ГАЛЛЮЦИНАЦИЯ - ДЫЙКАНОВ Карбоз
- ГАЛЛЮЦИНАЦИЯ
- «ГЕНЕЗИС ЭПОСА "МАНАС"»
- ГИПЕРБОЛА
- ГЕРЦЕН Теодор Теодорович
- ГЛУХОВ Борис Григорьевич
- ГРАДАЦИЯ
- ГРАФИКА
- ГРОТЕСК
- ГУМАНИЗМ
- ГУБИЙ-ШАМУ
- ГУРКАН
- ГУЛАЙЫМ
- ГҮЛБАК
- ГҮЛКАНЫШ
- ГҮЛ-ТОКОЙ
- ГЫРАТ
- ДААРУУ
- ДАБАК
- ДАБАШ
- ДАВЛЕСОВ
- ДАГАЛАК
- ДАГУЛУК
- ДАГУЛУК
- ДАГЫР
- ДАЖААЛ
- ДАЛБАЕВ Сатыбалды
- ДАЛБАЕВА Мираида
- ДАЛЫ АЧУУ
- ДАЛЫНЫН КЕЧИРИН КЕСҮҮ
- ДАМБЫЛДА
- ДАҢГИР
- ДАҢГҮЛҮ
- ДАҢГЫЛ
- ДАҢГЫТ
- ДАҢ-ДАҢ
- ДАҢЗА
- ДАҢКАРА
- ДАП
- ДАРБА
- ДАРБАН
- ДАРГАН
- ДАРДАК
- ДАРКАН
- ДАРКАН
- ДАТКА
- ДАШ КАЗАН
- ДЕБЕГИ
- ДЕЙИЛДЕ
- ДЕЛДЕШ
- ДЕРКЕМБАЕВА Ирина Григорьевна
- ДЕРКЕНБАЙ
- ДИАЛОГ
- ДИДАКТИКАЛЫК ЫРЛАР
- ДИЛДЕ
- ДИЛДЕБУРУШ
- ДИҢСЕ
- ДИССЕРТАЦИЯ
- ДОБУЛ
- ДОБУЛБАС
- ДОГОН
- ДОЛОН
- ДОЛОНО-БУЛАК
- ДОМАБИЛ
- ДОМОК
- ДООЛ
- ДООЛОН
- ДОРГО
- ДООРОН
- ДӨБӨТ
- ДОСУ Ташмат уулу
- ДӨГДҮР
- ДӨГӨН
- ДӨГӨШӨ
- ДӨМҮЛ
- ДӨҢГӨ
- ДӨҢГӨ
- ДӨҢКӨЙ
- ДӨӨГӨР
- ДӨӨ, ЖАЛГЫЗ КӨЗДҮҮ ДӨӨ
- ДӨӨКҮР
- ДӨӨКАН
- ДӨӨТАЛЫ Касымбай уулу
- ДӨӨТҮ
- ДӨӨ-ПЕРИ ЖОМОГУ
- ДӨРБӨЛДӨЙ
- ДӨРБӨН
- ДӨРБӨН
- ДУБА
- ДУГУЛ
- ДРАМА
- ДУЛАТОВА Гүлшара
- ДУМАНА
- ДУМАНАЕВ Чоробек
- ДУМАРА
- ДУҢКАНА Кочуке уулу
- ДУҢША
- ДУРСУН ЙЫЛДЫРЫМ
- ДУУ-ДУУ
- ДУУЛАТ
- ДУУЛАТ
- ДУУШАҢГӨР
- ДҮБҮРӨ КАН
- ДҮЙШӨ Жанай уулу
- ДҮМПҮЛДӨК
- ДҮМҮР АЛП
- ДҮҢГӨР ЭЭР
- ДҮҢГҮРӨМӨ
- ДҮРБҮ
- ДЫЙКАНБАЙ Тойчубек уулу
- ДЫЙКАНОВ Карбоз
ГАЛЛЮЦИНАЦИЯ
(латынча hallueinatio — жөөлүү, көзгө көрүнүү) — манасчылардын чыгармачылык жактан калыптануусуна байланышкан психологиялык кубулуш. Бул адамдардын сезим органдары, кабылдоолору чындыкты тикеден тике чагылдыруудан эмес, бөлөкчө өтүүдөн пайда болуп, адаттан тышкаркы абалга дуушар болуудан келип чыгат. Мунун негизги түйүнү — адамдарды чексиз бийлеп алган күчтүү толгонуулар, толкундоолор, түйшөлүүлөр жана алардан жаралган фантазия — элестер. Ал эми ушул «психологиялык абалдар белгилүү бир чектерден чыкканда фантазия — элестер алар жаралган сезүү органдарын (көзгө, кулакка жана башкалар) тийиштүү аракеттерге келтирип, чынында эле болуп жаткан окуялардай таасирлерди туудуруп жиберет. Ар бир эле адам кээде жалгыз калганда кандайдыр бир үндөрдү уккансып, не бир кыймылдарды, же жыттарды сезгенсип, ал түгүл не бир караандарды көргөнсүп калган учурларды билет.
Мындай учурларды галлюцинация дейт» (А. Салиев). Бул психологиялык кубулуш чоң илим, искусство багытында түйшүк тарткандарга кыйла мүнөздүү. Маселен, манасчы болуу оңойго турган эмес. Бул эпостун зор көлөмүнө, аны аткаруудагы ашкере акындык, ырчылык талантка байланышкан. Ушундан улам манасчылык өнөргө умтулган адам адегенде эле психологиялык кыйын кырдаалга туш келген. Үйрөнүүгө кадам таштагандан тартып эле манасчы болор бекемин деген үмүт-тилек аны сар-санаага, убайымга салып, ушул багытта издентип, түйшүктөнтүп, булар күчөнүп олтуруп терең толкундоолорду, толгонууларды, чыңалган эмоцияларды жаратып, акырында тийиштүү фантазия — элестерди пайда кылган. Манасчыларда бул кубулуш негизинен кереметтүү түш көрүү, аян берүү, дааруу менен түшүндүрүлөт. Мында эң эле мүнөздүү көрүнүш — кереметтүү түш көрүү. Көпчүлүк манасчылардын түш көрүүлөрү мазмуну жагынан дээрлик бири-бирине окшош келет. Дегинкисинде «түш көрүү аркылуу өзгөчө шыкка ээ болуу түрк элдеринде кеңири тараган, өзгөчө Орто Азия элдеринин бардыгында дээрлик жолуккан түшүнүк» (В. Жирмунский).
Манасчы болууда түш көрүүдөн башка көзгө көрүнүү да учурайт. Маселен, манасчы болууга аракеттенген адамдын түшүнө Манас же эпостун башка негизги каармандары кирип, кээде айрымдарга өңүндө жолугуп, манасчы болууга ишеним пайда кылып, шер байлаткан окуялар да кездешет. Буга Саякбай Карала уулу айкын мисал: «Орто-Токойдо айыл кыдырып, жарамазан айтып жүргөндө Саякбай Карала уулу жолдошторунан бөлүнүп, үйгө бет алат. Тар капчыгайдан өтүп келатканда кулак жарган укмуштай чаңырык чыгат. Тигил корккон бойдон атынын оозун коё берип, капчыгайдан өтө бергенде жол боюнда сонун өргөө туруп калган болот. Анын тушуна келгенде ашкере сулуу айым алдынан чыгып, аттан түшүп, даам тата кет, — деп кайрылат. Аң-таң болгон Саякбай атын мамыга байлай коюп, сулуу ачкан эшиктен кирсе, үйдө эч ким жок, дасторкон жайнаган дүйүм тамак, «уялба, уялба жигит, табактагылардын ар биринен даам тат» дейт. Жыртык жаргак шымынан кысынып, эптеп кымырынып-кымтынып, Саякбай сулуунун айтканын аткарат да, туруп кетмекчи болот. «Ай, жигит ай, неге шашасың, тамактан жеп кет» дегенине болбой, сыртка чыгат. Чыкса дүрбөгөн эле атчан жоокерлер. Чоң сакал карыя теминип-демитип кирип келет. Сол колунда аттын тизгин-чылбыры менен кошо кармаган найза, оң колун асынган баштыгына салып бир нерсе уучтап чыгып, «мына жигит, момуну оозуңа салып, чайнап жут» дейт. Же таруу эмес, же кум эмес бир нерсени уучтап алып оозума салсам, качырап чайналбайт. Какап-чакап жутуп жатам. Найзасы менен тап берип: «Бирөөнү калтырбай жут», — деп карыя ат үстүндө турат теминип. Анан тигил жоокерлерге кайрылып: «Мына бу Аккуланы мингенди өзүң билесиң. Наркысы — Алмамбет, тиги — Чубак, анын аркысы — Сыргак...» — деп эле санап кирет. «Андан кийин мына бул өз жолуңа чыкканда эки кой айдаган киши кезигет, ошол койлорду сатып алып, эл чакырып союп бер да, батасын ал, анан мына бул көргөндөрүңдүн баарын төкпөй-чачпай айтып жүр», — дейт да, карыя жоокерлерге бир ураан таштайт. Жоокерлер дүр коёт, жер дүңгүрөп эле чаң асманга көтөрүлүп калат. Баягы чаң тарап кетет, караса Саякбай бир таштын түбүндө олтуруп калган болот, тигил ак өргө да жок. Кунаны башын жерге салып нары жакта турат. Бир чети аң-таң болуп, бир чети не бир толкуган сезимдерге батып, Саякбай жөнөп калат. Бара жатып, чыны менен эле эки кой айдап бараткан кишиге жолугат, жарамазан айтып тапкан акчасын берип, эки койду алып кетет. Үйгө келип, аларды союп, эл чакырып бата алат, жанагыларды айтат» (А. Салиев, «Манас» жана Саякбай. «Ала-Тоо», 1988, № 8, 12-б.).
Мына ушундан кийин эле ал уйкуда жатып да «Манас» айткан өнөкөткө туш болот. Албетте, мунун бардыгы Г-нын мыйзам ченеминен келип чыккан нерселер. Мындайча алганда «Манас» айтууга бүткүл дити менен берилип калган Саякбай Карала уулу анын күчтүү таасиринде жүрүп, нечен түркүн толкундоолорго, толгонууларга учурап, бул багыттагы эмоциялык чыңалуу ошол жарамазан айтып жүргөн мезгилде бөтөнчө абалга жеткен да, жанагыдай көзгө көрүнүүлөрдү, түш көрүүлөрдү пайда кылган. Кереметтүү түш көрүп, көзгө көрүнүп, арбак колдоп, касиеттүү күч даарып, аян берип «Манас» айтып калуу манасчылар үчүн психологиялык чоң өбөлгө. Буларды толук, кана кармагандарда бекем ишеним пайда болуп, чыгармачылыгынын андан нары уланышына мүмкүндүк ачылган.
Бул психологиялык жагдайды окумуштуулар ар кандайча түшүндүрүшөт. Маселен, өздөрүнүн «Манас» тууралуу жазгандарында М. Ауэзов менен К. Рахматуллин манасчылардын жогорудагыга байланыштуу айткандарын алар өз өнөрлөрүн өтө сырдуу кылып көрсөтүү үчүн гана жасаган аракеттери катары карашкан. Албетте, мунун белгилүү даражада чындыгы бар. Бирок, ошондой болсо да, мында негизги нерсе «Манасты» айтууну сырдуу кылып көрсөтүү аркылуу өздөрүнүн өнөрүн мактоодо эмес, асыресе аны менен манасчылык өнөрдүн кашкайган өзгөчөлүгүнүн, дегеле «Манастын» ыйыктыгын, бөтөнчө маанисин баса белгилөө болуп саналган.
О. Исмаилов
ГЕНЕАЛОГИЯЛЫК ЦИКЛДЕШТИРҮҮ
— эпостордун өсүп-өнүгүшүндөгү чыгармачыл процесс. Эпикалык циклдештирүү окуяларды башкы баатырдын жеке керт башына таандык кылып тизмектеп, анын өмүр баянына болгон кызыгууну канааттандыра алса, андан ары баатырдыгы өзүнөн кем калышпаган баласы, ал турсун небере-чөбөрөлөрү жөнүндөгү бөлүмдөр жаралат. Г. ц. мыйзамы биринчиден, элге өтө кеңири таралган, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон эпикалык башкы каармандын түпкү тегин таанытуу максатын ишке ашырат. Баатырдын эли-жери, ата-бабасы жайынча саналып өтүлөт да, кыскача баян менен гана чектелет. Профессор В. М. Жирмунский «Манас» генеалогиялык принцип боюнча улантыларын белгилөө менен Манастын ата теги туурасында эпосто жомоктолуп так айтылбаганынан улам, адеп пайда болгондо окуя жалгыз гана Манас, анын атасы Жакып тууралуу өнүгүп, Манастын ата-бабаларынын саналып айтылышы эпоско кийин кирген нерсе болуш керек деп эсептейт. Анткени бардык варианттарда манасчылар Манастын тегин ар түрдүүчө айтышат.
Ырас, айрым ысымдар окшош болгон учурлар жок эмес. Маселен, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манастын түпкү атасы Каракан, андан Огузкан — Аланча — Байгур — Бабыркан — Түбөй — Көгөй — Ногой — Жакып — Манас — Семетей — Сейтек; Саякбай Каралаевдин вариантында Түгөлкан — Бабыркан — Бөйөн — Чаян — Ногой — Балакан — Каракан — Жакып — Манас — Семетей — Сейтек деп айтылса, Мамбет Чокморовдун вариантында Асанкайгыдан башталат. Радлов жазып алган вариант менен Валиханов жазып алган эпизоддо Манастын түпкү аталарынын бири — Бөйөнкан. Бирок, Манастын өз атасынан баштап генеалогиялык байланыш үчилтикте түз сызык боюнча так алынып өтүлөт. Ч. Ч. Валиханов өзүнүн «Жунгария очерктеринде» Семетейдин атасынын өчүн алышы кыргыз эпопеясынын экинчи бөлүгүн түзөрүн айтып, эпостун ар бир бөлүгү өз алдынча чыгарма катары ошондой эле кеңири белгилүү экендигин көрсөтөт. Академик Б. М. Юнусалиев эпос алгач генеалогиялык циклсиз эле жашап, качан гана Чоң казатта баатырлардын көбү курман болуп, Манас өзү да катуу жараланып окуя кайгылуу аяктагандан улам сюжетти уланткан Манастын уулу Семетей жана анын жолдоштору жөнүндөгү экинчи бөлүк пайда болгон болуу керек деген алгылыктуу ойду билдирет.
Дүйнө элдеринин айрым баатырдык эпосторунда башкы каарман өлгөндөн кийин эл тилегин толук ишке ашыруучу баатырдын укум-тукуму жөнүндөгү эпикалык сюжеттин келип чыгышы да трагедиялуулукка байланышкан. Мындай принциптеги эпостордо башкы баатыр максатына жетпей курман болуп калса, анын ишин улантып, бөксөсүн толтуруп, өктөсүнө чыга турган мурасчы жарала тургандыгы, бирок ал дайыма эле башкы баатырдын карачечекей баласы болбошу да мүмкүн экендиги белгилүү. Г. ц-нүн жаралышын шарттаган дагы бир маанилүү фактор — элдик баатырды, анын жардамчыларын жаңы окуялардын, эрдиктердин тегерегинде көрсөтүү. Бул угуучу аудиториянын талабы боюнча мурунку каармандардын өмүр баянына жаңы окуялар кошумчаланып, анын кийинки укум-тукумунун өстүрүлүшү аркылуу берилет. Фольклорго таандык оптимисттик идеянын күчү ушунда, угуучулар башкы баатырдын өткөн тарыхына караганда анын болочок тагдырына, келечек турмушуна көбүрөөк кызыгышат. Ушуга ылайык эпостун сюжеттик өнүгүшүн кеңейтүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Урпактар тууралуу чыгармалар баатыр атанын өлүмүнө байланыштуу пландаштырылат, себеби, элдин идеяларын туу туткан эпикалык башкы каармандын иштеген иши, максаты биротоло жоголуп калууга тийиш эмес. Анын каардуу душмандарынан өч ала турган жаңы мурасчы келиш керек. Ушунун өзү Г. ц-нүн андан аркы багытын аныктайт. Г. ц. принцибинин негизинде мурунку бөлүмүндөгү тааныш мотивдерди жаңыча түзүп чыгуу (комбинирование) аркылуу жаш баатыр тууралуу мурдагыны уланта турган жаңы эпос жаралат.
Мисалы, өзбек эпосу «Алпамышты» анын генеалогиялык уландысы болгон «Жедигер» («Ядгар») менен салыштырсак, дастанды айтуучулар улуу каармандардын катарына кийинки муундагы баатырларды кошуп, негизинен мурунку бөлүмдөгү тааныш сюжеттик комбинацияларды кайталашат. Бирок мында башкы каармандар катары алдыңкы планда жаштар көрсөтүлөт. Алпамыштын ордун Жедигер ээлеп, атасы сыяктуу эле түрдүү окуяларга катышат. Кичинесинен кудалап койгон колуктусун алуу үчүн түрдүү кыйынчылыктарга учурайт. Акыры душмандарынан өч алып, максатына жетет. Башкы баатырлардын эпикалык өмүр баянын ушинтип вариациялоо аркылуу жаңы поэмаларды жаратуу Г. ц-нүн өөрчүшүнүн өбөлгөлөрүнүн бири болуу менен эпос айтуучулардын чыгармачыл зор талантын да далил-дейт. Г. ц. кичи поэмаларда мурунку бөлүмдөгү салттык мотивдер менен кеңири белгилүү стилдик формалардан пайдаланууга толук жол берет. Кийинки муундагы баатырлар ата-бабасынын ишин эпикалык хронологиялык тартипте улантса да, алар туурасындагы поэмалар жакынкы учурларга чейин калыптанып, иштелип журүп олтурганы байкалат. Кыскасы генеалогиялык принцип элдик оозеки чыгармачылыктын көп кылымдык салтын жогорку билгичтик менен пайдалануудан улам ишке ашат. Г. ц. бир эле чыгарманын ар башка элге таандык версияларында ар башкача деңгээлде ишке ашырыла тургандыгына «Көруулу» цикли ачык далил боло алат.
Чыгармадагы образдар системасынын терең иштелгендиги, окуяларынын масштабдуулугу циклдештирүүнүн мыйзамынын так аткарылышына байланыштуу болору айрыкча феодалдык мамилелердин ар кайсы этабын чагылдырган эпостордон («Көруулу», «Жангар», «Манас», «Алпамыш» жана башкалар) көрүнөт. Уруу коомун сүрөттөгөн эпостордо болсо циклдик түзүлүш жок катары (маселен, шор эпосторунда; Н. В. Сангажиева, «Джангар» и шорский эпос. — К-пте: Проблемы алтаистики и монголоведения, 1974, 71-б.). Демек, ар бир эпос өзүн жараткан элдин тарыхый жана саясий экономикалык алакаларын чагылдыргандыкхан эпикалык эволюциянын жогорку үлгүсү болгон Г. ц. принциби коомдун өнүгүшүнүн кийинки учурларына туура келет.
А. Жайнакова
«ГЕНЕЗИС ЭПОСА "МАНАС"»
(«"Манас" эпосунун генезиси») — Р. 3. Кыдырбаеванын орус тилинде жазылган монографиясы (Фр., 1980). Тарыхый салыштырма планда иликтенген бул эмгек төрт баптан (главадан), киришүү жана жыйынтыктоочу бөлүмдөрдөн турат. Автор «Манас» эпосунун пайда болуш, калыптаныш процесстери сыяктуу орчундуу проблемаларды карап, анын түпкү булактары, ар кандай тарыхый доорлордо өнүгүшү, поэтикасынын эволюциясын талдоого алат. Окумуштуу өзүнүн илимий ой жүгүртүүлөрүндө эпос жанрынын өнүгүш проблемасын генетикалык жана типологиялык аспектиде чечүүдө, структуралык-мазмундук жана эстетикалык маанайдагы татаал кыймылын ачууда Орто Азиянын, Казакстандын, Сибирдин тарыхый, фольклордук материалдарына көңүл бурган. Мунун өзү эмгектин илимий баалуулугун, масштабдуулугун көтөрүп, андагы козголгон маселенин канчалык терең иштелип чыккандыгын айгинелейт.
Эпостун алгачкы өнүгүү мезгилин Р. Кыдырбаева «түрк-моңгол элдеринин алгачкы эпосторунун, уламыш, легендаларынын түздөн түз байланыштуу аренасы» деп эсептейт. Ушул элдердин алгачкы эпосторунун материалдарын салыштырып отуруп, автор баалуу жана конкреттүү жыйынтыктарды чыгарат. Алтай, якут жана буряттардын баатырдык эпосторунда көөнө көрүнүштөр, мифтер кеңири учураса, «Манас» эпопеясында тарыхый окуялар үстөмдүк кылат деген Р. Кыдырбаеванын пикири ынанымдуу көрүнөт. Өзүнүн генетикалык тамыры, байыркы эпикалык мазмуну, стилистикасы боюнча «Манас» эпосу якут жана алтай элдеринин эпостору менен үндөшүп турат. Окумуштуу ошондуктан бул маселени атайын талдоого алып, генетикалык жана типологиялык жалпылыгын аныктоо менен бирге алардын өнүгүшүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтөт. Бул маанилүү салыштыруулар аркылуу автор якуттардын «Олонхосу» те байыркы, алгачкы жамаат коомдогу эпостордун түрүнө кирерин, андагы каармандардын кара күчтөр менен кармашарын жалпылап туура жыйынтыктайт. Ал эми алтайлыктардын эпосу эпикалык чыгармачылыктын өнүгүшүндө каарман өз уруусун коргогон эр жүрөк баатыр, мерген жана малчы болгонун көрсөтөт. Кыргыз эпосунун өсүп-өнүгүүсүндө мына ушундай эки кырдаалды байкоого болот. Бирок ал түрк-моңгол элдеринин эпосунун сапаттык өнүгүүсүндө улам жаңы тарыхый окуяларга байланыштуу каармандын мүнөзү, иш аракети бир топ конкреттештирүүнүн натыйжасында «Манас» эпосу нукура тарыхый-баатырдык эпоско айланат.
Түрк кагандыгынын пайда болушу менен Борбор Азиядагы элдердин тарыхый-баатырдык эпосу, анын ичинде «Манас» да жаңы көркөмдүк күчкө ээ болуу менен айрым бир баатырдын эрдиги кененирээк чагылдырылат. Бул тарыхый мезгилде эпостун көркөм диапазону ого бетер кеңейип, элдин тарыхы менен андан да тыгыз байланышып, эпикалык башкы каарман эл кызыкчылыгын коргоочу болуп калат. Өз кезегинде бул баатырдык эпостун классикалык түрүн түзүүгө алып келет. «Манас» эпосундагы ушул жана ушуга окшогон маанилүү маселелер «Эпостун классикалык формалары» деген бапта кеңири талкууланат.
Эмгектеги «Эпостун баатырдык-тарыхый трансформациясы» деген бап илимий-теоретикалык баалуу жыйынтыктары менен айырмаланат. Анда «Манас» эпосунун ногой темасы жана сюжеттик кеңейиши менен нускалык стили объективдүү алынган фактылардын негизинде деталдуу талданат. Автор бул маанилүү теориялык проблемаларды тактап карап чыгып, бул процесс байыркы сюжеттердин, мотивдердин, поэтикалык маанайдын негизинде өнүгүп отургандыгын Орто Азия, Казакстандын эпосту таанып үйрөнүү тарыхында алгач ирет белгилейт.
Р. Кыдырбаева «Манас» эпосунун эволюциялык өнүгүүсүндөгү маанилүү этапты — «Эпостогу кийинки эпикалык формалар» деген бапта ар тараптан талдаган. Ал этап эпосту жаңы тарыхый окуялар менен толуктайт. Натыйжада өз тобун, өз уруусун коргоп келген башкы каарман Манас бүтүндөй бир элдин — кыргыз элинин баатырына айланат. Эпостун темасы жаңы мотивдер менен байып, анын негизги каармандары жалпы улуттук мүнөзгө ээ. Сырттан келген баскынчылар менен болгон күрөш «Манас» эпосунун идеялык-тематикалык мейкинин кеңейтет. Ал ошентип отуруп, «Манас» эпосун түзүүчү элдин өлбөс-өчпөс талантын, улуулугун жаркырата көрсөткөн классикалык эпос катары калыптанат.
С. Алиев
ГИПЕРБОЛА
(гр. hyeperbole — апыртуу) — көркөм чыгармада окуянын, нерсенин, каармандын тигил же бул касиетин апыртылып сүрөттөө ыкмасы. Кыргыз адабият таануу илиминде кээде «апыртуу» деген котормосу да колдонулуп жүрөт. Г. айрыкча оозеки көркөм чыгармаларда, анын ичинде чыгыш доору байыркы мезгилдерге таандык эпостордо өтө кеңири пайдаланылат. Эпостун байыркылык касиетин Г. да мифология сыяктуу эле белгилеп, чектен тыш апыртып сүрөттөө менен чыгарманын таасирдүүлүгүн, кооздугун жогорку нокотуна жеткирет. Башка элдердин эпосторундай эле «Манас» эпосунун окуяларынын, образдарынын Г. менен берилиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Г. «Манаста» ар түрдүү формада, ар башка мааниде кеңири учурайт: Г.-салыштырруу, Г.-градация, Г.-гротеск. Окуяларды сүрөттөө амалы катары Г. эпостун ары кызыктуу, ары көркөм болуп, каармандарынын образдарын дагы терең ачылышын шарттайт. Эпос — чагылдырган доорлордун мүнөзүнө ылайык элдин жашоо-турмушун, үмүт-тилегин, кубанычы менен кайгысын, жек көрүүсү менен кайратын кенен сүрөттөгөн чыгарма. Эпостогу реалдуулук баарыдан мурда чыгарманын идеялык мазмунунан, элдин сырткы жана ички душмандар менен кагылыш кармаштарынан, уруулук тирешүүлөрдөн, каармандардын иш-аракетинен, өз ара мамилелеринен ачык көрүнөт. Баатырлардын төрөлүшү, адаттан тыш тез чоңоюп, эр жетиши, алгачкы эрдиги, жоо кийимдеринин, тулпарларынын сыны, курал-жарактарынын жасалыш сыры, касиети, баатырлардын каары, жекеге чыгышы, массалык салгылашуунун жүрүшү, ошондой эле каармандардын жай турмуштагы жүрүш-турушу, айлана-чөйрөсү Г-лаштырылып сүрөттөлөт. Мына ушундай апыртуу аркылуу эпостун каармандарына ар бирөөнө адам тең келгис алптын элеси берилет.
Ошол алптардын алпы — Манас, Семетей, Сейтек. Манастын тула боюнун зорлугу, адаттан тышкары күчтүүлүгү, душманына каардуу, ырайымсыз көрүнүшү, сүрү эпосто мындайча сүрөттөлөт: «Жалаяк ооз, жар кабак, айбаты катуу, жүзү заар, кең көкүрөк жоон билек, жооруну калың, таш жүрөк, бөрү кулак жолборс төш» баатыр. Ал каарданганда «күркүрөшү күн болуп, бетинен чыккан түгү, беш байпактык жүн болуп», чоңдугу «опол тоодой күчүнө «тоо туруштук бере албайт. Каарданып жоону бет алганда капталынан «кара чаар жолборс чамынып», астынан караганда «ажыдаар сүрү көрүнүп, артынан миң сан колдун элеси» кылкылдайт. Андай учурда Манас «каалгадай тиштүү болуп», «оозунан түтүн буркурап, көзүнөн жалын шыркырайт». Семетей баатырдын образындагы Г-лык сүрөттөөлөр да ушундай эле салттык салыштыруу, эпитет өңдүү көркөм каражаттардын жардамы менен түзүлгөн. Эпостогу Алмамбет, Бакай, Кошой, Чубак, Сыргак, Күлчоро, Каныкей, Айчүрөк, Куялы жана башкалар каармандардын эрдиктери да Г-нын жардамы менен башкача касиеттеги каармандар катары апыртылып сүрөттөлөт. Бирок «Манастагы» Г. реалдуулук менен шартталган. Апыртуунун, ашыра сүрөттөөнүн да өзүнчө ченеми бар. Кандайдыр бир көрүнүш же каарман апыртылып сүрөттөлгөндө көпчүлүк учурда реалдуулуктун чегинен чыгып кетпейт. Анын үстүнө өтө эле ашкан, чектен тыш өлчөм оң каарманга эле эмес, тескери көрүнүшкө, терс каармандарга (жалгыз көздүү Макел дөө, Жолой, алп катын Канышай, Ороңгу жана башкалар) да таандык. Мисалы, Макел дөөнү манасчылар өтө апыртып, шумдуктантып сүрөттөшөт. Макел дөө көзүнө эмне көрүнсө ошону жейт. Жылан көрсө жылып жейт, курт-кумурска терип жейт, бир булакты бир ичет... Алмамбетке Макел дөө түз жерде тоо пайда болгондой, тоо жылып келе жаткандай көрүнөт... Алмамбет, Чубак экөөлөп зорго Макел дөөнү өлтүрүшөт.
Бир жагына таш артып, бир жагына Макел дөөнүн башын артып, Чубактын тулпары көтөрө албай коёт. Макел дөөнүн зорлугун манасчылар айрыкча апыртып, сатиралык мүнөздө көркөм сүрөттөшөт. Бирок ашкан кара күчүнө, зор тышкы көрүнүшүнө карабастан, эпосто негизги душман элдин эркиндигине зор коркунуч туудурган башкы душманы — Коңурбай, Жолой, Нескара баатырлар. Бул образдар эпостун өнүгүшүнүн бардык этаптарынан өтүп бизге жеткендей.
Манасчылар терс каармандарга мүнөздөмө берүүдө бир катар салттык көркөм ыкмаларды, анын ичинде Г-ны пайдаланышат, аларга дайыма кайрылышат. Бөтөнчө калмак балбаны Жолой, анын тышкы көрүнүшү Г. аркылуу айрыкча көркөм сүрөттөлөт:
Эки ийнине караса,
Эки киши конгондой.
Эки бетин караса
Эки даңгыт тойгондой
(Сагымбай Орозбаков, 1. 72).
Терс мүнөздөмө берилгенде портреттин ар бир деталына чейин Г-лаштырылып, салыштырылып айтылат: «колдору бийик теректей, балтыры өгүздөй, мурдунан чыккан илеби Ала-Тоонун желиндей». Терс каармандардагы эпсиз чоң өлчөм, ыксыз кара күч акылдын өспөгөндүгүн, чектелгендикти, олдоксондукту, ырайы сууктукту, жалпы эле одоно терс сыпатты билдирет.
Оң каармандар сүрөттөлгөндө апыртуу реалдуулуктун чегинен чыкпайт жана бул учурда да Г. салыштыруу формасына ээ болгонун байкоого болот. Эл ичинен чыккан баатыр же көптүн бири болгон оң каарман сан жана кара күч жактан алда канча жогору турган душманга тайманбай каршы турушу, белгисиз жолго сапар тартып, коркунучтуу күчтөр менен кармашышы эпостордогу адаттагы көрүнүш. Бул байыркы адамдардын өз чыгармасын көркөмдөтүүдөгү өзгөчө ыгы, окуя, көрүнүштөрдүн көркүн ачып, кызыктуулугун арттыруунун каражаты, көркөмдөткүч куралы катары милдет аткарат. Ошон үчүн эпос канчалык байыркы доорлорго таандык болсо анда ашыра сүрөттөө, апыртуу — Г. ошончолук кеңири колдонулат.
С. Алиев
ГЕРЦЕН Теодор Теодорович
(1935, Бакай-Ата району, Орловка айылы)— сүрөтчү, монументчи, графикачы. Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1985). Г. манасчы Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын негизинде жарык көргөн «Манас» эпосунун төрт томдугуна (1978—80) графикалык сүрөттөрдүн монумент циклдерин түзгөн.
Ал анда жанрдык, баатырдык, согуштук көрүнүштөрдү реалисттик маанайда чагылдырып, каармандардын жеке мүнөздөрүн терең ачып берүүгө аракеттенген. Г. тарткан сүрөттөрдөн жогорку профессионализм, образдарды, композицияларды чечүүдө ар түрдүүлүк байкалат.
ГЛУХОВ Борис Григорьевич
(1941, Иркутск шаары) — композитор. Москвадагы П. И. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны бүтүргөн (1966). 1970—72-ж. Фрунзедеги Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу, 1972 — 76-ж. Кыргыз мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы филармониянын көркөм жетекчиси. 1976-жылдан Кыргыз мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин музыкалык редакциясында эмгектенет. Г. кыргыз музыка фольклоруна кайрылып бир нече көлөмдүү чыгармаларды жараткан.
«Бабам Манас жөнүндө баллада» акапелласын Т. Кожомбердиевдин сөзүнө жазган.
ГРАДАЦИЯ
(лат. gradatio — акырындап көтөрүлүү) — бирдей көркөм сөз каражаттарынын таасир берүүчү күчүнүн акырындык менен жогорулашын же басаңдашын көрсөтүүчү стилистикалык фигура. «Манас» эпосунан Г-ны айрыкча баатырлардын курал-жарактарын, кийген кийимдерин, минген тулпарларын сүрөттөгөн эпизоддордон кезиктирүүгө болот:
Ойротту бузган Алмабаш,
Ортосу болот, оозу албарс,
Түтүнү туман, түбү ыспан,
Атканга дажаал, огу ажал
(Сагымбай Орозбаков, 4. 241).
Каныкей тиккен Аколпок
Жакасы алтын жеңи жез,
Кош бадана торгой көз,
Келеме бото, кең күрмө
(Саякбай Каралаев, 2. 82).
ГРАФИКА
(гр. graphika, grapho — жазуу, чийүү, сүрөт тартуу) — сүрөт өнөрүнүн түрү. Буга сүрөт, гравюра, литография, монография жана башкалар кирет. Негизи сүрөт болгону менен, өзүнө таандык көркөм каражаттары, мүмкүнчүлүктөрү бар. Г. өнөрү китеп, газета-журнал (иллюстрация, басма чыгармаларынын жасалгаланышы жана түзүлүшү), колдонмо (ө. ж. Г., почта маркалары, экслибристер), станоктук графика (эстамп, лубок), плакат жанрларына бөлүнөт. «Манас» үчилтигине карата чыгарылган китептердин ичинен Г. менен Саякбай Каралаевдин варианты нын «Манас» 1-(1984), 2-(1986) жана «Семетей» 1-(1987), 2-(1989) китептерин Т. Курманов; Сагымбай Орозбаковдун вариантынын «Манас» 1-(1978), 2-(1980), 3-(1981), 4-(1982) китептерин Т. Т. Герцен көркөмдөгөн. «Манас» эпосуна тийиштүү Г-лык сүрөттөр жөнүндө кеңири маалымат алуу үчүн к. Сүрөт өнөрү жана «Манас» макаласын.
ГРОТЕСК
(французча grotesgue, италянча grotesco — укмуштуу, grotta — үңкүр; Байыркы Римдеги жер алдындагы үңкүрлөрдөн — гроттордон өсүмдүктөрдүн, айбандардын жана адамдардын сүрөттөрү бири-бирине чырмалышкан укмуштуу оймо-чиймелүү сүрөттөр табылган. Фантастикалык эркин ой жүгүртүүгө жол берген бул күлкүлүү сүрөттөр адабияттагы теориялык терминдин жаралышына негиз болгон) — фантастикага, күлкүгө, гиперболага негизделген көркөм образдуулук. Реалдуулук менен фантастиканын, трагедиялуулук менен комедиялуулуктун, асылдык менен көрксүздүктүн карама-каршылыгы көркөм чагылдырылып, турмуштук көрүнүштөрдү сатиралык ыкмада карикатуралап, апыртып, бирок типтештирип берет. Г. образдуулуктун байыркы түрү болгондуктан бардык элдердин мифологиясында жана архаикасында жолугат. Ал эми эпикалык чыгармаларда көбүнчө идеалдаштырылган портреттик сүрөттөөлөр, башкача айтканда Г-түү сүрөттөө кеңири колдонулат. Ошондой эле «Манас» эпосунда да Г-түү сүрөттөөлөрдү өтө көп жолуктурууга болот. Мисалы, Ороңгунун портрети:
Ороңгу төрдө ороңдоп,
Ортосунда чачынын
Отуздай чычкан сороңдоп.
Ороңгу жайын сурасаң,
Отуз калаа улугу,
Зуң кытайдан уругу,
Эркек эмес катындан,
Эрегишкен душмандан,
Далайдын шорун катырган.
Мурду тоонун сеңирдей,
Көзүн көрсөң капырай,
Көп өгөгөн темирдей.
Эриндери калбыйып,
Эки уурту балбыйып,
Көкүрөктө эмчеги
Киндигине салбайып.
Элүү менен кыркыңдын
Ортосунда жашы бар,
Анда-санда ак кирген
Аргамжыдай чачы бар
(Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572инв., 440-б.).
С. Төлөгөнова
ГУМАНИЗМ
— адам, инсан катары баалуу, ал эркиндикке, бакыт-таалайга акылуу, теңдик, адилеттик, адамкерчилик адамдар ортосундагы кадыресе мамиле болууга тийиш деп эсептеген өзгөрүп туруучу тарыхый көз караштар системасы. Адамды урматтоо, адамкерчилик, бакыт жана эркиндик жөнүндөгү адамдардын көз караштары, ой-тилектери түрдүү элдердин эң байыртан берки оозеки көркөм чыгармаларында, түрдүү философиялык, адеп-ахлактык диний концепцияларында чагылдырылып келген. Бүткүл дүйнө эпикалык поэзиясынын ичинде өзгөчө орунга ээ «Манаста» да Азиядагы эң байыркы элдерден болгон кыргыздардын башынан кечирген татаал турмушунун, көп кырдуу тарыхынын издери гана сакталбастан, элдин келечекке болгон үмүт-тилеги, ой-максаттары кошо берилген. Ошондой эле жаштарды эл-жерди сүйүүгө, аны ички-тышкы душмандардан коргоого, адамды урматтоого, эң башкысы бийик Г-ге тарбиялоого байланышкан жалпы эле адамзаттык идеялар кеңири орун алган. Ч. Айтматов эпостун манасчы Сагымбай Орозбак уулунун айтуусу боюнча жарыкка чыккан китебине жазган баш сөзүндө ««Манас» эпосу — бийик гуманизмге сугарылган эпос» (Сагымбай Орозбаков, 1. 10),— деп бекеринен жогору баалаган эмес.
Чынында да «Манас» эпосу — жаралган мезгилинен ушул күнгө чейин өзүнүн баа жеткис баркын, бийик Г-ин жоготпой кайра улам жогорулатып, чабылып-чачылбай улам кийинки урпактар аны күндөн-күнгө молуктуруп, тарыхтын улуу жолунда чарчап-чаалыкканда элдин күчүнө күч, демине дем кошуп келген улуу чыгарма. Эпостун Г-и барыдан мурда анын образдар системасы аркылуу, андагы көптөгөн каармандардын (баатыр Манас, акылман Кошой, Бакай, Каныкей, Айчүрөк, баатыр чоролор Алмамбет, Чубак, Сыргак, Серек жана Семетей, Күлчоро, Сейтек жана башкалар) сүйлөгөн сөздөрү, аткарган күнүмдүк жана жоокерчилик иштери, өз ара мамилелери, эпостун түркүн окуялары аркылуу берилген. Эпостун башкы каарманы Манастын өзү — бийик Г-ди алып жүргөн каарман. Ага колдонулган айкөл деген эпитет эле анын жогорку адамкерчилигин, кең пейилдигин айгинелеп турат. Манас ат жалын тартып мингенден бүт өмүрүн ат үстүндө, казат жолунда, кандуу кыргында элдин көз каранды эместиги, биримдиги, бейкут турмушу үчүн күрөштө өтөт. Алгач кезигишкенде эле Кошой Манаска:
Көчө чыгып Алтайдан
Жериңе качан коносуң?!
Аз гана кыргыз элиңе
Качан караан болосуң?!
Ээн калган ээсиз элиңди
Качан ээлеп аласың?!
(Саякбай Каралаев, 1. 114),
— деп бытыранды болгон элди бириктирип, баш болуу керек экенин билгизет. Алмамбет келгенде жоого минген тулпары Аккуланы, жоо кийимин, каруу-жарагын тартуу кылганы айкөл Манастын Алмамбеттин баатырдыгын баалаганы, элинен, жеринен кеткен адамдын трагедиялуу абалын терең түшүнгөндүгү, кайгысын тең бөлүшкөндүгү. Ашка чакырбай коюп, кытайлар күлүгүнө көз артып, кемегедеги этин талагандан кийин чакырткан Бокмурунга ачуусу келсе да, элдин бейкуттугун өзүнүн жеке тарынчынан жогору коюп, «Журт куруган экен деп» (Саякбай Каралаев, 2. 33) элди ойлоп ашка келип, чатакты басат. «Ардактап ашка чакырдым, Абийириң менен этиң же» (Саякбай Каралаев, 2. 37),— деп чатак баштагандарды адамкерчиликке чакырат. Жоого колго түшүп кеткен Билерик менен Жарманасты калк атасы Кошойдун өзү барып туткундан бошотуп алышынын өзүндө да адам бейкүнөө жаза тартпоого тийиш деген гуманисттик идея жатат.
Эпостогу аялдын эң сонун образы (Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Акеркеч, Арууке жана башкалар) — эпостун бийик Г-инин күбөсү. Баатырдын жары Каныкей сулуулугу келишкен, ишмер, колунан көөрү төгүлгөн уз, баласын аман чоңойтуп, атасынын ордун бастырган мээрбан эне гана эмес, баатырга билбегенди билгизип, акылына акыл кошуп турган даанышман кеңешчиси, керек жерде жоо киймин кийип жоону бирге сайышкан жанга шерик баатыр жолдошу да. Эпос жаралган замандан бери келаткан аял затынын акылын, ишмердүүлүгүн, эркектерге тете эрдигин даңазалоону, аял затына, энеге деген урмат сыйды да эпостон көрөбүз:
Ургаачы жолу улук деп,
Өзү каңгай урук деп,
Ороңгунун Кулабээ...
Чубатууга чыгыптыр
(Сагымбай Орозбаков, 3. 153),
— деп Көкөтөйдүн ашында чабышка түшчү аттарды чубатууга чыгарганда Ороңгунун Кулабээсин биринчи коё бергени эле, элдин жалпы эле аял затына болгон мамилесин көрсөтөт. Ч. Айтматов айткандай: «Эпосту жараткан элдин акылмандуулугу көркөм чыгарманын трагедиялуу финалынан эле даана сезилип турат... Эгерде, элдин баатыры журттун айтканына көнбөй адилетсиз чабуулга аттанса, анда, эл өзүнүн сүйүктүү каарманын да аябайт. Эпостун гуманисттик жыйынтыгы да мына ушунда» (Сагымбай Орозбаков, 1. 10).
К. Жумалиев
ГУБИЙ-ШАМУ
— топоним. Эпосто кыргыз менен калмак-кытайлардын аралыгында жаткан чөл. Калмак-моңголчо — «Гоби», кытайча «Шамо» кумдуу чөл дегенди билгизет. Географиялык реалияда Гоби Ички Моңголияда жана Кытайдын Түн. батышында жайгашкан чөл жана жарым чөл.
ГУРКАН
— «Мажму ат-таварихте» эпизоддук кейипкер, кан. Имам Ибрагим Ферганада жана Тянь-Шанда жашаган кыргыздардан он жана сол канат күч түзүп, Г-га каршы согуш жүргүзгөндүгү айтылат. Ал эми тарыхый булактар боюнча бул термин кара кытай башкаруучуларынын титулу. 1125-ж. кара кытайлар чжурчжендерден жеңилгенден кийин Г. Елюй-Даши баш болгон алардын бир бөлүгү Емиль өрөөнүнө көчүп келишкен. 1130-жылдын орто чендеринде Баласагун, Кашкар, Бешбалыктын айланасындагы кыргыздарды каратып алган. Ушул окуяларга байланыштуу «Гуркан» деген термин ысым катары кирип калган болуу керек.
ГУЛАЙЫМ
— эпизоддук кейипкер, Көкөтөйдүн аялы. Көкөтөйдүн ашында көп эскерилет.
ГҮЛБАК
(иранча гүлдүү, бактуу жер) — топоним. Алты-Шаарда (Чыгыш Түркстанда) чеп, сепил деген мааниде колдонулган. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да ошондой эле мааниде: «Гүлбагын бузуп күл кылып, Уратпасак болбос деп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 260), же «Аламандап талайлы, Гүлбагына камайлы Күлдү журтун канайлы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 219),— деп айтылат.
ГҮЛКАНЫШ
— эпизоддук кейипкер, Көкөтөйдүн аялы Гүлайымдын аты кээде ушундайча эркелетип айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 16).
ГҮЛ-ТОКОЙ
— топоним. Саякбай Каралаевдин вариантында Букарга жакын жайгашкан токой:
Гүл-Токой-Ата дээр экен,
Нур төгүлгөн жер экен.
Жыгачтан жаңгак төгүлгөн,
Чыркыраган долуга
Ошол турган Гүл-Токой
Чын бейиштей көрүнгөн
(Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 59).
Г.-Т. көбүнчө ары-бери каттаган жолоочулар эс алып өтүүчү ажайып жай катары эскерилет Г.-Т-дон көмүр өчүргөн Сарытазга жолугуп, Семетей андан өзүнүн теги жөнүндө угат.
ГЫРАТ
Герат — топоним. Айрым «Манас» изилдөөчү окумуштуулардын пикири боюнча Г. шаары (түндүк-батыш Ооганстанда) Шахрух (Аксак Темирдин төртүнчү уулу) башкарган жалпы мамлекеттин борбору болгон. Ал мамлекет уделдик башкаруучуларга бөлүнгөн. Демек, Шахрух башкарган мезгилде (1409—47) ал мамлекеттин борбору Г. Ооганстан аймагында болгондугу эпосто «Шоорук Оогандын каны» катары айтылышы толук мүмкүн экендигин көрсөтөт. Географиялык реалияда Г.— Ооганстандын түндүк-батышындагы шаар; Г. провинциясынын административдик борбору.
ДААРУУ
— боло турган иш, окуя жөнүндө жогорку күчтөр тарабынан алдын ала аян берилген белги. Манасчылар — укмуштуудай поэтикалык шыктын ээлери. Алар айтып атканын тарыхый болуп өткөн окуялар катарында, эпикалык каармандарды, айрыкча Манас жана анын чоролорун чыныгы жашап кеткен касиеттүү адамдар катарында санашып, угуучуларды ушуга ишендирүүгө аракеттенишет. Бул адат, ишеним салтка айланып манасчылардын да, угуучулардын да сезимин ээлеп алган. Анткени, ар бир ынтызар адам өз каалоосу менен эпосту аткара албайт. Ал үчүн Манастын же анын чоролорунун даарышы (наитие) талап кылынат. Залкар чыгарманы үйрөнүп айтуу мүмкүн эмес деген ишеним манасчылардын арасына кеңири тарап, муундан-муунга салт катары өтүп кете берген. Бизге аты белгисиз же кийинки доорлордо жашаган манасчылар мындай турсун, замандаш манасчыларыбыздын бири Саякбай Карала уулу да бул салттан аттап кете албаган.
Түш көргөнгө чейин эпосту айтышпаганын, түш көргөндөн кийин гана шык да, эпостун бүткүл мазмуну да көңүлдө дароо эле пайда боло калгандыгын эскеришет. Алар эпосту айтардан мурда белгилүү даярдыктан өтүп, башка айтуучунун көркөм ыктарын, чыгарманын мазмунун өздөштүрүшкөнүн адатта айтышпайт. Тескерисинче, Манастын арбагынын даарышы менен түшүндүрүп, кереметтүү түш көргөндөн кийин манасчы болгондугун айтышат. Бул абал манасчылардын профессионалдык кадыр-баркын көтөрмөлөп көрсөтүү аракети менен байланышкан. Чынында ар бир манасчынын чыгармачылык жолунда Д-га ишенүү өтө күчтүү. Ошондуктан, Манас жана анын негизги чоролорунун бири болочокто манасчы болуучу адамдын түшүнө кирип, даарып аян бериши жөнүндөгү салттык ишеним эл арасында кеңири белгилүү.
С. Алиев
ДАБАК
— эпизоддук кейипкер. Калмак каны Акунбешим Манастан жеңилгенден кийин Олуя-Атага качып барып, андагы жергиликтүү чантууларды кырып өлтүрүү жөнүндөгү кеңешке катышкандардын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 145).
ДАБАШ
— эпизоддук кейипкер. Акунбешим паашанын улуктарынын бири. Чүйдү калмактардан бошотуу үчүн кол курап келе жаткан Манаска каршы аттанууга Акунбешим Д., Тулуш жана башкалар улуктарын чакыртат (Сагымбай Орозбаков, 2. 129).
ДАВЛЕСОВ
(Дөөлөсов) Насыр (1929, Кемин району, Кара-Булак айылы) — кыргыз совет композитору, дирижёр, профессор (1977), Кыргыз ССРинин эл артисти (1974).
Москва консерваториясын опера-симфониялык дирижёр адистиги боюнча профессор А. П. Чугуновдун классынан бүтүргөн (1956). Д. «Айчүрөк» операсына (1970) дирижёр жана «Манас» операсынын кайра иштелип чыккан вариантын дирижёр катары койгон (1984). «Манастын ордосунда» (К. Молдобасанов) симфониялык сүрөттөмөгө дирижёрлук кылып (1984), чыгармага мүнөздүү образдарды элестүү ачкан. Д. 1957-ж. (А. Аманбаев менен бирдикте) «Айчүрөк», «Манас» операларындагы Сыргак менен Күлчоронун образдарын түзүүдө А. Малдыбаевдин чеберчилиги жөнүндө изилдөө мүнөзүндө көлөмдүү эмгек жазган. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.
ДАГАЛАК
— топоним. Кырмус шаанын калаасы, Манас он бир Дуу-дууга каршы жортуулунда Д-ты Кошой менен бирдикте каратат (Сагымбай Орозбаков, 2. 9—10). Кийинки окуяларда Мунардын жана башкалар мекени катары эскерилет.
ДАГУЛУК
— эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашына кеңешке чакырылгандардан (Сагымбай Орозбаков, 3. 81, 85).
ДАГУЛУК
— эпизоддук кейипкер, Кашкар беги, Акундун баатыры. Кыргыз менен Кашкарлыктардын колу беттешкенде жекеге чыгат. Ага каршы барууга Кыргыл менен Бакай жол талашып калганда, Манас душмандын колунун абалын байкап, урушсуз эле жөн-жай эпке келтирүүгө ортого чыгат. Д. качырып келип Манасты саят, ал тоотпойт, экинчи сапар жарым төш жерден качырып келип сайганда анын кайра-кайра кол салганына ачуусу келген Манас аны шыйрагынан алып, камчы кылып булгалап, душмандын колун аралап жөнөйт. Д. менен тууну кармаган кишисин уруп, экөөнү тең күм-жам кылат (Кол жазмалар фондусу, 1792-инв., 15-б.).
ДАГЫР
(моңг. дахур — кара кытайлардан калган уруунун аты) — этноним. Эпосто душман тарабындагы (калмак-кытай) эл (уруу) (Сагымбай Орозбаков, 3. 261). 17-кылымга чейин Амур өзөнүнүн бойлорунда жашаган. 1654-ж. айрым бөлүгү Дун-Бэй провинциясына көчүрүлгөн. Бир бөлүгү ички Моңголияда жашайт. 18-кылымдын экинчи жарымында Цин империясы тарабынан чек ара аскери катары бир бөлүгү солон, шибе уруулары менен бирге Синьцзянга (Уйгур автономия району) зордоп көчүрүлгөн дахурлардын атына дал келет.
ДАЖААЛ
тажаал — диний түшүнүк боюнча акыр заман болор алдында жерден чыгуучу укмуштуу азыткы. Мусулман мифологиясында акыр заман жакындаганда Көк эшекке минип, жер бетин кыдырып, жолунда учурагандарды талап, талкалоочу, ит жээр, бит жээрдин (Жажуж-Мажуж) башчысы. Негизги варианттардын ар түрдүү окуяларында көбүнчө каардуу, коркунучтуу деген өтмө мааниде колдонулат. Манас баатырдын Аккелтеси «кароолу дажаал, огу ажал» укмуштуу курал катары сүрөттөлөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында терс кейипкерлердин ичинен кытай баатыры Коңурбай «Тажаалдын кара көзү ошо» деп сыпатталат.
ДАЛБАЕВ Сатыбалды
[1934, Ачы району (азыркы Базар-Коргон), Ооган-Талаа айылы] — кыргыз совет артисти, Кыргыз ССРинин эл. артисти (1974), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). Москвадагы Луначарский атындагы ГИТИСти бүткөн (1957). Чыгармачылык ишин 1957-ж. баштаган.
С. Далбаев — Жакыпкан («Манастын уулу Семетей» драмасы, 1982).
Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында ар кандай жаркын образдарды жаратууда. «Манастын уулу Семетей» (1982) спектаклинде ички душман Жакыптын, «Сейтекте» (1988) оң каармандардын бири дарыгер Момунжандын ролдорун аткарып өзүнүн профессионалдык деңгээлин көрсөтө алды. Д-дин бул багытта жараткан кийинки образы «Айкөл Манас» (1990) драмасындагы Бүкүрдүн образы болду. Ал түзгөн эпикалык образдарда курч конфликттүү кагылыштарда калыптанган каармандардын мүнөзүн, коом менен болгон мамилесинин ачылышындагы идеялык тереңдик, көркөмдүк жетилгендик айкын көрүнөт. Бир нече медалдар менен сыйланган.
Э. Калдаров
ДАЛБАЕВА Мираида
(1939, Кызыл-Кыя шаары) — кыргыз совет артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти (1986). Ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында жогорку көркөмдүктө иштелип чыккан көптөгөн образдардын галереясын түздү. Улуу эпоско байланыштуу спектаклдерде жараткан образдары анын чыгармачылыгында олуттуу эмгектерден болуп калды. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасында (1982) Каныкейдин, «Сейтекте» (1988) Чачыкейдин ролдорун аткарат. Буга чейин көптөгөн ай-мончоктой келишимдүү, сымбаттуу аял затынын көркөм образын түзүп келген актриса үчүн эпостук каармандардын да сырткы келбетине айкалышкан ички дүйнөсү жакын.
Ошондуктан, Д-нын Каныкейин, Чачыкейин театр адистери да, көрүүчүлөр да жылуу кабыл алышып, жогору баа беришти. Д. Каныкейдин адамкерчиликке, патриоттукка, элге кызмат кылууга, кыйынчылыктар менен күрөшө жана жеңе билүүгө дем берген эрки күчтүүлүгүн ачып берсе, «эрке катын» Чачыкейде эл тагдырына кош көңүл караган пассивдүү, терс мүнөздөгү аялдын тибин түзө алган.
Ал эми «Айкөл Манас» драмасындагы (1990) Каныкейдин образын жаратышы анын актёрдук чеберчилигин дагы бир ирет айгинелеп турат. Д. медалдар менен сыйланган.
Э. Калдаров
ДАЛЫ АЧУУ
— койдун далысын карап же отко жагып боло турган окуяны алдын ала билүү ишеними. Д. а. же аны отко жагуу ырым-жырымы чыгыш элдеринин көпчүлүгүндө бар. Тарыхый-этнографиялык маалыматтарга караганда кара кытайлар (кидандар) жортуулга жөнөрдө ак койдун далысын отко күйгүзгөн. Эгер далы жарылып кетсе жортуулга чыккан, жарылбай калса чыкпаган. Кара кытайлар доорунда (10-к.) колдонулган магиялык бул ырым-жырым шаманизмдин калдыгы катары «Манаста» да учурайт. «Манастын» В. Радлов жазып алган вариантында душман жол башчысы Жолой жортуулга аттанарда Таргылтаз далычыга далы күйгүздүрөт:
Таргылтаз далы жаккан соң,
Далыга карап алган соң,
Таргылтаз туруп дагы айтат:
Капырдын каны чоң Жолой,
Мен коркомун далыдан,
Бул далынын ичинде,
Казанбактай кайран баш,
Кан алдынан жыгылды
Туулгадагы кайран баш,
Туу алдынан жыгылды,
Ушул быйыл аттанба
Атка каршы ай экен,
Эрге каршы жыл экен...
Ага десең болбосоң
Ай жаңыртып аттангын
(Радлов жазып алган вариант, 197).
Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун варианттарында кытай кандарынын бири Карыкан коркунуч болор алдында «далы жагып» көргөнү (Сагымбай Орозбаков, 2. 113; Саякбай Каралаев, 2. 113) сүрөттөлөт. Эпикалык душман тарап эле эмес, Манастын чоролорунун ичинде да болочокто боло турган окуяларды алдын ала бал ачып, төлгө тартып, Д. а-п билүүчүлөр болгон. Агыдай чоро далыны карап эле боло турган кыйынчылыктарды, жакшылыкты жана башкалар окуяларды алдын ала айтат. Көрүнүп тургандай, «Манаста» душман тарабындагылар далыны отко күйгүзүп, ал эми кыргыздар далыны жөн эле карап көрүп алдыда күтүп турган окуяларды биле алышкан. Мунун өзү түрк элдери менен моңгол жана кытай элдеринин диний ишеним салттарындагы айырмачылыкты айгинелейт. Койдун далысынын магиялык мындай күчүнө ишенүүчүлүк калмактардын «Жангарында» да жолугат.
С. Алиев
ДАЛЫНЫН КЕЧИРИН КЕСҮҮ
— коркунучтуу душманды кыйнап, кордоп жазалоонун бир түрү. Элдик эпостордо мындай жазалоо көбүнчө терс каармандар тарабынан иштелет да, ал аркылуу душмандардын таш боорлугу ашкереленет. «Сейтекте» Күлчоронун колго түшкөндөн кийинки кордолушу: «Оң далыны ойду эми, Оң колунун кечирин, Такыр кесип койду эми» (Саякбай Каралаев, «Сейтек», 328), — деп сүрөттөлөт. Бул мотив түрк-моңгол элдеринин тарыхый поэма, уламыштарында кеңири жолугат.
ДАМБЫЛДА
— эпизоддук кейипкер, уруу аксакалдарынын бири (Сагымбай Орозбаков, 1. 41, 44, 47, 48, 56, 59, 86, 127, 161). Өзбек элинин өкүлү (Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 94, 149) катары көп жолугат.
ДАҢГИР
— топоним. Кара кытайлар тарабынан жеринен сүрүлгөн Үсөндүн (Көзкамандын) айылы турган аймак (Сагымбай Орозбаков, 1. 118).
ДАҢГҮЛҮ
— топоним. Эпос боюнча калмак каны Кемин шаанын шаары. Кемин шааны Манас багындырганда Үрбү анын ордун ээлейт.
ДАҢГЫЛ
— эпизоддук кейипкер. Орго кан жеңилгенден кийин Акунбешимден Чүйдү бошотуу үчүн барууга курган кеңешке маңгул элинин баатыры Д. дагы катышканы айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 95).
ДАҢГЫТ
— этноним. Эпосто бирде Дүбүрөкан, Кайыпкан сыяктуу кадимки эле жердик адамдардын, бирде Чоюн алп сыяктуу мифологиялык кейипкердин эли катары айтыла берет. Д. жөнүндөгү кеңири кабар Манастын Дүбүрөкан менен болгон согушунда баяндалат. Манас он бир Дуу-дууну караткандан кийин көп кол менен жортуулга чыгып, пил минип урушкан Д. элин багындырат, айрыкча анын Дөбөт деген баатыры менен жекеме-жеке кармашы катуу болуп күнү-түнү салгылашып жеңет. Д. эли Кашкардан түштүккө жол жүргөндө Ималайдын чыгышында Индыстанга жакын жерде жашашат. Эпостогу бул маалыматтарга таянып Д. эли географиялык-тарыхый реалияда Тибетте жашаган тангут эли экенин болжоого болот. Мында тангут кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайыкташтырылып Д. деп берилсе, алар жашаган чөлкөм Тибет персонофикацияланып Дөбөт баатыр (байыркы кыргыздар Тибетти Түпүт деп айтышкан, демек, Түпүт баатырдын өзгөрүлүшү) деп берилген. Орхон-Эне-Сай жазууларында көрсөтүлгөндөй (мисалы, Алтын-Көлдөн табылган кыргыз элчиси Эрем-Улугдун эстелигиндеги маалыматта) кыргыздардын түпүттүктөр менен ар түрдүү алакасы 8-кылымда башталган. А. Н. Бернштам 8-кылымдын аягында Чыгыш Түркстан жана Тибетке жакын жерлерде кыргыздар жашаганын Тибет документтеринде жазылганын эскерет, С. Абрамзон азыркы мезгилде кыргыздардын айрым бөлүктөрү Кашмир, Тибетке жакын жайгашканын көрсөтөт. Демек, эпосто ушул байланыштар эпикалык планда чагылдырылган.
ДАҢ-ДАҢ
— эпизоддук кейипкер, Кампас калаасынын балбаны. Манасты өлтүрмөкчү болуп келген Нескаранын колу менен болгон урушта жекеде кыргыздардын Күнөс деген балбанын өлтүрүп, өзү казак баатыры Айдаркандын колунан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 219—222).
ДАҢ-ДУҢ-БАШ
Даң-Дуң-Тоо — топоним. Уйгур тили боюнча Тагдуң-Баши деген географиялык аттан алынган. Кашкар, Жаркен чөйрөсүндө жашаган уйгурлар Сары-Кол, Памир тоолорун Тоонун-Башы (Тагдуң-Баши) деп аташкан. Ч. Валиханов да: «Таш-Коргондун дарыясы агып түшкөн тоо жергиликтүү элде Сары-Кол, Тагдумбаш деп аталат» (Ч. Валиханов. Собр. соч. т. 2. Алматы, 1982, 719-б.),— деп жазат. Манасчы Сагымбай Орозбак уулу ошол уйгурча аталышы боюнча кабыл алып, өзүнүн вариантында колдонгон:
Ордо кылган Ополду
Даң-Дуң-Тоонун оюна
Далай журтун которду...
(Сагымбай Орозбаков, 1. 117)
Даң-Дуң-Баштын тоо теке
Аң уулап адам көрбөгөн
Сырты кара зоо теке,
Абыкени баш кылып,
Алтымыш мерген аткарып,
Териге залал кылдырбай
Бир-бир көзгө аттырып
(Сагымбай Орозбаков, 3. 208).
Каныкей Манастын жоого кие турган шымын (кандагай) ошол Памир, Сары-Кол тоолорун мекендеген текенин терисинен жасайт. Чындыгында Памир, Сары-Кол тоолорунда жашаган тоо эчкилер өтө зор келип, териси калың, бышык болот деп жергиликтүү элдер да айтышат.
Э. Абдылдаев
ДАҢЗА
(кыт. даңса — тизме, санжыра; белгилүү адамдардын тизмеси жазылган китеп) — эпосто «Атактуу Манас эр чыгып, Бээжинден сурак алат деп, Алдыңдагы чоң даңзага чийилди» (Саякбай Каралаев, 1. 40), — деп Манастын да катталгандыгы баян этилет.
ДАҢКАРА
— калмак балбаны Атан алптын минген аты. Манастын Орго кан менен болгон жекеме-жеке согушунда Көйүш Атанды өлтүрө сайып, Д-ны олжого алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 81, 83).
ДАП
— эки бети тең тери менен капталган тегерек алкагына майда темир шакекчелер тагылган, уруп ойноочу музыкалык аспап. Ал уйгурлардын дапына, өзбектердин, тажиктердин (деф) дойрасына, түркмөндөрдүн дайрасына окшошот. Д. негизинен какма, үйлөмө, урма аспаптар менен ансамблдешип аткарылган. Ал добушу жагынан да алар менен ажарлана айкалышкан. Д. эпосто:
Керней тартып бапылдап,
Дап согулуп дапылдап.
Сурнайдын үнү такылдап,
Чилмардан кагып шакылдап
(Сагымбай Орозбаков, 2. 121),
— деп берилет. Ошентип, Д. керней, сурнай тартылып, чилмардан жана алтын купалуу добулбас кагылган жерде (жагдайда, шартта) ойнолгон.
ДАРБА
— топоним. Алтайда кыргыздар мекендеген жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 174). Географиялык реалияда Моңголиядагы тоолуу аймак.
ДАРБАН
— топоним. Эпос боюнча кытай калааларынын бири. Алмамбеттин
Бээжинге чалгынга жөнөр алдындагы кебинде айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4.
255).
ДАРГАН
— топоним. Кыргыздар эзелтен жашап келе жаткан жерлердин бири катары эпосто өп эскерилет. Алтайдан көчүп келаткан жолдо кыргыздардын калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо: «Баарын алар түк койбой Башы Бабыл, Даргандщ, Аягы Намут, Ара-Көл дайраны» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 606-б.), — деп Манас ата-бабасынан калган мекени
катары башка жерлер менен катар Д-ды да бошоторун айтат. Географиялык реалияда Д. (Дарган-Ата) — Түркмөнстандын Чаржоу областына караштуу аймак (Аму-Дарыянын боюнда).
ДАРДАК
— эпизоддуң кейипкер, калмак балбаны. Текес кан өлгөндөн кийин Д-ты кан көтөрүүгө ой кылышат. Ал «Күчүм бар да, эбим жок, Айтууга жакшы кебим жок» (Сагымбай Орозбаков, 2. 46),— деп макул болбойт.
ДАРКАН
— эпизоддук кейипкер, белгилүү уста. Валиханов жазып алган эпизоддо Манастын тапшырмасы боюнча төкөр уста Д. ак болот кылыч жасап, Жолой менен Коңурбайдын соңунан казатка жөнөмөк болгон Манаска өзү жеткирип берет. Жолойду Манас ошол кылыч менен чаап өлтүрөт (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 93, 95-б.). Башка варианттарда Манастын негизги куралдарын Бөлөкбай уста жасайт, к. Бөлөкбай.
ДАРКАН
Дархан— топоним, эпос боюнча кыргыз урууларынын биринин мекени экени гана белгилүү (Сагымбай Орозбаков, 1. 192; 4. 63, 130). Географиялык реалияда МЭРдин түндүгүндөгү шаар. Кыргызстандын көл кылаасындагы аты уйкаш кыштакка дал келет.
ДАТКА
— Букар, Кокон кандыктарынын тушундагы бийлик жүргүзүүчү эң жогорку наам жана ушундай наамы бар адам. Эпостун көп эпизоддорунда жолугат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Жакып кан кыз издеп Букарга келип, Санирабигага сөйкө салган окуясында эскерилет:
Бул шаарда бектерден
Аялдатпай табыңар,
Үйүнө бирин койбоңор,
Удайчы менен датка деп
(Сагымбай Орозбаков, 2. 369).
ДАШ КАЗАН
(иранча ылайдан же кыштан жасалган очок, кемеге) — чоң казан. Д. к. очокко, чоң кемегеге асылчу зор казан. Тил угуму окшош келип кыргыз тилинде таш казан (көчмөн элде таштан каланган очок кеңири тараган), тай казан (той казан), жоокердик турмушта жан казан жана башкалар аталган бир топ түрлөрү
бар. Эпосто Д. к. метафора катары салыштырып сүрөттөөдө колдонулат. Мисалы, калмак каны Жолой «Козголуучу дөө эмес, Даш казандай башы бар» (С, 3. 183), — деп сүрөттөлөт.
ДЕБЕГИ
— эпизоддук кейипкер, Акунбешим паашанын улуктарынан. Чүйдү калмактардан бошотуу үчүн келе жаткан Манаска каршы аттанууда Акунбешим Д-ни да чакырат (Сагымбай Орозбаков, 2. 129). Коңурбай Мааникерди сурап чыр салганда да душмандар тарабында (Сагымбай Орозбаков, 3. 129), ал эми Чоң казатта «Кумардын уулу Дебеги» кыргыз баатыры катары кытайды кууп барып, «Оң колунун карыга» ок жаңылтып качып келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 347).
ДЕЙИЛДЕ
— кымбат баалуу кездеме. Бул кездемеден баалуу сырт кийим жасалат. Ал сырт кийимдер сый катары ардактуу адамдарга берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Д. эки жерде: биринде Ажыбай Манастын түшүн жоруганда Д. чапан жабат, экинчисинде Жакып Атемир менен кудалашып, ага кызыл кымкап Д-га кошуп үч сарпай кийгизет (Сагымбай Орозбаков, 2. 282, 380).
ДЕЛДЕШ
— эпизоддук кейипкер. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда анын калыңына уй айдаган бадачылардын башчысы (Сагымбай Орозбаков, 2. 394).
ДЕРКЕМБАЕВА Ирина Григорьевна
(1927, РСФСР, Иркутск облусунун, Нукут району, Үңкүрлүк улусу) — кыргыз совет опера ырчысы (сопрано). Бурят АССРинин (1958), Кыргыз ССРинин эл артисти (1967). Москва консерваториясынын вокалдык факультетин профессор В. Ф. Рождественскаянын классынан бүтүргөн (1952).
Ал «Манас» үчилтигинин негизинде жазылган «Айчүрөк», «Манас» операларынан Айчүрөк, Калыйман, Канайымдын партияларын ырдаган. Д. Берлинде өткөн жаштар жана студенттердин бүткүл дүйнөлүк фестивалынын (1951), Москвада өткөн вокалисттердин Бүткүл союздук (1956) конкурсунун лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
ДЕРКЕНБАЙ
— эпизоддук кейипкер, Калдайдын небереси. Манас жолдоштору менен салбырында жүргөндө Д-ды да атыңды сой, кан шайлайбыз деп кыйнашат (Сагымбай Орозбаков, 1. 257).
ДИАЛОГ
диалогдук речь — көркөм чыгармада каармандардын (көбүнчө экөөнүн) бири-бири менен өз ара сүйлөшүүсү; речтик байланыштын эки тараптуу карым-катнашка негизделген тиби. Эпосто каармандардын сүйлөшүүлөрү, бири менен экинчисинин пикирлешүүсү көп учураса да, ал азыркы жазма адабияттын эпикалык, драмалык чыгармаларындагыдай ачык, даана көрүнбөйт. Деги эле төкмөчүлүк өнөрүндө Д. азыраак колдонулган. Ал эми «Манас» аткарылып жатканда каармандардын сүйлөшүүлөрүнө манасчылар «кийлигишип», көп убакта алардын тике сөздөрүн чыгарманын окуяларын, элге жеткирүүдө өздөрүнүн сөзүнө өткөрүп кыйыр сөз түрүндө берет. «Манас» эпосунда Д-дор төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:
1) эки кишинин сүйлөшүүсүндө окуялардын жүрүшү, сюжеттин андан нары өсүп-өнүгүшү белгилүү болот;
2) сүйлөгөн сөздөрү аркылуу ошол каармандардын образы ачылат;
3) сүйлөшкөн тараптардын ар биринин өзүнө таандык речи, иш-аракети, түшүнүгү, бул же тигил көрүнүшкө, окуяга карата позициясы айкындалат;
4) чыгарманын жалпы интонациясына өзгөртүү киргизилет. Жакып менен Манастын Д-унда:
- Айланайын каралдым,
Алды-артыңды карагын,
Кызырлуу кыргыз элиң жок,
Азыр кыйындык кылар эбиң жок.
Жүргүн, кайра жөнөйлү,
Калмактарды көрөлү,
Кантээр экен капырлар,
Кааласа кунун берели.
Бала Манас кеп айтат:
- Ай, атаке, деп айтат,
Курулай корктуң тегеле,
Кун дегениң эмине?
Анда Жакып кеп айтат:
- Кун деп санап мал алат,
Ал малына көнбөсөң
Бу курган кыргыз таланат.
Айбына санап мал алат,
Айтканына көнбөсөң
Аз кыргыз мында таланат.
Акырында кулунум,
Өлтүрбөй койбойт өзүңдү,
Ойбой койбойт көзүңдү,
Аңдап бил айткан сөзүмдү.
Баласы Манас кеп айтат:
- Ай, атаке, деп айтат,
Абалында кол салып,
Сизди келип камалап
Урган калмак турбайбы.
Жалгыз чака пул берсем
Мени кудай урбайбы...
(Сагымбай Орозбаков, 1. 132—134).
Бул Д-до Жакыптын баласы Манас менен сүйлөшкөн сөзүндө атасынын турмушту көрүп калган, калмактан кагуу жеп, күнкор болуп, кун берип, биротоло жер карама болуп багынган киши экендиги айкындалса, экинчисин мындай жагдай канааттандырбастыгы, атасычылап коркуп отурбастыгы, күнкор болуп жашаганча өлгөндү артык деп эсептегендиги көрүнөт. Д. эпостун бардык варианттарында жолугат. Мисалы, Алмамбет менен Чубактын жол талашып чатакташуусундагы экөөнүн Д-унда Алмамбеттин ата-теги, кытайдан кетишинин себептери, Таласта жүргөндө эле Чубактын Алмамбеттен чалгынга ала кет деп суранып жүргөнү жана башкалар айтылат (Саякбай Каралаев, 2. 91—94).
А. Муратов, Б. Кыдырбаева
ДИДАКТИКАЛЫК ЫРЛАР
— дүйнөлүк адабиятта, анын ичинде кыргыз оозеки чыгармачылыгында кеңири учураган акыл-насаат үйрөтүүчүлүк, бул же тигил коом түзүлгөн ошол мезгил үчүн алдыңкы деп аталган адептик сапаттарга үндөөчүлүк мүнөздөгү чыгармалар. Д. ы-дын жаралышы жалпысынан элдин чыгармачылык жөндөмдүүлүгү менен тыгыз байланышып өнүккөн. Анткени, таалим-тарбия берүүнү атайын максат эткен, жүрүш-туруш эрежелери, оң, терс, жакшы-жаман жөнүндө айтылган таамай сөздөр аркылуу элестүү баяндап турган, зор тарбиялык мааниге ээ курч сөздөрдүн тизмеги Д. ы-дын тобун түзөт. Д. ы. өз ичине философиялык, диний, ыймандык маселелерди камтыйт. «Манас» эпосунун көркөм системасында Д. ы-дын өз орду бар. Санат-насыят, терме, үлгү ырлары, табышмак, тамсилдик, ийбараттык маанилер манасчылар тарабынан окуяларды тереңдетүү, образдарды ачуу, тексттин эмоциялык таасирин күчөтүү, угуучуларды тарбиялоо максатында колдонулат. Эпосто өзгөчө акылман, көптү көргөн, жөн билги каармандардын насааттары катары арбын учурайт. Мисалы, башынан көптү кечирген Алмамбеттин турмуштук тажрыйбадан келип чыккан сөзү бар:
Калк туткасы кан болот,
Казат — улуу жол болот.
Кан кайрылып конгон соң,
Канткенде жылдыз оң болот
(Сагымбай Орозбаков, 4. 89).
Д-лык мүнөздөгү ырлар Бакайдын, Чыйырдынын, Каныкейдин, Алмамбеттин ички толгонууларына жык толгон монологдор, өткөн менен азыркы учурду салыштырган адамдар, каармандардын курч кагылышууларын чагылдырган драмалык мүнөздөгү диалогдор аркылуу өздөрүнүн башынан кечирген окуяларынын негизинде кийинкилерге акыл-насаатын айтат. Ошондой эле манасчылардын көркөм баяндоосу аркылуу да ишке ашырылат. Мындай ыр саптары, бизге жеткен кийинки муун эл ырчыларынын (Токтогул, Жеңижок, Барпы) Д. Ы-ына стилдик жактан, образдуулугу жагынан жана идеялык багыты жагынан айрым жалпылыктары бар экени байкалат. Мисалы, Каныкейдин сөзүнөн:
Ат кубаты жал менен,
Адамдын күчү мал менен,
Аарынын күчү бал менен,
Айымдын күчү кан менен
Булуттун күчү жел менен,
Буудандын күчү тер менен,
Улуктун күчү эл менен,
Дыйкандын күчү жер менен,
Кыяндын күчү сел менен,
Катындын күчү эр менен
(Сагымбай Орозбаков, 4. 103)
деген ыр саптары аркылуу элдин миңдеген жылдар чогулткан философиялык ойлорунун жыйындысы берилгендигин байкоого болот. Д. ы. жаштардын тажрыйбасын кеңейтүүгө, турмуштагы түрдүү шарттарда пайда боло турган корутундулар менен тааныштырууга, таптык сезимин ойготууга, курч көркөм сөздөр менен куралдандырууга, аларды пайдалана билүүнү үйрөнүүгө жардам берет. Кыргыз элинде Д. ы-га макал-ылакаптар, санат-насыят ырлар, табышмактар жана башкалар кирет.
А. Муратов, Б. Кыдырбаева
ДИЛДЕ
(иранча тилля — алтын)— 19-кылымда Чыгыш Түркстан менен Орто Азиядагы кандыктарда акча бирдиги катары колдонулуп келген алтын тыйын.
Дилдени санап сан кылып,
Бай Көкөтөй өлдү деп,
Дүнүйөгө даң кылып,
Жети кылым эл жыйып
(Сагымбай Орозбаков, 3. 11).
Бир Д. орустун төрт күмүш сомуна барабар болгон. Эпосто кээде жалпы эле алтын деген мааниде да колдонула берет.
ДИЛДЕБУРУШ
— эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо салтында аты отуз алтынчы болуп келип Жабыке тагдырына буюрган Д-ка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 427).
ДИҢСЕ
— кымбат баалуу таштар. Кытай, моңгол жана алардын кол алдындагы айрым элдерде төрөлүк даражаны билдирүүчү белги катары баш кийимге тагылган. Төрөлөрдүн кызмат даражасына жараша ар кыл түрдөгү жана түстөгү Д-лер колдонулган. Мисалы, кандар, княздар биринчи баскычтагы (алты даража) төрөлөр, тайчы, табунандар сары, кызыл лаал таштарды, андан кийинки баскычтагылар көк, көгүлтүр түстүү маржан, жакуттарды, тоо хрусталын, тунук түстүү асыл таштарды тагынышкан. Эпосто моңгол, кытай кейипкерлерин сүрөттөөдө жолугат: «таш сайынган калмактын тазаларын бир бөлүп» делет. Кыз-келиндердин жекей, шөкүлө сыяктуу аземделген баш кийимдериндеги кооздук — отого менен катар колдонулат: «Отого диңсе, шөкүлө Оолжута кийгизип, Он тобурчак мингизип...»
ДИССЕРТАЦИЯ
(лат. dissertatio — ойлоп табуу, изилдөө) — илимий даража алуу үчүн коргоого даярдалган илимий эмгек. «Манас» эпосуна байланыштуу эң алгачкы кандидаттык Д. 1964-ж., алгачкы докторлук Д. 1983-ж. корголгон. 1991-жылга чейин эпосту үйрөнүүнүн, изилдөөнүн ар кандай проблемаларына арналып илимдин түрдүү тармактары (манастаануу, педагогика, тарых, этнография, тил, философия) боюнча төмөнкүдөй Д-лар корголгон.
Илимдин доктору илимий даражасын алуу үчүн: Кыдырбаева Р. 3. ««Кыргыздын баатырдык эпосу «Манас»» (Генезис. Поэтика. Айтуучулук), Алматы, 1983; Илимдин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн: Мусаев С. «Каныкейдин образы» («Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасына карата), Фр., 1964; Мамыров М. «"Манас" — кыргыз элинин баатырдык эпосу» (С. Каралаевдин варианты боюнча), Алматы, 1964; Кондучалова С. В. В. Радловдун кыргыз тили боюнча жыйнаган материалдары, Алматы, 1964; Абдылдаев Э. «"Манас" эпосунун эволюциялык өнүгүшү жөнүндө», Фр„ 1967; Бегалиев С. «"Манас" эпосунун поэтикасынын проблемалары», Фр., 1967; Медетбеков А. «"Манас" эпосундагы асылдык проблемасына карата», Фр. 1971; Сыдыков А. «"Манас" эпосундагы каармандык идеалдары», М„ 1971; Ормонов Т. «"Манас"» эпосундагы педагогикалык көз караштар», Казан, 1972; Сапарбаев А. «»Манас" эпосундагы метафоралар», Фр„ 1975; Эгембердиев Р. ««Манас" эпосундагы фразеологизмдер», Фр. 1980; Боронов А. «Кыргыздын баатырдык эпосу «"Манастагы" адам аттары», М„ 1988; Жумакунова Г. «"Манас" эпосундагы тиричилик лексикасы», Фр. 1988; Садыков Б. «"Манас" эпосунун көркөм составындагы фольклордук жанрлардын функциясы» (кошок, керээз, арман, алкыш, каргыш), Алматы, 1992.
ДОБУЛ
— үстү алкакка керилген, төөнүн терисинен жасалган анча чоң эмес, урма музыкалык аспап, добулбас менен доолдун бир түрү. Ал колго алып жүрүп да, атчан жүргөндө ээрдин кашына илип коюп да ойнолгон. Бул байыркы аспап өзбектерге, тажиктерге чиндаул, казактарга, уйгурларга даулпаз деген аттарда тараган. Булар Д. менен жасалышы, аткарылышы жагынан өтө окшош. Д-дун «Манаста» башка аспаптардай эмнеден жасалганы айтылбаса да, ар дайым колдонулганы жөнүндө кеңири айтылат. Жоокерлер жоого аттанганда кабар берүүчү, жар салуучу жана башка билдирүүчү аспап катарында колдонулган. Эпос боюнча Манас көк асаба туу алып, көк жаңырган чуу салып, сандаган кол менен жоого аттанганда «Добул согулуп күңгүрлөп, Сел жүргөндөй күркүрөп, Өрт күйгөндөй дүркүрөгөн».
Ал эми «Ордого добул согулса, Ойроттун баары чогулган» (Сагымбай Орозбаков, 2. 74). Бул жерде Д. калайык калкка кабар берип, эл чогулткан аспап катарында сүрөттөлсө да койчагыр үнү чаңырып, бараң мылтык бадырап атылып, кан төгүлүп жаткан учурда да «басылбай добул дабыраган». Мындай учурда Д. жоокерлердин кайратына кайрат, эрдигине эрдик кошуп, тайманбастыкка, тартынбастыкка, жеңишке үндөгөн. Ал эми Д. кагылганда Манастын кырк чоросу чабуулга аттанып, согуш ачышкан. Ал жөнүндө: «Кыйкырып добул кагышы Кырк баатырдын баарысы Кыямат кайым салышы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 85),— деп сүрөттөлөт. Д. куш салганда суу куштарын үркүтүү, учуруу үчүн да колдонулган.
ДОБУЛБАС
доолбас (арабча-иранча дабылнуваз — барабанчы, барабан согуучу) — астыңкы, үстүңкү бетине төөнүн, пилдин териси менен тартылган цилиндр түспөлүндөгү негизинен согуштарда, мергенчиликте пайдаланылуучу барабан түрүндөгү урма музыкалык аспап. Казактын даулпазына окшош. Согушта белги берүү, душмандын үрөйүн учуруу үчүн Д-ты колго же ээрдин кашына илип коюп тоголок баш таяк менен ургулап кагышкан. Кыргыздын байыркы музыкалык бул аспабы «Манаста» да кеңири колдонулган.
Маселен, Манастын эшигинин алдында кырк балбан сакчысы менен кошо:
Ал эшиктин оозунда,
Пил терисин каптаган,
Кабар салчу добулбас,
Добушун уксаң оолак бас.
Жоо-жобуркай барганда
Ошондо качат балбаны,
Обдулуп турат зардалы,
Добулбас үнүн укканда
Баатыр Манас баш болуп
Кырк чоро тегиз чыкканда
Жакын барган адамдын
Чыга жаздайт далдалы
(Сагымбай Орозбаков, 2. 41),
— деп дайым даяр турган. Эпосто Д. көп түрдүү милдетти аткарган. Күлөөчүгү күлдүргөн, Добулбасты бир салып, Жоо келерин билдирген Добулбас колго алганы, Жез чокморду көтөрүп Ортого чапты балбаны. Кулак тунуп кыйкырып Жоо келгенсип калганы (Сагымбай Орозбаков, 2. 45), — деп душмандын келерин кабар салса, бирде жоокерлерди чогултууга, бирде жоого жүрүшкө аттанганда, бирде жеңишти салтанаттаганда кагылган, бирде «Добулбас кагылып, тууга байрак тагылган».
Ошентип, Д. согуштук музыкалык аспап болгон. «Манас» варианттарында чагылдырылган Д-тын добул, доол деген түрлөрү болгонун, алар бири-биринен көлөмү, жасалышы жагынан айырмаланарын жана Д-тай эле милдетти аткарарын музыка изилдөөчү Б. Алагушов белгилейт (Б. Алагушов, Ырдагы өмүрлөр. — Фр., 1988, 188-б.).
С. Алаев, С. Субаналиев
ДОГОН
— эпизоддук кейипкер. Кыз Сайкал жекеме-жекеде Манасты аттан оодарарда Чубак жетип аны жөлөп кеткен кезде, «Эсердин бирөө экенсиң, Экөөлөп неге кетесиң?» (Сагымбай Орозбаков, 2. 59),— деп ортого түшкөн казак бектеринин бири.
ДОЛОН
— топоним, эпос боюнча Ала-Тоодогу ашуулардын бири катары сүрөттөлөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 75: 2. 161). Географиялык реалияда Кочкор жана Нарын чөлкөмдөрүнүн ортосундагы бийик ашуу.
ДОЛОНО-БУЛАК
— топоним. Эпосто калмак каны Жолойдун жылкыларына жоо тийген жер. « Долоно-Булак башынан Тогуз сан жылкы алдырдык» (Радлов жазып алган вариант, 372), — деп айтылат.
ДОМАБИЛ
— кейипкер, алтайлык калмак жайсаңы. Кортукту Манас өлтүргөндө кун алмакчы болуп келген Д. баш болгон алтайлык сегиз жүз калмак Жакыптын жылкысын түгөл тийип алып, ошол жерде кыргыздар менен канатташ жашаган манжулук калмактарды да талоон кылып жиберишет. Дөгөн аттуу карыя кунга малды ченеп албайсыңарбы, эртең кыргызга биз эмне дейбиз десе, Д. аны айбалта менен бир салып өлтүрүп, алтайлык менен манжулук өз ара согушуп калат. Мына ошондо кыргыз, казак менен манжулуктар биригип, Д-ди баш кылып бир топ алтайлык калмакты өлтүрөт, калгандары качып кетет (Сагымбай Орозбаков, 1. 154, 166).
ДОМОК
(моңголчо миф, мифология) — азыркы кыргыз тилинде жаңжал, опуза, коркутуп омуролоо деген туюмду билдирген лексикалык бирдик. Элдик оозеки чыгармалардын материалдары боюнча түпкү мааниси байыркы моңгол, бурят тилдерине жакын мааниде колдонулат. Маселен, Көкөтөйдүн ашында (Валиханов жазып алган эпизод боюнча) аламан байгеде Бокмурун келип жайма көкүл жаш Айдарга Мааникердин оозун тартып, аттардан кийинчерээк келгиниң дейт. Анткени, алдына ат салбаган Көкөтөйдүн тулпары баш байгеге чыгып келет да өз байгесин өзүлөрү алып алды деген сөзгө калып, алыс-жуукка уят болобуз деп Мааникерди чапкан чабандеске айткан өтүнүч маалыматта мындай айтылат:
Эми бери кайра тартканда,
Мааникердей күлүктүн
Оозун коё бербей кел.
Оозун коё сен берсең
Өзгө аттар алдында
Үч күн мурун келээрсиң чором.
Өз байгесин өзү алды деп
Жакынга домок калар,
Алыска жомок калар
(Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 84-б.).
Д. түп мааниси боюнча миф деген маанини түшүндүргөн көөнө сөз катары эпосто сакталып калган. Кийинки мааниси жаңжал, чатак деген туюмга өтүп кеткен.
К.Ботояров
ДООЛ
— кол башчынын, баатырдын жоокерлер жана эл алдына салтанаттуу чыгуусун, салгылашуунун башталышын билдирүү, элди, аскерлерди, жыйынга чогултуу жана коркунучту кабарлоо милдеттерин аткарган жаргактуу, урма музыкалык аспап. Эпосто: «Ордого доол согулду, Орго кандын үстүнө Ойроттун баары чогулду» (Сагымбай Орозбаков, 2. 274), — деп айтылат. Жортуулдарда, жоокерлер жүрүшүндө алардын кыймылын тартипке салууда да Д-дун ыргактары чоң роль ойногон. Эпосто көбүн эсе добулбас түрүндө кезигет. «Манаста» кездешкен «алтын доол», «жезден кылып ойдурган» деген сүрөттөөлөрүнө таянып, Д-дун жезден, мистен жана башкалар жумшак металлдан жасалганын жана кооздоо үчүн алтындын буусу жалатылганын айтууга болот: «Алтын курбу доолду Даң дедире салганы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 138). Аспаптын сырткы тулкусу баатырлар кийген туулганы элестетет. Д. кайыш тасманын жардамы менен ээрдин кашына же болбосо канжыгага илинип коюлган. Мындай ыкма аспаптын кандай гана шартта болбосун тез ара «добуш салууга» мүмкүндүк түзгөн.
С. Субаналиев
ДООЛОН
— кымбат баалуу кездеменин бир түрү. «Доолон чүчтө бул да бар, Буулум, бута жуда бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 417) деген саптар Д-дун баалуу, кандын-бектин казынасында гана болуучу кездеме экендигин билгизет.
ДОРГО
(моңголчо даруга — башчы, башкаруучу; калмактарда — айыл башчысы)— моңгол доорунда кан тарабынан шаарларды, аймактарды башкаруу үчүн дайындалган мансап титулунун аты. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манастын Акунбешим менен согушу эпизодунда айтылат: Камданайын акыр деп Доргосунан чаптырды. Алты дорго чакырды Ар тарапка чаптырды (Сагымбай Орозбаков, 2. 35, 72).
ДООРОН
ДООРАН (арабча даура — айландыруу, айлануу) — өлгөн адамды «күнөөдөн куткаруу» максатында өлүктү коюуга чейин мусулмандар арасында жасалуучу диний ырым-жырым. Д. үчүн молдого акы берилчү. Диний эреже боюнча Д. мусулман динине сыйынган бардык адамдарга тийиштүү деп эсептелген. Ал жаназадан мурда өткөрүлгөн. Ошондой эле өлгөн мусулмандын өмүрүнүн ар бир жылына (эркектердин 12 жашы, аялдардын 9 жашы алынып салынат) акчага, данга, малга же башка мүлккө айландырып жалпы элге, бей-бечараларга, кембагал, мискиндерге берилген. Бул салт «Манас» эпосунда да орун алган жана Көкөтөйдүн керээзинде төмөнкүчө айтылат:
Тогуз миң дооран сур байлап,
Баарысын семиз кур байлап,
Көкөтөй өлгөн экен деп
Көрмөккө келген адамдын
Көңүлүн басып куп жайлап.
Өз дүнүйөм бүлүнсүн,
Өлгөнүм журтка билинсин
(Сагымбай Орозбаков, 3. 18— 19).
К. Ботояров
ДӨБӨТ
— этноним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн ашына чакырылган Дөмүл кандын эли катары айтылат, к. Даңгыт.
ДОСУ Ташмат уулу
(1930, Жалал-Абад шаары) — манасчы. «Манас» айтууну атасынын бир тууганы Токтаалы Төрөгелди уулунан үйрөнгөн жана эпосту кара сөз түрүндө айткан. Андан: Жакыптын Алайдан Таласка көчүп келиши, Манастын төрөлүшү, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы эпизоддору жазылып алынган. Д-нун варианты башка манасчылардын вариантынан айрым мотивдери боюнча айырмаланып турат. Анын айтуусунда Абыке менен Көбөш Манастын кулу — туткунга түшкөн калмактар болуп берилет. Көкчө Манастын бөлөсү, ал эми Коңурбай жээни болот. Манас үч жолу өлүп, үч жолу тирилет. Биринчи жолу Көкчөдөн, экинчи жолу Токтобай Орозбай уулунан өлөт. Үчүнчү жолу Кара дөөдөн өлгөндөн кийин Каныкей ага күмбөз тургузуп, дубалына Манастын жеңген душмандарынын аты-жөнүн жаздырып коет. Д. Ташмат уулунун варианты Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүндө (Кол жазмалар фондусу, 612а-инв.) сакталып турат. ДОСУМБАЕВ Күмболот (1939, Кемин району, Жаңы-Алыш айылы) — Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти. СССР кинематография союзунун мүчөсү. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). Ташкендеги А. Н. Островский атындагы театр өнөр институтун бүткөн (1963); 1963-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгек жолун баштаган.
Д. бир топ драмаларда башкы каармандарынын ролун ойнойт. Кинодо бир нече кинофильмдерге тартылган. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) спектаклинде Сарытаздын, «Сейтек» (1987) спектаклинде Кыястын, «Айкөл Манас» (1990) спектаклинде Манастын ролун аткарган. Д.. Маанастын образын ачууда Манасты башкалардан бөлүп бөтөнчө орунга койгон жана аны башкы каарман болууга укук берген өзгөчө артык сапаттары — эл башчы, жетекчи экендигин чебер аткарган. Драмадагы окуялардын курулушунда, негизги идеянын ачылышында Д. Манасты теңдеши жок баатыр, ашкан балбан, арстандай айбаттуу жоокер, кең пейил, калыс жол башчы, жоонун сырын билген кол башчы жана башкалар артык сапаттарга ээ адам катары көрсөткөн.
ДӨГДҮР
— топоним. Көкөтөйдүн ашында Мааникерди зордук менен алам деп, Манастын каарына калган Коңурбай коркконунан качып барып жашынган жер (Сагымбай Орозбаков, 3. 154). Коңурбай Д-дө жатканда чоң байгеге аттарды чубатуу болуп, Алгара ат чабышка кошулбай калат.
ДӨГӨН
— каарман, Алтайда кыргыздар менен канатташ жашаган манжулук калмактардын эл бийлеген карысы. Кортукту Манас өлтүргөндө кунуна Жакыптын жылкысын бүт тийип алмак болгон Домабил баштаган алтайлык калмактарга тоскоол кылам деп таяк жейт. Алтайлыктар ал жердеги манжуларга да кордук көрсөтөт. Жылкысын ажыратып алмак болуп кол курап жаткан кыргыздардан манжулар жардам сурайт. Манастын башчылыгы менен кыргыздар, манжурлар Домабилди, бир топ алтайлыкты өлтүрөт, калганы качып кетет. Ушундан баштап кыргыздар Алтайдан көчүп кеткенге чейин Д. карыянын аты жыйындарда эл билермандары саналган жерде дайыма айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 157 — 169, 229, 280; 2. 68, 93).
ДӨГӨШӨ
— эпизоддук кейипкер. Шоорук кандын Манас менен жекеме-жеке беттешип каза тапкан балбаны (Сагымбай Орозбаков, 2. 212, 213). ДӨГҮШ — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн сөөгүн коюуга чакырылгандыгы гана эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 60).
ДӨМҮЛ
— эпизоддук кейипкер, Дөбөт элинин беги. Көкөтөйдүн ашына чакырылып, үч миң кол менен келгендиги айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 100, 107).
ДӨҢГӨ
— каарман. Кытайдын кыйын ишке салчу балбаны. Алооке Манас төрөлө электе Д. баш болгон балбандарын жумшап, каршылык көрсөтмөкчү болгон Каракандын сегиз уулун туш-тушка чилдей таратат. Манасты тирүү байлап, Бээжинге алып кел деп Эсенкан бекеринен Д-нү жибербейт. Баштап келген колун Манаска кырдырып, Д. өзү да Манастын колунан өлүм табат, Жолой күндү жайлап качып кутулат. Д-нүн өлгөнүн уккан Эсенкан «Баатыр Дөңгө, Каман алп Булардай болгон эр кана?» (Саякбай Каралаев, 1. 122), — деп Жолойду жемелейт.
ДӨҢГӨ
— топоним. Орго кандын ымалаштарынын бири Кемен кандын мекени, калаа (Сагымбай Орозбаков, 2. 73).
ДӨҢКАРА
— Манастын чоросу Дөрбөндүн аты. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо Д. отуз биринчи болуп келип, Дөрбөн тагдырына буюрган Талмаарамга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 426).
ДӨҢКӨЙ
— эпизоддук кейипкер, кытай алпы. Кытайлар менен болгон согушта Манастын карындашы Кардыгачтын колунан өлгөнү эскерилет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 262).
ДӨӨГӨР
— эпизоддук кейипкер. Манастын жоо-жарагын жасаган устасы. Д. иранча кажырдуу уста. Саякбай Каралаевдин вариантындагы Бөлөкбай устаннын төкөр деген эпитети ушул сөздүн бузулуп айтылышы болуу керек. ДӨӨДҮР, Дөөдүр алп, Чоң Дөөдүр — каарман. Кытайдын каны Эсенкандын ишенген белдүү балбаны. Манасты өлтүрүп же тирүү байлап кел деп Эсенкан Д-дү да эки жолу жиберет. Адегенде соодагер болумуш болуп келип, эки жүз балбанын кырдырып, кырк төөдөгү жүгүн тарттырып, өзү качып кутулат (Саякбай Каралаев, 1. 82—85, 121). Экинчи жолу он миң колду, Оргону баш кылып бир топ балбанын Манаска өлтүртүп, Жолой, Нескара, Каражой, Д. төртөө качып Эсенкандын алдына барышат (Саякбай Каралаев, 1. 124—126, 127, 136, 154, 156, 162). Кызыл-Суулук (КЭР) манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Д. Манас менен болгон согушта өлөт.
ДӨӨ, ЖАЛГЫЗ КӨЗДҮҮ ДӨӨ
латынча Циклоптор )— маңдайында жалгыз көзү бар алп мүчөлүү, ченемсиз кара күчкө ээ мифологиялык кейипкер. Дөөлөрдүн образы дүйнөдөгү бардык эле элдерде, асыресе чыгыш оозеки адабиятында көпчүлүк учурда туруктуу тескери тип, жагымсыз элес катары сүрөттөлөт. Жалгыз көздүү дөөлөр негизинен адамдарга окшошуп турса да, алардан өзгөчөлөнүп кебетеси коркунучтуу, кай биринин бир нече башы болот. Дөөнүн тулкусун бүтүндөй жүн баскан. Алардын сыйкырчылык касиети да бар. Көп учурларда Дөөлөр түнт токойлордо, коркунучтуу үңкүрлөрдө, кээде белгилүү бир
өлкөлөрдө бийлик жүргүзөт. Күч менен топтолгон байлыктын да ээси болушат.
Тарыхчылардын далилинде жалгыз көздүү дөөлөрдү — аримаспалар дейт. Арима скифче — бир, спу — көз деген түшүнүктү берет. Мына ошол аримаспа жалгыз көздүү дөөлөрдүн мекени байыркы маалыматтарга караганда чыгыш Урал менен Алтайдын аралыгында жайгашкан. Ушул чөлкөмдө жашаган элдердин таасири, карым-катнашы аркылуу мифологиялык бул образ кыргыз фольклоруна киргендиги шексиз.
Фольклордук чыгармаларда чагылдырылган жалгыз көздүү дөө тибиндеги жомоктук-фантастикалык жандыктарга каршы күрөшүү сюжети негизинен мифологиялык фондо берилген. Мындай мүнөздөгү эпикалык аракеттерди байыркы доордун баатырдык жомокторунун бири «Одиссеянын» терс каарманы Полифем дөө (циклоп) жөнүндөгү эпикалык сюжеттен көрүүгө болот жана жалгыз эле гректердин маданиятында кездешпестен дүйнөлүк фольклордо кеңири учураган орток сюжетти түзөт. Айрыкча чыгыштын жомокторунда (иран, араб жана башкалар) дөөлөр өтө көп катышкан кейипкерлердин бири. Кайсы гана элде айтылбасын алар адамдардын душмандары. Кишинин эти менен тамактанышат. Кишилерди уурдап кетип же колго түшүрүп алып, шишкебек кылып жейт.
Орто Азия элдеринин чыгармаларында жалгыз көздүү дөөлөрдү сокур кылып өлтүрүү сюжети академик В. М. Жирмунскийдин маалымдоосунда алтайлык версияларды кошпогондо ондон ашуун. «Манас» эпопеясындагы жомоктук-фантастикалык кейипкерлердин ичинен өзгөчө орун жалгыз көздүү дөөлөрдүн образына таандык. Эпикалык душман чегине барган Алмамбет баатырдын баяндоосу боюнча жалгыз көздүү дөөнүн мифтик образы мындайча элестетилет:
Калдайып туман сөгүлгөн,
Тетиги дүмүрөйүп көрүнгөн
Жалгыз көздүн эли бар,
Каарына алганда
Каршылашар чеби бар,
Ошол чептин ичинде
Алышса адамдын алы жетпеген
Атышса огу өтпөгөн
Жалгыз көз Малгун шери бар.
Орноткон калаа жөөсү ошол
Ойло Чубак кырааным
Ошондо жаткан жол тосуп
Жалгыз көздүү дөөсү ошол
(Саякбай Каралаев, 2. 92).
Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун вариантында:
Макел дөө дегендин
Баянын айтып берейин
Ант ургурдун өзү бар,
Бакыраят ачылса,
Маңдайда жалгыз көзү бар.
Адам уулу билгисиз,
Аркы-терки сөзү бар.
Байкаса адам үн өңдүү
Оозун ачып сүйлөсө,
Обо жарган обозу
Күркүрөгөн күн өңдүү,
Азат бойдон чыккан түк
Апсайган аюу жүнү өңдүү,
Аңдап көрсө дидаары
Ажыдаар түрү өңдүү
(Сагымбай Орозбаков, 4. 224), —
деп сүрөттөлөт.
Эпостогу жалгыз көздүү дөөлөрдүн образынын эволюциялык өнүгүшү Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда даана байкалат. Мында жалгыз көздүү дөө катышкан эки эпизоддун биринчисинде (Кутубий баш болгон мергенчилерге жолуккан Адамдүк аттуу дөө) образдын жөө жомоктук элеске жакын турган үлгүсү берилсе, экинчисинде («Макел дөө» эпизодундагы Макел) ошол элестин эпикалык душман колунун башчысына айлануудагы өткөөл мезгили баяндалган. Ал эми жалгыз көздүү дөөнүн эпикалык душмандардын кол башчысына толук өткөн элеси Саякбай Карала уулунун вариантында берилет, ал Көк-Бука минген Малгун дөө. Жалгыз көздүү дөө тибиндеги элестин өзүнө таандык ички жана сырткы белгилери бар. Алардын орчундууларына булар кирет: адатта дөөлөр адам баласы көп жүрбөгөн, жолу татаал, же алыс жерлердеги тоонун үңкүрүндө жашашат, киши этин жейт, курал пайдаланбайт, куралы болгон күндө да өтө жөнөкөй мүнөздө болот (мисалы, союл, таш жана башкалар). Өзгөчө чоң көлөмгө жана чексиз кара күчкө ээ, бирок акыл деңгээли чектелген, алар оңойлук менен өлбөйт. Д-лөр тоонун ээси болуудан башка оорунун, өлүм-житимдин да ээси — духу. Бул жалгыз көздүү дөөлөрдүн адам этин жегендигинен, башкача айтканда өлүмгө себепкер болушунан ачык көрүнөт.
Ушул белгиси аркылуу алар адамга, болгондо да бардык адамдарга өтө коркунучтуу тескери күчтөрдүн тибине жатат. Ошон үчүн баатырдык эпостордун алгачкы үлгүсүнүн туруктуу терс кейипкери болгон антропоморфтук типтеги жалгыз көздүү дөөлөр конкреттүү бир элдин душманы болбостон, жалпы адамзаттын эң коркунучтуу душманы катары мүнөздөлөт. «Манас» эпосунун «Дөө-пери жомогунда» баяндалган жалгыз көздүү Адамдүк дөө мына ушундай типтин бири. Мындай сюжет түрк-моңгол фольклорунда кеңири кездешет. Демек, аң-сезими али өсүп жетиле элек байыркы адамдар өздөрүнүн жамандыкка, өлүм-житимге учуроо себептерин табияттын ар кандай сырдуу кубулуштарына (мифологиялык түшүнүктөрүнө) байланыштуу элестетишкен шарттарда өлүмдүн ээси катары киши эттин жей турган жалгыз көздүү дөөлөрдүн мифологиялык образы түзүлгөн болуу керек.
X. Короглы, С. Алиев
ДӨӨКҮР
— эпизоддук кейипкер. Алмамбет менен Көкчөнүн ортосуна чагым салган бузукулардын бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 243).
ДӨӨКАН
— эпизоддук кейипкер, Араникти жердеп, бийлик жүргүзгөн кытай каны. Кызыл-Суулук (КЭР) кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын вариантында («Манастын» биринчи китеби) Манас менен Дөөдүр алптын кагылышында чай жүктөлгөн үч жүз төө Д-дыкы экени эскерилет. Дөөдүр Манасты Д-га байлап алып барарын айтып коркутат. ошондой эле эпостун башка окуяларында жана Кошойдун эскерүүлөрүндө калмак, кытай жөнүндө сөз болгондо, жер-жерди бийлеп турган кандар менен катар «Араникте Дөөкан бар», «Дөөкан келип калбасын» делип айтылып отурат.
ДӨӨТАЛЫ Касымбай уулу
(1899, азыркы Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Тынымсейит уруусунан. Атасы Касымбай чоң манасчылардан болгон. Д. атасынын «Манас», «Семетей» айткандарын көкүрөгүнө түйүп, жаттап калган. Эл алдына чыгып атайы «Манас» айткан эмес. Андан эпостун «Манас» бөлүгүнөн Манастын бала чагы, Манастын Жолой менен Эсенканга каршы согуштары, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы, Жети кандын окуясы, Чоң казат, Манастын өлүшү, Каныкейдин Букарга качышы жана «Семетей» бөлүгүнөн Семетейдин Сарытазга жолугушу, Семетейдин Букардан Таласка келиши, Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү (Чынкожо, Толтой чатагы), Семетей баатырдын Манастын кунун куушу (Чалгын, Коңурбайдын Таласка кол салышы), Семетейдин кайып болушу, Канчоронун кастыгы эпизоддору жазып алынган.
ДӨӨТҮ
(арабча Дауд) — мусулман мифологиясында пайгамбардын аты; кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында темир устанын пири, усталардын колдоочусу. Д. түпкү теги библиядагы Давитке туура келет. «Манаста» чыгаан уста, өнөрпоз маанисинде да көп жолугат. Мисалы, Алмабашты жасаган Кара уста жөнүндө: «Кундагын куюп машаган, Дөөтү досу кара уста, Ошо байкуш жасаган» (Саякбай Каралаев, 1. 189), же болбосо: «Төкөр уста Бөлөкбай Дөөтү менен дос болгон» (Курама варианты, «Семетей», 4) «Дөөтү менен Бөлөкбай, Кадимкидей сүйлөшкөн» (Курама варианты, «Сейтек», 4) деген ыр саптарынан Д-нүн темир устанын пири экендиги көрүнүп турат.
ДӨӨ-ПЕРИ ЖОМОГУ
— Сагымбай Орозбаковдун вариантында өзүнчө өнүктүрүлгөн жалгыз көздүү дөө жөнүндөгү окуя. Окуя негизинен элдик оозеки чыгармачылыкта кеңири кездешүүчү укмуштуу-кереметтүү жомоктордун мотивинде айтылып эпоско киргизилген. Эпосто бул окуя башталганга чейин Кошой менен Манас Дагалак шаарында кездешет, экөө биригип, тынчтык бербеген кытайдын он бир дуу-дуусун жазалоону көздөп, алардын мыктысы Дүбүрө канга аттанып жолго чыгышат. Жол жүрүп, чаалыккан колго тыныгууга жана азык-түлүк камдоого уруксат берилет. Кол тыныгууга калганда мергендер аң уулашат. Аңга чыккан алты жүз киши он эки топко бөлүнүшөт. Күлдүрдүн уулу Чалыбай, күлкүлүү чечен Абдылда (Ажыбай), Куртка чалдын Мажиги, Кутубий башчы болгон бир бөлүк кийиктин этинен шишкебек жасап жеп олтурушканда Даңгулу тоосунун башында кароолдоп олтурган 16 кулач бою бар Кулачабдар ат минген, бүтүн карагайды камчы кылып, өзүнүн бою 7 кулач, маңдайында жалгыз көзү бар, эки кулагы эки кулач келип эки ийнинде салпайган, оозунан бир ыштыктын түтүнү чыккан, Индустандын ары жагынан келип туруп калган, миң жыл жашаган ажынадан жалгашкан, мажуждун тукуму Адамдүк деген дөө кечке маал төрт жүз киши айдап үңкүрүнө келип калат. Үңкүрдүн оозун бекиткен алты миң батман ташты алып ачканда ичинен доңузга окшош башы бар, эмчеги эки өгүздөй, тамандары туурулган, маймылдын этиндей сыртында сары түгү бар катыны чыгат. Ал чыгып келип он бир кишини бир кучактап көтөрүп, шишке сайып отко кактай баштайт. Артынан мергендер абайлап карап келишет да, ичинде көгөндөлүп жаткан кишилерди, дүр-дүнүйө мүлктү көрүшөт. Кутубий Адамдүк дөөнү көзгө атып жыгат. Аты атканга болбой тоо тарапка качып кутулат. Адамдүктү көптөп жатып өлтүрүшүп көгөндөгү элди бошотот. Кармалган кишилердин алды жети жыл, акыры эки жыл болгон экен. Муну ошолордун ичинен бирөөсү толуктап айтып берет. Кишилер бошонуп, дүр-дүнүйө мүлктү бөлүп кетишет.
Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана айтылган мына ушул Д.-п. ж-ндагы жалгыз көздүү Адамдүк дөө жөнүндөгү эпикалык окуяны сыйкырдуу жөө жомоктун сюжетинин кайрадан иштелген формасы катарында эсептөөгө болот. Мындай жөө жомоктук сюжеттин фактысын казактардын «Жалгыз көздүү дөө» («Одноглазый великан») деген жөө жомогунун мазмунунан көрүүгө болот. Башкы каарман Жаке баатыр бир күнү чоң үңкүрдү көрөт да, атын байлап коюп өзү кирет. Эшигин ачып жиберсе жалгыз көздүү бир зор адам олтурат. Бир жагында эки киши жатат. Бирөөнү шишке сайып таштаптыр. Жалгыз көздүү дөө Жакени көрүп «кудай берди, бери кел» деп чакырып алып, шишке сайылган кишини «бышыр» деп буйрук берет. Жалгыз көз эшикти бекитип коюп уктап калат. Жаке шиштеги кишини чыгарып салып, шишти кызарганча отко ысытып алып уктап жаткан дөөнү жалгыз көзгө сайып качат. Дөө айкырып үңкүрдүн ичинде ары-бери жүгүрөт. Жаке качып чыгайын десе, эшик чоң таш менен бекитилүү экен. Үңкүрдөгү койлорго барып, бир серкени союп терисин жамынып алып, койдун арасында жүрө берет.
Дөө үңкүрдүн эшигин ачып койлорду бирден өткөргөндө Жаке «серке» болуп өтүп кетет. Дөө Жакеге айтат: «Сен мени өлтүрмөк элең, өлтүрдүң, эми мени ушул абалда таштабай биротоло өлтүрүп казынамды, малымды бүтүн алгын», — дейт. Дөөнүн өзүнүн кылычы менен анын башын кесет. Жаке баатыр жалгыз көздүү дөөнүн малын айдап, башын кесип алып айлына барат. Кайра эл менен үңкүргө келишип, дөөнүн алтын — күмүш дүйнөсүн элүү төөгө жүктөп алып кетишет. Ушул типтеги жөө жомоктук сюжет кыргыздын «Жайыл мерген» деген жөө жомогунда да айтылат. Бул жомоктун кыскача мазмуну мындай: Жайыл мерген жолдошу Эмил менен аң уулап чыгат. Бир аркар атып алышып, кечкурун бир үңкүргө киришип таш кордо бышырып жатышса, жалгыз көздүү кемпир чыга калып Жайылды ары көздөй ыргытып жиберет. Эмил качып кетет. Жайыл эсине келип эки жагын караса, жыйырма киши көгөндө байлануу жатат. Үңкүрдө беш жүз чамасында кой да бар экен. Жалгыз көздүү кемпир үңкүрдүн ортосундагы чоң кемегеге бакандай темир көсөнү кызарганча ысытып алып, күнүнө бир туткунду шишкебек кылып жечү экен. Кемпир уктаган кезде маңдайындагы жалгыз көзү жаркырап, үңкүрдүн ичин жарык кылып турчу экен. Ал ойгоо турган кезде үңкүрдүн караңгы болуп турарын туткундар билип алышат.
Бир күнү кемпир уктап жатканда Жайыл баягы ысык темир менен жалгыз көзгө саят. Туткундарды көгөндөн бошотуп, жашынтып коёт. Желмогуз кемпир көгөнгө барып эч кимди таппайт. «Баары бир силер үңкүрдөн чыгып кете албайсыңар» деп, кемпир үңкүрдүн оозуна барып отурат. Таң эртең менен койлорду бирден чубатып, жонунан сыйпап текшерип туруп сыртка чыгарып жиберип, үйдөй кара таш менен үңкүрдүн оозун бекитип коёт. Жайыл дагы башка амал ойлоп, койду баштап чыккан ак эркечти союп, анын кебин кийип алат да, эртең менен сыртка чыгып мылтыгын алып келет. Койлорду үңкүрдөн чыгарып турган учурда жалгыз көздүү кемпирдин мээсин чыгара атып, туткундарды бошотуп, өзү желмогуздун койлорун айдап алып үйүнө келет (Казахский фольклор в собрании Г. Н. Потанина, Архивные материалы и публикации — АлмаАта, 1972, 154 — 156-б.).
Демек, Манастын биринчи казатындагы жалгыз көздүү дөө жөнүндөгү эпикалык окуяга кыргыз, казак элдеринин арасында кеңири белгилүү болгон жөө жомоктун сюжетин, анын негизги мотивдерин манасчы Сагымбай Орозбак уулу эпостун баатырдык стилине ылайыкташтырып, окуяга белгилүү эпикалык каармандарды (Кутубий, Ажыбай жана башкалар) катыштыруу менен өзүнчө иштеп чыккандыгын белгилөөгө болот. Ошону менен бирге Сагымбай өзүнүн поэтикалык чыгармачылыгынын күчтүүлүгүнө байланыштуу бул жөө жомоктук сюжетке баатырдык мүнөз берүү менен эпостун жалпы композициясына жана стилистикалык өзгөчөлүгүнө ылайыкташтырып аны ыр формасына айландырган. Албетте бул Д.-п. ж-нун негизи байыртадан бери карай өзүнчө айтылып келаткан салттык жөө жомоктук сюжет болсо да «Манас» эпосуна кийин гана кайрадан иштелип киргизилген эпизод катарында эсептөөгө болот.
К. Кырбашев
ДӨРБӨЛДӨЙ
— эпизоддук кейипкер, Үсөндүн (к. Көзкаман) уулу. Башка бир туугандарындай кара мүртөз, ач көз болуп сүрөттөлөт.
ДӨРБӨН
(моңг. дервен — төрт) — кырк чоронун бири. Чоролордун катарында дайыма саналып өтүлөт да жекече иштери сүрөттөлбөйт. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы жар тандоодо Дөңкара отуз биринчи келип Д. тагдырына буюрган Талмаарам кызга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2.150, 394, 420, 426; 3. 50, 176; 4. 25, 43).
ДӨРБӨН
— эпизоддук кейипкер, эпосто кырк чоронун бири Төртайдын атасы деп гана эскерилет (Сагымбай Орозбаков, 3. 175). ДӨРӨ — эпизоддук кейипкер. Орго кандын жеңилгенин угуп, Манастын жолуна тосот коймокчу болгон Акунбешим пааша балбандарына, аярларына кабарчы жөнөткөндө Д-гө да кабар жиберет (Сагымбай Орозбаков, 2. 101).
ДУБА
(арабча чакырык, өтүнүч; сыйынып табынууда айтылчу сөз) — өлгөн адамга же башка бир диний жөрөлгөлөргө, ырым-жырымдарга байланыштуу жакшылык тилекти, көңүлдү билдирүү иретинде окулуучу бата ырымы. Д. сыйкырлоо маанисинде да колдонулат. Эпосто кудайга, табигый кубулуштарды башкаруучу сыйкырдуу күчтөргө кайрылуу маанисинде арбын кезигет. «Тескери дуба нече окуп... Калмакча дуба жат окуп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 158) Алмамбет жоого каршы жайчылык кылат. Д. окуу мейман тосуу салт- каадасынан да орун алган: «Астына даам койгон соң, Аш-тамакка тойгон соң, Алакан жазып кол ачып, Дуба кылып болгон соң» гана Бакай карыя Ажыбай менен Серектен келген жөн-жайын сурайт (Сагымбай Орозбаков, 4. 118).
ДУГУЛ
— этноним. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Көкөтөйдүн ашына чакырылган элдердин биринен. Бокмурун жаш Айдарга Мааникерди мингизип, күн чыгышта Күбө деген жерди жайлаган Д. деген элди кошо айтып чакыртканы эскерилет.
ДРАМА
(гр. drama — кыймыл-аракет) — көркөм адабияттын бир тарамы, түрү. Адатта сахнада ойноого арналып жазылат да, жанр жагынан трагедия, комедия, мелодрама, фарс болуп салаалап кетет. Д-га прозадагыдай автордук мүнөздөмөлөр, сүрөттөөлөр, эпикалык баяндоолор мүнөздүү эмес. Драма диалогдук формада жазылат да, текст каармандардын кебинен (речь), өз ара сүйлөшүүлөрүнөн, монологдорунан турат (к. Диалог, Монолог). Д-нын маңызы негизинен сюжеттик конфликт жана драмалык кыймыл-аракет аркылуу турмуштун, коомдун курч карама-каршылыктарын жана адам тагдырларынын татаал түйүндөрүн изилдөөдө турат.
Д-лык чыгарма үчүн сюжеттик материал бирде карама-каршылыкка толгон реалдуу турмуштун өзүнөн алынса, кээде даяр адабий, фольклордук же мифологиялык сюжетке негизделип жазылган учурлары да аз эмес. Маселен, Байыркы Чыгышта жана Байыркы Грецияда Д-нын предметин негизинен уламыш, миф түзгөн. Дүйнөлүк көркөм практикадагы мындай салттан кыргыз драматургиясы четте калган жок. Кыргыз драматургиясында фольклордук материалга негизделип жазылган драмалар, либреттолор аз эмес. Драматургдар «Манас» эпосунун сюжетине да кайрылышкан. Кыргыз Д-сынын, театрынын башаты түпкүлүгүндө элдин фольклордук оюн-шоок, карнавалдык маданиятынан агып чыгат. Мисалы, кыз-жигиттин алым сабагы же төкмө ырчылардын айтышы Д-лык диалогду элестетсе, ал эми эл алдында чыккан манасчынын ыры кудум сахнадагы актёрдун монологуна окшошуп турат (к. Бир артисттин театры). Эпостук чыгармаларга кайрылуунун бир кыйла утуштуу жагдайлары да бар. Себеби кыргыз эпостору драмалык элементтерге өтө бай.
Эпостук чыгармаларды сахнага коюу да ыңгайлуу, анткени, эпостук баяндар адатта сюжеттик композициялык түзүлүшү жагынан тыкан, жыйынтыктуу келет (к. Композиция). Анда конфликт даана байкалып турат. Оң, терс каармандардын сапаттары таасын боёктор менен ачык, көркөм тартылып, бири-биринен так ажырап, бири-бирине тикелей бетме-бет келип турат. Карама-каршы тараптардын ортосундагы күрөш кыймыл-аракетке, драматизмге карк келет (к. Конфликт). Ал эми кейипкерлердин бири-бири менен пикир алышкан сөздөрү, айткан кептери кудум Д-дагыдай эксперссиялуу, так, таамай, кыска болот.
Мына ушундай касиет-сапаттарынан улам «Манас» эпосунун сюжети да бир нече драмаларга, либреттолорго негиз болду. «Манастын» сюжетинин негизиндеги эң биринчи пьесаны 1937-ж. Ж. Бөкөнбаев эпостун «Семетей» бөлүмүнүн сюжетинен алып жазган (к. «Семетей»). 1938 —39-ж. Ж. Турусбеков, К. Маликов, Ж. Бөкөнбаев биргелешип кыргыздын туңгуч улуттук операсы «Айчүрөктүн» либреттосун жазышкан. Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде (1941 — 45) Т. Сыдыбеков менен К. Рахматуллиндин «Манас» менен Алмамбет» драмасы, ошондой эле А. Токомбаев менен К. Маликовдун «Манас«, К. Маликовдун «Сейтек» аттуу либреттолору жаралган (к. Либретто). «Манас» либреттосуна В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере музыка жазып, опера өнөрүнүн алтын казынасынан орун алган «Манас» операсы жаралды. 1980-жылдарда драматург Ж. Садыков «Манастын» сюжетинин негизинде «Манастын уулу Семетей» (1980), «Сейтек» (1987), «Айкөл Манас» (1990) аттуу драмаларды жазып, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлду.
С. Байгазиев
ДУЛАТОВА Гүлшара
(1930, Токмок шаары) — кыргыз совет артисти. Кыргыз ССРинин эл артисти (1977). Ташкендеги Н. Островский атындагы мамлекеттик театр өнөр институтунун актёрдук бөлүмүн бүтүргөндөн (1953) бери Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти. Д. ар түрдүү драмалык, трагедиялык жана сатиралык пландагы каармандардын образын түзгөн диапазону кеңири артист. Анын театр өнөрүндөгү ишмердүүлүгү эпостук чыгармалардын негизинде жазылган драмаларда аткарган ролдорунан айкын көрүнөт.
«Манас» үчилтиги боюнча жазылган спектаклдерде Д. түзгөн эпикалык образдарга терең жарандык, психологизм мүнөздүү. Анын аткарган ролдору: «Манастын уулу Семетейде» Чыйырдынын жан-дүйнөсүн терең ачып берсе, «Сейтек» спектаклинде керт башынын кызыкчылыгын гана көздөгөн амалдуу, каардуу Мастан кемпирдин терс образын жана «Айкөл Манаста» «эл башына күн түшсө, эл коргоочу эр келет», алп Манасты тапкан жөнөкөй эне эле эмес, ал биринчи кезекте кысталышта жол тапкан, кыйын кезде сөз тапкан акылман, даанышман эне экендигин артисттик чеберчилиги менен айкалыштырып, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө идеал эне катары жеткире алган. Элдердин достугу ордени менен сыйланган.
Э. Калдаров
ДУМАНА
дубана — эл кыдырып диндик үгүт таратуучу адам, диний фанатик. «Манас» эпосунда башкы каармандын келечек тагдырына байланыштуу жакшы ат коюуга өзгөчө көңүл бурулуп, балага ысым берүүгө эч ким даабай турганда кайыбынан пайда болгон «ак күлөлүү думана» баланын «аты Манас болсун деп» атын коюп, көздөн кайым болот.
ДУМАНАЕВ Чоробек
(1952, Тянь-Шань району, Миң-Булак айылы) — кыргыз драма театрынын артисти. Эмгек жолун Кыргыз драма театрындагы студиядан окуп бүткөндөн (1975) кийин баштаган. Ж. Садыковдун «Айкөл Манас» — Чубактын, «Манастын уулу Семетей» — Көбөштүн, «Сейтек» драмасында — Сейтектин ролун аткарган. Артист карандай күчтүн ээси, аны-муну көп байкабаган энөө, ишенчээк, ачуусу чукул, кыялы чорт, бирок, ак көңүл, ичине кир сактабаган Чубак баатырдын образын элестүү ачып берген. Д. айрыкча Сейтектин образын ачууда көп эмгектенип, бир топ ийгиликтерге жетишкен. Эл тилегинин таянычы болгон Сейтектин образынан эл ээсиз, баатырсыз калбайт, зарыл керек учурда эл иши үчүн курман болууга даяр турган чыныгы азаматтар чыга келет деген элдик ишенимди, оптимисттик идеяны көрөбүз. Айрыкча драманын корутундусунда Сейтектин элге ээ болуп, аларды ички жана сырткы душмандардан коргоп туруп калуусу бул образга элдин зор көңүл буруусун белгилейт жана ага берилген адилет баанын далили. Ал эми идеал каармандардын карама-каршысында турган өздөн чыккан жат, жеке керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн Көбөштүн образын көрүүчүгө жеткирүүдө да Д. өзүнүн аткаруучулук чеберчилигин көрсөтө алган.
Ж. Сагынов
ДУМАРА
— этноним. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Д. деген эл кыргыз, казак, нойгут жана башкалар сыяктуу эле бир атадан тараган. Бул элдин аты «Манас баатыр баштаган кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнү», «Алооке кандын Манаска багынганы» окуяларында жана «Көкөтөйдүн ашында» Д. элинин Алтынкөкүл деген баатыры Манаска сайышка минүүгө атын бергенинде эскерилет.
ДУҢКАНА Кочуке уулу
(1886, азыркы Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы — 1981, ошол эле жер) — семетейчи. Д. Тыныбек, Касымбай манасчылардан «Манас», «Семетей» эпосун көп уккан. «Манас» айтуунун чеберчилигин Чоюке, Дыйканбай манасчылардан үйрөнгөн. Замандаштары Саякбай Карала уулу, Мамбет Чокмор уулу менен тааныш болуп таасир алган. «Манас» эпосуна караганда «Семетейди» жакшы өздөштүрүп, эл арасында көбүрөөк айткан. Андан 1965—67-ж. «Манас» эпосунан Манастын бала чагы, Чоң казат эпизоддору, «Семетей» бөлүмү жазып алынган.
Башка манасчылардай эле Д. өзүнүн «Манас» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү менен байланыштырып: «Жети жашар кезимде түшүмө Семетей, Күлчоро, Канчоролор киришти, үч жыл айтпай жүрдүм. Түшүмдө Семетей келип найза менен сайып кеткенден кийин айта баштадым, кийин Манас менен Алмамбет түшүмө кирип, чалгынга кетип баратып бизди айткын дешти», — деп эскерет. Дуңкана Кочуке уулунун вариантынын сюжети көл айланасындагы манасчылардын (Саякбай Карала уулу, Мамбет Чокмор уулу) варианттарына жакын, ошондой эле айрым мотивдери, сүрөттөөлөрү Теңир-Тоо аймагынан чыккан манасчылардыкына окшоп кетет. Д. жаш кезинен көл кылаасындагы жек-жааттарына көп каттап, чыгармачылыгына көлдүк манасчылардын таасири тийгендиги байкалат. Анын вариантынын сюжети Саякбай Каралаевдин варианты менен МЧВнын варианттарына жакын болгону менен өзүнчө өзгөчөлүгү да бар. Көпчүлүк варианттарда ооруктагы кыргыз колу Сыргактан кабар угуп, жоону каптап кирип, аларды багынтып алышат. Дуңкана Кочукеевдин вариантында да эки кол беттешип, адаттагыдай салгылаш болот, бирок, чоң дайранын наркы өйүзүнө өтүп алган кытайлар кыргыздарды өткөрбөй үч ай кармап жатып алат. Алмамбет амал менен суудан өтүп, Жолойду өлтүрүп, анын колун алдап алыс алып кеткенден кийин кадимки чоң салгылаш болот. Кытайлар анда да моюн сунбайт.
Нескара, Шуйкучуларды Чубак колго түшүрүп келет. Башка варианттардын кай биринде мындай мотив кезиккендиги менен Чубактын эрдиги мынчалык мааниге ээ эмес. Дуңкана Кочукеевдин вариантынын сюжети мындай өзгөчөлүктөр гана эмес, андан майдараак деталдары менен да айырмаланып турат. Көлдүк манасчыларда (айрыкча Мамбет Чокмор уулу) Алмамбеттин энеси Айганыштын образы байыркы мифтик каармандын образы жумшартылып, реалдуу турмушка жакындаштырылып, трансформациялануу аркылуу элдик эпоско киргени байкалат. Ал эми Дуңкана Кочукеевдин вариантында жогорку варианттагы касиеттеринен тышкары Айганыш бирде аял, бирде ак жыланга айланып кетүүчү сыйкырдуу күчкө ээ жана бул образдын башаты ошол байыркы мифтен башталат. Анын варианты бардык учурда эле көркөмдүк жагынан терең иштелген эмес. Бир нече саптан кийин барып уйкашып же бир түрдүү этиш сөздөрдөн куралып, уйкаштык жактан кыйла аксайт. Негизинен сюжет кууп айткандыктан, белгилүү варианттарга салыштырганда ички көркөмдүк каражаттар сейрегирээк. Эпостун сюжети «Алооке менен Жезбилек, эки кытай оолугуп», кыргыздарды чаап алып, туш тарапка сүрүшүнөн башталат. Жакып Алтайга айдалат.
Ал жерде Манас аттуу уулдуу болот. Бирок, башка манасчылардын айтуусунда Жакыптын эмгек кылып жүрүп, чоң бай, төрт түлүгү шай болгондугу карыганча балалуу болбой зарлашы, түш көрүү, эненин жолборстун жүрөгүнө талгак болушу, ат коюп, бешик той берүү сыяктуу салттык мотивдер айтылбайт. Д-нын вариантында Манастын туулушу «карапайым Жакыптан Манасты аягы менен тик тууду» деп кыскача гана түшүнүк берилет. Манас он экиге келгенде Алтай жериндеги кыргыздар кара кытайлардын Алооке менен Жезбилек деген баскынчы баатырлары Ала-Тоодон сүрүп жибергендигин айтышат. Манас эр жетип Алтай жерине сүрүлүп барган кыргыздарды Ала-Тоого көчүрөт. Нойгуттардын Акбалтасы Жакыпка мал тартуулап келип, уулу Чубакты Манас менен дос кылат. Манас менен Чубак Анжыяндагы Алоокени чаап, Акбалтанын Чубагынын алымына чыдабай Алооке кан Бээжинге качат. Алоокенин качып келгенин уулу Коңурбай угуп «бурутту чаап кул кылам» деп күүлөнөт. «Бээжинге Манас казаттап келбей койбойт, кыйын болсоң ошондо беттешип көрөрсүң», — деп Алооке баласын тыйып коет. Манас, Чубак, Бакай үчөө кара кытай, калмактарды Ала-Тоодон сүрүп чыгып, жоосу жок болуп, тынч жашап турган учурда Элемандын Эр Төштүк Жоодарга той берип алты канды чакырат.
Бет алышып алты кан,
Биз Манаска баралы.
Ушул тойдон тарабай
Үй үстүнө туу тигип
Манасты чаап алалы
(Кол жазмалар фондусу, 248-инв., 13-б.),
— деп тойго келген алты кан кеңешип, Манаска каршы барышат. Бирок, Манаска каршы аттанган кандар кимдер экендигине, карама-каршылыктын келип чыгышынын себеби так айтылбайт. Каршы келген кандарды Манас каарданып Аккуланы минип, курал-жарагы менен кирип, кырып коё турган болгондо Бакай менен Алмамбет арага түшүп токтотот. Кандар Манастан коркконунан Бээжинге казат кылалы деп суранышат. Казатка аттанган кол жолдо тыныгат. Бээжиндин сыртынан чалгын чалып келүү үчүн Алмамбет жөнөрдө, Чубак мени да ала бар деп суранат. Алмамбет ала барууга убада берет. Манас баатыр кырк чоронун ичинен чалгынга тандап жолдош ал дегенде Алмамбет Чубак менен антташып койгон убадасын айтат. Манас Чубакты оорукка калтырат. Алмамбетке Сыргакты кошуп чалгынга жөнөтөт. Чалгын чалуучу баатырлар Карткүрөң тулпарды коштой кетишет.
Алмамбет менен Сыргактын чалгынга кеткенине арданган Чубак баатыр Алмамбеттин артынан кууп барат. Кезенишип турган Алмамбет менен Чубакка жете келген Манас баатыр экөөнү элдештирет. Эриккенден баатырлар ат жарыштырат. Бул вариантта колдун аттанышы, Алмамбет менен Чубактын жаңжалы жана «Алмамбеттин арманы» кыска түрдө айтылат. Тал-Чокуга келгенде Манас баатыр дүрбү менен Бээжинди карап отуруп, Алмамбеттен Бээжиндин жайын сурайт. Манас баатырдын суроосу боюнча Бээжиндин жайын жана өзүнүн арманын айтат. Алмамбет нурдун кызы Айганыштын боюна нурдан бүтөт. Энеси Айганыш Азизканга келгенде үч айлык боюнда болот. Айганыш жаңы туулган баласы Алмамбетти көргөзбөй багып, үч ай толгондо эркек уул туудум деп Азизканга сүйүнчүлөйт. Бирок, Эсенкан баланын мусулман экенин билип кудукка салып өлтүрмөк болгондо периштелер аман сактап калат. Алмамбет алты жашка чыкканда сыйкырчылык өнөрдүн окуусун окуп, он миң бала бир окуп, он миң баладан он бала калат. Ал он бала кийин кытайга бийлик жүргүзгөн баатырлардан болот.
Алмамбет арманын айтып бүтүп,
Чет-Бээжинге чалгынга жөнөйт.
Жолдо чек кайтарган Куу кулжа,
Куу түлкү, Макел дөөнү өлтүрүшөт.
Чет-Вээжинге барып,
Алмамбеттин сарайын көрүшөт.
Эсенкан кызы Бурулча, Жаңжуңдун кызы Мыскалга жолугуп сырдашкандан кийин, кытайдын кап кага камаган көп жылкысын айдап жөнөшөт. Карагулдан кабар алган Коңурбай жылкыны кубалап келип, Сыргактан жараланып, кайра качып Эсенканга барып көп кол менен чыгат. Куугунчу кытайлар менен салгылашта Манас минген Айбанбоз баспай калат. Баатырлар Тал-Чокуга корголошот. Сыргак оорукка кабарга барат. Бакайдын амалы менен ооруктагы кол олжо алабыз деп чабуул жасайт. Ажыбай Тал-Чокуну курчап алган кытай колун алдап Манаска Аккуланы, Аколпок, Аккелтени жеткирет, кыргыз колу кытайларды сүрүп, Ак-Үргөнч суудан өткөрөт. Эки кол бири-бирине кечүү бербей турушат. Алмамбет Коңурбайдын кебин кийип кирип, түн ичинде Жолойду өлтүрүп, анын туусун көтөрүп Бээжинди көздөй качат, артынан кытай колу жөнөйт. Кечүү бошоп, кыргыз колу наркы өйүзгө өтөт. Көк-Букачан Мадыканды өлтүрүшөт. Манаска жекеге чыккан Коңурбай жаралуу болуп качат. Душман качып, кыргыздар кол эсебин алса Чубак жок.
Ал Нескараны колго түшүрүп кийин келет. Нескара жан соога сурап, Эсенкандын кандыгын алып берүүгө убада кылат. Нескара Бээжин кандарына багынып берүүсүн суранып кат жазат. Кытайлар Манаска караштуу болуп Алмамбет, Чубак, Бакайды үч шаарга кан көтөрүшөт. Д-нын айтуусундагы эпостун «Семетей» бөлүгү Семетей баатырдын Кең-Колдон Айчүрөккө жөнөгөнү деген эпизоддон башталат. Бул эпизоддо Семетей абасы Бакайдан бата алып, эки чорону баштап, он төрт атты бош коштотуп Үргөнчкө жөнөгөнү кыскача баяндалат. Семетей баатыр дүрбү салып Акунканды күч менен камап жаткан Чынкожо, Толтойду көрөт. Семетей Үргөнчтүн боюна сейил кылып келген бир топ кызды көрүп, аларды билип келүү үчүн Күлчорону Тайбуурулга мингизип жөнөтөт. Күлчоро эч кандай кыйынчылыксыз эле кирип жаткан Үргөнчтү кечип өтүп, Семетейдин келерин күтүп жаткан Айчүрөккө барып таанышат. Көпкө күткөн Семетей ачууланып, киргилденип кирип жаткан Үргөнчтү кечип, агып, араң дегенде суудан чыгат. Кабарсыз кечиккен Күлчорого келип жемелегенде Айчүрөк Семетейди сынап «Чороңду жемелебе, менин Чынкожодой күйөөм бар» — деп анын намысына тиет. Айчүрөк Чынкожо, Толтойдун зордугунан аккуу кебин кийип, асмандап учуп Семетейди издеп төгөрөктүн төрт бурчун айланып ааламдагы алп, баатырларды сынаганын, алардын ичинен Семетей баатырды сынына толтуруп, акыры анын келерин күтүп жолунан тосуп жүрүп жолукканын айтат.
Семетей анын жүйөлүү сөзүнө жыгылат. Айчүрөк Семетейди жолдоштору менен атасы Акункандын шаарына алып барып, сарайына багып жатып калат. Болжошкон мөөнөттү күтүп, туура алты ай толгондо Чынкожо, Толтой Акункандын кызы Айчүрөктү берер убактысы жеткенин айтып элчи жиберет. Акункандын Түмөнбай менен Ажыбай деген инилери шаарды камап жаткан Чынкожо, Толтойго келип эртең той жасап, Чурөктү берели деп макулдашып кетет. Ошондо Толтой шектенип, бу кандай кеп, бу алдаганы го, кой, жер кыдырып чалайын деген ой менен Суркоён атын минип жер чалып чыгат. Түн ичинде жол чалып жүргөн Күлчорого кокустан кабылып, Күлчоро тоодой болгон Толтойду кууп жетпей чала сайып калып куткарып жибергенин Семетейге чоң өкүнүч менен айтып келет. Жаралуу качып кутулган Толтой да Чынкожого Семетей баатырдын кууп чала сайып калганын айтып барат. Чынкожо сени кууган Семетей эмес, ал сайса соо каласыңбы, Күлчоро сайгандыр, ошол баладан качып келгениң кандай деп Толтойду шылдыңдайт. Колуна жар чакырып урушка камынат. Ошондо Толтой Чынкожого Семетей баатыр менен согушпай эле кайра кете берүүнү өтүнүп, бала кезинде атасын ээрчип барып өз көзү менен көргөн «Көкөтөйдүн ашы» жомогун айта баштайт. Семетейчи Д. айткан «Көкөтөйдүн ашы» эпизодунда да Көкөтөй карыя Ташкенди жердеген кан болуп, малы ар тарапка толгон чоң бай болот. Көкөтөйдүн эркек баласы болбой жүрүп талаадан таап алган баланы «катыным эркек тууду» деп тоюна токсон союп, атын Бокмурун койдурат.
Бокмуруну он эки жашка чыкканда Көкөтөй дүйнөдөн кайтат. Кары Көкөтөйдү асемдеп көмгөндөн кийинки жылдык ашын берер кеңеш аягына Манас баатырды чакырбай коёт. Жаш Айдардын ашка ал чакырышы эпосто кыскача берилип, көп жери айтылбай калат. Ашка кимди, кайсы элди, чакырганы башка версиялардай эле көрсөтүлгөн. Көпкөлөң Бокмурун жаш Айдарды кабарга жиберип, Коңурбай менен Жолойдон жардам сурайт. Ашта каадасалт, мелдештер, элдик оюн-зооктор өткөрүлөт. Чатактын түйүнү ат чабыштын байгесинен башталарда мусулман менен капырлар кеңешип байгени бөлүп алышат. Д-нын «Көкөтөйдүн ашы» эпизоду башка варианттардан ушул мотиви боюнча айырмаланып турат. «Көкөтөйдүн ашында өткөрүлгөн балбан күрөштө Каныкей тиккен кандагай шым кийип күрөшкө чыккан Кошой алп Жолой дөөнү жыгып байгени алат. Күрөшкө чыгар алдында кандагай шымды жактырган Кошой карыя Каныкейге берген батасында мен да бата кылгам. Ал бала азыр атасы Манасты тарткан баатыр болду деп уктум. Батадан бүткөн Семетей быйыл он беш жашка толду. Согушсак өлөбүз. Бирөөнүн баш байлап койгон жесирин не этебиз. Бөөдө элди кырып алабыз.
Алайдын башын алалы, Анжыян түшүп качалы. Анжыянда ооган бар Кызыл тору кыз кармап Атын Чүрөк коёлу Баягы Чүрөк ушу деп Мактанып элге коёлу (Кол жазмалар фондусу, 248-инв., 114-б.) деген Толтойдун сөзүнө Чынкожо макул болбойт. Чынкожонун каарынан корккон Толтой аргасыздан Семетей баатыр менен урушууга макул болот. Шыгайдын уулу Чынкожо канаттуу Кара аты менен көктө учуп, Семетейдин он булчуңун жара атып жарадар кылат. Айласы түгөнгөн Семетейдин Шыгайдын уулу Чынкожого атамдан калган Тайбуурулга алтын, күмүш артып барып алдына тартып, Аколпокту жапсакпы, кандын кызы Чүрөктү кан Толтойго тартсакпы деген сунушуна Күлчоро болбой коёт. Асманда аты менен учуп жүргөн Чынкожо каарданып Күлчоронун башын жара атарда адамдай эстүү Тайбуурул Аккаңкынын капталын окко тосуп калат. Аккелтенин акыркы огу менен Күлчоро баатыр Шыгайдын уулу Чынкожонун канаттуу Кара атынын оң мүрүсүн сындыра атат, жан соогалап жалынган Чынкожонун башын Семетей кыя чабат. Чынкожо баатырынан ажырап, согуш майданынан качкан Толтойду Күлчоро өлтүрүп, анын Суркоён тулпарын олжолоп алат. Күлчоро менен Канчоро олжого түшкөн Суркоёнду соогатка сурайт. Ошондо Семетей «Эки чоро эр чором, эрдигиң мага тең чором»—деп Күлчоро менен Канчорону ат чаптырып жарыштырат.
Олбуй-солбуй теминип, Оң-тетири камчы уруп, Эки чоро келатат, Көктелки менен Суртелки Далай буудан тазасы Аныгы Желкайыптын баласы Семетейге жеткенде Көктелкиден Суртелки Моюнга чыгып барды эми Манастын уулу Семетей Ийе тартып ал жерден Күлчоронун өзүнө Айланайын Күлчором Эрди сайган ат алат. Суркоёндой күлүктү Ийе тартып ал жерден Күлчоронун өзүнө Серпип бир салды чылбырды (Кол жазмалар фондусу, 249инв., 30—40-б.) Д-да Канчоронун тымызын кастыгы Семетей баатыр олжого түшкөн Толтойдун Суркоён тулпарынын Күлчорого берилишинен башталат. Чынкожо менен Толтой жеңилгенден кийин Акункан чоң той берип Айчүрөктү узатат. Семетей Айчүрөктү алып көп олжо менен Таласка келет. Бакай Каныкей, Айчүрөк келинине арнап чоң той берет. Эл тынчып жатып калат.
Р. Сарыпбеков
ДУҢША
— эпизоддук кейипкер, Коңурбайдын жөкөрү Курдун атасы, Бээжиндеги кытай төрөлөоүнүн бири:
Дуңша деген Бээжинде,
А да кыйла чоң төрө, анын уулу
Кур экен, Коңбай мында барганы
Кызматында туру экен
(Сагымбай Орозбаков, 2. 224).
ДУРСУН ЙЫЛДЫРЫМ
(1946, Ризе шаары, Түркия) — түрк окумуштуусу, «Манас» изилдөөчү. Анкарадагы Хажеттепе университетинин профессору. 1968-ж. Истамбул университетин бүтүргөн.
1975-ж. «Түрк адабиятында Векташ типтүү мыскылдар» деген темада илимий диссертация коргоп, докторлук даража алган. Бул эмгеги 1976-ж. өзүнчө китеп болуп жарыяланган. 1979-ж. «"Манас" дастаны жана Көкөтөй хандын жомогу» деген темада атайын илимий иш жазып, доценттик наам алган. Ошол эле жылы бул илим-изилдөөсү өзүнчө китеп болуп, Анкарадан жарык көргөн.
ДУУ-ДУУ
— кытай административдик мансабы. Д-д. эпоско 18—19-кылымдагы кыргыздар менен кытайлардын ортосундагы карым-катнаштарынын натыйжасында кирип калган. Д.-д. эпосто кээде кытайдын, кээде калмактын мансабы катары айтылганы менен негизинен Кытай империясындагы шаар губернатору маанисин билдирет. Буга орус сүрөтчүсү Н. Рерихтин 1925-ж. кытай аймагынан өтүп баратып үрүмчүлүк кыргыздардын Д.-д-ну Дуту деп айтарын жазып алганы далил болот.
ДУУЛАТ
— эпизоддук кейипкер. Каныкей Таласка жөнөрүндө Семетейге Манастын күмбөзүнө Д. кандын сүрөтүн да тарттырганын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 155).
ДУУЛАТ
дуглат, доглат — этноним, эпосто моңгол урууларынын бири. Тарыхый даректер боюнча Д-тар 13-кылымдан кийин негизинен Орто Азия Жети-Суу, айрыкча Чыгыш Түркстанга чейин көчүп келишкен. Алар бара-бара түрктөшүп, үрп-адаттарын, тилин жоготушкан. Д-тардын ири бөлүгү 15-кылымдан тартып Жети-Суу аймагында казак элине сиңип кеткен. Алардын эмирлери Тимур жана тимурийлерге кызмат өтөшкөн. Д. эмирлери Чыгыш Түркстандын Маңлай-Суй аттуу аймагын бийлеп келишкен. Алардын ири өкүлдөрү Моголстан мамлекетинин улус бектери болуп, өлкөнү бийлөөдө көрүнүктүү роль ойногон. Айрым Д. эмирлери өзүлөрүнө жакпаган Моголстан кандарын өз каалолору боюнча алмаштырганга чейин барган. Ал гана эмес эмир Камар ад-дин кан Ильяс кожону өлтүрүп, Моголстанды өзү башкарып турган Д. эмирлеринин бири Мухаммед Хайдар 16-кылымда «Рашидинин тарыхы» аттуу баалуу эмгекти парсы тилинде жазып калтырган. Ал Моголстан мамлекетинин тарыхына арналган. «Манас» эпосунда моңгол урууларынын бири Д-тар наймандар менен бирге Чоң казатка активдүү катышкан эл катары сүрөттөлөт.
Ө. Караев
ДУУШАҢГӨР
— эпизоддук кейипкер, Эсенкандын түп аталарынын бири. Манастын кабарын уккан Эсенкан эли менен кеңешкенде Д. падышанын тушунда да кытайлар кыргыздарды чаап, туш-тушка таратканын айтат (Сагымбай Орозбаков, 1. 174).
ДҮБҮРӨ КАН
— эпизоддук кейипкер, он бир Дуу-дуунун бири. Согушта Манастын колунан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 10).
ДҮЙШӨ Жанай уулу
(1887, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы —1983, ошол эле жер) — манасчы. Кыпчак уруусунан. Сабатсыз болгон. Д. элдик оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн арбын билген. Жамактатып ыр айтып, айылдагы келин-кесектерге кошок үйрөтүп, эл арасында айтылган диний ырларды, дарым, бата, ырым-жырымдарды үйрөнүп айтып жүргөн. Аны «Манас» эпосу өтө кызыктырып, манасчылардан берилип угуп, өзү да айта баштаган. Жаш кезинде Сагымбай Орозбак уулунун «Манас» айтканын көргөн. «Манас» айтып калуусун кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат (түшүнө Бакай, Кыргылчал, Сыргак кирген). Д. уктап калган учурда түшүндө бирөө үн салып Бакай келаткандыгын айтат. Аны караса ак чепкен кийген, бетинен каны тамган, ак сакал, ак жуумал киши экен. Анын артынан Кыргыл келет. Мойну бир колтук болгон, бети тегерек, муруту чыга элек сары багылдыр жигит экен, ал өтүп кетет.
Ошол түштөн кийин «Манас» айтып калган экен. Д. «Манастын төрөлүшү, балалык чагы, Алтайдан көчүшү», «Жети кандын кеңеши», «Айчүрөктүн түшү» сыяктуу эпизоддорду айткан (Кол жазмалар фондусу, 258-инв., 281-б.). «Көкөтөйдүн ашын» кара сөз менен кыскача жалпы окуянын мазмунун берген. Окуянын курулушу, айрым ситуациялык көрүнүштөр, мотивдик байланыштары боюнча Д-нүн варианты негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын. Д. «Манастын төрөлүшү» эпизодун башкы баатырдын төрөлүшүнөн баштап, Айкожодон аманатын алган жерине чейин айткан. «Жети кандын кеңеши» эпизодунда кандардын Манаска элчи жиберип анан кыргыз колунун Бээжинге аттанып жөнөп берген жерине чейин баяндалат. «Айчүрөктүн түшүндө» Айчүрөктүн Семетейдин чоролору Күлчоро менен Канчоронун келиши тууралуу көргөн түшүн жорутканына чейин айтылат. Д-дөн мындан тышкары элдик оозеки чыгармалардын башка үлгүлөрү да жазып алынган.
К. Кырбашев
ДҮМПҮЛДӨК
— кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. «Манас» эпосунда: «Сексен келин, сексен кыз Дүмпүлдөк ойноп даң салып» (Курама варианты, «Сейтек», 164),— деп айтылат. Д. оюнун илгери жаштар көбүнчө кечинде, малды короого айдап келгенден кийин ойношкон.
ДҮМҮР АЛП
— эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Бокмурун атасынын ашына «Дүмүр кулак Дүмүр алпты» да чакырат (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 77-б.).
ДҮҢГӨР ЭЭР
— кашы жазы ээр. Эпосто көпчүлүк баатырлар Д. э. токулган тулпар жана башкалар унааларды минип жүрүшөт. «Дүңгөр ээр кашы деп, Жүрөгүнүн башы деп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 241) деген саптар аркылуу Алмамбет Макел дөөнү мээлеп атмак болгону айтылат.
ДҮҢГҮРӨМӨ
— топоним. Алтайдан көчүп келаткан жолдо кыргыздардын калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошотконунда: «Акылым жаман шашты деп, Дүңгүрөмө көл жакка Түндө үркүп качтым» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576инв., 629-б.),— деп Килемче суңдуң мусулман аскерлеринен коркуп, Д-нү көздөй качат. Географиялык реалияда Кыргызстандын Тескей Ала-Тоосу менен Нарын кырка тоосундагы ашуу.
ДҮРБҮ
турнабай — алыскы нерселерди жакын кылып көрсөтүүчү оптикалык курал.
«Манас» эпосунда Д. жоокердик курал катары көрүнүктүү роль аткарат. Негизги каармандар Манас, Алмамбет, Бакай жана башкалар ар түрдүү кырдаалдарда Д. салышат: «Турнабай көзгө салыптыр Туйгунуң Манас бир кырдан, Аскерди карап калыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 4. 141); «Оң көзгө дүрбү салганы, Оолжуп карап калганы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 200); «Турнабайын алыптыр, Туйгун Бакай абаңыз, Оң көзүнө салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 4. 320). Эпостогу сүрөттөлүшүнө караганда Д. бир көз менен гана карай турган оптикалык түтүк экендигин байкоого болот:
Айнек оозу кызарган,
Алты имерип чойгондо,
Кылабына койгондо
Кез жарымдай узарган,
Тиктегенин өлтүргөн,
Алмамбет чындап караса,
Алты күндүк жолдорду
Аркан бою келтирген
(Сагымбай Орозбаков, 4. 200).
Д-нүн сүрөттөлүшү эпикалык апыртуулар менен коштолот. Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын Тал-Чокудан Д. салышы эпостун урунттуу учурларынан болуп саналат:
Муну менен эр Манас
Күн чыгыш жакка толгонуп,
Түздөп бурап дүрбүсүн
Карап калды оңдонуп,
(Саякбай Каралаев, 2. 100).
Манас Д. менен Бээжинди карап, таң калып, Бээжиндин жайын Алмамбеттен сурайт. Алмамбет төкпөй-чачпай баяндап берет.
А. Абилов, Ы. Кадыров
ДЫЙКАНБАЙ Тойчубек уулу
(1873, Түп району, Ой-Булак айылы —1923, ошол эле жер) — семетейчи. Көлдөгү белектин алдаяр уруусунан. Бир тууган иниси Алмабек Тойчубек уулунун эскерүүсүнө караганда атасы Тойчубек сыяктуу Д. да «Семетей» эпосун айтканы өтө жашынан билинген. Бирок, ал эпосту айтуу менен чектелбей, элдик ырларды чыгарган жамакчы-ырчы да болуптур. Бала ырчы аталып жүргөн кезинде бир дубана жолугуп, оозуна үч түкүрүп, кор болбо деп маңдайынан сылап, Манасты айтып жүр деп айткан экен. Дубана даарыганга чейин эле Д. эпосту айтып жүргөн. Д-дын жамакчылыгына Балыктын уулу Найманбай менен айтышы кирет. Мисалы, Д-га Найманбай:
Жай айтасың «Семетей»,
Кыш айтасың «Семетей»
Кийбейсиң бир башыңа
Алакандай бүтүн тебетей
(Кол жазмалар фондусу, 233инв., 49-б.)
десе:
Мен ырдайын бугудан
Аркы атамды сурасаң,
Атаң эмес, нар деген,
Алтын эмес зар деген
Мен белектин баласы,
Жашыман берди арбакты
Ырдап өттүм Семетей менен Манасты
(Кол жазмалар фондусу, 233-инв., 49-б.),
— деп кордошо турган болгондо эл тыйып коёт. Д. Солтонкул деген чоң байдын ашында жар чакырат. Ыры кордоо мүнөзүндө болгондуктан билермандары Д-дан мындан ары жар чакырып жаман айтуусун токтотуп, жомок гана айтуусун суранган. Мына ошондон баштап Д. жаман айтып ырдаганын койгон экен. Ал солто, сарбагыш, көл өрөөнүндө, Нарын, Ат-Башы жана башкалар жерлерге барып (Нарын-Көл, Жаргент) эпос айткан учуру болгон. Д. кытай жериндеги черик уруусуна барып, «Манас» айткан. Үркүндө да кытайга кыргыздарга барып, эпос айтып жүргөн. Д. чоң жомокчулардан Акылбек, Назар, Тыныбек, Сагымбай өңдүүлөргө жолуккан. Тыныбек «Дыйканбайдын алдына Семетейди айтууда ак калпактуу кыргыздан эч ким чыга албайт» (Кол жазмалар фондусу, 233-инв., 50-б.), — деп эскериптир.
С. Алиев
ДЫЙКАНОВ Карбоз
(1922, Жайыл району, Орто-Суу айылы) — тилчи, филология илимдеринин кандидаты (1955), профессор (1989). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1949-ж. Кыргыз мамлекеттик педогогика институтун бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын ИАда жана жогорку окуу жайларда эмгектенген. Д-дун илимий эмгектери кыргыз тилинин грамматикасы, тарыхы, морфологиясы, орфографиясы, фонетика жана лексикасы сыяктуу маселелерге арналган. Манас эпосуна арналган «Манас» эпосунун жиги алфавиттүү сөздүгү жана «"Манас» эпосунун жыштык сөздүгүн түзүү тажрыйбасы» деген эмгектери бар. ДЫҢША — топоним, эпостун варианттарында дуңша, дыңша, туңша, дуңшаң деген формаларда айтылып, негизинен эл жана жер (шаар, чөл.талаа маанисинде айтылат: «Беги качкан берен журт Бейпай Туңша деген журт» (Сагымбай Орозбаков, 4. 275), «Кытайлар Дыңша дээр экен, Кырк күнчүлүк чөл экен» (Саякбай Каралаев, 1, 11). «Качып кетер жолуна, Дыңша талаа боюна, Он эки чоро жиберген» (Саякбай Каралаев, 1. 210). Мында «дыңшаң» же «дуңшаң» термини менен Кытайдын Гансу провинциясында жашаган моңгол тилинде сүйлөгөн эл (дунсян) жана ошол эл жашаган реалдуу аймак аталат. Дагы бир учурда:
Чынмачынга, Бээжинге
Чын Каканга, Туңшага
Алоокенин Коңурбай
Улук болду мынчага
(Саякбай Каралаев, 1. 166),
— деп айтылат. ЕДИГЕ, к. Эдиге. ЕНИСЕЙ, к. Эне-Сай.

