«Манас» эпосунда баатырдык тема кеңири орун алган. Ногой уруусунан чыккан Манас өзүнүн жерин, өзүнүн уруусунун эркиндигин, теңдигин коргогон баатыр болгон. Кыргыз элинин эпосу калмак баскынчыларынын доорун башынан өткөрүп, андагы окуялар акырында келип сюжеттин өнүгүшүн, анын көркөм поэтикалык салтын трансформациялаган. Мындай трансформацияланыш эпостогу каармандарды сүрөттөөдө, айрыкча Манастын портреттик мүнөздөмөсүндө байыркы жана андан кийинки поэтикалык элементтер менен сиңишип, жуурулушуп кеткенинен айкын көрүнөт. Баатырдын мүнөзүн сүрөттөөдөгү анын каарданган учурунда түнөрүшү, эки көзү оттой жайнап, тиштерин качыратышы, бул эпостун көөнө белгилерине жатат. Ошондой эле баатырды такай коштоп жүргөн ар кандай жан-жаныбарлардын сүрөттөлүшүнөн да эпостун дагы бир катмарын айкын көрүүгө болот. Эпосто Манастын «жүзүндө жаман заары» бар, «көзүндө кара калы» бар, ошондуктан анын тике караганы аман калбаганы жөнүндө да айтылат. Мисалы, Манас үзүлүп баратып, кокусунан Көкбөрүнүн уулу Коёнаалыга көзүнүн сугу түшүп, өзү менен кошо «о дүйнөгө» ала кетет. Демек, Манастын карапайым адамга окшобогону, туталануусу, көзүнүн кара калы, жүзүнүн заары бар экендиги жана башка жекече мүнөздүк өзгөчөлүгү мифтик кудайлардын образына жакындашат.

Эпостун баштапкы версияларында кыргыз баатыры кадыресе адамдардай күлгөндү да билген эмес, ал өзүнүн түнөрүнкү кебетеси, чалкар турпаты менен адамдарда бир эле учурда коркуу жана жалтануу сезимдерин козгогон. Ошондой эле Манастын образы калыптануунун эң байыркы баскычтарын түгөл басып өтүү менен бирге, улам кийинчерээк андагы мифологиялык катмарлар жаңы поэтикалык формулалар менен алмашылып, катмарланып турган. Натыйжада эпостун тексти татаал салыштыруулар менен толукталган, күчөтүлгөн. Эпостун стили жөн эле татаалданган формага ээ болуу менен чектелбейт, ал эволюциялык узак өнүгүүнү басып өтүү менен бирге, өзүнүн мазмундук субстанциясы боюнча жалпы ааламдык мейкиндик даражага көтөрүлө баштайт. Манасты түздөн-түз айга окшоштуруу менен бирге, анын келбети «асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй», «ай алдында дайранын толкунунан бүткөндөй», «алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн бүткөндөй» деген сыяктуу кеңири салыштыруулар менен берилет. Акыры Манастын образын мүнөздөөдө өзүнчө бир өзгөчөлүү эстетикалык реалдуулук жаралат. Аны күн, ай, теңир жана жер менен салыштыруу — бул аң-сезимдүү алдын ала максатталган көркөмдүк курулма. Ушунун өзүнөн эпостун эволюциялык өнүгүшүндө адамды айбан сымал (зооморфтук) кебете-кешпиринде сүрөттөө улам басаңдап баратканы көрүнөт. Адамдардын образы баштапкы зооморфтук образдардан акырындап айырмаланып бөлүнүп, субъективдүү поэтикалык образ кеңири орун ала баштайт. Мындай субъективдүүлүк өзгөчө Алмамбеттин образын сүрөттөөдө да көрүнүп турат. Алмамбеттин тагдыры, анын мекенинен ажыраган кайгылуу арман монологу — эпостун көркөм образдык татаалдашынын белгиси. Анын образы эпикалык процессте көп маанилүү мотивдер менен улам тереңделип отурат. Эгерде баштапкы көөнө катмарында анын образы магиялык образга жакындашып, үндөшүп сыйкырдуу ташты (жай ташты) сууга салып күндү жаадырса, анын образы кийинки катмарларында турмуштагыдай реалдуулукка өтө баштайт. Алмамбеттин арманы — бул эпостун трагедиялык мотивдеринин эң бийик көркөмдүк көрүнүшү. Алмамбеттин Көкчө менен болгон чатагында баатырдын ички драмасын ачып бере турган таң каларлыктай бийик деңгээлдеги психологиялык мотив жатат. Чоң казаттагы чалгын окуясында ичи күйгөн Чубак Алмамбетти «эли жок элкин кул» деп кемсинтет. Ошондо Алмамбет «калкынан азган кор экен, элдүүнүн баары эр экен» деген ички күйүтүн Манас баатырга айтат. Ушунун өзүнөн эле эл-жеринен кетип, кыргыз элине кызмат кылуу ага канчалык кайгыга, кыйындыкка турганын көрүүгө болот. Алмамбеттин драмалуу образынын көп жактуу берилиши, ошондой эле каармандын психологиялык мүнөздөмөсүнүн тереңделиши өзүнүн өнүгүшүнүн кийинки этабында бышып жетилип, эпикалык сюжеттин чыңдалышына негизги өбөлгөлөрдү түзөт. Жыйынтыктап айтканда, эпостун бардык каармандары, элдин дүйнөгө болгон көз карашынын өзгөрүшүнө жараша, ушул эволюциялык көз караштарды да камтып, башкача айтканда эпостун кайсы гана каарманы болбосун табигый түрдө, кандайдыр бир деңгээлде, көркөмдүк системанын байыркы катмарынан баштап, трансформацияланып өзгөрүшүнө чейинки узак жолду чагылтат.

Мындай жолду басып өтүп, өзүнө шамандык белгилерди сиңирген, ошондой эле психологиялык чыңалуу деңгээлине чейин стадиялык түрдө өнүккөн образ — Каныкейдин да образы.