Алтай духтарынын шамандык арбоолорунда төмөнкүдөй туруктуу формулалар сакталган: узуlганiн улап jадары кандi? (Жыртылганы уланар бекен?) (А. В. Анохин. Материалы по шаманству у алтайцев. Л., 1924, 72-6.). Бул туруктуу формуланын бир азыраак өзгөргөн түрү кыргыз эпосунда да жолугат. Манастын аялы уз, чебер Каныкейге карата айтылган «үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган» деген стилистикалык формула бардык варианттарда кезигет. «Манаста» Каныкейдин образына мүнөздөмө берүүдө бул формула магиялык функциясынан ажырап, поэтикалык стереотип катары колдонулат, муну байыркы уруу түзүлүшүнүн калдыктары деп ойлоого болот. Ошондуктан Каныкейдин алгачкы учурда калыптанган образы болгондо да шамандык ритуалдарды колдоно билген акылман, даанышман эненин ролун аткарат.

Алтайлыктардын «Барчын-Бөкө» эпосунда баатыр Кан-Көкөлөңгө багытталган төмөнкүдөй формула бар:

Олгондорин тиргисти,
Очкондорин камысти...
(Н. Баскаков. Диалект черневых татар (Тува-Кижи) эпос «Барчын-Бөкө». М., 1965, 337-6.).

Кыргыз эпосунда «өчкөн отун тамызып, өлгөн жанды тиргизип» деген туруктуу формула даанышман Каныкейге карата да айтылып жүрөт. Мында көрүнгөндөй кеңири жайылган байыркы поэтикалык модель акырындап жаңы мотивдер менен толуктала берген.

Эпостогу психологизм бир далай кийинчерээк калыптанган көрүнүш. Алсак, Алмамбеттин, Манастын, Каныкейдин классикалык формадагы армандарынын жаралышы, бул элдин ата-журт жөнүндөгү улуттук аң-сезими уруулук чектен чыгып, жалпы кыргыз эли деген деңгээлге көтөрүлгөн мезгилге туура келет десек болот.

«Манастагы» Жолой алп өзүнүн байыркы мифологиялык калдыктарына караганда бир топ байыркы образ, бирок тарыхый катмарлануунун натыйжасында бул образ дагы эски белгилерин сактоо менен бирге жаңы сапаттарга ээ болуп, жаңы милдеттерди аткарып калган. Эң алгач жазылып алынган Ч. Валихановдун материалында Жолой адамдарды жей турган кадимки эле жомоктогу дөө катары мүнөздөлөт:

Алтымыш жылы жөө басып
Тер жыттанган бөрүк,
Алтымыш эрди (бир) жутуп
Кан жыттанган бөрүк...

Кийинки варианттарда, атап айтканда, Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда «алтымыш жылы жөө басып, тер жыттанган бүрүк» туруктуу салтка айланган «Алты батман буудай жеп, дан жыттанган чоң Жолой, алтымыш алпты бир союп, кан жыттанган чоң Жолой» деген саптар менен алмашылган. Жолой эми эпосто кыргыздардын конкреттүү душманы — калмактар тарабында кармашат. Жолойдун апыртылган образы бара-бара жаңыча түскө ээ болуп, дааналана берет. Буга караганда акыры Манасты өлтүргөн калмак баатыры Коңурбайдын образы өзгөрүүгө анча учурабаган сыяктуу. В. М. Жирмунский: «Коңурбай деген ат тарыхый булактарда эскертилген, калмактын XVI кылымдын экинчи жарымында жашаган көрүнүктүү жол башчысы Хан-нойон — Хонгор дегенден алынган болушу ыктымал» (В. М. Жирмунский. Введение в изучение эпоса «Манас». Фр., 1948, 64 — 65-6.), деп эсептейт. Бул тарыхый адам менен эпикалык каармандын хронологиялык тартипте дал келүүсү эмес, кеп ошол образ эпостун көркөм мыйзамына ылайыкташтырылып кайрадан жаратылып чыккандыгында. Муундардын эсинде тарыхый прототиптин ысмы гана сакталышы мүмкүн, а эпикалык каарман болсо бул жаңы көрүнүш, ал эпикалык сюжеттин мыйзам ченемине ылайык өзүнүн өзгөчө жашоосун улантат:

Алоокенин Коңурбай
Арзан эмес, бир далай...
Жан казандай башы бар,
Жаткан иттей кашы бар...
Кебез өтүк чоң байпак,
Кечилдин каны чоң калмак
(ММ, Кол жазмалар фондусу, 1061-инв.).

Бул саптар Коңурбайдын өтө акылдуу, айлакер душман экенин атайлап баса көрсөтөт. Бардык дээрлик вариантта Коңурбайдын образы абдан жеткиликтүү иштелген. Анын күчү, эрдиги, баатырдык сыны ар качан эпикалык арымда сүрөттөлөт. «Капырдыгы болбосо, жылдызы жарык, оң экен» деп, ал турсун айрым убакта айтуучулар Коңурбайдын калмак баатыры болуп калганына өкүнгөнсүйт. Коңурбай — көөнө катмарлардын эпикалык подтекстинен сырткары турган сейрек каармандардын бири. Бул образ бардык варианттарда бирдей туруктуу сүрөттөлөт, түшүнүксүз чечмелөөлөр жок катары. Мына ушунун баары Коңурбайдын образынын кийинки доордун туундусу экендигин бекемдейт. Бардык айтуучуларда Коңурбайдын баатырдыгын белгилеген бир касиет — «найзакердин ыктуусу» катарында, ал эми кийим-кечеси «кебез белбоо, кең өтүк» деген туруктуу поэтикалык саптар аркылуу сүрөттөлөт. «Канаты бар кара аты, Алоокенин Коңурбай» делип, анын образы канаттуу тулпары Алгаранын образы менен да тыгыз байланышкан. Коңурбайдын образын сүрөттөөдө орун алган бир көөнө элемент ушул дешке болот. «Манастын» басып өткөн өнүгүш баскычтарын мүнөздөө максатында биз бул жерде кээ бир маанилүү каармандарга гана токтолдук.