АЛГЫ СӨЗ
Энциклопедиянын сөздүгүн түзүү, терминдерди бир иретке келтирип, системага салуу да аябагандай зор ишти талап кылды. Мүмкүн болушунча маанилүү терминдер иргелип алынып, анча кызыкчылык туудурбаган айрым түшүнүктөр энциклопедияга киргизилген жок. Көптөгөн убаракерчиликтин натыйжасында макалалардын алфавиттик тартипте жайгашкан энциклопедиялык типтүү схемасы түзүлдү. Алар: «Манас» эпосунун идеялык-көркөмдүк мазмуну, эпосту жыйноонун, жазып алуунун, бастырып чыгаруунун тарыхы, «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтигинин генеалогиялык циклдешүү туруму, эпостун варианттары, манасчылардын айтуучулук өнөрү, эпосту изилдөө маселелери, эпостун дүйнө элдеринин тилдерине которулушу, элдин рухий турмушунда эпостун ролу, эпос жана тарых жана башкалар.
Ар бир схема-тема боюнча макалалар кандай планда жазылып, эмнелерди камтышы керек экендиги жөнүндө атайын проспекти иштелип чыкты. Маселен, эпостогу образдарды кандайча изилдөө, активдүү жана пассивдүү каармандарга канча көлөм берүү же ар түркүн этнонимдерди, топонимдерди кандай планда берүү керектиги.
Тийиштүү схемада берилген Түшүнүктөр дефиниция боюнча белгилүү даражада иштелип чыкты десек болот; ушундан улам «Манас» энциклопедиясынын план-проспектисинин принциптерин иштеп чыгуу, макалаларды жазуу, редакторлоо иштери энциклопедияны түзүүчүлөр, илимий редакторлор үчүн өзүнчө эле мектеп болду.
Булар канчалык түйшүктүү болсо да мүмкүнчүлүккө жараша энциклопедияны түзүү иши жүзөгө ашырылды. Муну менен кыргыз элинин, кыргыз маданиятынын байыркы рухий мурасы болгон миллион ыр сабынан турган «Манас» эпосу туурасындагы улуттук биринчи энциклопедия окурмандарга сунуш кылынып отурат.
Кыргыз элинин укмуштуу эпосу «Манас» — чексиз кайраттуулукту, жоокерлик ар-намысты, Ата Журтту терең сүйүүнү даңктаган чыгарма. Нечен кылымдарды камтыган кары тарыхында кыргыздар өздөрүнүн көз карандысыздыгы, эркиндиги үчүн баатырдык күрөш жүргүзүп келген. Душманга көжөлө каршылык көрсөткөн элдин кебелгис күчү, кажыбас кайраттуулук жана чексиз каармандык кыргыз элин таптакыр жок болуп кетүүдөн сактап калган. Мына ушундан улам каармандыкты, эрдикти даңазалоо кыргыз поэзиясынын түбөлүк темасына айланган, улуу эпостун жаралышына негиздүү өбөлгө түзгөн.
Эпос боюнча ар кыл жылдары жарык керген китептер. «Манас» эпосу — кыргыз элинин тарыхын гана эмес, анын турмушунун, жашоо-тиричилигинин түрдүү жагын: этникалык курамын, чарбасын, күндөлүк тиричилигин, салт-санаасын, адеп-ахлагын, эстетикалык табиятын, жүрүм-турумунун жол-жобосун, адамдык оң-терс сапаттар жөнүндөгү бааларын, айлана-чөйрөгө, жаратылышка карата мамилесин, көз карашын, диндик түшүнүгүн, астрономиялык, географиялык жана башка билимдерин, элдик поэтикасын жана тилин кеңири арымда чагылдырган нукура эпикалык чыгарма. «Манаста» баяндалган окуялар эң биринчи иретте кыргыз элинин тарыхынын байыркы доорун сүрөттөйт. Эң алды менен байыркы коомдук түзүлүштүн, аскердик демократиянын кээ бир мүнөздүү белгилери (согуш олжолорун бөлүштүрүүдө аскердеги ар бир жоокердин тең укуктуулугу, жетекчини шайлоо жолу менен тандоо жана башкалар.), эпостун окуялары болуп өткөн жер-суулардын аталыштары, эл, уруу жана кейипкерлердин энчилүү аттары жана башка түшүнүктөр байыркылык мүнөзгө ээ. Эпостун байыркылыгын «Мажму ат-таварихте» камтылган тарыхый кабарлар да таасын ырастайт.

