Ошентип, «Манас» эпосун жарыялоо жагынан да, изилдөө-иликтөө жагынан да кыйла тажрыйба топтолуп калды деп ачык эле айта алабыз. «Манас» эпосун изилдөөнүн тарыхы, анын негизги этаптары, манастаануу илиминин башкы багыттары, эпосту изилдөөгө катышкан белгилүү окумуштуулар, алардын бул чыгармага арналган эмгектери жана башка сыяктуу маселелердин тобундагы макалалар да энциклопедиянын орчундуу бөлүгүн түзөт. Бул темадагы макалалар «Манаска» арналган чоң-кичине эмгектерди бүт — газет, журналдык майда макалалардан тартып, өзүнчө жарык көргөн китептерге чейин бүт камтыды дешке болбойт. Ошондой эле кыргыздын бул эпосунун учу-кыйры жок көптөгөн проблемаларынын айрым аспектилери боюнча айтылган айрым пикирлер да, алардын авторлору да атайын макала катары берилген жок. Бирок, китепке тиркеме катары «Манаска» тиешелүү бүт маалыматтардын библиографиясы берилди. Бул абал энциклопедия «Манас» жөнүндөгү кабар-маалыматтардын эң эски учурлардан тартып бүгүнкү күнгө чейинки илимге белгилүүлөрүнүн дээрлик толук жыйындысы дешке негиз берет.

Чет өлкөлөрдө түрдүү элдердин тилдеринде жарыяланган «Манастын» тексттери менен айрым чет элдик окумуштуулардын кыргыз эпосунун ар кыл проблемалары боюнча жүргүзгөн изилдөө иштери жөнүндөгү маалыматтар да — энциклопедиянын мазмунундагы өзүнчө топту түзгөн материалдар. Мында илимге белгилүү болгон бардык маалыматтар толук камтылды деш аша чапкандык болот, бирок өзүнчө китеп катары жарык көргөн эмгектерден тартып, орчундуу маселелер козголгон көлөмдүү макалаларга чейинки кыргыз фольклорчуларына белгилүү иштердин дээрлик бардыгы боюнча аннотациялык кабарлар берилди, жок эле дегенде шилтемелер жасалды. Ушундай эле аннотациялар, маалыматтар, шилтемелер мурдагы СССР элдери деп аталган элдер менен мамлекеттерде «Манастын» жарык көргөн котормолору, илимий эмгектер, ал эмгектин авторлору, котормочулар боюнча да берилди.
Мындан башка да «Манас» энциклопедиясында ушул эпостун мазмунуна байланышкан темаларда жаралган опералар, драмалар, кинофильмдер, сүрөт, скульптура жана башка багыттардагы көптөгөн эмгектер, аларды жараткан авторлорунан тартып, айрым негизги ролдорду аткарган белгилүү артисттердин чоң тобуна чейинки маалыматтар камтылды.
Ошентип «Манас» боюнча энциклопедияны түзүү эпостун бүткүл турпатын комплекстүү аңдап-таанып билүүдөгү өзүнчө жаңы баскыч, жаңы деңгээл болуп саналат. «Энциклопедияны» жарыкка чыгаруу менен кыргыз элинин улуу эпосун изилдеп-үйрөнүүдө жаңы этап башталат десек жаңылышпайбыз. Кандайынан алганда да азыркы учурда манастаанууда эпосту тарыхый-эстетикалык феномен катары фундаменталдуу иликтөөнүн жаңы тилкесин, жаңы өрүшүн ачууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Колуңуздардагы «Манас» энциклопедиясы — мунун айкын күбөсү.

Р.3. Кыдырбаева
Кыргыз Республикасынын Илимий Академиясынын корреспондент мүчөсү.