«Манас» эпосун өтө байыркынын жаңырыгы, жакынкы мезгилдердин элеси деп кароо туура болор эле. Ал турмуш чындыгын өтө кеңири жана ар тараптан камтыган чыгарма, ошондуктан эпосту белгилүү тарыхый доорлор боюнча айрып, бөлүп кароо өтө эле кыйындыкты туудурат. Ар кыл көптөгөн окуяларды өзүнүн көркөм өнүгүү мыйзам ченемине ылайыктап, кайрадан иштеп чыгып өзүнө сиңиргендиктен анын текстинен таза конкреттүү тарыхый окуяны же тарыхый инсанды бөлүп чыгууга мүмкүнчүлүк аздай. Конкреттүү тарыхый фактыларды чагылдыруу ар бир доордо ар башкача, өзгөчөлүү келип, чындыгы да ар кыл деңгээлде болгон. Бирок, мезгил өткөн сайын эпос өзүнө тарыхый окуяларды активдүү түрдө кабыл алып, ал окуялар реалдуу фактыларга жакын талкуулана баштаган. Башкача айтканда эпос элдик уламыштарды тарыхка айкалыштырып, жакындаштырып баяндаган. «Мажму ат-таварихтин» мазмуну буга ачык далил боло алат. Мындайча айтканда тарых менен көркөм аңдоонун айкалышы, өтмө катар бири-бирине өтүп турушу кыргыз эпосунун өзгөчө бир касиетине жатат. Мисалы, «Мажму ат-таварихте» Манас калмак Жолойго каршы мусулмандар тарабында күрөшүп, колго түшкөн калмактарды мусулман кылат деп айтылат (Мажму ат-таварих. КФ, 5154инв., 44-6.).

Шамандык диндеги көчмөндөрдүн чөйрөсүнө исламдын кириши менен жаңы тарыхый-турмуштук кырдаалдар түзүлүп, түрк тилдүү маданиятка бул мезгилде араб-иран маданиятынын, араб, фарсы тилдеринин таасири тие баштайт. Байыркы түрктөрдүн көптөгөн поэтикалык эстеликтери унутулуп, араб-иран адабиятынын таасири күч алат. Кебетеси, ушул мезгилдерде Үрүстөм, Искендер Зулкарнайндын образдары «Манаска» кирген. Атап айтканда, көчмөн жана отурукташкан элдердин маданияты өз ара тогошкон учурда ислам мотивдери эпоско сиңе баштаганы күмөн туудурбайт. Ушундан улам «Мажму ат-таварихте» Сейф ад-Дин Аксыкентинин чыгармасындагы уламыш, эпос мотивдери бир бүтүн түйүн катары, ошондой эле тарыхтын таза чындык фактысы катары да көрсөтүлгөн.

Ногой ордосу менен байланышкан доор кыргыз эпосунун түзүлүшүндө, калыптанып жашоосунда өтө маанилүү учур болгон. Манастын Ногой уруусуна киргендиги жөнүндөгү мотив эпостун бардык версияларында, анын ичинде «Мажму ат-таварихте» да жолугат. Кыргыздардын Эне-Сайдан Орто Азияга жер которгон мезгили элдик аңыздарда, аздыр-көптүр уламыш-тарыхый эскерүүлөрдө, санжыраларда сакталган. Ногой, Шыгайдын эпикалык аттары ошондой эле элдик уламыштарда да учурайт. Мисалы, кыргыздардын башчылары Ногой жана Шыгай Эне-Сайда турушканда эле ислам динин кабыл алышат да, наймандардын уруу топтору менен бирдикте Орто Азия аймагына жер которуу жөнүндө макулдашат. Көчүп Чүй өрөөнүнө келишип, Ак-Суу, Кара-Балтанын аймагына жайгашышат. Бул жерде алар Ногой, Шыгайдын атындагы ордолорду негиздешет (Алымбеков Т., Кыргыз тарыхы боюнча фольклордук материалдар. КФ, 1165-инв., 9-дептер, 231-6.).

Кийинчерээк элдик уламаларга жаңы катмар катары Алтын Ордодогу түмөн башы Ногойдун аты менен байланышкан жаңы окуялар да кирген. Сыягы эпосту ушул бөтөнчө бир инсандын тегерегиндеги кийинки эволюциялык өнүгүшү Эне-Сайлык Ногойдун ысымына байланыштуу катмарларды чүмбөттөп, жаап калган сыяктуу. Ошентип эпостун көп катмарлуу сюжетинде эки башка мезгилдеги окуялардын бир эпикалык фонго биригиши келип чыккан.

«Манас» эпосу Орто Азия аймагында узак өнүгүү процессинде тарыхый-баатырдык жанр катары калыптанып, эпостун байыркы уруучулук сюжети бир кыйла жаңы конкреттүү тарыхый катмарлар менен толукталган. Эпосто мындай катмарлардын эң көрүнүктүүсү катары калмак баскынчыларынын ысымдары менен байланышкан доорду эсептөөгө болот. Академик В. М. Жирмунский белгилегендей, — «Манастын» тарыхый сюжетинин биротоло калыптанып бүткөнүн, өзгөчө 16—17-кылымдардагы калмак согушу мезгили аныктайт (В. М. Жирмунский. Введение в изучение эпоса «Манас». Фр., 1948, 59-6.). Жунгар кандыгына каршы күрөшүү кыргыз эпосу «Манаста» эле эмес, өзбек, каракалпак, казак сыяктуу түрк элдеринин эпосторунан да белгилүү орун ээлейт. Демек, калмак баскынчыларынын доору, түрк элдеринин эпосуна кеңири масштабдагы сырттан келген баскынчыларга каршы күрөшүү темасы менен бекемделген десе болот.