БЕК — ВУЛЬГАРИЗМ
- БЕК
- БЕКБОЛИЕВ Эгемберди Жайлобекович
- БЕКБОТО Итике уулу
- БЕКЕБАЙ
- БЕК-ЖАЙЛОО
- БЕКЗААДА
- БЕКИШ
- БЕККОЖО
- БЕКМУРАТОВА Салима Саидовна
- БЕКТЕНОВ Зияш
- БЕЛДЕМЧИ
- БЕЛ-ДӨБӨ
- БЕЛ-ЖАЙЛОО
- БЕЛ КУДА
- БЕЛ-МОЙНОК
- БЕЛ-САЗ
- БЕРДИБАЕВ Рахманкул
- БЕРДИБАЙ
- БЕРДИБЕК
- БЕРДИКЕ
- БЕРКОВ Павел Наумович
- БЕРНШТАМ Александр Натанович
- БЕШ-БУГУ
- БЕШИК-БОЗ
- БЕШ-МОЙНОК
- БЕШ-ТАШ
- БЕШ-ТЕРЕК
- «БИБЛИОГРАФИЧЕСКИЙ УКАЗАТЕЛЬ ЛИТЕРАТУРЫ О "МАНАСЕ"
- БИБЛИОГРАФИЯ
- БИЙ
- БИЙ
- БИЙНАЗАР
- БИЛЕРИК
- БИОГРАФИЯЛЫК ЦИКЛДЕШТИРҮҮ
- БИР АРТИСТТИН ТЕАТРЫ
- «БИРИНЧИ КАЗАТ»
- БИРМОЮН
- БИРМЫСКАЛ
- БИЧИК
- БОГДАНОВА Медина Искендеровна
- БОЗАЙГЫР
- БОЗБАЛА
- БОЗБАЛА
- БОЗ-БӨЛТӨК
- БОЗ-ДӨБӨ
- БОЗЕК
- БОЗКАЧЫР
- БОЗКЕРТИК
- БОЗ КИСЕ
- БОЗ МОЙНОК
- БОЗТАЙЛАК
- БОЗ-ТАЛАА
- БОЗУУЛ
- БОЗ ҮЙ
- БОЗ-УЧУК
- БОЙТОРУ
- БОКЧО
- БОЛЖОҢ
- БОКМУРУН
- БОЛОТ
- БОЛОТ
- БОЛОТ
- БОЛПОКАН
- БОМБЕЙ
- БООБЕК
- БООБЕК
- БООКЕ
- БООКЕ
- БООҢ
- БОР
- БОРБИЕВ Нуртай
- БОРБУГУЛОВ Мухтар
- БОРКАРА
- БОРОВКОВ Александр Константннович
- БОРОНОВ Адина Айылчиевич
- БОРООНЧУ
- БОТАЛИЕВ Ашыралы
- БОТБАЙ
- БОТОКАН
- БОТОКУР
- БОТО-МОЙНОК
- БОТОНУН-БЕЛИ
- БОТОНУН САЗЫ
- БӨБӨТАЙ
- БӨГӨЛ
- БӨЙӨН
- БӨЙӨН
- БӨЙРӨК
- БӨКӨ
- БӨКӨ
- БӨКӨ
- БӨКӨЙ
- БӨКӨН
- БӨКӨНБАЕВ Жоомарт
- БӨЛӨКБАЙ
- БӨРК
- БӨРҮБАЙ Султан уулу
- БӨРҮКӨЗ
- БӨРҮ
- БӨРҮКӨК
- БУГУЛУК
- БУДАҢЧАҢ
- БУДАЧА
- БУДУРМАК
- БУЗУЛГАН ЧАМБЫЛ
- БУЙДА-СУУ
- БУКАР
- БУЛАГАСЫН
- БУЛА-КЫР
- БУЛГУР
- БУЛДУРСУН
- БУЛТА
- БУРАК АТ
- БУРАМБЕК
- БУРКАН
- БУРКАН
- БУРКАН
- БУРМАЖАН
- БУРУЛКАН
- БУРУЛКАН
- БУРУЛЧА
- БУРУТ
- БУРЧАК
- БУТ
- БУТАЛАЧ
- БУТКАНА
- БУУДАЙБЕК
- БУУДАЙБЕК Сабыр уулу
- БУУДАЙКАН
- БУУДАЙЫК
- БУУЛУМ
- БУУРАКАН
- БУУРАКАН
- БУУРУЛ-ТОО
- БУЧАЛА
- БУЯНБЕК
- БҮБҮ
- БҮТКҮЛ СОЮЗДУК V ТҮРКОЛОГИЯ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
- ВАРИАНТ
- БЫЖЫ
- БЫЛКЫЛДАК
- БЭЭЖИН
- ВАЛИХАНОВ Чокон Чынгызович
- ВАРВАРИЗМ
- «ВАРИАНТЫ ЭПОС "МАНАС"»
- ВАСИЛЬЕВ Владимир Яковлевич
- «В.В. РАДЛОВДУН ЖЫИНАГАН МАТЕРИАЛДАРЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ЛЕКСИКАЛЫК ЖАНА ГРАМАТИКАЛЫК ОЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ»
- «ВВЕДЕНИЕ В ИЗУЧЕНИЕ «МАНАСА»
- В.В. РАДЛОВДУН ЖЫИНАГАН МАТЕРИАЛДАРЫДАГЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ФОНЕТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
- ВИНОГРАДОВ Виктор Сергеевич
- ВЛАСОВ Владимир Александрович
- ВОЛКОВ Геннадий Никандрович
- ВУЛЬГАРИЗМ
БЕК
бег, бей, бий (түрк. — бийлөөчү, төрө; ал амир же эмир дегендин синоними) — эпосто кезиккен бийлик даражаларынын бири: «Жедигер Чегиш калды, Жети бек тегиз калды» (Сагымбай Орозбаков, 4. 9). Б. аскердик титул катары да учурайт: «Жүз миңге барып бек кылды, Дүйнөгө сонун кеп кылды» (Сагымбай Орозбаков, 4. 124). Алтын Ордонун каны мусулман динин кабыл алган моңгол нойондоруна Б. титулун берген. Б. Кыргызстанда Кокон кандыгынын мезгилинде болгон. Ал канга түздөн-түз баш ийип, вилайетте бүт бийликти өз колунда кармап турган, элден алык-салык жыйнатып кандын казынасына өткөргөн, аскерине толуктоо жиберип, өз вилайеттеги жоокерлерге башчылык кылган.
БЕКБОЛИЕВ Эгемберди Жайлобекович
(1955, Панфилов району, Букара айылы) — драмалык артист. Кыргыз ССРинин эмг. сиңирген артисти (1986). Кыргыз драма театрында эмгектенет.
Ал «Манастын уулу Семетей» (1982) драмасында негизги ролдордун бири Абыкенин өзүмчүл, мансапкор, арам ойлуулугун ишенимдүү ачкан. «Сейтек» (1986) драмасынын баш каарманы Сейтектин образын ачууда Б. аны ата-бабанын ишин улап, туулуп-өскөн жерди ички-тышкы душмандардан коргогон чыныгы баатыр катары көрсөтө алган. Ошондой күрөштөрдүн бирине Сейтектин Кыясты жок кылышы кирет. Кыясты жок кылууда Сейтек өзү жалгыз эмес, Күлчоро, Айчүрөктөрдүн жардамына таянат, бул аркылуу драмада күч бирдикте экендиги жөнүндөгү идея ишке ашат. Б. «Айкөл Манас» драмасында да Сыргактын ролун, анын баатырдыгын жогору деңгээлде аткарууга жетишкен.
БЕКБОТО Итике уулу
— (1868, Тянь-Шань району, Бас-Кыя айылы — 1948, ошол эле жер) — семетейчи. Кара-моңолдор уруусунан. Анын айткан «Семетейи» жазылып алынбаган. Ал жөнүндө: «Бекбото эт бышымча «Семетей» айтты»; «Аттар алыс айдалып, күлүктөр кайра келгенче Бекботого «Семетей» айттырып отурдук»; «Биринчи жолку чоң шайлоодо (1936) Бекботого түнү менен «Семетей» айттырып олтурдук»; «Ата Мекендик согуш учурунда майданга аттанган жоокерлерди Казан-Куйганга топтогондо Б. ырчыны атайын алдырып ырдатып, «Семетей» айттырганыбыз» деген сөздөр эл арасында сакталып калган.
БЕКЕБАЙ
— эпизоддук кейипкер, Үсөндүн — Көзкамандын баласы. Манас атасы Жакыптан тегин сураганда туш-тушка тентип кеткен туугандарынын жайын айтып, Жакып Б. бир тууганы Үсөндүн баласы экендигин Манаска билдирет (Сагымбай Орозбаков, 1. 137). Көзкамандардын окуясында да айтылат. Саякбай Каралаевдин вариантында жок.
БЕК-ЖАЙЛОО
— топоним, Көзкамандар уу берип жарадар кылган Манасты Каныкей алып качкан тараптагы ашуу (Курама варианты, 1. 279).
БЕКЗААДА
Бек заада, Бек зат — бектин баласы, бектин тукуму, теги ак сөөк. «Манас» эпосунда калк башкарган көпчүлүк кейипкерлер Б. деп аталат:
Калк ичинде баркы бар —
Төрө заада төртөө бар,
Кан заададан канча бар,
Бек заададан бешөө бар
(Сагымбай Орозбаков, 2. 241).
«Манастын Каныкейди алганы» окуясындагы «Бекер келген мен эмес, Бекер неге жүрсүң деп, Бекзаада айтар кеп эмес» (Сагымбай Орозбаков, 2. 357),— деген саптар Б-нын калкка кадыры өтүмдүү, сыпаа жан экендигин айгинелейт.
БЕКИШ
— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашына чакырылган баатырлардын бири (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 77-б.).
БЕККОЖО
Манас Торучаарды окко учуруп жөө калганда жардамга келген Кошой Манаска арнап алып келаткан Айбанбозду берет. Ушул эле жерде «Беккожо берген Айбанбоз азыр эми токунуп» (Саякбай Каралаев, 1. 159) деген саптар бар. «Беккожо» деген сөз адамдын аты же Кошойго карата айтылган, анын кандайдыр бир артыкчылыгын билдирген наам же даража болушу этимал.
БЕКМУРАТОВА Салима Саидовна
(1932, Кара-Суу району, Жыл-Келди айылы) — опера ырчысы (лирикалык сопрано), Кыргыз ССРинин эл артисти (1973). Б. «Айчүрөк» операсынан Айчүрөктүн, «Манас» операсынан Канайымдын партияларын лирикалык маанайда, ырчылык жогорку чеберчилик менен аткарып, кыргыздардын акылман кыздарынын жаркын образын түзгөн.
БЕКТЕНОВ Зияш
(1911, Түп району, Кең-Суу айылы) — кыргыз филология илимин негиздегендердин бири, ардактуу профессор (1991), котормочу, жазуучу. «Манас» эпосун алгачкы изилдөөчүлөрдөн.
1946 —47-ж. СССР Илимдер акдемиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил жана адабият институтунда «Манас» секторун башкарган. 1940-ж. «Манастын» 1-бөлүгүнүн сюжетин кара сөзгө айлантып жазып чыккан. Бул бөлүк согуш жылдарында орус тилине которулган жана орус илимпоздорунун эпос менен таанышуусуна өбөлгө түзгөн. Б-дун «Манас» эпосу жөнүндө лекциялары кыргыз үналгысынын алтын фондусуна жазылып алынган. Манасчылар, анын ичинде Саякбай Карала уулу жөнүндө эскерүүлөрдү жазган.
БЕЛДЕМЧИ
1) согуштук кийим;
2) аялдардын белден ылдый тартынчу кийими. «Манаста» согуштук кийим маанисинде гана кеңири айтылат. Согуштук беттешүүдө жоокердин бел курчоосун тизеге чейин октон, найза, кылычтан сактоо максатында кийилет. Эпосто «Белдемчи темир байланып, Бел булуттай айланып...» (Сагымбай Орозбаков, 2. 212), — деп айтылат. Кийиз менен кайыштан кабатталып шырылып жасалат. Сыртына темирдин калкан бөлүкчөлөрү кадалат. Ал чопкут, чарайна, карыпчы жана башкалар кийимдер менен кошо кийилген. Атка минүүгө, кыймылдоого жараша Б-нин алды арты ачык болот.
БЕЛ-ДӨБӨ
топоним. «Үч кайкаңдын Бел-Дөбө, Үч айланта кууду эми» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 38),— деп Бакай Букарга качкан Каныкей, Чыйырды жана Семетейди артынан издеп чыкканда Кумайыкты шаштырып из чалдырганы айтылат.
БЕЛ-ЖАЙЛОО
— топоним. «Улуу суунун боюнда, Бел-Жайлоонун оюнда Суусамыр келчү жолунда» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 530-б.). Үрбү менен Мунар Кочкордогу Арсы калдайды чапканы айтылат. Географиялык реалияда Кочкордун түндүк батышындагы жайлоо (туурасы Ак-Бел).
БЕЛ КУДА
— ата-энелердин балдары төрөлө электе эле кудалашуусу. Ымаласы жакын адамдар өздөрүнүн жакындыгын бекемдөө же сөөк жаңыртуу максатында, же жоокерчилик согушта жеңилген элдин башчысынын жеңген тараптын каны менен достошкон учурда, эгерде келечекте бири уулдуу, экинчиси кыздуу болсо баш коштуруу үчүн кудалашкан. Никенин мындай түрү алгачкы жамаат коом менен байланышкан. Өнүгүүнүн бул баскычында бир уруунун кыздары, экинчи бир уруунун балдары менен (туулгандан тартып) колукту, күйөө болушкан. Тарыхый-этнографиялык материалдар ырастаган никенин бул түрү бизге жумшартылган, өзгөргөн түрүндө келип жетти. Болочокку баатыр менен анын ала турган колуктусун алар төрөлө электе эле бири-бирине ыйгарып коюу, кээде экөөнүн бир убакытта төрөлүшү, алардын бойго жеткенде бири-бирин издешип, акырында ар кыл кыйынчылыктарды башынан өткөрүп үйлөнүшү да түрдүү эпостордо кеңири кездешкен эпикалык салттардан. Мисалы, өзбектердин «Алпамыш», казактардын «Козу Көрпөш менен Баян сулуу», түркмөндөрдүн «Тахир менен Зухра» эпосторунун баш каармандарынын жана алардын алган колуктусунун аталарынын Б. к. болушканын айтсак болот. Кудалашуунун бул түрү «Манаста» да чагылдырылган. Эпосто Семетей менен Айчүрөк төрөлө электе эле Манас менен Оогандын каны Акун Б. к. болушат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Акун кан колго түшүп, Манас менен достошуп кудалашса, Саякбай Каралаевдин вариантында:
Кан Көкөтөй ашында,
Калың жыйын кашында,
Канкор Манас Акунга
Бел куда болгон жери бар
(Саякбай Каралаев, 2. 54),
— деп сүрөттөлөт. Көп өтпөй Манас уулдуу, Акун кыздуу болуп, баланын аты Семетей, кыздын аты Айчүрөк коюлат. Эпосто Семетей менен Айчүрөктүн үйлөнүшү Б. к-лык салт боюнча эмес, ыктыярдуу эркин махабатка негизделген.
С. Алиев
БЕЛ-МОЙНОК
— топоним. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Акбалтанын кеңеши менен Манас Кошойду издеп жүрүп, Б.-М-ту ашат (Саякбай Каралаев, 1. 109). Географиялык реалияда Текес дарыясынын баш жагындагы жапыс ашуу.
БЕЛ-САЗ
— топоним. Жакып жайлаган жайлоо. Алмамбеттин келишин Б. С-ды жайлап жаткан Жакыпка Манастын төрт чоросу сүйүнчүлөп барат.
Самаркандын сыртында, Бээ байлап Бел-Саз, Кырчында, Жаткан экен Жакып бай, Малын багып, жайма-жай (Сагымбай Орозбаков, 2. 334).
БЕРДИБАЕВ Рахманкул
(1927, Түш. Казакстан облусунун, Түркстан району, Ихон айылы) — адабият таануучу, фольклорчу, филология илимдеринин доктору, профессор, Казакстан Улуттук Илимдер акдемиясынын корреспондент-мүчөсү, Казакстандын илимине Эмгек сиңирген ишмер, Казакстан Улуттук Илимдер акдемиясынын М. Ошондой Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институтунун фольклор бөлүмүнүн башчысы. Б. чыгармачылык жолунда казак жана боордош элдердин адабияттарынын ар салаасын камтыган миңден ашык макала, жыйырмадан ашык китеп жазган. Фольклорчу катарында казак эпосу, ырчылык өнөр жөнүндө бир нече эмгектери бар. Айрыкча, «Казак эпосу» деген монографиясында көөнө баатырдык, ашыктык жана нагыз тарыхый эпостордун жанрдык орток окшоштуктары менен өзгөчөлүктөрү, алардын стадиалдык өнүгүшү изилденип, казак эпостору менен түрк-моңгол калктарынын (кыргыз, башкырт, бурят жана башкалар) эпикалык чыгармалары тарыхый-типологиялык планда салыштырылган. Монографияда «Манас» менен казактардын баатырдык «Кабыланды баатыр», «Алпамыш» эпосторун тарыхый-типологиялык планда салыштырууга кыйла көңүл бөлүнгөн. «М. Ауэзов — «Манас» изилдөөчү» (1987), «Ч. Валиханов жана кыргыз фольклору» (1989) аттуу эмгектердин автору. В. 1988-ж. Фрунзеде өткөн «Манас» эпосу боюнча бүткүл союздук симпозиумга активдүү катышып, «Манас» жана казактын эпикалык традициясы» деген темада доклад жасаган. Б. докладында кыргыз жана казак элдеринин эпикалык салттарынын окшош, жакын белгилеринин бир катар себептерин жана шарттарын ачып көрсөтөт.
Р. Сарыпбеков
БЕРДИБАЙ
— Эпизоддук кейипкер. Жакып Атемир менен кудалашып келгенден кийин, кудага кайра кантип баруу жөнүндө жакындарын чогултуп, кеңеш курган жыйынга келген аксакалдардын катарында аты гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 383).
БЕРДИБЕК
— Сыргактын өз аты.
БЕРДИКЕ
— кейипкер, Жакыптын айылдашы, кеңешчиси. Алтайдагы окуялардан баштап, Манас Каныкейге үйлөнгөнгө чейинки эл чогулган жыйындарга, кеңешүүлөргө катышат. Көбүнчө Акбалта менен катар айтылып («Акбалта менен Бердике, Ак сакалдар барышты», Сагымбай Орозбаков, 2. 435), керек жерде кебин эл уккан нарктуу, насааттуу кары.
БЕРКОВ Павел Наумович
(1896, Белгород-Днестровский —1969)— орус совет адабиятчысы, СССР ИА корреспондент мүчөсү (1960). Ал 18-,19-,20-кылымдагы орус адабияты, анын чет элдер адабияттары менен байланыштары, театр, журналистика, китеп таануу, библиография, адабият таануунун техникасы менен методикасы боюнча көптөгөн эмгектерди, СССР элдеринин адабияттарын изилдөөгө арналган бир нече макалаларды жазган. «Манас» эпосун иликтөөгө да көңүл бөлүп, «Алтайский эпос и «Манас»" деген макала жазып «Манас» эпосун түрк тилдүү башка элдердин эпостору, атап айтканда, Орто Азия менен Казакстанда кеңири тараган «Алпамыш» жана алтайлыктардын «Алып-Манаш» аттуу эпикалык чыгармалары менен салыштырып караган. К. Сагидова менен бирдикте «Манас» эпосу жөнүндөгү адабияттар боюнча жети жүздөн ашуун наамдан турган библиографиялык көрсөткүчтү түзүшкөн.
БЕРНШТАМ Александр Натанович
(1910— 1956)— советтик көрүнүктүү тарыхчы, археолог жана этнограф. «Манас» эпосун тарыхый жактан изилдөөчү. Тарых илимдеринин доктору (1942), Ленинград мамлекеттик университетинин профессору (1946—52). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1945).
1940-жылдан КПССтин мүчөсү. 1931-ж. Ленинград мамлекеттик университетинин география факультетиндеги этнография бөлүмүн бүтүргөн. Мамлекеттик Ленинград материалдык маданият тарыхы академиясынын (кийинчерэзк СССР ИА материалдык маданият тарыхы институту) кенже илимий кызматкери жана аспиранты 1931—34)'. Андан кийин өмүрүнүн аягына чейин ошол эле институтта улук илимий кызматкер. Б. 250дөн ашык эмгектин автору. Ал «Манас» эпосуна байланыштуу 20дан ашык илимий жана илимий-популярдуу эмгектерди, макалаларды жазган. Алардын көпчүлүгү 1940— 50-ж. «Советтик Кыргызстан», «Советская Киргизия», «Вечерний Ленинград» жана башкалар газетажурналдарга жарыяланган. Атайын «Манас» эпосуна арналган илимий макалаларынын арасынан көрүнүктүүлөрү (««Манас эпосунун жаралыш доору», "«Манас» деген аттын чыгышына карата») Б. дүйнөдөн кайткандан кийин жарык көргөн. Б. илимий эмгектеринде эпостогу маалыматтарды кыргыз элинин тарыхы, этнографиясы жана археологиясы менен тыгыз байланыштырып караган.
Б-дын манас таанууга кошкон негизги салымы эпосто баяндалган окуялардын көпчүлүгүн, андагы жер-суу, адам аттарын жана башкалар маалыматтарды тарыхый окуялар менен байланыштырып изилдегенинде. Б. «Байыркы Кыргызстандын маданияты» (1942), «Кыргыз элинин тарыхый турмушу» (1942), «Кыргыз элинин улуу мурасы» (1945) жана башкалар эмгектеринде 9-кылымга таандык кыргыздардын таштагы жазуусундагы Яглакаркан деген сөздү кыргыздын ханынын аты, ошол «Манас» эпосундагы Манастын прототиби деп караган. Б-дын бул көз карашы С, Е. Малов, В. М. Жирмунский жана башкалар айрым окумуштуулар тарабынан сынга алынган. Ошого карабастан «Манас» эпосун тарыхый-этнографиялык жактан тереңирээк изилдеп көргөндө Б-дын кээ бир гипотезалары жана ойлору акылга сыярлык. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.
И. Молдобаев
БЕШ-БУГУ
— топоним. Алооке кандын Манаска багынгандагы окуяда Алоокенин элчилеринен корккон Жакып Манасты издеп чыгып, Б.-Б. жайлоосунан жолукканы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 175). Географиялык реалияда Фергана менен Тарим өрөөндөрүнүн ортосундагы тоолордогу жайлоо.
БЕШИК-БОЗ
— топоним. Эпоско байланыштуу уламыш боюнча Өзбек ССРинин Анжыян обллусуна караштуу Бостон чөлкөмүндөгү адыр. Перинин кызы Айсалкын Эр-Төштүктү сүйүп калып, андан эркек бала төрөйт. Баласын куржунга салып барып ээн чөлдөгү Кызылнардын өркөчүнө арта салып коюп өзү кайып болот. Баласыз Көкөтөй кан ал баланы таап алат да, атын эркелетип Бокмурун коёт. Кайып кыз болсо ичтен чыккан баласынан айрылып, күйүтүнө чыдабай Б.-Б. адырына келип ушул күнгө чейин бош бешикти терметип «Алдей-алдей ак бөпөм, Ак бешикке жат бөпөм» — деп ыйлай-ыйлай терметип жүрөт имиш. Бул жерден ак ниет, бирөөгө жамандыгы жок таза адамдар тыңшаса анын ырдаганы Б.-Б-до кадимкидей угулат дешет.
БЕШ-МОЙНОК
— топоним. Сейтек Таласка көчүп келаткан жолдо «Беш-Куюм-Суу, Беш-Мойнокту» (Курама варианты, «Сейтек», 135) басып өтөт. Географиялык реалия катары Кыргызстандын топонимдеринде кезигет.
БЕШ-ТАШ
— топоним. Манастын эгин айдап Аккуланы сатып алышы окуясында:
Беш-Таш бек жайлоо
Бек жайлоону ашты эле,
Ары жагы Анжыян
Анжыянды басты эле
(Саякбай Каралаев, 1. 173),
— деп айтылат.
Эпостун башкы каармандары мекендеген жерлердин бири катары көп эскерилет. Географиялык реалия катары Б.-Т.— Ала-Тоонун түштүк чыгышындагы капчыгай, Кетмен-Төбөгө ашып түшүүчү анын башындагы ашуу. Ашуудан Талас дарыясынын сол куймасы Б.-Т. суусу башталат.
БЕШ-ТЕРЕК
— топоним. Валиханов жазып алган эпизоддо:
Кыл-Эртиштин башына,
Беш-Терек менен ашамын.
Жоргонун суусун кечемин,
Хандын тоосун ашамын.
Молдоторгой басамын
(Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 83-б.),
— деп Көкөтөйдүн ашын бергени бараткан Бокмурундун көчү басып өтүүчү жерлердиң бири катары эскерилет. Аталган топонимдер Чыгыш Казакстандагы жер-суу аттары.
«БИБЛИОГРАФИЧЕСКИЙ УКАЗАТЕЛЬ ЛИТЕРАТУРЫ О "МАНАСЕ"
(«"Манас" тууралуу адабияттардын библиографиялык көрсөткүчү») — «Манас» эпосу жөнүндөгү адабияттардын библиографиялык көрсөткүчү. П. Н. Берков менен Э. К. Сагидова түзгөн. 1961-ж. СССР Илимдер акдемиясынын басмасынан (Москва) чыккан «Киргизский героический эпос «Манас» аттуу китепте (298—377-б.). Көрсөткүчтө 1849-жылдан (кыргыз эпосу «Манас» жөнүндөгү майор Франелдин маалыматынан баштап) 1960-жылга чейинки «Манас» эпосуна байланыштуу (негизинен жарыяланган материалдар) 12 тилдеги (кыргыз, орус, немис, түрк, англис, литва, алтай, француз, казак, украин, өзбек, венгер) 695 адабият топтолгон. Эпостун музыкалык жагы, обону туурасында маалыматтарды камтыган адабияттар менен «Манастагы» антропоним, топоним, этнонимдерге байланыштуу материалдарга да көрсөткүчтөн орун ыйгарылган. Хронологиялык тартипте берилип, ар бир жылдагы материалдар бөлүм-бөлүм боюнча жайгаштырылган;
1) эпостун кыргыз тилинде жарык көргөн тексттери (өзүнчө китеп болуп чыккан) журналга же жыйнактарга жарыяланган; газетага басылган:
2) «Манастын» текстинин кыргызча кара сөз менен берилген баяндамалары;
3) тексттин орус тилиндеги котормолору (китеп; журналдагы, жыйнактагы; газетадагы);
4) башка тилдердеги котормолор (китеп, журналдагы, же жыйнактагы; газетадагы).
Көрсөткүч чакан кириш макала, пайдаланууга ыңгайлуу болсун үчүн предметтик жана ысымдык көрсөткүчтөр менен жабдылган. Түзүүчүлөр «Манас» изилдөөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү деп эсептеген айрым машинкага басылган кол жазмалар (мисалы, М. О. Ауэзовдун) да көрсөткүчкө киргизилген. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталуу турган «Манас», «Семетей», «Сейтектин» көптөгөн айтуучулардан жазылып алынган кол жазма тексттери көрсөткүчкө киргизилбеген, аларды баяндап жазып чыгуу ишин академия кызматкерлеринин милдети деп эсептейт, көрсөткүчтүн түзүүчүлөрү.
С. Төлөгөнова
БИБЛИОГРАФИЯ
(гр. biblion — китеп, grapho — жазам) — басма сөз жана жазма чыгармалар жөнүндөгү маалыматтарды даярдоочу жана таратуучу илимий-практикалык тармак. Б. чыгармаларды издөө, аларды атайын белгилери боюнча топтоо, сыпаттап жазуу, системага салуу, адабияттардын көрсөткүчтөрүн, тизмелерин, баяндамаларын түзүү жана башкалар иштерди аткарат. «Манас» эпосу боюнча эң алгачкы Б. — С. Вельтмандын «Устное народное творчество народов СССР» (М„ 1938, 78-79-б.) аттуу китебиндеги кыскача библиография. 1939-ж. X. Надель түзгөн «Художня література фольклор народов СРСР» (Киев, украин тилинде) аттуу аннотациялуу библиографиялык көрсөткүчтүн берилген кыргыз адабияты менен фольклорунун кыскача Б-сында да «Манаска» байланыштуу адабияттар бар. Е. Р. Бинкевичтин «Устное творчество народов СССР» (М., 1940) деген эмгегинде берилген кыргыз фольклорунун Б-сында «Манас» боюнча адабияттар да көрсөтүлгөн. 1945-ж. «СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалынын кабарларына» (1-чыгарылышы, 151 —166-б.) А. П. Кулаковдун «Кыргызстандын илими жана техникасы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» аттуу макаласы жарыяланып, ага кошо берилген Б-да «Манаска» байланыштуу адабияттар да көрсөтүлгөн. «Манас» боюнча алда канча толук Б-ны П. Н. Берков менен Э. К. Сагидова түзгөн («Киргизский героический эпос "Манас"», М., 1961). «Манас» эпосу боюнча жарык көргөн монографиялардын айрымдарында да Б-лык көрсөткүч тиркелип берилген. Бирок эпоско байланыштуу адабияттардын атайын Б-лык жыйнагы өзүнчө китеп болуп жарык көрө элек.
БИЙ
— титул. Түрк элдеринин уруу аксакалдарынын мансап наамы. Кыргызда 17 — 19-кылымдарда Б. уруунун, уруктун башчысы болуу менен бирге саясий, административдик, чарбалык жана соттук милдеттерди да аткарып, мурас катары атадан балага өткөн. «Манаста» да Б. башкаруучу, бийлиги бар адамдар катары көп кездешет. Мисалы, «Манжудан келген журт үчүн, атасы өлгөн баланы, бий көтөрүп алганы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 150).
БИЙ
— дене кыймылынын жардамы менен ыраатка салынган ыргактуу кыймыл. Б. түпкүлүгүндө байыркы магиялык оюндардан, эмгек процессине байланыштуу кыймыл-аракеттерден жана башкалар келип чыккан. Б. музыка менен коштоло турган көркөм өнөрдүн бир салаасы болуп эсептелет. Табият кубулуштарын, аңчылык жана согуш өнөрүн, үрп-адатты белгилүү тартипке түшүргөн Б. өнөрү байыркы заманда эле пайда болгон. Кыргыз эли да Б. өнөрүн байыртадан эле билгени эпостон көрүнөт. Эпосто кыргыздардын Б-и тууралуу толук маалымат болбосо да тойлордо, көңүл ачууларда бий өнөрү кеңири колдонулганы айтылат. Алсак, «Алмамбет Тыргооттун каны Канышайды өлтүргөнү» деген окуяда Алмамбет суу ташыган Эшек кулак балбанды өлтүрүп, анын кийимин кийип, Канышайдын ордосуна кирет. Чаган айы болуп, ордодо эл чогулган тойдун үстүнөн чыгат. Ошондо Алмамбеттин бийлегени төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Чекири жок кой көздүү,
Сепкили жок ак жүздүү,
Азизкандын Алмамбет
Укуруктай моюндан
Ак тамагын кылайтып,
Бийлеп турду муңайып
(Саякбай Каралаев, 2. 134).
Ал бийлемиш болуп камдай келген ууну билгизбей көнөк менен көөкөргө салып, айтылуу балбан, эрлерге арак сунуп, кытайлардын көбүн кырат. Ал эми «Көзкамандардын окуясында» Көзкамандар Манасты уу берип, өлтүрдүк деген ойдо кубанып бийлешкени айтылат: «Манасты сойгон ойну деп, Калмактары былкылдап, Катуу бийлеп алыптыр» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 206). Эпосто Б. жөнүндө ушундай эле маанидеги башка маалыматтар да бар.
Ы. Кадыров
БИЙНАЗАР
— эпизоддук кейипкер. Жакып элин чогултуп Алтайдан Анжыянга көчөлү деген кеңешке катышат (Сагымбай Орозбаков, 2. 25).
БИЛЕРИК
— кейипкер. Негизги варианттарда Б-тин кытайларга колго түшүү окуясы ар башкача берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Жаангер кожонун баласы делет. Б-ти колго түшүрүп алган Нескара аны Кырмус шаага берет. Кырмус шаа баланы зынданга салып коёт. Жаангер кожо Кошойду издеп таап, андан жардам сурайт. Кошой кол курап алып Кырмус шааны өлтүрүп Б-ти бошотот (Сагымбай Орозбаков, 2. 10—11). Туткундан бошонгон Б. атасына баратып, экинчи жолу дагы колго түшүп, зынданда жаткан жеринде Арсалаң кандын кызы Нургусар менен таанышып, экөө бири-бирине ашык болуп кошулушат. В. Жирмунский белгилегендей мындай мотив эпикалык чыгармаларда жана элдик романдарда кеңири тараган.
Саякбай Каралаевдин вариантында Б. Айкожонун баласы деп айтылат. Бээжинге элчи барган Б-ти сынап көрүп, кармап алышкан Нескара менен Жолой «Буруттун ушул белдүү баатыры чекти бузуп келип, согушта далай эрди өлтүрдү эле, кармап сизге тартууга алып келдик» деп Эсенкандын колуна берет. Эскенкан Б-ти кырк аркан бою зынданга салып коёт. Кытайлардын колунда туткунда жаткан Б. менен Жарманасты куткаруу үчүн бара турганын Кошой өзүнө жолугууга келген Манаска айтат. Манас менен Кутубий Эсенкан жиберген көп кол менен Алтайда согушуп жатканда кол курап Бээжинге барган Кошой эки баланы бошотуп алат (Саякбай Каралаев, 1. 146—147). Эки вариантта тең Б-ти Кошой бошотуп, анын баатыр экендиги айтылса да өзгөчө эрдик иштери сүрөттөлбөйт.
Р. Сарыпбеков
БИОГРАФИЯЛЫК ЦИКЛДЕШТИРҮҮ
— чыгарманын ар кыл окуяларынын башкы каармандын өмүр жолунун айланасына топтоштурулуп (көбүнчө туулганынан өлгөнүнө чейин), ал аркылуу өз ара тыгыз байланышта болуп, бир бүтүн чыгарма катары көрүнүшү. Элдик оозеки чыгармачылыкта эпостордун, башкача айтканда «Манастын» азыркы классикалык абалга жетишинде өтө узак жана татаал эволюциялык процесс болгон эпикалык циклдештирүүнун ролу зор. «Манас» эпосунун тарыхый жактан пайда болушу жана өнүгүшү жөнүндөгү маселени атайылап изилдеген фольклорчу Э. Абдылдаев «байыркы элдердин эпикалык салты болуп келген ар түрдүү тематикадагы баатырдык жомоктор эволюциялык өнүгүүнүн белгилүү учурунда зарыл процесс катарында эпикалык циклизация принцибинде курулуп, «Манас» эпопеясынын жаралышын камсыз кылгандыгын» белгилейт. Эпикалык циклдештирүү өөрчүп, өмүр баяндык масштабы кеңип, генеалогиялык циклдешүүгө өтөт. Бул көрүнүш жеке эле «Манас» эпосуна таандык көрүнүш эмес. Баатырдык эпостордун алгачкы этабында алардын поэтикалык түзүлүшү негизинен өмүр баян (биография) формасында болот.
Түрк-моңгол элдериндеги эпикалык салттардын өнүгүшүнүн алгачкы мезгилине мүнөздүү поэтикалык системанын структурасында эпикалык баатырлардын өмүр баяны эки бөлүктөн: туулгандан үйлөнгөнгө чейинки башынан кечирген окуялардан жана баатырдык иштерин сүрөттөөдөн турат. Б. а. көпчүлүк элдердин эпосторунун сюжеттик курулушун көркөм сүрөттөлгөн баатырдык өмүр баянсыз элестетүү кыйын. «Манас» эпосунун алгачкы өзөгү да ушул эле салттык көркөм системада, өмүр баян формасында болгондугу шексиз. «Манас» эпосунда сакталып калган көөнө (архаикалык) белгилер анын алгачкы поэтикалык системасынын түзүлүшүн төмөнкүчө элестетүүгө мүмкүндүк берет: эпикалык Манастын төрөлүшү, ат коюлушу жөнүндөгү салттык сюжеттердин системасы, баатырдык үйлөнүшү (Кыз Сайкал менен жекеме-жеке кармашуу аркылуу) жана мифтик жандыктар (жалгыз көздүү дөө, Макел, Мадыкан) менен күрөшүп, жеңиши. Минтип салттык структурага киргизилген түрдүү темадагы эпикалык окуялардын бир борб. каармандын айланасына топтолуу процесси коомдун өнүгүшүнүн белгилүү бир кырдаалындагы жалпы элдик идеологияны чагылдырат жана тарыхый конкреттүү окуяга тикеден-тике байланышат.
«Манас» эпосунун эпикалык цикли жөн гана эпикалык окуялардын жыйындысы болбостон, кыргыз элинин тарыхынын урунттуу бир кырдаалында ошол учурдагы негизги идеологиялык — эстетикалык талапка ылайык жаралган мыйзам ченемдүү кубулуш. Орто Азия элдеринин орток эпикалык салттарынан болгон «Огуз-наме», «Коркут атанын китеби», «Көр уулу» сыяктуу чыгармалар да поэтикалык түзүлүштөрү боюнча «Манас» эпосу менен бирдей жалпылыкта турушат. «Манастын» композициялык структурасы эпикалык өмүр баян принцибинде курулгандыктан көптөгөн эпикалык окуялар борбордук каармандын ысымына байланыштырылып, тизмектелип, бир бүтүндүктү жаратып калган. Мындай типтеги баатырдык эпосторго генеалогиялык циклдештирүү принцибинде өнүгүү да мүнөздүү (Манас, анын уулу Семетей, небереси Сейтек жөнүндө чыгармалар, өзбектердеги Алпамыш, анын уулу Ядгар жөнүндө, Көруулунун асыранды уулдары Аваз менен Хасан, неберелери Нурали, Равшан жөнүндөгү элдик поэмалар жана башкалар).
А. Жайнакова
БИР АРТИСТТИН ТЕАТРЫ
«Манас» эпосун же башка кичи эпосторду аткаруу сөзсүз түрдө театр өнөрүнө тийиштүү эки компонентти талап этет: аткаруучуну жана көрүүчү-угуучуну. «Манас» оозеки чыгарма болгондуктан бул эки компонентсиз эпостун аткарылышын элестетүү мүмкүн эмес. «Манастын» окуясынын өнүгүшүн, кейипкерлеринин образдарынын түзүлүшүн, монологдорун жана диалогдорун бир гана аткаруучу-манасчы көргөзөт.
Ошондуктан, манасчыда акындык касиеттен тышкары сөзсүз түрдө аткаруучулук (лицедейство) дарамет болушу зарыл. Ушул жагдайлардан алганда манасчылык өнөр «бир артисттин театры» деген аныктамага толук жооп берет. Манасчынын театры В. Н. Яхонтов, С. А. Кочаряндын театрлары менен дээрлик үн алышып турат. Манасчылык өнөр кадимки европалык типтеги театрга окшобосо дагы анын негизги принцибин сактаган өнөр: эпос аткаруучу (артист) менен көрүүчү-угуучунун бир-бирине таасир эткен жандуу процессинде гана жаралып, аткарылат, к. Манасчы, Семетейчи, Айтуучу.
«БИРИНЧИ КАЗАТ»
— «Манас» сериялары» деген наам менен басмадан жарык көргөн китепче (Фр., 1944). Басмага даярдаган жооптуу редактор К. Рахматуллин. Азыркы ариб менен Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча басылган. Китепте камтылган окуялар Манас баатырдын сырткы баскынчы душмандарга каршы жүргүзгөн адилет күрөшүн чагылдырат. Эпосто баяндалган Манастын бардык «майда казаттары» кыргыздарды чапмак болгон тышкы баскынчыларга каршы күрөштүн түрдүү этаптарын баяндап, Бээжинге жасалган «Чоң казаттын» себептерин даярдайт. Манастын Кашкарга жасаган казатынын максаты да ал жерлерди душмандардан бошотуу үчүн жүргүзгөндүгү айкын. Ошого жараша китептин аталышы да «Биринчи казат». «Б. к.» эң алды менен коркунучтуу душманга каршы туруу, эл башына келер азаптын алдын алуу максатын көздөйт.
БИРМОЮН
— эпизоддук кейипкер. Үргөнчтүн боюнда Семетейди күтүп жаткан Айчүрөктүн нөкөр кыздарынын бири (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47).
БИРМЫСКАЛ
— кейипкер, Бурулчанын сырдаш курбусу, Айжаңжуңдун кызы. Алмамбет менен Бурулчанын убадалашканын, анын ушунча жыл Алмамбетти күтүп жүргөнүн Б. гана билет.
Алмамбет келип жолугарында көргөн түшүн да Бурулча Б-га айтат (Саякбай Каралаев, 2. 140). Манас жеңишке ээ болгондо Эсенкан Бурулча менен Б-ды баш кылып көп тартуу тартып, Манаска Чет Бээжиндин кандыгын берет. Б-ды Чубакка алып беришет. Бакай Бурулча менен Б-ды Таласка көчүрүп кетет (Саякбай Каралаев, 2. 160—162, 168).
БИЧИК
(моңгол битиг, бичиг — жазуу; тунгус-манжур тил тобунда, бичи, битик, бачик, битэхэ — жазуу, китеп, документ, керээз, тумар, алтайча, якутча — жазуу) — эпосто «Бичиктерин алышып Аяр менен сыйкырчы Балын ачып салышып» (Саякбай Каралаев, 1. 34),— деп айтылат. Мында Б. китеп деген маанини билдирип турат. Б. кытай, калмактардын касиеттүү дин китеби катары түшүндүрүлөт.
БОГДАНОВА Медина Искендеровна
(1908— 1962, Москва) — орус совет адабиятчысы. Орто Азия жана Казакстан түрк элдеринин адабияты жана фольклору боюнча белгилүү адис, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз тилин, фольклордук акындар чыгармачылыгын изилдеген, кыргыз тили жана адабияты боюнча адистерди даярдаган. Ал Ташкендеги Орто Азия институтунун чыгыш-таануу факультетин (1932), СССР аткомунун алдындагы улуттар институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1945).
Б-нын илимий иштеринин көпчүлүгү кыргыз филологиясына арналган. Ал 40-жылдары республиканын ар кайсы тарабына уюштурулган диалектологиялык экспедицияларга катышкан. Б. кыргыз фольклорун жыйноого орчундуу салым кошкон. Кыргыз адабияты тарыхынын орус тилинде жазылган алгачкы очеркинин автору, Т. Сатылгановдун өмүрү, чыгармачылыгына атайын изилдөө арнаган. Б-нын бул эмгектеринде кыргыз көөнө рухий маданиятынын эстеликтери, ошондой эле «Манас» эпосу көп эскерилет. Б. «Манас» эпосун атайын изилдөөгө алган макалалардын автору. Ал 1952-ж. «Манас» эпосу боюнча болуп өткөн бүткүл союздук илимий конференцияга активдүү катышкан. Ошонун негизинде жазылган «Об особенностях киргизского героического эпоса «Манас»» (М., 1961) деген эмгек жазган. «Манас» эпосунун айрым өзгөчөлүктөрү «Об эпосе народов Советского Востока» (М., 1960) деген изилдөөсүндө да кеңири талкууланган. Б-нын «Манаска» арнаган эмгектеринде эпостун элдүүлүгү, идеялык мазмуну жана анын образдары жөнүндө сөз болот.
С. Кайыпов
БОЗАЙГЫР
— Көкөтөйдүн тулпарларынын бири. Валиханов жазып алган эпизод боюнча Бокмурун эл чакырууга жаш Айдарды жиберерде кааласаң Б-ды минип бар дейт.
Кабыргада калкан бар, Кап жайласа кебелбес. Куйругунда кудук бар Кулан суулап түгөтпөс, Баш жагында манат бар Марал суулап түгөтпөс. Алты ай минсе арыбас, Аркасын кесип алса жоорубас Асти көөнүң оорубас (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 73-б.).
БОЗБАЛА
— эпизоддук кейипкер, Коңурбайдын жылкычыларынын кичүүсү. Түшүндө Семетейди көргөнүн айтып, Карагулдан таяк жейт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 168—171). Курама вариантыда от жаккыч Б-ны жаман түш көрөсүң деп Карагул сабатып өлтүрөт (Курама варианты, «Семетей», 253 — 254).
БОЗБАЛА
— эпизоддук кейипкер, Кыястын жылкычыларынын кичүүсү, от жакчусу, Күлчоронун досу. Кордукта жүргөн Күлчорого жан тартып, Сейтектин төрөлгөнүн, анын элге кайрымдуу адам болуп чоңоюп келатканын айтып берет Айчүрөккө жолукмак болуп Карагулдан мөөнөт сураганы үчүн жылкычыларга сабатканда Күлчорону арачалап калат. Күлчоро менен кошо келген Сейтек Карагулду өлтүрүп салганда, элди күтүп алуучу ээси келиптир, — деп сүйүнүп той берет (Курама варианты, «Сейтек», 68—70, 83 — 84).
БОЗ-БӨЛТӨК
— топоним. «Каныкейдин жомогунда»:
Боз ала чаңгыл Боз-Бөлтөк.
Боз-Бөлтөккө жетесиң,
Боз-Бөлтөккө чыкканда...
Кулунум бир ээлигип кетесиң
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 145),
— деп Таласка келаткан жолдо Б.-Б. деген жер бар экендиги айтылат.
БОЗ-ДӨБӨ
— топоним. Элдик уламыш боюнча Манас баатыр калмактар менен согушкан мезгилде өзүнүн аскерин жайгаштырган оорук. Бул уламышты 19-кылымдын орто ченинде Ч. Валиханов жазып алган. Анын басылып чыккан эмгегинде «Манастын Боз-Дөбөсү» деп берилген. Манастын Б.-Д-сү Каркыра жайлоосу тарапта, Кыргызстандын чек арасынан 15 км түндүктө, Казакстандын Алматы облусундагы райондун борбору Кеген кыштагынын түштүк-чыгыш жагында. Дөбө турган жер түз талаа, ошондуктан ал абдан бийик көрүнүп, айланадагы жерден айырмаланып алыстан эле көрүнүп турат. Б.Д-нүн бийиктиги болжол менен 20—25 м. Негизги варианттарда Жакып жашап турган жер катары Манастын төрөлүшү жөнүндөгү эпизоддо «Жер ортосу Боз-Дөбө» (Сагымбай Орозбаков, 1. 20) деп Алтайдагы Б.-Д. айтылат. Манас 15 жашында салбырынга чыгарда:
Мергени кийик карашып,
Бет-бетине тарашып,
Эндөөлөп жолго салыптыр
Эсилдин башы Боз-Дөбө
Эр Манас чыгып алыптыр
(Сагымбай Орозбаков, 1. 216),
— деп Чыгыш Казакстандагы Б.-Д. сүрөттөлөт. Валиханов жазып алган эпизод боюнча Көкөтөйдүн ашы Кыл-Эртыш, Каңгай тарапка көчүп барып берилген деп баяндалса да Манастын Жолой жана Коңурбай менен согушу Иле өрөөнүнүн тегерегинде эле болгондугу Көкөтөй кандын ашы мезгилинде калмактардын чатагынан чыккан согуш ушул Б.-Д-нүн айланасында болгондугу географиялык аталыштардан ачык көрүнөт. Салгылашта Манас Жолойду өлтүрүп, Коңурбайды жарадар кылат, бирок ал Иле дарыясын Алгара менен аттатып кутулуп кетет. «Манастын» Ч. Валиханов жазып алган вариантында эле төрт жолу «Жер ортосу Боз-Дөбө» деп айтылат. «Жер ортосу Боз-Дөбө Боз-Дөбөгө Манас жатып алган дейт» («Көкөтөйдүн ертегиси», 93-б.). Эпосто Б.-Д. Манастын ордосунун бири катарындагы мааниде берилгендиги байкалат. Б.-Д. топоними Орто Азия менен Казакстанда кеңири таралган. Алтай аймагында Б.-Д. деген жер бар экени да белгилүү.
А. Жаманкараев
БОЗЕК
— этноним. «Манас» эпосунда «Бозек менен Шаңкай бар, Ойрон кылды баарысын Оңолбогон далай бар» (Курама варианты, 1. 165)— делип Б-тер кыргыздарга коңшу эл катары сүрөттөлөт. Б. тууралуу каракалпак элинин санжырасында кездешет. Каракалпактардын кай бир урууларынын аттары «Манас» эпосунда аталышы бекер эмес, кыргыздар менен каракалпактардын санжыраларында 20дан ашуун чоң жана майда уруулардын аттары бирдей экенин көрүүгө болот (к. Каракалпактар). Б-тер түндүк Кавказда жашап турушкандыгы ногой элинин санжырасында да кездешет. Ногойлор болсо кыргыздар менен этникалык байланышы болгон эл (к. Ногойлор).
Ошентип, Б. этнониминин «Манаста» чагылдырылып калышы каракалпактар менен кыргыздардын жана алардын курамындагы уруулардын туугандык жана тыгыз карым-катнаштарынын негизинде десек болот. Бул мамилелер Ордо кандыгынын тушунда же болбосо 13 — 15-кылымда болуп өткөн. Биздин божомолдо кыргыздар Орто Азия чөйрөсүнө келгенден кийин, алардын кай бир бөлүктөрү Алтын Ордонун курамында болгон. Мына ошол убактагы окуялар көркөм түрдө «Манас» эпосунда сакталып калганын Б-тердин мисалынан көрүүгө болот.
И. Молдобаев
БОЗКАЧЫР
— антропоморфтук типтеги жалгыз көздүү Малгун дөөнүн минген унаасы. Саякбай Каралаевдин вариантында чагылдырылган Б. кадимки эшек менен жылкынын (бээнин) жалгашуусунан жаралган аргын, башкача айтканда жылкы тукумунан кичине, эшек жаныбарынан чоңураак көлөмдө берилбестен, эпостун стилине ылайык өзгөчө апыртылган зооморфтук типтеги фантастикалык зор жандык түрүндө элестетилет. Б-дын унаалык сапаты тоодой болгон чоң Малгун дөөнү кебелбей көтөрүп согуштук майданда желе жортуп да, таскактап чуркап, ачкалыкка, ысык-суукка чыдамдуулугу жана күчтүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Эпосто:
Ит Малгундун Бозкачыр
Башы үзүлдү быркырап,
Тоо ураган немедей
Кулап кетти дыркырап
(Саякбай Каралаев, 2. 130),
— деп ажал тапканы айтылат.
Эшек менен жылкынын аргынынан бүткөн жаныбардын атын билгизген «качыр» сөзү байыркы түрк тилинде «катыр» түрүндө болгон. Анткени катыр сөзү кат+ыр морфемаларынан куралган. Анын «кат» уңгусу байыркы түрк тилинде «кош, аралаштыр, аргындаштыр» маанисин берген. Ошол этишке зат атооч жасоочу «ыр» мүчөсү жалганып, «катыр» сөзү келип чыккан. Ал аргын дегенге жакын маани берген. Кийин т тыбышы ч тыбышына өтүп, азыркыдай качыр түрүнө келген.
С. Алиев
БОЗКЕРТИК
— кейипкер, эпосто душман баатырларынын бири, кытайдын мангут деген элинин каны. Кыргыздар менен кагылышкан душмандардын катарында «Токшукердин Бозкертик» өтө көп жолугат. Мисалы, Манастын 11 дуу-дуу менен согушунда активдүү роль ойнойт. Көкөтөйдүн ашында Манас менен эр сайышка чыгууга Коңурбайга кеңеш берип (Сагымбай Орозбаков, 3. 230—231), сайышка чыккан Коңурбайды Будаңчаң экөө коштоп чыкканы баяндалат (Сагымбай Орозбаков, 3. 248). Чоң казатта Алмамбет менен Сыргак чалгынга барып, кытайлардын жылкысын тийип, Коңурбайдын колу менен кагылышканда гана Б-тин баатырдык иш-аракети сүрөттөлүп, ал Алмамбет, Сыргак, Чубактарга тете баатыр катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 304 — 306). Саякбай Каралаевдин вариантында Алмамбет менен Сыргак тыргооттун каны Канышайды өлтүргөндөгү эпизоддо Б-тин да өлгөнү баяндалат (Саякбай Каралаев, 2. 134), бирок кийин жаралуу болгон Манастын акыркы огунан өлгөн кытайдын сегиз канынын бири да Б. делет (Саякбай Каралаев, 2. 208).
БОЗ КИСЕ
(моңг. бусе — белбоо, иранча кисе — белбоо) —
1) эр азаматтын өзүнө гана таандык болгон майда буюмдары тагылуучу кайыш кур;
2) калың кайыштан кооздолуп оттук жана милте салынуу үчүн жасалган баштык. Муну негизинен кисе же кур деп да жалпы жонунан атай берет. Ал эми эпосто Б. к. болсо жалгыз гана Манастын өзүнө таандык болуп эсептелет. Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын Б. к-си өзүнчө касиетке ээ буюм. Б. к. асмандан атайын Манаска арналып башка куралдары менен бирге түшкөн. Анын касиеттүүлүгү Манас жоого аттанып, Б. к. курун белге чалганда кырк чилтен жолдош болуп, капталынан кара чаар кабылан чамынып, алдына келген душманын баса калчудай чолок куйрук арстан камынып калат. Айрым бир учурларда Б. к. эмес, ак кисе деп да айтылат:
Сырттан Манас зыңгырап,
Ак олпокту кийди эми
Асмандан түшкөн ак кисе
Айкырып белге илди эми
(Саякбай Каралаев, 2. 211).
Калган эскерүүлөрдө Б. к. деп айтылып олтурат. Манастын Каныкейге айткан керээзинде да Б. к-нын касиеттүүлүгү эскерилет:
Кысталыш жолго киргенде,
Кыйкырып белге чалганда,
Кырк чилтен жолдош бир болгон.
Касташкан жоону көргөндө,
Каарданып курчанса,
Кара чаар кабылан
Капталында чамынган.
Чолок куйрук арстан
Жандай салып камынган
Асмандан түшкөн бос кисе,
Жаным менен дос кисе,
Каныкей, илип койчу кашыма
(Саякбай Каралаев, 2. 231).
Демек, Б. к. жөнөкөй эле ар кандай керектелүүчү буюмдар тагылуучу кур катары айтылбастан, дайыма Манастын колдоочуларын алып жүргөн касиеттүү кур катары сүрөттөлөт.
К. Кырбашев
БОЗ МОЙНОК
— топоним. Семетей менен Бакайдын Жакып канга жолукканында:
Ээй кагылайын кулунум,
Ушу жаткан Боз-Мойнок,
Боз-Мойнокту көргөндө
Көңүлүм кетет көп ойноп
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 240),
— деп Бакай мурда жердеп, оюн куруп жүргөн Б.-М. жерин көргөндө кубанып толкунданат. Эпос боюнча Б.-М. Талас чөлкөмүндө жайгашкан бел.
БОЗТАЙЛАК
— Жакыптын минген аттарынын бири, Камбарбоздун үйүрүнөн. Чыйырды Манасты издегенде мингени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 126).
БОЗ-ТАЛАА
— топоним. Саякбай Каралаевдин вариантында Жакыпка тарынып кеткен Манас Баба-Дыйканга жолугуп, экөө ортоктошуп эгин айдаган жер (Саякбай Каралаев, 1. 173 — 174).
БОЗУУЛ
Бозжигит — кырк чоронун бири. Өз аты — Чынаалы, «Бозуул» деген ысым ылакап аты (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 120-б.). Б-га карата айтылган «болумдуусу», «ыктуусу» сыяктуу эпитеттер анын кырк чоронун ичиндеги нары акылдуусу, ар ишке маш чоролордун бири экенин көрсөтүп турат. Эпосто ыктуу, жөн билги адам катары Манастын ич ара иштерин көбүнчө Б. бүткөрөт. Манас ата конушу Ала-Тоону душмандан бошоткону Алтайдан аттанып жортуулга чыкканда калмактын Текес канынын Куяс аяры апсун окуп бак-дарак, чөп-чардын баарын жарак-жабдыктуу жоокер кылып кубултуп жол тостурат. Анын сыйкыр экенин элес албаган Манас Аккелте менен атат, сыйкырланган «жоокерлер» жооп кылып мылтык атышат, андан Манастын көзү көрбөй калат. Манасты айыктырыш үчүн алтын сакал Айкожону алып келүүгө атка жеңил, тайга чак, он төрт жашар Б. барат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 105 —123-б.).
«Чоң казат» мезгилинде чалгынга бараткан Алмамбет жолдоштукка Сыргакты, коштоо атка Ажыбайдын Карткүрөңүн каалайт. Манас Ырчыуул, Бозуул ыктууларды жиберип Ажыбайдан Карткүрөңдү суратат (Сагымбай Орозбаков, 4. 175—179). Алмамбет Манаска келип кошулганда анын урматына ат чабылат. Талаа жеринде байгеге сайганга мал жок, Манас кысталышта турганда Серек Алмамбеттин көңүлү бир көтөрүлүп калсын, чоролордон эле байгеге сая коёлу дейт. Ошондо да Б. өз эрки менен баш байгеге сайылып жөн билгилигин көрсөтөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 320—328). Кээ бир эпизоддордо да Б. маанилүү роль ойнойт. «Чоң казат» мезгилинде ал он башы болуп дайындалат. Бээжинге бараткан узак жолдо Б-дун ондугундагы узак жолдун оорчулугун көтөрө албай кыйналган Кыргылчал менен Б-дун окуясы өтө юморлуу берилет. Алмамбет менен Чубактын жол талашкан чатагына да ушул Б. менен Кыргылчалдын ордо ойноп чырлашуусу себепчи болот (Сагымбай Орозбаков, 4. 131 —141, 180—187). Көзкамандар алдап уу берип, өлтүргөнү жаткан Манасты Б. Аккулага эптеп мингизип, качырып куткарат. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Б. кыргыздын окчу уруусунан болот, бирок Манас аны кырк чоронун ичинен жакын тууганым деп эсептейт. Көзкамандардан ууланып өлүм алдында турган Манас: «Эч болбосо жанымда, Жамандык күндө карашкан, Жакшылыкта сыйлашкан, Өлүмдүү күндө ыйлашкан. Өчөгүшкөн душманга, Өлүмдөн качпай кыйрашкан, Өзүмдүн жакын тууганым, Өткүрүм Бозуул болсочу, Өрттөнүп кеткен калмактан Ажыратып койсочу», — деп өмүрү бычактын мизинде турганда да Б-ду эстейт. Б. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча да Манастын жакын тууганы делет (Саякбай Каралаев, 1. 195).
Р. Сарыпбеков
БОЗ ҮЙ
— Борбор жана Орто Азия талааларында байыркы көчмөн элдердин негизги турак жайы, элдик мүлк. Алардын ичинен түрк жана моңгол элдери жашаган турак жай жеңил келип, көчүп конууга ылайыкталып, суукта жылуулугу, ысыкта салкындыгы менен айырмаланган. Б. ү. түрк-моңгол элине жеткенге чейин да ар кандай көчмөндөр тарабынан анын тигил же бул элементтери көп жолу өзгөрүлүп өнүгүп келген. Акыры биздин замандын биринчи миң жылынын орто ченинде түрк көчмөндөрү тарабынан ал үйлөрдүн негизине эң чоң өзгөрүү киргизилген. Ал өзгөрүү — бүктөөгө жана жазууга боло турган тор көздүү кереге болгон. Керегенин жасалышы мал чарбалыгы менен тоо-талааларда көчүп-конуп жүргөн көчмөн турмуштун зарылчылыгынан келип чыккан. Көчүүгө жеңил, каалаган жайга тигүүгө ылайыкташкан, жаан суусун тез агызган, табияттын ар кандай таасирине чыдамдуу Б. ү-дүн жыгаччылыгына (сөөгүнө): уук-кереге, босого-таяк (баш босого, аяк босого), түндүк, каалга кирет. Үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик тыш, боз үйдүн өрө кийизин түзөт. Үйдүн ички — сырткы жасалгалары: жабыкбаш боо, тегирич боо, үзүк боо, туурдук боо, жел боо, уук учтук, саканак таңгыч, кылдырооч, төтөгө канат чий, чыгдан өңдүүлөрдөн турат да, алардын өзүлөрүнө тиешелүү көркөм оюмдары жана көчөттөрү түшүрүлөт. Эпосто «Асемдеген ак сарай, Салтанаты бир далай» (Сагымбай Орозбаков, 3. 51),— деп сүрөттөлгөндөй, Б. ү-дүн чоңу «ак сарай», же ордо, андан кичирээгин «ак өргөө», ал — жасалгалуу үй. Ал эми күнүмдүк турмушта колдонулганы Б. ү., жолум үй. Анын жыгачтарына алтын күмүштөн көрчөгө чабылган.
Кайыңдан түндүк ийдирген,
Каалга, таяк босого,
Канча түрдөп чийдирген,
Ууктарын нылдаган,
Каалга менен босого
Канча түрдөп сырдалган
Чийин жибек чырмаган
(Сагымбай Орозбаков, 3. 50).
Бү-дүн каалга, босого — таяктарына жыгач оюм-чийимдери түшүрүлүп, укмуштай кооз сырдалган, чийлер чырмалган. Ак өргөөнүн түндүгүнөн айчыгы алтындан жибек асаба күнгө чагылышып, алыстан эле дүпөктүү көрүнөт. Ак сарайдын жыгач бөлүгү, чийлери кандай асемделсе, сырткы жабдуусу жана ички жасалгасы да ошондой эле асемделгени эпосто белгиленет:
Үзүгүнүн баарысын
Ак манат менен тыштатып,
Ууктарын учтатып,
Учу сайын ууктун
Учуна манат тыштатып
(Сагымбай Орозбаков, 3. 102).
Келтирилген саптардан ак сарайды чечкенде, ууктарынын учтары сынбасын үчүн ар бир уукту кийгизгени айтылат. Ак сарайдын ички жасалгасынын эң көрүнүктүү элементтеринин бири жабык баш болгондуктан ал жөнүндө: «Жабык башы кундуздан Жана токсон үй болду» (Сагымбай Орозбаков, 3. 146). Боочулары жөнүндө төмөндөгүчө айтылат: «Аземдүү боо тартылган Тагылганы зымдар боо» (Сагымбай Орозбаков, 3. 117). Эпосто ак сарайды жалаң эле өзүнүн негизги аткарган милдети — турак жай катары гана эмес кыргыз элине, кыргыз жерине келген чет элдик коноктор, саякатчылар, элчилер, соодагерлер кабыл алынган, эл тагдыры чечилген маселелер каралган жай катары көрсөтүлгөн. Ак сарай эпосто сулуулуктун символу жана эң баалуу, эң аялуу буюм катары ак кийиз менен жабылып, кыздарга сеп катары берилет. Уулдар үйлөнгөндө чакан төрт канат өргөө көтөрүлгөн. Кыздын себине өргөө берүү, уул үйлөнгөндө өргөө көтөрүү салттары «Манас» эпосунда да кеңири баяндалат. Мисалы, Манас Карабөрккө үйлөнгөндө кайын атасы Кайып даң сепке берген өргөөнүн кооздугун Жайсаң ырчы жарым күнү ырдайт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 545-б.).
А. Акматалиев, Б. Алымбаева
БОЗ-УЧУК
— топоним. «Чоң казатта» Коңурбайдын жылкысына тийген Алмамбет, Чубак, Сыргактын аркасынан кууган Токшукердин Бозкертиги Алмамбетке жетип найза саярда Сыргак Б.-У-тан тосуп, аны өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 4. 305).
БОЙТОРУ
— Бозкертиктин байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн ашында ат чабышка салынганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 154).
БОКЧО
(иранча бокча — түрмөк, таңык) —
1) баалуу буюм-терим сакталуучу сандыкча, куржун баштык;
2) бирөөнүн сырын, ал-жайын билүү үчүн жасалган аракет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында буюм сакталуучу нерсе катарында «Канча там толгон дүйнө бар, Арттырып бокчо катпаңар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 66),— деп айтылат. Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында Б-нун сүрөттөлүшүн төмөнкү саптардан көрөбүз:
Колдун баарын мол жыйнап,
Үй үстүнөн басалы.
Үйүң күйгөн буруттун
Капкайда жинин чачалы,
Бокчолорун тинтели.
Төрүнө чийип сызыкты,
Кызыталак бурутка
Бир кылалы кызыкты (Саякбай Каралаев, 1. 34).
БОЛЖОҢ
— эпизоддук кейипкер, кытай баатыры. Эсенкан Манасты издөөгө соодагер кылып жиберип, ың-жыңсыз жоголгон адамдарынын дайнын билүүгө жөнөткөн тогуз жүз кишиден турган Нуукер баштаган кытай аскери салбырында жүргөн Манастарга жолугат. Жекеде Кымкар деген баатырын өлтүрүп салган Көкчөгө каршы Б. чыгат. Манас Б-ду Көкчөгө жеткирбей атып салат (Сагымбай Орозбаков, 1. 273 — 274).
БОКМУРУН
— кейипкер, Көкөтөй байдын баласы (к. Көкөтөй). Саякбай Каралаевдин вариантында Перинин кызы Айсалкын Төштүктөн тууп, куржунга салып, Көкөтөйдүн төөсүнүн өркөчүнө илип калтырган баланы карыганча бала көрбөй жүргөн Көкөтөй асырап алат.
Эпостун бир катар эпизоддоруна көпчүлүк кандардын катарында катышат. «Чоң казатта» Кожожаштын огунан өлөт. Ал көбүнчө атасы Көкөтөйгө берген ашка байланыштуу белгилүү. Эпосто ал эки жактуу мүнөздөлөт. Бир жагынан жоомарт, намыскөй баатыр катары, бир жагынан атасынан калган сансыз байлыкка эсирген, алды-артын байкабаган көпкөлөң байбача катары сүрөттөлөт. Анын өкүмдүгү жер жүзүндөгү кандардын бардыгына:
Бул ашыма келсин де, Бул ашыма келбесе,
Көкөтөйдүн айчыгы алтын кызыл туу,
Үйү үстүнөн көрсүн де
(Саякбай Каралаев, 2. 14);
Босогоңду кыйратып,
Боордон бээң туйлатып,
Боз уланың ыйлатып,
Керегеңди кыйратып,
Кериден байтал туйлатып,
Келин-кызың ыйлатып,
Там-коргонуң талкалап,
Кум коргонуң куйкалап,
Тап кушуңдай мырзаңды
Таманга басып жүн кылып,
Тал чыбыктай кыздарың
Даңкайган кара күң кылып...,
Билген ишин кылат де,
Бириңди койбой кырат де!
(Сагымбай Орозбаков, 3. 98),
— деп опуза кабар жибергенинен ачык көрүнөт. Алды-артына карабай иш кылган Б. нускалуу атасы Көкөтөйдүн элге бүлүк түшөрүн алдын ала билип аш бербесин деген керээзин аткарбайт. «Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы» болорун билбей, эч кимдин тилин албай, ат туягы жеткен жердеги элдин баарын чакырып аш берет. Кыргыз элин тышкы жоодон коргогон Манас баатырды баалабай, текеберленип, адегенде ашка да чакырбай коёт. Саякбай Каралаевдин вариантында байдын эрке баласы, дөөлөткө мас, шайкелең Б. атасынын дүнүйөсүн чачып жер кыдырып, кыз тандап, колукту издеп кетет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да күйөөлөп кетип, атасы өлгөндө үстүндө болбойт. Б-дун өрөзгөй аты узакка бала көрбөгөн атасынын көз тийбей өссүн деп ырым кылышына байланыштуу коюлуп калышы мүмкүн (байыркы элдердин ишеними боюнча Б. сыяктуу «жаман» ат берүү ар түрдүү суук көздөрдөн жазгырып, баланын өмүрүн сактап калуунун бир жолу болуп саналган):
Ат коюудан кызганып,
Алда кандай болот деп
Аманат жаным кысталып,
Мурдунан чыгып чимкирик,
Бала койбой чимкирип,
Эркелетип эл жүрүп
Бокмурун болуп атагы,
Атын жакшы койбогон
Атасынын чатагы
(Сагымбай Орозбаков, 3. 8).
Бирок, бул ысым анын эсин толук жыя элек ала көөдөн, дөөлөткө мас бала катары сүрөттөлгөн образына шай келишине караганда — шылдыңдуу ылакап ат (прозвище) коюлушу мүмкүн деп ойлоого да түрткү берет.
Р. Сарыпбеков
БОЛОТ
— эпизоддук кейипкер, Кыз Сайкалдын кырк чоросунун башчысы. Сайкалга байланыштуу эпизоддордо жана Манас Карачадан Аккуланы сатып алгандагы эпизоддо катышат.
БОЛОТ
— эпизоддук кейипкер, Манастын Алтайда жүргөндөгү жолдошторунун бири. Жакып эл чогултуп Алтайдан Анжыянга көчөлү деген кеңешке Манас менен бирге келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 18).
БОЛОТ
— Чубактын өз ысымы. Радлов жазып алган вариантта бирде Чубак деп берилсе, бирде «Акбалта уулу Болотум, чором», — деп айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: Акбалтанын Чубагы Болот эле өз аты Чууга жакын болгондон Чубак болду бу дагы — (Сагымбай Орозбаков, КФ., 657инв., 69-б.) — делип Чубак Б-тун чын аты экени айтылат, к. Чубак.
БОЛПОКАН
— эпизоддук кейипкер, Үргөнчтүн боюнда Семетейди тосуп жаткан Айчүрөктүн нөкөр кыздарынын бири (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2.47).
БОМБЕЙ
Бамбей — Мамбай—топоним. Кыргыздардан алыс турган атактуу шаар, өлкө катары эпостун айрым эпизоддорунда эскерилет. Географиялык реалияда Индиянын ири шаары.
БООБЕК
— кырк чоронун бири. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чабышта күлүгү он экинчи келген, Б. тагдырына буюрган Аземканга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 424). Эпосто казактын алчын уруусунан экени айтылат.
БООБЕК
— эпизоддук кейипкер. Манас Алтайда экенинде уруу билермандарынын катарында аталат (Сагымбай Орозбаков, 1. 250). Кийин Көкчө менен Алмамбетти араздаштыргандардын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 243).
БООКЕ
— кырк чоронун бири. Теги кытай, Алоокенин уулу. Манас Алоокени жеңгенден кийин анын көзгө атар мерген уулу Б-ни өзүнө чоро кылып алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 196—197). Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо күлүгү он алтынчы келген Б. тагдырына буюрган Тизеканга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 424).
БООКЕ
Беке — эпизоддук кейипкер, Атайдын уулу. Жакыптын Манаска ылайык кыз издегенде кошо жүргөн жолдошу (Сагымбай Орозбаков, 2. 349, 373).
БООҢ
— эпизоддук кейипкер, Акунбешим паашанын сыйкырчы аяры. Орго кандын жеңилгенин уккан Акунбешим Шамың шаа деген балбаны менен Б-ду көп кол берип Манастын жолун тосууга жиберет. Манастын сүрүнөн коркуп Шамың шаа качып кетип, алтымыш балбаны менен калган Б. аларды сыйкырлап ажыдаар, башка түрдүү жырткычтарга айландырып коюп, Манастын жолун тосоттоп калат. Кыргыз кошуну үч бөлүнүп, капчыгай менен келген Кыргылчал баштаган кол капчыгай толо шумдуктуу тоскоолго келип такалат. Б. аяр түрдүүчө кубулуп аскерди алекке салат. Башка жол менен кеткен Бакай капчыгайдын ичи капкара болуп, түн түшүп калганын көрөт. Аскердин ичиндеги Ырдык аярдын алы жетпей, Бакайдын колундагы Байкүш аяр жардамга келип, экөөлөп Б-ду жеңип, ал ажыдаар болуп оп тартып койгон кырк миң аскерди бошотот (Сагымбай Орозбаков, 2. 101 — 102, 108, 110—115, 117, 129).
БОР
— замбиректин бир түрү. «Манас» эпосунда чагылдырылган согуштук курал-жарактардын ичинен Б. арналышына карата атылма куралдардын тобуна кирет. Ал согуш куралдарынын атылма түрүнөн айырмаланып, замбирек сыяктуу найы узун артиллериялык курал катарында алыскы аралыкка атат. Эпосто: Кез-кез жерде Бор атып» деп согушуп жаткан эки тарап тең бири-биринин күчүн жок кылууга арналган бул куралды колдонгондугу айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 14).
БОРБИЕВ Нуртай
(1937, азыркы Бишкек ш„ Кызыл-Аскер айылы) — кыргыз кинооператору. Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1979). «Манасчы» илимий-популярдык фильмин (А. Петров менен бирдикте) тарткан. Б-дин чыгармачылыгы лирикалык жана эпикалык маанайда, к. «Манасчы».
БОРБУГУЛОВ Мухтар
(1930, Сузак району, АкТоок айылы)— кыргыз совет адабиятчысы, жазуучу, тамсилчи, филология илиминин доктору (1967), профессор (1967). 1988-жылдан КСЭнин башкы редактору.
Б. кыргыз Совет адабиятында тамсил жанрын калыптандырууга белгилүү роль ойногон. Анын кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн фольклордон реалисттик адабиятка өсүп, өнүгүшүнүн негизги проблемалары, реалисттик усулдун калыптанышы, кыргыз совет адабиятындагы улуттук жана интернационалдык мамилелердин карым-катнашы, фольклордук салттын эволюциясы жана диалектикасы боюнча изилдөөлөрү бар. Б. «Манас» эпосуна байланыштуу илимий макалаларында эпостун чыгыш тарыхы жөнүндөгү В. В. Радловдун, П. Н. Берковдун, В. М. Жирмунскийдин, М. Ошондой Ауэзовдун, Б. М. Юнусалиевдин ар түрдүү көз караштарын кеңири иликтөөгө алуу менен ошондой эле Манастын образын улуу эпостор «Илиада» менен «Одиссеядагы» Зевс менен Ахиллдин, «Махабхаратадагы» Аржуна менен Карыонун образдары менен салыштыра изилдөө аркылуу Б-дун чыгарган жыйынтык ою, сунуш кылган жыйынтык-гипотезасы өзүнөн мурдагы окумуштуулардын чыгарган жыйынтыктарынын катарынан орун алган. Ал ««Манас» эпосунун байыркы башаттары» («“Кыргызстан Маданияты”», 1987, № 3—4), «Токомбаевке тийишкен ким?» («Кыргызстан Маданияты», 1988, 1. № 27), «Элдик сатира: Кыргыз фольклористикасынын маселелери» («Кыргызстан Маданияты», 1978, № 13, 14, 16) деген «Манас» эпосуна арналган макалалардын автору.
Л. Абилов
БОРКАРА
— Бообектин аты. Манастын Каныкейге күйөөлөп барганындагы ат чаап жар тандоодо чапкан күлүгү он экинчи болуп келип Бообек тагдырына буюрган Аземканга үйлөнөт (СО. 2. 424).
БОРОВКОВ Александр Константннович
(1904, Ташкен — 1962, Ленинград) — советтик окумуштуу, түрколог, Өзбек ССР Илимдер акдемиясынын корреспондент-мүчөсү (1943), СССР Илимдер акдемиясынын корреспондент-мүчөсү (1958). Орто Азия университетинин күн чыгыш факультетин (1928) бүтүргөн. Түрк элдеринин тарыхы, этнографиясы, фольклору жана тили боюнча илимий иштер алып барган.
Б. «Алпамыш», «Кобланды», «Манас», «Козу Көрпөш менен Баян сулуу» сыяктуу эпосторун жыйноо, изилдөө иштерине түздөн-түз катышып, эмгектер жазган.
1952-ж. «Манас» эпосун изилдөөгө арналган бүткүл союздук илимий конференцияда «Манастын» элдүүлүк проблемасы» («Проблема народности киргизского эпоса «Манас»») деген темада баяндама жасаган. Ушул сөзүнүн негизинде жазылган макаласы «Дружба народов» журналына (1952, № 5) басылган. Б. «Манас» эпосун башка түрк элдеринин эпосторуна салыштырып, алар менен байыркы тек, өзөк окуяларынын жалпылыгына да маани берген. Б. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
БОРОНОВ Адина Айылчиевич
(1957, Алай району, Жошолу айылы) — «Манас» изилдөөчү, филология илимдеринин кандидаты (1988). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин. бүтүргөн (1981). 1981 —83-ж. Москвада СССР Илимдер акдемиясынын Тил таанууинститутунда стажировкада болгон, 1983-жылдан ушул эле институтта аспирант. 1988—90-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабиятинститутунда илимий кызматкер, 1989жылдан Кыргыз айыл чарба институтунда улуу окутуучу, 1991-жылдан кафедра башчысы. «Кыргыздын баатырдык эпосу «Манастагы» адам аттары» деген темада кандидаттык диссертация (1988) коргогон. Анда эпостогу адам ысымдары, алардын этимологиясы иликтенген. «Манас» эпосу менен кыргыз тилинин карым-катнашына, эпостун тилине байланыштуу илимий макалалардын автору.
БОРООНЧУ
— каарман, кытай кандарынын бири, баатыр. Эпосто көбүнчө «Кара жалдуу Бороончу» деген туруктуу эпитет менен айтылат да, кытай кандарынын катарында такай эскерилет. Көкөтөйдүн ашында эр сайышка кытайлар тараптан Коңурбай чыгарын Кошойго Б. билдирет (Сагымбай Орозбаков, 3. 238). Чалгынга барган Алмамбет менен Сыргак кытайлардын жылкысын тийип алгандагы кагылышта Алмамбет, Чубак менен найзалашкан (Сагымбай Орозбаков, 4. 302—304), Чоң казаттагы согушта Манас менен бетме-бет келип найза сайышууга кудурети жеткен чоң баатыр (Сагымбай Орозбаков, 4. 333). Саякбай Каралаевдин вариантында Жолой менен Нескарага көп кол берип, Эсенкан экинчи жолу Манаска жибергендеги согушта Кутубийдин найзасынан өлөт (Саякбай Каралаев, 1. 140).
БОТАЛИЕВ Ашыралы
(1906, Чүй району, Кызыл-Арык айылы — 1981, Фрунзе) — кыргыз совет артисти, улуттук театр өнөрүн баштоочулардын бири, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланып, 1926—30-ж. Кыргыз театр студиясында окуган; 1930—34-ж Кыргыз мамлекеттик театрынын, 1934—42-ж. Кыргыз музыкалык драма театрынын, 1942—52-ж. Кыргыз опера жана балет театрында солист, 1952-жылдан бери Кыргыз мамл. академиялык драма театрында улуттук ар кыл образдарды жараткан. Б-дин «Манаска» байланышкан чыгармачылык ишмердүүлүгү «Айчүрөк» операсынан башталган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз исккусствосунун он күндүгүнө даярдалган бул операда Б-ге Чынкожонун партиясы ыйгарылган. Ички душман катары сүрөттөлгөн бул каармандын татаал образын чеберчилик менен сахнага алып чыккан ырчынын ийгилиги москвалыктардын купулуна толот. Согуштан кийин «Манас» операсынан Бокмурундун партиясын аткарат. Б-дин опералык ырчы катары таанылышы биринчи кезекте залкар, кайталангыс каармандарынын образдары менен тыгыз байланыштуу.
Б. эки Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.
БОТБАЙ
— эпизоддук кейипкер. Тейишкандын тоюнан кийин Кер-Көлдөгү ООрго канды көздөй жөнөгөн колду баштаган баатырлардын катарындааты аталып өтөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 68).
БОТОКАН
— эпизоддук кейипкер, Бозуулдун атасы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 173).
БОТОКУР
— эпостук жана этнографиялык материалдар боюнча калың, эндүү кайыштан сырткы бетине оюм-чийим салынып, алтын, күмүш, ар түрдүү асыл таштар чөгөрүлүп жасалган кур. Эпосто Б-ду азем буюм катары эл башкаруучулар курчанышкандыгы айтылат:
Саймалуу калпак, сары шым,
Шалдыркан кисе, бото кур,
Наалысы алтын, жез өкчө
Айдаркан уулу Эр Көкчө
(Сагымбай Орозбаков, 3. 76).
Б. майданда белди коргоо үчүн да кызмат кылган. Ошондой эле бийликтин, баатырдыктын символу катары да көрсөтүлөт. Башка элдин өкүлүн кабыл алганда сөзсүз Б. белде курчалуу болуу керек. Б-ду белден чечүү же моюнга салуу жеңилгендикти билдирген: «Бото куру мойнунда, Эки колу боорунда» (Сагымбай Орозбаков, 2. 218).
БОТО-МОЙНОК
— топоним. Манас Алмамбетке алгач жолугарда кырк чоросу менен ууга чыгып, тамаша кылып жүрүп, Көкчөгө тарынып келаткан Алмамбетти көргөн жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 290). Географиялык реалияда Ашмара суусунун башы Кыргыз Ала-Тоосундагы бел.
БОТОНУН-БЕЛИ
— топоним. Көкчөгө тарынып капаланып келе жаткан Алмамбетти Манас алыстан көрүп, аны сынамакка Чалыбай, Ажыбай, Сыргак, Кутунай, Чубак Б.-Б-нен тосуп туруп, тоноп, топоңдото алдыңарга салып топко айдап келгиле деп жөнөткөн бел (Сагымбай Орозбаков, 2. 304).
БОТОНУН САЗЫ
— топоним. Эпостун варианттарында Жолойдун жашаган жери катары: «Ботонун сазын бойлогон, Күндө кумар ойногон, Кедердин уулу эр Жолой» (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», № 7, 1979, 76-б.)— деп айтылат. Географиялык реалияда Б. С. — Барлык менен Майлы тоолорунун ортосундагы жердин аты.
БӨБӨТАЙ
— эпизоддук кейипкер. Ороздунун ыркы жок он уулунун төртүнчүсү (Сагымбай Орозбаков, 1. 189 — 190).
БӨГӨЛ
— кырк чоронун бири. Ысымы дайыма Кайгыл, Тоорулчу чоролор менен бирге айтылат. «Кайгуул», «Тоорул» деген аскердик терминдер «кароол», «чалгын» деген мааниге ээ синоним сөздөр, Б-дүн мааниси да аларга жакын «бөгөө», «тосуу» дегенди билдирет. Демек, бул үч чоронун аскердик кызматын (чалгынчы) билдирген жалпы аты, кийинки айтуучулар тарабынан энчилүү ысым катары айтылып калган. «Бөрү жолдуу» деген эпитет да Б-дүн аткарган кызматын белгилеп турат. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо Бөрүкөк тулпары жыйырма сегизинчи келип Б. тагдырына буюрган Жанымжанга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 420, 426). Чоң казатка катышкан чоролордун бири катары да эскерилет.
БӨЙӨН
— эпизоддук кейипкер. Бир катар ва рианттарда Манастын түп аталарынын бири катары эскерилет.
БӨЙӨН
— эпизоддук кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча калмак байыш Чаяндын атасы, Жакыптын кичи аялы Бакдөөлөттүн чоң атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 33).
БӨЙРӨК
— топоним. Анжыяндан Бээжинди көздөй качкан Алооке Кашкар жактагы Ак-Чий, Б. сууларынын боюнда өргүйт (Саякбай Каралаев, 1. 204). Географиялык реалияда Какшаал кырка тоосунун күн жүрүш этегинде.
БӨКӨ
— балбан, карылуу, алп адам. Түрк-моңгол эпосторунда жеке адамдын күч-кубатын, тайманбас кайратын мүнөздөй турган көркөм каражат катарында милдет аткарат. «Манас» эпосунун поэтикасында каармандардын жекече касиеттерин туюндуруп мүнөздөмө берүүдө сүрөттөө каражаты катары колдонулат. Эпосто сейрек болсо да сакталып калган Б. деген көркөм каражаттын байыркылыгы байкалат. Анткени, алгачкы баатырдык эпостордун салттык эпитеттеринин бири болгон Б. деген сөздүн Манас менен Жолойго карата айтылгандыгы алардын байыркы образ экенин аныктайт. Манасчы Сагымбайдын варианты боюнча жалгыз көздүү Макел дөө кытай баатыры Коңурбайга: «Манасың кандай бөкө деп, Бадыректи көргөзчү, Байлайын барып жеке деп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 231) каарданат. Бирок, «Манас» эпосунун поэтикасында өтө сейрек учураган абстракттуу маанидеги Б. деген термин архаизмге өтүп, анын орду иран тилинен кирген семантикасы боюнча маанилеш «балбан» деген сөз менен алмашкан. Б. иран тилинен кийин эле өздөштүрүлгөн «балбан» деген сөз менен синонимдик мааниде болгондуктан эпосто кош сөз түрүндө да айтылат. Мисалы, Иле боюн башкарып турган калмак каны: «Илебинде бар деген Төрт жүз бөкөбалбаны» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 98-б.),— деп сүрөттөлөт.
Ал эми 19-кылымда жазылып калган Валиханов жазып алган эпизод менен Радлов жазып алган вариантынын тексттеринде жана «Манастын» кийинки көптөгөн варианттарында Б. деген сөздүн учурабашы, албетте андан мурун эле архаизмге өткөндүгүн билгизет. Ал эми Түштүк Сибирде жашаган түрк-моңгол элдеринин адабий тилинде жана фольклордук чыгармаларында Б. деген термин өзгөчө күчтүү, балбан адамдарга карата айтылып, мисалы, моңголдордо — бөх, алтайлыктарда — бөкө, тубалыктарда — мөгө деп аталып өзүнүн эң байыркы семантикалык маанисин жоготпостон, активдүү колдонулуп келе жатат.
С. Алиев
БӨКӨ
Атайдын уулу Боокенин эркелетип чакырылган аты.
БӨКӨ
— эпизоддук кейипкер, Көкчөнүн жигити. Казак билермандарынын ушагына ишенген Көкчөнүн чакыруусу боюнча келаткан Алмамбетке Б. эшик ачып берип, үйгө киргизет (Сагымбай Орозбаков,
2. 257).
БӨКӨЙ
— топоним. Бээжинге карай аттанып, Б. белине келгенде Алмамбет Манас баатырга кайрылып, Каныкейдин ордосуна тийип, кеңеше кетели деп сунуш кылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 81).
БӨКӨН
— эпизоддук кейипкер. «Көкөтөйдүн ашында» Коңурбай баштаган калмак-кытайлар байгеге зордук кылып, чыр баштамак болушуп кеңеш курушканда аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 3. 260).
БӨКӨНБАЕВ Жоомарт
[1910, Кетмен-Төбө (азыркы Токтогул району) өрөөнү, Мазар-Сай айылы —1944. Ысык-Көл облусу, Чоң-Сары-Ой айылы, сөөгү Бишкекке коюлган) — акын, драматург, кыргыз совет жазма адабиятын баштоочулардын бири. 1924—26-ж. «Көк-Арт» балдар үйүндө тарбияланган. Фрунзедеги педтехникумду (1931), Москвадагы Коммунисттик университетинин журналистика бөлүмүн (1935) бүтүргөн. 1935—41-ж. «Кызыл Кыргызстан» газетасынын бөлүм башчысы, «Ленинчил жаш» газетасынын, «Советтик адабият жана искусство» (азыркы «Ала-Тоо») журналынын редактору. Б-дин көптөгөн ырлары, поэмалары, аңгемелери жана «Алтын кыз» аттуу драмасы кыргыз адабиятынын алтын фондусунан орун таап, жогорку жана орто мектептерде окутулуп жатат.
Б. «Манас» эпосунун экинчи бөлүмүнүн окуяларынан алынып жазылган «Айчүрөк» операсынын либреттосун Ж. Турусбеков, К. Маликов менен биргелешип жазган. Опера 1939-ж. кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасында көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин театрдын репертуарынан түшпөй коюлуп келатат.
Б. «Манас» эпосу боюнча кинофильм тартууга камылга кылып жүрүп каза болгон. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
БӨЛӨКБАЙ
Төкөр уста — Манастын жарак-жабдыгын жасаган укмуштуу уста жана кырк мүңкүрдүн башында турган казына сакчысы. Эски варианттарда аты аталбай, «төкөр уста» (Радлов жазып алган вариант), «төкөр даркан» (Валиханов жазып алган эпизод) делет. Багыш Сазановдун вариантында «кандык уста» деген туруктуу эпитетке да ээ. Саякбай Каралаевдин варианты нын «Семетей» бөлүмүндө Б-дын ролу бир кыйла жогорулап, кеңип, усталык казына башчылыктан тышкары Бакай, Сарытаз менен бирдикте Семетейдин кеңешчиси, жардамчысы катары бул бөлүмдүн окуяларынын активдүү катышуучусу. Семетей Букардан Таласка адеп келгенде кырк мүңкүрдү (калчасы) менен кубанып тосуп чыгат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 238—239) жана эпостун кийинки окуяларында катышат. Кийин Семетей кайып болуп кетип, Кыяс менен Канчоро казынаны талаганда кырк мүңкүрү менен казынаны коргоп жатып курман болот. Эпосто Б. устачылыктын пири Дөөтү менен дос болгон кандайдыр кереметтүү уста катары сүрөттөлөт (айрым учурларда Б-дын өзү Дөөтү уста деп да айтылат). Ал Манастын укмуштуу курал-жарактарын — Айбалтасын, Сырнайзасын, Ач албарс кылычын жасайт (кээ бир варианттарда Манастын кылычы асмандан түшөт же мисирдик кереметтүү уста жасап, Манаска пайгамбардан белекке калат), кандайдыр себептер менен бузулган Аккелтени, дүрбү сыяктуу татаал курал-жарактарды да оңдойт, доолбас, булдурсун сыяктуу күнүмдүк жай турмуштун буюмдары да анын колунан чыгат. Б-дын өз ишин терең билгендиги, ченебегендей чеберчилиги. анын колунан жаралган курал-жарактар өтө татаал жол менен жасалышын сүрөттөгөн эпизоддордон ачык көрүнөт.
Мисалы, Сырнайзаны «сары карагайдан кыйып, саратандын ысыгында алты ай бою кумга бөлөп жаткырып, чарайна менен чаптап, пил териси менен каптап, колдон тайып кетет деп кош тутам жерин төрт кырдуу кылып, колго жылуу болсун деп кой макмал менен тыштап, улатпай учун болоттон чыгарып, тийген жери ырбасын деп көз жаш менен сугарып», узундугун кырк кез кылат. Кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Б-дын Манастын курал-жарагын жасашы өзүнчө чоң эпизод болуп берилип, өтө кеңири баяндалат. Анда кендин иштетилишинен тартып, Манастын өзүнө гана ылайык курал-жарактын жасалып бүтүшүнө чейинки аткарылган иштер ырааттуу жана реалдуу сүрөттөлөт. Б-дын Манастын курал-жарагын жасашына Кошой, Бакай, Акбалта, Жамгырчы башында турган атпай кыргыз журтчулугу жардамга келет. Изилдөөчүлөр кыргыздардын байыркы мекени Миң-Суу өрөөнүндө кара металлдардын пайдаланыла башташын биздин заманга чейин 7—2-кылымдарга, адис кол өнөрчүлөрдүн пайда болушун 1 — 5-кылымдырга, мыкты уюштурулган металлургиялык өндүрүшкө ээ болуп, коңшу элдерге атагы чыккан өтө мыкты жоо куралдарын (мисалы, кылычты) жасоо мезгилин 6—14-кылымдарга таандык кылышат. «Манас» эпосунда Б-дай колунан көөрү төгүлгөн чебер устанын образынын жаралышы ушул тарыхый мезгилдер менен шартталган. Б. сыяктуу идеалдаштырылган кереметтүү усталардын образы дүйнө элдеринин мифтеринде, эпосторунда кеңири тараган типтүү каармандардын образы болуп саналат.
Гректердин мифологиясындагы Гефест, скандинавиялыктардын эпосторундагы Веленд, Тор, карел-финндердин руносундагы Ильмаринен, кавказдыктардын нарттарындагы Тлепш, армяндардын «Давид Сасундугундагы» Кери-Торос, якуттардын олонхосундагы Куэттээни (кытай баксы), перс элдеринин «Авест» жана «Шахнамесинде» Кавелер өңдүү каармандар — Б. сыяктуу мифтик же чет элдик каардуу душманга каршы күрөшкөн баатырга атайы арнап укмуштуу куралдарды (көбүнчө кылыч) жасаган усталар. Көөнө оозеки элдик чыгармачылыкта усталардын мындай кереметтүү, теңдешсиз чебер болуп сүрөттөлүшү, металлдан курал жасоо адеп өздөштүрүлө баштаган ал доордо адамдардын магиялык түшүнүктөн али кутула электиги менен шартталган.
Р. Сарыпбеков
БӨРК
бөрүк — түрк тилдеринин басымдуу көпчүлүгүндө, ошондой эле кыргыз тилинде да баш кийим. Б. Махмуд Кашкаринин эмгегинде да кездешет. Азыр кыргыз тилинде активдүү колдонулбайт. Тек гана макал-ылакаптарда айтылып калган: «Бөрк ал десе, баш алган». Б. «Манас» эпосунун бардык варианттарында учурайт, кээ бир варианттарда өңү-түсү ажыратылат: кызыл бөрк. кара бөрк жана башкалар.
БӨРҮБАЙ Султан уулу
(1897, Кара-Суу району, Сакмоол айылы — 1940, ошол эле жер) — манасчы. «Манас» айтууну түштүктөгү белгилүү манасчы Чоодандан жана өзүнүн айылынан алыс эмес жашаган өзгөндүк айтуучулардан үйрөнгөн. Өзүн дасыккан (профессионал) манасчы катары эсептебесе да, 17 жашынан тартып «Манас» эпосун өз айылында, башка жерлерде айта баштаган. Андан «Манастын балалык чагы», «Накылайга үйлөнүшү» жөнүндө чакан эпизоддор жазып алынган (Кол жазмалар фондусу, 612а-инв.).
БӨРҮКӨЗ
— эпизоддук кейипкер, кытай баатыры, солоондун каны, Эсенкандын баласы. Манаска Бээжинден кетишинин тарыхын баян эткенде Алмамбет Б-дүн атасы менен Азизкан бир тууган экенин, эли-жеринен кеткенче Б., Коңурбай менен каршылашып жүргөнүн эскерет (Саякбай Каралаев, 2. 103—108). Айрым учурларда гана аты аталганы болбосо, Б-дүн эрдиги сүрөттөлгөн эпизод жок. Кытай жеңилип, Манас Чет-Бээжинге кан болгондо Түп-Бээжинге качып барган Коңурбай Карыканга казатта өлгөн кытай баатырларынын катарында Б-дү айтып өтөт (Саякбай Каралаев, 2. 162).
БӨРҮ
— тотем жаныбар. Дүйнөлүк эпостордун салтында болочок баатыр эрдик иштерге алгач киришерде кандайдыр бир укмуштуу колдоочуга кезигип, кеп-кеңешин угуп, өзүнүн келечектеги баатырдык иштерине керектүү жараак-жабдык жана башкалар буюмдарды алгандыгы айтылат. Салттык ушул көрүнүштүн айрым элементи «Манас» эпосунда сакталган. Сагымбай Орозбак уулунун жана ага жакын турган варианттарда Манас бала кезинде өтө тентек чыгып, атасы аны тарбиялоо максатында Ошпур деген койчусуна жиберет. Манас Ошпурдун баласы менен козу кайтарып жүрүп өзүнүн келечектеги колдоочусуна кезигет. Эпосто мифтик колдоочу Б-нүн бир козуну «Көтөргөн бойдон тоодон ашып кеткени» (Сагымбай Орозбаков, 1. 112) баяндалат. Козуну көтөрө качкан Көк-Бөрүнү кууп, Манас асканын түбүндөгү үңкүргө кирет. Үңкүрдөн кырк кишиге жолугат. Алар өздөрүн кырк чилтенбиз деп тааныштырат. Манас чилтендерден Б-нү сурайт. Кырк чилтендин башчысы козуну алып келген Б-нү бала Манаска тааныштырып:
Кубалап келген Карышкыр,
Кыяматтык досуң деп.
Манас тура жолборсум,
Кыямат кайым болгуча
Сага кошкон жолдошум.
Атышам деген душмандын
Артыңдан ээрчип жүрөт деп,
Кабарын билип келет деп,
Көсөө куйрук,, көк даңгыт
Көт жагыңдан жүрөт деп,
Кыйкырсаң мурун кирет деп
(Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 551-инв., 72-б.),
Манаска кеңеш айтып көздөн кайым болот. Эпостун согуш окуяларында Манас баатыр душмандары менен салгылашкан учурда аны коргогон мифтик (тотем) жаныбарлар сыяктуу Б-нүн да колдоосуна ээ. Демек, эпостогу Б-нүн эпикалык образынан анын тотем жаныбар экени сезилип турса, экинчи жагынан Б-нүн тотемдик образы мусулмандашкан чыгыш элдеринин мифологиясындагы Кырк чилтен, Кызыр Иляс жана башкалар диний кейипкерлер менен алмашылган. Манасчынын Б-нү кубулуп жүргөн кырк чилтендин бири, аны Кызыр Иляс Манасты колдоочу-жолдош кылып берген деп түшүндүрүшү ислам динине байланыштуу кийин киргизилген кошумча. «Манас» эпосундагы «атышам деген душмандын, кабарын билип келүүчү», «бет алышкан душманга, кыйкырса мурун кирүүчү» көсөө куйрук Көк-Бөрүнүн эпикалык образы түрк-моңгол элдеринин санжыра-уламыштарында айтылган тотем-бөрү (мисалы, Ак-Бөрү) менен үндөшкөн генетикалык байланышы бар экени атайын изилдөөлөрдө далилденип келе жатат. Тотем өз учурунда жеке эле Б-дөн болгон эмес. Тотем ар бир уруунун жашоо тиричилигине тикелей байланышы бар түрдүү жаныбарлар боло берген жана алардын аткарган милдети бирдей болгон. Элдик оозеки чыгармачылыкта зооморфтук укмуштуу жаныбар Б-нүн бирде Бугу же башка айбанаттардын образында жолугушу мыйзам ченемдүү. Түрк-моңгол элдеринин баатырдык эпосторунда Ак-Бугу (Марал) менен Ак-Бөрү бирдей роль аткарышы, биринин ордун бири алмашышы же бир эле учурда экөө бирдей кызмат кылышы адаттагы көрүнүш.
Эгер алгачкы мезгилдерде тотемдик түшүнүктөрдүн өкүм сүрүшүнө байланыштуу көөнө чыгармаларда чагылдырылган жырткыч жаныбарлар урууну же эпикалык каармандарды колдой турган магиялык мүнөздөгү кейипкер болуп катышса, баатырдык эпостордун эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки этаптарында мурдагы тотемдик-колдоочулук, коргоочулук касиети унутулуп же жумшарып, эпикалык салттарда гана алардын аты аталуу менен кыймыл-аракеттери өтмө мааниде чагылып, көркөм каражаттын милдетин аткарып калган. Көпчүлүк учурларда Б. жана башкалар жырткыч айбанаттардын аталышы эпикалык каармандардын энчилүү ысмынын ордуна жүрөт же эпитет, салыштыруу түрүндө колдонулат. Ал эми жаныбарлардын көркөм сөз каражаты катары колдонулушу кийинки көрүнүш. Алгач алар эпостун каармандары менен тотемдик культ катары байланышкан. Элдин кийинки көз карашы, түшүнүгүнө ылайык өзгөрүп олтуруп, жаныбарлардын өзүнөн аларды элестеткен салыштыруу, эпитетке айланган. «Манастын» каармандарынын эрдигин жана элесин мүнөздөөдө «ач бөрүдөй жулушуп, аябай жатып урушуп» сыяктуу көркөм салыштыруулар кеңири колдонулат. Ошондой эле Валиханов жазып алган эпизоддо «Баатыр Манас сурасаң Көкжал дөбөт бөрү эле» — деп Б-нүн образы мүнөздөмө эпитет маанисинде башкы каармандын энчилүү атынын ордуна колдонулат. «Көсөө куйрук Көк-Бөрү, Көкжал эрдин жөкөрү», — деп «Манас» эпосунда «Көкжал» эпитет катары Манаска, кээде анын эң жакын чоролоруна (Алмамбет, Чубак, Сыргак жана уулу Семетей) да айтылат. Бул сыяктуу тотемдик көз караштын калдыктарынын «Манаста» сакталып калышы эпостун кээ бир окуялары байыркы убакта эле пайда болгондугунан кабар берет.
С. Алиев
БӨРҮКӨК
— Бөгөлдүн аты. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы жар тандаган ат чабышта Б. жыйырма сегизинчи болуп келип, Бөгөл тагдырына буюрган Санарбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 426).
БУГУЛУК
— топоним. Манастын Орго кан менен болгон урушунда Орго кандын Алтаң, Калтаң деген доотайлары отуз миң кол менен Б. ашуусун ашып жардамга келген (Сагымбай Орозбаков, 2. 73, 77).
БУДАҢЧАҢ
— кейипкер. Кытайдын Манаска каршы күрөшкөн он бир дуу-дуусунун бири, эпос боюнча Кусар көлүнүн боюндагы Токонарат шаарынын каны. Көкөтөйдүн ашындагы эр сайышка Бозкертик экөө Коңурбайды коштоп чыгат. Ат чабышта Б-дын Салкарасы Кошойдун Чоңсарысынан кийин келет. Коңурбай, Жолой баш болгон кытай, калмактар Ушаңдын тилин албай байгеге зордук кылып, чыр башташканда В. менен Ушаң талоончуларга кошулбай коюшуп, Жолойдон запкы көрүп калышат (Сагымбай Орозбаков, 3. 248, 267, 277).
БУДАЧА
— топоним. Алмамбеттин атасы Соорондүктүн шаары (Сагымбай Орозбаков, 4. 216).
БУДУРМАК
— топоним. Каныкей Чыйырды менен Семетейди алып Букарга качканда: «Будурмактын кең өзөн Бурчун салып алды эле» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 45),— деп Бакай жылкы издеп келатканда Б-ты басып өтөт.
БУЗУЛГАН ЧАМБЫЛ
— топоним. Эпос боюнча Буудайык уулу Музбурчактын мекени, Орто-Чаткалдын нары жагындагы жер (Сагымбай Орозбаков, 3. 88).
БУЙДА-СУУ
Буйгат, Бойгот — топоним. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Жумгалдын мурдагы аталышы, кыргыздар кытай-калмак басып алган ата-журтун бошотконго чейин бул жерди Кубан калдай бийлеп турган. Эпосто көбүнчө Бойгот Кубан деген ат менен кезигет (Кол жазмалар фондусу, 576-инв, 545— 621-б.).
БУКАР
— топоним. Каныкейдин атасы Атемир (Каракан, Темиркан) кандын ордо калаасы жана ага баш ийген өлкө. Кээде Б. кыргыздардын жери (Саякбай Каралаев, 1. 31, 42, 192), кол өнөрчүлүк өнүккөн калаа (Сагымбай Орозбаков, 2. 179, 319, 350) катары да сүрөттөлөт. Географиялык реалия катары Өзбекстандын байыркы шаарларынын бири.
БУЛАГАСЫН
Баласагун — топоним. Акун-бешимдин ордо калаасы. Эпосто Б. кыргыздардын илгерки журту экени, кытай-калмактар Манас төрөлө электе кыргыздарды туш-тушка сүргөндө ал жерди Акунбешим ээлеп калып, кыргыздар Алтайдан келип кайра алганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 79, 95, 120). Тарыхый Баласагун Кыргызстандын Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; адегенде караханийлердин, андан кийин Орто Азияга сүрүлүп келген кара кытайлардын (кидандар) борбору болгон. Айрым изилдөөчүлөр Манастын пайда болуу доорун караханийлердин, кара кытайлардын мезгилиндеги тарыхый окуяларга байланыштуу карайт. Буга караганда Б. эпосто баштатан белгилүү болгон.
БУЛА-КЫР
— топоним. Кыргыздар Ала-Тоону душмандан бошоткондо «Орток тоонун оюнда Була-Кыр суунун боюнда Тарлан уруш салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 590-б.),— деп Б.-кылымдын боюнда калмак башчысы Тарлан кыргыз колун баштап барган Мунаркан, Үрбү менен чабышып жеңилгени айтылат.
БУЛГУР
— топоним. Айдаркан менен Көкчө Илебин канды жеңгенде:
Булгур суунун боюнда
Шамың шаанын калаасын
Сандыргалуу баласың
Тартып Манас алыптыр
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576инв., 521-б.),
— деп кыргыздар Ала-Тоону душмандан бошоткондо салгылаш болгон жерлердин бири катары эскерилет.
БУЛДУРСУН
— эпосто баатырлардын (Манас, Семетей) камчысы. Көкөтөйдүн ашындагы балбан күрөштө Жолой менен күрөшүп жатып уктап кеткен Кошойду Манас «Чапса кулак тундурган Кара жаак булдурсун» (Саякбай Каралаев, 2. 47) менен куйрукка чапканда, көзү умачтай ачылып Жолойду жыгып жеңишке жетет.
БУЛТА
Каар булта, Кара булта — мифологиялык кейипкер. Будданын кыргыз тилине ылайыкташтырылып айтылышы. «Туңша кытай баласы, Сүрөттөрүн Булта дейт», «Булта деген бут экен», «Көөхар таштан көздөгөн, Эрини жакут, инжи тиш, Каар Булта сүрөтү» деген сүрөттөөлөрдөн же эпостогу кытай, калмак элдеринин: «Кара Булта теңирим», «Каар Булта кудайым»,— деп кайрылуулары көрсөтүп тургандай (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 9-6; 576-инв., 876, 886-б.) манасчы буддизм жана анын башкы кудайы Будда жөнүндө бир кыйла терең кабардар болгон. «Будда» деген сөздү санскрит тилинен сөзмө-сөз которгондо «нурданган» деген түшүнүктү билдирет жана буддизмди негиздеген Сиддхартхе Гаутаменин (б. з. ч. 623—554-ж.) ардактуу аты. Буддисттер анын сүрөтүнө (статуясына) чокунуп сыйынышат. Эпосто ага ушундайча жол менен кытай-калмактар ар түрдүү тилек тилеп кайрылганы көп жолу эскерилет.
Манасчы буддистче чокунуунун эрежелери, дубасынын тексттери менен да тааныш болгону байкалат. «Лайламалуу» деп кытайча намаз окунуп, алтын буттун алдында кырк төрт кайра чокунуп: «Маны, маны батманхун» калмагынча окунуп, Жалынып турду бутуна» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 658-б.). Бул ыр саптарында кезиккен: «Мани, мани батманхун» («Оммане, манне падмехум»)— «Жараткан, бере көр!» деген мааниде буддисттердин келме катары такай колдонгон дубасы. Дин өкүлдөрү калтырган бул дуба Кыргызстандагы байыркы гаш эстелик — жазуулардан жолугат (Ч. Джумагулов. Эпиграфи-а Киргизии, в. 3. — Фр., 1987, 78-79-б.).
Р. Сарыпбеков
БУРАК АТ
(арабча бурак — көз ирмегенче, көз ачып-жумганча) — мусулман уламышы боюнча Мухамбет пайгамбарды Мекеден Иерусалимге (Кудус) андан асманга алланын алдына көз ачып-жумганча алып барган мифтик канаттуу мингич жаныбар (ат же төө). Эпостун кээ бир вариантында өлгөн адамды коюу учурундагы диний ырым-жырымдарда айтылат. Мисалы, Көкөтөй өлгөндө: «Чоңтору деген күлүгүн Бурак атка токушуп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 55), же: «Бурак атын токутуп, Жаназасын окутуп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 54). Элдин диний ишеними боюнча өлгөн адамдын жанын бейишке мингизип алып баруучу ат маанисинде колдонулат. Бирок, бардык токулгасы менен даярдалган Б. а. сөөктү койгондон кийин дин өкүлдөрүнүн бирине ыйгарылган. Октябрь Революциясына чейин ушундай диний ырымжырымды кыргыздар да иш жүзүндө колдонгондугу белгилүү.
БУРАМБЕК
Бурумбек, Буянбек —эпизоддук кейипкер, Музбурчактын уулу. Атасынын ордуна Бузулган Чамбылга кан болот. Семетей менен замандаш катары эпостун экинчи, үчүнчү бөлүмүнүн айрым эпизоддоруна катышат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 77, 312; Курама варианты, «Сейтек». 45).
БУРКАН
— топоним. Кытай, калмактар башта басып алган ата-журтун кыргыздар бошоткондо, калмактын айрым бөлүктөрү качып барып жашынып, бурканынан жардам сураган жер. Ошондон тартып ошол жер Б. аталып калган (Кол жазмалар фондусу, 576-инв.). Географиялык реалияда Кочкор өрөөнүндөгү жайлоо.
БУРКАН
— эпосто калмак-кытайларда колодон жасалган кудайынын (идол) сөлөкөтү. Б-га сыйынат, аны олуя кудай катары көрүшөт. «Манас» эпосунда да ушундай мааниде чагылдырылган: «Калмакча динге кирди дейт, Жүк бурчунда бурканын Кудайым деп жүрөт дейт» (Саякбай Каралаев, 1. 108).
БУРКАН
— эпизоддук кейипкер, калмак калдайы. Текес кандын өлгөнүн угуп кол курай баштаган Орго канга жыйырма миң колу менен келип кошулат (Сагымбай Орозбаков, 2. 72, 77).
БУРМАЖАН
— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, жар тандоодо аты жыйырма экинчи келген Төлөк тагдырына буюрган Б-га үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 418, 425).
БУРУЛКАН
— эпизоддук кейипкер, Буудайкандын аялы. Үмөтөй Семетейге каршылашып келген учурда Б. жөнүндө Каныкей Темиркандын он эки кызынын бири, өзүнүн эжеси экендигин Семетейге айтат.
БУРУЛКАН
— эпизоддук кейипкер. Айчүрөктү жандап жүргөн нөкөрү экени гана айтылат (Курама варианты, «Семетей», 185).
БУРУЛЧА
— кейипкер, кытай каны Эсенкандын кызы, Алмамбеттин аялы. Алмамбет кытайдан кеткенге чейин эле Б. анын антташкан колуктусу болот (Радлов жазып алган вариант). Атасы менен жоолашканына карабай Алмамбетти жактырып сүйөт, анын кытайдан кетишине каршы болбойт, кайрылып келгенче канча болсо да күтө турганын билдирет. Б-нын убадага бекемдиги, туруктуулугу Алмамбетти зарыгып күткөнүнөн көрүнөт. Анын анча-мынча ишти алдын ала биле турган өзгөчөлүгү да бар. Түш көрүп Алмамбеттин келатканын сезет. Б-нын аруулугу, сезиминин бийиктиги Алмамбетти да көп ойго салат. Чет-Бээжинге чалгынга барганда Алмамбет: «Учурашпай кетти деп, Убайым тарткан Бурулча, Анык күдөр үзбөйбү, Сыргак» (Саякбай Каралаев, 2. 138),— деп атайлап барып Б-га жолугат. Акыры ар кандай тоскоолдуктардан өтүп Алмамбет менен Б. баш кошот. Алмамбет окко учуп, Манас жарадар болуп Таласка келип өлгөндөн кийин Каныкей Семетейди ала качып Букарга кетет. «Алты арам» Манастын бүлөсүнө гана эмес Б-га да далай кордук көрсөтүшүп, уйчуларга саанчы кылып коюшат. Арууке төрөгөндөн үч күндөн кийин өлүп, Күлчорону Б. багып калат. Азап тартканча өлүп алайын деп нечен санаасы бузулса да, Алмамбеттин артында калган жалгыз туягы Күлчорону медер тутуп, калган өмүрүн Күлчорону тарбиялап өстүрүүгө арнайт (Саякбай Каралаев, 2. 160—162; «Семетей», 161 — 163, 250—253). Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Семетей төрөлгөндөгү тойдогу чатактан кийин кытай кандары Б-ны Алмамбетке берүүгө макул болушат.
А. Жайнакова
БУРУТ
— калмактардын, андан кийин кытайлардын кыргыздарды келекелей аташы. Кыргыздар өзүлөрүн бул ат менен эч убакта аташкан эмес. Бирок аларга Б. этноними кеңири маалым. «Манас» эпосунун бардык варианттарында калмак-кытай тарабындагы терс каармандар кыргыздарды ушундай аташат. Айрым окумуштуулар Б-тарды биздин эранын 4-кылымынан баштап Хотан чөйрөсүндө жашаган болу, булу, болюйлар менен окшоштурушат.
Мындан тышкары 13-кылымдан тартып Саян-Алтай тоолорунда көчүп жүрүшкөн бурут, буру аттуу элдер жөнүндө маалыматтар бар. Бирок алардын «Манас» эпосундагы жана калмак-кытай тарабынан аталган Б-тарга эч кандай тиешеси жок. Ойрот-калмактар Жунгарияга ооп келгенден кийин (13—14-к.) Чыгыш Тянь-Шанда жашаган кыргыздар менен коңшу көчүп жүрүшкөн.
15-16-кылымдарда негизинен Жети-Суу, Тянь-Шань жана Чыгыш Түркстанда жашаган Моголстан менен калмак бийлөөчүлөрүнүн ортосунда узакка созулган согуштар болуп, аларга кыргыздар да катышкан. Бул мезгилдерде калмактар менен кыргыздарда саясий мамиле туруктуу болгон эмес. Ошондуктан, калмактар кыргыздарга өз тилинде «буруттар» башкача айтканда «күнөөлүүлөр», «чыккынчылар», «башка диндегилер» деген маанидеги жасалма ат берген болушу ыктымал. 19-кылымдан кийин Б. этноними жоюлуп кеткен.
Ө. Караев
БУРЧАК
— эпизоддук кейипкер, Каракыш шаарынын баатыры. Манас Анжыянды бошотуу үчүн жөнөрдө кырк миң колу менен келип Манаска кошулганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 30)
БУТ
— сыйынуу, табынуу үчүн ар кандай материалдан жасалган кудайдын сөлөкөтү. Б. кыргыз тилине санскриттен кытай тили аркылуу кирген. Кыргыздарда Б-ка сыйынуу көрүнүшү алгач ирет 1602-ж. жазылган араб тилиндеги «Зийа ал-кулуб» аттуу чыгармада баяндалат. Мында Чыгыш Түркстанда жашоочу кыргыздардын бир бакка илинген күмүш Б-ка жана анын тегерегине илинген таштан жана жыгачтан жасалган 2000дей Б-тарга сыйынганы тууралуу айтылат. Демек кыргыздар 16-кылымда будда дини менен тааныш болгон. Бул ойду «Манас» эпосу да ырастап турат: «Жамандык көргөн күнүңдө, Жалынып келсең чоң колдойт, Бут койдуруп бултуйтуп, Эки ууртун дулдуйтуп» (Сагымбай Орозбаков, 1. 178). «Манаста» Б. алтындан да жасалат деген маалыматтар бар.
БУТАЛАЧ
— этноним. Б. теги боюнча Алмамбетке жакындыгы бар кытай эли (уруу).
Мурунку Бээжин жер эле,
Бул олтурган кулуңдун
Белине таңуу эл эле,
Буталач журту дээр эле
(Сагымбай Орозбаков, 4. 214), — деп Алмамбет баатыр чалгынга жөнөөрдүн алдында кытайлардын көптүгүн Манаска айтканда эскерет.
БУТКАНА
— будда дининдегилердин ибадатканасы. Б. «Зийа ал-кулуб» деген чыгармада айтылгандай (к. Бут) жаратылыш объектеринде, мисалы, өз алдынча өсүп турган бакка көп сандаган буттар илинсе ошол бак да Б. болот. «Манас» эпосунда да Б. жогоруда айтылган мааниде колдонулат: «Бутканага чокунуп, Булуттай кара ат токунуп,» (Сагымбай Орозбаков, 3. 239).
БУУДАЙБЕК
— эпизоддук кейипкер, Көкчөнүн кичи аялы, калмак байы Чыңшанын кызы. Көкчө менен Алмамбетти араздаштырмакчы болгон бузукулардын «күбө болуп берсең байбичеден өтөсүң» дегенине макул болуп, Алмамбет менен Акеркечти каралайт. Ушул кичине эпизоддо эле Б-тин ичинин тарлыгы, адамкерчилигинин төмөндүгүн, «өңү сулуу болсо да, өзүндө акыл аз экендиги» көрүнүп турат (Сагымбай Орозбаков, 2. 127, 247, 253).
БУУДАЙБЕК Сабыр уулу
(1933, Чүй району, Дөң-Арык айылы) — «Манас» жыйноочу. 1954-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Көп жылдар республикалык гезит, журналдардын редакцияларында иштеп элдик чыгармаларды жыйнаган. Кыргыз эл өнөрпоздору жөнүндөгү «Унутулгус кездешүүлөр», «Эл шайырлары», «Эл куудулдары» деген китептердин автору. Аты элге анча белгилүү эмес манасчыларды эл арасынан иликтеп, таап, алардын айткандарын чогултуп, радиого жаздырып, сүрөттөрүн сүрөтчүлөргө тарттырып, фондуга өткөрүп, гезитке жарыялап келе жатат. «Эл шайырлары» китебинде манасчылар Молдобасан Мусулманкулов, Ыбырайым Абдракманов, Сейдене Молдокеева, Уркаш Мамбеталиев, Мамбеталы Ашымбаевдин өмүр жолдорун, чыгармачылыгын баяндаган очерктери берилген. Азыр Кыргыз Республикасынын ИАсынын Адабият жана искусство институтунун Кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштеп, эпосту жыйноо ишин улантууда.
БУУДАЙКАН
— эпизоддук кейипкер. Кыргызда Манас аттуу баатыр туулат, ошону таап келгиле деп Эсенкан менен жөнөткөн сынчы аярлар, баатырлар Бузулган Чамбылды жердеген Б-дын да элин жыйып, балдарын чубатууга салып Манасты издегени айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 42).
БУУДАЙЫК
— эпизоддук кейипкер, кыргыз кандарынын бири. Музбурчактын атасы, Алоокени жеңип, түшкөн олжону элге бөлүштүрүү үчүн кыргыз кандарын чакыртканда Б. кан да келет. Ошол жерде Манасты кан көтөрүүгө катышат (Саякбай Каралаев, 1. 213—215). Эпостун башка окуяларына катышпайт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Музбурчактын атасы экени гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 24, 88, 107, 195; 4. 17, 39, 52, 80, 166).
БУУЛУМ
— кымбат баалуу кездеменин бир түрү:
Барча, буулум, дүрүйө,
Баасы кыйын дүнүйө
(Сагымбай Орозбаков, 2. 427);
Буулум да бар, бута бар,
Дейилдеден сексен миң
Кызылдан кымкап жуда бар,
Зерисабар бу да бар
(Сагымбай Орозбаков, 3. 9).
Эпосто өтө баалуу, сейрек кездешүүчү кездеме катары «Каныкейдин сарамжалы» деген окуяда Б-дун шымга ичтелгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 25). Ал эми «Каныкей, Буурулду берчи — минейин, Каныкей, буулумду берчи — кийейин» деген саптар ошол кездемеден тигилген кийим да Б. деп аталарын айгинелейт.
БУУРАКАН
— эпосто табияттын жаан-чачынга, сууга байланыштуу кубулуштарынын ээси, символу катары айтылган образ. Жай таш аркылуу күндү жаадыруу учурларын сүрөттөөлөрдө Б-дын аты көп жолугат: «Суу атасы Бууракан Сайың чыгып жол «берчи» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 150-152-б.). «Булут аты Бууракан, Мунун атын чакырып, Күндү жайлап турду эле» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 495-б.). Эпостун поэтикалык текстиндеги сүрөттөөлөр Б-дын образы байыркы шамандык ишенимдеги түшүнүк менен байланыштуу экендигин көрсөтүп турат.
БУУРАКАН
— эпизоддук кейипкер, Манастын бабаларынын бири, Бабыркандын баласы, Түбөйдүн атасы. Букардын каны Темирканга (Атемир, Каракан) куда түшкөнү барган Жакып өзүн:
Уругум улуу кыргыздан,
Бабырдан кийин Бууракан,
Бузук кылган душмандын
Мурунтан башын туураган
(Сагымбай Орозбаков, 2. 364),
— деп тааныштырат. Б-дын өз мезгилинде элин душмандан коргогон баатыр адам болгондугу баяндалат. Ошондой эле «Бууракан уулу Көгөйдү, Мындан кыргыз көбөйдү» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 87-б.) делет (к. Түбөй, Көгөй). Эпосто Б. эпикалык Манастын генеологиялык санжырасына байланыштуу айтылган эпоним маанисинде чагылдырылган. Эпонимдин келип чыгышы Караханийлердин (10-кылымдын орто ченинен 13-кылымдын башына чейин азыркы Кашкар аймагы, Түш. Казакстан, асыресе Кыргызстан аймагындагы мамлекет), Орто Азиядагы башкаруучулардын титулуна байланыштуу экендиги илимде белгилүү. Тарыхый маалыматтарда: «Ягмалар падышахты Богра-хан (Бууракан) деп аташат». Бул титулдук наам персонификациялануунун (сөлөкөттөштүрүү) натыйжасында эпонимдик мааниге ээ болуп, Манастын бабаларынын бири катары айтылып калган болуу керек.
С. Алиев
БУУРУЛ-ТОО
— топоним. Валиханов жазып алган эпизоддо Көкөтөйгө аш бергени элин көчүрүп келген Бокмурун Кыл-Эртыштеги Б.-Т-нун этегине конот. Географиялык реалияда Челек менен Кум-Кечүүнүн ортосунда жайгашкан тоо, бул жердин шордуу топурагынан өткөн замандарда жергиликтүү эл туз кайнатып алышкан. Эпосто бул туз жөнүндө да эскерилет: «Кайнатма тузга барамын, туз кайнатып аламын» (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 73-б.).
БУЧАЛА
— топоним, кытайдын башкы борбор шаары Чоң Бээжинге жакын жайгашкан тоо. «Тоосунун аты Бучала, Чыккан чөбү күчала» (Сагымбай Орозбаков, 4. 215) делип, эпосто өзгөчө жер катары сүрөттөлөт.
БУЯНБЕК
— эпизоддук кейипкер, Музбурчактын баласы. Семетей Таласка келгенден кийин Абыке, Көбөш, Семетейдин көзүн тазаламакчы болуп кол кураганда, «атаңдын өчүн ал», — деп Б-ти да чакыртышат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 312), к. Бурамбек.
БҮБҮ
Бүбү бакшы — бакшылыкты билген аял киши, к. Бакшы.
БҮТКҮЛ СОЮЗДУК V ТҮРКОЛОГИЯ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
— 1988-ж. 7—9-сентябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында түркология боюнча кезектеги өткөрүлгөн атайын илимий жыйын. Жыйынга мурдагы СССРдин аркыл шаарларынан 400гө жакын окумуштуулар катышып, анда түрк элдеринин тилдеринин, тарыхынын, этнографиясынын, адабияты менен элдик оозеки чыгармачылыгынын түрдүү маселелерине арналган илимий докладдар, билдирүүлөр, тыякак-ойлор айтылган. Конференциянын чегинде кыргыз элинин улуу эпосу «Манас» боюнча атайын симпозиум өткөрүлгөн, к. Симпозиум.
ВАРИАНТ
(латынча varians — өзгөрүүчү) — кандайдыр бир адабий же музыкалык чыгарманын же анын бөлүмдөрүнүн өзгөртүлгөн түрү, түрдүүчө чечмеленип берилиши. Көп В-туулук элдик оозеки чыгармаларга мүнөздүү өзгөчөлүк болуп саналат. Ушул жагдайда алып караганда «Манас» эпосунун В-тарынын көптүгү мыйзам ченемдүү көрүнүш, к. «Манас» эпосунун варианттары.
БЫЖЫ
— топоним. Кыргыздар калмактардан Ала-Тоону бошотконго чейин Б-ны алар жердеп турганы айтылат (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 539-б.). Кочкор өрөөнүнүн түштүгүндөгү тоолуу аймак, өзөн.
БЫЛКЫЛДАК
— топоним, кыргыз эли жайлаган жерлердин бири. Манастын колу Бээжинге аттанганда Б. аркылуу өткөнү да айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 130).
БЭЭЖИН
Түп Бээжин, Чоң Бээжин, Орто Бээжин, Кичи Бээжин, Чет Бээжин, Нур Бээжин — топоним. Кыргыздардын жана аларга жамаатташ тектеш элдердин эң негизги эпикалык душманы — кырк кан элинин (кытайлардын) башкы кандарынын ордо шаары, көпчүлүк учурда, өтмө мааниде жалпы эле кытай өлкөсү, мамлекети. Соңку мезгилдеги манасчылардын түшүнүгү боюнча эпостогу Б. географиялык реалия катары азыркы Пекин шаарына туура келет. Б. з. ч. 1-миң жылдык — б. з. 10-кылымдагы жылнаамаларда ал Цзи шаары деп аталат. 936-ж. Сицзинь, 937-ж. Нанцзинь (12-кылымдын ортосуна чейин кара кытайлар мамлекетинин түштүк бөлүгүнүн борбору), 12-кылымдын ортосунан Чжунду же Дисин (Цзинь мамлекетинин ортоңку бөлүгүнүн борбору) болгон. 1215-ж. шаарды моңголдор ээлеп, Даду же моңголчо Ханбалык (кандын шаары) деген ат менен белгилүү. 13—14-кылымда Юань моңгол империясынын борбору болуп турган. 1368-ж.
Кытай моңголдордон бошонгон соң Бейжин (Түндүк бейпилдик) деп аталган. 1412-ж. кытайдын Мин империясынын, 1644жылдан Цин династиясынын борбору болуп, ошондон ушул күнгө чейин Бейцзин ( түндүк бөлүгүнүн борбору) аталат (орусча транскрипциясы Пекин). Бэйцзинди кыргыздар өз тилинин өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап Б. деп айткандай эле башка түрк-моңгол элдеринде да Пежин, Баачин, Баажин, Бейжин, Бэжин формасында айтылат. «Манас» эпосундагы эпикалык-географиялык ат Б. да ушул эле реалдуу Пекин шаарынын кытайча аталышына байланыштуу. Бээжинди борбор кылып алган Маньчжурдук Цин династиясы 1644— 1912-ж. кытай мамлекетине үстөмдүк кылуу менен бирге 17-кылымдын 80-жылдарынан 18-кылымдын 70-жылдарына чейин коңшу элдерге, анын ичинде Чыгыш Түркстандагы, Орто Азиядагы элдерге каршы баскынчы саясат жүргүзүшкөн. Мындагы элдердин ал баскынчы саясатка каршы жүргүзүп келген биргелешкен күрөшүндө кыргыз уруулары көбүнчө жетекчилик роль ойногон. Бул тарыхый конкреттүү кырдаал «Манас» эпосунун баштатан айтылып келе жаткан салттык-согуштук окуяларына жаңы тарыхый катмар болуп кирген. Эпостогу негизги эпикалык жоо кара кытайлар менен катар манжу (маньчжу) деген реалдуу эл аты да эпикалык душман катары айтыла баштаган. Ушул эле учурда манжулардын борбору болгон Б. шаары эпосто башкы жоонун борбору катары айтыла баштаган.
Б. деген географиялык аталыш кыргыздарга манжур Цин династиясынын мезгилинен алда качан мурун эле тааныш болгон. Байыркы кытайлар түндүк жагындагы көчмөн түрк-моңгол элдеринин чек арасы менен жакын турган чоң шаарларынын улам бирин шартка жараша Б. деп атап келишкен. Мисалы, азыркы Б. Чыңгызкан Кытайды караткан учурда Дасин (ортоңку борбор) аталган, ал эми Б. аттуу шаар азыркы Жэкэ провинциясынын аймагында жайгашкан. Кытайларда Б-ге мааниси жакын, үндөш Бейжин деген географиялык термин биздин заманга чейин эле алардын түндүк жагындагы коңшуларынын ордосуна карата колдонулуп келген. Алгачкы учурда ал «түндүк ордо», «түндүк сарай» деген түшүнүккө ээ болуп, өтмө мааниде «түндүк варварлардын территориясы» деп да айтылган. Кыйла кийинчерээк топонимге айланган (мисалы, Чыгыш Түркстандагы уйгур бийлөөчүлөрүнүн ордо шаары Бешбалыктын кытайча варианты Бейтин болгон). Эне-Сай кыргыздары уйгурларды талкалап, качкандарын кубалап олтуруп, 843-ж. ушул Бейтинди (Бешбалыкты) караткан, бирок 1133-ж. Елюй Даши башында турган кара кытайларга тарттырып жиберишкен. Бейжин Бэй-цзин деген топоним белгилүү бир шаардын туруктуу энчилүү аты болбостон династиялар, кандыктар алмашкан сайын улам бир шаарга ыйгарыла беришинен түрк-моңгол элдеринде Б.деген термин белгилүү бир топоним эмес дубал, сепил деген жалпы ат катары колдонулуп калса керек (орто кылымда бардык шаарлар сепил, дубал менен курчалгандыгына байланыштуу). Эне-Сай кыргыздары күч алып турган чакта алардын Борбордук Азиядагы түштүк чек арасында курулган байыркы сепилдүү шаар чалдыбарын жергиликтүү эл бүгүнкү күндө да Бор-Бежин (чопо сепил, дубал) аташат. «Манаста» Түп Б., Орто Б. жана башкалар бир нече Б. бар; алар алтымыш, жетимиш байсалуу сепилдер менен курчалган, эпикалык душмандар жеңилип, баштарына кыйынчылык түшкөндө ага жашынып кутулат (мисалы, Манастан качканда Коңурбай Алгарасын ошол сепилден секиртип өтүп, дайыма кутулуп кетет). Эпосто да Б. бирде конкреттүү бир шаардын энчилүү аты, бирде сепилдүү шаар деген жалпы ат катары колдонулат.
«Манаста» Б-дин керемет сырдуу шаар катары сүрөттөлүшү кыргыздардын башка элдер, жерлер жөнүндөгү байыркы мифологиялык түшүнүктөрү менен байланышкан.
Р. Сарыпбеков
ВАЛИХАНОВ Чокон Чынгызович
(толук ысмы — Мухаммед — Ханафия, 1835, Куш-Мурун чеби, азыркы Кустанай шаарына жакын Аман-Карагай аймагы — 1865, Алтын-Эмел айылы) — казактын туңгуч илимпозу, демократ-агартуучусу, этнографы жана фольклорчусу, тарыхчы. Аблай кандын чөбөрөсү. Атасы Чынгыз 1834-ж. ошол Аман-Карагай округуна ага султан болуп шайланган. Ал илимди, адабият менен искусствону баалаган маданияттуу жана Г. Н. Потанин, Н. Ф. Костылецкий, П. П. Семёнов-Тянь-Шанский, Н. М. Ядринцев сыяктуу орус окумуштуулары менен тааныш адам болгон. 1847-ж. В. Омбудагы Сибирь кадеттик корпусуна окууга өтөт. 1853-ж. аны аяктап, Батыш Сибирь генерал — губернаторунун адьютанты болуп дайындалат. 1854— 57-ж. жети-суулук казактар жана тянь-шандык кыргыздар Россияга каратылгандан кийин Жети-Суу менен Ысык-Көлгө, кийинчерээк Кулжага бир нече жолу жөнөтүлгөн аскердик илимий экспедицияга катышкан.
В-дун экспедицияга катышуудагы негизги тапшырмасы коңшу элдер менен соода байланышын түзүү болгонуна карабастан, ал казак менен кыргыздардын, 0рто Азия менен Казакстанда жашаган башка элдердин материалдык жана рухий маданиятын үйрөнүүгө киришет. Анын «Чоң кыргыз-кайсак ордосунун уламыштары менен легендалары», «Кыргыз санжырасы», «XVIII кылымдын баатырлары жөнүндөгү уламыштар» деген белгилүү эмгектери, «Ысык-Көл күндөлүгү», «Кулжа күндөлүгү» аттуу жол очерктери — Жети-Суу менен Ысык-Көлгө келген саякаттарынын натыйжасы. 1858—59-ж. В. Кокон көпөсү катары Кашкарга соода кербени менен ийгиликтүү саякат жасаган. 1860-ж. Петербургда бир жылча жашап калат. Ушул мезгилде ал Азиялык департамент менен Орус географиясы коомунда эмгектенет. П. П. Семёнов-Тянь-Шанскийдин жетекчилиги астында казак, кыргыздардын турмушу жөнүндөгү этнографиялык материалдын үстүндө иштейт да, ошол эле учурда Орто Азиянын картасын түзүүгө киришет. 1861-ж. оорусуна байланыштуу В. Петербургдан айлына кетет. Казак окумуштуусу манастаануу илиминин жана кыргыз фольклористикасынын башатында турган десек да болот. Ысык-Көлгө келген учурунда ал бугу уруусунан чыккан манасчыдан "«Манастын» «Көкөтөй хандын өлүмү жана анын ашы» деген бөлүмүн жазып алат. Бул үзүндү кыргыз элинин турмушун жана салтын деталдаштырып сүрөттөгөн окуялуу эпизоддордон экендиги жалпыга белгилүү. Анда ат чабыш, балбан күрөш, эр сайыш, жамбы атуу сыяктуу элдин салттык оюндары баяндалат.
Окумуштуу «кыргыз сагасынын байыркылыгын» көрөгөчтүк менен тааный билип, байыркы кыргыздардын тарыхына тиешелүү тарыхый материалдардын негизги фактылары аркылуу эпоско кирген «кийинки кошумчалар менен көркөмдүктөр» жөнүндөгү түшүнүктөрүн бекемдеген. Байыркы кыргыздардын тарыхын орто кылым жана жаңы тарых менен салыштырып, Түштүк Сибирь байыркы көчмөндөрдүн туруктуу жайыты болгон деген талашсыз жыйынтыкка келет. «Менин оюмча, кандай гана болбосун — деп, белгилейт В. — азыркы кыргыздарды байыркы кыргыздардан таптакыр бөлүп салууга жетишерлик негиз жок, тескерисинче, жалгыз гана алардын аттарынын өзүнөн, алардын сөзсүз түрдө бири-бири менен байланышта экендиги көрүнүп турат. Бул жөнөкөй эле айтылган этимологиялык окшоштук же үндөштүк эмес» (Валиханов Ч. Ч., Собр. соч., в пяти томах, Алма-Ата, 1961, 360-б.). Кыргыз тилин жакшы билген жана түшүнгөн окумуштуу «бул тилде араб жана фарсы сөздөрүнүн дегеле жоктугун, болсо да өтө эле аз экендигин, ал эми моңгол менен байыркы түрк сөздөрүнүн көп экендигин» — баса белгилейт. Мындай фактылардын бардыгы кыргыз тилинин, «Манас» эпосунун сөздүк тутумунда байыркы түрк тилинин көптөгөн элементтери сакталгандыгын билдирет. Элдик оозеки чыгармалардын уйкаштыгына кайрылып В. «кыргыз акындарынын араб поэзиясындагыдай так эрежеге баш ийген ыр жок, бирок ошондой болсо да кыргыз ырлары өзүнө тиешелүү эрежелер менен рифмаларга ээ», — деп белгилейт. Муну менен окумуштуу түрк уйкашынын байыркылыгы жөнүндөгү ойду бекемдейт да, оозеки поэзиянын бай ыр түзүлүшүнүн материалы кыргыз ыр маданиятынын бир бөлүгү, ритм жана уйкаштык ар дайым көчмөн элдин канында жашап келген деген ойду айтат. Ал оозеки поэзияны «тубаса көркөм чыгарма» деп эсептеп, «ыр түзүүнүн татаалдыгын», андагы салыштыруунун молдугун белгилейт.
Манастаануу илиминде манасчылар жөнүндөгү алгачкы пикирди да В. айткан. Ал манасчылардын укмуштай эске тутуу жөндөмдүүлүктөрүнө, алардын элдин басып өткөн тарыхый жана рухий турмушун толук чагылдырган, азыр бизге айрым бир белгилүү тарыхый маалыматтарды толуктоого жана аларды тактоого мүмкүнчүлүк берген өз доорунун керемет чыгармасын эл эсинде түбөлүк сактап келгендиктерине чоң маани берген. Мунун өзү «Манас» эпосун биздин күнгө чейин сактап жеткирүүдө чоң роль ойногон, байыркы оозеки айтуучулук салтты В. жогору баалаган деп айтууга мүмкүнчүлүк берет. Ал «Манас» эпосунун айрым бир эпикалык мотивдерине талдоо берүү менен ага гректердин эпикалык салттарынан окшоштук табат. Грек эпосундагы Полифемди кыргыз жомокторундагы жалгыз көздүү дөө менен бирдей карайт. Эпоско карата болгон мындай мамиленин өзү фольклористикадагы орток сюжеттерди салыштырып издөөгө жол ачып берди. В. оозеки поэтикалык чыгармаларды изилдөөдөгү өз ара байланыш жана өз ара таасир тийгизүү проблемасынын алгачкы баскычында турган. Ошентип, оозеки чыгармаларды талдоодо козгогон проблемаларын жөн гана санап чыкканыбызда да В-ду терең изилдөөчү катары баалоого толук негиз бар.
Р. Кыдырбаева
ВАРВАРИЗМ
(гр. barbaros — чет элдик) — чыгарма жаралган (жазылган же айтылган) элдин тилине мүнөздүү эмес чет элдик сөздөр, ошондой эле ал тилге башка тилдерден кабыл алынган сөздөр, сөз айкаштары. В-дин биринчи түрү каармандардын сүйлөгөн сөздөрүндө кеңири учурап анын тилинин, дегинкисин айтканда, кулк-мүнөзүнүн өзгөчөлүгүн ачат. «Манаста» В-дин бул түрү башка элдик кейипкерлердин сүйлөгөн сөздөрүндө жолугуу менен анын улуттук тилинин айырмалуулугун көрсөтөт да, образдын тараптуу ачылышын шарттайт. Айрыкча, Сагымбай Орозбаковдун вариантында баяндалып жаткан эпизоддо негизинен кайсыл эл жөнүндө кеп болуп жатса, ошол элдин өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүндө В. атайын жыш берилет. Мисалы, калмак-кытайлардын арасында өсүп: «кыжы-кужу сөздөрү, кыргыз деп айтар жери жок, кызылдай кытай өздөрү. Кажы-кужу сөздөрү, казак деп айтаар жери жок, кадимки калмак өздөрү» болуп калган Көзкамандардын сүйлөгөн сөздөрүндө кыргызча атоолордун көпчүлүгү алар мурун сүйлөп көнгөн калмак сөздөрү аркылуу берилет. Бул аркылуу адамдардын душманга түбөлүк берилип, кыргызга дили кошулбай жан дүйнөсү жат болуп калганы баса белгиленет. В. эпосто жоо элдерди сүрөттөгөндө гана эмес, коңшу дос элдердин тилинин өзгөчөлүгүн көрсөтүш үчүн колдонулат. Мисалы, Жакып тажик каны Атемирдин кызы Санирабигага (болочок Каныкейге) куда түшкөндө бул элдин тилинин өзгөчөлүгү төмөнкү мисалдын түрүндө көп жерде белгиленет.
Аспиден канча салалык,
Айдатып арбын алалык.
Келеден канча салалык
Келтирип арбын алалык
Көспанттан канча салалык,
Көбүрөөк кылып алалык
(Сагымбай Орозбаков, 2. 373)
Мындагы жылкы (аспи), уй (келе), кой (көспант) сыяктуу кыргызча атоолор тажик элинин айырмалуу жактарын көрсөтүш үчүн айтуучу тарабынан атайы киргизилген. В-дин экинчи түрү — кабыл алынган сөздөр «Манаста» өтө арбын; алар кытай, калмак-моңгол, санскрит, араб, тажик — перс, орус (алар аркылуу европа элдеринен), казак, өзбек, уйгур жана башкалар тилдерден кабыл алынган.
С. Төлөгөнова
«ВАРИАНТЫ ЭПОС "МАНАС"»
— «"МАНАС" ЭПОСУНУН ВАРИАНТТАРЫ» — эпостун Саякбай Карала уулу, Мамбет Чокмор уулунун варианттарынын өзгөчөлүктөрүн иликтөөгө арналган Р. 3. Кыдырбаева, К. Кырбашев, А. Жайнаковалардын изилдөөлөрү. Китеп орус (1-бөлүм) жана кыргыз (2—3-бөлүм) тилдеринде жазылып, Кыргыз Илимдер акдемиясынын (Фр., 1988) басмасынан жарык көргөн. Көлөмү 10 басма табак (160 бет). Китептин биринчи бөлүмүндө (Р. 3. Кыдырбаева) эпостун Мамбет Чокморовдун вариантындагы «Манас» бөлүмүнүн урунттуу өзгөчөлүктөрү ачылат. Негизги салттык өзөк окуялар сакталуу менен Мамбет Чокмор уулунун «Манасында» ислам мотивдери, о эле ысык-көлдүктөргө мүнөздүү болгон Эне-Сайга байланыштуу окуялар чагылдырылгандыгы, Манастын ата-тек санжырасындагы жана бала чак окуяларындагы өзгөчөлүктөр көрсөтүлөт. Экинчи бөлүм (К. Кырбашев) Мамбет Чокмор уулунун «Семетейинин» бөтөнчөлүктөрүн изилдөөгө арналып, Саякбай Каралаевдин варианты , Жакшылык Сарыковдун варианты, Акмат Рысмендеевдин варианты, Жаңыбай Кожековдун вариантындагы «Семетей» менен сюжети жана салттык окуялар негизинен бирдей деген тыянак айтылат да, МЧВнын өзгөчөлүгү «сюжетке сиңирилген айрым окуялардан, мотивдерден, деталдык көрүнүштөрдөн жана поэтикасынан» байкалары белгиленген. Үчүнчү бөлүм (А. Жайнакова) «С. Каралаевдин айтуусундагы «Семетей», «Сейтек» эпосторунун бөтөнчөлүктөрү» деп аталып, улуу манасчылардын чеберчилиги, анын варианттынын башка варианттардан толуктугу, көлөмдүүлүгү жана жогорку көркөмдүүлүгү тууралуу сөз болот.
И. Абдувалиев
ВАСИЛЬЕВ Владимир Яковлевич
(1907, Киев —1977, Фрунзе)— советтик режиссёр, Кыргыз ССР эл артисти (1958). Москвадагы театр студиясын (1924—27) жана ГИТИСти (1930—35) бүтүргөн. Кыргыз опера жана балет театрына 1939-ж. «Айчүрөк», 1946-ж. «Манас» (А. Куттубаев менен бирге) операларын коюп, Кыргыз улуттук музыкалык театры менен опералык өнөрдүн өнүгүшүнө режиссёр катары салым кошкон. В. эки Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
«В.В. РАДЛОВДУН ЖЫИНАГАН МАТЕРИАЛДАРЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ЛЕКСИКАЛЫК ЖАНА ГРАМАТИКАЛЫК ОЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ»
— филология илимдеринин кандидаты С. Кондучалованын эмгеги (Фр., 1964). Көлөмү 5,5 басма табак. Өткөн кылымдын экинчи жарымында В. В. Радлов жазып алган материалдагы көп сөздөрдүн алиге чейин кыргыз лексикасында активдүү колдонулушун белгилеп, аларды маани жагынан негизги топторго бөлүп караган.
Эмгектин экинчи бөлүгүндө материалдагы тексттердин айрым грамматикалык фактылары жөнүндө сөз козголот. Бул бөлүктө жөндөмөлөр боюнча ат атооч сөздөрдөгү жана этиштерде учураган өзгөчөлүктөр талдоого алынган. В. В. Радловдун китебинен үзүндү берилген.
«ВВЕДЕНИЕ В ИЗУЧЕНИЕ «МАНАСА»
(«Манасты» изилдөөгө киришүү) — В. М. Жирмунскийдин 1948-ж. кол жазма укугунда жарык көргөн монографиясы (Фр., СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалынын басмасы, 111-б.). Китеп «Алгы сөздөн» («Предисловие»), беш баптан, корутундудан жана пайдаланылган адабияттардын тизмесинен турат. «Алгы сөздө» автор монографиянын максаты (16-б.), өзгөчөлүгү, аны жазууда колдонулган негизги булактар жөнүндө кыскача баяндайт.
Биринчи бап — «Эпикалык салт» («Эпическая традиция»)— «Манасты» атадан балага мурасталып, такталып, өнүгүп, өсүп, өзгөрүп келе жаткан оозеки эпос экендигин белгилөөгө арналган. В. М. Жирмунский «Манастагы» окуялардын, мотивдердин жана сюжеттердин салттуулук белгилерин айтып келип, манасчыларды негизинен эки мектепке бөлгөн: биринчиси Тянь-Шань мектеби (Сагымбай Орозбак уулу), экинчиси Ысык-Көл мектеби (Саякбай Карала уулу). Ушул эле бапта Саякбай Карала уулу менен Сагымбай Орозбак уулунун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө маалыматтар, Манасты жазып алуу, жарыялоо жана изилдөө тарыхы кыскача айтылган. «Манастын» сюжетин изилдөөгө арналган экинчи бапта баатыр «Манастын» эпикалык таржымалы (төрөлүшү, ат коюу, балалык чагы, биринчи эрдиги, үйлөнүшү, баатырдын иштери, өлүмү), өз туугандары жана вассалдары менен болгон мамилелери (Көзкамандар, жети кан окуясы жана башкалар), бейпил турмуштун, шаан-шөкөттөрдүн сүрөттөлүшү (Көкөтөйдүн ашы жана башкалар), Манастын казаттары (Чоң казат, Кичи казат жана башкалар), этнографиялык тарыхый материалдар жана дүйнө элдеринин эпикалык мурастарынын фактылары менен салыштыра изилденген. Үчүнчү бапта эпостун идеясы жана образдары талдоого алынат. Манас, анын кырк чоросунун образдары жана алардын эпостогу идеялык мазмундук милдеттери, сүрөттөлүш өзгөчөлүктөрү, жөнүндө кең-кесири сөз болот.
Монографиянын талаш-тартыш туудуруп, азыр да окумуштуулардын талкуусунан кала элек бөлүгү — төртүнчү бап — «Эпопеянын келип чыгышы жана өнүгүшү». Тарыхый, фольклордук материалдарды кеңири пайдалануу менен «Манастын» эпос катары калыптаныш тарыхын изилдеген. «Манастын» башка түрк элдеринин эпикалык мурастары менен болгон байланыштары ырааттуу түрдө талданган. Баптын негизин окумуштуунун «Манастын» эпос катары калыптаныш тарыхына карата айткан бүтүмү түзөт. Ал эпостун калыптанышы үч этаптан тураарлыгын көрсөткөн. Ал эми акыркы бапта болсо, «Манастын» уландысы болгон «Семетей» жана «Сейтек» эпосторунун сюжеттик — композициялык өзгөчөлүктөрү, образдары талданат. Эки эпосто тең «Манаска» караганда кийинки мезгилдердин таасири көбүрөөк тийип, баяндоо ыкмалары да бир беткей болуп калгандыгын белгилейт. Окумуштуу акырында, «Семетей», «Сейтек» эпостору 17 — 18-кылымда толук калыптанган болуу керек деген божомол айтат. В. М. Жирмунскийдин бул монографиясынын илимий мааниси азыр да өз күчүн жогото элек. «Манастын» калыптанышы, тарыхыйлыгы тууралуу айтылган пикири илимий көз караш катары жашап келет. Бул эмгек кийин айрым толуктоолор, тактоолор менен В. М. Жирмунскийдин өзүнүн «Народный героический эпос» (М.—Л., 1962), «Тюркский героический эпос» (Л., 1974) деген китептеринде жана авторлор коллективинин «Киргизский героический эпос «Манас»» (М., 1961) аттуу жыйнакта жарык көргөн.
В.В. РАДЛОВДУН ЖЫИНАГАН МАТЕРИАЛДАРЫДАГЫ КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ФОНЕТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
— филология илимдеринин кандидаты С. Кондучалованын (Фр., 1961) эмгеги. Көлөмү 7 басма табак. Эмгек кириш сөздөн, негизги бөлүктөн, корутундудан турат. Кириш сөздө эмгектин максаты В. В. Радловдун 19-кылымдын экинчи жарымында жыйналып жана жарыкка чыгарган кыргыз тексттерине фонетикалык талдоо жүргүзүп, фактыларды азыркы түндүк кыргыз говорлору менен адабий тилдин материалдарына салыштырылып изилденгенин экендигин эскертет. Ошондой эле кыргыз тексттерин жазууда колдонулган В. В. Радловдун транскрипция сына таблица берилген. Эмгектин негизги бөлүмүндө таблицада колдонулган транскрипциялык белгилердин колдонуш ыктары жана берген маанилери жөнүндө тексттерге фонетикалык талдоо жүргүзүлгөн. Автор В. В. Радлов кыргыз тексттерин жазууда он алты тыбышты белгилей турган тамгаларды, ошондой эле он тогуз фонемадан турган түндүк кыргыз говорлорунун үнсүздөр системасын колдонгондугун айтып, аларды азыркы кыргыз тилинин фактыларына салыштырып изилдеп чыккан. Корутунду бөлүгүндө В. В. Радлов тарабынан жарыяланып бул тексттер 19-кылымдын экинчи жарымында Түн. Кыргызстанда жашаган жергиликтүү өкүлдөрдүн тилдик өзгөчөлүктөрүн элестетүүчү эң баалуу эстелик болуп саналат деген жана башкалар жыйынтыктарга келген. Бул эмгектин аяк жагына В. В. Радлов жазып алган тексттен үзүндү транскрипциясы эч өзгөрүлбөй берилген.
ВИНОГРАДОВ Виктор Сергеевич
(1899., Калуга губерниясы, Истик айылы) — советтик музыка изилдөөчү, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1957), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967), СССР жана РСФСР композиторлор союзунун башкармасынын жана ЮНЕСКОнун элдик музыка боюнча эл аралык советинин мүчөсү. В. 1938-ж-дан тартып кыргыздын элдик, профессионал музыкасынын тарыхына жана манасчылардын, обончулардын, комузчулардын чыгармачылыктарына байланыштуу ондогон эмгектерди жазган. Ал советтик музыка изилдөөчүлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп манасчылар Саякбай Карала уулу менен Молдобасан Мусулманкул уулунун айтуучулук өнөрүнө ой жүгүртүп, талдоого алган.
«Кыргыздын элдик речитативи» аттуу макаласында В. 1940-ж. алгачкылардан болуп «Манастан» 19 үзүндү жазып алган. Алардын арасында Саякбай Карала уулу, Ыбырайым Абдырахман уулунун, Жаңыбай Кожек уулунун, Молдобасан Мусулманкул уулунун, Актан Тыныбек уулунун да үзүндүлөрү бар. Аларды бири-бири менен салыштыра талдап, мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө илимий байкоо жүргүзгөн. Манастын сабатмалуу обондорунун көркөмдүгүн, айырмачылыктарын, төкмөлүк менен айтылышына жараша обондору өзгөрүлүп айтыларына токтолот да, «Манас» төрт түрдөгү сабатмалуу обондо айтыларын аныктайт. В. Эмгек Кызыл Туу, Элдердин Достугу, Ата Мекендик согуштун II даражадагы, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Б. Алагушов
ВЛАСОВ Владимир Александрович
(1903, Москва шаары)— советтик композитор, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1939), Кыргыз ССРинин эл артисти (1946), РСФСРдин исккусствого эмгек сиңирген ишмери (1947), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекет сыйлыгынын лауреаты (1970), РСФСРдин эл артисти (1973). Композиторлор А. Малдыбаев, В. Фере менен бирге 4 көшөгөлүү, 6 сүрөттүү «Айчүрөк» (1939) операсын жазган. Ал ошол эле жылы 12апрелде Кыргыз мамлекеттик музыкалуу драма театрында, 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун он күндүгүндө алгач СССРдин Чоң театрынын филиалында, 1июнда Чоң театрдын өзүндө коюлган. Операнын музыкасын авторлор «Манастын» элдик обондор менен күүлөрдүн негизинде жазышкан. Операга манасчылар Саякбай Карала уулунун, Молдобасан Мусулманкул уулунун айтуусундагы сабатмалуу обондордун үлгүлөрүн пайдаланышкан.
Бул музыка Семетейге баатырдык, эр жүрөктүүлүк, тайманбастык мүнөз берет. Опера коюлгандан бери сахнадан түшө элек. Ал эки жолу (1959, 1987) кайрадан редакцияланып көрүүчүлөргө тартууланды. 1944-ж. А. Токомбаев менен К. Маликовдун либреттосуна 5 көшөгө 8 сүрөттөн турган «Манас» операсынын музыкасын (А. Малдыбаев, В. Фере менен бирге) жазган. Опера 1946-ж. 3-мартта Ленин ордендүү Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган. Бирок, айрым кемчиликтердин кесепетинен опера сахнадан алынып салынган. 1966-ж. «Манас» операсынын жаңы вариантынын музыкасын В. А. Малдыбаев, В Фере менен биргелешип кайрадан жазышкан. В. эки жолу «Ардак Белгиси» (1939, 1958), Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Б. Алагушов
ВОЛКОВ Геннадий Никандрович
— (1927, Чуваш АССРи, Большие Яльчики кыш.) — белгилүү педагог. Чуваш пединститутунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1949). Педагогика илимдеринин доктору (1967), профессор (1968), СССР Педагогика Илимдер акдемиясынын академиги (1989). Улуту чуваш 1972-ж-дан бери РСФСР эл агартуу министрлигинин улуттук мектептер илим-изилдөө институтунун сектор башчысы.
Эрфурттагы Жогорку педагогикалык мектептин профессору (1979— 1982), ошол эле окуу жайдын Ардактуу доктору (1984), ГДРдин бир нече өкмөттүк сыйлыктарынын ээси. В. жүздөгөн илимий макалалардын, илимий изилдөөлөрдүн жана ондон ашуун фундаменталдык монофиялардын автору. СССР элдеринин улуттук педагогикаларын ырааттуу изилдеген окумуштуу. Ал өзүнүн «Письма о Манасе» (Литературной Киргизстан, 1971, № 1), «Этнопедагогика» (Чебоксары, 1974), «Созвездия земли» (Чебоксары, 1979) монографияларында жана башка макалаларында «Манас» эпосундагы байыркы кыргыздардын тарбия жөнүндөгү ой толгоолорун, үрп-адат, салт-санааларын изилдеп үйрөнүп, «Манас» — элдин педагогикалык ой жүгүртүүсүнүн бийик сереси экендигин айгинелеген. 1979—82-ж. В. ГДРдин жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелеринде кыргыз эпосундагы педагогикалык залкар идеяларды даңазалаган лекцияларды окуган.
Б. Апыш уулу
ВУЛЬГАРИЗМ
(лат. vulgaris — демейки, кадыресе) — көркөм чыгармада каармандын сүйлөгөн сөзүндө колдонулуучу орой, одоно сөздөр. Текстте стилдик мааниге ээ болуп, каармандын кулк-мүнөзүн ачып берүүдө В-дер көмөкчү милдет аткарат. Образдын дагы да терең ачылышын шарттайт. «Манас» эпосунда да В. сөздөрдү жолуктурууга болот. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашында» балбан күрөшкө чыгарында Кошойдун жашы улгайып кеткенине арман кылып, майданда отурган Жолойду мүнөздөп айткан сөзүндөгү В.:
Отуз беште жолукса
Ойрондобос эр белем,
Ошол иттен кем белем!
Обдулуп найза салышса,
Ойду-дөңду алышса,
Оролтуп аяк чалышса.
Оңдобой турган мен белем,
Оосурак иттен кем белем!
(Сагымбай Орозбаков, 3. 199).

