«Манас» эпосундагы кыргыз элинин көптөгөн кылымдар бою иштеп чыккан жалпы салттык көрүнүштөргө айланып кеткен оң-терс, жакшы-жаман жөнүндөгү көз караш-түшүнүктөрүнүн көбү чыгармадагы катышкан каармандардын образдары аркылуу чагылдырылган. «Манастын» өзгөчө зор көлөмүнө жараша андагы баяндалган окуяларга катышкан каармандар да өтө арбын. Анын үстүнө алар окуялардагы орду, аткарган милдеттери боюнча да ар түркүн. Ал гана турмак эл турмушунун кайсы тарыхый учуруна, эл башынан өткөн кайсы окуяга тиешеси бар экенине жараша «Манастын» каармандары да көп катмарлуу, ошондой эле ар түркүн топторго бөлүнөт. Ошондуктан энциклопедияда бир кыйла көлөмдүү орун чыгармадагы каармандардын мүнөздөмөлөрүнө ыйгарылган. Окуяларга көп катышып, алардын жүрүшүндө, өнүгүшүндө активдүү роль ойногон Манас, Бакай, Кошой, Алмамбет, Семетей, Сейтек, Каныкей, Айчүрөк, Коңурбай, Жолой жана башка башкы каармандардын ар бирин сыпаттаган көлөмдүү макалалар менен бирге эле окуяларда аты гана эскерилген же бир гана эпизоддо катышкан кейипкерлерге берилген чакан шилтеме маалыматтарга чейинки материалдар аркылуу окурмандар «Манас» үчилтигинде катышкан, сөз болгон, аты эскерилген ар бир кейипкер — каарман жөнүндө кабар алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Адамдар менен катар кыргыз эпосунда тулпарларга да не бир кайталангыс поэтикалык сонун саптар арналат, эпикалык аттар ар качан зор сүймөнчүлүк менен даңазалуу сүрөттөлөт. Ар бир ат — кыймыл-аракеттүү, ачык, даана образ. Аттын сын-сыпаты, учкаяктыгын, чыдамдуулугун көркөм сүрөттөө — кыргыз эпосундагы кеңири тараган сүйүктүү ыкмалардын бири. Манас жана анын тулпары
Аккула эпосто ажырагыс бир бүтүн образды түзүп турат, бир да согуш, бир да жеңиш тулпарсыз өтпөйт; жакшы ат — жеңиштин бирденбир көмөкчүсү. Мына ошондуктан Көкөтөйдүн ашындагы Мааникер тулпар үчүн болгон чыр чоң кагылышка өтүп кете жаздайт. Эпостогу ар бир тулпар өзүнө гана таандык касиет, сын-сыпат менен мүнөздөлөт: Көкчөнүн Көкала тулпары кең соорулуу, жайык төш, Мааникер өзгөчө чыдамкай, Аккула ат чабышта астына ат чыгарбайт. Ар бир тулпардын өзүнө коюлган менчик аты бар: Алмамбеттики — Сарала, Жолойдуку — Ачбуудан, Коңурбайдыкы — Алгара, Кошойдуку — Керкабылан жана башка Көчмөн элдердин эпосторунда аттардын өзү эле эмес, жарак-жабдыгына, ээр-токумуна дейре зор ынтаа менен сүрөттөлүп, ар бир аттын жеке өзгөчөлүгү, күчтүүлүгү, күлүктүгү, бышыктыгы айтор бардык тарабы камтылып, аттын толук «образы» жаратылат. Ошон үчүн энңиклопедияда өзүнө татыктуу орунду көлөмү жактан да, иштетүү деңгээли жактан да башка темалардан кем калышпаган тулпарларды мүнөздөгөн макалалар тобу ээлейт.

Манас баш болгон оң жана терс мүнөздөгү баатырлардын пайдаланган курал-жарактарына (Аккелте, Сырнайза, Ачалбарс, Алмабаш жана башка), жоо кийимдерине (аколпок, күрөөкө, соот, чарайна, туулга, калкан жана башка), баатырлар урунган буюмдарга (дүрбү, кисе, булдурсун жана башка), Манастын колдоочулары катары аракеттенген Алп кара куш, Ажыдаар, Арстан жана башка сыяктуу мифтик жандыктарга, ошондой эле Манастын өзүнө таандык болгон Кумайык, Акшумкар, Желмаян жана башка айбанаттарга арналган макалалар да өзүнчө топту түзөт.

Кыргыз эпосунда кеңири сүрөттөлүп, түрдүү жактан сыпатталган, ошондой эле сөзгө алынып же эскерилген географиялык чөйрө да жетишерлик деңгээлде.

Ушуга байланыштуу эпостогу топонимдер да арбын жана ар түрдүү. Алардын ичинен кыргыз элинин мекени, ата-бабасы турактаган жай катары эсептелген Ала-Тоо аймагы коктуколотуна, жайлоо-төрлөрүнө, кашка суулары менен берекеси төгүлгөн өрөөндөрүнө, түркүн илбээсин, жапайы айбандарга бай тоолоруна чейин зор сүймөнчүлүк, мактаныч менен даңазаланып сүрөттөлөт. Борбордук Азиядан тартып (Саян тоолору, Эне-Сай), Орто Азияга чейин, Кавказ жергесинен тартып (Урум, Кырым) алыскы күн чыгыш Сыямун (Жапан) аралдарына чейин, жердин чети Желпиништен тартып түндүк тараптагы аталган жерлерге чейин, эпостун географиялык чөйрөсүнө айланат. Ошол эпосто сөз болгон нары арбын, нары татаал топонимдер да тиешелүү макалаларда түшүндүрмөлөргө ээ болду. Бул маселелерде реалдуу тарыхый топонимдер менен эпикалык топонимдердин ажыты ажыратылуу аракеттери көрүлдү жана мүмкүнчүлүккө жараша алардын эпоско кирүү себептери чечмеленди.