Жеке кыргыздарга таандык башка жомоктор гана эмес, жалпы эле дүйнө элдеринин көптөгөн белгилүү жомокторунун ичинде да «Манас» эпосу — этнонимдерге өзгөчө бай чыгармалардын бири. Анда шибе, манжу, бурут, аз, дөөлөс жана башка сыяктуу көөнө маңыздагы этнонимдер менен катар салыштырмалуу алып караганда кийинки тарыхый учурларга тиешелүү болгон кытай, ойрот, калмак, тыргоот, өзбек, казак жана башка көптөгөн эл, уруу аттары эскерилет, алар жөнүндө сөз болот. Ошол «Манастагы» жолуккан этнонимдердин ар бири колдон келишинче тарыхый ыкка негизделген талкуу, түшүндүрмөлөр менен сыпатталып, өз-өзүнчө, макалаларда берилди. Ал макалалардын көлөмү ар кыл. Анткени кыргыздардын эпикалык душмандары аталган калмак, кара кытай жана башка мурдатан элибиз менен карым-катнашта болуп, кээде жоолашып, кээде жай алакалашып жүргөн белгилүү элдер жөнүндө алда канча кеңири мүнөздөгү маалыматтар берилсе, аталышы гана эскерилген же мифтик-эпикалык этнонимдик түшүнүктөр бир шилтем түрүндө кыска баяндалды. Албетте, эпосто аталган ушунчалык көп топоним, этнонимдердин ар биринин ажытын ачып, так түшүндүрмөлөр берүү, кыргыз тарыхын изилдөөнүн бүгүнкү деңгээлинде өзгөчө татаал, кайсы бир жактары боюнча так жана ачык ой айтуу кыйын экени жалпыга маалым. Ошон үчүн даярдалган макалалар көлөмү эле эмес, деңгээли жактан да бир кылка болбошу абзел. Ошондой болсо да азыр эпостун эбегейсиз зор көлөмдүү мазмунунда камтылган ар бир этноним, топонимдерди толук түрүндө тиешелүү сөзгө алуу максаты көрүлдү. Мындай аракет «Манас» энциклопедиясын даярдоодо колдон келишинче эпостун ички көркөмдүк өзгөчөлүгүн кеңири ачуу аракети менен да тыгыз шартташкан.

«Манас» энциклопедиясы тарыхый жана фольклордук терминдердин, түшүнүктөрдүн сөздүгү гана катары кабыл алынуучу китеп эмес. Ошон үчүн бул эмгекте «Манастын» эл турмушунун көркөм энциклопедиясы экендигинин айгине күбөлөрүнөн боло турган бай маалыматтардын өзүнчө чоң тобун түзө турган этнографиялык маңыздагы түшүнүктөрдү чечмелөөгө да кеңири орун берилди. Элдин эпосто чагылдырылган материалдык маданияты, үй-бүлө мамилелери, салт жөрөлгөлөрү, диний түшүнүктөрү жана башка жөнүндөгү бай маалыматтардын өткөндү билип-таанууда, элибиз басып өткөн тарыхый жол, учурлардан кабар алууда мааниси чоң.

Айрыкча үгүт-насыят жаатында Орхон-Эне-Сай жазуу эстеликтери менен айрым жалпылыктары байкалган эпостун поэтикасы да өзүнчө сөз кылууга татыктуу. Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтөйдүн ашындагы» Көкөтөйдүн керээзи Күл-Тегиндин керээзинин эркин көчүрмөсү сыяктуу. Көкөтөй өлөрүндө баласы менен элине керээз калтырат. Көкөтөй карыя Билге-Каган сыяктуу эле өлүм алдында өзүнүн «журтун» биримдикке чакырып, «тентектин баарысын таратпай, кураманын баарысын эл-элине таратпай, Оо аман боло көр юрт» деп кайрылат. Ушундай акыл-насаат, жакшы каалоо мотивдери байыркы түрк эстеликтеринде да учурайт. Рун жазуулары менен «Манас» эпосундагы айрым сюжеттик-стилистикалык типтештиктер, бул жазуулардагы көркөм сөз каражаттары мурда эле кеңири тараган оозеки поэтикалык маданиятка негизделгенин далилдейт. Рун жазууларынан мурда эле түрк тилиндеги элдердин арасында оозеки чыгармаларында, эстеликтерде эпитафиялык рун жазууларынын алгачкы өбөлгөлөрү жашаганы көрүнөт. Орхон-Эне-Сай эстеликтеринде мүнөздүү болуп, ар дайым жолуккан ыргактык-синтаксистик параллелизмдер менен поэтикалык кайталоолор эпостун байыркы көркөм каражаттарынан болуп эсептелет да, аз эле саптарга чоң-чоң ойлор сыйдырылып, маанилик кайталоонун ырааты макал-ылакаптардын структурасына окшоштурулуп, натыйжада ар бир турмуштук жагдай элдик акылмандыктын үлгүлөрүндө жалпылаштырылат.