Сагымбай Орозбаков, 4. 297).

БАЯНЧОР

— эпизоддук кейипкер. Ошпурда козу кайтарып жүргөн Манас Чегебай (Кутубий) экөө козу союп алышып, эт бышырганга оту жок отурушса калмак чал Б. келип калат. Оттугун сураса бербей коет. Жини келген Манас Б-дун оттугун бычагы менен кошо тартып алат (Сагымбай Орозбаков, 1. 116 — 118).

БАЯР

— топоним. Кыргыздар калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошотконунда:

Табам деп бурут жайыңды
Баят Чолак-Кайыңды
Баяр менен Шорону
Баят өтүп шолорду
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 663-б.),

— деп Шүмшүң аяр уйгур менен кыргыздардан Кулутканы куткаруу үчүн келатканда Б. аркылуу өткөндүгү айтылат.

БАЯС

— жалпы эле кыргыз фольклорунда кездешүүчү мифтик жандык. «Манаста» адаттан тышкаркы укмуштуу жаныбарлар жөнүндө сөз болгондо, мисалы, Алоокенин ажайыпканасы сүрөттөлгөндө: «Кызыл аюу саяс бар, Кылыч куйрук баяс бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 183) делип Б-тын аты эскерилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Б-тын фантастикалык толук кебете-кешпири «Дөө-пери жомогунда» кеңири берилет. Б. токойду аралап өткөндө куйругу менен чапкан куу жыгачтар өрттөнүп, карагайлар каршы-терши кулайт, «кырк жолборс бир келсе да» «таш-талкан кылып, чайнап жутуп салат». Ал «он эки асый өгүздөй, соорусу, көкүрөгү даңкайган», «башы он беш карыш казандай», «арсайган азуулары канжардай», «болот тырмагынын учунда заары бар» жандык болот. Б. жолборстун чоңу тайбасты жарадар кылып кууп келе жатканда ууга чыккан мергендер атып өлтүрөт. Мындай фантастикалык жаныбарлар элдик оозеки чыгармаларда гана эмес, евразия талааларында скиф доорунан бери карай «айбанат стили» деген жалпы ат менен археологиялык табылгалары жолуккан искусство чыгармаларында кеңири белгилүү. Б. сыяктуу жаныбарлардын образы кээ бир изилдөөчүлөр болжошкондой эпоско кийинки айтуучулардын фантазиясынан жаралып киргизилбестен, ошол байыркы элдердин чыгармачылыгынан келе жатышы ыктымал.

И. Молдобаев, Р. Сарыпбеков

БЕГАЛИЕВ Муратбек Акимович

(1955, Жумгал району, Миң-Куш шаарчасы) — кыргыз композитору. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1985). Б. Москвадагы П. И. Чайковский атындагы консерваторияны (1983) бүткөн. Б. СССРдеги жана чет элдик көптөгөн ири коллективдерде аткарган түрдүү жанрдагы музыкалык чыгармалардын автору. Ал «Манас» темасына кайрылып «Манас» аттуу симфониясын (1990), «Манастын уулу Семетей» драмасына музыка жазган. Ошондой эле көпчүлүк чыгармасында «Манас» темасы чагылат.

БЕГАЛИЕВ Сапар

(1934, Ысык-Көл району, Орто-Өрүктү айылы) — адабиятчы, «Манас» изилдөөчү. Филология илимдеринин кандидаты (1968), доцент (1977). Ленинграддагы Герңен атындагы педагогика институтун бүтүргөн (1958). 1959—61-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунда аспирант. 1961-жылдан «Манас» секторунда кенже, улук илимий кызматкер. «Манас» эпосунун поэтикасы» деген темада кандидаттык диссертациясын (1967) коргогон. 1970-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин улук окутуучусу, доцент. 1983—89-жылдары СССР элдеринин адабияты кафедрасынын башчысы. Б-дин илим майданындагы эмгек жолу негизинен «Манас» эпосун изилдөөгө арналган. Ал «Манас» эпосунун поэтикасы» (1969), ««Манастагы» көркөм каражаттар» (1988) аттуу монографияларды, «Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы» (1979) окуу методикалык куралын жазган. Филология факультетинде «Манас» эпосу боюнча атайын курсту окутат. Кыргыз ССР эл агартуу отличниги (1984).

БЕГИМЖАН

— эпизоддук кейипкер, Айчүрөктүн нөкөрлөрүнүн башчысы. Күлчоро Үргөнчтөн өтүп келип, Айчүрөккө жолуккандагы эпизоддо Б-дын ысымы аталат (Курама варианты, «Семетей», 189).

БЕГИШ

— эпизоддук кейипкер. Ала-Тоого көчкөндө жана Орго кан менен болгон согушта кыргыздар тараптагы уруу башчылардын катарында Б. аярдын аты гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 30, 94).

БЕДӨӨ

(арабча беди — чөл; бедуин — чөлдүк эл, чөлдүктөр) — Арабия чөлдөрүндө жашаган көчмөн жана чала көчмөн арабдарга берилген жалпы ат. «Манас» эпосунда эпикалык тулпар аттарга карата гана айтылат. Мисалы, «Алты бедөө ат берди, Колубузга кат берди» (Сагымбай Орозбаков, 4. 35). Чөлдүк көчмөн арабдардын (бедуин) аттары чыдамкай, чаалыкпас жылкынын тукумунан болгондуктан, согуштук окуяларда жоокерлер минип, анын артыкчылык сапаттары сыноодон өткөн. Ошондуктан, араб (бедуин) аттары эпосто «бедөө» («бедөө ат») деген термин «чаалыкпас ат» деген жалпы мааниде негизги варианттарда колдонулат.

БЕДӨӨҢ

— эпизоддук кейипкер, Чыраш уруусунан. Көкөтөйдүн ашында Коңурбайга болушуп, чыр чыгаруу кеңешине катышкан кытай улуктарынын бири катары аты гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 3. 261).

БЕЙИШ

(иранча жаннат, жыргал жай) — дин ишениминде дин жолунан чыкпай жүргөндөргө «тиги» дүйнөдөн берилүүчү жыргалчылык, ыракат жай, жаннат. Жалпы эле жыргал, ыракат маанисинде да жолугат. Таптык коомго чейинки диндерде Б. жөнүндө түшүнүк болгон эмес. Таптык коомдун пайда болушу менен келип чыккан ислам дининин тагы «Манастын» ар бир вариантында бар, анын ичинде Сагымбай Орозбаковдун вариантында диндик ишенимдер көбүрөөк орун алган, анда Б. төмөнкүчө сүрөттөлөт.

Турпагы жыпар, суусу бал
Бейиштин жайын угуп ал.
Көхар болор көз учкан
Бейишке чыккан терек, тал.
Уксаң сонун ушу деп
Нурдан болор кушу деп,
Лайли жакут сарайы
Буга кирип кете албас
Мусулмандын далайы.
Шол бейиштин жемишин
Бу дүнүйөдө ашасаң,
Өлбөй миң жыл жашасаң,
Бузулбас эле калыбың.
Миң жыл жүрсөң наарсыз,
Ачпас эле карының
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 828-829-б.).

Андан ары «Шейиттердин жайы деп, Сегиз бейиш жаралганы» айтылат . Ислам дини боюнча шейит кеткен адамдын жаны эч суроосопкутсуз эле Б-ке барат деп эсептелинет. Б. жана тозок жөнүндөгү түшүнүк башка варианттардан да орун алган. Алардын айрымдарында Б-ке элдик атеисттик көз караштан баа берилип, ага элдин анча ишене бербестиги көрсөтүлөт. Чоң казат аяктап калганда, эл эсебин алышса, кыргыз колунан Төштүк менен Чубак жок болуп чыгат. Манас санаага батып, кол ал түнү жатып калат. Эртеси таң ата «дин мусулман баарысы» багымдат намаз окуй баштаганда, Нескараны баш кылып, кытайдын кырк төрөсүн байлап алып айдап келе жаткан Чубак көрүнөт. Намазын бузуп барбалактап тура калган Манас:

Аппак кожо — Айкожо
Кереленип каласың
Кечке окуу саласың
Бейишиңди өзүң ал,
Береним Чубак келатат
(Саякбай Каралаев, 2. 155).

Мындан Манастын өзү деле дин жолунда жүргөнү менен ага болгон кайдыгер мамилеси байкалат.

Ы. Кадыров