Манасчы салт боюнча өзүнүн вариантын түш көргөндөн кийин гана эл арасына чыгып айта баштаган. «Түш көрүү» ишеними жөн гана ойдон чыгарылган нерсе болбостон, бул реалдуу шарттан келип чыккан натыйжа дешке негиз бар. Анткени, ар бир жаңы манасчы өз насаатчысынан алган өнөрүн чыгармачылык менен өздөштүрүү түйшүгүн, азабын өткөрүп жүргөн учурда эпикалык каармандар анын түшүнө кириши да мүмкүн, алар менен бетме-бет баарлашуусу да мүмкүн, ушунун баары манасчылык чыгармачылык кесипти өздөштүрүүнүн канчалык азаптуу, түйшүктүү экенин аныктайт. «Түш көрүү» — чыгармачылык багытка жол ачуунун башталышы.

Өз учурунда М. О. Ауэзов манасчыларды бир нече топко бөлүп, аларды мектеп катары иликтеген эле, биз да окумуштуунун оюна кошулуп манасчыларды топторго бөлүп, манасчылардын бир нече мектебин ушул эмгекте белгиледик. Алар: ысык-көлдүк манасчылар, тянь-шандык манасчылар, айтуучулардын түштүк тобу жана түштүк манасчылар тобу, мектеби. Ошол ар бир топ, мектеп (сюжет куруу ыкмалары менен кейипкерлердин аттары менен, кээ бир мотивировкалары жана эпосту айтуу ыгы менен өзүнүн кандайдыр өзгөчөлүгүнө ээ. Бирок, ушундай мектептерге бөлүштүрүү шарттуу түрдө гана кабыл алынышы керек, себеби бир да мектеп, бир да манасчы эпосту башка манасчылардан уккан же болбосо алган тажрыйбасын өзүнүн айтуусуна кошкондон качпайт. Башкача айтканда ар бир манасчы эпосту айтуудагы көрүнүктүү, кызыктуу жана бийик поэтикалык табылгаларды өзүнүн чыгармачылыгында өздөштүрбөй койбойт. «Манаста» өзүнчө бир салтка ээ болуп калган ыкмалар, сюжеттер, мотивдер ар бир манасчынын айтуусуна камтылбай койбойт. Мисалга алсак, семетейчи Жаңыбай Кожеков Жумгалда төрөлүп, 29 жашында Кетмен Төбөгө көчүп кетет, өмүрүнүн аягына чейин ошо жерде жашап калат. Жаңыбай түндүк тарапта жүргөндө бир нече жолу Сагымбайдын «Манас» айтканын уккан, ошондон таалим алган, кийин түштүккө көчүп кеткенде ошол чөйрөдөгү жашаган манасчылар менен да кездешип (ал жакта да чоң манасчылар жашаган, ошол чөйрөдө калыптанган өзгөчө салты болгон; мисалы 19-кылымда жашап өткөн Чоодан манасчынын үлгүлөрү), эки мектептин жетишкендиктерин өзүнүн вариантында камтыган жана өздөштүргөн.

Көлөм жагынан да, мааниси жагынан да энциклопедиядагы өзгөчө орунду ээлеген материалдар эпостун жаратуучулары жана сактоочулары манасчылар жөнүндөгү баяндамалар. Бүт элибизге кеңири белгилүү болгон улуу жомокчулардан тартып, аты, атагы бир айылдын чөйрөсү менен чектелген эпос айтуучуларга чейинки ар бир инсан, алардын варианттары, манасчылык өнөрү, жеке табылгалары менен салттык көрүнүштөрдү өздөштүрүү жана пайдалануу чеберчилиги, аткарган вариантындагы сюжеттик нук, салттык өзөк сыяктуу орчундуу маселелер боюнча кыскача маалыматтар, ошондой эле эпостун тексттери качан, ким тарабынан жазылып алынганы, ал материалдардын кийинки тагдыры, кайда сакталганы, көлөмү жана башка маалымат кабарлар берилген. Бул топтогу макалалар «Манас» эпосуна кызыккан ар бир окурман үчүн гана эмес, кыргыздардын улуу мурасына тиешелүү көптөгөн илимий проблемалар боюнча пикир айтууга далалаттанган иликтөөчү окумуштууларга да көптөгөн кызыктуу маалыматтар, фактылар берерине күмөн жок. Энциклопедияга илимге белгилүү 85 манасчынын ысмы камтылды. Бирок, алардын ар биринин чыгармачылык өнөрү, айткан, түзгөн вариантынын орду, мааниси, өзгөчөлүгү жөнүндөгү маселелер бардык жактан бирдей деңгээлде изилдөөнүн элегинен өтүп, такталган жыйынтыктар чыгарыла элек. Ошого карабастан энциклопедиянын түзүүчүлөрү ар бир аты аталган инсандын өмүр баяны, чыгармачылык чөйрөсү, кимден же кимдерден таалим алгандыгы, вариантынын көлөмү жана мазмуну сыяктуу негизги маселелерге жооп берүү аракетин жасап көрүштү. Жалаң ушул топтогу макалалардан да «Манас» энциклопедиясын түзүү аракетиндеги жумшалган, кетирилген күч-аракеттин чен-өлчөмүн, кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келгендигин, кээде бир-эки саптан турган маалыматтан терең мааниге ээ, илимге керектүү информациянын үлгүлөрүн көрүүгө болор эле.

Энциклопедиянын мазмунун түзгөн макалалардын чоң тобун «Манас» эпосунун идеялык көркөмдүк турпат-касиеттерин ачып берген материалдар түзөт. Айрыкча баатырдык эпос, вариант, генеалогиялык циклдешүү мыйзамы, манасчы-айтуучу жана башка багыттагы жалпы мүнөздөгү теориялык жоболор, ошондой эле кыргыз жомогуна тиешелүү өзгөчөлүктөр жөнүндөгү көлөмдүү, жалпылоочулук мүнөздөгү ойлорду камтыган макалалар эпос күйөрмандары үчүн да, аны үйрөнүүгө далалаттанып кызыккандар үчүн да орчундуу мааниге ээ.