«Манас» эпосун изилдөөчүлөр, окурмандар арасында зор кызыгууну туудуруучу макалалардын тобун «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана алардын уландылары болгон «Кенен», «Алымсарык», «Кулансарыктардын» толук сюжеттери түзөт. Ал сюжеттерди мүнөздөөдө колдо бар, илимге белгилүү варианттардын өзгөчө толугу, көркөмдүгү жогоркусу негиз кылынып, башка варианттардагы айырмачылыктар менен салыштырылып, атайылап белгиленип аныкталды. Мисалы, эпостун үч бөлүмүнүн негизгиси эсептелген «Манас» бөлүгүнүн сюжети улуу манасчылар Сагымбай, Саякбайдын варианттары менен академик В. В. Радлов жазып алып, жарыялаган тексттери негиз катары толук алынып, калган варианттардын белгилүүлөрү аларга салыштырылды. Ал эми «Семетей» менен «Сейтектин» сюжети Саякбайдын вариантынын негизинде, башка варианттарга салыштырылуу аркылуу иштелди. Демек, бул сюжеттер менен терең таанышкан эпос күйөрманы чыгарманы илимге белгилүү тексттеринин дээрлик бардыгынан маалымат ала алат дешке толук негиз бар.

Кыргыз эпосу жөнүндөгү илим революцияга чейин эле орустун белгилүү окумуштуусу В. В. Радлов (Радлов В. В. Образцы народной литературы северных тюркских племен. Ч. I—X. СПб., 1886—1907) жана казак ориенталисти Ч. Ч. Валиханов (Валиханов Ч. Ч. Собрание соч. в пяти томах. Алма-Ата, 1958) тарабынан негизделген. Өздөрүнүн алгач жазмаларында (В. В. Радлов 1862-ж., Ч. Ч. Валиханов 1856ж.) кыргыз эпосу «Манасты» жана анын тексттерин илимий талдоонун натыйжасында алар кыргыз фольклористикасынын эң биринчи барактарын ачышты. «Манастын» эпизодун В. В. Радлов 1862-жылы бугу уруусунан чыккан манасчыдан, андан кийин 1869-ж. сарбагыш уруусундагы манасчыдан да жазып алган. Ал тарабынан жазылып алынган эпизоддор жалпы көлөмү 14 миң саптан турган, орус транскрипциясы менен кыргыз тилинде жана немец тилиндеги котормосу 1885-ж. Санк-Петербургдан чыккан. Өз убагында В. В. Радловдун ишин жогору баалагандардын ичинде Петербург университетинин профессору Э. Петери (Петери Э. Образцы народной литературы северных тюркских племён, собранные и переведенные доктором В. Радловым. Сибирский сборник. Под редакцией Ядринцева. Кн., 1.СП6.1886) бар эле. Ал «Манас» текстинин жарыкка чыкканын чоң ийгилик деп баалаган.

Ал эми «Манас» жөнүндө эң биринчи маалымат Сейф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварих» аттуу кол жазмасына таандык.

Кыргыздар жөнүндөгү этнографиялык маалыматтар, «Манас» жөнүндөгү билдирүүлөрү орус жана Европа басмаларында 1861 — 1917-жылдары басылып чыккан. Алар академик В. В. Бартольд (Бартольд В. В. Киргизы. Соч. т. II, ч. I., М., 1968), венгер изилдөөчүсү Г. Алмаши, орус саякатчысы П. Т. Семёнов-Тян-Шанский (Семёнов-Тян-Шанский. Путешествие в Тянь-Шань. М., 1958), Г. Н. Потаниндин (Потанин Г. Н. Восточные мотивы в средневековом Европейском эпосе. М., 1899) эмгектери болгон. Орус окумуштуусу П. М. Мелиоранский (Мелиоранский П. М. О составе и общем характере киргизских былин. Тургайская газета, 1886, № 68), эпостун тарыхый катмарларына көңүл бурган, Ф. Е. Корш (Корш Ф. Е. Древнейший народный стих тюркских племён. Записки ВО, РАО, СПТ, т. XIX, вып. 2 — 3. 1909) болсо чыгарманын поэтикасын жана анын жанрлык өзгөчөлүктөрү жөнүндө өзүнүн көз карашын айткан. 1921—23-жылдары улуттук маданияттын илим-изилдөө комитети ачылып, анын негизинде кийинчерээк СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалынын Тил жана адабият институту түзүлгөн. Институттун кызматкерлери кыргыз элинин тарыхы, этнографиясы, фольклору боюнча бай материалдарды чогултуп, кызыктуу изилдөө иштерин жүргүздү. «Манас» эпосун, манасчылардын чыгармачылыгын изилдөөдө К. Рахматуллин, Ө. Жакишев, 3. Бектенов, Б. Юнусалиевдер бир кыйла эмгек сиңиришкен. «Манас» эпосун толук жазуу 1924-ж. К. Мифтаков тарабынан башталган. Ошондой эле «Манас» эпосун топтоодо, жазууда Ы. Абдыракмановдун да эмгеги зор.

20 жана 30-жылдарда «Манас» ошол кезде аты элге кыйла таанымал болуп калган Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Байымбет Абдыракманов, Багыш Сазанов, Шапак Рысмендеев жана башка айтуучулардын өз ооздорунан жазылып алынган. Эпосту тыкан, ырааттуу изилдөө да ушул кезге туура келет. Түрколог П. А. Фалев эпосту Орхон-Эне-Сай рун эстеликтерине салыштыруу менен анын поэтикасы маселесине кайрылат. К. Рахматуллин эпостун Сагымбай Орозбак уулунун, Саякбай Карала уулунун айтуусундагы варианттарын изилдей баштайт. Эпосту изилдөөгө М. О. Ауэзов, П. Н. Берков, С. М. Абрамзон, В. М. Жирмунский, М. И. Богданова (бул жерде жана мындан ары да аталган окумуштуулардын изилдөөлөрүнө шилтеме бербейбиз. Булар «Энциклопедияда» толук келтирилет) сыяктуу советтик көрүнүктүү окумуштуулар да кошулуп, өздөрүнүн эмгектерин жарыялоого киришишкен. Мында, асыресе, жарыялоо иштеринде кыргыздын белгилүү жазуучулары А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков, К. Маликов, Ч. Айтматов да өздөрүнүн күч, аракеттерин аяшкан жок. 1958-жылдан баштап республиканын илимдер академиясынын Тил жана адабият институту «Манас» эпосунун бир нече басып чыгууларын ишке ашырды, алар: эпостун төрт китептен турган курама варианты, С. Орозбаковдун төрт китептен, С. Каралаевдин беш китептен турган варианттары, ошондой эле «СССР элдеринин эпостору» деген сериядан орус жана кыргыз тилдеринде чыгып жаткан төрт томдук жана башка Азыркы мезгилде «Манастаануу» бөлүмүнүн кызматкерлери С. Орозбаковдун варианты боюнча академиялык толук басылышты даярдоонун үстүндө иштеп жатышат.

Манастаануу ата мекендик жана чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдүн жаңы эмгектери менен улам толукталууда. Булардын ичинде Р. 3. Кыдырбаеванын, Э. Абдылдаевдин, Р. Сарыпбековдун, А. Жайнакованын, К. Кырбашевдин монографияларын, С. Мусаевдин эпос тууралуу кыргыз, орус, англис тилдеринде чыккан популярдуу очеркин келтирсек болот. Казак окумуштуусу А. X. Маргулан Ч. Валиханов жазып алган «Көкөтөйдүн ашынын» текстин таап, жарыялаган, ошондой эле ал эмгегинде кыргыз, казак элдеринин тарыхый, этногенезистик байланыштары тууралуу маселе козгогон. Чет элдик изилдөөчүлөрдүн катарынан англис окумуштуусу X. Хаттонун ысымын атоо жөндүү. Ал өзүнүн монографиясында «Көкөтөйдүн ашы» эпизодун текстологиялык жактан изилдеп жана кеңири комментарий берген. Ал эми Кембриж университетинин профессорлору бир тууган Н. М. жана Н. К. Чедвиктер эпосту жалпы контекстте кароо менен бирге «Манаска» да атайын көңүл бөлүп өтүшөт. Бирок бул окумуштуулар эпостун ички мазмуну менен толук тааныш болбогондуктан айрым учурларда туура эмес жыйынтыктарга келишкен. Мисалга алсак, алар «Манас» эпосунда чарбачылыкка аракети жок, көчмөн элдин турмушу гана чагылдырылган, кейипкерлердин улуттук сезими тап-такыр байкалбайт деп жазышкан. Бул ойдун эч туура эмес экени ачык эле көрүнүп турат. Чет өлкөлөрдө «Манастын» текстине болгон кызыгуу улам күчөп баратат. Анын жаңы котормолору пайда болууда. Эпостун кээ бир үзүндүлөрү Германияда, Полыпада, Венгрияда, Моңголияда жарыяланган. Биздин коомчулук Жусуп Мамайдын вариантынын кыргыз тилинде кытайда басылып чыгышы менен тааныш. Ал манасчы 7 томду даярдап берип, калганын дагы улантып жатат. «Манас» эпосунан үзүндүлөр орус, өзбек, казак, түркмөн, тажик тилдерине которулган.