«Манас» — муундан муунга, кылымдан кылымга стадиялуу өнүккөн эпос. Ал элдик таланттар — манасчылардын улам жаңы муундарынын чыгармачылыгы, күч-аракети менен өзүнө тарыхый жаңы окуяларды, жаңы кейипкерлерди сиңирип, сюжет курулушу улам татаалдашып олтуруп, зор эпопеяга өсүп жеткен. Шарттуу түрдө айтканда, азыркы эпопея кыргыз элинин миң жылдык баатырдык тарыхынын көркөм чагылдырылышынын натыйжасы.

«Манас» эпосу элдик оозеки чыгармачылыктын дүйнөлүк казынасында өзүнчө өзгөчө орунга ээ. «Манас» боюнча энциклопедиянын жарыкка чыгышына байланыштуу анын байыркы текстин комплекстүү усулдун аспектисинде изилдөөнүн жаңы этабы башталды дешке негиз бар. Канткенде да манастаануу илими бүгүнкү күнгө чейин ар түрдүү саясатташкан чектөөлөрдүн негизинде психологиялык тосмого өтө тыгыз байланып келди; эми ал тосмодон чечкиндүү өтүү кыргыз эпосуна тарыхый-эстетикалык феномен катары көп тараптуу баа берүүнүн жаңы тилкесин, жаңы баскычын ачууга тийиш.

«Манас» эпосу баатырдык баяндын өнүккөн классикалык түрүнө жатат. Бирок, бул анын өтө байыркы катмарларында мамлекетке чейинки, башкача айтканда эң алгачкы уруулук коомдун көөнө сөз өнөрү жатканын четке какпайт. «Манас» биздин күндөргө жеткен көп катмарлуу поэтикалык көрүнүш, анын салттуу тексти өзүнүн жашоо процессинде көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болгону талашсыз. Байыркы замандын бул оригиналдуу эстелигинин оозеки түрдө жашап келүүсүнүн өзү эле анын текстинин өзгөрмөлүүлүгүн, варианттуулугун алдын ала шарттаган. Ошого карабастан, эпос айрым сюжеттик сызыктардын, образдардын байыркы поэтикалык формулаларынын таң каларлык туруктуулугун аныктаган экинчи бир өзгөчөлүккө да ээ. Мындай өзгөчө касиет белгилүү даражада эпикалык дүйнөнүн алгачкы көрүнүшүн калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. «Манаста» бутпарас дининин бир кыйла издери, ар түрдүү нерселердин магиялык кудуретине, сөздүн магиялык касиетине ишенүү сакталган.

Эпосто магиялык сыйкыр аркылуу жортуулдун эмне менен аяктарын алдын ала айткан далычы жөнүндө кабар берилет. Койдун далысы менен бал ачуу — жаныбарлар сөөгүнүн укмуштуу магиялык кудуретине ишенүүнүн байыркы жаңырыгы болуп саналат. Төлгөчү Кара Төлөк, далы көрүүчү Агыдай деген чоролор дайыма Манасты жандап жүрүшөт, анын буйругу боюнча төлгө салып, далы карап келечекте эмне болорун дароо айтып беришет. Ошондой эле эпосто табиятка сыйынуу жана атайын тандалмалуу адамдардын жаратылыш кубулуштарына таасир тийгизгени ачык көрүнөт. Айталык, Манастын башкы чоросу Алмамбет Чоң казатка барганда жай ташын дубалап сууга салып, жай күнүн кыш кылып, бороон-чапкын жасап, күркүрөп кирип жаткан Уркун дарыясын тартылтып, Бээжинге бараткан колду дарыядан аман-эсен өткөрөт. Адамдын жаратылыш менен байланышы жөнүндөгү байыркы мифологиялык мотивдердин «Манас» эпосунда сакталышы ар кыл. Эпосто кепшөөчү жапайы жаныбарлардын кереметтүү колдоочусу Кайыпка (көбүнчө алты айры мүйүздүү бугу түрүндө элестетилет) да өзгөчө назар салынат.

Кыргыз эпосунун катмарында эң байыркы ишенимдин калдыгы — энелик доордун культу (мисалы, жаш балдарды кырсыктан коргоочу Умай эне) ачык байкалат. Эпосто Умай эненин катышы Манастын төрөлүшүндө берилип, баатырдын жарык дүйнөгө келиши үчүн анын аракети таасын сүрөттөлгөн. Бул Умай эне жөнүндө байыркы түрктөрдүн эстеликтеринде бир нече жолу эскерилет. Мисалы, Тону Көктүн урматына коюлган эстеликте мындайча баяндалат: «Теңири, Умай, ыйык Жер-Суу жеңиш берди, неге качабыз» (Орхон-Енисей тексттери, Фр., 1982, 98-6.).

«Манас» эпосунун көптөгөн мотивдери, образдары байыркы түрктөрдүн доорунда калыптанып түптөнгөн жана ошол алыскы мезгилдеги ишенимдер, үрп-адат, салт-санаа менен генетикалык байланышы бар деп болжолдоого болот. «Манас» эпосундагы ушул сыяктуу байыркы мифологиялык рудименттер кийинки тарыхый окуялардын калың катмарынын алдына бекем бастырылып калганын айта кетүү керек.