АЛГЫ СӨЗ
Колуңузда турган энциклопедиянын көздөгөн максаты кыргыздын баатырдык эпосу «Манастын» өз-өз алдынча атайын бөлүмдөрдөн турган көркөм текстин, ошондой эле бул улуу эстеликтин кагаз бетине түшүрүлүш тарыхын, айтуучуларын, мазмунун, сюжетин, варианттарын, поэтикасын, мотивдерин, образдык түзүлүшүн, көркөм каражаттарын, топонимикасын, этностук аталыштарын, антропонимдерин, философиялык жана диний түшүнүктөрүнүн катмарларын, жалпы эле анын кыргыз элинин рухий турмушуна тийгизген таасирлеринин кеңири чөйрөсүн чечмелеп берүү, маңызын сыгып, ток этер жерин айтып түшүндүрүү болуп саналат.
Эпос боюнча түзүлгөн мындай энциклопедия республикада буга чейин болгон эмес, биринчи жолу кыргыз тилинде колго алынып жатат. Ушул себептен улам анда материалдарды толук камтуу, аларды илимий жагынан шөкөттөп түшүндүрүүдө айрым кемчиликтердин, мүчүлүштөрдүн кезигиши, эске алынбай же жеткиликтүү ачылбай калган терминдердин болушу мүмкүн. Мындай өзгөчө эмгекти жаратуудагы кыйынчылыктар биринчи кезекте эпостун сюжетинде этностук, топонимикалык, антропонимикалык терминдердин эбегейсиз ар түрдүүлүгү, каармандар галереясынын жана түркүн архаизмдердин чексиз арбындыгы менен байланышкан. Анын үстүнө макалаларды жазуу менен бирге, бир эле учурда изилдөө ишин да жүргүзүүгө туура келди деп айтууга да болот. Бул жагдай асыресе эпостун тарыхый-көркөм компоненттеринин али толук иликтөөгө алына электигинен улам болуп отурат. Мындай абал кээ бир макалалардын сапатына да таасир тийгизбей койгон жок.
Макалалардын авторлорунун адистик деңгээлинин ар түрдүүлүгү да энциклопедиянын жалпы мазмунуна таасирин тийгизди. Бул эмгекти даярдоодо Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын окумуштуу-адистери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, ошондой эле, албетте, Кыргыз Энциклопедиясынын кызматкерлери катышты. Ошентсе да мындагы иштердин негизги жүгүн Илимдер Академиясынын азыркы Адабият жана искусство институтунун «Манастаануу» бөлүмү көтөрдү десек болот. Андай болуунун жөнү да бар. Эпостун варианттарын жарыялоо, анын тарыхый-көркөм катмарларынын жаралышын жана поэтикасын изилдөө боюнча атайын адистердин мурунтан бери топтолгон тажрыйбалары энциклопедияны түзүү ишинде өзүнчө бир таяныч, негиз болду.
Бул энциклопедиядан фольклордук, тарыхтык, этнографиялык, философиялык, лингвистикалык багыттарда маалымат берген макалаларды, мындан башка да эпосту изилдөөчүлөргө, эпикалык образдарды музыкада, сахнада, полотнодо, скульптурада жараткан искусство ишмерлерине, ошондой эле тиги же бул даражада эпикалык мотивдер менен коштолгон элдин турмуш-тиричилигиндеги ар түркүн көрүнүштөргө арналган макалалардын бүтүндөй бир сериясы да орун алган. Бирок, кантсе да, энциклопедиянын мерчемдүү чордонун, албетте, кыргыз эпосунун ички мазмунун, образдык курулмасын ачып көрсөткөн макалалар түзөт. Энциклопедия окурманга эпостун сюжети, мотиви, каармандары, поэтикалык тутуму, эпикалык түркүн түстөр аркылуу сүрөттөлгөн байыркы жана орто кылымдардагы кыргыз коомунун тарыхы, идеологиясы, маданияты тууралуу түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк берет.

