АЛГЫ СӨЗ
Найзанын учу жылтылдап,
Аскердин башы кылкылдап,
Жер союлуп былкылдап,
Көргөндө жүрөк болкулдап,
Көк найзалар солкулдап... (Сагымбай Орозбаков, 4. 160).
Бул мисалдагы уйкаштык курулган этиш сөздөр (жылтылдап, кылкылдап, былкылдап, болкулдап, солкулдап) кайра эч кайталанбастан, ар бир сөз өз алдынча мааниге ээ болуу менен калың колдун кыймыл-аракетин айкын көрсөтүп жатат.
Оозеки сүйлөө речинин уйкаштыгы, өзгөчө «Манас» эпосунда, өз алдынчалык, бөтөнчөлүк мааниге ээ, анткени уйкаштык эпостун речитативине, ошондой эле оозеки айтуу өнөрүнө баш ийдирилген. Уйкашкан сөздөр биринен экинчисине өтүп, куюлушуп, бүткөн бир ойдун речитативдик паузасын жыйынтыктайт. Капысынан кирип келген кыргыз колун күтпөгөн душмандын ал-абалын сүрөттөгөн «элейип, селейип, далдайып, шалдайып, умпайып, сумсайып» деген бир типтүү этиштик уйкаштыктар ошол учурду мерчемине жеткире бере алган. Бул учурда оозеки сүйлөө речи бир типтүү этиш сөздөрдүн бардык варианттарын жана ар кыл маанилерин кеңири пайдаланган. Эпикалык ыр негизинен аллитерациянын, уйкаштыктын жана синтаксистик параллелизмдин жардамы аркылуу курулат. Эпикалык ырда саптардагы салттык 7 — 8 муундун айрым учурда бузулушу боло турган көрүнүш. Анткени эпикалык ырга редиф, анафора, рефрен сыяктуу кыстырынды сөздөр кирип кеткенине байланыштуу, муун санактары өзгөрүүгө учурашы ыктымал. Мындай учурлар окуянын өөрчүшүндө манасчынын эмоцияга берилишине, эргүү экстазына жараша болот. Ошентип, аллитерация менен уйкаштык эпикалык ырда жетектөөчүлүк милдетти аткарат. Аллитерация өзүнүн байыркылыгы менен да айырмаланып турат. Сан жактан башка топтордун бир кыйласынан чамалуу экенине карабастан, маңызы жана даярдалышынын татаалдыгы жагынан өзгөчө орунда турган эпостун поэтикасына байланыштуу макалалар да энциклопедиядагы маанилүү орундардын бирин ээлеп, «Манасты» терең билүүгө далалаттангандар үчүн нары пайдалуу, нары зор кызыгуу туудурары күмөнсүз.
Мезгил нарылаган сайын улуу муундар менен урпактардын ортосундагы байланышты сактоодо манасчылардын ролу өтө зор. Манасчылар өз учурундагы көчмөн турмушта жашаган кыргыз элинин акыл эстүү көркөм казнасы болуп эсептелет. Алар ошондой эле эл тарыхынан кабар берген, тарыхый маалыматты сактаган өз алдынча жандуу жазманын милдетин да аткарып келген. Эпикалык ырчы элдик эпосту сактоочу жана аткаруучу, ошол эле мезгилде ал поэтикалык салтты, эпостун бир бүтүн стилин жаратуучу да болуп саналат. Сезимтал, көркөм дүйнөнү тааный билген эл «Манасты» айтуучуга салттан четтеп кетүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес, тескерисинче, манасчынын эпикалык салттын нугуна ылайыктуу кошкон кошумчаларын кубаттап, аны баалай билген. Манасчы чыгарманы айтуу учурунда эпоско алымча кошумчаларды киргизүү аркылуу аны чыгармачылык менен өнүктүрүп, жаңыртып турган. Ар бир таланттуу айтылган эпикалык чыгарма манасчынын чыгармачылык зор эмгеги катары эсептелген. Ал эми оозеки айтылып келген эпос жазма түрүнө өткөндө башка сапаттык касиеттер менен жашай баштайт, оозеки айтылып келген жаратылышынан, жеке өзүнө гана таандык эпикалык дүйнөсүнөн, башкача айтканда кылымдар бою нечен муундар иштеп чыккан өзүнчөлүккө ээ болгон оозеки айтуу өнөрүнөн (речитация), кыймыл жана жаңдоо чеберчилигинен, ошондой эле угуучу аудиториядан ажырап, жандуу эпикалык табиятын жогото баштайт.
«Манас» эпосу азыркы биздин доорго Ырчыуул, Жайсаң сыяктуу байыркы манасчылардын ысымын калтырды. Ырчыуул Манастын кырк чоросунун бири болуп, кандуу жортуулдарда бирге жүрүп, ошол баатырдык жүрүштөрдү даңазалап ырдап келген. Эпосто Ырчыуул «Ырамандын Ырчыуул, ычкыры бапик кырк муун» деп өзгөчө сүрөттөлөт. Ошондой эле ырчы Жайсаң жөнүндө «жалаң үйдүн борумун, жарым күнү ырдаган» деп берилет. Тилекке каршы, революцияга чейинки манасчылардын ысымдары элдик уламыштарда, аңыз сөздөрдө гана сакталып, алар жөнүндө толук маалымат болбогондуктан, алардын чыгармачылык таржымалын толугу менен жазып берүү мүмкүнчүлүгү болгон жок. Бирок эки доордун (19—20-к.) чегинде жашап өткөн улуу манасчылардын ысымдары биздин заманга чейин сакталып, айтылып келди. Өткөн жүз жылдык заманда Келдибек, Акылбек, Назар, Тыныбек, Балык, Дыйканбай, Суранчы, Чоңбаш, Телтай, Калмырза, Доңузбай, Жандаке, Чоодан жана башка чыгаан манасчылардын каада-салттык наркын, көөнөрбөс мурасын совет доорунда жашап өткөн жана жашап жаткан Чоюке, Шапак, Тоголок Молдо, Багыш, Молдобасан, Мамбет, Сагымбай, Саякбай, Шаабай, Кааба сыяктуу манасчылар улантышты.

